Menu

КООМ

Жалал-Абадда  Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылууга арналган Координациялык кеңешмесинин жыйыны өттү

Кечээ, 14-мартта Жалал-Абадда 2017-жылдын  Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылууга арналган Координациялык кеңешмесинин алгачкы олтурум жыйыны болуп өттү. Анын ишине райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдер, шаарлардын мэрлери, социалдык маселелер боюнча акимдердин орун басарлары менен вице-мэрлер, айыл аймактарынын башчылары, облусттук, шаардык жана райондук укук коргоо органдарынын жетекчилери, ЖОЖдордун ректорлору менен атайын окуу жайларынын директорлору, облусттук казыяттын кызматкерлери, облусттук тармактардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Координациялык кеңешменин жыйынын КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев алып барды. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Координациялык кеңешменин күн тартибинде 4 маселе каралып талкууланды. Биринчиси, облустун аймагындагы диний кырдаал. Диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу багытында жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер. Алдыда аткарылуучу милдеттер. Экинчиси, облустун аймагында мыйзамдуулуктун сакталышы жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү. Үчүнчүсү, облустун аймагындагы жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар күтүлүүчү аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдү коопсуз жайларга көчүрүү, КРнын ӨКМнин облустук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер. Төртүнчүсү, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алдындагы Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу маселелери боюнча Координациялык  кеңешмесинин 2017-жылга карата иш планын бекитүү.

Координациялык кеңешменин күн тиртибиндеги биринчи маселе боюнча улуттук мамлекеттик коопсуздук башкармасынын кызматкери Эрланбек Мырзаев баяндама жасады. Анда маалым болгондой Сириядагы согушка Жалал-Абад облусунан 131 адам кеткен болсо, анын ичинен 32 адам каза болгон.  Мындан сырткары “Таблиги Жамаат” диний кыймылынан бөлүнүп чыккан “Йакын инкар” агымынын өлкө аймагында активдешүүсүнүн алдын алууда бул ишти укук коргоо органдарына гана оодара салбастан жалпы коомчулук менен биргеликте аракеттенип иш алып барганда гана жакшы натыйжа менен жыйынтык жаралаары баса белгиленип кетти.

Координациялык кеңешменин күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча облустун прокурору Өткүрбек Жамшитов кеңири доклад жасады.

–      Учурда облустун аймагында жер мыйзамдары боюнча маселе өтө курчуган абалга жетип олтурат.  Айыл аймактарынын башчылары тарабынан айыл чарба багытындагы үлүш жерлерди бир нече гектарлап, мыйзамсыз  берилип жиберилген фактылар аныкталууда. Анын натыйжасында мыйзамсыз негизде берилген мамлекеттик актыларды, буйрук менен токтомдорду жокко чыгаруу боюнча сот органдарына 129 доо арыз берилип, 300гө жакын доо арыз даярдалып, сотко берүү алдында турат. Бул албетте, жарандардын турак-жайга болгон муктаждыктарынан улам келип чыгууда.  Жалал-Абад шаарына жакын жайгашкан Сузак районунун Таш-Булак, Атабеков, Сузак жана Ырыс айыл аймактарынын башчылары тарабынан трансформация болбогон жерлерди, үлүш жерлерди турак-жай куруу үчүн мыйзамсыз берген фактылар орун алууда,- деди облустун прокурору Өткүрбек Жамшитов.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда 18647 балдардын ата-энелери башка өлкөлөргө иштөө үчүн чыгып кеткендиктен, алардын балдары чоң ата менен чоң энелеринде, жакын туугандарынын жана көзөмөлдөөчүлөрдүн колунда калып кетишкен. Ал эми жалпы өспүрүмдөрдүн ичинен 520 балдардын ата-энеси психикалык жана наркологиялык каттоодо турушат. 2015-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 376 адам жабыркаган болсо, 2016-жылы ал көрсөткүч 1320га жеткен. Анын ичинен жашы жетелек балдарга карата 3, аялдарга карата 1295 жана эркектерге карата 22 учур катталган. Мындан сырткары 2016-жылы балдар арасында 16 суицид  катталып, кайгылуу окуялар жүз берген. Алардын 10ну балдар, алтоосу кыздар болушкан. Базар-Коргон районунун өзүндө эле өткөн жылы балдар арасында 5 суицид катталган.

Координациялык кеңешменин жыйынында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Марат Хажиматов коомдук тартиптин сакталышы, кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

–     2016-жылы Жалал-Абад облусунда 681 автотранспорт кырсыктары катталды. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 34кө көбөйгөн. Анын натыйжасында 1170 адам ар кандай жараакаттарды алышса, 148 адам каза болгон. Мунун ичинен жаш өспүрүмдөр арасында 213 жараакат алса, 18 жаш өспүрүм жарык дүйнө менен коштошкон. Облус аймагында 12700 жол белгилери коюлуусу керек болсо, учурда 3542 жол белгилери коюлган эмес. Кандайдыр бир деңгээлде бул автотранспорт кырсыктарынын келип чыгуусуна терс таасир этип жаткандыгы жашыруун эмес. Оор жана өзгөчө оор 2 кылмыштын – адам өлтүрүү кылмышынын бети азырга чейин ачыла элек. Бирок, анын бетин ачуу боюнча иликтеп тергөө иштери жүргүзүлүп жатат,- деди облустук ички иштер башкармасынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги  Марат Хажиматов.

КРнын ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов  жаратылыштык жана техногендик кырсыктар боюнча маалымат берди. Анын айтуусу боюнча 2016-жылы облус аймагында 132 обьектиде 92 млн. сомдук жумуштар аткарылган. 5072 турак-жайларга ар кандай кырсыктардан коргоо боюнча жумуштар жасалган. Облус боюнча 849 үй-бүлө коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Бирок, ошол эле учурда 1070 үй-бүлө мамлекеттен ар кандай жардамдарды учурунда алгандыгына карабай кооптуу аймактарда жашап келе жатышат. КРнын ӨКМнин облусттук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов Жалал-Абад аэропорту менен Жалал-Абад шаарындагы борбордук базар элдин коопсуздугуна айкын түрдө коркунуч туудурарын белгиледи. Анткени аэропортко жакын жерде нефтини кайра иштетүүчү заводдун продукциялары сакталаарын, ал эми борбордук базарга өрт өчүрүүчү машиналар дегеле кире албай тургандыгын айтты.

Кеңешме жыйында Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын башчысы Бердалы Мурзакулов Айкамал айылындагы 50 үй-бүлө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүнө карабастан коопту коркунучтуу аймакта жашап жатышкандыгын ортого салды.

–   Түшүнүк катты жазып беребиз, өлсөк догубуз жок,- дегендер чекеден чыгып жатышат. Алар менен кандай иш алып баруунун айласын дагы таппай калдык. Алар менен кандай иш алып баруу сунушун бересиңер?,- деген суроосуна облустун прокурору Өткүрбек Жамшитов: “Сотко кайрылгыла, мамлекеттен алган жардамдарын кайтарышсын. Муну дагы практикалап көрөлү. Бирок, адамдардын өмүрү үчүн жергиликтүү бийлик башчылары жооп бере турганыңарды унутпагыла,- деген пикирин билдирди.

КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жыйынга катышкан бардык жетекчилерден бүгүнкү айтылган сын-пикирлерден туура жыйынтык чыгаруу талабын койду. Кеңешме-жыйындын соңунда  2017-жылга иш карата иш план жана бүгүнкү олтурумдун токтомунун долбоору кошумчалары менен кабыл алынды.

Европа соту жумушта хижаб кийүүгө тыюу салууну мыйзамдуу деп тапты

Европа соту мусулман аялдардын жумушта хижаб кийүүсүнө тыюу салынышын мыйзамдуу деп тапты. Соттун чечими хижабдын айынан иштен алынган Франция менен Бельгиянын эки жашоочусунун доо арызынын негизинде чыкты.

Сот жумуш берүүчүлөр хижабга тыюу салуу менен Евробиримдиктин мыйзамдарын бузбайт, кандай гана чектөөлөр болбосун ишкананын ички тартибине негизделиши керек деген чечим чыгарды. Ошондой эле тыюу “түз дискриминация” эместиги белгиленди.

2004-жылы Франция, андан соң Бельгия адегенде диний символикаларды жумушка алып келүүнү тыйган. Кийинчерээк ал чектөө окуучуларга, аларды мектепке коштогон ата-энелерине тараган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Тилла Текебаева, камактагы “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаевдин апасы: “Менин балам айтканынан кайтпаган өжөр, жолборс жүрөк!

 

– Өз баламдын кыялын өзүм жакшы билем. Ал айтканынан кайтпаган өжөр, жолборс журөк.

Менин балам калп айтканды жек көрөт, калп айтып жаткан адамды дагы дароо сезип коёт. Уулум ак, чындык ал тарапта. Балам чындык деп күйгөнү үчүн эл ар дайым добушун берип, ушул убака чейин депутат болуп келе жатат.

Өмүрбегим ичип жегендерди, туура эмес бара жаткандарды көрсө жөн тура албай ачуусу келет. Балам камалганда, түнү менен уктай албай кыжалат болуп чыктым. Эне жүрөгү сезет экен, таң атканда деле мага эч ким айткан жок. Үйгө кыздарым, туугандар келе башташты, “ой эмне баарынар бир күндө чогуу келип калгансыңар” деп сурап калдым. Алар мага: “апа, жөн эле келсек болбойбу” деп күлүп коюшту. Баары сыртка чыгып кеткенде өзүм телевизорду жандырып көрүп калдым.

Балам 30 жылдай саясатта жүрдү, аны жалган жалаа менен ар дайым каралап, элге жаман көрсөткөнгө аракет кылып жүрүштү. Алгач коркуп жүрдүм, кийин балам актыгын далилдеп койгондо ага ыраазы болдум. Уулум атасын тартып ар дайым чындыкты бетке айткан жигит болду, болгондо дагы коркпой туруп бетке айтат. Балам ак, ал женип чыгат, менин жүрөгүм сезип турат.

Булак: “Майданkg”

“Баш журналист” Абдыкадыр Султанбаев кордогон кайран сөз!

Акыркы кезде эркин журналисттер же басылмаларга асылбаган адам сейрек кездеше турган болуп калды. Президенти болобу, депутатыбы, кечээ бул кызматына кимдин колдоосу менен келгенин бат эле унутушуп, айтылган сынды көтөрө албай, тегиз журналист журтчулугун боктоо катардагы көндүм көрүнүшкө айланып баратат. Ал эми Атамбаевдин акыркы массалык маалымат каражаттарын айыптаган билдирүүсү кандайдыр бир репрессиялардан кабар берип жаткан жокпу? Сотторго мындайда миллиондук айып пул төлөткүсү келип кайрылган чиновниктер кезекке туруп калышчу эле…

Басма сөз эркиндигине ушундай чоң коркунуч туулуп жатканда биринчи “дзотко” төшүн КР Журналистгер союзу тосушу керек. Башка мамлекеттерде эчак Журналисттер союзу ызы-чууга түшүп, “өлдүк” деп жатып калмак. Бирок бизде гана мындай көрүнүш байкалбайт. Эске салып коёлу, эркин басма сөздү чектөө аракетин буга дейре Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев да жасаган. Аягы эмне менен бүткөнүн айтпай эле коёлу, бирок, айтарыбыз – ошондо да ушул КР Журналисттер союзу “дудуктун” образына кирип, таптакыр башка мамлекетте жашап жаткандай түр көрсөткөн. Мунун баары албетте, бир гана “пендеге” келип такалган жагдай. КР Журналисттер союзун эгемендик колго тийгени Абдыкадыр Султанбаев агабыз “энчилеп” алып, такыр колдон чытарбай келатат.

Журналисттер үчүн бир кыш жылдырып койгон жан эмес. Тескерисинче, бийлик адатынча күчкө толуп, эркин журналисггик коомду тепкилей баштаса, ал кошулуп, “баш журналист’’ статусун унутуп, кошо көр каза баштайт.

Бул сапар да Абдыкадыр Султан­баев журналистгерге карата бийлик тараптан катуу дооматтар коюлуп, миллиондогон доолор ага кошо тиркелип жатканын көрүп туруп, тескери “сийе” баштаганын ачык айтууга туура келүүдө. Билбейбиз, бул кайрылууну ал өзү жаздыбы, же өйдө жактан түшүрүлдүбү, айтор, Султанбаев мырза журналисттерди коргоонун ордуна зекип, акыл үйрөтүп кирди. Кантип акыл үйрөткөнүн айтыштын кажети жок, журналист аты өчүп, чиновник сөлөкөтүн кийип калган адамдан не гениалдуу ой чыкмак эле? Башкасы ойлонтот: Султанбаев кайрылуусунда эркин басма сөз, сайттарды көрө албастыкка айыптоодо. Логикасына таянсак, Кыргызстанда майкөл-сүткөл заман өкүм сүрүп, аны биз, бузуку журналисттер көрө албай, боктоп жатыптырбыз. Ошентип ал акырын, пре­зидентти колдоорун билдириптир.

Өткөндө Абдыкадыр мырзанын дал ушундай сапаттарына нааразы болуп, журналист журтчулугу кызматынан алуу аракетин жасаган. Ошондо ал тоодой, бирок ишке ашпаган убадаларды берүү менен ордунда кал­ган эле. Бирок чындап келгенде бир гана Абдыкадыр Султанбаев үчүн эле тирүү турган КР Журналистгер союзунун эмне кереги бар? Андай уюмдун барынан жогу. “Баш кесмек” заман келатса, баш кесер желдеттин ролун аткарып аткан “баш журналисттин” бул кылыгына не дейбиз?

Булак: “Майданkg”

Тилла Текебаева, камактагы “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаевдин апасы: “Менин балам айтканынан кайтпаган өжөр, жолборс жүрөк!

 

– Өз баламдын кыялын өзүм жакшы билем. Ал айтканынан кайтпаган өжөр, жолборс журөк.

Менин балам калп айтканды жек көрөт, калп айтып жаткан адамды дагы дароо сезип коёт. Уулум ак, чындык ал тарапта. Балам чындык деп күйгөнү үчүн эл ар дайым добушун берип, ушул убака чейин депутат болуп келе жатат.

Өмүрбегим ичип жегендерди, туура эмес бара жаткандарды көрсө жөн тура албай ачуусу келет. Балам камалганда, түнү менен уктай албай кыжалат болуп чыктым. Эне жүрөгү сезет экен, таң атканда деле мага эч ким айткан жок. Үйгө кыздарым, туугандар келе башташты, “ой эмне баарынар бир күндө чогуу келип калгансыңар” деп сурап калдым. Алар мага: “апа, жөн эле келсек болбойбу” деп күлүп коюшту. Баары сыртка чыгып кеткенде өзүм телевизорду жандырып көрүп калдым.

Балам 30 жылдай саясатта жүрдү, аны жалган жалаа менен ар дайым каралап, элге жаман көрсөткөнгө аракет кылып жүрүштү. Алгач коркуп жүрдүм, кийин балам актыгын далилдеп койгондо ага ыраазы болдум. Уулум атасын тартып ар дайым чындыкты бетке айткан жигит болду, болгондо дагы коркпой туруп бетке айтат. Балам ак, ал женип чыгат, менин жүрөгүм сезип турат.

Булак: “Майданkg”

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү заманбап мечиттин курулушун түптөөгө катышты

Кечээ, 14-мартта Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндө жайгашкан облустук казыяттын имаратынын жанына заманбап 3 кабаттуу мечиттин курулушу башталды. Аталган курулуштун жер пайын түптөөгө КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Кара-Суу жана Кара-Кулжа райондорунун акимдери, дин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышышты. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы маалымдады.  Өкмөттүн өкүлү Т.Сарыбашов өз сөзүндө заманбап мечиттин Ош облустук казыятынын имараты менен биргеликте комплекстүү бир жерге салынышы жалпы мусулмандар үчүн ыңгайлуу болуп, облусубуздагы мусулмандардын башын бириктирип, ынтымактуу жана жыйынтыктуу иш алып барууга өбөлгө түзөөрүн билдирди. Ошондой эле курулушту тез арада бүткөрүүгө жергиликтүү бийлик органдары жана өкүлчүлүктүн аппараты да колдон келген жардамдарын берээрин билдирди.

Заманбап мечитти салууга демөөрчүлүк кылган Сауд Аравиялык фонддун Оштогу өкүлү Шарабидин ажынын айтымында “Курулуштун долбооруна ылайык мечиттин жалпы аянтынын узуну 24 метр, туурасы 18 метрди түзөт.  Мечиттин ичи 1300 орунга ылайыкташып, 3 кабаттуу болуп бүткөрүлөт. Курулушту 2017-жылдын июнь айында Рамазан айына карата бүткөрүү пландаштырылган.

Чынар Умурова, акын жана журналист: “Урматтуу Президент, сизди жумуртка менен уруп эч ким “кет” дебейт!”

 

КАГЫЛАЙЫН КАЛАЙЫК КАЛК!

Мына эки-үч жумадан бери жаштарыбыздан карыларыбызга чейин чогулуп, аянтта митинг өткөрүштү. Эл сүрмө топтой бирде УКМКга, бирде соттун имаратын көздөй. бирде Ак үйдүн алдына карай чуркашып, убараны айда тартышып, кыйналуунун устундө болушту. Же бирөөдөн оңдуу жооп угушкан жок. Койгон талаптары жүйөлүү болсо да эч ким аларды укпады. Анан ошол митингге чыккандарга “тамак, акча таратылды” деген жалаа жабылды.

Ал эми биздин күркүл депутаттарыбыз жашынып отурушат. Депутаттардын отурган жери хан сарай. Жылуу олпок. Жеген ичкендери кул жебестер. Аларга көчөдө туруп ачка тургандардын айткан-дегендери бир тыйын. Депутаттардын токуган мыйзамдары кана иштегени. Кана элдин турмушу, экономикабыз-дын оңолгону, коррупционерлердин тыйылганы. Тескерисинче, түрмөгө кылмыштуулук, корруп­ция менен отургузулгандар азыр ээн-эркин жүрүшпөйбү.

Ушул митингге баш-көз болуп, элди тынчытам деп жүйөлүү сөздөрүн айтып, элдин арасында кадыр-баркка ээ болушкан көрүнүктүү инсандар Садык Шернияз, Каныбек Иманалиев, Аида Салянова. Наталья Ники­тенко, Турсунбек Акун, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова жана башкалар татыктуу кептерин айтышууда. Бул инсандар мурдатан эле элге белигилүү патриотторубуз эмеспи. Элди козутуп, митингге чыгарбай тынчтыкты камсыздоо сиздин милдет да, урматтуу президент.

Элдин үнү: жаштарыбыздын көпчүлүгү көр оокаттын, жумушсуздуктун айынан чет жакта кор болуп, ит көрбөгөн кордукту көрүп, жан сактап жүрүшөт. Кана тентигендерди чакырып иштегенге завод, фабрика куруп, иш орундарын түзгөнү. Мекенибизде болсо, депутаттар, чиновниктер, министрлер мошенниктер өтө байып жашап жүрүшөт.

Урматтуу президент, сиз оппозицияда жүргөндө чогулуштарыңызга мен да барып уктум эле. “Мен президент болуп калсам, пенсионерлердин акчасын көбөйтөм. Өлбө жаным өлбө деп араң жашап жүргөн пенсионерлерден уялам” дедиңиз эле. Ырас, акча кошуп жатасыз. 4 миң сом алгандар 5 миң сом алып калды. 50-100 миң сом алгандарга 5-6 миң сомдон коштуңуз, баракелде. Пенсия боюнча теңдештирген мыйзамды мамлекет болгондон кийин оңдоп, түзөп койсо болбойбу. Жок дегенде 10 миң сомго чейинкилерге көбүрөөк, андан көп алгандарга азыраак кошулса, эл­дин батасын алат элеңиз. Дагы бир маегиңизде: “Менден кийинки президент Аида Салянова бо­лот. Ал бул орунга татыктуу”- дегенсиз. Мамлекет башчысы эки сүйлөбөйт эмеспи. Мөөнөтүңүз бүткөндөн кийин Аида Салянованы сунуштап койсоңуз эл колдойт. Анткени, Аида аял, эне, өлкөдө тартипти, тазалыкты сактайт. Эч качан көөп кетпейт. Антпесе, илгертеден бери журт башчыларыбыз эки-үчтөн аял алышып, чексиз байлык топтоп, жыргалга батып, карапайым элди ойлобойт экен.

Ал эми Өмүрбек Текебаевди чындыкты сүйлөгөн, эч убакта калп айтпаган, жегичтер менен элдешкис күрөшкөн элдин чыныгы уулу катары тааныйбыз. Сиз улуу даражаңыз менен каматпай эле тынчтыкта сурак жүргүзсөңүз, эл дагы дүрбөбөйт болчу. Митингдеги ар кимдин сиз жөнүндө эң жаман сөздөрүн угуп, абдан кейидим. Сизден өлкө башчысы катары Дача Судагы жарылган жаналгыч самолёттогу баалуу жүктөр, товарлар кимдики, ошону элге кайрылып айтып, жеткирип койсоңуз эл дагы сизге ишенип ыраазы болот эле. Ошол каргашалуу жүк кимдики экенин табуу ушунчалык кыйынбы?

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, сизди президент катары эмес, замандаш ини, калемдеш катары жакшы көрөм, сыйлайм. Негизи жакшы адамсыз. “Датка кемин” электр тармагын курганыңыз бул кылымдын даңктуу курулушу. Бирок, Өмүрбек Текебаев менен элдеш­кис душман болгонуңуз калың элге жакпай калды. Элибиздин кедей жашаганы да жаныбызды кейитет. Айылда жашагандардын жегени нан, чай. Чириген байлардын үйүнө кирсең төрдөн босогого чейин жайылган тамактардан көзүң жалтанат. Карапайым калктын жашоосун оңдоого көңүл бурулбай, чет мамлекеттен таап келинген акчалар кайда кетет. Ал болду, бул болду деген жоопторго чынында эл ишенбейт.

Күзүндөгү шайлоого аттанган эр азаматтарыбыз татыктуу даярдансын. Элибиз тынч болсун. Бир ууч эл сүйлөй берет дебей эл алдына чыгып сүйлөп, түшүндүрүп, тынчтыкты камсыз кылыңыз.

Урматтуу президент. Сизди жумуртка менен уруп эч ким кет дебейт. И баса, жанагы Сапар Исаковду ордума калтырам деп жаңыла көрбөңүз. Ал жигиттин элге эмгеги сиңбесе, эч ким аны тааныбаса уят да. Кечээ эле жакында сизди жаныңыздан көрүп жүргөнүбүз болбосо.

Булак: “Майданkg”

Өрт коопсуздугу жаатындагы бири бирин кайталаган укук-ченемдик актылар жоюлуп, өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча функциялар жөнгө салынат

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

КР өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калысбек Акматовдун айтымында, мыйзам долбоору өрт коопсуздугу жаатындагы азыркы учурда иштеп жаткан укук-ченемдик актылардын бири бирин кайталоосун жоюу жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча функцияларды жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Бүгүнкү күндө “КРда уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамы кабыл алынгандыгына, ошондой эле мекемелер, ишканалар, уюмдар жана турак-жай фондусу үчүн өрт коопсуздук эрежелерине толук иштелип чыгаруу зарылчылыгына байланыштуу “Өрт коопсуздугу жөнүндө” мыйзамга тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизүү муктаждыгы жаралган.

Долбоордо Өрт коопсуздугун контролдоо жана көзөмөлдөө жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын функциялары Өрттү алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын өрттү алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү функцияларынан бөлүнүп өзүнчө беренелер менен каралды.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тиешелүү документтерди Өкмөттүн чечими менен эмес ведомстволордун буйруктары менен аныкталуусу жана кабыл алынуусу максаттуу деп эсептейт.

Талкууда бир катар депутаттар өрт коопсуздугунда техникалык жактан камсыздоо зарылдыгын баса белгилешти. Өрт коопсуздугун камсыз кылуучу органдын айрым функцияларын экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясына берилишинде депутат Дастан Жумабеков баштаган депутаттар кубаттаса, депутат Экмат Байбакбаев экотех инспекцияга бир топ функциялар берилип, күчтөндүрүлүп жатканын сынга алды. Бир катар депутаттар жоопкерчиликтер такталып жатканын колдоого алышты.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “18-мартта саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүшкө чыккыла!”

-Эдил мырза, 18-мартта өтчү жөө жүрүш кандай максатта уюшулуп жатат?

-Ушул ишемби 18-мартта биз баардык коомдук-саясий күчтөр менен журналисттик бирикмелер менен бирдикте жалпы жарандык жөө жүрүш – демонстрацияны уюштуруп атабыз. Маршыбыздын негизги лозунгу “Саясый укуктар жана сөз эркиндиги үчүн” деп аталат. Бул негизинен “Азаттык”, “24.kg” жана “Занозага” каршы берилген сот дооматтарына нааразылык көрсөтүү. Ошондой эле бардык журналисттерди жана жалпы элдин кызыкчылыгын коргоого арналган профессияны колдоп чыгуу

Канча адам чыгат?

-Болжол менен эки миңге чейин адам чыгат деп атабыз. Негизинен шаардын интеллигенциясы жана гезит-радиого кызыккандар чыгат. Ошол ишемби күнү Нооруз майрамынын төрт күндүк эс алуусу башталат экен. Ошондуктан бул жакшы шаан шөкөт менен, майрамдык духта өтүүчү демон­страция. Биздин журналисттер жана саясатчылар жалпы үй-бүлө мүчөлөрү, балдары менен чыгып, жаздын сергек абасында баш калаабыздын чоң көчөсү менен басалы деп атабыз. Өтө позитивдүү маанайда өтөт. Бул жөө жүрүштө эч кандай “кетсин” же “жоголсун” деген сөздөр айтылбайт.

Жөө жүрүшкө чыккандар кайдан жолугуп, кайсыл жакты көздөй багыт алат?

-Саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында чогулабыз. Анан, буюрса, 10:30да Совет көчөсү менен ылдый басып чыгабыз. Шаардык бийлик бизге кадимкидей көчө тосуп, шартыбызды мыйзамга ылайык камсыз кылат. Бардык маалымдама каттар аларга убагында тапшырылган. Каалочулар ошол өйдө жактан кошулсаңар болот. Же болбосо бизди Ахунбаев көчөсүндө күтүп тургула. Биз ылдый түшүп басабыз. Чүй проспектисине чейин келип, Борбордук аянтка бурулабыз дагы, ал жерден бири-бирибизге ыраазычылыгыбызды билдирип, келаткан майрам менен куттуктап, парк, кафелерге тарап кетебиз. Буюрса саат 12:30га чейин аяктайбыз!

Бул жөө жүрүш биринчи болуп жатабы же мурда дагы болгонбу?

-Мындай жөө жүрүштү биз 2006-жылы апрель айында өткөзгөнүбүз эсимде. Анда ушундай эле кырдаалда саясый күчтөр жана жарандык активисттер уюшулган кылмыш топтордун саясатка аралашуусуна жана Курманбек Бакиевдин аларга жол ачып бергенине протест кылып чыкканбыз. Ал жөө жүрүш саясатка таасирин тийгизген десем жанылышпайм.

Аталган жөө жүрүштү провокоторлор башка максатка буруп жибербейби? Коопсуздугу эске алынганбы?

-Ушундай суроолор көп берилип жатат соцтармактарда. Көптөгөн адамдар “биз барат элек, бирок коркуп атабыз провокаторлордон” дешүүдө. Биринчиден, провокаторлор кандайдыр бир аракет кылыша турган болсо, биз, уюштуруучулар, аларды милицияга тапшырып беребиз. Милиция бизди коштоп басат – алардын түздөн түз бир милдети биз­дин коопсуздугубузду камсыздоо! Экинчиден болсо, байкуш элибиз ушунчалык жалтактап калыптыр, эми журналисттер көчодөн басабыз десе – журналисттерден коркушубуз керекпи? Мен дагы бир ирээт баса белгилеп айтып кетейин: бул жөө жүрүш эч кандай бир саясый талаптар менен, бирөөнү кетсин же бошотулсун деген лозунгдардын алдында уюшул­ган жок. Керек болсо, ушул жөө жүрүштө карама каршы сая­сый көз караштагы күчтөр чогуу басышат. Анткени, бизди бириктирген жана баардыгыбызга абадай керек болгон – бул сөз эркиндиги! Биздин талап бир эле – тынч жана мыйзамдуу ноябрда өтө турган президенттик шайлоону өткөзүү. Бирок, кимде ким, ошол шайлоого чейин прессанын оозун бууп, оппонентердин баардыгын камап, бийликти энчилеп алам деген пландары болсо, терең ойлонсун, андайга жол бербейбиз. Эртең бүрсүгүнү Аксы окуясынын 15 жылдыгы. Анан 24-март жана 7-апрелдеги тарыхый окуялардын сая­сый сабактарын эстетүүчү жарандык аракет катары баар­дык саясый күчтөр жана жарандык кыймылдар баш кошуп атабыз! Мен дагы бир жолу уюштуруу комитетинин атынан жалпы элибизге жана жарандык лидерлерге, аттуу-баштуу аксакал жана эр жүрөк элибизге кайрылам: келгиле, чогуу эркин басалы 18-мартта, сөз эркиндиги коркунучта, бирок баардыгыбыз бирбиз, чогуубуз жана көпчүлүкпүз, мыйзам, мекен жана келечек биздин колубузда экенин көрсөтө алалы, демонстрациянын алдыңкы катарларына кошулууга чакырат элем.

Булак: “Майданkg”

Сурамжылоо: “Сөз эркиндигин муунтуу  аракетиби же чындап эле эркин ММКлар аша чаап кеттиби?

Президент А.Атамбаев атайын билдирүү менен чыгып, “айрым саясатчылар, эркин журналисттер сөз эркиндиги деген ураанга жамынып алып, президент баш болгон бир катар адамдарды не­гизсиз каралап жатат”- деген оюн билдирди. Ынансак болобу?

Асия Сасыкбаева, экс-депутат:

“МАМЛЕКЕТТИ ОЙЛОБОСО ДА, ӨЗДӨРҮН 0ЙЛ0ШС0 БОЛОТ ЭЛЕ”

– Ынансак болот. Себеби, болушунча кара­лап, ойго келбеген нерселерди жабыштырып келишет. Ошон үчүн эл деле мурункудай гезиттерге ишенбей калды. Сөз эркиндигине жа­мынып алып, мыйзамды одоно бузуп, элге туура эмес, же бирөөлөрдүн саясатына, акчасына берилип кетип төмөнкү денгээлине түшүп, ушакка берилген журналисттер көбөйүп кетти. Бул чоң күнөө. Азыр маани беришпегени менен өздөрүнө жана жакындарына эртеби- кечпи жаман таасири тийип калышы мүмкүн. Мамлекетти ойлобосо да, өздөрүн ойлошсо болот эле. Ал эми мамлекеттик денгээлде алсак, мындай нерсе менен саясый элитабызды талкалап, башкаларга жем болуп калышыбыз мүмкүн деген коркунуч бар. Жер жүзүндө мамлекети жок ар кайсы мамлекетке батпай жүргөн эл аз эмес. Биз ошолорго кошулуп калбайлы. Мамлекеттин башында күчтүү ли­дер турбаса тагдырыбыз дайыма солкулдап келет. Андай лидерди, “Кыргызстанга таасир этет элем” деген мамлекеттер каалабайт. Ар кандай ыкмалар менен алсыздандырууга аракет кылышат. Ошондуктан биз үчүн пар­ламент күчтүү болуп, мамлекеттин кызыкчылыгына чечимдерди кабыл алыш керек. Президент, Жогорку Кенеш, өкмөт бир муштум болуп мамлекетибизге коркунуч пайда болсо, же мамлекетибиздин тагдырын чечүү иш-аракеттерди талап кылганда туруп бериши керек. Ал эми президентибиз массалык мааламат каражаттары аркылуу жана жеке өзү, жанында иштегендер парламентти алсыздандырып келүүдө. Бул мамлекетибиздин коопсуздугунда алсыздандыруу деп эсептейм. Ошондуктан журналисттерибиз көз карандысыз болуп мамлекетибизди өнүктүрүүгө багыт алса, ошондо аларга таазим этип, ишенимдүүлүктү кайрадан жандандырып, жогорулатса болот эле.

Руслан Бекназаров, “Эл үнү” кыймылынын мүчөсү:

ЭШЕГИНЕ ЖАРАША ТУШАГЫ”

-“Эшегине жараша тушагы” демекчи, акыркы кездеги саясаттын денгээли өтө төмөндөп кетти. Бийлик тарабы дагы, оппозиция тара­бы дагы. Бири-биринин жеке кемчиликтерине асылуу өнөкөт болуп калды. Мурдараак “жер сатылбасын”, “мамле­кеттик обьектилер берилбесин” жана башка олуттуу маселелердин үстүндө сындоо болоор эле. Азыр жеке адамга “кличка” коюп алышып, ошол маселенин айланасында талкуу кылышат. Албетте, бул өтө өкүнүчтүү. Эң эле өкүнткөнү өлкө башчысы президентибиз дагы ушул денгээлде жүрөт.

Адил Турдукулов, “Прогресс” фондунун жетекчиси:

“КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ЖУРНАЛИСТТЕР ЧЫНДЫКТЫ АЙТЫШАТ”

-Эркин журналист­тер эмес, Атамбаевге көз каранды КТРК жана анын арзыматтары кыргыз атуулдарын негизсиз каралап жатат. Ошондуктан, өздөрүнүн күнөөсүн эркин журналисттерге оодара салбай эле койсун. Эркин көз карандысыз журналисттер тескерисинче бийликтин катачылыгын айтып, чындыкты ачыкка чыгарышат.

Мавлян Аскарбеков, “Жаңы муун” саясый кыймылынын мүчөсү:

“ЖАЛГАН ЫРДАГАН ЖЕРДЕ ЧЫНДЫК ЧЫРКЫРАЙТ”

– “Жалган ырдаган жерде чындык чыркырайт”,- деген сөз бар. КТРК, ЭлТР, 5-канал, НТС, радиолордон, дээрлик баардык гезиттерден бүгүнкү бийликти мактаганын, Кыргызстан өнүгүп жатканын, жада калса “карапайым эл күн санап байып жашоосу оңолуп жатат” дегенин көрүп жатабыз. “Азаттык” жана бирин-экин интернет басылмалары кулаган учактагы жүктүн ээси ким, Максим Бакиевдин жерин басып алгандар ким, элдин кыйналганын, бийликтин тайрандаганын жазып койсо, аларды соттоп, миллиондорго жыгып, айып салып, бузукулар деп жээригени туура эмес. Эл баарын көрүп, баамдап турат. Акаев, Бакиев убагында да мынчалык болгон эмес деп айтып жатышат. Эл баарына тараза, эртеден кечке калпты чапкылаган КТРК болобу, “Азаттыктан” айтылган фактылар болобу баарын баамдап, көрүп, билип турат. Азыркылардын бийлиги мансапка айланып, көзүн май басып калган учуру. “100 грамм алып коёлу”, “сасык партия”, “мен миллио­нер” жана башка сөздөр президент, ажо, журт башчы айта турган сөздөрбү? Бүгүн президентти журналистер эмес, президент элди, оппонеттерин каралап, мазактап жатат десек болот. Элди биримдикке, ынтымакка чакырып, саясый маданиятты көрсөтүп, каралоо, жамандоо, коркутуп, камоо эмес, ачык дебат, диалог, саясый компромисс, кыргызча айтканда сөзгө, кепке келүү болуш керек эле. Бул адамдардын ушундай денгээлинен, кылыгынын айынан бир мамлекет, бүтүндөй кыр­гыз эли кыйналууда.

Асейин Саралаев:

“ПРЕЗИДЕНТКЕ АСЫЛГАНДАР ӨТӨ ЭЛЕ АША ЧААП КЕТТИ”

– “Ал, бул” дегенибиз менен эки тарап тең бири-бирин негизсиз каралап атышат. Бирок президентке асылгандар өтө эле аша чаап кетти. Кандай болгон күндө да президент де­ген атын сыйлоо керек. Шылдыңдап жаткандар өздөрү президент болуп калса, аларды да бирөө шакаба чегип отурса жакшы болобу? Ошон үчүн ага буга асылбай, колубуздан келсе, бири-бирибизге урмат сый менен мамиле кылганды үйрөнүшүбүз керек.

Булак: “Майданkg”

Меню