Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Алмазбек Атамбаев Москвадагы Собордук мечитке барып, Россиянын Муфтийлер Кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин менен жолугушту

А. Атамбаев бүгүн, 22-июнда, Москвадагы Собордук мечитке барып, Россиянын Муфтийлер Кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын расмий сайтында жарыяланды.

Мамлекет башчысы Равиль Гайнутдиндин жана Россия мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрүнүн коштоосунда намаз окулчу залды, мечиттин конференц залын, ошондой эле собордук мечиттин ичиндеги ислам музейинин экспонаттарын көрүп чыкты.

Андан кийин Президент Алмазбек Атамбаев  Равиль Гайнутдин менен жолугушуу өткөрдү.

Кыргызстандын Президентин тосуп  алып, Равиль Гайнутдин   Алмазбек Атамбаевдин келиши – чоң сыймык жана колдоо экендигин баса белгиледи. “Сиздин Россияга мамлекеттик сапар менен келгениңиз абдан маанилүү, ал эми Сиздин мечитке келгениңиз боордоштук катары кабыл алабыз. Сиздин Россия мусулмандарына көрсөткөн колдооңуз деп  түшүнөбүз”,-деди Равиль Гайнутдин.

Жолугушуунун жүрүшүндө  эки өлкөнүн  мусулмандар дин башкармалыктарынын ортосунда азыркы замандын коркунучтарына, биринчи кезекте радикализмге жана экстремизмге каршы боюнча  өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Алмазбек Атамбаев Башкырстан Республикасынын Уфа шаарына учуп кетти

Атамбаев бүгүн, 22-июнда, Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Башкырстан Республикасынын Уфа шаарына учуп кетти. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын расмий сайтында жарыяланды.

Сапардын жүрүшүндө Президент Башкырстан Республикасынын башчысы Рустэм Хамитов  менен жолугушат.

Андан кийин Президент Алмазбек Атамбаев Казанга барып, Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушмакчы.

Атамбаев Россия менен Кыргызстандын ортосунда союздаштык жөнүндө Декларацияга жана башка документтерге кол коюп кайтты

Кечээ, 20-июнда, Алмаз Атамбаевдин Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында эки тараптуу документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын расмий сайтында жарыяланды.

Төмөндөгү документтерге кол коюлду:

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо жөнүндө Декларация;

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда аскердик-техникалык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө Келишим;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  менен Россия Федерациясынын  Өкмөтүнүн ортосунда миграция чөйрөсүндө компетенттүү органдардын өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  менен Россия Федерациясынын  Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын   алдындагы  2012-жылдын 20-сентябрындагы берилген кредит боюнча карыздарын жөнгө салуу жөнүндө Макулдашууга Протокол;

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен  Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын эсенчилигин коргоо чөйрөсүн көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматтын  (Россия  Федерациясы) ортосунда  чума боюнча эпидемиологиялык жакшы кырдаалды камсыз кылуу боюнча кызматташуу тууралуу Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Федералдык казначылыгынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандум;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет менен Улуттук изилдөө технологиялык университетинин (Жогорку билим берүү боюнча мамлекеттик автономиялуу билим берүү мекемеси) ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Мамлекеттик антимонополия агенттиги менен  дистанциялык окутуу ыкмасы аркылуу атаандаштык ведомстволорунун адистеринин квалификацияны жогорулатууну жана  кесиптик кайра даярдоону камсыз кылган Россия Федерациясынын “Окутуу-методикалык борбору” Федералдык антимонополиялык кызматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандум;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу   Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы менен Россия Федерациясынын финансылык мониторинг боюнча Федералдык кызматынын жана “Финансылык мониторингдин эл аралык окутуу-методикалык борборунун” ортосунда   Кыргыз Республикасынын системасы үчүн кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишмердикти каржылоого каршы аракеттенген  кадрларды даярдоо тармагында кызматташуу  жөнүндө Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматы менен  Мамлекеттик каттоонун, кадастрдын жана картографиянын Федералдык кызматынын (Россия Федерациясы) ортосунда  өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандум;

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети менен Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын ортосунда Меморандум.

Алмазбек Атамбаев менен Президент Владимир Путиндин кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрү өткөрүлдү

А. Атамбаев кечээ, 20-июнда, Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын расмий сайтында жарыяланды.

Жолугушууну ачып жатып Россия мамлекетинин башчысы  тараптар биргелешкен аракеттердин пландарын толук  талкуулашкандыгын белгилеп,  сөз кезегин Президент Алмазбек Атамбаевге, ошондой эле  стратегиялык мүнөздөгү документтерде белгиленгендерди ишке ашырууну түздөн түз жетектегендерге берүүнү сунуштады.

Өз кезегинде  Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк  мамилелердин жаңы деңгээлге чыккандыгын канааттануу менен билдирди.

“Кыргызстан  ЕАЭБ өткөндөн кийин биздин экономикалык мамилелерибиз айрыкча тереңдегендигин белгилеп койгум келет. Терс божомолдорго карабастан, жаңы экономикалык бирликке кошулганыбыз республикабыздын экономикасынын өнүгүшүнө катуу түрткү берди. Бул жерде иштеген карапайым Кыргызстан жарандары  жумушка орношуу жана жашоо шарттары канчалык жеңилдеп калганын дароо сезишти”,-деп Президент Алмазбек Атамбаев колдоо көрсөтүп жаткандыгы  үчүн өкмөттөр аралык комиссияга, Россиянын министрликтерине жана ведомстволоруна ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы ошондой эле  маданий-гуманитардык кызматташууну дагы көңүлдөн чыгарбаш керектигин белгиледи. “Бул жагынан алганда  Россия Федерациясында  Кыргызстан маданиятынын күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы белгиленип жаткандыгы жакшы саамалык. 20-июлда биз россиялык илимий кызматкерлерди жана эксперттерди “Алтай цивилизациясы жана алтай тилдүү   тууган элдер” форумуна келишин күтөбүз. Биздин байыркы,  көп кылымдык тарыхыбыз бар, келечегибиз дагы бирге  болот деп ишенем”,-деп  сөзүн жыйынтыктады Президент Алмазбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин басма сөзгө билдирүү жасашты

А. Атамбаев менен В. Путин  кечээ, 20-июнда,  эки тараптуу документтерге кол коюу аземи аяктагандан кийин басма сөзгө билдирүү жасашты. Бул туурасында Президенттик Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев  акыркы 5-6 жылдын аралыгында эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер терең трансформациялангандыгын белгиледи.

“Биз бул мамилелерди стратегиялык деңгээлге алып чыгууга жетише алдык. Владимир Владимирович, Сиздин  жеке катышууңуз менен  экономикада, соодада жана Кыргызстандын коргонуу жөндөмүн чыңдоо боюнча абдан ири долбоорлорду ишке ашыра  алдык”,-деди Президент.

Мамлекет башчысы  Кыргызстандын ЕАЭБге кириши өлкөнүн бардык ишенимин актап жатат, деп оюн улантты. “ Евразиялык экономикалык бирликке кирүүнүн шарапаты  менен товар жүгүртүү кескин, өзүңүз белгилеп кеткендей, 23 пайызга өскөндүгүн, эмгек мигранттарыбыздын акча которуулары  дагы өскөндүгүн көрүп турабыз. Эң негизгиси –  бул жерде иштеген Кыргызстан жарандары үчүн жашоо канчалык жеңилдей түшкөнүн көрүп жатабыз”,-деди Президент.

Алмазбек Атамбаев  Кыргызстан менен Россия тыгыз маданий байланыштарды сактап калгандыгына абдан кубанычта экендигин жашырган жок. “Албетте, байланышты мындан дагы бекемдеш керек. Бүгүн Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү ачылып жатат, болгондо дагы Кремлдеги сьезддер ак сарайында. Бул иш чара маданий байланыштарды  тереңдетүүнүн мыкты мүмкүнчүлүгү”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президенттин пикири боюнча  Кыргызстан менен Россияны байыркы тарых гана байланыштырбайт. “Албетте, бизди жалпы келечегибиз дагы сөзсүз байланыштырып турат”,-деп кошумчалады ал.

Сөзүнүн акырында Алмазбек Атамбаев  Россия Федерациясы тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Россия мамлекетинин башчысынын пикири боюнча  чейрек кылымдын аралыгында  эки өлкөнүн  өз ара аракеттенишүүсү бардык багыттар боюнча ырааттуу, өз ара урматтоо жана бири биринин кызыкчылыктарын эске алуу принциптеринин негизинде  өнүгүп, чыныгы стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине чыкты.

“Кыргызстандын Президенти менен азыркы сүйлөшүүлөр салтка айланып калгандай, достук жана конструктивдүү маанайда өттү. Биз  эки тараптуу  күн тартибиндеги эң маанилүү маселелердин бардыгын талкууладык. Эки өлкөнүн Өкмөт мүчөлөрү, ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен бирге  россиялык-кыргыз мамилелердин абалын, биринчи кезекте соода-экономикалык чөйрөдөгү абалды толук карап чыктык”,-деди Владимир Путин

Россиянын Президентинин сөзү боюнча  Россия менен Кыргызстандын стратегиялык мамилелердин маанилүү бөлүгү –  аскердик-техникалык жана аскердик кызматташуу. Бүгүн кол коюлган аскердик-техникалык  кызматташууну өнүктүрүү  тууралуу мамлекеттер аралык келишим Кыргызстандын коргонуу жөндөмдүүлүгүн мындан ары чыңдоого олуттуу салым кошо алат.

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапар менен Россияга учуп келди

А. Атамбаев кечээ, 19-июнда мамлекеттик сапар менен Россия Федерациясынын  Москва шаарына келди. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.

Аэропорттогу расмий жолугушуунун аземинде  Ардактуу кароолдун ротасы тизилип турду, оркестр эки  өлкөнүн мамлекеттик гимндерин ойноду, эки өлкөнүн туулары илинди.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Тарагасы Дмитрий Медведев менен жолугушат. Ошондой эле Башкырстан Республикасынын башчысы  Рустэм Хамитов  менен Уфа шаарында  жана Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен Казан шаарында  жолугушат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин сапарынын алкагында Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрү өткөрүлөт.

Мындан тышкары сапардын жүрүшүндө  бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу  болжолдонууда.

Алмазбек Атамбаев Ананьево айылындагы жарылуудан улам каза тапкандардын туугандарына көңүл айтты жана материалдык жардам көрсөтүүгө тапшырма берди

Президент Атамбаев бүгүн,  20-июнда,  кечэ, 19-июнда, Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылындагы автогазозаправка станциясындагы жарылууда каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына  көңүл айтты.

Мамлекет башчысы каза тапкандардын үй-бүлөсүнө жана жапа чеккендерге  материалдык жардам көрсөтүү боюнча тапшырма берди.

Жарылуудан улам 2 адам каза таап, 8 адам жапа чеккен.

Алмазбек Атамбаев Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду

Аламазбек Атамбаев бүгүн, 20-июнда Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Кремлдин дубалынын боюндагы Александров багындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.

Гүлчамбар койгондон кийин Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен таазим этти.
Бир мүнөттүк эскерүүдөн кийин аскердик оркестр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин ойноду.

Алмазбек Атамбаев Германиянын мурдагы Федералдык канцлери Гельмут Кольдун кайтыш болгондугуна байланыштуу Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелге көңүл айтты

Атамбаев Германиянын мурдагы Федералдык канцлери Гельмут Кольдун кайтыш болгондугуна байланыштуу Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелге көңүл айтты.

“Германия Федеративдүү Республикасынын мурдагы Федералдык канцлери, дүйнөлүк масштабдагы чыгаан саясатчы Гельмут Кольдун дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Гельмут Коль  бириккен Германиянын калыптанышына жана өнүгүшүнө, Европанын чыңдалышына  зор салым кошкон, ошол эмгеги  менен өз элинин гана эмес, бүт дүйнө элдеринин терең урматтоосуна татыган.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан   Сизге, жалпы Германия элине, Гельмут Кольдун туугандарына жана жакындарына  терең кайгыруу менен көңүл айтам. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын  тең бөлүшөбүз”,-деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Алмазбек Атамбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды

Президент Атамбаев бүгүн, 19-июнда, өлкөнүн  Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.

Өлкөнүн Президенти тарабынан кол коюлган мыйзамга ылайык, Коопсуздук кеңешинин  Кыргыз Республикасынын  конституциялык  түзүлүшүн, суверенитетин,  көз карандысыздыгын жана территориалдык бүтүндүгүн азыркы замандын көйгөйлөрүнөн жана коркунучтарынан коргоого, өлкөнү узак мөөнөттүү перспективага туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталган тышкы жана ички саясаттагы маселелер боюнча чечим иштеп чыгуу бөлүгүндөгү ыйгарым укуктары   күчөтүлгөн.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин толугу менен сапаттуу ишке ашыруу зарыл экендигин белгилеп, азыркы замандын көйгөйлөрүн  жана коркунучтарын эске алуу менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын  натыйжалуу ишин камсыз кылуу тапшырмасын берди.

Меню