Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

«Таза коом» санариптик трансформация Программасы жогорку деңгээлдеги Эл аралык форумунун жыйынтыгы менен биргелешкен декларация кабыл алынды

Декларациянын текстин Президенттик Аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү расмий сайтына жарыялады:

Биз, «Таза коом» санариптик трансформация Программасы жана Туруктуу өнүгүүнүн глобалдуу максаттары» Эл аралык форумунун катышуучулары, Кыргыз Республикасынын санариптик трансформация Программасынын («Таза коом») Туруктуу өнүгүүнүн глобалдуу максаттары менен айкалышуу маселелерин талкуулап,  алдыңкы санариптик технологияларды пайдалануу, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо максатында мониторинг жасоо менен экономиканын жана коомдук мамилелердин өнүгүшүнө салым кошууниети менен биригип:

Кыргыз Республикасынын Улуттук «Таза коом» санариптик трансформация Программасын иштеп чыгуу жана ишке ашырууга жумшаган күч-аракетин колдойбуз жана тилектештигибизди билдиребиз;

санариптик трансформация идеясы технологиялык өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткычы экендигин жана өлкөнүн атаандашуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга шарт түзөөрүн белгилейбиз;

«Таза коом» Программасы өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн, туруктуу өнүгүү жаатында Максаттарга жетүүнү (ТӨМ) алдыга жылдыруучу негизги институттардын бири болооруна,  маалымат коому маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги Дүйнөлүк жолугушуунун жыйынтыктары боюнча иштелип чыккан багыттарды аткарууга көмөктөшүүсүнө ишеним билдиребиз;

Кыргыз Республикасы инновация жана маалымат- коммуникациялык технологияларды колдонуу менен өнүгүүгө сапаттуу секирик жасоого умтулуусу санариптик технологияларды бардык чөйрөдө колдонуу менен туруктуу өнүгүү жолунда прогресске жана инклюзивдүү өсүшкө алып келээрине ишенебиз;

Туруктуу өнүгүүнүн үч негизи – экономикалык өнүгүү, социалдык  турмушка катышуу жана айлана-чөйрөнү коргоо – «Таза коом» Программасын ишке ашыруу алкагында ылдамдай тургандыгын билдиребиз;

Кыргызстан үчүн маанилүү социалдык кызматтарды көрсөтүүдө (мисалы, саламаттыкты сактоо менен билим берүү кызматтарын онлайн-режиминде көрсөтүү) техникалык инновациялардын жетишкендиктерин колдонуу демилгечиси мамлекет институту болуп жаткандыгы маанилүү факт.

Билим алууга жана МКТга тоскоолдуксуз жетүүнү камсыз кылуу адам  потенциалынын өсүшүнө жана туруктуу өнүгүүгө жетүү үчүн маанилүү, бул деген коомдук ресурстарды башкарууда милдеттүү түрдө транспаренттүүлүккө, жумуш орундарынын пайда болушуна,  дегеле калктын бакубаттуулугуна алып келет.

Башкарууну оптималдаштыруу кайра өндүрүү процессинин өсүшүнө дем берет. Жазы тилкелүү байланыштын кошулушун камсыз кылуучу «Таза коом» Программасынын жыйынтыгында өлкөнүн ИДП азыркыдан эки эсеге ылдам өсөөрүнө ишенебиз.

Жогорку технологиялык жумуш орундарынын пайда болушу экономиканын баардык секторлорунун өнүгүшүнө өбөлгө болооруна ишенебиз.

Кыргыз Республикасы өз мойнуна алган экономиканын өнүгүү чектерин көрсөтүүчү милдеттенмелердин алкагында (Париж макулдашуусу)  «Таза коом» Программасы «жашыл»  өсүштү түптөө боюнча негизги принциптерди  дагы камтыйт.  Парник  газдарынын чыгындысы менен мыйзам деңгээлинде жана секторлорду өнүктүрүүнү пландоонун деңгээлинде чечкиндүү күрөшүү үчүн санариптик технологияларды жигердүү түрдө колдонуу менен чечимдерди кабыл алуу иштери башталат.  Көмүртектин чыгындысын алдын алуу жана мониторингди камсыз кылуу үчүн булут эсептери ишке кире баштайт.

Биз туруктуу өнүгүү Максаттарына жетүүдө «Таза коом»  Программасынын салымын белгилеп кеткибиз келет:

– чың ден-соолук жана бакубаттуулук:  электрондук саламаттыкты сактоо жана ийкемдүү саламаттыкты сактоо;

– сапаттуу билим берүү:  электрондук билим берүү окутуу кызматтарына жеткиликтүүлүктү арттырат, ошондой эле жаштардын МКТ боюнча билим алуусу жумуштуулукка жана суроо-талапка жооп берген адистердин, татыктуу айлык акы болушуна өбөлгө түзөт;

– таза суу жана санитария:  «акылдуу суу менен камсыз кылуучу системаларды»  колдонуу менен суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга жана калкты таза суу менен максималдуу түрдө камсыз кылууга болот;

– татыктуу жумуш жана экономикалык өсүш: МКТ-сектор жумуштуулукту жана квалификациялуу эмгекке керектөөнү камсыз кылат, гендердик дисбалансты төмөндөтүп, экономикалык өсүшкө жана бакубаттуулукка шарт түзөт;

– индустриялаштыруу, инновациялар жана инфраструктура: МКТ  өз маңызы боюнча жаңы экономикалык инфраструктураны калыптандыруунун негизи жана драйвери болуп эсептелет;

– туруктуу шаарлар жана калктуу пункттар:  «акылдуу шаарлар», айыл жашоочуларынын инфраструктураларга жеткиликтүүлүгү адамдардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот;

– климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү:  МКТны өндүрүштө жигердүү пайдалануу менен парник  газдарынын чыгындысын алдын алуу, мониторинг системаларынын жардамы менен төмөндөтүү; аналитикалык системалар;

– тынчтык, акыйкаттуулук жана эффективдүү институттар: санариптик өкмөт, санариптик кызматтар, санариптик демократия, ачык мамлекеттик маалыматтар;

– туруктуу өнүгүү максатында өнөктөштүк: МКТ-инновацияларында өнөктөштүк жана МКТ инструменттери аркылуу өнөктөштүк.

РЕЗЮМЕ

Биз Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү жолунда инновация, маалымат-технологияларды жана санариптик технологияларды колдонуу аркылуу сапаттуу секирик жасоого умтулуусун колдойбуз.

Биз туруктуу өнүгүү боюнча Глобалдуу максаттар менен айкалышкан «Таза коом» Программасын ишке ашырууда көп тараптуу кызматташтыкты колдоорубузду билдиребиз.

Биздин сунуштарыбыз «Таза коом» программасын ишке ашыруу учурунда чечим кабыл алуучу адамдарга, жалпы бир максатка – коррупциясы жок, ачык коомду курууга жетүү үчүн биригишкен өлкө лидерлерине, бизнес өкүлдөрүнө жана жарандык коомго пайдалуу болооруна ишенебиз.

Биз Эл аралык форумдун катышуучуларын «Таза коом» Программасын ишке ашыруу боюнча мындан ары дагы кызматташууга чакырабыз.

Биз «Таза коом» санариптик трансформация Программасынын бардык багыттары боюнча кызматташууну жана диалогду улантуу ниетибизди билдиребиз жана глобалдуу маалымат коомунун принциптерине, максаттарына жана туруктуу өнүгүү Максаттарына ылайык, өнөктөштүккө чакырабыз.

Алмазбек Атамбаев Президент Владимир Путинди Россиянын күнү менен куттуктады

Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге  мамлекеттик майрамга – Россиянын күнүнө  байланыштуу куттуктоо жолдоду. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү маалымдайт.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда  Россия Федерациясы өткөн жылдардын аралыгында  демократиялык кайра түзүүлөрдүн жана экономикалык реформалардын жолунда, мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө абдан олуттуу натыйжаларга жетишип, эл аралык аренада Россиянын кадыр-баркы  өскөндүгү белгиленет.

“Россия Федерациясынын  өлкөлөрүбүздүн ортосундагы союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоодогу жана  өнүктүрүүдөгү зор салымын канааттануу менен белгилейбиз.

Өз ара пайдалуу кыргыз-россиялык кызматташуу мындан ары дагы элдерибиздин жыргалчылыгына багытталып, ырааттуу өнүгө берет деп ишенем”, – деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Владимир Путинге чың ден-соолук, эсенчилик жана жооптуу  мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Россия элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Жөлөкпул төлөөдө үй-бүлө кирешеси эсепке алынбайт

Жарык дүйнөгө келген ар бир ымыркайга мамлекеттин эсебинен бир жолку сүйүнчүпул төлөнсүн деп демилгеленип жатат. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы маалымдайт.

Эгер бала өлүү төрөлө турган болсо анда аларга аталган каражат жайылтылбайт. Андан тышкары 3 жашка чейинки балдарга ай сайын берүүчү жөлөпулду белгилөө талаптары да коюлууда. Эгер 3 жаштан 16 жашка чейинки 3төн ашык балдары бар үй-бүлөлөр болсо алардын балдарынын бардыгына эмес 3-баласынан баштап каражат төлөнөт, – дешет демилгечилер. Бул тууралуу «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзам долбоорунда кеңири баяндалат. Бул маселе  Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 12-июндагы жыйынында каралып, 3-окууда жактырылды.

Ишке жарамсыз жарандарга жана пенсия алууга укугу жокторго, ВИЧ-СПИД дартынан жабыркагандарга  жөлөкпулдар боюнча каралган төлөмдөр дагы ушул эле мыйзам долбоорунда иреттештирилген.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытованын айтымында, ушул тапта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 279 миң балдары жөлөкпул алышат. Эгер сунушталып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынып калса, үй-бүлө кирешесин эсепке албастан туруп бардык балдарга бирдей жөлөкпул төлөнөт. Ошондо мындай каржылык колдоодон 660 миң бала пайдалана алышат,- деп билдирди Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин өкүлү.

Алмазбек Атамбаев Чехиянын Президенти Милош Земан менен жолугушту

Атамбаев бүгүн, 10-июнда   Казакстан Республикасынын Астана шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Чехиянын Президенти Милош Земан менен жолугушту. Бул туурасында Президенттин Аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу маселелери талкууланды

Мамлекет  башчылары  эки тараптуу байланыштарды бардык деңгээлде активдештирүүнү колдоорун билдирип,  Кыргызстанга Чехия инвестицияларын тартуу маселелерин   жана конкреттүү долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун перспективаларын талкуулады.

Чехиянын Президенти Милош Земан чех тарап Кыргызстанда энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар экендигин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев аңгемелешүүнүн жүрүшүндө Чехиянын Президенти  Милош Земан аркылуу –  чех элине  Кыргызстанга өткөн кылымдын 30чу жылдары көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип,  алардын эмгеги ата мекендик өнөр жайдын калыптанышына жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкондугун баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев  ошондой эле  Кыргызстанда  негизги чөйрөлөрдөгү жүргүзүлүп жаткан реформалар жана  бардык тармактардагы процесстердин ачык жүргүзүлүшүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында айтып берди.

Алмазбек Атамбаев жумушча сапар менен Казакстанга учуп келди

Атамбаев кечээ, 8-июнда жумушчу сапары менен Казакстан Республикасынын борбору Астанага учуп келди. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Визит учурунда Президент Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышып жаткан мамлекет башчылары  менен бирге «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнүн ачылыш салтанатына катышат.

Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту

Атамбаев бүгүн, 9-июнда   Шанхай кызматташуу уюмунун мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин  жыйынына катышуунун алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстандын Президенти  Шавкат Мирзиёев Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу тосуп алды. “Сиздин Самарканга жасаган сапарыңыздан кийин мүмкүнчүлүк болгон сайын жолугушуп турушубуз жакшы салтка айланды. Бүгүнкү жолугушуубуз  эки тараптуу мамилелер бардык тармактарда  жигердүү өнүгүп жаткандыгын ырастап турат. Товар жүгүртүүнүн көлөмү кыйла өстү, эки өлкөнүн чек арасы канатташ облустарынын ортосунда байланыштар тереңдеп жатат. Кайсы жерде жолугушпайлы,  алдыга жылыш үчүн биз  бардык күч аракетти жумшап  жатабыз”,- деди Шавкат Мирзиёев.

“Биз сизди расмий сапар менен Өзбекстанга келип кетүүгө чакырабыз. Арадан өткөн жарым жыл алдыга жылыш үчүн жакшы негиздер бар экендигин көрсөттү. Эгерде биз  ишкерлер коомчулугун бириктирсек, чындыгында жакшы ийгиликтер жаралат. Эң негизгиси биздин ортодо чек  ара болбошу үчүн бардык аракетти жасашыбыз керек, биздин чек араларыбыз ачык болууга тийиш”, – деп белгиледи  Шавкат Мирзиёев.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевге Өзбекстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык айтып, бардык  олуттуу тармактарда  кыргыз-өзбек мамилелерин чыңдоо боюнча биргелешкен активдүү иштерге  даярдыгын  билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев  Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара боордош эки элдин жыргалчылыгындагы достуктун жана тынчтыктын чек арасы болууга тийиш экендигин баса белгиледи.

Эки өлкө  башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен  тиешелүү ведомстволорго кыргыз-өзбек  мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимди кол коюу боюнча маселелерди макулдашуу иштерин тездетүүгө тапшырма берилди.

Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги тар чөйрөдөгү жыйынына катышты

Алмзабек Атамбаев бүгүн, 9-июнда  Казакстан Республикасынын Астана шаарына жасаган  жумушчу   сапарынын алкагында  Шанхай кызматташтык  уюмунун мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги тар чөйрөдөгү жыйынына  катышты. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев  ШКУ  мүчө мамлекет башчыларын тосуп алды, протоколдук сүрөткө  түшкөндөн кийин жыйындын катышуучулары тар чөйрөдө жолугушту.

Андан соң жыйын кеңири курамда улантылат.

Алмазбек Атамбаевдин 2010-жылдагы июнь окуяларынын 7 жылдыгына байланыштуу кайрылуусу

Алмазбек Атамбаев 2010-жылдагы июнь окуяларынын 7 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Кайрылуунун текстин Президенттин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү расмий сайтына жарыялады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

Урматтуу мекендештер!

2010-жылы июнда Кыргызстан түштүгүндөгү окуялардан бери жети жыл өттү. Ал каргашада 442 жараныбыздан айрылдык, миңдеген мекендештерибиз майып болуп калды, ондогондору дайынсыз жоголду.

Бүгүн биз ошол күндөрү жакындарынан айрылган мекендештерибизге кайрылып, кайрат айтабыз! Жабыр тарткандарга жардам берген өлкөбүздүн бардык жерлериндеги жарандарыбызга, ар тараптан колдоо көрсөткөн эл аралык коомчулукка дагы бир жолу ыраазылык жолдойбуз.  Ошол оор күндөрү тилектештигин жана чыдамдуулугун көрсөтүп, башка чыгымдардын эсебинен түштүктө жабыр тарткандарга жана калыбына келтирүүгө мамлекеттен кошумча миллиарддаган сомдорду бөлгөн акылман жана айкөл элибизге өзгөчө алкыш айткым келет. Кыргыз Республикасы 2010-жылы июнда жабыр тарткандарга мурдагы Советтер Союзу 1990-жылдагы ушундай каргашадан кийин бергенге караганда алда канча көп жардам бергени жалпыга маалым.

Бүгүн ошол күндөрү кан төгүүлөрдү токтотуп, тынчтык менен туруктуулукту орнотуу Кыргызстанга канча кыйын болгонун, элдер, адамдар ортосундагы ишенимди кайтаруу үчүн кандай гана чечимдер, аракеттер көрүлгөнүн эске салгым келет.   Андан бери Кыргыз Республикасы эл биримдигин жана этнос аралык мамилелерди чыңдоо боюнча өз концепциясын токтоосуз жүзөгө ашырып келатат. Мындай каргаша кайталанбас үчүн бардык чаралар көрүлүүдө.

Ушундай күч-аракеттерибиздин артынан Кыргызстанда мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун жаңжалдардын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу боюнча өзгөчө тажрыйбасы топтолууда. Эл ичинде ишеним, өз ара урмат мамилелер акырындан жакшырып баратат. Ар башка этнос өкүлдөрү эл аралык мелдештерде жана конкурстарда  Кыргызстандын туусун сыймык менен көтөрүп чыгууда.

Этностук тегине карабастан, жаштар жана балдар арасында өз Мекени Кыргызстанга сүйүүсү ачык байкалып жатат. Күнүмдүк турмушунда кыргыз тилин колдонгондор көбөйдү, көп тилдүүлүк жарыша өсүүдө. Коңшу өлкөлөр менен чек ара такташуу иши улам илгерилей баштады.

Бүгүн абал такыр башка. Өлкөдө туруктуулук, эл биримдиги улам бекемделип баратат. Кыргыздар менен өзбектердин мамлекеттик мекемелерде, базарларда, окуу жайларда, коомдук транспортто өз ара ызаат мамилеси, жакшылык-жамандыкта катташа баштаганы буга далил. Өзбекстандын жаңы бийликтери коӊшулары менен достук мамилесин чыӊдоого жүз бурду, эки жактын өкмөттүк делегациялары бири-бирине катташа башташты, чек араларды тактап, чекит коюуга чын ыкластан киришип жатабыз.

Эл аралык изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстан калкынын мамлекеттин этностор аралык чатактарды алдын алуу жөндөмдүүлүгүнө ишеними өсүп жатат. Эгерде 2014-жылы калктын 30 проценти ишенсе, ишеним индекси 2015-жылы 82 процентке өскөн.

Урматтуу мекендештер!

Азыркы дүйнө жаңы коркунучтарга – терроризмге жана экстремизмге кабылды. Баардык континенттерде терракттар,  расалык кастык, ксенофобия күч алды. Миллиарддаган акча да, аскердик кубат да бул коркунучтарды токтото албай жатат.

Тилекке каршы, Кыргызстанда да этнос аралык мамилелерге от жаккысы келген күчтөргө иштеген адамдар бар. Укук коргоочу, эксперт жана журналисттин атына жамынып алышып, июнь каргашасынын жылдыгы алдында абалды курчуткандан кайра тартпай турушат.

Ошондуктан, азыр Тынчтыкты жана эл биримдигин сактап калуу негизги максатыбыз болууга тийиш. “Ырыс алды – ынтымак”. Тынчтык менен Ынтымакты көзүбүздүн карегиндей сактайлы. Өлкөдөгү тынчтык менен биримдик ар бир шаардан, айылдан, көчөдөн, үйдөн башталат! Бардык жарандарыбыз тилектеш жана максатташ бир бүтүн элди түзгөндө гана бакубат Кыргызстанды кура алабыз.

Өлкөдөгү бардык этносторду бириктирүүчү күч болгон, мамлекетке ат  берген улуттун тарыхын, маданиятын, тилин Кыргызстанды мекендеген бардык этнос өкүлдөрү билүүгө жана урматтоого тийиш. Этностук тегине жана диний ишенимине карабай, ар бир кыргыз жараны эл-жерибиздин оорчулугун бирдей көтөрүүгө, жакшылыгын бирдей көрүүгө тийиш.

Сабырдуулук, кечиримдүүлүк – дүйнөнү, тынчтыкты сактап турган улуу касиет! Ошондуктан, бүгүн мен ар бир кыргызстандыкка кайрылгым келет:

Кекчил болбой, кечиримдүү бололу!

Аксым болбой, айкөл бололу!

Жамандыкты ойлобой, амандыкты ойлойлу!

Биз эли эркин жана ынтымактуу, жери гүлдөгөн, телегейи тегиз Кыргызстанды курабыз!

Фото - Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин кеңири чөйрөдөгү кезектеги жыйынына катышты

Атамбаев бүгүн, 9-июнда  Казакстан Республикасынын Астана шаарына жасаган  жумушчу   сапарынын алкагында  Шанхай кызматташтык  уюмунун мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин кеңири чөйрөдөгү кезектеги жыйынына  катышты. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.

Жыйында сүйлөгөн сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевге  меймандостугу жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип,  жыйындын бардык катышуучуларына салам айтып, боордош Казакстан элин ачыла турган «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүн жакшы уюштурушу менен куттуктады.

«Бүгүнкү саммит ШКУнун өнүгүү тарыхындагы жаңы баракты ачат. Биз Индия Республикасын жана Ислам Пакистан Республикасын ШКУнун толук кандуу мүчөлүгүнө кабыл алуунун жыйынтыктоочу учуруна келдик. Кыргызстан  Индия менен Пакистанды кабыл алуу жол жобосунун аякташы  жана аларга ШКУнун мүчө мамлекетинин статусун ыйгаруу тууралуу бүгүнкү чечимдерге кол коюуну колдойт.

Мен Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди мырзаны жана Ислам Пакистан Республикасынын Премьер-министри Наваз Шариф мырзаны ушул маанилүү окуя менен  чын дилимден куттуктайм”,-деди Президент.

Алмазбек Атамбаев  ШКУнун алкагы кеңейиши менен бирге Уюмдун алкагында чогуу иштеш үчүн жаңы  саясый  жана экономикалык  шарттар калыптана баштааарын белгиледи.

Уюмдун  иштерин жаңы  шарттарга карата ыңгайлаштыруу, перспективалуу пландарга толуктоолорду киргизүү маселеси алдыңкы планга    чыга баштайт.

“ШКУнун ишмердигинде коопсуздук тармагындагы кызматташуу негизги багыттардан болуп кала бериши зарыл деп эсептейм. Аймакта  тынчтыкты жана туруктуулукту сактап туруу, “каргашалуу үч күчкө” каршы туруу көңүлүбүздүн борборунда кала берүүгө тийиш.

Бул багытта мамлекеттерибиздин ортосунда кызматташуунун механизмдерин өркүндөтүү керек.

Жакынкы Чыгыштагы абал татаалдашып жатышы  терроризмдин, сепаратизмдин жана экстремизмдин, баңги заттарынын мыйзамсыз айланышынын  жана трансчек арадагы уюшкан кылмыштуулуктун өсүшүнө алып келүүдө.

Албетте, ШКУ өлкөлөрү үчүн Афганистандагы аскердик-саясий кырдаалдын татаалдыгы олуттуу коркунуч жаратууда”,- деди Мамлекет башчысы.

Радикалдуу экстремизмдин идеологиясын таркатуу, ИГИЛди жана башка террористтик уюмдарын ШКУ мүчө мамлекеттеринин   жарандарына  пропагандалап,  анын катарына тартып жатышы  терең тынчсызданууну жаратат, деп сөзүн улады Президент. Ушуга байланыштуу  биз Регионалдык антитеррористтик түзүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатышыбыз керек.

“Бүгүн биз  экстремизмге каршы туруу боюнча ШКУнун Конвенциясын кабыл алып жатканыбыз терроризмге каршы күрөшкө кошкон салымыбыз болуп калат деп ойлойм.

Жогоруда аталган факторлордун өсүшүнүн шарттарында   канатташ чек ара райондорунда ишенимди бекемдөө боюнча кызматташууну тереңдетүү зарылчылыгы жаралып жатканын белгилеп кетейин. Биз  ШКУ мүчө  мамлекеттеринин ортосундагы чек араларды тынчтыктын жана достуктун алкагына айландырышыбыз керек.

Ошондуктан  биз “шанхай духун” жактаган боюнча калып,  чек ара маселелери боюнча ШКУ мүчө мамлекеттеринин кызматташуусу жана өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Макулдашууга ылайык өз ара  так аракеттенүүгө тийишпиз. Бул Макулдашуу 2015-жылы кабыл алынган”,- деди  Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз Республикасынын Президенти соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү дагы аймакта стабилдүүлүктү жана коопсуздукту чыңдоого өбөлгө болоорун билдирди. “Анткени  мамлекеттерибиздин   калкынын жыргалчылыгы, экономикалык проблемаларды чечүү экстремисттик идеялардын экспансиясын токтотуп, туруксуздуктун жергиликтүү очокторунун пайда болушуна жол бербөөгө шарт түзөт. Ошондуктан биз соода-экономикалык кызматташууну активдештирүүнү колдойбуз, бул багытта  ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүү боюнча маселени чечүүгө акыры мезгил бышып жетилди. ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүүгө артыкчылык берүү  менен бирге  Кыргызстан  ШКУну жана Шанхай бешилтигин түзүүчүлөрүнүн бири болгондугун дагы бир ирет эске салып койгубуз келет.  Ошол учурда дагы, азыр дагы  биз ШКУ банкы Бишкекте түзүлүп, ушул жерде жайгашышы керек деп баса белгилейбиз”,- деп Алмазбек Атамбаев инфраструктураны өнүктүрүү абдан чоң мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

Кыргызстандын Президентинин пикири боюнча инфраструктураны өнүктүрбөй туруп  интеграциялык процесстерди тереңдетүү мүмкүн эмес.  Бул жерде  “Бир алкак – бир жол” глобалдуу идеясында биздин аймактагы сунушталган мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланыш керек.

“Бул идеялар ШКУну 2025-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы жана  БУУнун 2030-жылдарга чейин туруктуу өнүктүрүү тармагындагы күн тартиби менен  үндөшүп турат.

Ушуга байланыштуу  мен дагы бир ирет «Китай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушунун долбоорун ишке ашыруу абдан маанилүү экендигин белгилеп кетем.

Биз  бүгүн  ШКУ мүчө мамлекеттеринин туризм чөйрөсүндө кызматташуусу жөнүндө Программаны ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттенүү Планын кабыл алууну колдойбуз”, -деди Алмазбек Атамбаев.

Сөзүнүн акырында Мамлекет башчысы  бүгүнкү жыйындын жыйынтыктары  ШКУнун алкагында кызматташууну чыңдоого олуттуу салым кошооруна ишенимин  билдирди. Кыргызстандын Президенти Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевге өткөн мезгилдеги ийгиликтүү ишмердиги үчүн ыраазычылык билдрип, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзипинди алдыдагы мезгилде ШКУ мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинде төрагалык кылуу милдетин алышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

«Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Президент Атамбаев «Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду. Бул туурасында Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 26-апрелинде  кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасынын жер жөнүндө мыйзамдарын мындан ары өркүндөтүү.

Кабыл алынган Мыйзам  Жер  кодексине, Токой кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)  жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга  өзгөртүүлөрдү  киргизет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Меню