Menu

КООМ

Улуттук китепканада "Унутпа менден алган ырларыңды" аттуу Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси өткөрүлөт

2017-жылдын 17-мартында  саат  14-00 А. Осмонов атындагы  Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында “Унутпа менден алган ырларыңды” аттуу Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси жана Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты,  “маданияттын мыкты кызматкери”    Ажыбеков Шаршенбайдын  “Алыкул жана музыка”, “Алыкул жана искусство”,  “Арпа элестери” аттуу   китептеринин  бет ачаары   өткөрүлөт. Бул тууралуу китепкананын басма сөз кызматы билдирди.

2010-жылы  Шаршенбай Ажыбековдун  Алыкулдун чыгармасына кызыгуусу артып,  чыгармачылык жолу башталган.  2013-жылы “Ак Бейит” деген эссе, иликтөө түрүндө жазылган чыгарманын  автору. Китепте сүйүү, тагдыр жана жаш кыздын өз бактысына жетиш үчүн көптөгөн  кыйынчылыктарга дуушар болушу чагылдырган.

2014-жылы “Алыкулдун Ак боз  ат, аалам кезип баратат” аттуу тарыхый көркөм чыгарма китеби  “Нур-Ас” басамаканасынан жарык көргөн.  Бул китептер Алыкулдун 100 жылдык  мааракесине арналган.

Шаршенбай Ажыбеков өзү  демөөрчү жана түзүүчү катары      2015-жылы Алыкул Осмоновдун  “Ырлар жыйнагынын” биринчи томдугун  чыгарган.

Кийинки китеби “Алыкул жана музыка” аттуу ноталуу китебине  обон чыгарылып,  эл арасында ырдалып жүрөт. Ушуга карата  ноталуу жыйнагынын  I томдугу чыккан. Бул китеп музыка ышкыбоздорунун көңүлүнөн орун  табат.

Иш-чарага  Казак эл  жазуучусу Сабит Асанов,  Казак Республикасына  эмгек сиңирген кайраткер, эл акыны  Касымхан Бегманов, министрликтин өкүлдөрү,  окумуштуу академик, профессорлор, акын – жазуучулар, Алыкулду сүйүүчүлөр,  студенттер, ЮСАИДин “Туберкулезду жеңебиз” долбоорунун  кызматкерлери,  ж. б. катышышат.

ОшМЮИда  Нооруз салтанаты болуп өттү

Жергебизге жаңыланууну, жанданууну  алып келген  Нооруз шаңы Ош мамлекеттик юридикалык институтунда көтөрүнкү маанайдагы түрдүү  маданий иш-чаралар менен  башталды. Салтанаттын башаты  Нооруз тартуулаган алгачкы ырыскылуу тамагы- сүмөлөк кайнатуу менен коштолду. Бул тууралуу  ОшМЮИнин басма сөз катчысы билдирди.

«Ыйман, адеб жана маданият» жылына туш  келген майрамды утурлай жогорку окуу жайдын короосу улуттук калоритте кооздолуп,  бул жерде атайын кыргыз элине таандык этношаарчасы жасалгаланды. Шаарчада кыргыздын боз үйлөрү катарлаштыра тигилип, аларда Нооруздун майрамдык дасторкону кенен жайылып, улуттук тамактар коюлду. Нооруз-бул ырыскынын, берекенин, кайрымдуулуктун жана ыймандуулуктун майрамы экендиги даңазаланды. Анткени түрдүү тамактар жайнаган майрамдык дасторкондун айланасында чогулган ынтымактуу жамаат улууларга урмат, конокторго сый көрсөтүп жатты.

Майрамдык салтанатты ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов куттуктоо сөзү менен ачып, дилинде уялаган каалоо-тилектерин  билдирди. Андан кийин «Алас-алас» айтып, ысырыгын түтөткөн Умай эне жергебиз ар кандай зыян-кырсыктан алыс болуп, арылып, жаңырган жылда жалаң жакшылыктар келишин ниет кылган тилектери жаңырды.  Нооруздун шаңы өкүм сүргөн этношаарчада орун алган сахнада таланттуу окутуучу-студенттер тарабынан даярдалган атайын концерттик программа тартууланып турду. Анда майрамдык куттуктоолор, ак тилектер айтылып, мукамдуу музыкалардын коштоосунда жагымдуу ырлар жаңырды. Айрыкча юридикалык колледждин жүздөй студенти «Кара жорго» бийин бирдей чеберчилик менен аткарганы көрүүчүлөрдүн алкышына арзыды. Мында ыр-бийлерди мыкты аткарган өнөрпоздордун конкурсу уланып, алардын сахнага чыгышы күйөрмандардын көңүлүн көтөрдү.

-Ноорузга  карата атайын этношаарча курганыбыздын себеби улуттук маданиятыбызды, каада-салттарыбызды, кол өнөрчүлүгүбүздү жана улуттук оюндарыбызды даңазалоо менен жаштарга үлгү катары көрсөтүү,- дейт  юридикалык колледждин директору юридика илимдеринин кандидаты Толгонай Ураимова.

Майрамдык аземге улуттук кийимдерде келгендер энтошаарчаны ого бетер көркүнө чыгарышты. Себеби алар  бул жердеги селкинчектерде, атайын спорттук аянтчаларда түрдүү оюндарды көрсөтүшүп, көпчүлүктүн кызыгуусун ойготту. Мында факультеттердин арасында уюштурулган аркан тартыш,  кол күрөш, бука тартыш жана ат үстүндө эңиш сыяктуу улуттук оюндарда билеги күчтүүлүгүн далилдеген азаматтар калыстар тарабынан татыктуу сыйланып, күйөрмандар колдоого алып турушту.

Ошентип майрамдык сезимдер бийлеген институттун жамаатында Нооруздун шаңдуу салтанаты көпкө чейин уланды.

Бабырбек Жээнбеков, башкы редактор: "«Алиби» жана көк чөп". 23-марттан тарта "Алиби" гезити кайрадан жарыкка чыга баштайт

Бүгүн кыргыз коомчулугу баарынан тажады, чарчады. Карапайым калкка кыпындай пайдасы жок, оозу мене орок оргон митаам, шылуундар гана каймагын калпыган элдик революциялар, алардын арты менен бийликке келген псевдодемократтар, саясатты гана эмес элди да сасытып жаткан «саясатчылар», аты бар, заты жок партиялар, колунан кокон тыйын келбеген Ѳкмөт, көкөйдү кескен көртирлик, каратаман калктын канын сүлүктөй соргон соттор менен прокурорлор баарыбыздын көкөйүбүзгө көк таштай тийип бүттү. Сатылма гезиттер менен арзымат журналисттер, бийликтин жугундусуна тоюп алып эртеден кечке шалпылдаган телеканалдар, «чындык»-деп коюп аны чыркыраткан «жазмакерлер» кыргыз маалымат айдыңын сазга айлантып, ыраматылык обончу Мукан Рыскулбековдун «коркпо бака, саз биздики болот» деген учкул сөзүн жашоо-турмушубузга бат эле киргизип коюшту.

Колунда пулу жок адамдардын өз чындыгын далилдөөгө, адилеттикти табууга шаасы жетпей калган заман орноду. Бийлик байгерликтин жогорку тепкичинде кумарга батып асманда жүрсө, карапайым калк таламандын так түшүндө шам  кармап алып самсаалап көчөлөрдө жүрүшөт.

Мындан он чакты жыл мурда ыраматылык «сарымүртөз» акын досум Тургунбек Бекболотов (бейиши болгур) «Жалганды төрүбүздө тайраңдаттык, А чындык ыйлап жүрөт көчөлөрдө»-деп боздоп жүрүп, көп узабай баарынан тажап, баарынан жадап   оо дүйнөгө ооп кете берген эле.

Андан соң жаңы бийлик келди. Эмне өзгөрдү? Чындыкты, адилеттикти, калыстыкты издеген элдин мүдөө-тилектерин ишке ашырып, көз жашын аарчып, колтугунан жөлөп, арка тирек болуп бердиби? Дагы эле ошол көз жаштар, ошол эле көйгөйлөр, ошол эле үзүлбөгөн үмүттөр…

Анда эмне, «Буулуп тили, таңылып көзү чындыктын, Чыркырап эле жеңилип жүрө береби?» (Т.Бекболотов).

23-март күнү кайрадан жарык көрүүгө бел байлаган «Алиби» гезити «тили буулуп, көзү таңылган» чындыкты калың элге жеткирүүнү эң негизги, эң маанилүү милдети деп түшүнүп, маалымат майданында ат салышууга даяр.

Окурман журтчулугу гезиттин ар бир санынан кыргыздын бүгүнкү күндөгү эң чыгаан журналисттери Тынчтык Алтымышевдин, Олжобой Шакирдин, Темирбек Алымбековдун, Канышай Мамыркулованын, Кубатбек Айбашевдин, Күнболот Момоконовдун, Зулпукаар Сапановдун курч калемдеринен жаралган, жалаң гана фактыларга, далилдерге таянган укуктук, социалдык, маданий проблемаларды көтөргөн, мезгилдин орчундуу маселелерин камтыган ат көтөргүс аналитикалык материалдарын, бүйүр кызыткан жаңылыктарды окуй алышат. Саясат темасы да көз жаздымда калбайт.

Мурдагы «Алибиден» айрымаланып, бүгүнкү «Алиби» укуктук маселелерге өзгөчө басым жасайт, гезит беттерине жарыяланган материалдардын 50 пайыздан ашыгы сот, прокуратура, милиция, тергөө органдарынын иш-аракеттерин чагылдырууга багытталат. Алар жөнүндөгү ар бир сын материал чара көрүү үчүн тиешелүү бийлик бутактарына жөнөтүлөт.

Байыркы доордо жашап өткөн Рим философу кичүү Сенеканын «чарчаган көздөргө көк чөптү карап туруу пайдалуу» деген сөзү бар.

Сенеканы кайталап кыргыз окурмандарына кайрылам:

Чындыкты, адилеттикти, калыстыкты таппай каржалган калкка «Алиби гезитин окуу көк чөптү кароодон да пайдалуу. Биз силердин сезимиңерге чок салабыз, намысыңарды ойготобуз, үмүтүңөргө билик болобуз. Гезит күркөлөрүнөн кыя өтпөй «Алиби» гезитин алгыла, жок болсо издеп таап окугула! Силер бизге активдүү окурман, ишенимдүү дос болсоңор, биз силерге моюбаган арка тирек, бел болобуз.

Бабырбек Жээнбеков, “Алиби” гезитинин башкы редактору

P.S. «Алиби» гезитине  туруктуу негизде иштөө үчүн дизайнер (верстальщик), менеджер жана офис-менеджерди чакырабыз. Тынымсыз изденген, ишмер, мээнеткеч, кичи пейил, шайыр, адамдар менен тил табыша билген, атайын билими бар кыз-жигиттер 0-708-29-44-86 телефонуна чалгыла.

Китеп кампасы баюуда  

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан 2016-жылдын эсебинен чыгарылган  60ка жакын китептин бет ачар аземи болуп өттү.  Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Китептер “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнүн жана тил саясатын ѳркүндѳтүүнүн Улуттук программасынын” жана “Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын” алкагында жарык көргөн. Китептердин бет ачар аземи бүгүн 15-мартта К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында өткөрүлүп, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев иш чараны ачып жатып, китептер тууралуу азыноолак малымат берип өттү. Китептер ар тармактуу болуп, “Окуу-усулдук”, “Тарых жана маданият”, “Азыркы кыргыз адабияты”, “Дүйнѳлүк адабият” жана “Балдар адабияты” серияларынын алкагында учурдун талабына ылайык чыгарылган. Ар бир китеп тууралуу кенен маалымат жана китептердин электрондук варианттары Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын mamtil.kg сайтында жайгаштырылууда.

Ошондой эле, КР Президентинин Аппаратынын этнос, диний саясат жана жарандык коом менен байланыш бөлүмүнүн  башчысы А.Кулматов, КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Ф.Бекмамбетов, КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык  менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы Д. Эсеналиев, КР Мамлекеттик китеп палатасынын директору К.Момункулов, Республикалык “Кыргыз тили” коомунун президенти Р.Курбановдор иш-чарага катышып, куттуктоо сөздөрүн жолдоп, О.Султанов, Н.Алымбеков, У.Камбаралиева, С.Сейитова ж.б. авторлор өз пикирлерин билдиришти.

Иш-чаранын соңунда сөз сүйлөгөн К.Баялинов атындагы китепкананын директору Р.Султангазиева китепкананын жалпы фондунун 10% гана кыргыз тилиндеги китептер түзөрүн айтып, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия бул маселени чечүүгө салым кошуп жатканыгын белгиледи.

Н.Ишекеев иш-чараны жыйынтыктап жатып, ишти пайдубалынан баштап түптөп, быйылкы жылы басым бала бакчаларга коюларын, бала бакчалар үчүн окуу куралдарын, методикалык комплекстерди, балдар адабиятын тынымсыз чыгарып, ушундай жол менен жогорулоо милдетин алдыга коюп жатканын билдирди.

Китептердин бет ачар аземине КР Жазуучулар Союзунун, КР Улуттук илимдер академиясынын, “Кыргызкитеп” ишканасынын, КР Улуттук китепканасынын өкүлдөрү, Бишкек шаарындагы китепканалардын жетекчилери, Кыргыз энциклопедиясы, Бишкек шаар мэриясынын, Бишкек шаардык билим берүү борборунун мамлекеттик тил адистери, китептердин авторлору жаан ЖМК өкүлдөрү катышты.

Жалал-Абадда кургак учук менен ооругандарды мажбурлап дарылоо сунуштары айтылды

Кургак учук менен ооруп калып, бирок дарылануудан баш тарткандар, өздөрүнүн ден-соолугуна кайдигерлик менен карап, башкаларга коркунуч келтиргендер мажбурлап дарылоого кириптер кылынышы керек. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын аймактарындагы саламаттыкты сактоо системасын башкаруу боюнча координациялык комиссиясынын жыйынында ушундай сунуштар айтылды. Бул тууралуу Жалал шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Айзат Раматиллаева төрагалык кылган бул комиссиянын жыйынына медицина мекемелеринин жетекчилери, тийиштүү муниципалдык кызматтардын башчылары, коомчулуктун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү келишип, шаардагы кургак учук менен ооруп калуулардын абалы талкууга алынды.

Тийиштүү адистерди айтымында, бул биосоциалдык ооруга чалдыгып калуулардын шаардагы абалы жалпы өлкөдөгү абалга салыштырмалуу кыйла дурус, анткени ооруга жаңы чылдыккандар саны мурдагы жылга салыштырмалуу өткөн жылы 6,8 пайызга өскөн. Ошол эле мезгилде, башка аймактарда өсүү 15тен 114 пайызга чейин жеткен. Азыркы кезде 52 киши дарыланып жатса, алардын экөөсү балдар. Шаар боюнча жалпы ушундай 248 оорулуу бар болсо, алар ДОТС программасы менен дарыланып жатышат. Өткөн 2015-жылы жылы алгачкы эки айда флюрографиядан өткөрүү планы 87 пайыз аткарылса, 2016-жылы ал 94 пайызга жогорулаган. Алдын алуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Кургак учук оорусу боюнча алганда башкы көйгөйдү тышкы мигранттар жаратып жатканы айтылды. Алардын арасынан ооруга чалдыкканы аныкталган соң, дарылануудан баш тартып, кайра эле чет жактарга кетип калышкан фактылар көбөйүп жатканы белгиленди. Кептин баары, алардын арасында кургак учукка туруктуу формасы менен ооруп, коомчулукка коркунуч келтиргендер аз эмес. Ошондуктан, медицина кызматкерлери мындай оорулууларды мажбурлап дарылоо  механизми атайын мыйзам актылары аркылуу каралышы зарылдыгын тастыкташты. Андан тышкары, балдар арасында бул ооруга чалдыгуу аз болгону менен алардын арасында оорунун туруктуу формасы менен ооругандары барлыгы жыйындын катышуучуларын ойго салды.

Жыйында кургак учуктун алдын алуу, дарылонун натыйжалуулугун күчөтүү, ооруканаларды материалдык-техникалык жактан жакшыртуу, медицина кызматкерлерине жакшы шарттарды жаратуу боюнча чечимдер кабыл алынды.

“Дача-СУлуктар” Ак үйгө барууга да даяр!

Кечээ жыл башында авиакырсыктан катуу кайгыга баткан “Дача СУ” айылынын тургундары элдик жыйын өткөзүп, бийликке нааразычылык билдиришти. Чүй облусунун губернатору, Сокулук районунун акими, “Жаңы муун” жаштар уюмунун өкүлдөрү ж.б. катышкан жыйын өтө курч маанайда өттү.

Элдик жыйынга катышкан коомдук активист Руслан Бекназаровдун бизге билдиргенине караганда, алгач уюштуруу комитети маалымат бере баштаганда Байыш Сыдыков де­ген адам чыга калып, “сенин тиешең жок, сен ар жактагы көчөдөнсүн” деп бөлүп жарып ызы-чуу кылуунун аракетин көргөн. Бирок, эл жабалактап кууп чыккан. Артынан бир нече жигиттер “неге антип жатасың, өзүңдүн бул жерге эмне тиешең бар” деп сүр көрсөтүшкөндө укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасына кирип кетип кутулган. Айылдыктар бир күн мурун кээ бир мамлекетик каналдардан 2-3 адамды тартышып, “мамлекет кам көрүп эле жатат, эртең жыйналыш болбойт”- деп айттыргандарына да нааразы болуп өтүштү.

Жалпылап айтканда талаптар төмөнкүдөй:

-Эмне себептен окуяга 3 айдын жүзү болсо дагы, жүк кимдики, ким күнөөлүү экендиги билинбейт?

-Журт атасы катары президент бир келип кетпеди;

-Дача СУ айылы жайгашкан жер кооптуу жерби же жокпу?-тезинен комиссия иштеп чыкпайбы. Ко­оптуу боло турган болсо, башка жака жайгаруу маселесин тезинен чечсин.

-Жабыркагандарга материалдык, моралдык чыгымдарды төлөө үчүн айыптуу тарапты тезинен табуу ж.б.

-Эл тарабынан чогулган каражаттарды азырынча сактап турууну. Ал каражат менен мамлекет өз абийирлерин жаппасын, ал жалпы элдин акчасы экендигин баса белгилешти.

Буларга жооп катары Чүй об­лусунун губернатору жакынкы арада конкреттүү чаралар көрүлөрүн айтып өттү.

Ал эми ЖКнын депутаты Алмаз Эргешов бул маселеде ар дайым кол сунаарын, эл менен бирге болоорун, элдин үнүн парламентте Өкмөткө жеткирүү жоопкерчилигин алаарын айтты. Жалпы элдин кайрылуусун де­путат А.Эргешовго ишеним артышып колуна беришти. Аягында мындан ары жалпы Дача-СУ айылынын тур­гундары бул иште биргеликте болушаарын, талаптардын аткарылышын көзөмөлдөп турушаарын айтып таркашты.

Булак: “Майданkg”

Чынар Умурова, акын жана журналист: “Урматтуу Президент, сизди жумуртка менен уруп эч ким “кет” дебейт!”

КАГЫЛАЙЫН КАЛАЙЫК КАЛК!

Мына эки-үч жумадан бери жаштарыбыздан карыларыбызга чейин чогулуп, аянтта митинг өткөрүштү. Эл сүрмө топтой бирде УКМКга, бирде соттун имаратын көздөй. бирде Ак үйдүн алдына карай чуркашып, убараны айда тартышып, кыйналуунун устундө болушту. Же бирөөдөн оңдуу жооп угушкан жок. Койгон талаптары жүйөлүү болсо да эч ким аларды укпады. Анан ошол митингге чыккандарга “тамак, акча таратылды” деген жалаа жабылды.

Ал эми биздин күркүл депутаттарыбыз жашынып отурушат. Депутаттардын отурган жери хан сарай. Жылуу олпок. Жеген ичкендери кул жебестер. Аларга көчөдө туруп ачка тургандардын айткан-дегендери бир тыйын. Депутаттардын токуган мыйзамдары кана иштегени. Кана элдин турмушу, экономикабыз-дын оңолгону, коррупционерлердин тыйылганы. Тескерисинче, түрмөгө кылмыштуулук, корруп­ция менен отургузулгандар азыр ээн-эркин жүрүшпөйбү.

Ушул митингге баш-көз болуп, элди тынчытам деп жүйөлүү сөздөрүн айтып, элдин арасында кадыр-баркка ээ болушкан көрүнүктүү инсандар Садык Шернияз, Каныбек Иманалиев, Аида Салянова. Наталья Ники­тенко, Турсунбек Акун, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова жана башкалар татыктуу кептерин айтышууда. Бул инсандар мурдатан эле элге белигилүү патриотторубуз эмеспи. Элди козутуп, митингге чыгарбай тынчтыкты камсыздоо сиздин милдет да, урматтуу президент.

Элдин үнү: жаштарыбыздын көпчүлүгү көр оокаттын, жумушсуздуктун айынан чет жакта кор болуп, ит көрбөгөн кордукту көрүп, жан сактап жүрүшөт. Кана тентигендерди чакырып иштегенге завод, фабрика куруп, иш орундарын түзгөнү. Мекенибизде болсо, депутаттар, чиновниктер, министрлер мошенниктер өтө байып жашап жүрүшөт.

Урматтуу президент, сиз оппозицияда жүргөндө чогулуштарыңызга мен да барып уктум эле. “Мен президент болуп калсам, пенсионерлердин акчасын көбөйтөм. Өлбө жаным өлбө деп араң жашап жүргөн пенсионерлерден уялам” дедиңиз эле. Ырас, акча кошуп жатасыз. 4 миң сом алгандар 5 миң сом алып калды. 50-100 миң сом алгандарга 5-6 миң сомдон коштуңуз, баракелде. Пенсия боюнча теңдештирген мыйзамды мамлекет болгондон кийин оңдоп, түзөп койсо болбойбу. Жок дегенде 10 миң сомго чейинкилерге көбүрөөк, андан көп алгандарга азыраак кошулса, эл­дин батасын алат элеңиз. Дагы бир маегиңизде: “Менден кийинки президент Аида Салянова бо­лот. Ал бул орунга татыктуу”- дегенсиз. Мамлекет башчысы эки сүйлөбөйт эмеспи. Мөөнөтүңүз бүткөндөн кийин Аида Салянованы сунуштап койсоңуз эл колдойт. Анткени, Аида аял, эне, өлкөдө тартипти, тазалыкты сактайт. Эч качан көөп кетпейт. Антпесе, илгертеден бери журт башчыларыбыз эки-үчтөн аял алышып, чексиз байлык топтоп, жыргалга батып, карапайым элди ойлобойт экен.

Ал эми Өмүрбек Текебаевди чындыкты сүйлөгөн, эч убакта калп айтпаган, жегичтер менен элдешкис күрөшкөн элдин чыныгы уулу катары тааныйбыз. Сиз улуу даражаңыз менен каматпай эле тынчтыкта сурак жүргүзсөңүз, эл дагы дүрбөбөйт болчу. Митингдеги ар кимдин сиз жөнүндө эң жаман сөздөрүн угуп, абдан кейидим. Сизден өлкө башчысы катары Дача Судагы жарылган жаналгыч самолёттогу баалуу жүктөр, товарлар кимдики, ошону элге кайрылып айтып, жеткирип койсоңуз эл дагы сизге ишенип ыраазы болот эле. Ошол каргашалуу жүк кимдики экенин табуу ушунчалык кыйынбы?

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, сизди президент катары эмес, замандаш ини, калемдеш катары жакшы көрөм, сыйлайм. Негизи жакшы адамсыз. “Датка кемин” электр тармагын курганыңыз бул кылымдын даңктуу курулушу. Бирок, Өмүрбек Текебаев менен элдеш­кис душман болгонуңуз калың элге жакпай калды. Элибиздин кедей жашаганы да жаныбызды кейитет. Айылда жашагандардын жегени нан, чай. Чириген байлардын үйүнө кирсең төрдөн босогого чейин жайылган тамактардан көзүң жалтанат. Карапайым калктын жашоосун оңдоого көңүл бурулбай, чет мамлекеттен таап келинген акчалар кайда кетет. Ал болду, бул болду деген жоопторго чынында эл ишенбейт.

Күзүндөгү шайлоого аттанган эр азаматтарыбыз татыктуу даярдансын. Элибиз тынч болсун. Бир ууч эл сүйлөй берет дебей эл алдына чыгып сүйлөп, түшүндүрүп, тынчтыкты камсыз кылыңыз.

Урматтуу президент. Сизди жумуртка менен уруп эч ким кет дебейт. И баса, жанагы Сапар Исаковду ордума калтырам деп жаңыла көрбөңүз. Ал жигиттин элге эмгеги сиңбесе, эч ким аны тааныбаса уят да. Кечээ эле жакында сизди жаныңыздан көрүп жүргөнүбүз болбосо.

Булак: “Майданkg”

Өлкөдө үрөнчүлүк чарбаларга Өкмөт тарабынан дотация берилет

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкөдө үрөнчүлүк чарбаларга Өкмөт тарабынан үрөнчүлүккө көмөк көрсөтүү жана дотация берүү боюнча, Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө токтомго кол койду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Аталган токтомдун негизги максаты республика боюнча үрөнчүлүк чарбаларды колдоо, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жогорку сапаттуу сертификацияланган үрөн жана көчөт материалдары менен камсыз кылуу.

Үрөнчүлүк чарбаларга мамлекеттик дотация берүүдөгү жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2018-2022-жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө мамлекеттик дотация төлөө системасын киргизүүнү караган ченемдик укуктук акт бекитилгенден кийин республиканын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация төлөөгө каражат караштырат.

Мындан сырткары кол коюлган токтомдун негизинде үрөнчүлүк чарбаларын жүргүзүү үчүн жерлер кезексиз берилип, ижара мөөнөтү 20 жылга чейин узартылат.

Аны менен катар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 287, 295-беренелерине толуктоолор киргизилип, натыйжада сырттан келген жашылча, бакча жана май өсүмдүктөрүнө, уруктуу мөмө берүүчү жыгач өсүмдүктөргө, данектүү мөмө берүүчү жыгач өсүмдүктөргө, жемиштерге, жаңгак мөмөлүүлөгө, тоют азык тамырдуу өсүмдүктөргө жана тоют чанактуу өсүмдүктөргө кошумча нарк салыгы алынбайт.

Эми Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашып, 2018-2019-жылдарга тамчылатып сугаруу системасын колдонуу менен мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалын, анын ичинде ыңгайсыз жана пайдаланылбай жаткан жерлерде өстүрүү максатында мөмө питомнигин түзүү боюнча иш-чаралар планын даярдашат.

Тилла Текебаева, камактагы “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаевдин апасы: “Менин балам айтканынан кайтпаган өжөр, жолборс жүрөк!

– Өз баламдын кыялын өзүм жакшы билем. Ал айтканынан кайтпаган өжөр, жолборс журөк.

Менин балам калп айтканды жек көрөт, калп айтып жаткан адамды дагы дароо сезип коёт. Уулум ак, чындык ал тарапта. Балам чындык деп күйгөнү үчүн эл ар дайым добушун берип, ушул убака чейин депутат болуп келе жатат.

Өмүрбегим ичип жегендерди, туура эмес бара жаткандарды көрсө жөн тура албай ачуусу келет. Балам камалганда, түнү менен уктай албай кыжалат болуп чыктым. Эне жүрөгү сезет экен, таң атканда деле мага эч ким айткан жок. Үйгө кыздарым, туугандар келе башташты, “ой эмне баарынар бир күндө чогуу келип калгансыңар” деп сурап калдым. Алар мага: “апа, жөн эле келсек болбойбу” деп күлүп коюшту. Баары сыртка чыгып кеткенде өзүм телевизорду жандырып көрүп калдым.

Балам 30 жылдай саясатта жүрдү, аны жалган жалаа менен ар дайым каралап, элге жаман көрсөткөнгө аракет кылып жүрүштү. Алгач коркуп жүрдүм, кийин балам актыгын далилдеп койгондо ага ыраазы болдум. Уулум атасын тартып ар дайым чындыкты бетке айткан жигит болду, болгондо дагы коркпой туруп бетке айтат. Балам ак, ал женип чыгат, менин жүрөгүм сезип турат.

Меню