Menu

КООМ

Шаардык мэрия Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чараларды даярдады

Бишкек шаарынын мэриясы Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чараларды даярдады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

21-мартта саат 10:00до Курманжан Датка эстелигинин алдында Кыргызстан элдер ассамблеясы тарабынан шаардык мэрия, дипломатиялык корпустар  менен биргеликте,  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекттик агенттигинин колдоосунда Кыргызстанда жашаган ар улуттун улуттук тамак-аштарынын, кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда. Көргөзмөнүн соңунда бардык каалоочулар улуттук тамактан даам татып, сүрөткө түшүп, ошондой эле концерт көрө алышат.

Салттагыдай, 21-мартта саат 11:00дон 14:00го чейин “Ала-Тоо” аянтында Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган театралдаштырылган көрсөтүү жана майрамдык концерт тартууланат.

Саат 13:30дан 17:00го чейин Эски аянтта майрамдык концерт жана спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.

Мындан тышкар, калаанын бардык райондорунда элдик жүрүштөр, эс алуулар жана майрамдык иш-чаралар уюштурулат.

Биринчи май районунун «Щербаков», «Көлмө», «Ак-Босого», «Калыс-Ордо», «Мурас-Ордо», «Жеңиш», «Алтын-Бешик», «Касым» жана «Тынчтык» жаңы конуштарында  21-мартта саат 12:00до маданий-массалык жана спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.

Свердлов райондук администрациясы 21-мартта саат 10:00до Кара Жыгач токоюнда улуттук оюндар боюнча спорттук көрсөтүүлөр менен элдик эс алуулар өткөрөт.

Саат 10:30да “Эне-Сай” жаңы конушунун спорт аянтчасында майрамдык түшкү тамактануу уюштурулуп,  сүмөлөк жасалат.

Саат 11:00до Жеңиш аянтында шаар тургундары үчүн спорттук мектептердин жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт өткөрүлөт. Ушул эле убакта №6 “Дордой-2” жаңы конушунда улуттук оюндар, каада -салттар көрсөтүлөт.

Саат 11:30да “Ак-Бата” жаңы конушунда жана “Учкун” жаңы конушунун  №89 орто мектебинин аянтчасында элдик жүрүштөр, улуттук спорттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Саат 13:00до №66 орто мектебинин аянытчасына боз үй тигилип, улуттук тамактар даярдалат. Бардык каалоочулар келип даам тата алышат. Саат 14:00до №16 жана №46 мектептеринде майрам өткөрүлөт.

Ленин районунда 21-мартта саат 10:00дон 14:00го чейин Фучик атындагы сейил багында майрамдык концерттик программа жана байгелерди тапшыруу менен улуттук спорттук оюндар көрсөтүлөт.
Саат 12:00до Жаштар аллеясында концерт, конкурстар, спорттук оюндар уюштурулат. Ошол эле учурда «Ала-Тоо», «Арча-Бешик» жаңы конуштарында, “Манас” кинотеатрынын алдында жана “Манас айылында” шаар тургундары үчүн майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Саат 14:00до “Люкс” сейил багында шаар тургундары үчүн концерттик программа жана спорттук мелдештер өткөрүлөт жана бардык каалоочулар катыша алышат.

Октябрь райондук администрациясы 17жана 20-мартта саат 10:00до кичи райондун тургундары арасында спорттук мелдештер өткөрүлөт.

18-мартта саат 12:00до “Көк-Жар” кичи районунун стадионунда майрамдык театралдаштырылган көрсөтүү жана спорттук көрсөтүүлөр уюштурулат. 19жана 20-мартта саат 17:00до №7 кичи районунда балдар үчүн цирктик көрсөтүүлөр өткөрүү пландалууда.

21-мартта саат 9:00до Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында улуттук тамактардын жана гүлдөрдүн майрамдык жарманкеси, театралдаштырылган көрсөтүү  өткөрүү пландалууда. Саат 9:30да Ботаникалык бакта  шаар тургундарынын жана спортчулардын катышуусунда жеңил атлектикалык чуркоо өтөт.

Саат 13:30дан 17:00го чейин Асанов атындагы сейил багында майрамдык концерт жана спорттук мелдештер уюштурулат.

Болот Карамуратов, аза агенттигинин жетекчиси: «Адам өлгөндө сөөгүн өрттөп салуу – мезгил талабы”

Ар бир адамга жамандыкты кечинен берсин. Бирок, жакынын жоготкон адам айрылүу менен кошо маркумду узатуу азабын да тартып, карайлап калат. Учурда маркумду узатуу да шаар ичинде кымбатка тураары эл ичинде айтылып келет. Ушул суроолорубузга жооп алуу максатында аза агенттигинин жетекчиси Болот Карамуратов менен баарлаштык.

Сиздерге караштуу канча көрүстөн бар? Кандай кызмат кыласыздар?

-Жыл сайын Бишкек шаарынын муниципиалдык көрүстөнүнө эки миңдин тегерегиндеги маркумдардын сөөгү жерге берилет. Калгандары шаардын тегерегиндеги, Байтик, Көк-Жар, Маевка айылдарындагы көрүстөндөргө коюлат. Алар бизге карабайт, жергиликтүү бийликтегилерге карайт. Бизге караган Чоң-Арыктагы күн батыш мүрзөсү, шаардын ортосунда жайгашкан Ала-Арча көрүстөнү, христиандардын мүрзөсү, анан дагы жабылып калган эки мүрзө бар. Азыркы учурда алтынчысы курулуп жатат. Ал Аламүдүн районун Гроздь айылында жайгашкан 44 гектар жер. Ал жердин курулуш иштери бүтүп калды. Акырындап иш баштады.

Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, каза болгон адамды жерге берүү да өзүнчө көйгөй. Азыр маркумду узатуу канча турат?

-Биздин муниципиалдык көрүстөндөрдө жер үчүн элден акча алынбайт. Көр казуу, сөөктү жеткирүү, орустарга гроб, кыргыздарга кепин сатылат. Керектүүлөргө боз үй, казан, титан арендага берилет. Сөөк коюуда эмне керек болсо, ошонун баарын бизден алышат. Ал эми карылар үйүндө каза болуп калган маркумдарды биз акысыз жерге беребиз. Ал үчүн бизге өкмөттүн социалдык коргоо кызматынан атайын акча бөлүнөт. Учур­да көпчүлүктү шаар четиндеги көрүстөндөрдө жердин кымбаттыгы кыжырдантат. Байтик, Көк-Жар айыл өкмөттөрү сөөк коюуга чоң акча талап кылышат. Ал жер ошол айыл өкмөтүнө караштуу болгондуктан, мыйзам боюнча ал маселени өздөрү чечет. Өздөрүнүн аймагынан канча салык сурашат – өздөрү билишет. Маркумдун ошол айылда каттоосу жок болсо, каалагандай акча талап кылышат. Ушул көйгөйлөрдүн баарын жоюу үчүн Жогорку Кеңешке өз мыйзамдарыбызды сунуштап келебиз.

Сөөктү өрттөп салуу сунушун киргизип жүрдүңүз эле?

-Сөөктү өрттөп салуу сунушунун демилгечиси болдум. Бул мезгил талабы. Бирок, эки-үч жылдан бери муфтият, дин кызматкерлери менен эл менен сүйлөшүп жатып келишимге келе алган жокпуз. Биздин коом, биздин менталитет буга даяр эмес экен. Негизи сөөктү өрттөө эң керектүү нерсе. Ай сайын биз эки тоннадай биокалдыктарды, канчалаган селсаяктарды көмөбүз. Алардын атайын-туугандары жок, эч кимге кереги жок. Андан тышкары, түрмөдөгү кургак учукка кабылгандар каза болот. Аларды туугандары албайт. Өкмөттүн эсеби менен көмүлүшөт. Селсаяктардын арасында эмне деген дартка чалдыккандары бар. Жугуштуу, венерикалык ооруга чалдыккандар бар. Аларды биздин кызматкерлерибиз Чоң-Арыкка алып барып жерге берет. Өз кызматтарын көргөзөт. Биологиялык калдыктар деген бар. Бул операциялардан кийин чыккан кол, бут, көз, кулак, аборттон чыккан калдыктар бар. Ошолордун баа­рын биз коёбуз. Алар эмне үчүн кандайча каза болгон, буга эч кимдин башы оорубайт. Мунун баары Чоң-Арыкка коюлат. Күн жаайт, кар эрийт. Ошонун баа­ры агып түшүп шаарды көздөй кетет. Тегеректеги үйлөр ошол жерден суу ичип, ошол сууга тамак жасашат. Балдар ойношот. Жемиш өстүрүлгөн жерлер сугарылат. Ал жемиштерди шаарга алып келип сатышат. Биз болсо ал жер-жемиштерди ырахаттанып жейбиз. «Бир күнү Африкадан чыккан ар кандай оорулар тарап кетпейт» деп ким кепил боло алат? Ошон үчүн мыйзам кабыл алуу керек. Элдин баарын эч ким зордуктап күйгүзбөйт. Ар кимдин өз каалаганындай болот. Бизде көп улут өкүлдөрү бар, алардын каалоолору бар. Мисалы, башка өлкөгө көчүп жаткандар сөөктү да калтырбай алып кеткилери келет. Эгер сөөктү өрттөөгө жол берилсе, бир ууч топурактай кылып түйүп алып кете беришет. Мисалы, Германияга кетип калган немистердин туугандары бул жакта болот. Каза болгон жакынын алып кетейин десе Германияга киргизбейт. Өрттөп урнага салып келгенде гана киргизет экен. Алар анан Москвага алып барып өрттөшүп, андан ары Германияга учушат. Ага канча каражат, убакыт кетет?

– Азыр аймактарга чыксаң жол бойлорунун баары эле көрүстөндөр. Буларды көзөмөлдөгөн адамдар болобу?

– Туура айтасыз. Пансионатка кирип баратсаң оозунда көрүстөн турат. Чоң жол бойлорун тим кой, кичинекей жолдордун боюна чейин көрүстөндөр. Мындай болбойт да. Кайсы жерге сөөк коюуга болот, кайсы жерге болбойт – баарын иреттеш керек. Эки жыл мурун Нарынга бар­сам, жолдун баары эле көрүстөн. Жумушум ошол болгондон кийин көзүмө дароо көрүстөндөр көрүнөт да. Бир айылдан токтоп намазканада отурган аксакалга «аксакал, эмнеге жолдун баары эле көрүстөн?» десем, «анан каякка коёбуз?» дейт. «Илгери адам баспаган, мал баспаган жерге коюлчу эмес беле?» десем, «койчу балам, ал жакка ким ташып жүрөт?» дейт. Келечек эмне болот эч кимдин иши жок. Биз Жогорку Кеңешке сунуштаган мыйзамдар ишке кирсе, ушунун баары иретке келет эле.

Булак: “Азия ньюс”

Жалал-Абадда кургак учук менен ооругандарды мажбурлап дарылоо сунуштары айтылды

 

Кургак учук менен ооруп калып, бирок дарылануудан баш тарткандар, өздөрүнүн ден-соолугуна кайдигерлик менен карап, башкаларга коркунуч келтиргендер мажбурлап дарылоого кириптер кылынышы керек. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын аймактарындагы саламаттыкты сактоо системасын башкаруу боюнча координациялык комиссиясынын жыйынында ушундай сунуштар айтылды. Бул тууралуу Жалал шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Айзат Раматиллаева төрагалык кылган бул комиссиянын жыйынына медицина мекемелеринин жетекчилери, тийиштүү муниципалдык кызматтардын башчылары, коомчулуктун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү келишип, шаардагы кургак учук менен ооруп калуулардын абалы талкууга алынды.

Тийиштүү адистерди айтымында, бул биосоциалдык ооруга чалдыгып калуулардын шаардагы абалы жалпы өлкөдөгү абалга салыштырмалуу кыйла дурус, анткени ооруга жаңы чылдыккандар саны мурдагы жылга салыштырмалуу өткөн жылы 6,8 пайызга өскөн. Ошол эле мезгилде, башка аймактарда өсүү 15тен 114 пайызга чейин жеткен. Азыркы кезде 52 киши дарыланып жатса, алардын экөөсү балдар. Шаар боюнча жалпы ушундай 248 оорулуу бар болсо, алар ДОТС программасы менен дарыланып жатышат. Өткөн 2015-жылы жылы алгачкы эки айда флюрографиядан өткөрүү планы 87 пайыз аткарылса, 2016-жылы ал 94 пайызга жогорулаган. Алдын алуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Кургак учук оорусу боюнча алганда башкы көйгөйдү тышкы мигранттар жаратып жатканы айтылды. Алардын арасынан ооруга чалдыкканы аныкталган соң, дарылануудан баш тартып, кайра эле чет жактарга кетип калышкан фактылар көбөйүп жатканы белгиленди. Кептин баары, алардын арасында кургак учукка туруктуу формасы менен ооруп, коомчулукка коркунуч келтиргендер аз эмес. Ошондуктан, медицина кызматкерлери мындай оорулууларды мажбурлап дарылоо  механизми атайын мыйзам актылары аркылуу каралышы зарылдыгын тастыкташты. Андан тышкары, балдар арасында бул ооруга чалдыгуу аз болгону менен алардын арасында оорунун туруктуу формасы менен ооругандары барлыгы жыйындын катышуучуларын ойго салды.

Жыйында кургак учуктун алдын алуу, дарылонун натыйжалуулугун күчөтүү, ооруканаларды материалдык-техникалык жактан жакшыртуу, медицина кызматкерлерине жакшы шарттарды жаратуу боюнча чечимдер кабыл алынды.

 

Бишкекте окуучулар арасында өткөрүлгөн шаардык олимпиаданын жыйынтыктары чыгарылат

2017-жылдын 17-мартында саат 11:00до №13 мектеп-гимназиясында окуучулар арасында жалпы билим берүү сабактары боюнча шаардык олимпиаданын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөрдү куттуктоо салтанаты өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Олимпиаданын башкы максаты болуп окуучулардын илимий ишмердүүлүгүн жогорулатуу, интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү саналат. Окуучулардын олимпиадасы 2017-жылдын 27 жана 28-февралында И.Раззаков атындагы КТУ жана №13 мектеп-гимназиясында өткөрүлдү. Ага калаанын жалпы билим берүү мекемелеринен 327 окуучу катышты.

Шаардык олимпиадада калаанын мектептеринен 95 окуучу жеңишке ээ болду. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү Республикалык олимпиаданын IV этабына катыша алышат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы №69 мектеп-гимназиясынын базасында чет тилдер боюнча- кытай, корей, немис, француз тилдери боюнча олимпиада өткөрүлүп, ага 114 окуучу катышты.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев КР ӨКМ атайын эсебине түшкөн каражатты бөлүштүрүү варианттарын кароого киргизүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунда кулаган «Боинг-747» учагынан жабыркаган жарандар үчүн ачылган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн каражатты бөлүштүрүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Биринчи вице-премьер-министр КР ӨКМ атайын эсеби 2017-жылдын 15-мартында жабылганын, жалпы болуп 96 млн. 532 миң 026 сом 61 тыйын чогулганын билдирди.

Мухамметкалый Абулгазиев акчалай каражатты бөлүштүрүүгө Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү, авиа кырсыктан жабыркаган жарандардын үй-бүлөлөрү жана жакындары катыша турганын кошумчалады. Жыйында Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү каражатты бөлүштүрүү тууралуу өз сунуштарын айтышты.

Биринчи вице-премьер-министр Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрүнө КР ӨКМ атайын эсебине түшкөн каражатты бөлүштүрүү варианттарын кароого киргизүүнү тапшырып, бөлүштүрүү процедуралары так жана ачык болушун баса белгиледи.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев биринчи кезекте аткарылуучу тапшырма – ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын маселесин, каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнүн муктаждыктарын чечүү экендигин билдирди.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январындагы авиа кырсыктан жабыркагандарга атайын эсеп ачуу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен ачылган.

Дары сатуудагы башаламандыктар

Азыр борбор калаабызда, башка аймактарда деле жайнаган дарыканалар бар. Бир эле дарынын баасы ар кайсы дарыканада ар кандай. Айтор, сатууда башаламандык орун алган. Өлкөбүзгө дарылардын 97%ы чет өлкөдөн келет экен. «Дарыларга болгон бааны көзөмөлдөө кыйын. «Биз республикадагы аймактардын бирине пилоттук долбоор киргизип, иштеп жатабыз. ЖК дарылар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү колдогон соң, карапайым калк жаңы өзгөртүүлөрдү кандай кабыл аларын аныктап жатабыз» деп дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин жетекчисинин орун басары Руслан Акматов маалымдады. Саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси Бермет Барыктабасованын айтымында, Кыргызстандын фармарыногунда 4000ден ашуун фармакомпаниялар бар жана дарыларды таратуучу миңден ашуун субъекттер бар. Дарылар рыногун 200дөн ашуун чет элдик дүңүнөн сатуучулар камсыз кылышат.

Булак: “Азия ньюс”

“Азыркы билим берүүдө тил, ыйман, тарбия маселелеринин актуалдуулугу”

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы биргеликте “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата уюштурган “Азыркы билим берүүдө тил, ыйман, тарбия маселелеринин актуалдуулугу” аттуу илимий-практикалык конференция И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунда бүгүн 16-мартта өткөрүлдү.  Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди. Иш чарага КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү келип “Ыйман, адеп жана маданият”жылы жана анын мааниси тууралуу, ага карата өткөрүлүп жаткан иш-чара тууралуу омоктуу ойлорун билдиришти.

Өз кезегинде Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев келечек муунга билим, тарбия берүүдө тилдин мааниси өтө жогору экендигин белгилеп өттү.

Андан соң баяндамачыларга кезек келип, КР ББАнын вице-президенти С.Байгазиев “Азыркы адеп тарбиясы: абалы, проблемалары жана милдеттери”, И.Арабаев атындагы КМУнун профессору”Момундун” педагогикасы (Ч.Айтматовдун “Ак кеме” повестинин мисалында)”, Эл агартуунун отличниги Ж.Ысманова “Мектептеги адеп сабагы – окуучуларды тарбиялоонун булагы”, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти А.Эгембердиева “Ыйман, адеп маселесин акындардын чыгармачылыгында чагылдырылышы” аттуу баяндамалары менен эл алдында болушту.

Илимий жыйындын экинчи бөлүгү төмөнкү багыттарда иш алып баруу менен жыйынтыкталды:

  1. Ыйман, адеп маселесинин лингвистикалык аспектиде каралышы;
  2. Ыйман, адеп маселелеринин көркөм адабиятта чагылдырылышы;
  3. Окутууда ыйманга тарбиялоонун тарыхый аспектиси;
  4. Ыйман, адепке тарбиялоо теологиянын функциясы катары;
  5. Ыйман, адепке тарбиялоонун философиясы;
  6. Кыргыз искусствосу-ыйман, адепке тарбиялоонун жолу катары.

Мэрия менен "Дыйкан" базарынын соодагерлери тирешүүдө

Бишкектеги “Дыйкан-Пишпек” базарынын соодагерлери башка жерге көчүрүүгө каршы болуп, нааразычылык акцияларын дагы деле улантышууда.

Соодагерлер базардын жанында мэрия баштаган оңдоо иштерин токтотуп, жол салуу үчүн казылган жерди көмүп чыгышты. Алар мэриянын бул аракетин базарга автоунааларды киргизбөө максаты деп баалашууда. Өз кезегинде мэрия «Дыйкан» базары баары бир жабыларын жана реконструкция башталган жол магистралдык трассага айланарын маалымдашкан.

Булак: “Азия ньюс”

Канышай Мамыркулова, журналист: "Алмаз Атамбаевден ишеним кетти, мен ага Президент катары ишене албайм"

Жарым жылдан бери Алмазбек Шаршеновичти сындай берип, аны жакшы көргөндөрдүн “аллергиясын” карматып келе жатканымды жакшы билем. Алардын катары дагы күндөн-күнгө азайып келе жатканын андан бетер билем. Фейсбукка салык төлөбөгөндөн кийин “жарымы төгүн, жарымы чын” деп төгүп жүргөндөй көргөндөргө мен Президентке эмнеге нааразы экенимди тактап коеюн. Зарылдыгы жок экенин жакшы билем. Бирок, ушунча жаман көрүнгөнгө жараша биротоло болсун. Анын үстүнө “сүйуктүү” президентиңер кете электе жазайын. “Жоо кеткенден” кийин туура эмес болуп калат. Болбосо, менин жазгандарымды “Ата Мекендин” лидерине байлап, укпай калчудай күбүрөп-шыбырагандар тажатып койду.
Журналистиканын ой-чуңкуру кенен. 2006-жылы ошол кезде мен иштеген “Кыргыз Руху” гезити Президенттин колтугундагы коррупцияны көп жазды. Себеби, Чүйдүн Заречное айылындагы 3 миң түтүн элдин бала бакчасын Президенттик администрация 1996-жылы тартып алып, баллансына өткөрүп, ошол бойдон Алмазбек Шаршеновичтин тушунда деле урунуп келе жатат. Ал кезде Президенттик администрациянын “төбө чачы тик турганы”, биз бала бакчанын имараты “көңүл ачуучу” жай катары колдонулаарын ачыктаганбыз. Бул имарат тууралуу Кубатбек Байболов, Авазбек Момункулов сыяктуу ошол айылдыктар жакшы билишет. Эми деле айылдыктардын бала бакчасынын имаратын Президенттик администрация менчиктеп келе жатат. Муну мен маалымат катары, түшүнүнүктүү болсун деп жаздым.
“Кыргыз Руху” бул маселеге кайра-кайра кайрылып, ошол кездеги Президенттин иш башкармалыгын башчысы Курманбек Темирбаев баш болгондор балдардын ырыскысын тартып алдык деп арданбай, макаладагы “чычканга кебек алдырбаган”, “күлү бир жерге додо болбогон”, “дардаңдаган” деген сыяктуу сөздөрдү терип алып, “Кыргыз Руху” гезити менен мени сотко берген. Муну ошол кезде президенттин иш башкармалыгында иштеп кеткен Балбай Түлөбаев байке жакшы билет. Миллион болсо керек эле алардын дагы “ар-намысы”. Кыскасы, азыркыдай эле жол менен (кызымдын алиментин Президенттин иш башкармалыгына которуп берейин дегем сурабай калышты) доого жыккан. Айта кетүүчү жагдай, бул ишти Шамарал Майчиев менен Илим Карыпбеков (саламаттыгын тилейм, мага жакшы жардамы тийген) тыкыйта алып барып, кесиптик чеберчилигин көрсөтүшүп, алда канча аз сумма менен сот аяктаса керек эле. Чындап келгенде, Курманбек Бакиевдин администрациясы мени кууратты деп башпаанек алып кеткенге шылтоо болчу. Ошол ой мээге келген менен аракет кылган эмесмин. Журналисттер акыйкат таба албасын, ким бийликке келсе, ошол дооран сүрө берээрин, эл бир ууч топ үчүн кумурскадай баркы жок экенин ошондо түшүнгөм. Заречное айылынын маселеси ошол бойдон келе жатат. Бул Президенттин колтугундагы коррупциянын бир гана үзүмү.
Мындан улам, Россиянын Санкт-Петербург шаарына мигранттарга кошулуп кетип калдым. 2012-жылы кесиптештериме чалсам “Алмазбек Атамбаевден элдин үмүтү чоң, жүрө бербей келбейсизби” дешти. Кыргызстанга келсем, чын эле элдин үмүтү чоң экен. Мен дагы сүйүнүп, калып калдым. Бирок, “ат баспайм деген жерин миң басат” дегендей, кайра келбейм деп кеткен журналистикага келдим. Кыскасы ошол, мен Алмазбек Атамбаевге ишенгем, мен эмес эл дагы ишенген. Калганын өзүңөр жакшы билесиңер. Башкасы башка, ишеним уурдалган жаман экен. Мен Алмазбек Атамбаевден журт атасын, Кыргызстанды кыйын кырдаалдан алып чыккан кеменгер, тарыхта калчу адам катары көргүм келген. Эмичи? Ток этээри ишеним кетти. Силерди билбейм.
Ал эми менин жарандык пикиримди “Ата Мекендин” лидерине, партияга байлай албай эси кетип жаткан айрымдар, туура түшүнгүлө Өмүрбек Текебаев менин колдоомо муктаж эмес. Мамлекеттин жараны катары айтыла турган сын-пикир менен саясатчыга катары симпатияны аралаштырбаш керек. Мага элдин социалдык абалы, экономикасы, укугу деген сыяктуу маселелердин өзүнчө мааниси бар. Өмүрбек Текебаевге деген мамиленин же сыйдын дейбизби өз орду бар. Алмазбек Шаршеновичти адам катары, жаран катары, ата катары, тууган катары, улутташ ж. б. катары сыйлоом турганы менен Президент катары ишене албайм. Болгону ушул. Ким жакшы көрөт, жактайт алар менен ишим жок. Мен буга чейинки сындап келе жаткан, күлкүгө алып келе жаткан жагдайлардын гана башын ачыктадым.

Канышай Мамыркулова, журналист

Жалал-Абадда эрте никеге туруу көйгөйү боюнча коомчулуктун аракети күчөтүлөт

“Жалал-Абад шаарынын, Сузак, Базар-Коргон райондорунун коомчулугу жаштардын эрте никеге туруусуна түп-тамырынан каршы. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн областтагы өкүлчүлүгүндө өткөн “2015-2017 жылдарга Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планын аткаруу, жашы жете электер менен никеге туруу: кылмыш жоопкерчилигин киргизүү жана калкты маалымдоо” аталышындагы тегерек столдо белгилүү болду” – деп маалымдады Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы.

Бул иш-чарага шаардык, райондук, областтык жергиликтүү бийликтердин кызматкерлери, медицина тармагынын, ички иштер органдарынын, дин чөйрөсүнүн, массалык маалымат каражаттарыны, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, аялдар иштери боюнча эксперттер, жарандык активисттер катышышты.

“Аялдар тынчтык банкы” коомдук фондунун өкүлү Жылдыз Артыкованын айтымында, 2016-жылдын октябрь айында Үй-бүлө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине 18 жашка жашы толо элек жарандар менен никеге турууга тыюу салган өзгөртүүлөр кирди. Ошого байланыштуу Кыргызстандын аймагында ушул жагынан түшүндүрүү, жайылтуу иштерин жүргүү максатында маалыматтык өнөктүк жүргүзүлүүдө.

Тегерек столдо бул маселе боюнча сатистикалык маалыматтар айтылып, анын катышуучулары мындай терс көрүнүштөрдү турмуштан четтетүү жагынан кандай алгылыктуу иш-чараларды жүргүзсө болорлугун ортого салышты. Айрыкча, Сузак районундагы Ырыс айыл аймагында жүрүп жаткан активдүү, натыйжалуу иштер тууралуу айтылып, коомдун бардык чөйрөсүндө бул терс көрүнүшкө каршы туруу зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле бул маселеде дин кызматкерлеринин ролу да кызуу талкууланды.

-Тегерек столдун журүшүндө катышуучулар райондук жана областтык деңгээлде тайпаларга бөлүнүп, өз аймактарында бул мыйзам тууралуу маалыматты жайылтуу иш-чараларынын пландарын түзүштү. Бири-биринин тажрыйбаларын үйрөнүшүп, терс көрүнүштөргө каршы туруунун практикалык чаралары ишке ашырылмай болду. Эң негизгиси, коомчулуктун өкүлдөрү эрте никеге турууга жапырт каршы турмай болушту, – дейт Ж. Артыкова.

Эскерте кетсек, мындай маалымат жайылтуу кампаниясы БУУнун Өнүктүрүү долбоору жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

Меню