Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды

Атамбаев бүгүн, 8-июнда өлкөбүздүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул туурасында Президенттин маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы  суу ташкындарынан, селден, жер титирөөнүн жана жер көчкүлөрдүн кесепетинен калктуу пункттарды жана жашоону камсыз кылуучу обьектилерди  коргоо жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча атайын  иш чаралардын аткарылышы  тууралуу маалыматты укту.

Кубатбек Боронов  ошондой эле республика боюнча жүргөн селдердин, тактап айтканда   Жалал-Абад облусунун Аксы районунда селдин кесепеттерин жоюу боюнча  жасалып жаткан жумуштар  тууралуу маалымдап, калкка жардам көрсөтүү боюнча иштерге токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев  министрликке өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин  жакшыртуу жана жаратылыш кырсыктары катталып жаткан жерлерде адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн  өз учурунда чара көрүүгө тиешелүү бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Алмазбек Атамбаев жумушчу сапары менен Казакстанга учуп кетти

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-июнда жумушчу сапар менен Казакстан Республикасынын борбору Астанага учуп кетти. Бул туурасында Президенттик  Аппараттын басма сөз кызматы маалымдайт.

Визит учурунда Президент Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышып жаткан мамлекет башчылары  менен бирге «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнүн ачылыш салтанатына катышат.

8-июнь, 2017-жыл

Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Казакстанга барат

Атамбаев 2017-жылы  8 – 10-июнда жумушчу сапар менен Казакстан Республикасынын борбору Астанага барат. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.

Визит учурунда Президент Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышып жаткан мамлекет башчылары  менен бирге «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнүн ачылыш салтанатына катышат.

Атамбаев Улуттук онкология борборун оңдоо жана модернизациялоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Президент Атамбаев бүгүн, 7-июнда өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборун капиталдык оңдоодон өткөрүү, модернизациялоо жана жабдуулар менен камсыз кылуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.

Кеңешмеде Улуттук онкология борборун модернизациялоо максатында онкология ооруларын эрте аныктоо үчүн заманбап диагностикалык жабдуулардын комплексин алуу, нур терапиясы үчүн заманбап аппараттар менен жабдуу пландалып жаткандыгы белгиленди. Бул онкологиялык кеселге чалдыккан пациенттерди атайын нур менен толук көлөмдө дарылоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле Улуттук онкология борборунун операция блогун жана реанимациясын заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу каралган. Бул да онкологиялык ооруга чалдыккандарды дарылоонун натыйжалуулугун арттырмакчы.

Улуттук онкология борборунун имараты мындан 50 жыл мурда курулганын эске алып, негизги имараттар менен жайларды реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо пландалууда. Оңдоо иштери учурунда оорукананын имараты заманбап көрүнүшкө келтирилет, ошондой эле борбордун бардык территориясы жашылдандырылат жана көрктөндүрүлөт.

Оор кеселге чалдыккан адамдарды дарылоо шарттарын жакшыртуу боюнча мындан ары чараларды көрүү зарылчылыгын баса белгилеп, Президент Алмазбек Атамбаев  каржылоо маселелерин кечиктирбей өз убагында чечүү, имаратты реконструкциялоо жана оңдоо иштерин ыкчам аяктоо, ошондой эле 2017-жылдын 1-октябрына чейин Улуттук онкология борборун  керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча ачык-айкын тапшырмаларды берди.

Президент Алмазбек Атамбаев Мамкурулушка Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн жаңы имаратын долбоорлоо ишин баштоону жана бир жылдын ичинде анын курулушун аяктоону тапшырды.

Мамлекет башчысы оңдоо жана курулуш иштерин жүргүзүү учурунда пациенттердин дарылануусу жана медициналык персоналдын иши үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгына көңүл бурду.

Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктоос

Атамбаев бүгүн, 7-июнда фФинансы жана экономика системасынын кызматкерлеринин күнүнө карата өз куттуктоосун билдирди. Куттуктоону Президенттин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү расмий сайтына жарыялады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

Урматтуу Кыргыз Республикасынын финансы  жана экономика системасынын кызматкерлери!

Баардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар – Финансы  жана экономика кызматкерлеринин  күнү менен  куттуктайм!

Өз ишине берилген, өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон,  ийгиликтин негизги фактору болгон,  мамлекетибиздин атаандашуу  мүмкүнчүлүгүн аныктаган  кесипкөй экономисттерсиз жана финансисттерсиз Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү мүмкүн эмес. Көпчүлүгүңүздөр  экономика жана мамлекеттик финансы тармагындагы акыркы жылдары  туруктуу мүнөзгө ээ болгон  жакшы өзгөрүүлөрдүн  жигердүү катышуучу жана демилгечиси болуп саналасыздар.

2016-жылдагы дүйнөлүк экономиканын өнүгүшүндөгү созулуп келаткан жагымсыз тенденцияларга жана тышкы  шокторго карабастан, Кыргызстан   ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин арасында  эң чоң  – 3,8% өсүшкө жетишти. 2017-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы менен өсүштүн реалдуу темпи 7,7% түздү. Ошол эле мезгилде товарлардын экспорту 28,5 %  өстү.

Учурда  Кыргызстанда  билимге жана жаңы технологияга негизденген экономиканы түзүү боюнча кайталангыс жаңы долбоор  ишке ашырыла баштады. “Таза коом” долбоору коррупциядан жана  чиновниктердин өзүм билемдигинен эркин болгон, негизги максаты адамга багытталган экономиканы,  акыйкат жана таза коомду калыптандырууга багытталган. Бул  долбоор  азыркы күндө иштелип жаткан Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын негизин түзүүгө тийиш.

Кыргызстандын  көпчүлүк финансисттери менен  экономисттеринин башын бириктирген  нерсе – өз кесибин жана мекендештерин урматтоо, Мекенди ардактоо, аны өнүктүрүүгө кызмат кылуу. Биз  мамлекетибизди өнүктүрүү максатында улуттук экономика сыяктуу масштабдуу жана татаал комплексти модернизациялоо үчүн кошумча дем берүүчү   шарттарды биргелешип издөөгө милдеттүүбүз. Өлкөгө жаңы идеялар, өлкөбүздүн ички чарбалык проблемаларын  жана глобалдуу экономикалык аймактагы тенденцияларды  жигердүүлүк менен изилдеп,  аны өнүктүрүүнүн жолдорун терең билген билимдүү адистер керек.

Сиздердин тынымсыз аракетиңиздер өлкөбүздүн гүлдөп өнүгүшүнө алып келип, биз финансылык  жана экономикалык көз карандысыздыкка жетишебиз  деп ишенем.

Биргелешкен күч аракет менен  Кыргызстанды аймактагы  жашоого ыңгайлуу болгон мамлекетке айландырабыз деп ишенем. Эркин жана бакубат жашаган адамдардын өлкөсүнө, бийлиги адилет жана жооптуу мамлекетке. Кайталангыс маданиятка ээ, тышкы таасирлерге  туруктуу келген   өнүккөн экономикасы бар мамлекетке айландырабыз.

Урматтуу финансисттер жана экономисттер!

Финансы  жана экономика системасынын бардык кызматкерлерин дагы бир ирет кесиптик майрамы менен куттуктайм! Баардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, туруктуулук жана ишиңиздерге ийгилик каалайм!

Алмазбек Атамбаев Эл аралык алтайчылар форумуна даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалыматты укту

Атамбаев 3-июнда өз кеңешчиси Мира Карыбаеваны кабыл алып, 2017-жылы 20 – 22-июлда Кыргызстанда өтө турган «Алтай цивилизациясы жана алтай тил үй-бүлөсүнүн тектеш элдери» Эл аралык форумуна даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалыматты укту.  Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мира Карыбаева Президентке Форумга катышуу үчүн бүгүнкү күнгө карата Европа жана Азия өлкөлөрүнөн, анын ичинде Германиядан, Венгриядан, Индиядан, Россиядан, Өзбекстандан жана Чехиядан көрүнүктүү тарыхчы окумуштуулар, археологдор, антропологдор, лингвисттер катталганы тууралу айтып берди. Андан тышкары алдыдагы иш чараны даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен  Кыргызстан элинин “Мурас” тарыхый жана маданий фондусу  биргеликте жасап жаткан иштерге токтолду.

Форум Евразиянын кеңири мейкиндиктерин байырдаган элдердин жалпы алтай тилдеринин, этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштарынын негизинде гуманитардык байланыштарын бекемдөөгө багытталган илимий изилдөөлөрдүн, билим жана маданий долбоорлордун жыйынтыктарын талкуулоо аянтчасы болуп калмакчы.

Атамбаев Ооганстан Президенти Ашраф Ганиге жана Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты

Президент Атамбаев Кабул шаарында болгон террор актысынын кесепетинен көп адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Ооганстан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Ганиге көңүл айтты. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

«Кыргыз Республикасы тынч жашаган жана күнөөсүз жарандарга каршы багытталган бул адамгерчиликсиз актыны чечкиндүү айыптайт», – деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө алардын аза кайгысын тең бөлүшкөн көңүл айтуусун, ал эми жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетишин каалай турганын билдирди.

Жана ошондой эле Атамбаев 2017-жылдын 31-майында Ширнак провинциясында вертолеттун кулашынан улам 13 аскер кызматчыларынын курман болгондугуна байланыштуу Түркия Президенти  Режеп Тайип Эрдоганга да көңүл айтты.

«2017-жылдын 31-майында Ширнак провинциясында вертолеттун кулашынан улам 13 аскер кызматчыларынын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуумду кабыл алыңыз.

Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан бул кыйроонун кесепетинен жакындарынан айрылгандарга чын ниеттен чыккан көңүл айтуубузду жана колдообузду билдирип коюуну өтүнөм», – деп айтылат Президенттин Эрдоганга жолдогон  телеграммасында.

Алмазбек Атамбаев филантроп Джордж Соростун уулу Алекс Соросту кабыл алды

Атамбаев кечээ, 2-июнда Ачык коом институтунун негиздөөчүсү, филантроп Джордж Соростун уулу  Алекс Соросту кабыл алды. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү маалымдайт.

Маектешүү учурунда өзү да демөөрчү жана фонддордун жетекчиси болуп эсептелген Алекс Сорос Мамлекет башчысына өзүнүн Кыргызстанга сапарынын алкагында Борбор Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшыруу аземине да катыша турганын айтты.

Жолугушууда Алекс Сорос ошондой эле Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан «Таза коом» долбоорун белгилеп, ал өлкөгө чоң пайда алып келет деген пикирин айтты.

Фото - Алмазбек Атамбаев Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн пациенттерин көрдү

Атамбаев кечээ 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө барды.

Мамлекет башчысы балдар бөлүмүнүн палаталарына кирип, бөбөктөр менен сүйлөштү, аларды балдарды коргоонун эл аралык Күнү менен куттуктап, белектерди берди. Президент ошондой эле балдардын ата-энелери жана мекеменин жамааты менен маектешип,  оор кеселге чалдыккан балдарды дарылоо шарттарын жакшыртуу боюнча мындан ары да чараларды көрүүнүн маанисин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев капиталдык оңдоодон жана заманбап жабдуулар менен камсыз болгондон соң пайдаланууга берилген интенсивдүү терапия палатасын жана балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн амбулатордук-диагностикалык бөлмөсүн көрүп чыкты.

Мамлекет башчысы балдарга сакайып кетүүнү каалап, аларды кесел менен күрөшүп, аны жеңип чыгууга чакырды. “Бул күрөштө биз силерге жардам беребиз. Силерге ден соолук каалайм!”- деди   Алмазбек Атамбаев.

Президент балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүн зарыл болгон медикаменттер менен камсыз кылууга байланыштуу бардык маселелер мындан ары да ыкчам чечилиши керек экенин баса белгиледи.

Белгилей кете турган нерсе, Мамлекет башчысы былтыр борборго келгенде балдарды дарылоо шарттарын жакшыртуу зарылдыгын белгилеген, кийинчерек мекемеге тийиштүү финансылык жардам берилген. Бөлүнгөн каражаттар  балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүн модернизациялоого жана азыр интенсивдүү терапия палатасы жана балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн күндүзгү стационары бар амбулатордук-диагностикалык бөлмөсү жайгашкан жайларды капиталдык оңдоого,  операциялык жана реанимациялык жабдууларды, медициналык препараттарды сатып алууга жумшалган.

Президент Алмазбек Атамбаевди анын жубайы Р.Атамбаева жана КР саламаттык сактоо министри Т.Батыралиев коштоп жүрүштү.

Меню