Menu

САЯСАТ

Албек мырзанын алы гезиттерге эле жетеби?

Шаар көрктүү болушу кажет. Эгер шаарыбыз кулпуруп турса, келген коноктордун алдында да башыбызды бийик көтөрүп жүрө алабыз. Бирок шаар көркү деген шылтоо менен айрымдар жеке кызыкчылыгы үчүн иштеп ийгенде итиркейиң келет. Дегеним, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов шаар ичинде жайгашкан гезит-журнал сатуучу күркөлөрдү тазалап, шаардын четине чыгаруу демилгесин көтөрүп, аны ишке ашырууга белсениптир. Башта айткандай, муну ар бирибиз шаар ичиндеги кооздукту сактоо үчүн жасаганы жатат деп түшүнсөк болот. Бирок медалдын экинчи бети бар дегендей, гезит окуй турган киши шаар сыртына барып сатып албайт да. Анан кандай жагдай жаралат? Ансыз да эптеп чыгып жаткан гезиттердин өмүрү соолуйбу?
Албетте, бул жерде баягы эле эски ыкма жатканы аяк салып, күркөлөрдү кыйноо менен акча жыйноо саясатынын кулагы чыкканы байкалууда. Эгер мындай нерсе болбосо, күркөлөрдү заманбап жасалгалап, шаарды көрктөндүрүү аракетин көрмөк да. Арийне гезитке, журналистика чөйрөсүнө бут тоскондор, тоскусу келгендердин арты жакшы болчу эмес эле.

Булак: “Де-Факто”

Райхан Төлөгөновдун уулу Иса Төлөгөнөв: «Агамды Текебаевге каршы көрсөтмө бересиң дешиптир»

29-мартта, мародерлукка шектелип кармалган Райхан Төлөгөновдун иши боюнча маалымат жыйын болуп өттү. Анда Райхан Төлөгөновдун уулу Иса Төлөгөнов агасы менен атасынын ден соолугуна кабатырланып жатканын, анткени аларга кысым көрсөтүп Текебаев менен Болот Шерге каршы көрсөтмө бересиң деп жатышканын айтты. Ал эми УКМК бул билдирүүнү четке кагып, алар кылмыш жоопкерчилигинен качып, ишти саясий өңүткө бурууга аракет катары баалашты.
Райхан Төлөгөновдун уулу Иса ТӨЛӨГӨНОВ: «Атамды шантаж кылышты»

-Беш жылдан бери ар кандай фальсификацияны колдонуп, мародерчулук боюнча иликтөө жүрүп жатканын билесиздер. Төртүнчү жолу кылмыш ишин козгоп жатышат. Буга чейин Рысалиевдин тушунда фальсификация экени далилденип, тергөөчүгө кылмыш иши ачылган. Алар азыр дагы издөөдө жүрүшөт.

Жакында атама УКМКдан байланышьш, шантаж кылышкан. «Текебаевдин мародерчулукка катыштыгы бар» деп көрсөтмө берүүнү сунушташкан. Эгер жазса, мародерчулук боюнча айыпталып, абакта 5 жылдан бери отурган агам Мусаны эркиндикке чыгарышат экен. Агам учурда жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Ал 12 жылга соттолгон эле. Аны башка берене боюнча кармашкан, бирок ал мародерлук боюнча кесилген. 5 жыл отуруп койду, эми шарттуу түрдө жаза мөөнөтү бүтө электе бошотулушу керек эле. Эгер Муса Текебаевге жана Болот Шерге каршы көрсөтмө бербесе, ал абактан чыкпайт дешкен. Атам бул шантаждан майнап чыкпастыгын айтгы. Андан кийин биз Муса менен жолуктук. Ал УКМКнын кызматкерлери келгенин, басым жасашканын айтты. Атам ага бул саясий басым деп, ага моюн бербеш керектигин айткан.

Кечээ эртең менен атамды көргөндө ал “Маевский боюнча иш кыйрады. Мындан улам мародерчулук боюнча иш баштап, баарын, анын ичинде мени дагы камайт болуш керек” деген. Кечинде саат 5терде чалып, “Мени кармашты, СИЗОго алып кетишти” деди. Атамдын ден соолугуна сарсанаа болуп жатам. Ал 65 жашта. Акыркы аптада биз ооруканада анализ тапшырып жүрдүк. Анын канында канттын деңгээли көтөрүлүп кеткен эле. Агама кысым көрсөтүлүп жатканын айтышты. Ал көрсөтмө бербесе атамды, өзүн дагы бошотушпасын айтып, шантаж кылып жатышат экен. Мусага басым жасап Текебаев боюнча көрсөтмө алышкан окшойт деп шектенип жатат» деп билдирди.

Аида САЛЯНОВА, ЖК депутаты: «Т алаптоноочулук ар кайсы орган тарабынан иликтенген»

-2010-жылдагы талап-тоноочулук бир канча жылдан бери ар кайсы орган тарабынан иликтенген. Ал учурда мен Башкы прокурор элем. Прокуратура бул ишти көзөмөлдөп жаткан. Шектенүүлөр пайда болгондо прокуратура бир мамлекеттик органдан экинчи органга өткөрүп жатты. Иш өткөрүлүп берилген ар бир орган бул ишти иликтешкен. Депутаттардын катыштыгы бар экени далилденген эмес. Менимче, Төлөгөновдун уулу Иса Төлөгөновдун кайрылуусу саясий куугунтук жүрүп жатканын далилдейт.

Алмамбет ШЫКМАМАТОВ, ЖК депутаты: «Белизгейт» жокко чыгып, алар дүйнөгө уят болушту»

-Биринчиден, Текебаевге карата уюштурулган «Белизгейт» жокко чыгып, алар дүйнө жүзүнө уят болушту. Экинчи, Текебаевге карата уюштурулган провокация кылмыш иши, тагыраагы Маевскийдин иши боюнча кыйрады. Маевский менен Абдрахмановдун айткандарында эч кандай далил жок. Өмүрбек Чиркешовичтин актыгы далилденгенден кийин, булар беш жыл мурунку эски иштерди, мародерлукту көтөрүп, эптеп чыгарбай, кара күчкө кармап туруунун аракетин көрүшүүдө. Бул Текебаевге карата үчүнчү уюштурулган провокация. Райхан Төлөгөновдун уулу Муса Төлөгөнов 12 жылга соттолгон. Анын беш жылын түрмөдө отурган. Мыйзам боюнча мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу убактысы келген. Бул боюнча башкы прокуратура көрсотмө бериши керек. Эгерде Башкы прокуратура көрсөтмө бербесе, анда ал дагы отурат. Мусаны ошону менен шантаж кылышкан. Жарым жылдай иликтөө болгон. Анда эч кандай мындай көйгөйлөр болгон эмес. Эми гана каршы көрсөтмө бербесе анын атасын чыгарбай тургандыгын же соттук мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулбай тургандыгын айтып, шантаж кылып атышпайбы.

УКМКнын пресс-борбору: «Жоопкерчиликке тартылбоо максатында кылмыш ишинин фактыларын саясий нукка буруп жиберүү аракети»

«Ата Мекен» партиясынын пресс-конференциясы боюнча УКМКнын пресс борбору мындай комментарий берди:

-2010-жылдын апрель окуялары учурундагы мародерчулук кылмыш иши боюнча тергөө тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин бардык талаптарын эске алуу менен активдүү оперативдүү-тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде партиянын айрым мүчөлөрүнүн мародерчулукка катыштыгы болгондугу тууралуу далилдер алынды. «Ата Мекен» фракциясынын айрым депутатгарынын жана кармалган Райхан Тологоновдун туугандарынын айткандарын мародерчулук боюнча жоопкерчиликке тартылбоо максатында кылмыш ишинин фактыларын саясий нукка буруп жиберүү араети деп баалайбыз.

Булак: “ПолитКлиника”

Илим тармагына ишин көрсөткөндөр барышса

Акыркы убактарда жалаң гана чыр-чатак, интригалардын очогуна айлана баштаган Кыргыз улуттук илимдер академиясы жаатында реформа жандангандай. Дегеним, ушу тапта аталган тармак тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралууда. Долбоордо илимдер академиясын илимдин кандидаты же доктору эмес, академик жана мүчө-корреспондент деген даражасы бар адам башкарышы керек дегени бар. Аныгында, долбоорду так ушунусу үчүн колдошубуз керек. Анткени бизде өз ишин коомчулукка көргөзүп, илим жаатында ийне менен кудук казган академиктерибиз аз эмес. Маселен, тажрыйба жагынан алганда Алтай Борубаев, жаш, эл аралык абройго ээ десек ортопед Сабыр Жумабеков, аны менен катар кадыр-барктуу академиктерибиз Биймырза Токторалиев, Мурат Жуматаев, Аскар Кутановдор академияны башкарса неге болбосун. Ошол эле учурда мүчө-корреспонденттерден Жоомарт Оторбаев, Рысбек Нургазиевдер турбайоы. Мына ушул кишилер илим жаатыбызды тескегенде бир топ ийгиликтер жаралат эле.

Атамбаев "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Томас Кент менен жолукт

30-мартта президент Алмазбек Атамбаев “Эркин Европа/Азаттык” корпорациясынын президенти Томас Кентти жана “Азаттык” үналгысынын директору Венера Жуматаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Томас Кент Кыргызстан ар дайым региондогу башка өлкөлөрдөн демократияга умтулгандыгы жана сөз эркиндигин урматтагандыгы менен айырмаланарын билдирди:

– Биз аны көрүп турабыз жана ошондуктан кызматташууну улантууга кызыкдарбыз. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кыргызстанда иштөөдө жакшы тажрыйбасы бар, – деди Томас Кент.

Атамбаев Кыргызстандын эли үчүн “сөз эркиндиги жана адилеттик деген түшүнүктөр ар дайым өзгөчө маанилүү” экенин белгилеп, ​маалымат каражаттарына чоң жоопкерчилик артылганын, ага жараша калыс жана чынчыл иштеши керектигин айтты.

«Демократиялык коомдун эң маанилүү жетишкендиги болгон сөз эркиндигинин жана ачык-айкындуулуктун азыркы жетишилген деңгээли менен кыргызстандыктар сыймыктанышат жана баалашат,- деди Алмазбек Атамбаев. – Бирок, тилекке каршы, өлкөдө кеңири орун алган пикирди билдирүү эркиндиги жалпыга маалымдоо каражаттарына өзгөчө жоопкерчилик тагаарын баары эле түшүнө беришпейт. Улам күч алып бараткан фейк технологиясы сөз эркиндигинин беделин түшүрүп, кадырын кетирип койбошу үчүнЖМК чынчыл жана калыс иштеши керек”.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу 26 тилде дүйнөнүн 23 мамлекетинде эфирге чыгат. “Азаттык” үналгысынын кыргызча берүүлөрүнүн обого чыга баштаганына 64 жыл болду. Учурда кыргыз коомчулугуна радио, теле берүүлөрү менен белгилүү. Интернетке кыргыз жана орус тилинде чыгат. Радионун кабарчылары эл аралык медиага тиешелүү бардык стандарттарды сактайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Капчыгыңды карачы, канча пул бар саначы?..

«Кыргызстан жарды өлкө болгону менен эли бай» деген сөз бар. Аныгында эли эмес, «эл багам» деген эл багар-аткаминерлери бай экени ырас. Карап көрөлү, бизде кайсыл депутат, же кайсы чиновник кедей? Кимиси жумушка коомдук транспорт менен барат? Бул түшкө кирбеген көрүнүш. Анткени биздин чиновниктер, депутаттар акча түшүп турчу булактардын бардыгын басып алышкан. Анан кантип байышпасын? Эмесе эл ичинде күбүр-шыбыр болуп жүргөн кептердин чындыкка дал келер өңүтүн иликтеп көрдүк. Балким төмөндө аты аталган байларыбыз чычалап чыгышса , же андай эмес, мындай дей турган болушса, биз экинчи жактын да өз чындыгын чагылдырууга макулбуз.

АКЧА ЖЫТЫН ЖАШЫНАН ЖАТ БИЛГЕН МАМАШЕВА

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын эң жаш депутаты Айсулуу Мамашева адеп эле автоучкомбинаттын директору болуп, акча табуунун даамын жаш тайынан таткан. Андан соң «Фирма Дасмия» ЖЧКсынын президенти болгон. Мындан тышкары, Бишкекте ар кандай аталыштагы кафе-ресторандарды иштетип, ишкерлик менен алектенээри айтылып келет. Арийне Айсулуу айымдын акча булагын оргуштата агызуусуна атасы Турусбек Мамашев түздөн-түз таасир эткен. Анткени Турусбек мырза айтылуу «Дасмия» деген ресторан ачып, Кыргызстандагы алгачкы кафе-ресторандын ээси болгон.

КУРУЛУШТАН КУБАТ АЛГАН ТУРУСКУЛОВ

Заман жаңы курулуп атат. Жашоо жаңы курулуп атат. Анын агымында үйлөр, имараттар тынымсыз түркүн түскө боёло, архитектуралык чыгармачылык менен өзгөрүүдө. Мунун баарына курулуш материалдары сөз жок зарыл. Ушуну эң жакшы тушүнгөн бир эрен бар. Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалоек Турускулов деген. Бул мырза курулуш материалдарынын не бир түрүн элге сунуштайт. «Стройарсенал» деген курулуш материалдарын саткан жердин баары Турускуловго таандык.Ошентсе даүй-бүлөдө акчаныЖыргалбек мырза өзү эле таппайт. Жубайы Мира Шүкүралиева сулуулук каражаттарын сатып, аны менен катары үлпөт көйнөктөрүн ижарага берүүчү салон иштетет. Кыскасы, күн өткөн сайын капиталы капчыгын кампайтып аткан Турускулов жок деген эмне болоорун жомоктон эле окуп калган кези.

«КЫЗЫЛ ЖИНДИ” КЫЛЫГЫН АРТТЫРГАН АСЫЛБАЕВА

Жогорку Кеңештеги «Өнугүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Асылбаева Гүлшат аттуу айым «Кыргыз коньягы» ишканасы аркылуу киреше табат. Таба берсин, тардык жок. Бирок логикалык жактан алганда, Гүлшатканын жинди суулары бүгүнкү күндө астына эч кимди салбай, Ала-Тоону сугарып атат. Күн санап түрлүү шишеге куюлуп аткан «Кызыл жиндилер» кыргызбайлардын аш-той, үлпөт-кече, майрам-шаңын көркүнө чыгарып, аягында көтөрүп уруп көк мээ кылып атат. Ансайын шарапчы Асылбаеванын бизнеси жүрүшүп, ити чөп жеп, ташы өйдө кулоодо. Бир жагынан алганда, бул айым эч кимдин эмгегин жебей, нак өз эмгеги менен байлык топтоп акчага туйтунууда. Экинчи жагынан бөтөлкө кучактаган кыргызбай балчыкта жатат оонап… Гүлшат айым болсо капчыгын калыңдатуу менен убара.

КҮЙҮҮЧҮ МАЙДЫН КҮРКҮЛҮ АБДИМУКТАР МАМАТОВ

Элге зарыл нерсенин эбин таап пайдаланса болоору анык. Маселен, Абдимуктар Маматов аттуу депутатыбыз кадимки күйүүчү май сатып күркүлгө айланган. Учурда бир топ май куюучу станциялары, азыркы тил менен айтканда, «заправкалары» бар. Бул деген саат эмес, секунд санап акча түшүп турат дегендик. Дегеним, кыргыздар өзү үчүн эмес, мактаныч үчүн жашаары анык. Ошол себептүү майды күркүрөткөн машинелерди минип алышат. Европанын шаарларында килтейген машинелерди чанда көрөсүң. Анткени күйүүчү май кымбат. Эсеби маселен, Италияда бир литр бензин биздин сом менен 110 сом турат. Ошондуктан аларда «малолитражка» дегендерди минип алып эле иш бүтүрүшөт. Бизде болсо Абдимуктар мырзанын чөнтөгү үчүн иштегенибизге сыймыктанабыз.

ҮЙҮҮЧҮ МАЙДЫН КҮРКҮЛҮ АБДИМУКТАР МАМАТОВ

Эдге зарыл нерсенин эбин таап пайдаланса болоору анык. Маселен, Абдимуктар Маматов аттуу депутаты-быз кадимки күйуүчү май сатып күркүлгө айланган. Учурда бир топ май куюучу станциялары, азыркы тил менен айтканда, «заправкалары» бар. Бул деген саат эмес, секунд санап акчатүшүп турат дегендик. Дегеним, кыргыздар өзүүчүн эмес, мактаныч үчүн жашаары анык. Ошол себептүү майды күркүрөткөн машинелерди ми-нип алышат. Европанын шаарларында килтейген машинелерди чанда көрөсүң. Анткени күйүүчү май кымбат. Эсеби маселен, Италияда бир литр бензин биздин сом менен 110 сом турат. Ошондуктан аларда «малолитражка» дегендерди минип алый эле иш бүтүрүшөт. Биздс болсо Абдимуктар мырзанын чөнтөгү үчүн иштегени-бизге сыймыктанабыз.
31-март, 2017-жыл

ТҮРКТӨР МЕНЕН БИЗНЕСИН ТҮПТӨГӨН ТӨРАГА

Чыныбай Турсунбеков дегенде «АКУН» деген сөз эске келет. Же тескерисинче «АКУН» десе, Турсунбеков элестейт. Анткени ЖоКенин төрагасы так ушул «АКУН» менен бизнесин баштаган. Атургай Ысык-Көлдө так ушундай аталыштагы пансионаты дагы бар. Айтмакчы, Турсунбеков Улуттук университетте катардагы мугалим болуп, акындык шыгын күсөтө ыр жазып жүргөндө Түркияга барып иштөө шарты жаралып калат. Чыке ошол мүмкүнчүлүктөн «жирно» пайдаланган. Түркиядан ишкер адамдар менен табышып, алардан ун чыгара турган аппарат алып келип, «АкУнду» негиздейт. Бирок бизнес чөйрөдө Турсунбеков абдан ийгиликтүү болуп чыгып, өнөктөштөрүнөн бөлүнө при бизнеске кадам таштаган. Айлыктан айлыкка араң жетип жүргөн күндөрүн азыр Чыныбай мырза таптакыр унуткан. Анткени акча азыр Турсунбековду тушап турган маалы.

АКЧАГА ТУЙТУНГАН «АПТЕКАРЬ»

Осмонбек Артыкбаев деген үлкөнүбүз эми укмуш, эй! Азыркы күндө «аптекарь» деген атка конгон убагы. Осмон мырза кезинде эчен жолу депутат, энергетика министри, «Кыргыз алтын» дегендин башчысы да болду. Кыскасы, тагдырдын эрке баласы. Алгач ишин аптекадан баштап, аны атактуу «НЕМАН» аттуу дары-дармек сатуучу компанияга айланткан. Баса, «НЕМАН» деген Беларусиядагы дарыянын аты. Андыктан аталган ишкана адегенде кыргыз-белорус биргелешкен ишканасы болчу. Азыр кандай экенин ким билсин? Негедир кыргыздар белорустарга жакын окшойт. Качканы деле, ишкана ачканы деле белорустарга жабышып атыппыз. Айтор Осмон мырза “НЕМАНЫ” менен эле токтобой дагы үч ДОСу менен биригип, аттарынын баш тамгаларынан турган «БИОР» деген курулуш компаниясын ачып, ал компаниясы жалаң мектеп, ЖОЖ, министрлик, оорукана өңдүү чоң имараттарды куруу, жасап-түзөө иштери менен алпурушчу. Учурда Осмонбек мырзанын «НЕМАНы» да “БИОРу” да бүгүнкү күндө үзүрлүү эмгек үстүндө. Мындан тышкары, Ош-Бишкек трассасында (Чычкан капчыгайында) Артыкбаевге таандык делген аземдүү кафе дагы бар. Бул эл билген майда- бараттарынын бири.

Булак: “Де-Факто”

Тажикстанда өлкөгө «зыяндуу» адабияттарды алып кирүүгө тыюу салынды

Тажикстандын Маданият министрлиги атайын уруксаты жок өлкөгө китеп алып кирүүгө жана өлкөдөн чыгарып кетүүгө тыюу салды. Бул тууралуу министрликтин тарыхый жана маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу бөлүмүнөн билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, жарандар алынып келинип жаткан китептердин санына карабастан Маданият министрлигинен уруксат алууга милдеттүү болушат. Бул тартип ошондой эле басылып чыккан жерине, тилине жана алынып келаткан өлкөсүнө карабастан бардык китептерге тиешелүү болот.

Акыркы кездери тажик бажычылары тарабынан чек арадан өтүп жаткан адамдардан перс тилиндеги ондогон китептердин алынып жаткандыгы тууралуу маалыматтар көп жарыяланууда.

Буга чейин өлкөнүн Дин иштери боюнча комитети менен Ички иштер министрлиги өлкөгө алып кирүүгө тыюу салынган китептердин өз тизмелерин түзүшкөн. Аларга бардык диний жана сыйырчылык тууралуу китептер да киргизилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жалал-Абадда КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын катышуусунда мыйзам долбоорун талкуулаган парламенттик угуу болуп өттү

 

Бүгүн, 31-мартта Жалал-Абадда КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кенжебек Бокоев жана  Мирлан Бакиров, “Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Азамат Адиловдун катышуусунда “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КРнын мыйзам долбоорлорун, ошондой эле “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамына көзөмөлдүк кылуу маселесин талкуулоо боюнча парламенттик угуу болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Парламенттик угуу жыйынына мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, айыл аймактарынын башчылары, жергиликтүү айылдык жана шаардык кеңештердин депутаттары, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери катышты. Парламенттик угууга арналган жыйынды КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев ачты.

Парламенттик угууда “КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” мыйзам долбоору туурасында КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Кенжебек Бокоев атайын баяндама жасады.

–     Кыргызстанда болуп өткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон шайлоолордо бир катар кемчилдиктерге жол берилди. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгына ылайык 28 майда жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болуп өтөт. Мунун ичинен 19 жергиликтүү кеңештерге кайрадан шайлоолор болуп өтөт жана аны өткөрүүгө  БШКга 23 млн. сом акча каражаты бөлүнүүсү каралууда. Биз сунуштап жаткан мыйзам долбоору КРнын Жогорку Кеңешинде биринчи окуудан өтүп, анын консепциясы кабыл алынды. Ага ылайык айыл аймактарынын башчыларын түз, эл тарабынан шайлануусун туура деп эсептейбиз. КРнын башкы мыйзамы – Конститутция боюнча бийлик элге таандык. Келечекте бул мыйзамдын долбооруна ылайык айыл аймактарынын башчылары гана эмес шаарлардын мэрлерир дагы эл тарабынан түз шайлануусу керек.

КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Кенжебек Бокоев мыйзам долбоорундагы айрым өзгөртүүлөр боюнча жыйындын катышуучуларына маалымат берди. Ага ылайык айыл аймагынын башчылыгына талапкер өзүн өзү көрсөтүүсү жана саясий партия көрсөтүүсү мүмкүн. Айыл аймагынын башчылыгына жана мэрликке сунушталган талапкер кыргыз тилин – мамлекеттик тилди билүүсү шарт. Мындан сырткары жергиликтүү кеңештердин жана шаардык кеңештердин депутаттарын 5 жылга шайлануусу долбоорго киргизилген. Депуттардын саны боюнча  6 миң шайлоочусу бар айылдык кеңеште 11 депутат болсо, мыйзам долбоорунда 15, 21 депутат болгон жерде 25 жана 31 депутат болгон жерде 35 депутаттын болушу каралган.  Ошондой эле мыйзам долбоорунда айыл аймагынын башчылыгына койгон талапкер БШКга 30 миң сом күрөө коюлуусу сунушталган. Эгерде талапкер шайлоочулардын 15 пайыз добушун алса күрөө акчасы кайтарылат, эгерде алалбаса ал күрөө каражаты БШКада калат. КРнын Жогорку Кеңешинин сессиясында аталган мыйзамдын биринчи окулуусунда мыйзам долбооруна 78 депутат макул деп добуш беришсе, 41 депутат каршы болгон добуштарын беришкен,- деди КРнын Жогорку Кенешинин депутаты Кенжебек Бокоев.

Аталган мыйзам долбоору боюнча КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Бакиров дагы өз оюн билдирди.

–    “КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы добуш берген 41 депутаттын катарына мен дагы киремин. Биз жергиликтүү бийлик органдарына тикелей шайлоорду буга чейин деле өткөргөнбүз. Кезинде Кытай мамлекетин башкарган Ден Сяопин айткандай “ ак мышык болобу, сары мышык болобу, кара мышык болобу чычканды кармаса болду” деген принципти туура деп эсептеймин. Кыргызстанда 453 айыл аймактары болсо анын 83 пайызы дотацияда турат. Ошондуктан бизге азыр экономиканы өнүктүрүү жолун көздөгөн мыйзамдар керек,- деди КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Бакиров.

Жалал-Абадда өткөрүлгөн парламенттик угууда “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” КРнын Мыйзамын турмушка ашырууга көзөмөлдүк кылуу маселеси боюнча  КРнын Экономика министирлигинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн башчысы Тынысбек Турдубеков маалымат берди.

–     “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестрин киргизүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын оптималдаштыруу” боюнча маалымат берип кетейин. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аныктамасына туура келбеген 13 кызмат көрсөтүү алынып салынып, учурда Бирдиктүү реестрде 374, анын ичинде 226 акы төлөнүүчү жана 150 акы алынбай турган кызмат көрсөтүү киргизилген. Мунун ичинен 274 мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттар бекитилген,- деди КРнын Экономика министрлигинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн башчысы Тынысбек Турдубеков.

Ал эми муниципалдык кызматтар реестри боюнча парламенттик угуунун катышуучуларына КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалык мамилелер боюнча агенттиктик облустагы өкүлү Анарбай Капаров маалымат берди.

–     Муниципалдык кызматтардын 12си кабыл алынды. Буга негизинен административдик жана социалдык кызматтар гана кирип калган. Турмуш-тиричиликти караган муниципалдык кызматтар кирбей калган. Азыркы учурда  25 муниципалдык кызмат КРнын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна киргизилген,- деди  Анарбай Капаров.

Жалал-Абадда парламенттик угуу боюнча өткөрүлгөн жыйында анын катышуучулары тарабынан мыйзам долбоору боюнча көптөгөн суроолор берилди жана аларга канааттандырарлык жооптор алынды. Аталган мыйзам долбоору КРнын Жогорку Кеңешинде 3- окуудан кийин гана кабыл алынат. Бүгүнкү парламенттик угуу жыйынында айтылган ой-пикирлер жана сунуштар мыйзам долбоорун иштеп чыккандар тарабынан эске алынаарына КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Кенжебек Бокоев өз убадасын берди.

 

Акин Токталиев, адвокат: "Болот Шерден дагы илинчек табылса, аны да камайт"

Адвокат Акин Токталиев менен “Ата Мекен” партиясынын тегерегиндеги ызы-чуусу жана тарашы керек де­ген парламент тууралуу ой бөлүштүк.

-“Ата Мекенчилердин” мародёрчулук ишке тиешеси бар деп ишенсек болобу?

– Текебаевди жана башкаларын мародёрчулукка тиешеси бар деп, далилдебей туруп айтыш чоң күнөө. Ал турсун соттун чечими чыккандан кийин да айтуу оор. Себеби 7-жыл өтүп кетти, андан бери ким жашырды. Ошон үчүн мародерлорду эле эмес, жашыргандарды да кошо жоопко тартыш керек. Бийликтегилер бийлигинен пайдаланып, саясий оппоненттерин элге жаман көрсөтүш үчүн далилсиз, соттун чечими жок эле жамандап жатат. Президент мародер деп айтып жатса, карапайым эл соттун чечими чыктыбы, чыккан жокпу дебей, ага ишенет да. Мародёрчулук далилденбей калса, президенттин аброю эл алдында кетээрин да эске ала жүрүшүбүз керек. Бирок маро­дёр деп анда-мында айтылып калганы менен чынында 7 жылдан бери бир да мародерду көргөнүбүз жок. Ошон үчүн анык мародёрлорду таап, соттоп жиберсе да эл ишенбей калат. Себеби камакка алынгандарды эл боору ооруп карап, ма­родёр болсо да куугунтукталып жатат деп кабыл алышы мүмкүн.

-“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн бири Болот Шер да, мародёрчулук үчүн камакка алынышы мүмкүнбү?

-Менимче бийлик Болот Шерден дагы бир илинчек тапса, аны да камайт. Азырынча бийлик илинчек тапканга аракет кылып жатат. Ал эми Аида Салянованы түздөн-түз камап койсо баш прокурор жаңылбайт, лицензия менен эмес, кор­рупция деген статья менен. Себеби: экс­премьер Данияр Үсөнов, Салык инспекциясы, Каржы министри жана Адилет министринин атынан Аида Салянова 1 млрд. 350 млн. сомду “Кумтөрдөн” са­лык катары мамлекеттин казынасына албай, бир гана буйрук менен списание кылып жиберишкен. Кыскасы 1,5 млрд, сомду бөлүп алышкан. Ушул жөнүндө Садыр Жапаров айтып чыкса, аны Ташиевге кошуп камап коюшкан. Ал документтер менде сакталып турат. Эртеби-кечпи, Осмонбек Артыкбаев баш болуп жооп беришет.

-Парламент тарашы мүмкүнбү? Коомчулукта ушундай кептер айтыла баштады го?

-Парламент элге шылдың болбой, күч менен тарката электе өз ыктыяры менен тарашы керек. Канча жашырсак да кыргыз парламенти криминалдуу парламент болуп калды. Парламентке эл үчүн кызмат кылайын дегендер эмес, тескерисинче бизнесин коргош үчүн гана келгендер бар. Кыскасы депутаттар эл үчүн эмес, өздөрүнүн байлыгын көбөйтүш үчүн гана парламентке келишкен. Ошон үчүн элдин добушун алыш үчүн акча чачышкан. Элге акча чачпай эле миллиондогон сомду, ар бири өз элине, жерине жумшаса, ошол айыл жакырчылыктан чыгып, шаарга келип тыгылбай, өз айылында иштеп байымак, көчөдөн кайыр-садага сурамак эмес. Акча табам деп шаарга келип, ден соолугунан ажырамак эмес.

Бизде болсо бизнесмендердин баары парламентке келүүгө аракет кылып, мыйзамды чемичкедей чаккан юристтер эс­ке алынбай жатат. Чынында парламент­ке тажрыйбалуу юристер келсе жакшы болмок, мыйзамды иштетмек, бийликтен коркпой туруп, тике сүйлөмөк. Байлар парламентке келгени менен мыйзам жазганды билбейт. Ал турсун, байлыгымды чукуп чыгат, анан коррупционер деп камап коет деп коркушат. Мисалы, бир канча жыл парламентте депутат болгон Аскар Салымбеков, Өмүрбек Бабанов жана көптөгөн бизнесмендер айылына айыл чарба техника алып бердиби, завод, фабрика салып бердиби, ошолордун өндүргөн продукциясын баазарга алып чыгарганга жардам бердиби? Албетте жок. Анткени алар акчаларын чет мамлекетке жумшап, завод, фабрика салып беришет, Америка, Европадан үй сатып алышат. Эл да добушун сатпай, элге кызмат кыла тургандарды шайлашы керек. Болбосо бул жагдай улана берет.

Булак: “Фабула”

Ташкентте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн атайын кызмат өкүлдөрү жолугушууда

Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн атайын кызмат өкүлдөрү терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча биргелешкен аракеттерди көрүү маселесин талкуулашат.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, ШКУнун аймактык антитеррористтик түзүмүнүн 30-мартта Ташкентте ачылган жыйынында 2017-2018-жылдарга карата түзүлгөн иш-чаралардын планы жана коркунучтарга каршылык көрсөтүү боюнча биргелешкен аракеттер талкууланат. Ага Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын атайын кызматтарынын делегациялары катышат.

Жыйындын жүрүшүндө ШКУнун жаңы мүчөлөрү — Индия жана Пакистан менен өз ара аракеттешүү маселеси да көтөрүлөт.

Андан сырткары интернетти террористтик, сепаратисттик жана экстремисттик максаттарда пайдалануу фактыларын аныктоо боюнча биргелешкен антитеррористтик машыгууларды жана атайын кызматтардын чек ара операцияларын өткөрүү мүмкүндүктөрү талкууланып, ШКУ өлкөлөрүнүн «Шериктештик-2016» биргелешкен машыгууларынын жыйынтыктары чыгарылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түштүк Кореяда коррупция иши боюнча мурдагы президент камалды

Сеул соту Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хени камакка алуу чечимин чыгарды. Мурдагы мамлекет башчы жемкорлукка байланыштуу жаңжалдан улам марттын ортосунда кызматтан кеткен.

Прокуратура Пак Кын Хени пара алуу үчүн кызмат абалын жана президент деген макамын ашкере пайдаланган, ошондой эле мамлекеттик жашыруун маалыматтардын ачыкка чыгуусуна жол берген деп айыпталган. Бул ишке байланыштуу ал марттын ортосунда кызматтан кеткен.

Пак Кын Хеге карата импичмент жарыялоого анын ММКлар тарабынан ири компаниялардын топ-менеджерлерине басым жасап, айрым маселелер боюнча өкмөттүн макулдугу үчүн аларды ондогон миллион долларды берүүгө мажбурлаган деп айыпталышы себеп болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню