Menu

КООМ

Мэриянын ысырапкорчулугу

Бишкек мэриясы 2017-жылга 4 майрамда атылчу фейерверктерге 1,2 мил­лион сом жумшаары белгилүү болду. Бул не деген ысырапкорчулук? Ансыз да акыркы күндөрү коомчулук кытай фейерверктерин колдонушпай, тарсылдагы жок эле майрамдарды тосушууда. Мэрия мындай ысырапкорчулука жол бербестен, бомба түшкөндөй акыбалдагы жолдорго каражат бөлүп, Кыргызстаныбыздын борбору болгон Бишкек шаарынын көчөлөрүн оңдосо болмок. Жолдордун абалы мышык ыйлаарлык абалга жетти го. Жөн эле ысырапкорчулукка жол бере бербей, каражатты пайдалуу нерселерге колдонолу урматтуу шаар башчы!

Булак: “Фабула”

Француз элчиси Жалал-Абадда болуп, кызматташуу боюнча сунуштарын берди  

Франциянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Микаэль Ру Жалал-Абад шаарынын жетекчилиги менен жолугушуп, экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтты. Элчини шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев кабыл алды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Элчи мырза шаарга таанышуу иретинде келип, аймактардын өз өлкөсү менен кызматташуу мүмкүндүктөрүнө кызыккандыгын жашырган жок. Анын айтымында, ал Франциянын Кыргызстанга дайындалган үчүнчү элчиси эсептелет жана эки өлкөнүн ортосундагы пайдалуу байланыштардын улам күчөп баратканын жогору баалайт.

Сүйлөшүү учурунда элчи Жалал-Абад шаары менен экономикалык байланыштарды калыптандыруу жана күчөтүү багытында кызматташуу зарылдыгын белгилеп, шаардын бизнес чөйрөсүнүн азыркы мүмкүндүктөрүнө жана муктаждыктарына кызыкты.

Т. Темирбаев шаардагы экономикалык абал, бизнес чөйрөсүнүн өнүгүшү, андагы муктаждыктар тууралуу кеңири маалымат берүү менен шаарга өнөр жай, энергетика жана кайра иштетүү багытында сырткы пайдалуу кызматташтыктар зарыл экенин айтты. Айрыкча, совет доорунда иштеп, кийинки учурда өндүргөн продукцияларын сыртка чыгара албай жаткан ишканалар менен пайдалуу алакалар өтө актуалдуу экенин, бул багытта Франциянын кызыккан ишкер чөйрөлөрү менен тыгыз иш алып барууга шаар бийликтери даяр экенин баса белгиледи. Ошондой эле шаар жетекчиси заманбап кадрларды даярдоо жагынан кызатташууга кызыкдар экендигин да кошо кетти.

Француз элчиси Борбордук Азия менен жалпы кызматташуу алкагында Кыргызстанга өз өлкөсүнүн ишкерлерин чакырууга ниеттенип жатканын, ошондуктан Кыргызстандын аймактарынын ал ишкерлер менен кызматташуу диапазонун билүү зарыл экенин билдирди. Бул болсо, кызматташуунун конкреттүү багыттарын тандап алууга мүмкүндүк түзөт.

Жолугушуунун аягында Француз элчиси жана шаар жетекчилиги конкреттүү багыттыр боюнча дагы да макулдашуулар жана кызматташуунун конкреттүү объектилерин тандап алуунун зарылдыгын, ушундай сүйлөшүүлөр дагы да улантыларын  белгилешти.

Кыргызстан Польшадан 0,15% үстөгү ме­нен алынган 40 млн. евро насыяны фермерлерге 9% менен берет

Польша өлкөсү 25 жылдык мөөнөткө 40 млн. евро насыяны 0,15% үстөгү ме­нен берип жаткандыгын парламенттин Бюджет жана финансы комитетинде каржы министри Адылбек Касымалиев маалымдап, эми аталган каражат жеңилдетилген негизде фермерлерге 9% үстөк менен берилээрин жар салды. Де­путат АйнуруАлтыбаева 0,15% үстөгү ме­нен алынган насыяны фермерлерге 9% менен берүү калыстыкка жатпастыгын, ортодогу айырма чоң экенин айтты. Өз кезегинде министр Касымалиев Польша насыясы 25 жылдык мөөнөткө евро түрүндө алынып, фермерлерге сом түрүндө берилээрин, валюта күнү боюнча бардык тобокелдикти мамлекет өз мойнуна алып жатканын билдирди. Жыйын соңунда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети кыргыз-поляк өкмөт аралык протокол­дун долбоорун жактырды.

Булак: “Фабула”

Француз элчиси Жалал-Абадда болуп, кызматташуу боюнча сунуштарын берди  

Франциянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Микаэль Ру Жалал-Абад шаарынын жетекчилиги менен жолугушуп, экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтты. Элчини шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев кабыл алды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Элчи мырза шаарга таанышуу иретинде келип, аймактардын өз өлкөсү менен кызматташуу мүмкүндүктөрүнө кызыккандыгын жашырган жок. Анын айтымында, ал Франциянын Кыргызстанга дайындалган үчүнчү элчиси эсептелет жана эки өлкөнүн ортосундагы пайдалуу байланыштардын улам күчөп баратканын жогору баалайт.

Сүйлөшүү учурунда элчи Жалал-Абад шаары менен экономикалык байланыштарды калыптандыруу жана күчөтүү багытында кызматташуу зарылдыгын белгилеп, шаардын бизнес чөйрөсүнүн азыркы мүмкүндүктөрүнө жана муктаждыктарына кызыкты.

Т. Темирбаев шаардагы экономикалык абал, бизнес чөйрөсүнүн өнүгүшү, андагы муктаждыктар тууралуу кеңири маалымат берүү менен шаарга өнөр жай, энергетика жана кайра иштетүү багытында сырткы пайдалуу кызматташтыктар зарыл экенин айтты. Айрыкча, совет доорунда иштеп, кийинки учурда өндүргөн продукцияларын сыртка чыгара албай жаткан ишканалар менен пайдалуу алакалар өтө актуалдуу экенин, бул багытта Франциянын кызыккан ишкер чөйрөлөрү менен тыгыз иш алып барууга шаар бийликтери даяр экенин баса белгиледи. Ошондой эле шаар жетекчиси заманбап кадрларды даярдоо жагынан кызатташууга кызыкдар экендигин да кошо кетти.

Француз элчиси Борбордук Азия менен жалпы кызматташуу алкагында Кыргызстанга өз өлкөсүнүн ишкерлерин чакырууга ниеттенип жатканын, ошондуктан Кыргызстандын аймактарынын ал ишкерлер менен кызматташуу диапазонун билүү зарыл экенин билдирди. Бул болсо, кызматташуунун конкреттүү багыттарын тандап алууга мүмкүндүк түзөт.

Жолугушуунун аягында Француз элчиси жана шаар жетекчилиги конкреттүү багыттыр боюнча дагы да макулдашуулар жана кызматташуунун конкреттүү объектилерин тандап алуунун зарылдыгын, ушундай сүйлөшүүлөр дагы да улантыларын  белгилешти.

Сманбековдун соргоктугун Алышбаев ачыкка чыгарды

Кыргыз улуттук драма театрынын мурдагы жетекчиси Марат Алышбаев президентке аталган театрдын жаңыдан иштен алынган жетекчиси Темирлан Сманбековду жоопко тартууну өтүнгөн кайрылуу жолдоду. Буга далил катары бир канча факты келтирген. Маселен, Сманбеков, Темир Сариев өкмөт башчысы болуп турганда өкмөттөн бөлүнгөн 6 миллион сомдун 1 миллион 300 миң сомун жымырып койгонун, Аскар Салымбековдон «Назарбаев» деген пьесаны койгонго демөөрчү бол деп 5 миң доллар алганын, анын да дайыны чыкпай калганын, Индия элчилигинен «Махабхарата» драмасын коюу үчүн 10 миң доллар алганын, Алматы шаарында өткөн эл аралык фестивалдан «Саманчынын жолу» пьесасы гран-при жеңип, байгеге тийген 100 миң сомдун 80 миң сомун кымырып алганын, «Түрксойдун» тапшырмасы менен «Коркут ата» пьесасы жазылып, аны коюуга деп 10 миң доллар алып, 5 мин долларын жеп койгону боюнча бир топ факты келтирген. Мындан улам, кийинкилерге сабак болуш үчүн Сманбековго чара көрүү зарылдыгын белгилейт.

Булак: “Фабула”

Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль РУну кабыл алды

Бүгүн, 11-апрелде КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Франциянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Микаэль РУ мырзаны кабыл алды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Жылуу маанайда өткөн жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль РУ мырзага Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, билим жана маданият тармактары туурасында кыскача маалымат берди. Жалал-Абад облусунда учурда электр энергиясын иштеп чыгарууда 6 ГЭС иштеп жаткандыгын, 11 чакан дарыяларда 30га жакын чакан электр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгиледи. Эл аралык туризмди, мунун ичинен эко жана этнотуризм жаатындагы жылыштарга токтолду. Айрыкча деңиз деңгээлинен кыйла бийиктикте жайгашкан Сары-Челек көлү, тоо койнуна жайгашкан кайталангыс жаңгак токойлуу Арстанбап жергеси, Саймалуу-Таш мамлекеттик коругу жана Сафед-Булон комплекси жыл сайын миңдеген чет элдик туристтерди тартаарына токтолду. Токтогул районундагы Манас, Биримкулов жана Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептерде билим алып жатышкан 475 окуучу кошумча француз тилин окушаарын маалымдады.

Франциянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Микаэль РУ мырза Жалал-Абад облусуна алгач келип жаткандыгына токтолуу менен табияттын кереметтүү кайталангыс кооздугу аны жана колуктусу Татьяны аябай таң калтырганын жашырган жок. Ал элчи катары дипломатиялык мамилелер менен гана чектелбестен Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн Франциялык ири компаниялар менен ишкерлерди Кыргызстанга, анын ичинде Жалал-Абад облусуна инвестицияларды тартууга кол кабыш кылаарын жашырган жок. Франциядагы калкка соода-сатык жана тейлөө жаатында кызмат көрсөтүүчү ири Auchan (Ашан) компаниясы Кыргызстанда өз тармагын жандандырууга кызыктар экендигин билдирди.

Өз кезегинде ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев айыл чарба азык-түлүктөрүн жана кайра иштетүү тармагында Франциялык инвесторлор менен эки тараптуу пайдалуу кызматташууга даяр экендигин билдирди. Эки тараптуу жолугушуу  достук жылуу маанайда жана өз ара түшүнүчүлүк кырдаалында өттү.

Кыргызстандын келечегин саткандарга чара көрүлсүн!

Кытай жарандарына Кыргызстанда жашоого уруксат берген мыйзамсыз документтер боюнча кылмыш ишти УКМК териштирип жатат. Башкы прокурор Индира Жолдубаева маалымдагандай, мындай мыйзамсыз документтер былтыр 2016-жылы 996 кытай жаранына берилген. Уруксат берүү атайын комиссиянын чечиминен көз каранды. Ал комиссиянын курамында ТИМ жана Ички иштер министрлиги, башка укук коргоо органдарынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү бар. Буга дейре Кыргызстанды кытай жарандары каптап кеткени, расмий эмес маалыматтар боюнча алардын саны 300-500 миңге чейин жетээри айтылып келген. Кыргыз кыздарын алган кытайлардын саны дагы арбып, алардан төрөлгөн балдардын алды 7-8-класс окуп калышканы да айтылып жүрөт. Бул келечекте кыргыз элинин, Кыргызстандын коопсуздугуна кедергисин тийгизчү чоң көйгөй экенин танып болбойт. Ойлончу мезгил келди. Эртең кеч болуп калат. Андыктан акчага Кыргызстандын келечегин саткандарга сөзсүз чара көрүлүп, жазага тартылышы керек..

Булак: “Фабула”

Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун судьялары менен салык инспекторлордун жолугушуусу өттү

2017-жылдын 5-апрелинде Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун имаратында аталган соттун төрагасы Б.О.Мажитов жана судьясы Н.К.Каипова менен Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын башкармалыктарынын инспекторлорунун жолугушуусу болду. Бул тууралуу  Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда юридикалык жакты же жекече ишкердин ишмердигин жүргүзүшүн токтотуу жөнүндө доо арыздар менен кайрылууда Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 132-133, 386-387-статьяларынын талаптары терең изилденди жана мамлекеттик бюджетке акча каражаттарды өндүрүүдө пайда болгон суроолор талкууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө сот өндүрүшү жана салык мыйзамдарынын алкагында  катышуучулар бири-бирине суроолорун беришип, аларга толук жоопторун ала алышты.

Кездешүүнү аяктап жатып, Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун төрагасы Б.О.Мажитов жана судья Н.К.Каипова меймандарга алардын оор, бирок мамлекет үчүн маанилүү кызматында ийгиликтерди, карьералык өсүүнү жана бекем ден-соолук каалашты.

Меню