Menu

САЯСАТ

Тажикстан "Ямал" авиакомпаниясынын каттамдарына уруксат берди

Тажикстан орусиялык “Ямал” авиакомпаниясы үчүн Дүйшөмбү жана Худжант шаарларына каттоого уруксат берди. “Ямал” компаниясы билдиргендей, учуулар бир катар процедуралардан кийин жүзөгө ашат.

Тажик бийлигинин “Ямалдын” учактарынын учуусуна кантип макул болгону ачык айтылган жок. Бирок бир күн мурун Орусиянын Транспорт министрлиги авиакомпанияга тыюу салуу улана берсе, жаңы чаралар колдонуларын Дүйшөмбү бийлигине эскерткен.

Буга чейин Орусиянын транспорт министри Максим Соколов Тажикстан жайкы каттамдардын ырааттамасы боюнча расмий түрдө жооп бере электигин билдирген.

2016-жылы 20-декабрда тажик бийлиги “Жуковский” аэропортунан Дүйшөмбүгө сапар алчу “Ямал” авиакомпаниясынын каттамдарына тыюу салган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алмаз Атамбаев: "Бүт өмүрүн оппозицияга, элдин укугун коргоого арнаган саясатчылар да өздөрү бийликке жеткенде акчанын, байлыктын азгырыгына туруштук бере албай калат экен"

“Саясатчылар бийликти – улуттук байлыктарды өз кызыкчылыгына жараша кайра бөлүштүрүү жана көзөмөлдөө жолу катары карабаш керек”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 3-апрелде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин V жыйынында сүйлөп жатып.

“Өлкөнүн келечеги, анын карапайым калкынын турмушу саясатчылар менен мамлекеттик кызматкерлердин жеке инсандык сапаттарына көз каранды болбош керек.  Анда өтө эле опурталдуу болуп калат.  Акыркы окуялар көрсөтүп жаткандай, оппозицияда жүргөндө бүт өмүрүн карапайым элдин укуктары үчүн күрөшүүгө арнап келген саясатчылар да өздөрү бийликке жеткенде акча топтоонун, байлык жыйноонун азгырыгына туруштук бере албай калат экен”, – деди Алмаз Атамбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Садыр Жапаров: «Мени кармап кетпесе деле УКМКга өзүм бармакмын»

 

Ушул аптадагы негизги окуя Казакстан аркылуу Кыргызстанга келе жаткан Садыр Жапаровдун кармалышы, анын УКМК тараптан камалышы, боштондук деп чыккан тарапташтарына каршы күч колдонуп, асманга ок атуу менен таркатылышы, жүздөн ашык адамдын кармалганы болду. Садыр Жапаровдон чек аранын наркы тарабынан Гүлжан Шерипбаева гана маек алып калганга жетишкен. Жапаровдун кандай “настрой” менен өз мекенине келгени окурмандарга кызыктуу болсо керек.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич, Кыргызстанга кош келипсиз. Тилекке каршы, сизди ал жактан ийгиликтүү эч ким тосуп албайт. Чек арада миңден ашуун укук коргоо органдары жана сиздин тарапташтар күтүп турат. Бизге жеткен маалыматтарга караганда сизди камашат. Сизде эч кандай коркунуч жокпу?

— Мен буга чейин дагы ММКлардан мени бийлик камай тургандыгын айтып келгенмин. Эми калганын көрө жатарбыз. Бирок менин Кыргызстанга кирип барганга таштаган кадамым айтпаса да түшүнүктүү. Менде коркуу сезими жок. Анткени мен чоң кылмышкер эмесмин. Мен таң каламын, анча укук коргоо органдарын жыйнап, аларды убара кылып кереги деле жок болчу. Дүйнөгө белгилүү чоң кылмышкер Батукаевди качырган бул бийликке сөз деле жок. Алардан баарын күтсө болот.

— Батукаевди коё туруңуз, азыр сиз камаласыз, ошого токтолсоңуз?

— Ооба аны жүрөгүм деле сезип турат. Бирок мени кармап кетпесе деле УКМКга өзүм бармакмын. Мыйзам чегинде жооп бермекмин.

— Сизди үй-бүлөңүз күтүп турат, карыган ата-энеңиз бар дегендей…

— Ар дайым кыргыз элинде жакшылыктар боло берсин. Анын ичинде биздин үй-бүлөдө дагы.

— “Эки дөө кагышса ортосунда кара чымын өлөт” дегендей, бүгүнкү күндүн эртеңи чоң чууга алып барбайбы?

— Мен тарапташтарымдын баарына “эч кандай укук коргоо органдары менен келишпестикке барбагыла, алар буйрукту гана аткарып жатышат” деп эскерттим.

— Камалышыңызды билип туруп Кыргызстанга келдиңиз, “Баатырдык” сезимби же чет өлкөдөн тажадыңызбы?

— Кыргызстан менин өлкөм, менин жерим. “Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн” дейт кыргызда. «Келем» деп расмий айтканмын, мына келдим. Менин жүрөгүм кыргыз деп согот. Атамбаевби же башкабы эч кимди душман деп эсептебейм. Бул нерсени саясат деп коёт. Саясатта артка чегинүү жок. Бүгүн жеңиштин башында тургандар эртең жеңилет. Эртең жеңилбесе бир күнү баары бир жеңилет.

— Мүмкүн артка кайтарсыз, анткени эл арасында сизди камалат деп айтып жатышат?

— Жок, кайтпайм.

Булак: “Жаңы ордо”

Карамушкинанын Санкт-Петербургдагы форумда сүйлөгөн сөзү тууралуу эл өкүлдөрү эмне дейт?

Иса Өмүркулов, ЖКнын депутаты, “СДПК” фракциясынын лидери: «Карамушкинанын Санкт-Петербургдагы форумда сүйлөгөн сөзү туура эмес»

— Иса Шейшенкулович, депутат Ирина Карамушкина боюнча коомчулук каттуу талкуу жасап атат. Сиздер эмне унчукпайсыздар?

— Ирина Юрьевна кылмыш кылса бирдеме дейт элек да. Ал кылмыш кылган жок, бирөөнү өлтүрүп же чаап ийген жок. Депутат ар бир биздин жарандай эле сөз эркиндигин пайдаланып сүйлөдү. Бирок саясатчылар сүйлөөдө өтө кылдат болушу керек. Бир аз алдын, артын карап, ойлонуп, салмактап анан сүйлөө зарыл. Карамушкинанын Санкт-Петербургдагы форумда сүйлөгөн сөзү туура эмес. Дагы бир жолу айтып кетем туура эмес. Ал бүгүн парламенттен сөз алып сүйлөп, биздин жарандардан кечирим сурады. Туура эмес айтып алыптырмын деп мойнуна алды. Ал антип айтканы менен бирөөнү таарынтып алайын деген ою болбоптур. Бирок маселе орчундуу болгону үчүн сүйлөнүп калды. “Кыргыз тилдүү балдарды орус тилинде окутуу боюнча волонтёрлорду жиберсеңер жакшы болот эле”- деген сөздү айтыптыр. Ал мойнуна алды, бул туура эмес экенин. Ушуну менен анын темасы жабык десек болот.

— Демек фракцияда моралдык жоопкерчилиги каралбайбы?

— Кылмыш кылса, мамлекетке зыян алып келсе токтоосуз каралмак. Андай болсо күн тартибине коюлмак. Эми бир сүйлөгөн сөзү үчүн кароо болбойт деп ойлойм.

— Ал буга чейин деле улуттук нерселерге тил тийгизип келе жатпайбы?

— Тил, дин, улут маселесине келгенде ар бир депутат кылдат мамиле кылуусу зарыл. Биз Ислам дининдеги жарандарыбызга, улут аралык маселеге келгенде кайсыл гана саясатчы болбосун аяр мамиле жасашы зарыл.

— Карамушкина айткандай орус тили ушунчалык эле кодуланып атабы?

— Орус тилине келгенде расмий тил деп эң жогорку шарттар түзүлгөн. Конституцияда бекитилген. Буга байланыштуу орус тилин сүйлөнбөсүн деп эч ким тыюу сала албайт. Кыргыз тилин сөзсүз өнүктүрүшүбүз керек. Биздин эне тилибиз болуп эсептелинет. Көп улуттуу мамлекет болгондон кийин расмий тилде сүйлөшкөнгө болот, ага эч ким чектөө киргизе албайт. Бүгүнкү күндө практика жүзүндө орусча сүйлөп жатасың деп бирөөнү куугунтуктап, басмырлоо жок деп айтсак болот. Бул жакшы нерсе, бир үй-бүлөдөй жашайбыз. Кыргызстандыкпыз. Ушул мамлекетте жашап аткандан кийин кайсы улут болбосун мамлекетти, Конституция, мыйзамдарды сыйлашыбыз абзел.

— Ошол эле учурда Карамушкина мени эч бир депутат колдобойт деп арызданыптыр? Буга кандай жооп айтасыз?

— Кел маекти ушул жерден токтотолу. Башка сөздөр ашыкча болуп калат.

 

Тазабек Икрамов, ЖКнын депутаты:“Кыргыз мамлекетин жамандап аткан адамдан жакшылык күтүү мүмкүн эмес”

— Тазабек Икрамович, бүгүнкү күндө кесиптешиңиз Ирина Карамушкина Россияга барып алып Кыргызстандагы орус тилинин абалы боюнча көп сөздөрдү айтыптыр. Эгер ал айткандай орус тилине кысым болсо ал депутат болуп олтурбайт эле да, туурабы?

— Туура, кесиптешимдин Россияга барып алып айткан сөздөрүнө кошулбайм. Кыргызстанда 2015-жылдан 2020-жылга карата мамлекеттик тилге өнүктүрүү жана тил саясатын жакшыртуу боюнча улуттук программага ылайык 500 миллион сом каралган. Тилекке каршы бүгүнкү күндө жыйынтыгы жок. 1989-жылдын сентябрынан тарта кыргыз тили мамлекеттик тилдин макамына ээ болгон. Ошондой эле мамлекеттик тил Конституциялык макамга ээ деп жазылып турат. Мындан сырткары бул мыйзамда мамлекеттик же расмий тилди билбегендиги үчүн жарандардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө жол берилбейт деп айтылган. Белгилей кетсек мурдагы СССРдин курамына кирген бир дагы мамлекеттерде орус тили расмий тил деп кабыл алынган эмес. Бул бизде гана бар. Бул жерде Россияны сыйлап расмий тил катары кабыл алып олтурабыз. Мамлекетибиздин көп бөлүгүндө орус тилин түшүнөт, сүйлөшөт. Жада калса шаардагы мектептерибиз орус тилинде. Борборубуз болгон Бишкек шаарында 100 мектеп болсо анын үчөө гана кыргыз тилинде иш алып барат. Бул жерде тескерисинче мамлекеттик тил басмырланып жатканын айтсак болмок. Биздин кесиптешибиз Россияга барып алып “Кыргызстанда орус тили басмырланып жатат”-деп жарыялады. Ошол эле маалда коңшу өлкөлөрдө орус тилинде жада калса жарнама же көчөнүн аты жазылган эмес.

— Мисалы кайсы мамлекеттерде?

— Казакстанды, Өзбекстанды карайлы алыс барбай. Кыргызстанда эгемендик алгандан берки тарыхында орус тилдүү калкын басмырлоо жөнүндө бир дагы соттук иш болгон эмес. Бишкекте кыргыз тили көбүрөөк басымга алынып жатат.

— Орус тили басмырланса орус тилдүүлөр депутат болуп олтурмак эмес дегиңиз келип жатабы?

— Ооба, кыргыз тилин билбегендер же Жогорку Кеңеште кыргыз тилин билбеген адамдар депутат болуп келбеш керек эле да. Биздин улуу трибунада Жогорку Кеңеште чыгып орус тилинде сүйлөп жатышат. Аларды кой деген эч ким жок. Болбосо Жогорку Кеңеште кыргыз тили сүйлөнүш керек. Кыргызстан туусу, тили бар эгемендүү мамлекет. Демек, Жогорку Кеңеште башка улуттун өкүлү ким гана болбосун кыргыз тилин билбесе биз аларды мамлекеттик кызматка алып келбешибиз керек. Бул отуз жылдап, элүү жылдап туулганы мындай турсун ата-бабасынан бери Кыргызстанда жашап кыргыз тилин үйрөнбөгөн, кызыктар болбогондорго таң калам. Кайсы мамлекеттин абасын жутуп жашап атасыңбы ошол мамлекеттин каада салтын, тилин билишиң зарыл. Мына азыр Өзбекстанга барыңыз. Ал жакта өтө көп улуттар жашайт. Ошого карабай ким болбосун өзбекче сүйлөйт. Мен аларды бөлбөйм, Кыргызстандын абасын жутуп жаткандан кийин жашаган жерине ар бир адам шүгүрлүк кылышы керек деп айтат элем. Мен тил боюнча айтып чыкканда арасынан “кыргыз тилин үйрөнүп эмне кылам? Кыргызстан көп улуттуу мамлекет”-деп айтышты. Эгер жакпаса мамлекеттен чыгып кете берсин, эшик ачык турат. Биз муну жапа тырмак, Кыргызстанда кыргыз тилин билбегендигине уяла турган, өздөрү кыргыз тилин сүйүп үйрөнө турган кылуубуз зарыл. Мисалы, Турцияга барсаңыз ар бир түрктүн үйүндө өздөрүнүн туусу турат. Баардыгы түркчө сүйлөйт. Анткени алар буга жетишкен. Кыргыз тилинде сүйлөгөн адам мыкты болуп эсептелиниш керек, башка тилдерди андан кийин үйрөнөбүз. Кыргыз тилин пропаганда кылбай ушул темп менен кете берсек 50 жылдан кийин жок болуп кетиши мүмкүн. Кыргызстандагы кээ бир киргиздерибиз кыргыз тилин билесиңби десең билбейм деп чыгышат. Башка улуттагылар мындай турсун.

— Карамушкинанын бул кадамын сиз кандай түшүндүңүз?

— Кыргызстанда жашаганына Кудайга шүгүрлүк айтпаган нашүкүр деп коёт мындай адамдарды. Ушул жерде жашап, меймандостугун, жооштугун пайдаландыбы азыр да түшүнө албайм. Бизде орус тили каалаган жерде сүйлөнөт. Кыргызстанда жашап, балдары төрөлүп, жогорку кызматтардын биринен депутат болуп келип Россиянын мамлекеттик Думасына барып алып Кыргызстанды жамандаганы акылга сыйгыз нерсе. Карамушкинанын фракциясы жалпы кыргыздарды жамандап аткан адамдарды кармап олтурабы? Сөз эркиндиги үчүн туура эмес сүйлөдү деп айтып жатышат. Чоң мамлекетке барып биздин өлкөнү жамандаган адамга кандай чара көрүлөт көрө жатабыз.

— Ал буга чейин эле асылчу эмес беле?

— Кыргыздын улуттук калпактары жөнүндө көп сөздөрдү сүйлөп жаткан. Салттуу дин боюнча дагы сүйлөгөндөн кийин буга чара көрүш керек эле. Кыргыз мамлекетин жамандап аткан адамдан жакшылык күтүү мүмкүн эмес.

— Эгерде Карамушкина Казакстандын же Өзбекстандын депутаты болуп туруп, Россияга барып алып орус тилинин абалы жөнүндө кеп козгосо кандай чара көрүлмөк деп ойлойсуз?

— Алар ошол замат муну жарандыгынан ажыратып, Россиядан мамлекетке киргенге тыюу салып коймок. Бул келип алып кайра беттен алып радиодон, парламенттен, теледен сүйлөп жатат. Уят эле. Фракциясы кандай чечет байкап туралычы.

Булак: “Жаңы ордо”

Видео - Адахан Мадумаров: "Бүгүн биз мыйзам эмес, кара күч үстөмдүк кылган, каракчылар заманында жашап жатабыз"

Бүгүн, 3-апрелде саясатчы Адахан Мадумаров абактагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаровдун айланасындагы жагдай боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, билдирүү таратты. Анда өлкөдгү саясый ситуацияга баа берип жатып: “Бүгүн биз мыйзам эмес, кара күч үстөмдүк кылган, каракчылар заманында жашап жатабыз”, – деп билдирди.

Видео: Адахан Мадумаровдун баракчасынан алынды.

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Эл парламенттин депутаттарын “сасыткы жумурткага” окшоштуруп шылдыңдап жатат»

 

Акыркы мезгилдеги өлкөдө болуп жаткан окуялар коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. «Маевскийгейт» менен камакка алынган Ө. Текебаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлбөй, 2 ай абакта жата турган болду. Экс-депутат С. Жапаровду Коопсуздук кызматы чек арадан тосуп алып, камакка алып, аны да тергөө бүткүчө деп соттун чечими менен камады. С. Жапаровго боштондук деп ураан чакырып чыккан анын жактоочуларын милиция күчкө салып сабап, 100 адамды кармап, 5 суткадан камап салды. Мына ушул жана башка суроолорго жооп алуу максатында гезитибиздин эксперти, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеровго кайрылдык.

— Бүгүн коомчулукту бир гана маселе кызыктырып калды. Ал Атамбаев өз мөөнөтүнүн аягына чейин тынч иштеп, андан кийин өлкөгө жаңы президент келип, жаңыча иштей баштаса деген эле максат. Баарынын күткөнү президенттик шайлоо. Коомчулук жаңы, энергияга толгон президент келеби деп күтүп жатат. Себеби, эки революция болсо деле саясатчылар андан сабак албай, тескерисинче биринен-бири өтүп, бийликке келээри менен элге берген убадаларын унутуп, бийлигине чырайып, эч кимди көзүнө албай, кайра эски жолго түшүп жатышат. Биз эмне үчүн президентке жарыбай жатабыз?

— Ооба, Кыргызстан бүгүн жаңы идеяга толгон, интеллектуалдыгы өтө жогору, мыкты кадрга муктаж болуп турат. Чынын айтсак, Кыргызстанда 2 жолу революциялык негизде бийлик алмашканы менен кийинки мамлекет башчылар Акаевдин деңгээлинен аша алышкан жок. Мисалы, Акаев БУУнун эгидасында 4 чоң салтанаттуу иш чара өткөрө алган. Алар: “Манас –1000”, “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө 2200 жыл”, “Тоо жылы”, “Ош‑3000”. Бүгүн “Көчмөндөр оюнун” коюшту. Бирок, эл аралык мааниге ээ болгон жок. Татарстандын президентинин катышкандыгын эл аралык деп айта албайбыз да. Канчалаган жашылбай акчалар короду. Көчө оппозициясында болуп, ураан салып кыйкырган менен мамлекет башында туруп, өлкөнү башкарган алда канча кыйын экени анык болуп калды. Эл мурда кыйкыргандардын баарын эле лидер деп ээрчий берчү. Бакиевдин тушунда өлкөнүн баардыгын өзүнө баш ийдирип алып башкарууну көздөгөн система пайда болгон. Ал деле акыры кулады. Бүгүн болсо, 1933, 1937–38-жылдардагыдай “Алаш ордунун” же “Турандын” мүчөсү деп жалаа тагып аттыргандай, ар кандай жалаа менен камап коюп жатышат. Бирок, ЖК мунун баарын көрүп туруп, үн катпай олтурат. Анан парламенттик өлкөбүз деп жар салышат. Эл болсо парламенттин депутаттарын “сасыткы жумурткага” окшоштуруп шылдыңдап жатат. Солкулдатсаң “болк-болк” деп үн чыгат, бирок үнү сыртка чыкпайт деп. Биздин бактыбызга кийинки президенттер бизнесмендер болуп калды. Эл шайлаганда бизнесмен эмес, саясатчы лидерлерге добуш берсе туура болчудай. Бизнесмен саясатчылар мамлекеттик саясатты бизнестин позициясында жүргүзүп жатат жана кайсы бир деңгээлде өз тегерегинин, тууган-уругунун кызыкчылыгында пайдаланып жатат. Бирок, кандай гана болбосун биздин президенттер дүйнөлүк чоң саясатка чыгуудан баш тартышкан жок. Бакиев да, Атамбаев да, башка бизнесмендер да дүйнөлүк бизнес агымына киргилери келет. Орусия Украинадан кийин чоочуп калды. Ошого Орусия Бакиевге кандай ишенбесе, Атамбаевге жана башкаларга деле ошондой толук ишеним артпайт. Анткени Орусия биздин мамлекет башчыларды өлкөнүн саясий векторун алмаштырып, батышка же мусулман өлкөлөрүнө же Кытайга таянып кетип калбасын деп тыкыр байкап турат. Бакиев Батышты карай багыт алары менен бийликтен жылмышты. Атамбаевдин да тегерегинде батышчыл саясатчылар негизги ролду ойноп жатканы орустарды чочутпай койбойт. Себеби, алардын атын дүйнөгө таанымал Дж. Сорос менен байланыштырышат. Бул маселеде мына ушундай жагдайларды да эске алуу абзел.

— Сиз өткөндөгү маегиңизде Дж. Сорос Кыргызстанга таасирин күчөткүсү келип жатышы мүмкүн деп айткансыз. Дж. Сорос чын эле биздин экономикага акча сала алабы?

— Мен мурда көпчүлүк биздин граждандардай эле Дж. Соросту өтө акылдуу, таза, кыйын киши экен деп жүргөм. Бирок, Трамп бийликке келип Дж. Сорос жана башкаларды Обаманын Өкмөтү менен тил табышып, миллиондогон бюджеттик акчаларды өз эсеп счетторуна которуп алышкан деп шек санагандан бери пикирим өзгөрүлдү. Бүгүн Дж. Соростун капиталы, финансысы текшерилүүгө берилген. Кылмыш иши да ачылып калышы мүмкүн. Кайсы бир деңгээлде жапайы капитализм бардык өлкөлөр үчүн мүнөздүү болгон. Мына биздин саясий элитаны караңыз, баары тең «прихватизациянын» негизинде бизнесин курган. Деги бир да тазасы жок. Коопсуздук кызматы Текебаевди, “атамекенчилерди” кечке чукуп убара болбой, ошолорду четинен сууруп чыгып камай берсе болчудай. Анан калса булардын баары депутат болгулары келет. Булар бюджетти аңдып, бизнесин өнүктүргүлөрү келет. Айрымдарынын бандиттери да бар. Трамптын шектенүүлөрүнө ишенсек Дж. Сорос деле биздин бизнесмендерден эч айырмасы жок адам экен да. Ошого менимче, Дж. Сорос илгери эле Кыргызстандагы айрым ири проектилерге кирип, пайда таап жатышы мүмкүн десек да болот. Мисалы, ошол эле “Кумтөргө”.

— Анда балким, “Мегакомду” Дж. Сорос сатып алгысы келип жаткан жокпу? Атамбаевдин тегерегинде таасирлүү фигуралар деп эсептелген С. Исаков, А. Сегизбаев, Т. Жумакадыровдорду Дж. Сорос менен байланыштырып жатышпайбы?

— Мүмкүн. Менин баамымда батыштагы бай адамдар башка өлкөлөргө чыр салып, ошондон пайда таап, байышат экен. Мына Маевский чоң чырды баштады. Өлкө дүрбөлөңгө түшүп жатат. Кимдир бирөөлөрдүн пайда табуусуна шарт түзүлдү да. Дж. Сорос өтө эле бай адам, өзү көздөгөндүн баарын сатып алууга кудурети жетет.

— Сиз С. Исаков, А. Сегизбаевдер мураскер болбой калышы мүмкүн деген ойду айтасыз. Бирок, Атамбаев С. Исаковду өз аппаратынын жетекчиси кылып койду. Ал бүгүн активдеше баштады. Сиздин пикириңиз өзгөргөн жокпу?

— Азырынча жок. Менимче Кыргызстанда президенттик шайлоолордо Казакстандын варианты кайталанышы мүмкүн. Президенттин аппарат жетекчиси С. Исаковго Казакстандагы Насимовдун ролу жүктөлүп калышы мүмкүн да. Ага мураскерди сүйрөп чыгуу тапшырылат жана тышкы дүйнө менен тыгыз байланышты камсыз кылат. Мураскер бийликке келгенден кийин да С. Исаков президентин аппарат жетекчиси болуп кала берет. Балким, кийинчерээк кайсы бир элчиликке жөнөтүлүшү ыктымал. Бирок, президент азырынча саясий абалды анализдеп, болжолдуу мураскерлерди баамдап жатса керек. Ооба, анын ичинде С. Исаков да болушу мүмкүн. Акаевдин учурунда дагы 13 кадрды тандашып, баамдап көрүшкөн. Бирок, президенттик шайлоолор келгенде Акаев шайлоого өзү кетип калган дешет. Ошого азырынча жаштарды мураскер болот деп кесе айтууга шашкан жокмун.

— Кыргызстандын саясатчылары эл аралык саясатта кандай позицияны колдонсо туура. Мисалы, Акаев Батыш менен да, Кытай, Орусия менен да бирдей мамиле кыла алды. Бирок, Бакиев, Атамбаев ошол багытты уланта албай коюшпадыбы?

— Бүгүнкү күндө Кыргызстанда орусиячыл, батышчыл, арапчыл, мекенчил идеологиядагы саясатчылардын топтому байкалат. Булардын ичинен мекенчил саясатчылар өлкөнүн өсүшүнө алда канча чоң салым кошмокпу деп ойлойм. Себеби, ал саясатчылар кечке түндүктү карап, Орусия президентинин кабылдамасында кезек күткөнсүп олтура бербейт да. Акча бербейм деп койсо таарынып, каяша аракеттерди жасабайт. Ал өз эркине жараша аракеттенет. Булар башка жактан акча, жардам күтпөсө керек деп ойлойм. Ошондуктан, биз жаштарды тарбиялаганда Мухаммед кыргыздын, Эштек бийдин, Ормон хандын, Атаке бийдин, Исхак Хасан улуунун (Пулат хан), Курманжан датканын образында тарбияласак туура болот. Түштүктүк саясатчылар тээ илгертен эле эгемен саясатты туу тутууга аракеттенип келишет. Себеби, тарыхта түштүк Кыргызстан Орус империя тарабынан басып алынган. Генерал Скобелев атайы карателдик отряд түзүп, Полот хан башында турган көтөрүлүшчүлөрдүн айылдарын кыдырып, жер менен жексен кылып салган. Акырында Курманжан Датка менен жоолугуп, өз ара келишимдин негизинде Орусия империясынын букаралыгына алган. Ормон хан кыргыздарды эгемендүү жашоосуна баардык күчүн, аракетин, мүмкүнчүлүгүн жумшаган. Кекилик Сеңирдеги салгылашууну жеңип, кыргыздын эрки бекем эл экенин даңазалай алган. Атаке баатыр Екатерина экинчиге биринчилерден болуп кат менен кайрылып, Орус империясы менен паритеттик негизде мамиле түзүүнү көздөгөн жана ага жол ачкан. Атаке баатыр Орусия империясы менен дипломатиялык жана соода-сатык мамилелерди түзүүгө чоң салым кошкон инсан. Балдарды ушул улуу инсандардын образында тарбияласак келечекте мыкты саясатчылар сөзсүз чыгат.

— Табылды мырза айтсаңыз, “Белизгейттин” да, “Маевскийгейттин” да ташы талкан чыкты. Бирок, бийлик эмнеге Текебаевди чыгарбай жатат?

— Текебаевди жалаанын негизинде камоого бир нече себептер түрткү болууда. Биринчиден, президенттин тегереги эгер Атамбаев экинчи мөөнөткө барып калса, анда Текебаев да кандидатурасын коюп, шайлоолорду каалагандай өткөрүп алууга тоскоолдук кылат деп жатышат. Экинчиден, эгер Атамбаев экинчи мөөнөткө барбай калса, анда Текебаев мураскерди сүйрөп чыгууга тоскоолдук кылат, шайлоолорду утуп алышы мүмкүн деп коркушууда. Бийлик Текебаев менен шайлоолор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө дайын эмес болуп жатат. Себеби, өткөн президенттик шайлоолордо Текебаев өз кандидатурасын Атамбаевдин пайдасына алып салган. “Ата-Мекен” партиясынын көпчүлүгү Атамбаевге добуштарын берген. Ошого бул жолу бийлик ага Текебаевден кандидатураңызды алып салыңыз деп кайрылуудан уялып жатат. Анткени, эреже боюнча бул жолу Атамбаев жана анын тегереги Текебаевдин пайдасына кандидатураларын алып салбаса да, ага жашыл свет бериши керек болчу да. Бийлик эгерде шайлоолор боюнча Текебаев менен сүйлөшүп калсак, анда ал бул жолу силер мага жыгылыштуу болушуңар керек деп коёт деп, андан көрө аны күч менен камап коёлу шайлоолор бүткүчө деген ойго келгендей туюлууда. Мындан башка дагы бир чоң проблема бул импичмент маселеси. Текебаев президент Атамбаевге карата импичмент жарыялоо боюнча документтерди топтой баштаганын жар салган. Ага улай Атамбаевдин тегерегиндеги айрым чиновниктердин коррупциялык иштерин ачыкка чыгара баштады. Максим Бакиевге таандык мүлктөрдү кимдер тартып алгандыгын ачыктап салды. Мисалы, Кой-Таштагы 2,5 га жер участогу. Үчүнчүсү, Текебаев Дача-СУдагы авиакырсыкта белгисиз болуп жаткан жүктүн ээсин аныктоо боюнча да иш алып барып жаткандыгы болду десек болот. Булардын кайсынысы негизги себеп экенин айтуу кыйын. Бирок, кыязы мына ушул себептерден улам бийлик Текебаевди темир торго камаганы жатат.

— Садыр Жапаров дагы камакка алынды. Сиз өткөндө бийлик камоолорду улантат, керек болсо, айрым президенттикке талапкер болуп чыккандарга да кылмыш иши ачылат деп билдиргенсиз. Бул кандайдыр бир чатактарга алып кетпейби? Мисалы, 3-революцияга себепкер болбойбу?

— Ооба, менимче камоолор уланат. Президенттикке кандидат болгондорго да кылмыш иши ачылышы мүмкүн. Себеби, бийликтин бүгүнкү аракеттерин мураскерге жол чабуу үчүн алдын алуу деп түшүнүп жатышат. Эгер аша чаап кетсе, анда абал курчуп кетиши толук мүмкүн.

— Жапаров бийликке тоскоол кылуучу кандидаттардын тобундабы?

— Менимче Жапаровду “Кумтөргө” байланыштуу камашты. Ал “Күмтөрдүн” проблемасын өтө жакшы билет. Батышта жүрүп “Кумтөрдү” кантип эл аралык сотко берип, кантип утуп чыкса болот ошонун жолун тапкан. Анын бул демилгеси өлкөнүн чыгаан юристтери тарабынан да жактырылган. Башкача айтканда юристтер Жапаровдун аракеттерин эң туура табылган жол деп баалашкан. Алды менен элден кол топтоолор башталган. Албетте, Жапаровдун бул аракеттерин “Кумтөрдү” иштетип жаткандар да билди. Алар Жапаров өзүлөрү үчүн өтө ыңгайсыз ишти баштап жатканын билишти. Ошого “Кумтөрдүн” кожоюндары Жапаровду бийликке “заказ” кылып койду го дейм. Себеби, Коопсуздук кызматы аны күбө катары чакырып жатат деп фейсбукта эки жумадай мурун айтылып жатты. Садыр аны өз оозу менен да айткан. Бирок, Жапаров Алматыдан келатканда Коопсуздук кызматы аны тосуп чыгып, чек арадан камакка алып жатат. Күбөнү кантип алдынан тосуп чыгып, чек арадан камакка алсын? Эгер Жапаров президенттикке койсо, анда “Кумтөр” маселесин козгоп, элдин көңүлүн өзүнө тартмак. Ошого аны да шайлоолордон четтетүү каралышы мүмкүн.

— Бийлик эмнеге Садыр Жапаровдун баласын, туугандарын кошо камап жатат?

— Буларды коркутуп койсок, кийин элди митингдерге, ар кандай акцияларга чыгарбай калышат деп ушуга барып жатса керек. Албетте, Кыргызстанда буга чейин оппозициялык саясатчыны камаганда анын туугандарын мынчалык уруп-сабап, кыйнаган учурлар болбосо керек. Эсимде жок.

— Жапаровдун камалышын анын китебиндеги билдирүүлөр менен байланыштырса болобу? Мисалы, китебинде Бектур Асановдун бомбасын чечмелеп, ошол кезде азыркы президент Бектур Асановго “Бекназаровду өлтүрүп салбайлыбы, Бакиевдерге шылтап коёбуз” дегендей сөз болгонун эскерген. Өч алып же дагы эмнени айтып жиберет деп тактап билүү үчүн камап жатышкан жокпу?

— Бүгүн ал анчейин мааниге ээ эмес. Бирок, шайлоо учурунда Жапаров дагы кандай бомбаларды жардырып жиберет деп чоочуп жатышы толук ыктымал.

— Жапаровдун китеби чыгаары менен Анапияев Бакиевдер жашап жаткан Минск шаарында өлтүрүлдү. Бул ким кан ичкич, билип алгыла дегендей эле болуп калды. Балким, Анапияевди да жалаа жабуу үчүн өлтүрүшүп жүрүшпөсүн? Бүгүн өлкөдө жалаа жабуу күч алып жатат го.

— Тигил кылды же бул кылды деп кесе айтуу кыйын. Криминал чөйрөсүн жакшы билген эксперттердин ММКларда айткандарына караганда Жаныш Бакиев менен А. Анапияевдин мамилеси 7- апрелге чейин да, андан кийин да жакшы болгондой. Кыязы, Ж. Бакиев менен А. Анапияев ар кандай негизде шугулданышып, айрым бизнестери бир болгон имиш. Бул абал 7- апрелден кийин деле сакталып кала берген деген сөз бар. Ошол эле учурда, Анапияев парламенттик шайлоолорго жакын өлтүрүлгөн. Журналисттердин арасында жүргөн сөздөргө караганда ал өлөөрүнө эки жумача калганда жоон топ журналисттер (10–15 киши) менен Дубайда жолуккан. Шайлоолор жөнүндө сүйлөшүшүп, жардам берерин айткан имиш. Анын пландарын көп кишилер билиши мүмкүн. Чынында ал көптөрдү кызыктырган. Мисалы, наркобарондорду, саясий партиялардын лидерлерин, өч алууну каалаган эски душмандарын, бийликти. Эми ким билет…

— Криминал темасын ачып албадыкпы. Бул бийлик Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө эмнеге кызыкдар болду? Айрымдары муну Р. Кадыров, Путин менен байланыштырып жатпайбы?

— Менимче Батукаевди чыгарууда бир нече фактор чоң роль ойногон. Биринчиден, акча. Экинчиден, бийликке анын чыгып кетиши өтө ыңгайлуу шарт түзгөн. Себеби, Акаев-Бакиевдин доорунан бери эле бийлик Батукаев менен эсептешип келген. 2 -революциядан кийин келген бийлик аны менен сүйлөшүп, сөз табышып олтургусу келген жок. Өлтүрүп таштай албайт эле. Себеби, анда Орусиянын баардык мыйзамдагы уурулардын каарына калышмак. Ошого Чеченстандан түшүп жаткан сунушка макул болушуп, аны өлкөдөн чыгарып жиберишкен. Батукаевдин өлкөдөн кетиши, Анапияевдин жок кылынышы менен бийлик өлкөдөгү криминалды контролго алууга жетишкен. Бул жаман өнөкөт.

— КТР 25 жылдан бери бир беткей маалымат таратып келет? Элде “кара жашик” деген аты бар. Бирок, КТРде бир тыңыраак жетекчи болду беле?

— Эсиңизде болсо Карыпкулов КТРди башкарып турганда “Карыпкуловдун кара жашиги” деп жазып жүрүштү. Кийин Карыпкулов президенттин администрациясын жетектеп келип калды. Анан басма сөз кызматын тамаша- чын иретинде “Мурда биз силерге баш ийчү элек, укчу элек, эми силер бизге баш ийип калдыңар, “Ала-Тоого” мага айтпай деле түз тапшырма берип жүрдүңөр. Бирок, мен деле илимдин доктору, членкормун да. Мен деле билет элем кайсы материалды кандай кылып беришти” деп какус-кукус кылып калчу. Балким, мен өзүм маалыматты берсем Карыпкуловдун “кара жашиги” дешпес беле деп ойлоп, бушайман болуп жүрсө керек. Кийин КТРге Айтикеева келип калды. Ал өтө катуу позицияда турду. Пресс-катчы, басма сөз кызматынын жетекчиси менен сүйлөшпөй койду. Мен ортомчу болуп калдым. Ал “Булар өзүлөрү журналистиканы билбейт да, “Ала-Тоого” мен өзүм жооп берем, ага кожоюн болгонуңарды койгула” деп маселени кабыргасынан коюп салды. Пресс-кызматына “силер кечиктирбей пресс-релизиңерди убагында жөнөтүп тургула, биз ошого карап маалымат беребиз” деп катуу турду. Бирок, ал бат эле вице-премьерликке жылып кетти. Гезиттерде деле ушундай абал эле. Бир күнү А. Малеваный чалып, “Табылды, пресс-секретарыңар кызык неме го. Жаза албаса эмне кылат жазып? Ал мага өзү жазган материалдарын жөнөтүп, псевдоним менен бастыртып жатат. Бирок, өзү экономиканы да, реформаларды да жакшы түшүнбөйт экен. Карама-каршы келген материалдарды жиберип “Бас” деп жатат. Айла жок, басып жатам. Бир күнү Акаев окуп калып, сураса эмне дейм? Мен пресс-секретарыңыздыкы деп эле айтып салам” деп нааразычылыгын айтып, “Сага атайы айтып жатам. Бир деме болсо тастыктап бергенге жара” дегени эсимде калыптыр.

— КТРК бүгүн да “кара жашиктигин” кылып жатат. Эмне менен бүтөт деп ойлосуз?

— Менимче, бул маселеде КТРКнын баардык журналисттерин айыптабаш керек. Бул жерде көпчүлүгүндө “Ала-Тоо” программасынын кызматкерлери маалымат таратууда бир аз жооптуу болушса жакшы болмок. “Ала-Тоонун” айынан Аксы кандуу окуялары болду. 7-апрелде жана андан кийин 100дөн ашуун жаш жигиттердин өмүрү кыйылды. 7-апрель куну бизди Ак үйдүн алдында атып жатышканда да, “Ала-Тоо”, “5- канал”, “ЭлТР” үн катпай олтура берген. Ошонун айынан талкаланышкан. Биринчилерден болуп НБТ айтып чыккан. Менимче, сабак ала турган мезгил келсе керек. Болбосо, абал күндөн-күнгө оорлоп баратат.

— Бул бийлик да элди атабы?

— Өзүн коргой албаган бийлик бийлик эмес деп коюшат. Кыйын кесең келсе, сакталып калышы үчүн баардык мүмкүнчүлүктөр колдонулат жана жумшалат. Атпайт деп айтуу кыйын.

— Жакынкы дем алышта президенттик шайлоо болсо ким утуп алат деп ойлойсуз?

— Бабанов.

— 19-ноябрдагы шайлоолордо ким утат?

— Бабанов (Эгерде конкуренттери катуу дайындалбаса).

— Себеби?

— Кеңири айта албайм. Бабановду камап коюшу мүмкүн го.

Булак: “Жаңы ордо”

Мирзиёев жеке күзөтүн кенже күйөө баласына тапшырды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди Казакстан жана Түркмөнстанга кенже күйөө баласы коштоп барган. Муну расмий сапарлар учурунда тартылган сүрөттөрдөн жана видеолордон көрүүгө болот.

Шавкат Мирзиёевдин 22-23-мартта Астанага жасаган сапары тууралуу материал Казакстан президентинин akorda.kz расий сайтында жарыяланган. Сүрөттө өзбек лидеринин күйөө баласы Отабек Шаханов кайнатасынын артында турат. Шахановдун төшүндө президенттин жеке күзөтүнүн бейжи тагылган.

Бул арада Centre1.com интернет басылмасы Отабек Шахановдун ысымы Казакстан борборуна барган өзбек делегациясынын мүчөлөрүнүн тизмесинде бар экенин билдирди.

Буга чейин Eltuz.com интернет басылмасы Шавкат Мирзиёев коопсуздук системасына күйөө баласы Отабекти ишке алганын жазган. Маалыматка караганда, Отабек Шаханов январда президенттин коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары болуп дайындалган.

Бирок Мирзёевдин кенже күйөө баласынын күзөт кызматына ишке алынгандыгы тууралуу расмий кабар чыга элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алмаз Атамбаев: "Мураскериң ким болот?" деп Меркель да сурайт, Путин да сурайт, баары сурайт"

“Сөзүмдүн аягында баарыңарды кызыктырган бир суроого жооп берип кетейин деп жатам. Анткени Кыргызстанда боломбу, чет элде боломбу, – кайда барбасам: “Мураскериң ким болот?” деп сурайт да. Жөнөкөй мекендештерим да сурайт, Меркель да сурайт, Путин да сурайт:”Мураскериң ким болот?” дешип”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 3-апрелде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин V жыйынында сүйлөп жатып.

“Айрым саясатчылар, журналисттер макала да жазып жиберишти: “Атамбаев мураскер таппай кыйналып жатат. Анткени, мураскер аны коргоп, сактап калышы керек” депчи. Мени коргоп сактап калыш керек экен да. Бузукунун ою да бузук. Башка бирөөнү да өзүндөй бузуку көрөт. Ачык айтайын: мен Кудайдан гана корком. Мен элимдин алдында акмын, Кудай көрүп турат. Мага мени коргой турган, мени сактай турган мураскер кереги жок! Кыргыз элин коргогон, кыргыз тилин коргогон, кыргыздын рухун, кыргыздын тарыхын, кыргыздын маданиятын коргогон, эгемендүү Кыргызстанды коргогон ар бир кыргыз жараны – менин мураскерим! Эмки президентти болсо эл өзү шайлайт. Ал мага мураскер болобу, же Акаев, Бакиевге мураскер болобу мен аны билбейм. Аны мезгил гана көрсөтөт. Анткени шайлоо деген шайлоо. “Чуркаган албайт, буюрган алат” деп айтат кыргыздар. “Жыландын аласы тышында, адамдын аласы ичинде” деген да сөз бар. Анан кайран кыргыз элимди да билем, ишенип, алданып да, ээрчип кетмейи бар. Алданып шайланып кетиши да мүмкүн. Мезгил өзү гана бардыгын көрсөтөт. Ачык айтайын, мен аны билбейм. Менин максатым туура шайлоо өткөрүп бериш. Бирок ким Президент болсо да, кыргыз көчүн азыркы туура жолунан бура албайт деп ишенем. А болбосо эл аны бат эле өз ордуна коюп коёт. Анткени, бизде бийликтин булагы – эл! Бирок, кийинки президент туура жол менен баратканын, же башка жолго буруп кеткенин эл кантип билет? Ушул бүгүн биз түзүп баштаган “жол картасынан” билет. Эгер кийинки президент ушул “жол картасы” менен кетсе анда туура жол менен кетет. Ошондуктан, бул иш өтө маанилүү, өтө зор. Туура жолду көрсөтүп, “жол картасын” түзүп коюшубуз керек өлкөбүз үчүн, элибиз үчүн. Бүгүн ушул жерде Президент болом деген бир топ жигиттерибиз отурат. Кээ бирөөсү ачык айтты, кээ бирөөсү айта элек.  Мен ачык айтайын, баарыңарга ийгилик каалайм! Баарыңарды Кудай колдосун! Мен таза шайлоо уюштуруп берем, эл башчысы катары. Бирок, унутпагыла: бийликтин булагы – эл! Президент болуп калсаңар, Атамбаевди эмес, кыргыз жерин, кыргыз элин коргогула! Уурулардан, мародерлордон, эл бузарлардан коргогула!”, – деди Атамбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

 

Адахан Мадумаров: «Ата-Мекендин” депутаттары үчүн адамга караганда депутаттык мандат кымбат болуп олтурат»

(Башталышы мурунку санда)

— Адахан Кимсанбаевич, эл арасында “Адахан Мадумаровдун айткан сөзү бутага таамай тийип, бийликти алмаштырып жибергенге чейин алып барат. Депутат кезинде Жалал-Абадда абакта жаткан кесиптеши Бекназаров тууралуу эртең мененки бир билдирүүсү бийликти алмаштырганга чейин алып барган. Бүгүн саясатта үзөңгүлөш болуп келген Текебаев камалганда эмне үчүн ошондой жалындуу сөзүн айтып чыкпай жатат?” деген сөздөр болуп жатат?

— Мен Текебаев боюнча өзүмдүн пикиримди айттым. Кармалаар замат айттым. Бирөөгө жагабы-жакпайбы, каалайбы-каалабайбы кыргыз парламентаризм тарыхында Текебаевдин чоң орду бар. Анын иш аракеттери оң же терспи, ал башка маселе. Инсан катары тарыхта орду бар киши экени талашсыз. Маданият министрлиги бизге тийбей калды дегендей болуп өкүрүп кошок кошуп баргандай болуп, ошол азаматтар биздин жетекчибизди адилетсиз камап койду деп өкүрүктү салышса жакшы болмок.

— Шайлоодо Мадумаровдун партиясы өтүп, анын ордуна Текебаевдин партиясы олтуруп калгандан соң ич күйдүлүгү бар, ошол үчүн үн катпай олтурат деп чечмелесе болобу?

— Мен биринчи күнү эле үн катпадымбы. Эгер мен 2002-жылдагыдай депутат болуп олтурганымда парламенттен көтөрүп чыкмакмын. Себеп, мыйзамдын так аткарылышын көзөмөлгө алуу депутаттын милдети. Азыр менин кайсыл милдетим, кандай укугум бар?

— Мадумаров деген микрофонуңуз бар да?

— Мадумаров деген микрофон менен Текебаевди оор кылмышкер, жанкечти катары дикилдетип жетелеп баруу айбанчылык деп айттым. Сиз айтып жаткан маселени “Ата-Мекендин” 11 депутаты күн-түн дебей көтөрүшү керек. Мени маселени көтөрүп чыкпай жатат дегендер ал сөзүн бир жерине салып алышсын. Бир эмес эки жолу “Бүтүн Кыргызстандын” парламентке киришине тикеден-тике тоскоолдук кылган “Ата-Мекен” экенине карабай өзүмдүн адилеттүү сөзүмдү айттым. Текебаевдин адамдык, депутаттык бийик даражасын айтып олтурам. Принциби туура келбей калдыбы, “Ата-Мекен” партиясынын депутаттары бүтүндөй мандаттарын тапшырып, бийликке нааразычылык көрсөтүп, жыйындар залынан чыгып кетип калышы керек. Алар үчүн адамга караганда депутаттык мандат кымбат болуп олтурат. Президент болот элем деген азаматтар да “лам” деп сөз айталбай олтурушат.

— Революцияны чогуу жасаган, чогуу бийлик жүргүзгөн үзөңгүлөш эки лидер бири-биринин айыбын ачканы үчүн экинчиси камакка түшүп калышына себеп болду деген ой жүгүртүү жаңылыштык болсо керек?

— Буга адамкерчиликти бул жакка коюп туруп, саясий өңүттөн гана баа бериш мүмкүн. Мында адамгерчиликтин тийешеси жок. Тек гана саясий өңүт. Бул оюн. Жаш кезде жыгачтан кылыч жасап алып “Мен Рүстөм, сен Сухрабсың” деп чабышат элек. Ошондой оюн болду. Ойноп жатып биринчиси экинчисин байкабастан сайып алды. Анысы эрежени буздуң деп бир чапты эле, мунусу мен оюн кезинде чаптым деп экинчи жолу чапты эле, ошону менен балээнин баары башталды. Адамкерчилик болгондо бул маселе чыкпайт болчу. Саясий жактан эртеби-кечпи чыкмак. Мен 2010-жылы эле бирин-бири чукуп, бирин-бири көмө турган күндөр келет деп айткам. Мына ошол мезгилде башкалар Конституцияны жерге-сууга тийгизбей мактап жүргөндө Мадумаров “Бул Конституция Кыргызстанды туңгуюкка алып барат!” деп чыркыраган чындыкты айтып чыккам. Алып келдиби? Алып келди. Ошол мезгилде Текебаев өзү теледебатта “Ушул системанын жакшы экенине баары макул болду, жалгыз сиз калдыңыз. Эмне мынча көгөрөсүз?” деп айткан. Мен көгөрөм. Себеп, чындык мен тарапта экенине ишенгем. Ошол Конституция баардыгынын түбүнө жетет. Эң жаманы мамлекеттин түбүнө жеткени баратат. Бүгүн мамлекеттүүлүктүн аты бар, заты жок болуп калды. Кайгы ушунда.

— Эмне үчүн камоону Текебаевден баштады?

— Текебаев мугалим, башынан туура тарбия алган киши катарында бүгүнкү система туура эмес кетип баратканына көзү жетип, намыска келип, ошого каршы күрөш баштап алды.

— Эгерде Текебаевди Конституцияны өзгөртүүдө комиссиянын “атасы” кылып калтырып койгондо бул тиреш болбой калышы мүмкүн беле?

— Бул экинчи маселе. Адамдын көкүрөгүндө муштумдай болгон эт бар. Ошол эт менде таза деп бир да инсан айта албайт. Ал жүрөк. Жүрөктүн ичинде көрө албастык, ичи тардык, кызганыч деген шайтанга жакын касиеттер бар. Мына ошол сезимдердин бири. Эгерде Текебаевди чакырып, “Биринчи баскычты жакшы басып өттүк, экинчи баскычты дагы ийгиликтүү өтүшүбүз керек. Өзүңүздүн гана колуңуздан келет, өзүңүз ушул долбоорду карап бериңиз. Сиз Конституциянын атасысыз” деген болсо, азыркы саясат башка өңүттө кетиши мүмкүн эле.

— Конституциялык реформа Текебаевсиз өтүп, Өмүрбек Чиркешович “Конституциянын атасы” болбой калгандан улам таарыныч пайда болду окшойт…

— Бул ал кишинин ичиндеги сезим. Бул жактагы кишинин ичиндеги сезими ага карама-каршы келди. Натыйжасын көрүп жатпайсызбы. Системанын тиреши эмес, эки кишинин ортосундагы тиреш.

— Текебаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жатып алып, өзүнүн адвокаттары аркылуу Дача-СУда кулаган учактагы жүк Атамбаевге жана анын жубайына таандык деген документти жарыялабадыбы. Ушул дагы окуяны курчутуп тездетти окшойт?

— Ар бир айтылган сөз бир окуяны тездетет же окуяны токтотот. Маселенин баардыгы коюлган суроого жооп табылбай калган кезде чыгат. Бул бир КАМАЗ, бусик, “Тико” эмес да, ал 130 тонна жүк ташый турган “Боинг” деген учак. Учак кагазга кол коюлмайынча учпайт. “Тико” менен шакты аралап ууру жолдор менен кирип келсең болот. Гонконг деген Бишкек эмес. Ар бир жүккө кол коюлат. Кайдан чыкты, ким кол койду, канча төлөдү дегендин баары жазылат. Жүктүн ээси болушу керек. Эгерде жүк жөнөкөй инсандыкы болгон болсо заматта чыгармак. Кыргыз ишкерлериники болгон болсо тизмеси менен чыкмак. Ушул кезге чейин дым болуп, эч кандай маалымат чыкпай жатканы да көп нерселерди пайда кылат. Биз депутат болуп турган кезде Францияга учканда депутат Алишер Абдумомуновдун чемоданы Японияга кетип калыптыр. Кийими ошол чемодандын ичинде кеткен. Кийинки күнү таңкы саат алтыга чейин чемоданды Токиодон алып келип койду. Кийими ошол жакка кетип калганы үчүн авиа компаниянын өкүлдөрү кечирим сурашып, кийе турган кийим сатып беришкен. Мына тартип. Кичинекей чемоданды Токиого кеткен жеринен таап алып жатат да, 130 тонна жүк ташыган учактагы жүк кимдики экенин УКМК таба албай калабы?

— Сиз жана маданият өлдү деп өкүрүп кошок кошкондор тууралуу сөз кыпчый кеттиңиз. Президент жакында эле маданият кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Сиз дагы убагында Мамлекеттик катчы болуп иштегенсиз. Сыйлыктар өз ордун таптыбы? Маданиятка жетишерлик көңүл бурулуп жатабы?

— Пачкалап сыйлык берип жатканы да уят маселе. Депутаттардын, Өкмөттүн, жергиликтүү бийликтердин деңгээли кандай түшсө, бүгүн сыйлыктардын деңгээли да ошондой түшүп кетти. СССРдин Эл артисти болгон Самара эже 70 жашка толгондо берсе жарашат эле. Самара Токтакунова комузду колуна көтөрүп, нукура кыргыздын жүзүн көрсөтүп, болгондо дагы элдик аспаптар тармагындагы жалгыз СССРдин Эл артисти болгондон кийин көңүл бурууга милдеттүү эле. Мазактагандай болуп премьер Т. Сариев өкмөттүн ардак грамотасын тапшырды. Ал эже СССР деген мамлекеттин сыйлыктарын алган залкар. СССР мамлекеттик сыйлыгынын ээси, СССРдин Эл артисти Болот Шамшиевдин 75 жылдыгы өттү. Залкар инсандын мааракесине Маданият министри да барып койгонго жарабады. Кыргыз кино искусствосунда Төлөмүш Океев менен Болот Шамшиевдин деңгээлине жеткен бир киши жок. Голливуддун жылдыздары видео аркылуу куттуктады. Россиядан Михалков, Кончаловский баштаган мыктылар куттукташты. Кыргыздын маданият министри барып койгон жок да. Бир депутаты басып барган жок. Бул өтө чоң уят маселе. Улуттун уюткусуна согулган чоң сокку. “Маданият министрлиги бизге тийбей калды, маданият өлдү, көмүлдү” дешип өкүрүп чыгышпады беле. Өгүздөй өкүрүп чыккан азаматтардын бирөөсүн да ошол жерде көргөн жокмун. Кыргыз маданиятын туу чокусуна чыгарып койгон Самара Токтакунова эжебиздин тою экен деп барып койгонун көрбөдүм. Казакстандан Болот Шамшиевдин кесиптештери келип, аларга сөз берилди. Алар чыгып “Бизде дүйнөдө 9-орунда турган керемет кенен жерибиз, дүйнөдө алдыңкы орундарда турган мунайыбыз, газыбыз бар. Бүтүндөй аалам тааныган, аалам урматтап сыйлаган Нурсултан Назарбаев деген президентибиз бар. Баардык жагынан телегейибиз тегиз. Мактансак мактана турган кезибиз. Бир өксүгүбүз бар, ал бир Бокебиз жок. Боке жүрүңүз, тоюңузду Казакстанда тойлойлу” деп айтты. Казак туугандарыбыз бизди бычаксыз мууздуп, жипсиз муунтуп кетишти. Закир Дүйшөнбек уулу деген жаш жигит чыгып жатат. Комузду ал жигитчелик черткен эч ким жок. Сыйлыкты ошого окшогон жигиттер алыш керек. Очокто калган чоктой болгон жылдыздар бар. 10 мүнөттөн кийин карасаң эч нерсеси жок күлгө айланып калгандар. Ошолорду жыйнап алып сыйлык берип жатат. Эми аман эле болсун. Бул тышкы саясаттын эле эмес, ички саясаттын, анын ичинде маданияттын боткосун чыгарып жибергендин белгиси.

— Курманжан Датканын номур биринчи орденин кыргыздын кыздарынан татыктуу эч ким чыкпай калгандай болуп, президентибиз Германиянын канцлери Меркелге тапшырып келди. Ушул орденди Самара Токтакунова эжеге тапшырса жарашат беле?

— Ошол орден берилер замат ал айымдын жакшы эмес сүрөттөрү чыгып баштады. Датканын касиети, тазалыгы кандай? Айтып жүрүшөт, Датка канча бала төрөсө, канча бала эмизсе, күн-түн болобу даарат алып келмейинче эмчек оозго салган эмес деп. Аксакалдар анын колдоочусу – кызыл жолборс болгон деп айтып жүрүшөт. Жараткандан берилген өзүнчө касиет. Ошол энебиздин атындагы ордендин биринчисин алганга татыктуу кыргыздын бир кызы чыкпай калдыбы? Же биринчи орденди ушул эжекебиз алган деп көкүрөктү кенен керип айтып жүрчү кыргызда эч ким жокпу? Баатырдыкты ыраа көрбөсөң да Самара Токтакунова Курманжан датка орденине татыктуу. Самара эжекебиз дагы Даткадай болуп үч кыл комузу менен кыргызды дүйнөгө таанытып келди. Чет өлкөнүн президенттери отурган ордунан туруп, протоколду бузуп басып барып, колун кармаган же болбосо гүл берген документалдуу кадрларды көрбөй жүрүшөбү? Ал эжеден башка дагы кыргыздын канчалаган кыйын кыздары жүрүшөт. Мейли Меркелге да бер, бирок үчүнчү же бешинчи кылып бере бер да. Ар бир нерсенин эби болушу керек. Ал айым кыргызга эмне кылып койгону үчүн Датканын биринчи орденин алышы керек? Бул абдан жаман көрүнүш болду.

— Сиз сыртта жүргөн мекендештер менен жолугуп келатасыз. Ушундан улам болсо керек “Мадумаров президенттик шайлоону баштап алды” деген сөздөр чыгууда. Президенттик шайлоого даярдык башталды дегендин чындыгы болсо керек?

— Мадумаров алар менен жолугуп жүргөн. Алла аман кылган болсо мындан кийин да жолугуша берет. Мен чакырган жерге барам. Москвада жүргөн биздин жердештерибиз “Тоонун улуулугу алыстан билинет” деген керемет сөздү айтты. “Биз Кыргызстанды алыстан карап олтурабыз. Өзүңүз келиңиз! Биз “Мадумаровду колдоо кыймылын” түздүк” деп чакырышты. Москвада жүргөндөр ушундай кыймылды түзгөндөн кийин мен үчүн текеберленип барбайм деп коюу туура эмес болот. Ал жакта төрт сааттан ашык тыныгуусу жок жолугушуу болду. Менин баскан-турганыма чейин ошол азаматтар өздөрү көтөрүп беришти.

— Биздеги байлар эмеспи?

— Биздеги байлар бүргөнүн ичегисине быжы куйгандар. Алар бээчеки бир жерге тыйын берип көнгөн эмес. Болгондо дагы Мадумаровго окшогон адамга тыйын берип алардын башына таш тийген жок. Жакында Алма-Атага барып жолугушуу өткөрүп келдим. Ал жакка дагы ошол жерде иштеп жүргөндөр баардык маселени өздөрүнө алышып, “Тек гана келип бериңиз” деп чакырышты. Мен ошол жолугушууну уюштурган жигит-кыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Алар Кыргызстан үчүн күйүп-бышып, башка мамлекеттер менен салыштырып жатканына ыраазы болосуң. “Биздин акчабыз адал, добушубуз арамбы? Неге бизди шайлоо кезинде четке кагып коёт. Ушул талапты катуу коёбуз” деген чоң маселе коюшту. Мен мигрант деген сөздү колдонбогула дедим. Биз көчмөн элбиз. Жыйырма биринчи кылымдын көчмөнүбүз. Европада, АКШда көчүп жүргөндөр толтура. Трамп көчүп жүргөндөрдөн кутулам деп дубал курап жатат. Мигрант деген сөздү колдонбойлу, ал балдардын психологиясына катуу тийип калат деп айттым. Жакында дагы ушундай жолугушууларга барам. Башка шаардагылар чакырып жатышат. Ошол кыймылды бүткүл Россияга жайылтабыз деп атат. Рахматымды гана айтам.

Маектешкен Наралы Асанбаев

(Маек 22-март күнү алынган)

Булак: “Жаңы ОРДО”

Турсунбек Акун, укук коргоочу: «Бул чечим чын болсо көчө шыпырып жүрбөйт белем?»

– Сот чечими боюнча сиздин 8 сааттык кара жумушка кесилгениңиз чынбы?
– Жок, андай эмес. Сот чечими өзүмдүн колумда турат, жөн гана 1500 сом өлчөмүңдө айып пул салынды. Айрым маалымат булактар кара жумушка тартылды, 5 суткага камакка алынды деп жазып чыгышыптыр. Бул чечим чын болсо жүрбөйт белем көчө шыпырып, кадимкидей эле иштеп жүрөм. Ал эми 1500 сомду төлөгөн жокмун. Анткени эч кандай күнөөм жок. Митинг болуп жаткан жерге Садыр Жапаровду колдоо үчүн барган жокмун, укук коргоочу катары карапайым калк тынч митингге чыгып жаткандан кийин милиция кызматкерлери менен кагылышуу болуп кетпесин, адамдар бири-бирине кол салбасын, адамдардын укугу тебеленбесин, зордук-зомбулук болбосун, кан төгүлбөсүн деп мониторинг жүргүзүү үчүн баргам. Садыр Жапаровдун кишилерине жолугуп, «милицияга тийбегиле, бул жерде турбагыла, буктурма жасалып кармап алышы мүмкүн» десем, такыр болбой коюшту. Анан кагылышуу болуп кетпедиби. Ал жерде катышкандар менен жөн өтүп бараткан кишилерди, карап тургандарды, бизди кошуп кармап кетти. Ошентип, бизди Биринчи май РИИБине алып барышты. Ал жердин начальниги мени көрүп «Бул кишини эмнеге кармап келдиңер, канча жылдан бери силердин укугуңарды коргоп жүрөт» деп урушту. Негизи РИИБге түшкөндөн кийин эреже боюнча жөн эле кетирип жиберишпейт экен, ошого байланыпггуу мага 1500 сом айып пул салынды. Ал жерден ошол күнү кечирээк чыктым, себеби, ал жердеги түшкөн балдарды таштап кете албадым. Ал эми мага карата салынган айып пул үчүн адвокаттарым шаардык сотко арызданып жатышат.

Булак: “ПолитКлиника”

Меню