Menu

КООМ

Француз элчиси Жалал-Абадда болуп, кызматташуу боюнча сунуштарын берди  

 

Франциянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Микаэль Ру Жалал-Абад шаарынын жетекчилиги менен жолугушуп, экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтты. Элчини шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев кабыл алды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Элчи мырза шаарга таанышуу иретинде келип, аймактардын өз өлкөсү менен кызматташуу мүмкүндүктөрүнө кызыккандыгын жашырган жок. Анын айтымында, ал Франциянын Кыргызстанга дайындалган үчүнчү элчиси эсептелет жана эки өлкөнүн ортосундагы пайдалуу байланыштардын улам күчөп баратканын жогору баалайт.

Сүйлөшүү учурунда элчи Жалал-Абад шаары менен экономикалык байланыштарды калыптандыруу жана күчөтүү багытында кызматташуу зарылдыгын белгилеп, шаардын бизнес чөйрөсүнүн азыркы мүмкүндүктөрүнө жана муктаждыктарына кызыкты.

Т. Темирбаев шаардагы экономикалык абал, бизнес чөйрөсүнүн өнүгүшү, андагы муктаждыктар тууралуу кеңири маалымат берүү менен шаарга өнөр жай, энергетика жана кайра иштетүү багытында сырткы пайдалуу кызматташтыктар зарыл экенин айтты. Айрыкча, совет доорунда иштеп, кийинки учурда өндүргөн продукцияларын сыртка чыгара албай жаткан ишканалар менен пайдалуу алакалар өтө актуалдуу экенин, бул багытта Франциянын кызыккан ишкер чөйрөлөрү менен тыгыз иш алып барууга шаар бийликтери даяр экенин баса белгиледи. Ошондой эле шаар жетекчиси заманбап кадрларды даярдоо жагынан кызатташууга кызыкдар экендигин да кошо кетти.

Француз элчиси Борбордук Азия менен жалпы кызматташуу алкагында Кыргызстанга өз өлкөсүнүн ишкерлерин чакырууга ниеттенип жатканын, ошондуктан Кыргызстандын аймактарынын ал ишкерлер менен кызматташуу диапазонун билүү зарыл экенин билдирди. Бул болсо, кызматташуунун конкреттүү багыттарын тандап алууга мүмкүндүк түзөт.

Жолугушуунун аягында Француз элчиси жана шаар жетекчилиги конкреттүү багыттыр боюнча дагы да макулдашуулар жана кызматташуунун конкреттүү объектилерин тандап алуунун зарылдыгын, ушундай сүйлөшүүлөр дагы да улантыларын  белгилешти.

 

Энелердин, жетимдердин, жесирлердин жандүйнөлөрү качан жай табат?

“Бакиевдин бийлигинен куткарабыз” деп канчалаган кыраан жигиттерибиз жаштайында жайран болду? Канчалар жарадар болду. Андан бери арадан жети жыл өттү. Бирок ошол кыраандар эңсеген жаркын келечекке жеттикпи? “Алардын каны эмне үчүн төгүлдү?” деген ачуу суроо көкүрөктү көзөйт. Баарын мезгил дарылайт. Мезгил тараза дейбиз. Бирок апрель сотуна али чекит койулбай, апрель окуясына ар ким деңгээлине жараша өйдө-төмөн өз пикирин айтканы айткан. Бирок “элим” деп өмүрүн тартуулаган кыраандардын эрдиктери ар убак эсибизде. Алар өлбөс адамдар. 

Румен АСЕНОВ, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмунун мүчөсү:
“Төгүлгөн кан үчүн карыздарбыз”

– Румен айтсаң, учурда “Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери” ж.б. Апрель революциясынын ишин алып барган коомдук уюмдардын саны көп. Баарыңар бир уюм болуп түзүлүп, биргелешип иш алып барсаңар кандай болоор эле?
– Биздин уюмда негизинен 7-апрелде аянтта жүрүп, өз эрдигин көрсөткөн жарадарлар. Ал эми “Мекен шейиттерине” каза болуп калган баатырлардын тууган-туушкандары мүчө болушкан. Андан тышкары, ар бир облустарда, райондордо коомдук уюм түзүп алгандар бар. Саналуу эле мүчөсү бар коомдук уюмдар катталган. Эң негизги уюмдар “Айкөл Ала-Тоо”, анан “Мекен шейиттери”. Ал эми облус, райондордо түзүлгөн коомдук уюмдар аймактарда ар кандай иш-чараларды өткөрүп, баатырлардын ысымын кийинки муунга калтырууга жакшы салымдарын кошуп келишет.
 Элдик революция өткөндөн бери арадан жети жыл өттү. Бүгүнкү коомго кандай баа берип келет?
– Азыр өзүңүздөр көрүп-билип турасыздар. Ким кандай сүйлөп жатат? Ким кандай баа берип жатат? «Ата Бейитте» канча баатырларыбыз топурак болуп томсоруп жатат. Бүгүнкү бийлик ошол чырактай балдардын өмүрүн ойлоп, түздөнүш керек эле. 7-апрелде 87 балабыз каза болсо, ошол күнү жарадар болгон кыркка жакын бала кийин каза болду. “Элим” деп төшүн окко тоскон баатырлардын каны төгүлдү. Ал төгүлгөн кан үчүн карыздарбыз.

Эне кантип уулун унутсун

Биздин бүгүнкү күн үчүн шейит кеткен кырчындай жигиттердин бири Эмилбек АЙЫЛЧИЕВ да Мекен үчүн жүрөгүн окко тосуп, каргашалуу 7-апрель күнү арабыздан кете берген. Эмилбек Айылчиев 1983-жылы 25-февралда Талас шаарында төрөлгөн. Ж. Баласагын атындагы улуттук университеттин юридикалык факультетине тапшырып, 2005-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Бүгүн Эмилдин апасы Кишимжан ТАШТАКЕЕВА уулун жоктоп эскерип отурду.
– Эмил ата-энеси үчүн кандай уул эле?
– Эмилбек кичинесинен эле боорукер, токтоо, бир айткан сөзүн эки кылбай аткарган, эстүү бала болуп чоңойду. Апакелеп эле менин бетимден өөп, жароокер бала эле. Ошол жаркылдаган элеси көз алдымдан кетпей жүрөктү өрттөйт.
“Мен дүйнөдөгү эр жүрөк, боорукер, эстүү баланын бактылуу энесимин” деп жүрсөм… Көрсө…. Эх, армандуу күн…
– Ал каргашалуу күндөн бери арадан жети жыл өттү. Жүрөктөгү жараңыз карттанайын дедиби?
– Эне кантип уулун унутсун? Уулун жоготуу эненин шору экен. Баарынан баланыкы кыйын да. Жол кырсыгынанбы же ооруданбы, энелер уулун жоготконун уксам жүрөгүм зыркырайт. Мындай тагдыр башымда тургандыктан эненин ошол абалын терең түшүнөм. Жыл өткөн сайын унутулбай эле жүрөктөгү жара ырбай берет экен. Башка чет жерге эле чыгып кетпесең, айланаңда балаңдын достору… Балам кармаган буюмдар, балам жүргөн жерлер баары кайра уулумду эске салат.
 Неберелериңиз чоңоюп калдыбы?
– Атасынан айрылган убакта кызы Элиза 1 жаш 7 ай, келиним 4 айлык кош бойлуу эле. Келиним көз жарып, азыр неберем Элдар алты жаштан ашып калды. Алар Бишкекте турушат. Каникул сайын чоң атасын, чоң апасын кубандырып келип кетишет. Неберем Элиза Манас-Түрк лицейинде окуп жатат.
 7-апрель күнүн кандай өткөрөсүздөр?
– Жылдагыдай эле уулумдун эстелигине барып эскерип, жайылган дасторконго куран түшүрөбүз.
Менин демилгем менен уюшулган “Баатырларга таазим” аттуу энелердин коомдук уюму бар. Биздин уюмдун демилгеси менен 11 миң адамдын колун чогултуп, Бишкекке барып, Жогорку Кеңешке “7-апрель майрам күн болуп белгиленсин” деген кайрылуубузду жолдогонбуз. Буюрса бул кайрылуубуз ишке ашты. Ар ким өз деңгээлине жараша бири ылдый айтат, бири өйдө айтат экен. 7-апрелге карата козголгон сот болсо дале акырына чыкпай келет. Жакын арада чыгаарына да көзүбүз жетпей калды.

 Кагылайын каралдылар бой жетип келет…

Канат БЕКБОЕВ 1982-жылдын 25-январында Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылында жарык дүйнөгө келген. 7-апрель күнү келинчеги каршы болгонуна карабай митингге келген. Акүйдүн алдынан атасы менен агасына жолуккан. БТР келгенде алдыга жүгүргөн эл менен кошо жүгүрүп, бири-бирин таппай калышкан. Канатты снайперлер башка атышкан. Бүгүн биз Канаттын жубайы Наргиза АЛЫМКУЛОВАдан кабар алдык. 
– Наргиза, Канаттын мүнөзү кандай эле?

– Канаттын мүнөзү жоош, оор басырыктуу, тырышчаак, эмгекчил, адамды сыйлаган жан эле.
– Уулдары абдан жаш калган турбайбы…
– Улуу уулум Даниэл эки жашта. Билал бир жашта болчу. Азыр чоңоюп калышты. Даниэл шаарыбыздагы №13 мектепте окуп жатат. Билал да чоңоюп калды. Канаттын сөөгү өзүнүн туулган жерине берилген. Бейитине барып куран окутуп турабыз. Уулдары азыр кичинекей болуп, көп нерсеге акылдары жете элек. Бой жетишкенде эли үчүн жан берген атасына сыймыктанып, атасындай эр жүрөк мекенчил уулдардан болот деген ишеничтемин. Өкмөт болсо каралашып турат. Мектептеринен да жеңилдик болот. Өкмөткө нааразычылыгым деле жок.

«Ата Бейитте» көрүстөндөр томсоруп турат

Мезгилдердин жылуулугун, сулуулугун, гүлдөгөн өрүктөрүн, төккөн жамгырларын сезбей, көрбөй «Ата Бейитте» көрүстөндөр томсоруп турат. Жүрөктү “дүрт” эткизген жөн гана дөмпөйгөн бир топурактар. Сүйлөсөң да, ыйласаң да эч сезбей эмне деген кыраандар жатат? Эмне деген баатырлар жатат? Кыргызстандын өзүнчө көз карандысыз мамлекет тарыхын түптөгөн мекенчил аталарыбыз Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматовдун, залкарыбыз Чыңгыз Айтматовдун  жана мекени үчүн окко учкан 87 баатырдын сөөгү бар ал жерде. Албетте, бул улуу инсандардын сөөгү жаткан жер кыргыз эли үчүн ыйык жай.

Бейиш менен тозогу, бешик менен табыты жанашкан тополоң турмушубузга «Ата Бейиттеги» аталарыбыз, баатырларыбыз да көз салып турушкандыр. Мына ушул аталардын, баатырлардын арбагына багыштап куран окуп, элесин эстеп, башыбызды ийип таазим кылып туруу баарыбыздын парзыбыз. “Өлгөндүн өз шору” дейт. Ансыңарындай, кечээ эле ушул 87 баатырдын каны менен бийликке келген бийлик төбөлдөрү креслолорун коргоп, элдин абалын, эртеңки тагдырын, көйгөйлөрүн ойлобой, ишенгендери соттошуп бүтпөй, элди курал катары гана пайдаланууну билип, бийлик талаш менен гана алектенип, ал кандуу күндүн баасын дале билбей келишет. Шейит кеткен балдар, жалпы кыргыз эли Кыргызстандын жаркын келечегин күттү эле. Эми эмне болот? Күркүрөгөн күздү, кайрадан бийлик алмашууну, дагы бир революцияны, жаңы кызматты күткөндөр көп. Айтор, жашообуздун ашмалтайы чыгып жатат. “Эки революциядан кийин кайра эле баягы кайталанат да” деп, эл дагы көп нерсеге кол шилтеп, кайдыгерликтин сазына батып кетти. Ушундай жашоо түбөлүккө улана береби? Бычакка сап болор, элим деген курч чыгаандар качан чыгат?! Энелердин, жесирлердин, жетимдердин «биздин атабыздын, уулубуздун каны бекер төгүлгөн жок” деп жандүйнөлөрү качан жай табат?..

Булак: “Азия Ньюс”

Өкмөт Баткен окуясынын катышуучуларынын кызыкчылыктарына байланыштуу мыйзам долбооруна карата каршы пикирин билдирген

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде элдик демилге тартибинде демилгеленип, Баткен окуясынын катышуучуларынын социалдык укуктарын коргоо чараларын жакшыртуу максатында иштелип чыккан “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери жөнүндө” КР мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

«Баткен согушунун республикалык жоокерлеринин кеңеши» коомдук бирикмесинин төрагасы Сатыбек Молдалиевдин айтымында, Баткен окуяларынын катышуучулары 1999-2000-жылдары мамлекеттик маанидеги тапшырмаларды аткарып, өлкө аймагына кирип келген терррордук топко каршы куралдуу күрөш жүргүзгөн. «Ошондон улам, алардын жесирлерине, бала-бакырасына, ата-энелерине төлөнүүчү социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйтүү сунушу киргизилүүдө», – дейт ал.

Ал эми каржы министри Адылбек Касымалиев Өкмөт бул мыйзам долбооруна 2015-жылдын 1-октябрындан терс корутунду бергенин эске салып, анын башкы себеби бюджетте кошумча каржы булактары жок экенин белгиледи.

Эсе салсак, элдик демилге катары сунушталып жаткан “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери жөнүндө” КР мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбооруна карата жарандардын 63 миӊ колу топтолуп, парламенттин кароосуна 12 жарандын колу менен киргизилген.

Сооронбай Жээнбеков транспорт министрлигине республиканын автожолдорундагы жол оңдоо иштеринде өндүрүштүк технологияны катуу көзөмөлгө алууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-апрелде, Чүй облусунун Сокулук районундагы автожолдорду талаптагыдай оңдоо маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Буга чейин социалдык тармактарда жана маалымат агенттиктерде жол кызматкерлери жолдогу жыртык-тешиктерди суудан тазалабай туруп, оңдоо иштерин жүргүзгөндүгү тууралуу видео тасма тараган.

Бул тасма чыгары менен 8-апрель күнү Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго кызматтык иликтөө жүргүзүп, мындай тапшырманы ким бергендигин аныктоо менен жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берген.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков калктын бийликке болгон ишеними мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын, анын ичинде автожолдорду оңдоонун сапатынан көз каранды экендигин баса белгиледи.

«Мамлекет тарабынан өлкөдөгү жолдорду оңдоого жана реконструкциялоого чоң көңүл бурулууда. Аталган тармакка чет өлкөдөн ири көлөмдүү инвестициялар да келүүдө. Транспорт жана жолдор министрлигине жол индустриясын модернизациялоону приоритеттүү багыт катары аныктоо тапшырылган. Ал үчүн бардык финансылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөр жетиштүү», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Бирок, тилекке каршы, транспорт жана жолдор министрлигинин айрым кызматкерлеринин кесиптик жоопкерчилигинин, ишке болгон дилгирлигинин жоктугу ачыкталды.

«Кечеки видео тасма көп нерседен кабар берет. Бул бизге жарандык коомдун жардамы менен белгилүү болгон факты, тилекке каршы, тартылбай, айтылбай калган да фактылар бар. Акылга сыйбас иш жасаган, жол тармагында жасалып жаткан оң иштерге күмөн жараткан, өз ишине кайдыгер болгон жетекчилер мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат. Ушундай жоопкерчиликсиз кызматкерлердин айынан, мамлекеттин жолдорду оңдоого жумшап жаткан каражаты, мээнети текке кетет», – деди Сооронбай Жээнбеков.
Аны менен катар Премьер-министр өлкөдө жарандык коомдун активдүүлүгүнө, видеотасманы тараткан жаранга ыраазычылык билдирди.

«Биздин жарандык коом – өтө активдүү, ошол видеону тараткан жарандарыбызга ыраазычылк билдирем. Мына ушундай жарандык көзөмөлдүн колдоосунда мамлекеттик аппараттагы жоопкерчиликсиз, иш үчүн күйбөгөн ортозаар чиновниктерден тазаланабыз. Жарандык коомдун колдоосунда реформаларды ишке ашырууда ийгиликтерге жетише алабыз», – деди Өкмөт башчы.

Траснпорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов мындай жоопкерчиликсиздикке жол берген министрликтин кызматкерлерине көрүлгөн дисциплинардык чаралар тууралуу маалымат берди.

Ал маалымдагандай, жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында автожолдордогу жыртык-тешиктерди жамоо иштеринде Министрликтин алдындагы №1-жол чарба департаментинин, жол эксплуатациялык ишканасынын башчысы Амангелди Молдоболотов, жол чарба департаментинин №1-аймактык бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Аманов, башкы инженер Куштарбек Аманов, жол чарба департаментинин экономика боюнча орун басары Шабдан Иманкулов жана жол чарба департаментинин өндүрүш боюнча орун басары Жумаш Содонбаев кызматынан бошотулду.

Транспорт жана жолдор министрлигинин жолдор башкармалыгынын башчысына эскертүү берилди.

Ошондой эле Премьер-министрге жалпы колдонуудагы жолдорду оңдоодо тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан улам, транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевге, жол чарба департаментинин директору Арстанбек Ибраевге сөгүш берүү тууралуу сунуш киргизилди.

Ал аталган иш боюнча иликтөө иштерин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жүргүзөрүн кошумчалады.

Жыйын соңунда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка бул факт боюнча тергөө ишин жүргүзүүнү жана кылмыш ишин козгоо сыяктуу эң катуу чараларды көрүүнү тапшырды.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго республиканын автожолдорундагы жол оңдоо иштеринде өндүрүштүк технологияны катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.

Ашхабад полициясы шаарды эски автоунаалардан «тазалоодо»

Акыркы күндөрү Ашхабад полициясынын Жол коопсуздук кызматынын атайын айып жайында эски автоунаалардын көбөйгөнүн байкоого болот. Алардын көбүн советтик өндүрүштөгү «Жигули» машиналары түзөт.

Унаалары айып жайына жеткирилген айдоочулардын айтымдарында, полиция кызматкерлери алардын машиналарын эч нерсе түшүндүрбөстөн эле алып кетишүүдө.

Унаа ээлери эски транспорт каражаттарын кармоо — Азия-2017 оюндарына даярдык көрүү иштерине байланыштуу деп эсептешүүдө. «Эски «Жигули» менин жалгыз киреше булагым. Эгер мени азыр айып пул төлөөгө аргасыз кылып, кийин автоунаамды пайдаланууга тыюу салса кантип жашайм?» – деп суроо салды Ашхабаддын 60 жаштагы тургуну.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы жарандардын автоунаалары кармалып жаткан учурлардын көбөйүп жатышынын себептерин аныктоого аракет кылган. Бирок журналисттердин ИИМге жана Ашхабаддын жол коопсуздук кызматына кайрылуусу эч кандай натыйжа берген жок.

Түркмөн бийлиги эски унааларды пайдаланууга чектөө киргизүү боюнча бир канча жолу чараларды көргөн. Анда ал аракеттер эски транспорт каражаттарынын өлкөдө каралган расмий стандарттарга туура келбей тургандыгы менен түшүндүрүлүп келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бишкек- Ош автомагистралынын Кочкор-Ата тилкесине жаны асфальт төшөлүүдө

Бишкек – Ош автомагистралынын Кочкор-Ата шаарынын борбордук базарынын тушундагы 300 метр аралыгына жаңы асфальт төшөө жумуштары башталды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Учурда ДЭП – 22 жолду тейлөө ишканасынын техникалары менен жумушчулары узундугу 300 метр, туурасы 7 метр келген жолго калыңдыгы 5 см. болгон жаңы асфальттоо жумуштарын жүргүзүп жатышат. Бишкек – Ош автомагистралынын ушул тилкесин асфальттоо жумуштары ДЭП – 22 жолду тейлөө ишканасынын 2017-жылга карата ремонттоо жумуштарына бөлүнгөн 8 млн. сом акча каражатынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Март айында КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев КРнын Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловго  Бишкек – Ош жолунун Жалал-Абад облусу аркылуу өтүүчү автомагистралынын Маданият – Бек-Абад жолундагы кейиштүү абалын жеринде көрсөтүп, жолду асфальттоону эртелетип берүүнү өтүнгөн. Ошондо КРнын Транспорт жана жол министри  Жамшитбек Калилов ДЭП -22 жолду тейлөө ишканасынын жетекчиси Рашид Курбановго апрель айында Кочкор-Ата шаарынын борбордук базарынын тушундагы 300 метр аралыкка жаңы асфальт төшөө тапшырмасын койгон.

Бишкек – Ош автомагистралынын IV фазасына кирген Маданият – Бек-Абад жолунун курулушу КРнын Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловдун айтуусу боюнча 2017-жылдын  үчүнчү кварталында башталат жана аталган 67 км. жолду асфальттоого 3 жыл убакыт кетет. Аны курулушун жүргүзүү боюнча тендерге 5 ири Эл аралык компаниялар катышууда. Аталган жолдун курулушуна Евразия Өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан 60 млн. доллар жана Кыргыз Өкмөтү тарабынан 11 млн. доллар салым кошуусу мерчемделип жатат. Бүгүнкү күнгө карата жолдун курулушунун долбоорунун техникалык-экономикалык негиздери толук иштелип чыгылган.

Подмосковьеде вандалдар мусулман борборун булгап кетишти

Вандалдар Подмосковьенин Электрогорск шаарындагы мусулман маданий борборунун дубалдарын булгап жазып кетишти. Бул тууралуу РИА Новостиге ислам коомунун жетекчиси Дамир Булатов кабарлады.

Анын айтымында, окуя бүгүн таңга маал болгон. “Эртең менен саат беште борбордун кароолчусу чалып, бул боюнча кабар берди. Имараттын дубалдарын жана фасадын белгисиз кишилер көк боёк менен чийгилеп кетишкен. Ниети бузуктар абдан шашышкан сыяктуу – алар ибилистин белгилерине окшош нерселерди гана тартууга үлгүрүшкөн”, -деди Булатов.

Анын айтымында, мусулман борборуна видео көзөмөл орнотулган эмес. Бул окуядан кийин ал жерди тиешелүү техникалык жабуулар менен камсыздоо пландалууда.

Мындан тышкары Булатов бүгүн прокуратурага арыз менен кайрыларын кошумалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

“Мектептерде мамлекеттик тилди окутуу: тажрыйбалар жана табылгалар” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция өтөт.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия КР Президентинин 2017-жылдын 5-январындагы Жарлыгына ылайык жарыяланган 2017-жыл – “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата “Мектептерде мамлекеттик тилди окутуу: тажрыйбалар жана табылгалар” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция өткөрөт. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Илимий жыйын 2017-жылдын 12-апрелинде саат 10:00дө К.Карасаев атындагы БГУда өтөт. Конференцияда  “Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун методологиясы”, “Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун жаңы технологиялары”,  “Кыргыз тилин мектептерде экинчи тил катары окутуунун практикалык маселелери”, “Мектеп билим берүү тармагында маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын орду”, “Кыргызтест”: мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн тест жыйынтыктары” ж.б. темаларда баяндамалар жасалмакчы.

Иш чаранын экинчи бөлүгү мектептин тажрыйбалуу мугалимдери, жогорку окуу жайларынын жана тил үйрөтүү борборлорунун окутуучулары тарабынан даярдалган практикалык иштер менен уланат.

Конференцияга КР Президентинин Аппаратынын өкүлдөрү, илимдин өкүлдөрү, мектептердин мугалимдери, жогорку окуу жайларынын, окуу борборлорунун окутуучулары ж.б. катышуусу күтүлүүдө.

Бүгүн Таласта топуракты жана сууну анализдөөчү “Кербен” лабораториясы ачылды

Бүгүн 10-апрель күнү Талас шаарында топуракты жана сууну анализдөөчү “Кербен” лабораториясы ачылды. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиев маалымдады.

Лабораториянын ачылыш аземине катышкан Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев бул иш-чарага чогулган дыйкандарга жана фермерлерге: “Талас облусу агрардык аймак болуп эсептелет, анткени  облустун экономикасынын 90 пайыздан ашыгыраагын айыл чарба өндүрүшү түзөт-деп айтты.-Демек, биз айыл чарбасында иштеп жатышкан дыйкандарыбызга, фермерлерге колдон келишинче жардам берүүгө милдеттүүбүз. Бүгүнкү ачылып жаткан топурак жана сууну анализдөөчү лаборатория мына ушул максатты көздөйт. Бул жерде дыйкандардын үлүш жерлериндеги топурак менен суунун анализи чыгарылат. Алынган жалпы анализдин натыйжасында элибиз үлүш жерлериндеги топурак менен суунун курамын, кычкылдуулугун, ошондой эле жетишпеген элементтерди, физикалык, химиялык көрсөткүчтөрүн так аныктай алышат”.

Лабораторияны ачууга демилге көтөрүп, Туркиянын ишкерлери менен биргеликте бул чакан ишкананы курууга активдүү жардам берген “Талас ЖИА” бизнес ассоциациясынын төрагасы Миргазы Оморовдун айтымында облус жарандары лабораторияга топуркты анализге тапшыруу менен алар иштеткен жерлерине кандай минералдар жетишпейт, кандай дары-дармектерди колдонуу керектигин так аныктай алышат.    Бул лаборатория үлүш жерлерди туура пайдаланууга, жер кыртышынын бузулуусунан сактоого, ошондой эле дыйкандардын каражатын үнөмдөөгө жакшы көмөк көрсөтөт.  Лабораториянын ачылыш аземине катышкан облустун агрардык тармагынын жооптуу кызмакерлери, дыйкандар айдоо жерлерин натыйжалуу пайдалануу боюнча атайын адистердин кеп-кеңешин угуп, өзүлөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду алышты.

Жалал-Абадда облустук бийликтин аппаратынын кызматкерлери сүмөлөк кайнатышты

Бүгүн, 7-апрелде  КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери өз демилгелери менен сүмөлөк кайнатышты. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Облустук мамлекеттик администрациясынын аппартында иштешкен мамлекеттик кызматкерлердин эмгек жамааты быйыл үчүнчү ирет сүмөлөк кайнатып жатышат. Облустук бийликтин аппаратынын кызматкерлеринин сүмөлөк кайнатуусуна баш багышкан Жалал-Абад облусунун казысы Абдилазиз ажы Закиров баштаган аксакалдар менен бир катар облустук жетекчилер жайылган дасторкондон даам татышты.

–    Умай энебиздин ыйык тамагы болгон сүмөлөк кайнатууну быйыл үчүнчү жолу өткөрүп жатабыз. Жаздын келиши менен асыл ой-максаттарыбыз жана жакшы тилектерибиз ишке ашсын деген ниетте атайын сүмөлөк кайнатып жатабыз. Чыгыш элдеринин ыйык даамы болгон сүмөлөк кайнатуу эмгек жамаатыбыздын ынтымагы менен биримдигин чыңдайт деп ишенебиз,- дейт ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын бөлүм башчысы Шаазада Баймырзаева.

Сүмөлөк кайнатууда  адам канчалык көп болсо жана от табы басаңдабай жагылып, казан тынбай аралаштырылып турса сүмөлөк дагы абдан даамдуу болоорун мамлекеттик кызматкерлер жакшы билип калышкан. Кайнаткан сүмөлөгүңөр даамдуу болсун!,- дешкен кадырман аксакалдар ак баталарын беришти.

Меню