Menu

КООМ

Бишкекте Шабдан баатыр көчөсүн "7 апрель" деп өзгөртүү сунушталууда

Бишкек шаарынын мэриясы Шабдан баатыр көчөсүн “7 апрель” жана Курманжан датка көчөсүнөн М. Ауэзов көчөсүнө чейинки Чүй проспектинин бөлүгүн Шабдан баатыр деп алмаштырууга документтерди карооого алды. Бул боюнча калган материалдардын бардыгы Бишкек шаардык кеңешинин сайтында жарыяланат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Бул суроо топонимика боюнча коммиссиянын кароосуна “Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен Шейиттери” коомдук бирикмелеринин кайрылууларынан улам алынган.

Бишкекте калктын социалдык аялуу катмары үчүн кеңеш берүү борбору түзүлдү

Свердлов районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери «Дордой» базарында жайгашкан кеӊеш берүү борборунда 45 аз камсыздалган үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Райондун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы калктын социалдык аялуу катмарына социалдык жардам көрсөтүү максатында кеӊеш берүү борборун түзүүнү демлгелеген. Аталган борбор Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Жумабек Салымбековдун колдоосунда Свердлов районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан түзүлдү.


Базардын админстрациясынын имаратынан бөлмө бөлүнүп, ар бейшемби күндөрү саат 11:00дон 14:00го чейин социалдык кызматтар боюнча кеӊештер берилип турмакчы.


Борбор кеӊеш берүү менен биргеликте азык-түлүк жана кийим кече сыяктуу материалдык жардамдарды дагы көрсөтүп турат. Аталган кеӊеш берүү борбору 2017-жылдын 15-мартынан баштап штеп жатат.

Масадыков деген ким?

Саясатта, коомчулукта деле азырынча анын анчалык салмагы жок, мамлекеттик кызматта иштебеген, бирок ошол эле кезде ичип-жеди деген сөздөн алыс, бир топ жыл абройлуу эл аралык уюмдарда бараандуу кызматтарда иштеген Чүйдүн тың чыкма жигиттеринин бири катары сыпатталган Таалатбек Масадыков президенттикке ат салышчу талапкерлердин бири катары айтыла баштады. Бул адамды элита деп эсептелген чакан чөйрө жана бийлик жалпысынан билет. Бирок карапайым калктын анчалык кабары жок. Анткени ал узак жылдар бою чет мамлекетте эмгектенип келген адам. Бул туурасында «Чагылган» сайты жазып чыкты. Бул каармандын акчалуу, эл аралык деңгээлде абройлуу экени айтылууда.

Булак: “Фабула”

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев «Боинг-747» авиа кырсыгынан курман болгондордун туугандары менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев кечээ, 6-апрелде, 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунда кыйраган  «Боинг-747» авиа кырсыгынан курман болгондордун туугандары менен жолугуп, түрктөр тарабынан төлөнүүчү компенсация тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Ал жакында эле «Боинг-747» учагы таандык болгон «ACT Airlines» авикомпаниясынын өкүлдөрү менен жолукканда каза  болгондордун туугандарына, денесинен ар кандай жаракат алган жарандарга, мамлекетке келтирилген зыяндар жана жарандардын чыгымдарын төлөп берүү тууралуу сүйлөшкөнүн эске салды.

Мухамметкалый Абулгазиев жабыркагандарга жардам берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 600 миң АКШ доллары (42 млн сомдой) каражат түшкөнүн кошумчалады. Которулган сумма буга чейин авиакырсыктын жалпы чыгымдарын  эсептеп чыккан Өкмөттүк комиссия тарабынан аныкталган 195 млн сомдун бир бөлүгү болуп эсептелет.

Ал түрк тарап да тез аранын ичинде керектүү болгон компенсацияларды төлөп берүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жолугушууга келгендерди комиссия жабыркагандардын бардык сунуш эскертүүлөрүн эске алуу менен ишти ачык жана таза улантарына ишендирди. Ошондой эле аларга керек болгон учурда укугун коргоого жана кызыкчылыгына байланыштуу болгон юридикалык маселелерди чечүүгө колдоо көрсөтүүлөөрүн билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, өлкөнүн Өкмөтү жабыркагандардын кызыкчылыгын негизги коргоочу болуп эсептелет.

 

Мамлекеттик тилди эл аралык стандартка ылайык деңгээлдер боюнча окутуу багытындагы жаңы методикалар жана тажрыйбалар боюнча ойлор ортого салынды  

 

Кечээ, 6-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде “Мамлекеттик тилди эл аралык стандартка ылайык деңгээлдер боюнча окутуу теориясы жана практикасы” аталышында ЖОЖдор арасында №2 отурум өткөрүлдү. Отурум КР Билим берүү жана илим министринин өкүлдөрү, ЖОЖдордун проректорлору, декан, кафедра башчылары, интеллигенция өкүлдөрү жана ЖМКлардын катышуусу менен өттү. Бул тууралуу тил боюнча улуттук комиссиясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев отурумдун ачып жатып биз жашап жаткан коомдо билим берүү тармагы дагы бир жолу чоң өзгөрүүгө дуушар болгонун, тактап айтканда жаңы маалыматтык технологиялардын келиши менен окутуунун жаңы мейкиндиктери пайда болгонун, ошол мейкиндикте мамлекеттик тилди окутуунун ордун бекемдөө зарылдыгын билдирди. Ошондой эле, отурумдун ачылышында С.Калдыбаев жана Чыгыш университетинин ректору А.Ибраев сөз сүйлөп, өтүлүп жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолуп өтүштү.

Андан соң “ЖОЖдордо мамлекеттик тилди окутуудагы маселелер” темасында филология илимдеринин доктору, профессор З.Дербишева баяндама жасап омоктуу ойлорун ортого салса, филология илимдеринин доктору, профессор К.Биялиев “Мамлекеттик тилди эл аралык стандартка ылайык окутуу теориясы” аталышындагы баяндамасында тил үйрөнүүчүлөрдү тили жаңы чыгып жаткан бала менен катар кароо керек экендигин, орточо эсеп менен алганда наристе өз эне тилин үйрөнүү үчүн 21900 саат керектелерин билдирди. “Жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди Кыргызтесттин талаптары аркылуу окутуунун ыкмалары” темасында баяндамасы менен Кыргызтест башкармалыгынын жетекчиси Б.Ставинская-Топоева эл алдында болуп, Кыргызтест түзүмү боюнча кенен маалымат берди.

Ошондой эле, “Улутсофт” компаниясынын жетекчиси М.Окенов Мамлекеттик тилди жаңы маалымат технологиялары тармагында  жайылтуу иштери боюнча маалымат берди. Маалыматтын орчундуу учурларына токтолсок, аталган компания тарабынан Гугл которуу кызматына кыргыз тилинде 400 000 фраза, Уикипедияга 12 000 макала киргизилип, кыргыз тилин жеңил үйрөнүү боюнча мобилдик тиркемелер иштелип чыккан. Бул иштер Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын демилгеси жана колдоосунун аркасында, ЖОЖдордун жардамы менен ишке ашырылган. Учурда Microsoft Windows (7-версиясынан баштап), Microsoft Office (2010-жылдагы версиясынан баштап), Google, Youtube, Android сыяктуу маалымат технологиялары кыргызча кызмат кылууга жетишип, эң көп пайдаланылган Facebook социалдык тармагы кыргыз тилине которулуп жатат.

Отурумдун экинчи бөлүгүндө “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын” ЖОЖдордо аткарылышы боюнча Ж.Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, профессор С.Тиллебаевдин, К.Карасаев атындагы БГУнун мамлекеттик тил боюнча проректору профессор С.Искендерованын, И.Раззаков атындагы КТУнун мам тил проректору Б.Төрөбековдун, Н.Исанов атындагы КМКТАУнун мам тил проректору А.Маданбековдун маалыматы угулду.

Отурумдун соңунда ЖОЖдордо Мамлекеттик тилди окутуу боюнча окуу-методикалык комплекстердин бирдиктүү электрондук базасын түзүү, филологиялык эмес багыттагы адистиктер боюнча мамлекеттик тилде лекция окуган лекторлорго жана практикалык сабак өткөн окутуучуларга айлык маянасына кошумча каржылык кызыктыруунун жана сыйлоонун башка түрлөрүн колдонууну киргизүү, ЖОЖдордун проректорлор Ассоцияциясын түзүү аркылуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу ж.б. сунуштар айтылды.

Ошондой эле, жакынкы аралыкта жаңы маалымат технологиялары аркылуу мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө арналган илимий-тажрыйбалык конференция өткөрүү мерчемделүүдө.

Чуусу бүтпөгөн “мародерлук”

Кез-кези менен чыгып туруучу “мародерлук” темасы кайра талкууга түштү. Бул иш боюнча ЖКнын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөнов камакка алынды. Буга чейин мародерлук боюнча Өмүрбек Текебаев баштаган “Ата Мекенчилерди” айыптап келген Абдулла Юсуповдун айткандары калп экенин мен далилдеп берем деп Нургазы Бакаев аттуу жаран маалымат жыйын өткөрдү.

2012-жылы мародерлук темасы коомчулукта катуу талкууга айланды. Бул тема “Ата Мекен” партиясына жана жеке Өмүрбек Текебаевдин беделине оңбогондой чоң сокку урду. Бирок жалган жалаа кандай болгон күнү дагы акыры чыгат экен. Мародерчулук чуусуна Өмүрбек Текебаев жана “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн тиешеси бар же жок экенин 2012-жылы коомдук талкууга чыккандан тартып ИИМ, УКМК баш болгон күч органдары толугу менен иликтөөгө алышты. Бирок бул иш боюнча далилдүү фактылар жок болгонунан уламбы, кайра токтоп калчу. Ошол эле иштер эми кайра козголуп отурган чагы.

Бул иш боюнча коомчулукка жаңылык боло турган эч кандай далилдер азырынча айтыла элек. Болгону соттолуп кеткен Абдулла Юсупов сыяктуу адамдардын көрсөтмөлөрү бар.

Жакында эле Нургазы Бакаев аттуу жаран журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, Юсуповдун сөздөрү калп экенин далилдеп берем деп билдирди.

-Мен 2011-жылы №1 СИЗОго барып Абдулла Юсупов менен бир камерада 6 ай отуруп калдым. Ал башында ГУБПдин балдары барганда Зарылбек Рысалиев  2010-жылы 7-апрелде мародерлук ишке барган деп арыз жазып берген. Бирок ал арыз аягына чейин териштирилбей кала берди. 2012-жылы Абдулла Юсупов  Райкан Төлөгөнов мародерчулук ишке аралашкан деп арыз жазып берди. Бир аздан кийин бул ишке Туратбек Мадылбековду кошту. Себеби, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын ошол кезде Шейшенбек Байзаков жетектеп турган. Туратбек Мадылбеков ошол Байзаков менен тирешип турган кези экен. Абдулла Юсупов бул учурдан пайдаланып, Байзаков аркылуу эркиндикке чыгып кетүүнүн аракетин көрсө керек. Дагы бир аздан соң “буларга буйрук берген” деген асмандан алынган логикалары менен Өмүрбек Текебаевди жана Болот Шерди кошушту. Бул эки үлкөн саясатчы жөн жерден кошулган жок. Бул чоң саясий буйрутма болду. Абдулла Юсупов аябай ишенимдүү кишилер менен сүйлөшүп жатканын айтып, алардын шарттарын аткарсак эркиндикке чыгарып жиберет деп пландап жүрдү. Бирок оор кылмышы менен Абдулла Юсупов сот аркылуу гана куткарыла турганын билген жок. Ал бир эле телефон чалуу менен куткарып чыгышат деп ойлогон. Абакта Абдулла Юсупов өзүнүн калпычылыгы менен белгилүү. Ал НТС каналына 2012-жылы чыгып алып “мени 60 миң доллар тап деп коркутуп жатышат, менин өмүрүм коркунучта” деп жанын жеди. Мен бир камерада отурган адам катары аны эч ким кыйнабаганын, ага эч ким акча тап деп коркутпаганын билчүмүн. Бул иштин баарын Абдували Акжолов деген подполковниктин көрсөтмөсү менен жасачу. Акжолов сырттан  Абдулла Юсуповго көп жолу телефон чалчу.  Себеби, Юсупов кат жазганды дагы билбейт, НТСтен какшап айтып жаткан Максимдин офисинен уурдалган алтындын номерлерин билчү эмес. Мунун баарын Акжолов үйрөткөн.  Абдулла Юсуповду ГСНдин жетектеп турган Зарылбек Рысалиев СИЗОдогулардын жонуна мингизип салган, ал абакта каалаганын кылчу. Бул тууралуу СИЗОдо иштегендердин баарынан сурап чыксаңыз айтып беришет.

Абдулла Юсупов ким?

Абдулла Юсупов киши өлтүрүү, талап-тоноо, алдамчылык ж.б. беренелер менен күнөөлүү деп табылган. Ал мурунку муфтий Муратаалы Жуманов ажыны өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган. Бул ишке мурун Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын башчысы Акжолов Абдували аттуу подполковникдагы аралашкандыгы белгилүү болгон. Муратаалы ажы Жумановду уурдап барып, 1 миллион доллар талап кылышкан. Натыйжада ошол уурдап барып ур-токмоко алынгандан кийин Муратаалы ажы Жуманов 2 айга жетпей каза болду. Ушул подполковник Акжоловдун мындан башка дагы көп талап-тоноочулук иштерге аралашкандыгы белгилүү болгон.

Булак: “ПолитКлиника”

Фото - Сооронбай Жээнбеков жумуш сапары менен Ош облусуна барды

Кыргыз Республикасынын Премьер-минитсри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 6-апрелде,  жумуш сапары менен Ош облусуна барды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Өкмөт башчысы «Ош» аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплексинин ачылышына катышып, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен «Ош»  эл аралык аэропортундагы көрсөтүлгөн тейлөөлөрдүн жана коопсуздукту камсыз кылуунун сапатын көтөрүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ошондой  эле Ош аймактык ветеринардык диагностикалык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Фото - Жалал-Абадда “7-Апрель – Элдик революция күнүнүн” 7 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 7-апрелде Жалал-Абад шаарындагы борбордук Эркиндик аянтында “7-апрель – Элдик революциясынын күнү” майрамынын 7 жылдыгы белгиленди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Апрель Элдик революциясынын 7 жылдыгына арналган эскерүү митингисине Апрель Элдик революциясынын  Баатырлары, облустук жана шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилери, кадырман эмгек ардагерлери, бир катар улуттардын диаспоралары жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Эскерүү митингисинин катышуучулары жана бийлик өкүлдөрү ошол ыңкылапта шейит кеткен 8 Апрель Эл Баатырларынын урматына Эркиндик монумент эстелигине гүлчамбарларды коюшту.

7- Апрель – Элдик революциясынын 7 жылдыгына арналган эскерүү митингисин Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов ачты. Мындан жети жыл илгери Кыргызстандын жаңы тарыхында бурулуш  окуя болгон Апрель революциясынын орду туурасында КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев мына буларга токтолду.

– Эң алгач, баарыңыздарды Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы «7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнү» майрамынын 7 жылдык мааракеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана өзүмдүн атымдан куттуктаймын. 7-Апрель – Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында ондогон  эр-жүрөк азаматтарыбыздын өмүрүн алып кеткен эң кандуу, бирок  ошол эле учурда бийликтин элге каршы жүргүзгөн адилетсиз туура эмес саясатын кулатып талкалоодогу эң орчундуу окуялардан болуп калды. Элибиздин эркиндиги жана мамлекетибиздин бөлүнүп жарылгыс бүтүндүгүн камсыз кылууда Апрель революциясынын орду өзгөчө орунда тураары талашсыз.  2010-жылдын  7-Апрелинде  дарыядай агылган  эл чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн, өлкөбүздүн айкын келечеги үчүн майданга чыгышкан.

Адилеттүүлүк үчүн башын сайып, ажалдан кайра тартпай өз өмүрлөрүн кыйган азаматтарыбыздын эрдиктерине биз ар дайым таазим кылабыз жана алар менен сыймыктанабыз. Апрель революциясынын баатырлары элибиздин бакубат эркиндикте жашоосу үчүн  өз өмүрлөрүн сайышып, өлүмгө коркпой тике карашкан. Мындан 7 жыл мурда үй-бүлөлүк башкаруу бийлигине каршы аянттагы калын элге атылган октон 87 адам каза болуп, 300гө жакыны жаракат алышкан. Эркиндик жана чындык, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн шейит кеткендерди унутууга акыбыз жок!

Апрель революциясы жаш муундарды мекенчилдикке  үндөөчү жана тарбиялоочу улуу күн болуп калаары талашсыз.

Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев      Алмазбек Шаршенович 2016-жылдын 4-апрелинде          “Аксы окуяларынын”,  Март жана  Апрель элдик     революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө»        Жарлыкка кол койду. Ал жарлыкта:      «Өткөн мезгил көрсөткөндөй  2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуялары, 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциясы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциясы кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолунда Кыргызстандын соңку жаңы тарыхындагы  эң зор үч ашуу болгондугун баса белгиледи. Бул үч окуя эркиндик менен адилеттүүлүк кыргыз элинин канына да, жанына да сиңип калганын бүтүн дүнүйөгө далилдеген”.

Апрель революциясынын жетишкендиктерин түбөлүккө сактап калуу жана өлкөбүздүн ыргактуу өнүгүп өсүүсү үчүн бизге эң зарылы жана абдан баалуусу көп улуттуу элдерибиздин ынтымакчылыгы менен ырашкерлиги, болоттой бекем ширелишкен  достугу экендигин эч качан эсибизден чыгарбоого тийишпиз. Өлкөбүздөгү саясий стабилдүүлүк менен коомубуздагы бекем туруктуулук, элибиздин ынтымагы менен биримдиги гана алга карай өнүгүүнүн ишенимдүү кепилдиги экендигин жадыбыздан чыгарбайлы. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!,- деди КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев.

7 –  Апрель – Элдик революциясынын 7 жылдыгына арналган эскерүү митингисинде КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Кыргыз Республикасына өтөгөн өзгөчө эмгеги үчүн Аксы районунун тургуну, Апрель Эл Баатыры Муратбек Турдубаевге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак Грамотасын, Жалал-Абад шаарындагы Достук аймактык башкармалыгынын №128 кварталдык комитетинин төрайымы Бактыгүл Алиевага, “Кыргыз туусу” газетасынын Жалал-Абад облусундагы өз кабарчысы Мейманбү Акжоловага Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин  Алкышын, ал эми КРнын Премьер-министринин кол сааты  Апрель Эл Баатыры, Жалал-Абад шаарынын тургуну Нурбай Орозовго  сыйлыктарын тапшырды.

Апрель Элдик революциясынын 7 жылдыгына арналган эскерүү митингисинде Жалал-Абад облусунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев, Жалал-Абад шаарынын тургуну, Апрель Эл Баатыры Батыр Абдыразаков, Апрель революциясынын катышуучусу Керез Жапакбаева сөз сүйлөштү.

Апрель Элдик революциясынын 7 жылдыгына арналган эскерүү митингсинин соңунда Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз ажы Закиров шейит кеткендердин жаркын элесине атап куран түшүрдү. Эскерүү митингиси аяктаган соң анын катышуучуларына өнөрпоздор тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Фото - «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидерлери «7-апрель жаштар кыймылы» саясий партиясы менен биргеликте каза болгондорго куран окутушту

Мындан туура 7 жыл мурда, ошондогу президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы эл Ак үйдүн алдында топтолуп, 90го жакын эр азаматтар окко учуп каза болушкан. Бүгүн «Өнүгүү-Прогресс» партиясы «7-апрель жаштар кыймылы» саясий партиясы менен биргеликте каза болгондорго куран окутушту. «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев каза болгон эр азаматтардын ысымы тубөлүк тарыхта кала тургандыгын айтты.

 

Өлкөдө апрель ыңкылабынын жети жылдыгы белгиленүүдө

2010-жылдагы Апрель ыңкылабына жети жыл толду. Буга байланыштуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, спикер Чыныбай Турсунбеков, башка өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн мүчөлөрү, жараат алгандар жана башка катышуучулар менен бирге “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель элдик революциясынын баатырларын эскеришти. Курман болгондордун эстелигине гүлчамбар коюлуп, куран окутулду.

Андан кийин “Ала-Тоо” аянтындагы Апрель элдик революциясынын эстелигине гүлчамбар коюлду. Түштөн кийин Бишкектеги борбордук “Ала-Тоо” аянтында майрамдык иш-чара өтүп, театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлөт. Ага шаар мэри Албек Ибраимов катышат. Соңунда майрамдык концерт болуп, кечки салют менен аяктайт.

Апрель элдик революциясынын күнү Бишкек, Ош шаарларында жана бардык облустук, райондук борборлордо да белгиленүүдө.

Буга чейин 7-апрель “мамлекеттик майрам жана иш күнү эмес” деп жарыяланган.

2010-жылы 7-апрелде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан эл аны бийликтен кууган. Куралсыз элге ок атылып, 90го жакын киши набыт болгон. Жүздөн ашуун адам жараат алган. Президент үй-бүлөсү, жакындары менен чет элге качкан. Учурда Беларуста башпаанек тапкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню