А. Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 25-майында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши тарабынан улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана бул чөйрөдө бирдиктүү мамлекеттик тышкы жана ички саясат калыптандыруу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу тартибин өркүндөтүү.
Кабыл алынган мыйзамдын жоболору менен Коопсуздук кеңешинин Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн азыркы замандын көйгөйлөрүнөн жана коркунучтарынан коргоого, өлкөнү узак мөөнөттүү келечекке туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталган тышкы жана ички саясаттагы маселелер боюнча чечимдерди иштеп чыгуу бөлүгүндөгү ыйгарым укуктары күчөтүлгөн.
Ошону менен бирге Коопсуздук кеңешин укуктук статусуна ылайык келтирүү максатында анын ишмердиги ( милдеттери жана функциялары) төмөндөгүлөргө багытталат:
– улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасын өркүндөтүүгө, инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына ички жана тышкы тобокелдерди аныктоого;
– көйгөйлөрдү жана коркунучтарды божомолдоо, анализдөө жана баалоо боюнча иштерди уюштурууга;
– алдын алуунун жетиштүү чараларын иштеп чыгууга.
Мындан тышкары каралып жаткан Мыйзамдын жоболоруна ылайык, коргонууну жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердигин практикалык текшерүү Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн, башка аскердик түзүлмөлөрүн жана укук коргоо органдарын инспекциялоо жолу менен ишке ашырылат.
Кабыл алынган Мыйзамдын ушул жобосу менен бирге Коопсуздук кеңешинин курамы жана түзүмү өзгөртүлгөн.
Мыйзамдын дагы бир жаңылыгы – тез арада чечим кабыл алууну же кечиктирилгис мүнөздөгү чечимдерди кабыл алууну талап кылган улуттук коопсуздук маселелерин талкуулоо төраганын жетекчилиги алдында Коопсуздук кеңешинин кезексиз отурумдарында жана ыкчам кеңешмелеринде тар курамдын катышуусунда өткөрүлөт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.