Menu

САЯСАТ

Акибаев аштан калса деле гөштөн калбайбы?

Ысык-Көл областында башчы болуп Токтобек аттуу адам эле барбаса , башкалары токтобос болду Өкмөт акенин койгон ар бир өкүлдөрүнүн артына, түлкүнүкүндөй булактаган куйрук пайда болуп жаткандыгы жалган эмес. Баарыныкы эле опокшош. Өнүктүрүү фондуна түшкөндөрдү oп тартуу. Ошолордун ичинен учурдагы бийликтин ез балдарына сөз да, ок дагы жетпес тура. Мына акыркысы эле Мирбек Асанакунов менен Аскат Акибаевдер дал ушундай күбүр-шыбырдан улам эле кызматтарынан алынганын укканбыз. Ал турсун Асанакуновго кылмыш иши деле козголгон. Анысын унуткарып кечээ жакында Кыргызстандын Профсоюздар Федерациясына төрага болуп шайланганы бар. Ал эми кечээ жакында эле ордун Узарбек Жылкыбаевге бошотуп берген Акибаевге, Мамлекеттик Мүлк Фондусунун эки чылбыр бир тизгинин карматышмай болуптур. Албетте, “көздүү мончок жерде калбайт” деңизчи. Бирок, Аскат мырза Ысык-Көл облусун башкарган бул жылдары жарытарлык иш бүтүргөнү билинбейт. Тескерисинче, чакан бизнес  башкарып жүрүп, бир регионду жетектөөнү жөндөй албай, башы жалаң интригалардан чыкпай калганын угуп да, байкап дагы жүргөнбүз. Анын айынан Көлдүн аттуу – баштууларын экиге бөлүп дагы жибергенин көпчүлүк жакшы билет. Анан мына ушундай майдачыл жетекчи Мамлекеттик мүлк фондусун таптакыр жок кылып албайбы деген эле коркунуч…

Булак: “Ачык саясат”

Чыныбай Турсунбеков чынында өз ишин билбей жатат

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков өз ишин мыкты биле албай жатат. Улуу-кичүү депутаттардан кагуу жеп, жек көрүндү болуп калды. Мындан улам сыйы менен эле арызын жазып кете берсе дегендер арбын. Баарынан да жаш жигиттер атасындай болгон адамды кагып-силкип жатса эң эле жаман көрүнөт экен. Мындан өткөн кордук болбосо керек. Ошол себептүү СДПК партиясы жоктон тапкансыбай, төрагалыкка башка кишисин түртүшсө жарашмак…

Булак: “Ачык саясат”

Сакишев менен Бокушевди байкаган бирөө барбы?

Кара-Балталык авторитет Алмазбек Бокушев криминалдык чөйрөдө таасирдүү фигура болуп келгенин билебиз. Анын бир тууган аталаш иниси Асылбек Сакишев Чүй областтык патрулдук милициясынын бакандай болгон башчысы. Буга чейин бул жигит ушул эле кызматтын командир батальону болчу.

Кызматкерлерден акча чогулткан жагынан алдыга киши салдырбай, чоң легендага айланып, миллионер атыккан. Анан кызматынан алынып, көп өтпөй кайра бакандай болгон башчылык креслого отурган. Мына ошол легендага айланган Сакишев мырза, көнгөн адатынча акча чогултмайын баштаптыр. Тыйын кармап калган колу тыпырап жөн турбай жатса керек. Баарынан кызыгы, акчаны Чүй ОИИББнин башчысы Канат Жумагазиевге дейт экен. Мунусу тигил Жумагазиевге жетип калганбы айтор катуу жинденип жатыптыр. Канат мырза түз жүргөн жигиттерден эмеспи, аркасына сез ээрчиткиси келбейт да. Чакыртып катуу жазасын берип, же болбосо иштен кетирбесе болбойт го ыя? Же анын авторитет агасы Алмаз Бокушевден коркобу?

Булак: “Ачык саясат”

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү бир айлык мөөнөттө мамлекеттик ишканалардын чыгашалуулугун жана төмөнкү кирешелүүлүгүнүн себептерин аныктап чыгуусу керек

Кыргыз Республикасынын  вице-премьер-министри Жеңиш Разаков кечээ, 23-мартта,  мамлекеттик ишканаларды башкарууну оптимизациялоо маселеси боюнча өткөн жыйында: «Ведомстволор аралык комиссия мүчөлөрү бир айлык мөөнөттө мамлекеттик ишканалардын чыгашалуулугун жана төмөнкү кирешелүүлүгүнүн себептерин аныктап чыгуусу керек» – деп билдирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын малыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

«Азыркы кезде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго караштуу 58 акционердик коом жана 164 мамлекеттик ишкана бар. Аталган ишканаларга жүргүзүлгөн анализ көрсөткөндөй, алардын көпчүлүгү натыйжасыз болууда. Мамлекеттик ишканалардын сезилээрлик бөлүгү чыгашалуу», – деп белгиледи Жеңиш Разаков.

«Комиссиянын курамына кирген экономикалык тармактагы министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери бир айлык мөөнөттө  мамлекеттик мекемелердин, мамлекеттин катыштыгы бар акционердик коомдордун чыгашалуулугун жана төмөнкү кирешелүүлүгүнүн  себептерин аныктап чыгышат. Ведомстволор аралык комиссиянын чыгарган жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көрсөтүлөт», – деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Кара баатыр картайдыбы?

Оштун «кара баатыры» Мелис Мырзакматов кайда? Сыртта жүргөнү боюнча өздүк булактары аркылуу кабардар кылып койгону болбосо, баягыдай баатырдык сапаттан дайын жок. Эч кимден коркпогон кабылан-шер болуп жатпады беле. Оштун элинин ишеничи зор эмес беле буга. Анан эмне болду? «Ош меники» – деп көкүрөк каккан «кара баатыр» карыдыбы? Ошту кароосуз калтырдыбы? Үн катып койсо боло. Президенттик шайлоого барабы деген суроого эл арасында көп айтылып жатат. Же муну чын эле «черныйлар» коркутуп, жүрөгүнүн сары суусун алып койгон окшойт, болбосо эмнеге Текебаевди колдоп чыкпайт? Бир кезде биригип иштеп жатышпады беле?

Булак: “Ачык саясат”

Каптагаев кабаанак болууда, тиши калдыбы?

Кызматтык креслодо олтурганда бийликке аянбай жанын берген. Андан айрылса бийликке аянбай акаарат келтиргендер кыжырды кайнатып жиберчү болушту. Андайлар абдан көп. Бирок аларың кайсы бир маселеде, “шеп” менен келише албай калган киши болуп, орустар айтмакчы “плавно” экинчи жээкке, оппозиция тарапка секирип кетишет. Ошондуктан көбү түбөлүк бийликке каршы жүргөндөй элес берет экен. Ал эми Эмилбек Каптагаевдин азыр кабанаак итче бийликти карап калп эле үргөнү байкалып калды. Канча аракет кылса деле түк окшошпойт. Себеби ал Ысык-Көл облусун башкарып турганда, “Кумтөр” маселесин айтып чыккан саруулук активист балдарды темир тордун аркасына жөнөткөнү белгилүү. Саруу окуясынын артында Садыр Жапаров турат дегендей шумдук шоу уюштуруп, өзүн барымтада калган байкуш катары көргөзбөдү беле. Муну Көлдүктөр али унутуша элек. Анан ушундай артында шакмарлары кайнап турса деле жазганбаган эргул жан экен. Бүгүн ошол өзүнө кызмат берип, кийин кайра тартып алган учурдагы Атамбаев бийлигине каршы кыйкырып алыптыр го. Мунусу канчалыкка барат болду экен? Көпчүлүктү “маңкурт” көрөбү, айтор бул бийликке канчалык каршы сүйлөбөсүн, ошончолук оппозициянын дагы кыжыры кайнап жаткан имиш. Анан эмне Эмилбектин эпчил интригасы менен бөөдө жаш жигиттер камакка алынып олтурушса. Оппозиция болсо дагы ал жакта мынчалык пасттыкка баргандар жок экен. Ошондуктан Каптагаев тар чөйрөдөгү үзөңгүлөштөрүнүн баарынан эле кагуу жеп жүрөт экен. Антсе дагы “Орус оюндагысын кылат” болуп өзүнүкүн бербей, апендиленип келе жаткандыгы өтө өкүнүчтүү. Ушундан көрө тынчыраак бала- бакыранын маңдайында, келин-кыздын чайын ичип бактылуу карылыкты сүрсө болмок. Аксакал окшоп омоктуу кеп кеңеш айта албаган соң…

Булак: “Ачык саясат”

Президенттик күрөөгө коюулуучу каражатты, Садыр Жапаров үчүн мигранттар чыгармай болушту

 

Мультимиллионер саясатчылардын саясий аренадагы ордуларына акыры чекит коюлмай болду. Тагырагы, депутат же президент болуш учун алгач “күрөө” деген балээң болушу керек змес беле. Ии ошол системаны, алгачкы жолу чет жерлерде жан багып жургөн мигранттарыбыз буза турган болушту.

Анткени “күрөө” деген саясаттын артында, колунда жок, бирок мекенчил намысы бар, иштей тургандардын түшүнө кирбегендей суммалар жашырылган. Жашырганда эмне, бул дүйнөнү башкарган Еврейлердин, “башы иштебесе дагы байдын уулу бай болушу керек” деген бузуку саясаты. Албетте, андай аңкоолор өлкө башкаруу системасына келишсе, еврейлерге пайдалуу да. Мага ишенбесеңер азыркы Жогорку Кеңештен сурап көргүлө. Мына парламентке жалаң көпөстөр толуп алып, өздөрүнө ыңгайлуу мыйзамдарды кабыл алып жатканына нааразы болуп жатпадык беле. Эми жакында президенттик жарыш башталат. Канча талапкер болсо ошончолук бюджетке кө-өп акча түшөт деңизчи. Бирок, таңгөрүнүкү ал каражаттар пайдалуу иштерге, дареги менен тыйыны коробой коротулгандыгы тууралу ачык маалымат жеткиришпейт. Ошондуктан көпчүлүктүн ал каражат менен иши деле жок. Болгону ошол жарыштарда акчасын чачып жеңишке жеткен көпөстөр, Эл жер үчүн ак иштеп, берилген ишенимди актоого аракет кылбай калышат тура. Көрсө алар бирге экини кошкон бизнесмендер да, эми саясатты бизнес аренасына айлантышып, короткондорунан 2-3 эсе ашык табуу үчүн бийликке келишерин баарыбыз жакшы эле түшүнүп калдык. Мындан улам Садыр Жапаровду колдогон, чет өлкөлөрдөгү ар бир мигрант кыргыз жарандары 20 доллардан чогултуп беришмей болуптур. Мунун себеби, Садыке президенттик жарышка ат салышуу үчүн дал ушул “күрөөдө” маселе жаралган экен. Эми ага эле жан тарткыдай мигранттарга анчалык эмне кылып коюптур дээр чыгарсыңар. Анда түшүнүктүү болушу үчүн айта кетели. Кече жакында Садыр Жапа­ров, “Кумтөр” кенин иштеткен Канадалык “Центтера Голд” ишканасы өлкөгө экологиялык зыян алып келип жаткан учурун тастыктап, эл аралык сотко бергенин жакшы эле билесиңер да. Учурда аны жүзөгө ашыруу үчүн Кыргызстандын жарандарынан кол (петица) топтолуп жатат. Анткен менен бул ишти кыргыз бийлигинде тургандар аткарса таасири күчтүү болмок. Бирок, андай кайдан болсун.

Канадалык шылуундар ким бийликке келсе жашылбайлар менен азгырып, өз алтыныбыздан түшкөн пайда менен өз адамыбыздын көзүн тумандатып азгырып жатышса. Анан аткаруу, башкаруу бийликтери биригип алышып, мекен деген бирөөнү каралоого өтүштү. Тузак уюштуруп коюшкандыгы тууралу имиштерди чыгарып, Кыргызстанга 25-мартта келем деген Садыр мырзаны коркутуп ,келтирбөө аракетинде. Мындан улам түтөгөн кыргызым акыры чыдабады көрүнөт. Ошол Центераны сотко берүү боюнча, КМШ өлкөлөрүндө эмгектенип жатышкан Кыргызстандын жарандары менен жолугушуп жүргөн Са­дыр Жапаровду мигранттар минтип ажолукка түртмөлөй башташты. Эми “көп түкүрсө көл болот” дегендей, балким Садыр аванын президент болуу бактысы деле келип калгандыр. Андай болсо, анын буга чейинки президенттердей эсирип, эки сүйлөй албасы тур­ган иш. Антүүгө чама-чаркы дагы чектелет. Демек, мындан соң Жапаровдо намыс, ар болсо эл үчүн башы менен жер казып кул болуп бериши керек. Ант­кени башкалар өз акчаларын чачып, анысын элден сыгып алышат. Ал эми Садыр Жапаровдуку мында тескерисинче болушу керек. Элдин акчасын чачып бийликке келсе, кайра анысын элге бир нече эсселеп өз мээнети менен кайтарып бериши керек!

Булак: “Ачык саясат”

Эми тажик аткаминерлери «чет өлкөлүк» сыйлыктарды президенттин уруксаты менен гана алышат

Мындан ары тажик аткаминерлери президенттин уруксатысыз башка мамлекеттердин же эл аралык уюмдардын сыйлыктарын, ардактуу жана атайын наамдарын ала алышпайт.

Бул Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы тарабынан жактырылган «Мамлекеттик кызмат тууралуу» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдүн бири. Күн мурун кайра оңдолгон мыйзамга өлкө президенти Эмомали Рахмон кол койгон. Дагы бир башка өзгөртүүгө ылайык, кош жарандуулукка ээ адамдар өлкөдө мамлекеттик кызматтарды аркалоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырашты.

Тажик парламентинин депутаты Абдухалим Гаффоров башка өлкөлөрдүн же эл аралык уюмдардын бардык сыйлыктары, ардактуу жана атайын наамдары мамлекеттин менчиги болуп эсептелерин жана алар музейге берилиши керектигин билдирди.

Анын айтымында, сыйлык мамлекеттик кызматкерлерге тапшырылып жаткандыктан, чет мамлекеттер менен эл аралык уюмдар өздөрүнүн андай ниети тууралуу алдын ала Тажикстан президентине кабар бериши керек.

Орусия президенти Владимир Путин Тажикстанга болгон февралдын аягындагы сапары маалында Эмомали Рахмонго Александр Невский орденин тапшырган. Андан сырткары Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддиг Асловду Достук ордени менен сыйлаган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Тиллерсон: ИМге каршы күрөш — Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы башкы максаты

Акүйдүн жаңы администрациясынын Жакынкы Чыгыштагы башкы максаты — «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна каршы күрөшүү. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон антитеррористтик коалицияга мүчө өлкөлөрдүн министрлеринин Вашингтондо өтүп жаткан жолугушуусу маалында билдирди.

Тиллерсон НАТОго мүчө өлкөлөр терроризмге каршы күрөшүүгө көбүрөөк аракет жумшашы керектигин белгилеп, союздаштарды коргонуу чыгымдарын көбөйтүүгө чакырды.

Коалицияга мүчө өлкөлөрдүн толук курамдагы жолугушуусу 2014-жылдан бери алгачкы жолу өткөрүлүүдө. Жыйындын максаты — Ирак менен Сириядагы «Ислам мамлекетин» жок кылуу боюнча эл аралык аракеттерди активдештирүү жана исламчыларга байланышы бар топторго басым жасоону күчөтүү болуп эсептелет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Дүйнө лидерлери британ парламентинин жанындагы терактты айыпташты

Көптөгөн өлкөлөрдүн жетекчилери Лондондогу терактты айыпташты. Акыркы маалыматтар боюнча, кол салуудан төрт киши мерт кетип, 20га жакыны жаракат алды.

22-мартта Улуу Британия парламентинин жанындагы Вестиминстер көпүрөсүндө жеңил унаа бир канча адамды сүзүп кеткен. Андан соң анын айдоочусу бычак менен парламент алдында нөөмөттө турган полициячыга кол салган. Полициянын маалыматы боюнча, теракттын курмандыктарынын саны төрт адамга жетти. Алардын ичинде полиция кызматкери менен кол салган адамдын өзү да бар. Алардан сырткары дагы 20га жакын адам жаракат алган, арасында бир нече мектеп окуучусу да бар. Учурда экөөсүнүн абалы өтө оор.

Полиция эки чабуулду тең бир адам жасаганын билдирди. Кылмышкер атылып өлтүрүлдү, анын адамдарга кол салуусуна эмне себеп болгону азырынча белгисиз, тергөөчүлөр террористтик акты болушу мүмкүн деген версияны да караштырып жатышат.

Кол салуу Брюсселдеги теракттарга бир жыл болгондо жасалып отурат. Былтыр бул күнү Бельгия борборундагы аэропортто жана метродо жардыруулар болуп, 35 киши мерт кеткен.

22-марттагы кол салуу — 2005-жылдын июлунан берки Лондондо болгон эң ири теракт. Анда шаардагы метронун үч поезди жана бир автобусу жардырылып, 52 адам мерт болгон.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню