Menu

КООМ

Сурамжылоо: “Акыркы учурда сөз эркиндиги деген ураанга жамынып алган көз карандысыз журналисттер, саясатчылар президент баш болгон бир катар адамдарды негизсиз каралап жатышабы?”

 

Үсөн Касыбеков, журналист:

“Б0Ж0М0Л- Ж0Р0М0ЛДУН КҮНҮ ТУУДУ”

-Ээ айланайын, кеп анда эмес. Кеп сөз эркиндигине жамынып алып эч ким, эч бир журналист медиа ресурстарда жарыялаган сөзүнө (макаласына) жооп бербей калганында турат. Азыр жазыксыз жердей кишинин үстүнөн фактысы жок ушак таратуу оңой болуп калды. Божомол-жоромолдун күнү тууду. Гезиттердин баары ушакчы катынга айланды. Же калппы?

Айбек Мусаев, ЭлТР телеканалынын жетекчиси:

“АР БИР МАМЛЕКЕТТИН К00ПСУЗДУГУН САКТОО ЭЭН 003ДУКТУ ЖОЮУДАН БАШТАЛЫШ КЕРЕК”

-Кээде журналисттер биз, бас­ма сөз эркиндигинен аша чаап кетип жатабыз. Араң эле Кудайды да жамандап ийбей турабыз. Адамдык абройго шек келтирүү өтө күч алды. Коомчулугубуз ушак менен калптын ортосундагы чындыкты айырмалап тааный албай турат. Анткени жазмакерлерибиз кайсы бир саясий топтун кызыкчылыгына иштегендиктен, журналистика саясий бизнестин капканына кабылды. Эртең өлкөдө эмне болот, ага маани берип, өзүн жоопкермин деген жан жок. Президенттен тартып, кошунасынын итине чейин боктогон жаңы журналистика түздүк окшойт. Дарыянын эки жээгинде тургандай, журналисттер эки тайпага бөлүндү. Алардын айрымдары өздөрүн ашкере демократ, чындыкты гана айтып жатам деп жандарын жер сабагандар. Дүйнөдө мамлекеттик бийликти жүргүзүүнүн өзүнчө бөлүнгөн тармактык кыймылдаткычтары бар. Ал кыймылдаткычтардын бир бутагына мамлекеттик басылмалар, телерадиолор кирет. Булардын бардыгын элдин чыккынчысы катары көрсөтүп келе жатышат. А өздөрү эмне жасап жатышкандарын түшүнгүлөрү келбейт. Ар бир мамлекеттин коопсуздугун сактоо ээн ооздукту жоюудан башталыш керек. Колубузга эмне тийсе ошону талдап, баамдап отурбай эле жазып, келекелеп иймей ыкмаларга өтүп алдык. Дүйнөдө карапайым адамдын укугун талашабыз де­ген принцип Кыргызстанда саясий демагогдордун, коррупцияга аралашкан экс -чиновниктердин укуктарын коргоого байланды. Ошондуктан биз Кыргызстанда басма сөз эркиндигине жаңыча көз караш менен карашыбызга убакыт келди го деп ойлойм.

Аида Надырбекова, журналист:

“СӨЗ ЭРИНДИГИНЕ ЖАМЫНЫП, БАСЫЛМА ЭЭСИНИН КИМДИР БИРӨӨЛӨРГӨ БОЛГОН ЖЕКЕ ТААРЫНЫЧЫН ЧАГЫЛДЫРУУДАН АЛЫС БОЛСО”

-Беш кол тең эмес демекчи, мындай пикирлердин келип чыгышына биздин айрым кесиптештерибиздин бир маселени апыртып, көбүртүп-жабыртып жазып жиберишкендиктери себеп болууда. Муну тана албайбыз. Сөз эркиндиги дегенге жамынып алып оозуна келгенди оттоп жаткандар, азыркы учурда кеңири кулач жайган социалдык түйүндөрдө дагы толуп жатат.

Өзгөчө журналистикада бир жактуу эле болуудан алыс болушубуз керек. Тилекке каршы, азыр көп журналисттер нан таап, иштеп жаткан басылманын жетекчисинин көзү менен коомду карап, баа берүүгө ооп кетишти. Башкача айтканда, басылма кайсы бир саясатчы тарабынан каржыланат жана анын саясатын жүргүзөт. Бул бир жагынан атаандаштыкты күчөтүүдө жакшы. Экинчи тарабы­нан журналисттин журналисттик укугун чектейт.

Ушул эле көрүнүш мамлекеттик басылмаларда дагы кезигет. Ошондуктан кайсы бир саясатчынын камчысын чаап, саясатын колдоодо журналисттер биз кеп кылып жаткан сөз эркиндигине жамынып, ал саясатчынын кимдир бирөөлөргө болгон жеке таарынычын, кегин, орун талашуусун ал каалагандай чагылдыруудан алыс болсо демекчимин. Бекеринен журналистика 4-бийлик деп аталбайт да.

Эрнест Абдыжапаров, режиссёр:

“МЕН БУЛ КУБУЛУШТУ ЖЕКЕ БИР АДАМДАР МЕНЕН БАЙЛАНЫШТЫРБАЙТ ЭЛЕМ”

– Мурун мен мындай суроолорго жооп кайтарчу эмес элем. Себеби саясатка такыр аралашпаган адаммын. Дегеле саясий билдирүүнү өмүрүмдө журналисттерге берип көргөн жан эмесмин. Тилекке каршы, акыркы жарым жылдын ичинде мамлекетибиздин ички карама-каршылыктары сыртка чыгып, элибизди экиге бөлгөн күчтөр үстөмдүк кыла баштады. Мен бул кубулушту жеке бир адамдар менен байланыштырбайт элем. Биз, пенделер, болгону рух дүйнөсүндө болуп жат­кан салгылашуулардан элебиз. Себептер эчак өзүнүн башатын козгоп койгон. Демек, коомдо бо­луп жаткан көрүнүштөр өзүнүн логикалык жыйынтыгына чыгышы зарыл. Учурда күнөөлүүлөрдү издебей, канткенде, мен кандай чара көргөндө бул саясий кризистен кан төкпөй чыгып кете алабыз деген суроо ар кимибизде болушу зарыл. Балким ар кимибиз үйүбүздө мал союп кан чыгарып, курмандык чалышыбыз керектир? Балким социалдык тармактарга ушундай маселелерди көтөрүп, маселени талкуулар менен чыгарыш керектир. Мен билбейм. Би­рок Кыргызстан өтө оор акыбалга баратканын баарыбыз тең байкап турабыз.

Мындай учурларда мен саясатка кийлигишпейм деп отура албайм. Менин дагы өзүмдүн пози­циям бар. Мындай акыбал менин чыгармачылыгыма, үй-бүлөмдүн бейпилдигине таасир эткени айдан ачык. Андыктан биз журналисттерден эмес, биздин оппозициядан эмес, журт атабыз президент Алмазбек Атамбаевден алгачкы туура кадамдарды күтөөр элем. Ал кадамдар жөнөкөй эле нерселерден турат. Элди кантип бириктирем деген суроого жооп издеш керек. Ал эми жооптору деле опоңой нер­селерден турат. Ар тарап менен баарлашуу, алака түзүү, диалогго баруу! Күнөөлөрдү кечирүү, өч албоо, өткөн кеткендерге амнистия жарыялоо! Ырыс алды ынтымак деген эле кыргыздын макалын ураан эле эмес, иш жүзүнө ашыруу. Президентибиз күнөөлүүболбосо дагы, өлкөдө болуп жаткан ар бир кубулушка жооптуу. Демек биригүү жолун алгачкы болуп пре­зидентибиз башташы керек!

Осунбек Жамансариев, коомдук ишмер:

“ЭКИ ТАРАП ТЕҢ БИРИ-БИРИНЕН КЕМ КАЛЫШПАЙ, ТУУРА ЭМЕС МААЛЫМАТ БЕРИП ЖАТЫШАТ

-Журналисттер, саясатчылар кызыкдар күчтөр чыгарган бирөөнү каралаган маалыматтар мурунтан эле кездешип турчу. Акыркы учур­да оппозиция менен бийликтин кармашы күчөгөн сайын негизсиз, ойлонулган сыяктуу маалыматтарды эки тарап тең бири-биринен кем калышпай берип жатышкандай… Бирок убагында чындай таасир калтырабыз дешкени ме­нен калп маалыматтар тиешелүү убакыт өткөндөн кийин баары бир калп экени белгилүү болуп калат. Ошондуктан кандай кырдаал болсо да, материалдык кызыкчылыкка азгырылбай, туура маалымат берүү керек.

Максат Казакбаев, активист:

“БИЙЛИКТЕГИЛЕР ДА АДЕГЕНДЕ КАЛЫС ЖАНА МАДАНИЯТТУУ БОЛСО, БАСМА СӨЗ КАРАЖАТТАРЫ ДА 0Ң0ЛМ0К”

– Эркин журналистмин деген­дер же башкача айтканда, ээн баш жазмакерлер чындыгында эле көп. Сөз эркиндиги дегенди туура эмес кабыл алышып, оозго жана ойго келген нерселерли жазып, элдин маанайына терс таасирин тийгизип жатышкандыгы чын. Этика, маданият де­ген жок, негизсиз дегенге кошулам, бирок бийлик дагы адилеттүү эмес. Президент айрым журналистерди сотко берип жатат, тандалма бийликке гана каршы делгендерге жана эбегейсиз ири суммага айып төлөтүп, узак убакытка соттоп, чет жактарга куугунтуктап жатат. Ошондуктан бул маселеге бир эле журналист­тер эле күнөөлүү эмес. Бийликтегилер да а дегенде калыс жана маданияттуу болсо, басма сөз каражаттары да оңолмок.

Аманбол Бабакулов, активист:

“ШАМАЛ Б0ЛБ0С0 ЧӨПТҮН БАШЫ КЫЙМЫЛДАБАЙТ”

-“Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” деген жак­шы макал бар. Ошол шамал болгон үчүн ушул маселе жаралып жаткандыр. Мен журналисттерди жакшы же жаман дегенден алысмын. Бирок арасында бир саясатчынын камчысын чапкандар жок эмес.

Булак: “Фабула”

Темирлан Сейитбек уулу, КТРКнын "Теле күзөт" программасынын кабарчысы: “Мени союл менен башка чапты, камерам сынды, милицияларды көтөрүп уруп тепкилешти”

 

-Кечээ жакында милицияларга жана КТРКнын “Теле күзөт” программасынын кабарчысын иш учурунда Сокулук районуна караштуу Орок айылында жашаган беш-алты бала ур-тепкиге алып сабаганы интернеттеги социалдык түйүндөрдө кабарланган эле.

Биз бүгүн ошол окуянын каарманы, калтек менен башка жеп, камерасын сындырткан Темирландын абалын билдик…

-Темирлан, эмне болуп токмок жеп жүрөсүң? Окуяны башынан айтып берчи?

– 10-март күнү Бишкек шаардык милиция кызматкерлери менен чогуу түнкү кызматка чыкканбыз. Түнкү саат 1:30 чамасында түштүк магистралдагы “Газпром спорт комплексинин” алдында турган элек. Ошол маалда жигу­ли автоунаасы катуу ылдамдык менен келе жатты. МАИ кызмат­керлери тосуп, токтотсо токтогон жок. Биз дароо шектүү машине экенинен шек санап, артынан түштүк. Жетип барып токтотууга аракет жасадык. Токтободу. Куушуп отуруп Орок айылына бардык. Ал жерден машине бир үйгө барып токтоду. Чогуу эле куушуп бардык. Ичинен бир киши түштү. Mac экен, үйгө кире качты, жаныбыздагы милициянын бирөө аны кармап келди. Түшүнүк кат жаздырып, мастыгын, эмнеге ичкендигин тактайлы десе эле милицияга атырылып, ага каршылык көргөзүп кирди. Көп отпой эле ошол үйдүн короосунан беш-алты Кавказ улутундагы балдар чыгып, бизди ур-тепкиге алып жатып калышты. Милицияларды көтөрүп чаап, сабап киришти. Бирөө мага жулунуп келип колумдагы камерама асылды да, мени түртүп жиберди. Мен катуу күч менен жерге жыгылдым, бирок камераны сындырбай сактап калдым. Качууга үлгүргөн жокмун. Баягы бала ар жакта турган союлду алып келип эле мени башка чапты. Эсимди жоготтум. Камера сынып кетиптир. Көзүмдү ачсам милициялар­ды да катуу сабашкан экен. Мылтык атылган. Ошондо милициялар асманга ок чыгарышыптыр. Тигилер ошондо араң качышкан экен. Азыркы тапта ооруканадамын. Абалым анча жакшы эмес. Башым айланып өзүмө жакшы келе албай жатам.

Милиция ишти учурда ка­рап жатабы?

-Ооба, карап жатса керек. Биздин редакторлорубуз камераны милиция кызматкерлерине өткөрүп бергенин айтышкан. Муну жөн калтырган болбойт. Кылмыш иши козголушу керек. Күнөөлүүлөр жооп берүүсү зарыл.

-Силерди сабаган балдардын экөө кармалган турбайбы, калганы изделии жатыптыр, ошол камалгандар азыр камакта бекен?

-Экөө камакта болчу. Бирок бошотуп жиберишиптир деп уктум. Чын эле бошотуп, бошотпогонун так билбейм.

Мындан ары деле коркпой иштей бересиңби?

-Ооба, иштей берем. Эмнеге коркмок элем. Дагы күчөйм. Биз иштебегенде ким иштейт. Биздин программа милицияларга көмөктөшүү. Биз ишибизди токтотпойбуз.

Булак: “Фабула”

Мухамметкалый Абулгазиев “Боинг – 747” авиа кырсыгынан жабыркаган Дача-Су айылынын тургундарынын өкүлдөрү менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев кечээ, 13-мартта, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн каражатты жана түрк компаниясы  тарабынан берилүүчү компенсацияны бөлүштүрүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйындын ишине 2017-жылдын 16-январында  “Боинг – 747” учагынын кыйрашынан жабыркаган Дача-Су айылынын тургундарынын өкүлдөрү да катышты.

Алар өздөрү тарабынан аткарылган иштер боюнча маалымат берип, акчалай каражаттарды жабыркагандар ортосунда кантип  акыйкат бөлүп алуу тууралуу ойлорун билдирди.

Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн каражат толук сакталып, жакын арада жабыркагандарга акыйкат, ачык бөлүштүрүлөрүн эскертти.

«Аны менен катар азыркы тапта Өкмөт тарабынан убактылуу батирде жашап жаткан жабырлануучулар, турак-жай маселеси чечилгенге чейин ошол жакта убактылуу жашай турганын белгилегим келет»,-деди Биринчи вице-премьер-министр.

Жабырлануучулардын бири Венера Шейшенова учурда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жабырлануучулар митингге чыгары тууралуу маалыматтар жүргөнүн билдирди.

«Буга байланыштуу мен айтар элем, каргашалуу окуяда жакындарын жоготкон жабырлануучулардын арасынан бир да үй-бүлө митингге чыгуу тууралуу демилге менен чыккан эмес. Ошол күнү жабыркагандардын бардыгы өткөндү унутууга аракет кылып, тынч, өз турмушун өткөрүүдө. Биздин арабыздан бирөө да митингге чыгайын деген ою жок. Биз үчүн эң негизгиси турак жай маселеси менен бардык тиешелүү төлөмдөр эртерээк чечилсе болгону. Биз Өкмөт, анын ичинде комиссиянын ар бир мүчөсү ар тараптан колдоо көрсөтүп, зор иштерди аткарып жатканын көрүп жатабыз. Өкмөт берген убадаларын аткарат деп ишенебиз, аны менен бул иштин оңой эместигин эске алып түшүнүү менен кабыл алабыз»,-деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жабырлануучуларды турак-жай менен камсыз кылуу, аларга түрк компаниясы тарабынан тиешелүү төлөмдөрдү маселесин чечүү боюнча Өкмөт бардык тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын баса белгидеди.

 

Улуттук илимдер фондун түзүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кечээки, 13-марттагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан  өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды. Бул туурасында КР ЖК басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган мыйзам долбоору республиканын ресурстук мүмкүнчүлүктөрүнө жана заманбап талаптарга жооп берген академиялык илим системасын өнүктүрүү, өлкөнүн илимий техникалык потенциалын калыптандыруу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору аркылуу 1-беренени бир абзац менен толуктоо, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын түзүүчүсү катары саноо сунушталууда.

Жогоруда көрсөтүлгөн  концепцияга ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын иш-милдеттери беренелерине өзгөртүүлөр киргизилип  жатат. Ага ылайык,  «теманын, программанын же долбоордун илимий жетекчиси катары каржылоо булагынан (бюджеттик каражаттар, гранттар,насыялар) көз карандысыз, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн алган каржы каражаттарын рационалдуу жана максаттуу түрдө пайдаланууга жеке жоопкерчилик алуу» жагдайлары такталууда. Бул норма мамлекеттик акча каражаттарын пайдалануудагы көзөмөлдү күчөтөт жана илимий ишмердүүлүккө мамлекеттен  каржы бөлүүдө, бул чөйрөдө коррупциянын тамыр жайып кетүүсүнө көмөкчү боло турган факторлорду четтеттүүгө шарт түзөт.

Талкуу жүрүшдө депутат Алмазбек Токторов,- Улуттук илимдер академиясынын учур талабына жооп бергидей болушу шарт экендигин айтып,  академиктердин саны менен эмес, иштин натыйжасы менен мактана тургандай иштер жасалыш керектигин билдирди. Депутат  өз сөзүндө Түркмөнстандагы илимдер академиясы натыйжалуу жыйынтыктарга жетише албагандыгынан улам, аны кайра түзүмдөштүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүн мисалга келтирди.

Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев илим деген түшүнүк кеңири маанини берерин айтып, илимдин колдонмо иштери гана эмес, анын теориялык багыттары да улам өнүгүүгө багыт алып жаткандыгын билдирди. Жалпы илим тармагына каралган каржы булагы да жарытымдуу болбой жаткандыгы көп ишке жолтоо болуп жаткандыгын айткан академия жетекчиси илимдер тармагында эксперименталдык (сыноо иштерин жүргүзүүчү) база болушу кажеттигин кошумчалады.

Ошондой эле, талкуудагы мыйзам долбоору менен УИАнын Президенти УИАнын Жалпы чогулушу тарабынан 65 жаштан улуу эмес анык мүчөлөрдүн (академиктердин) жана корреспондент мүчөлөрдүн арасынан жашыруун добуш берүү менен 4 жылдык мөөнөткө альтернативдүү негизде шайланары айтылууда. УИАнын Жалпы чогулушунун шайлоосунун жыйынтыгында шайланган УИАнын Президентине талапкер УИАнын Президентинин кызматына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет же четке кагылат. УИАнын Жалпы чогулушунун Президентти шайлоо жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилбеген учурда УИАнын Президентин шайлоо болгон жок деп эсептелет. УИАнын Президентин кайрадан шайлоо бир айдын ичинде өткөрүлүүгө тийиш.

Жалпысынан алганда Кыргызстандагы илим тармагы толук өнүгө албай жаткандыгын белгилеген депутаттардын бири Альфия Самигуллина  мунун себебин илим менен тажрыйбанын ажырымдыгы,- деп түшүндүрдү.  Болбосо, экономиканын негизги жөлөгү  боло турган илим прогресстик өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү болууга тийиш, -дейт депутат.

Депутат Жанар Акаев болсо,- “Мамлекет спортчуларга мамлекеттен каражат бөлүп, анан алардын жыйынтыгын сурап, алган медалын такташат. Окумуштуулар деле ошондой болуш керек. Илимге жетиштүү каражат бөлүп, анан анын үзүрү тууралуу сөз кылганыбыз жарашмак. Буга Өкмөт жетиштүү көңүл буруш керек. Илимди модага айлантуунун убагы келди.Ошондо гана жаштарыбызды илимге кызыктыра алабыз”,- дейт.

Илимди өнүктүрүүгө жол ачып бере турган келечектүү долбоорлорду, илим менен техниканын инновациялык жетишкендиктерин камсыздоону ишке ашыруу максатында Улуттук илимдер фонду түзүлүш керек. Мындай кадамдын зарылдыгын депутат Кубанычбек Жумалиев билдирди.

Талкуу соңунда “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан  өзгөртүүлөр экинчи окууда тармактык комитеттин колдоосуна ээ болду.

Адистикке ээ болгон жаштардын билим дарамети тестирлөө менен сыналат

Жогорку окуу жайларын аяктагандардын алган билими көпчүлүк учурларда мактана алгыдай жыйынтык бербей жатат. Андыктан, ар бир диплом алып чыккан ЖОЖ бүтүрүүчүсү кайрадан жалпы тестирлөөдөн өтүп турса заман талабына шай келмек. Мындай пикирин кечээ, 13-мартта билдирген депутат Алтынай Өмүрбекова,- Билим берүү тармагындагы  мыйзамдарга  өзгөртүү киргизүүнү   сунуштап, Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 13-марттагы жыйынына атайын маселе алып чыкты. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттын айтымында, ЖОЖдорду бүтүргөндөн кийин, ошол адистик алган жаштарды кайрадан тестирлөөдөн өткөрүү менен алардын адистик деңгээлинин  аныктоого болот. Мындай  тажрыйба, бүгүнкү күндө  АКШда жана Канадада колдонулуп келет. Бул  өлкөдө алгачкы жолу көрүлүүчү инновациялык концепция,- деп белгилеген  депутат,  бүгүнкү билим берүү системасындагы бир топ мүчүлүштүктөрду атап өттү. “Айта кетсек,  өлкөдөгү 54  жогорку окуу жайынын Эл аралык билим берүү  системасындагы көрсөткүчү төмөнкү орундардан өйдөлөй албай келет. Бул өтө өкүнүчтүү”,- дейт депутат.

Талкууда  депутат  Алмазбек Токторов тестирлөөдөн өткөргөндөн кийин  диплом менен бирге кошумча тиркеме берүүнү сунуштады.  Ал эми, Билим берүү жана илим министринин  орун басары Кудайберди Кожобеков бул өзгөртүүгө каршы экенин, бирок  мыйзам долбоорунун кийинки талкууларына катышаарын билдирди.

Кабыл алынган чечимге ылайык, эми ушул сунушталган маселе кайрадан тармактык комитеттин 27-марттагы отурумунда каралмак болду.

Өзбекстанда Ноорузга карата жалпы улуттук ашар уюштурулду

Өзбекстанда Нооруз майрамынын алдында өкмөттүн көрсөтмөсү менен 11-12-мартта өлкөнүн бардык аймагында жалпы улуттук ашар өттү.

Ашарга 22 миллиондон ашуун киши катышты. Алар гүлбактарды, көчөлөрдү, короолорду тазалашты. Uzbekistan Today маалымат агенттиги кабарлагандай, ондогон чакырым узундуктагы арыктар жана дренаждык системалар тазаланып, 22 миллиондон ашуун бак-дарак тегизделип, акталды.

Бул күндөрү салт боюнча кары-картаңдарга жана майыптарга, согуштун катышуучуларына, жетимдерге жана аз камсыз үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүлдү.

Өзбекстанда ашарлар Нооруз жана Эгемендүүлүк майрамдарынын алдында жыл сайын уюштурулат.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Кыргызстанда 20-март Нооруз майрамын майрамдоого байланыштуу жумуш эмес күнү деп жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков эс алуу жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында КР Эмгек Кодексинин 113-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конститициялык мыйзамынын 10-17- беренесине ылайык жумуш күнүн которуу жөнүндөгү токтомго кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Токтомго ылайык 21-март Нооруз майрамын майрамдоого байланыштуу ишканалардын, мекеме-уюмдардын жана жумасына беш күндүк графикте эки күн эс алуу менен иштеген кызматкерлер үчүн 2017-жылдын 20-мартындагы жумуш күнү, 2017-жылдын 25-март жумуш эмес күнүнө жылдырылды. Ошентип, Кыргызстандыктар 18-март, 19-март, 20-март, 21-март күндөрү эс алышат.

 

Мыйзамдуулукту мыйзамсыздык менен басмырлаган фемида Максимдин жеринин чыныгы ээсин таба алабы?

 

Максим Бакиевге тийешелүү делген Бишкек шаарынын Скрябин көчөсүндөгү 45–45а дерегиндеги 1,28 га жер ушул күнгө чейин улак тартышка түшүп, чыныгы ээсин таппай келет. Максимдин жакын адамына айланган Ульяна Пактын “ЭлитДомСтрой” компаниясы жерди “Глобал Эдертайзинг” компаниясынан тартып алганын юристтер документтер менен ырасташкан. Бишкек райондор аралык сот бул жердин чыныгы ээси “Глобал Эдертайзинг” экенин ырастаган чечим да чыгарганын жазганбыз. Революциядан кийин борбор калаанын ортосунда жайгашкан жердин ээсимин дегендер четтен чыккан. Башкы прокуратура бул жерге Бектурсунов Нурсейит деген жаранды жерге жоопкер кылып дайындап койгон. Жоопкер болуп дайындалган Нурсейит Бектурсунов менен суроо-жооп кылып, андан кийин сөздү уласак көпчүлүккө түшүнүктүү болот деген ойдомун.

Нурсейит Бектурсунов:

“Мадылбековдун баласы Эльдар “ЭлитДомСтройдун” башында турганын кийин прокуратурадан билдик”

— Нурсейит мырза, Скрябин көчөсүндөгү 45–45А дарегиндеги Максим Бакиевге таандык делген жерге көзөмөл кылууну Башкы прокуратура сизге тапшырган экен. Ал жерге сиз кандайча барып калгансыз?

— Мен 2010-жылга чейин ошол жерде бир имаратты ижарага алып иштеп тургам. Революция болгондон кийин ижара акысын берип турган адамыбыз жок болуп кетти. Ал жерде жыйырмага жакын адам ижарага туруп, иштеп жаткан. Эки жылга жакын эч кимге ижара акысын төлөбөй, кожоюну жок иштедик. Кийин “ЭлитДомСтрой” компаниясынанбыз, бул жер бизге таандык” деп документин көрсөтүп, бизди “Бул жерден кеткиле” деп олтурган имараттардан чыгарып, буза башташты. Ижарада олтургандардын имараттарын бузгандардын баары чыгып кетишти. Биздин имаратты да бузду. Мен ал жердеги авто унаа токтотуучу жайды дагы иштетчүмүн. Ошол жерге жеткенде бузуп жаткан адамдар өздөрү жок болуп кетти. Качып кеткенин кийин уктук. 2–3 киши калган элек. Бир күнү прокуратурадан келишип, бизди алып барып сурап, тактагандан кийин бизге “Бул жер Максим Бакиевдин жери болгон. Азыр башка бирөөлөр келип, жасалма документ жасашып, жер биздики дешип, ичиндеги имараттардын баарын бузуп жатыптыр” деп түшүндүрмө берди. Биз кантип ал жерге келип калганыбыз боюнча түшүнүк кат жазып бергенбиз. Прокуратуранын тергөөчүлөрү 2013-жылы 23-апрелде ал жерди көзөмөлдөп туруу үчүн мага өткөрүп беришти. Опись кылышып, протокол түзүшүп, тергөө иштери бүтмөйүнчө, Мамлекеттик мүлк министрлигине өтмөйүнчө, улутташтырылмайынча сизге жоопкер кылып өткөрүп беребиз дешкен. Ошол күндөн баштап 2016-жылдын декабрь айына чейин карадым. Экинчи мошенниктер келип, жер биздики деп ызы-чуу салганга чейин ошол жерди карап бердим.

— Революцияга чейин кимге ижара акысын төлөп турдуңуз?

— Нургали деген юрист бар болчу. Ошол жыйнап кетчү.

— Келишим түзүлгөн беле?

— Келишим түзбөй эле ижарага алганбыз. Ал жерде иштегендердин баары эле келишим түзбөй эле сүйлөшкөнгө жараша ижара акысын төкчү. Эч кандай квитанция дагы берилген эмес.

— “ЭлитДомСтройдон” ким келип силерди чыккыла деген?

— Узун бойлуу Тимур деген жигит келип “ЭлитДомСтройдун” юристи болом деген. Документин көрсөтүп, бизди ошол чыгара баштады. Менин билишим боюнча ал ушул убакка чейин издөөдө болуш керек.

— “Ата-Мекен” партиясы менен парламенттин мурунку чакырылышынын депутаты болгон Туратбек Мадылбековдун баласы Эльдар Мадылбеков да ошол жерге барганбы?

— Мадылбековдун баласы Эльдар “ЭлитДомСтройдун” башында турганын кийин прокуратурадан билдик.

— Экинчи мошенниктер келип ызы-чуу салды деп айттыңыз. Кимдер келип ызы-чуу салган?

– 2016-жылдын декабрында үч жигит келип мага “Бул жерди биз сатып алдык, жерди бошотуп бергиле” деп документтерин көрсөтүштү.

— Кайсыл компаниянын өкүлдөрү экен?

— Компаниядан эмес окшойт. Эльдар Туратбеков деген жигит болчу. Прокуратурага телефон чалып, жердин ээлери келип жатат десем, тергөөчүсү “Ал иш бизде эмес, Финполицияга кеткен. Бирок, ал жер толугу менен бүтө элегин так билем. Сиз эч кимге бербеңиз. Сизди чык дей турган болсо Финполициядан кагаз келет. Ошондо чыгып кетесиз. Эгер чыгып кетсеңиз келген адамдар сатып жиберип качып кетсе, сиз жооп бересиз” деди. Жерди биз сатып алдык деп келген балдарды түшүндүрүп жибердим. Эртеси мага Октябрь РИИБнын кызматкерлери “Сиздин үстүңүздөн арыз түштү” деп келишти. Эмне деген арыз?-деп сурасам, “Сиз бирөөнүн жерин басып алып бербей жатыптырсыз” дешти. Башкы прокуратуранын токтомун көрсөтүп, жерди жоопкер кылып мага өткөрүп бергенин айтып берсем түшүндү окшойт. “Биз териштиребиз” деп кетип калышты. Бир күндөн кийин баягылар жеке менчик күзөт кызматынын балдарын ээрчитип келип, күчкө салышып, дарбазалардын баарын беките башташты. Булар мошенник экенин билгенден кийин коомчулук билсин, ызы-чуу болсун, ошондон кийин баары ачыкка чыгат дедим да эл тааныган кишилердин баарын чакырып баштадым. “Сенин эки агаң тең көрүнүктүү адамдар, депутат” деп Баткен Шерниязовду чакырдым. Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевди, шоу-бизнесте жүргөн адамдарды чакырдым. Ушул адамдар келип ызы-чуу болгондон кийин жер биздики дегендер келбей койду.

— “Глобал Эдвертайзенг” компаниясы жерди 2007-жылы эле аукциондон сатып алганбыз деп чыгышпадыбы. Ошол компаниядан кимдир бирөөлөр жер биздики деп барыштыбы?

— “Глобал Эдвертайзенг” компаниясынанмын деп эч ким келген жок. Бир гана Туратбеков деген “жерди мен сатып алгам” деп келди.

— Эльдар Мадылбеков менен Эльдар Туратбековдун байланышы жок бекен?

— “ЭлитДомСтройдон” келип имараттарды талкалаган Мадылбеков Эльдар Туратбекович да. Берки бала келгенде документин карасам Туратбеков Эльдар. Бирок башка бала. Мен да башында фамилиясын өзгөртүп алганбы деп ойлогом. Туратбеков үчүн кимдер гана жүгүрүшпөдү. Октябрь РИИБнин баардык курамы жүрүштү. Мени күндө алып барып сурап жатышты.

— Сиз жерди кимге өткөрүп бердиңиз?

— Финполициядан келишип, акт түзүп, мүлккө жоопкер кылып Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүп беришти. Азыр ал жерди Маммүлк фонду карап олтурат.

— Сиз маалымат жыйын бергениңизде “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү эмесмин, революциядан кийин чыгып кеткем деп айттыңыз. Кат жазып чыккансызбы?

— Мен “Ата-Мекенге” расмий арыз жазып мүчө болбогом жана расмий арыз жазып чыккан да эмесмин. Партияга арыз жазып кирбегенден кийин мени ал жакка кантип аралаштырып жатканын түшүнбөйм. Бирок, революцияда ошолор менен бирге жүргөнүм чын. Өзүмдү “атамекенчимин” деп эсептебейм.

— Отунбаевадан “Ата-Мекен” партиясынын жигердүү мүчөсү катары “Апрель элдик революциясынын баатыры” деген төш белги менен сыйланганыңыз чынбы?

— Ооба, төш белги алгам. Бирок, “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү катары алган эмесмин.

— Сиз прокуратура же мүлк фондунда иштебесеңиз ал жерди кантип сизге карап тур деп берип коюшту?

— Мен прокуратурадан мага бергиле деп жалдыраган жокмун. Өздөрү иликтөө иштери бүткүчө кайтарып бериңиз дегенинен макул болгом. Өткөндө прокуратурага барганымда мага эмнеге кайтарып тур деп берип койдуңар деп тергөөчүлөрдөн сурадым. Баары менден ар нерсени сурай берип тажатышты деп айттым. “Сиз ошол жерде иштеп келгениңизден кийин аягына чейин кайтарып бериңиз деп эле бергенбиз” дешкен.

Бул Нурсейит Бектурсуновдун биз берген суроолорго жообу. Кыргызда “Кайталагандан келме бузулбайт” деп коёт. Биз да чыныгы ээсин таба албай чырга түшүп жаткан жердин биринчи кожоюну ким экенине кайрадан токтололу.

2007-жылдын башында “Кыргызтелеком” Скрябин‑45–45а дарегиндеги 1,28 га жерин ачык аукционго коёт. Ага 3 компания катышып, 5 млн сомду сунуш кылган “Глобал Эдертайзинг” компаниясы эч кимдин колдоосу жок эле жерди сатып алат. Ачык аукциондон “Глобал Эдертайзинг” компаниясы сатып алган жерге Максим Бакиевдин, анын жан-жөөкөрлөрүнүн көзү түшүп, ал жерди тартып алганга ак эткенден так этишет. 2007-жылдын аягында Максим Бакиев Ахматовду чакырып, көзүнөн учкан жерди өзүнө караштуу компанияга өткөзүп берүүнү талап кыла баштайт. Максимдин басымына туш болгон “Глобал Эдертайзинг” компаниясынын ээси Ахматов сатып алган 1,28 га жерин ханзааданын жакындарына таандык болгон компанияга өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. Жерге Максимдин жакыны Ульяна Пак кожоюн болгон “ЭлитДомСтрой” компаниясы ээлик кылуу үчүн “Глобал Эдертайзинг” менен сатуу-сатып алуу келишимин түзөт. Бирок, “ЭлитДомСтрой” келишимдеги көрсөтүлгөн “Глобал Эдертайзинг” компаниясына которулуп берилчү сумманын бир тыйынын да төлөгөн эмес. Көз көрүнө эле тартып алган. Скрябиндеги жер кантип Максимдин жакындарына өтүп калганынын кыскача тарыхы ушундай. 2010-жылдагы революцияга чейин ал жерди “ЭлитДомСтрой” иштетип келген. Максим ээрден оодарылгандан кийин булар да дайынын таппай качып жок болушкан. Нурсейит Бектурсунов белгилегендей ал жерге эки жылдан ашык басып бара алган эмес. Эгер ал жердин чыныгы кожоюну “ЭлитДомСтрой” болгондо революциядан кийин эмне үчүн качып кетмек эле? Жасап келген ишин уланта бермек да.

Революциядан эки жылдан кийин кайрадан “ЭлитДомСтройдонбуз” жер биздики” деп барышып, ал жердеги имараттарды бузгандар менен “ЭлитДомСтройдун” кожоюну, Максим Бакиевдин көздөй адамы У. Пак кантип тил табышты? Бул дагы жообу табыла элек табышмак. Пактын компаниясынын атынан баргандардын артында “Ата-Мекен” партиясы менен парламенттин бешинчи чакырылышынын депутаты болгон Туратбек Мадылбековдун карачечекей уулу Эльдар Мадылбеков турганын ал жерге жоопкер болгон Нурсейит Бектурсунов ырастап жатат. Пактын компаниясынын атынан “Ата-Мекендин” көзүр депутаттарынын бири болгон Туратбек Мадылбековдун баласы барып, жерге ээлик кылып, имараттарды бузганы эле талаштуу жерге “атамекенчилер” аралашкан деген ойду айтпаса да жаратат.

30 жылга эркинен ажыраган Пактын арыгын чапкандар мурунку ишин азыр да улантып жатышабы? “ЭлитДомСтройду” кимдер калкалап жатат? Президент кечээ “Парламент мыйзам чыгаруучу орган болбой эле ушак чыгарган жайга айланды” деп туура айтты. Өлкө башчысы айткандай парламентте олтургандар ар кандай ушактарды чыгарып, жерди жакындарына кайтарып берүүнү көксөп жаткан жокпу? Түгөнбөгөн суроолор. Бир дагы жооп жок. Бул суроолорго жооп издөөчү прокуратура, сот органдары болсо жасалма документ менен жердин чыныгы ээсинен рейдерлик жол менен тартып алган “ЭлитДомСтройго” кайтарып берүүгө жан үрөп жатышкандай.

“ЭлитДомСтрой” компаниясы менен “Глобал Эдертайзинг” түзгөн сатуу-сатып алуу келишими 2011-жылы 25-апрелде жокко чыгарылган. Бишкек райондор аралык соту келишим күчүн жоготконун 2014-жылдын 25-июнунда таанып, жерди “Глобал Эдертайзинг” компаниясына каттаганга мыйзам жол берерин билдирген өкүмүн чыгарган.

Сот чечим чыгарганына карабай Мамкаттоо кызматы жерди чыныгы ээсине каттаган эмес. Ушул жерде кызыкчылыктар кагылышы бар экени даана көрүнөт.

Бишкек райондор аралык соттун 2014-жылдын 25-июнунда чыгарган чечимин токтотуу боюнча Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 2-ноябрындагы чечими аталган жерге таасирлүү адамдар кызыкдар болуп жатканын айгинелейт. Бишкек шаардык сот 2-ноябрь 2016-жылы бир эмес эки чечим кабыл алгандай. Биринчиси, соттук отурумга төрагалык кылган А. Алыбаев жана судья А. Рыбалкина, үчүнчү судья Д. Мүлүкбаева ден соолугуна байланыштуу катышпаганын, “ЭлитДомСтрой” менен Бишкек шаардык прокуратуранын өкүлдөрү келбегенин белгилеп, соттук отурумду 2016-жылдын 22-ноябрына жылдырган чечимин чыгарып, экөөсү тең бадырайта кол тамгасын коёт. Экинчиси, ден-соолугуна байланыштуу соттук процесске катышпай калган судья Д. Мүлүкбаева көктөн түшө калгансып, Бишкек райондор аралык сотунун 2014-жылы 25-июнда чыгарган чечимин токтотуп туруу чечимин өзү жалгыз чыгарып салгандай. Анткени, бул чечимде бир гана Мүлүкбаеванын колу коюлган. Төрагалык кылган Алыбаевдин, судья Рыбалкинанын колу коюлган эмес. Ушундан эле Мүлүкбаеванын колу коюлуп, 2-ноябрда Бишкек райондор аралык соттун чечимин токтотуу тууралуу чыккан чечим жасалма экенин билсе болот. Прокуратура карманып жаткан, ишенген документи Мүлүкбаеванын колу коюлган 2-ноябрь күнү чыккан Бишкек шаардык сотунун “жасалма” чечими.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы Бишкек шаардык соту тарабынын 2016-жылдын 2-ноябрдагы Бишкек райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июндагы чечимин токтотуу боюнча чыгарган чечими тууралуу маалымат таратып, жасалма болгонун жашырууга аракет жасаганы менен түпкүлүгүндө ишти Теңирден тетири кылып алды. Алардын маалыматы боюнча чечим Алыбаевдин төрагалыгы менен судьялар Рыбалкина менен Мүлүкбаевалар тарабынан 2016-жылдын 31-октябрында кабыл алынган. Көчүрмөсүн даярдап жатканда мөөнөтүн көрсөткөндө техникалык ката кетип калыптыр. Ушул да маалыматпы? Эгер 31-октябрда чечим кабыл алынган болсо Алыбаев менен Рыбалкинанын 2-ноябрда Мүлүкбаева катышкан жок, прокуратура менен “ЭлитДомСтройдун” өкүлдөрү келбеди, соттук отурум 22-ноябрга жылдырылат деген чечимин кайда катасыңар урматтуу Жогорку Соттун өкүлү?

Азыр Мүлүкбаеванын чыгарган чечими делген документ баардыгын ызы-чуу кылып жатып калды. Бирок, бул чечимде Бишкек шаардык соту Бишкек райондор аралык соту чыгарган 2014-жылдын 25-июндагы жер “Глобал Эдвертайзенг” компаниясынын менчиги деп тааныган чечимди жокко чыгарган эмес. Ал тургай Бишкек райондор аралык соту чыр болуп жаткан 1,28 га жерди камактан чыгарган чечимин да кабыл алган. Бул чечим дагы Бишкек шаардык соту тарабынан жокко чыгарылбаган.

Сырдуу жерге айланган Скрябиндеги 45-45А дарегине барганыбызда ал жерде кароолчу болуп иштеп жаткан Медер деген мырза бар экен. Медер мырза жер Маммүлккө өткөнүн, прокуратура эч кимди киргизбөөнү дайындаганын айтып кагаздарын көтөрүп чыкты. Кароолчунун колундагы документти карап, мыйыгыңдан жылмайып башыңды чайкайсың. Анын колунда мүлктү камакка алуу боюнча Бишкек шаардык сотунун 2016-жылы 27-декабрында чыгарган чечими бар экен. Кимдер чечим кабыл алган дебейсиздерби? Мурунку үчилтик А. Алыбаев, А. Рыбалкина, Д. Мүлүкбаева. Бул үчилтик Бишкек райондор аралык сотунун жерди камактан чыгаруу жана менчик ээси деп “Глобал Эдвертайзенг” экенин тастыктаган чечимин жокко чыгарбай туруп менчик жерди кайсыл мыйзамдын негизинде камакка алуу чечимин чыгарды? Муну тескей турган адам барбы? Мурун Максим тартып алуу менен рейдерлик кылса, азыр “мыйзамдуу рейдерлик” жүрүп жаткан жокпу?

“Глобал Эдвертайзенг” Бишкек райондор аралык соттон уткандан кийин да өз менчигин каттата албай келишкен. Мамкаттоо кызматы “Биз каттай албайбыз, жогор жак билет” деген сөздү айтып келишиптир. Жогор жак ким? Өткөн жумада “Майдан” гезити ушул тема боюнча кызык фактыларды жарыялады. Анда “А. Шыкмаматов ошол учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, кийин Юстиция министри болуп туруп, Скрябин‑45–45А дарегиндеги участокту ар кандай улутташтыруу жана башка коркунучтардан калкалап турган. Демек, мында партиялык “кооперативдик” кызыкчылык чоң роль ойногон. “Ата-Мекен” партиясынын катчылыгынын башчысы Таалай Токтакунова талаштуу Скрябин көчөсү 45-45А дареги боюнча соттук териштирүүлөргө 2010-2013-жылдары “Глобал Эдвертайзенг” ЖЧКнын өкүлү катары эмне себептен катышып жүргөндүгү кызык. “Ата-Мекен” партиясынын бул жерге кызыкчылыгы болгон” деп баяндалат. Чындыгында “ЭлитДомСтройдун” атынан ошол кезде “Ата-Мекендин” депутаты болуп турган Турат Мадылбековдун барышы жөн жерден болбосо керек.

Булак: “Жаңы ордо”

Кайып Шер, Апрель революциясынын катышуучусу: «7-апрелде эл аянтта атылып жатканда Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү ал жерден качып кеткен»

 

-Кайып мырза, сиз 7-апрелде Ала-Тоо аянтында туу көтөрүп элдин алдында жүрдүңүз эле. Атамбаев сыйлыктарды тапшырып жатканда “7-апрелдеги балдар Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү байысын деп өлдүбү?”- деп айтты. Ушул сөз 7-апрелде окко учкан балдардын эмгеги текке кетип, элдин ишеничи, ой-максаты ишке ашпай калганына баа берүү болду окшойт. Сиз буга кандай дейсиз?

— Туура, мен бул тууралуу 3–4 жыл мурда эле «Биз максатка жетпей калдык!» деп айтып, кан менен бийликке келгендер берген «Апрель роволюциясынын баатыры» деген медалымды ыргытып баса бергем. Бул менин Убактылуу Өкмөткө болгон нааразычылыгым. Чын эле ошол күнү каза болгон Баатырлардын арбагы ыраазы болбогондой иштер болду да. Балдардын каны төгүлүп, кыргыз элин кайгыга салган окуянын аркасы менен акмактардын ою кандай болгонун түшүндүм да, медалыңарды өзүңөр эле тагып алгыла деп айткам. Булардын былык иштери тууралуу көбүрөөк көйгөйлөрдү чыгаруу үчүн акыркы 3–4 жылдан бери көп маалыматтарды берүүнү күчөтүп жатабыз. Чынын айтайын, 7-апрелде эл аянтта атылып жатканда Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү ал жерден качып кеткен. Бийликке олтуруп алган Убактылуу Өкмөттүн көпчүлүгү «самозванецтер». Булардын аянтка келбей койгонуна элдин ачуусу келген. Эми ошол күнү кимдин эмне кылганын айтып берейин.

— Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүнбү?

— Ооба, ошол самозванецтердин. Биз Ак үйдүн дарбазасында кылчылдап жаныбыздын айласын таппай турганда, Убактылуу Өкмөттүн бир мүчөсү СНБдан чыгып алып, эл кырылып аткан Ак үйдүн алдынан эмес, арткы эшик жагынан кирип, Данияр Үсөнов менен жолугуп, анын кабинетинде арак ичип, далдалчы болуп сүйлөшүп чыкканы боюнча маалыматыбыз бар. Элдин арты менен бийликке келгендер Токтайымчалык да боло алган жок. Ал бизге жакса-жакпаса дагы «Форумдан» Ала-Тоо аянтына чейин биз менен келген. Эл алдына чыга албай, Ак үйгө кирип сүйлөшүп жүргөндөрдөн көрө Токтайымды чакыргылачы, ошону киргизели дегенбиз. Бул да ачуу чындык. Балдар Текебаев мени атып салат деп аянтка келбей койду дешти. 7-апрель күнү кийин президент болуп олтурган Роза Отунбаеваны да көргөн эмеспиз. Биз ошол кезде эле Отунбаева баш болгон Убактылуу Өкмөттү иштешине жол бербей, кыйкырып чыкмакпыз. Бирок, мамлекеттин туруктуулугу үчүн деп унчуккан эмеспиз. Эртели-кеч ушундай суроолор бериле турганын билгем. Мен утурумдук бийликтин башында турган Отунбаеваны баш кылып болгон чындыкты айта берем.

— Отунбаева убактылуу эле президент болбодубу. Ал киши көп нерсеге кийлигише бербесе керек?

— Мен 7-апрель күнү башымды сайып коюп, колума туу көтөрүп алдыда жүрдүм. Бийлик алмашкандан кийин деле соттон, бийликтен акыйкаттыкты таппагандар менен көп эле жолу жолуктум. Отунбаева президенттиктен кетип жатканда роза гүлү менен узатканбыз. Бул анын жасаган иштерине ыраазы болуп, чын көңүлдөн гүл бергенди билдирбейт. Биз мамлекетте туруктуулук болсун, мурунку эки президентти таш менен кубаладык эле, муну гүл менен узаталы, кийинки президент ат минип узагыдай болсун дегенбиз. Бирок, ошол күндөн ушул күнгө чейин Отунбаеванын туугандарына нааразы болгондор көп. Мисалы, бир тууган күйөө баласы Ново-Павловка деген эң бай айыл өкмөтү бар, ошол айыл өкмөткө караштуу жерлерди 90-жылдардан бери эле басып алып келе жатат. Бул иштерди саясатчылар, алардын туугандары, демократтар жасашууда. 5-6 катынды акча чогулткуч кылып коюшат экен. Отунбаеванын күйөө баласы бар экен, нерви бир аз жукараак. Ошол кишиге нааразы болгондор «Эй Кайып Шери, сен мактап гүл менен узаткан президентиңдин күйөө баласы кууратты го бизди. Ошонун айынан өрттөнүп өлөбүз» дешти. Акаевдин, Бакиевдин туугандары бул жакта эле калсын, Отунбаеванын күйөө баласы элди катуу кууратыптыр да.

— Убактылуу Өкмөт бийликти бөлүп алышканын 7-апрель түнү уктуңар беле?

— Биз Ак үйдүн алдында ызы-чуу болуп жүрсөк, Убактылуу Өкмөтпүз деген кемпайлар Өкмөт үйүнө барып алышып, өздөрү эле күдүңдөшүп бийликти бөлүшүп алышыптыр да кургурлар. Булар 7-апрелде эле бийликке жетээр замат элди унутуп коюшкан. Аларың кыргызга кара түн түшүп жатканда бийликти бөлүп алгандар. Андан кийин деле миңдеген эл толкуп турду. Өзгөчө июнь окуясында. Ошол учурларда дагы булардын жок дегенде бирөөсү элдин алдына чыга алган жок. Анткени баары элге жаман көрүнүп калыптыр. Июнь окуясында кандай кыйынчылык болду. Кудайга миң мертебе шүгүр, мыкты азаматтарыбыз бар экен. Айталы, Камчы Ташиев, Алтынбек Сулайманов, Акмат Келдибеков сыяктуу жигиттер. Ушулар элдин арасында жүрүшкөн.

— Алмазбек Атамбаев деле Ала-Тоо аянтына келген эмес болчу да?

— Ооба, биз эч кимисин көргөн эмеспиз. Ошондо элдин көбү Атамбаевге таянып «Форумдан» келгенбиз. Ал учурда оппозициянын эң белдүүсү эле Атамбаев болгон. Кандай себептер менен экенин белбейм, Атамбаев 7-апрелде аянтка келген эмес. Мен ошондо эле булардын бир муштум болуп тура албаганын байкагам.

— Мародерлор туурасында эмне укканыңыз?

— Нурлан Асанов деген күзөтчү жигит бар болчу. Ал мага келип “мен Бакиевдердин мүлкүн кайтарам, мына бул лагер сеники болот” деп айтты. Мен макул болгонум жок, андайга тишим өтпөшүн билдим. Ал болсо «Болот Сүйүнбаевге айтпайсыңбы?» деп калды. Бир офисти көрсөттү, мен аянтка көп эл келет, бир офис алып койсокпу деп ойлодум. Макул деп Сүйүнбаевге барсам, «Мындай кишилерди бизге жолотпо» деп койду. Асановго барып «Булар болбой койду» десем, «анда мен Райкан Төлөгөновдорго кеттим, ошолор макул деп жатышат, алар менен барып ишти бүтүрөм» деп кеткен. Шайлоодон кийин Райкандын жардамчысы болуп иштеди. Мен ушул окуялар боюнча нааразычылык билдирип интервью бердим эле, ошондон соң аны иштен бошотушту. Башкалар боюнча айталбайм. Бирок ошондон шек санап калдым. Булар чын эле мародерлук кылышкан болсо керек деп. Мен 7-апрелде көтөрүп жүргөн туумду Текебаевге тапшыргам. Икрам деген бала алган эмес, ал туунун кадырын кайдан билсин. Атамбаев Текебаевди чоң айып менен камап жатпайбы. Текебаев өзүнүн ак-карасын аныктап алганга мүмкүнчүлүк алды.

— Сиз апрел баатырларын коюп жатканда Ата-Бейитке баргансыз да. Ошол жерде бийликке келгендер ант беришкен. Убактылуу Өкмөт ошол антынан тайышты да туурабы?

— Кыргызда “адам аласы ичинде” деп коёт. Ошол кезде убада бердик эле, анын өтөөсүнө чыга албадык деп элдин алдына чыгып, моомунча миллиондорду уурдадык, бизге болгон ишеничиңерди актай албадык деп чөгөлөп кечирим сураса элге эле эмес, Кудайга да жакмак. Бирок алардын антип айтышка кудурети жетпейт.

Булак: “Жаңы ордо”

Ошто дин кызматкерлерине “Чечендик өнөрдү өнүктүрүүнүн” ыкмалары үйрөтүлүүдө

Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жетектеген казыят жамааты “Чечендик өнөрдү өнүктүрүү” семинарына катышышты. Семинарды Бишкектеги “Чечендик өнөр” мектебинин Ош бөлүмүнүн тренери Нуркамил Абдуллаев өттү. Бул туурасында  Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Семинардын алгачкы сабагы “Эл алдына чыгып сүйлөөдөгү коркунуч, сүрдөө жана толкундоону жоготуу” темасында болуп, туура, так таза жана маданияттуу сүйлөө жолдору, сөз байлыкты арттыруу, коркуу, тартынуу, сүрдөө жана жүрөксүнүүнү терс көрүнүштөрдөн башкаруу, кыймыл-аракеттерди туура пайдалануу, вербалдык жана вербалдык эмес  байланыштар, көпчүлүктүн алдында сүйлөөнү иштеп чыгуу жана үндү  туура коюу ыкмасы жөнүндө алгачкы түшүнүктөр берилди. Мындан сырткары семинардын жүрүшүндө толкундоону салмактоо боюнча пайдалуу көнүгүүлөр үйрөтүлүп, практикалык тапшырмалар жасалды. Семинарга жетекчи катары катышкан облус казысы Самидин кары Атабаевдин айтуусунда дин кызматкерлери дайыма коомчулуктун алдында идеология жайылтып, Исламдын баалуулуктарын жана бийик адеп-ахлактык тарбияга үндөө багытында иш алып баргандыктан, ойду жогорку деңгээлде жеткирүү жана ырааттуу сүйлөө техникаларын өздөштүрүүгө милдеттүү экендигин белгиледи. Мындан сырткары учурда казыят жамааты риторика боюнча курсту улантуу боюнча чечим кабыл алгандыгын жана аталган окуу курсуна облустагы мечит имамдарын да катыштыруу зарыл экендигин билдирди.

 

Меню