Menu

САЯСАТ

Сот оппозициянын митингине тыюу салды

29-мартта өтө турган оппозициянын митингине Бишкектин Ленин райондук соту тыюу салды. Бул тууралуу жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, сотко митинг өткөрүүгө тыюу салуу өтүнүчү менен Ленин райондук администрациясы кайрылган. Турдукулов соттун бул чечимин мыйзамсыз деп эсептейт.

“Биз митинг өткөрүү тууралуу арызыбызды бир ай мурда эле бергенбиз”, – деди ал.

Оппозициялык маанайдагы жарандык активисттер 29-мартта Коомдук телерадиокорпорациянын имаратынын алдында митинг өткөрүп, бир тараптуу оппозицияны каралаган маалыматты токтотуу, сөз эркиндигине кысым кылбоо жана башка талаптарды айтышмак.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Атамбаев: Кыргызстанда үчүнчү революция болбойт

Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргызстанда үчүнчү революция болбой тургандыгын» билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы бүгүн 2005-жылдагы март революциясына арналган гүлбактын ачылышында айтты.

«Владимир Путин менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында мен ийгиликсиз тамашалаган окшойм, бирок Кыргызстанда үчүнчү революция болбойт. Мага ишенип койгула. Азыр өлкө таптакыр башка, ал үчүн эч кандай негиз жок. Толкундоолор болбойт. Толкундоолорду жараткандардын бардыгы тең мыйзам алдында жооп беришет. Оюндардын, көшөкөрдөнүүнүн мезгили бүттү», — деди Атамбаев.

Мамлекет башчы 28-февралда Орусия президенти Владимир Путин менен биргеликте Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында революцияларга «чекит коюлганын» билдирген.

Өлкөнүн буга чейинки эки президенти — Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев — өкмөткө каршы өткөн нааразылык акцияларынын жыйынтыгында бийликтен түшүп, чет өлкөлөргө качып кетишкен.

«Буга чейинки эки ыңкылаптын тең лидери мен болгом. Эгер үчүнчү революция болсо, аны мен жасабайм. Ыңкылаптарга чекит коюлду. Кыргызстан өнүгүү жолуна түшүшү керек», — деп билдирген анда Атамбаев.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Полиция Лондондо теракт жасаган кишинин атын атады

Улуу Британиянын парламент имаратынын жанында полиция кызматкерине кол салып, жөө адамдарды унаасы менен сүздүрүп кеткен террорчунун тек жайы аныкталды. Бул тууралуу Лондондун полиция кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чабуулду уюштурган 52 жаштагы Халид Масуд Британияда төрөлүп, соңку учурда Уэст-Мидлендс графтыгында жашаган. Ал мурда зомбулук жана курал сактаганы үчүн соттолгону белгилүү болду.

Халид Масуд 22-мартта Лондондогу парламент имаратынын жанында машинасы менен жөө кишилерди сүздүрүп, кийин парламентти кайтарган полициячыны бычактаган. Натыйжада үч адам өлүп, 40 адам жабыркаган. Алардын жетөө оор абалда ооруканада жатат. Чабуул койгондун өзүн полиция жок кылган. Британ полициясы кол салууга байланыштуу жети кишини камакка алды.

Теракт үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу өзүнө алды. Кол салуу Брюсселдеги терактка бир жыл болгон күнү жасалды – бир жыл мурда Бельгия борборунун аэропорту менен метросундагы жардыруулардан 35 киши мерт болгон.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Мародерлук боюнча кылмыш материалдарын жок кылган тергөөчү ким?

Жакында коомчулукка чуулгандуу иштин бетин ачкан кылмыштуу факты ачыкка чыгат экен. Угушубузга караганда, ИИМдин кайсыл бир тергөөчүсү 2010-жылдагы мародерлукка тиешелүү материалдарды жок кылгандыгы боюнча фактылар ачыкка чыгат. Ал тергөөчүгө ошол кездеги министр тарабынан буйрук болуп, кылмыш ишине тиешелүү дело жок кылынган. Учурда бул иш такталып жатыптыр. Демек, тергөөчүнүн көрсөтмөсү менен жакын арада мародерлор камакка алынышы мүмкүн.

Булак: “Ачык саясат”

Видео - Жириновский чагымчыл шоумен

Мамдуманын ЛДПР фракциясынын лидери Владимир Жириновский Кыргызстандагы иштеген орус журналисттеринин абалы тууралуу маек куруп: “Улуу кыргызды мактаган, орусту боктогон журналисттер гана Кыргызстанда жашай алат”, – деген чалагайым пикирин айтып чыкты. Муну менен кайран эргул Кыргызстанда теңсиздик күч деген жыландын башын чыгарды. Ушундай чагымчылдардын кесепетинен Кыргызстандагы айрым орус улутундагы жарандар Россиянин элчилигинин алдында «укугубуз тепселип жатат» дегенди айтып шоу уюштуруп жатышат да. Жинди кайсы жерде жүрбөсүн жинди экен да…

Булак: “Фабула”

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Президент мураскер болчу кишисин эртелеп даярдаш керек болчу”

-Эдил байке, депутаттар сөз эркиндиги боюнча мыйзамды талкуулап жатышпайбы, аталган мыйзам, депутаттардын аракети боюнча не айта аласыз?

-Бийликтин массалык маалымат каражаттарына карата айтылган нааразычылыгы, сотко коюлган доо арыздары негизсиз го дейм. Анткени көп учурда бийликти оппозициялык маанайдагы саясатчылар, оппозициядагы депутаттар сындашат. Көчөдөгү адам бийликти сындабайт, сындаса да көчөдөгү адамдын сын-пикири маалымат каражаттары­на жарыяланбайт. Демек ошол саясатчы оппозиционерлердин сын-пикири үчүн маалымат ка­ражаттарына айып коюу туура эмес. Албетте, беш кол тең эмес, туура эмес иш алып барып жаткан маалымат каражаттары деле бар. Бирок жалпылап алганда ошол чакан оппозициялык маалымат каражаттары үчүн аталган мыйзамды кабыл алып жиберүү туура эмес го деп ойлойм. Анын үстүнө президенттин кетээрине деле аз калды. Алты жылдан бери унчукпай келип, аз калганда ушинтип жаткандарына ичим күйүп жатат, тим эле коюшса болмок.

-Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча кандай пикирдесиз?

-Эки жакка тең тартпайм. Менин тилегеним Атамбаевдин тарапташтары жана Текебаевдики болуп элибиз, мекенибиз экиге бөлүнүп калбаса экен дейм. Азыркы учурда эл, башка саясатчылар мындай талаш-тартышка көңүл бөлбөй, Кыргызстандын мындан аркы келечеги кандай болот, кан­дай жолдо, кантип өнүгөбүз деген маселенин тегерегинде ой жүгүртсө, ошол тууралуу талкуулар уюшулса жакшы болгону турат.

-Адахан Мадумаров, Камчы Ташиев, Ахмат Келдибеков үчөө бириккени, кайра бириге албай, үчөө үч башка иш алып бара турганы айтылууда, үчөө бириге алабы?

-Баарынан кызыгы, үчөө биригип президенттикке бир талапкерди колдоп чыгабы же үчөө үч башка чыгабы ошол болууда. Өтө кызык, үчөөнө ставка койсок да болчудай. Мен мына сага деп, үчөө тең талапкер болуп алышабы деп турам.

Марат Иманкулов деген саясатчы башында турган көмүскө өкмөт дегендин түзүлгөнү маалым болду эле, ал боюнча да оюңузду уксак…

-Көмүскө өкмөт дегенди тамаша оюн катары элестетем. Көмүскө дебей эле, жасалма деп алышса болмок. Көмүскө өкмөттү түзүш үчүн аны түзгөндөр буга чейин парламенттик шайлоого аттанып, элдин колдоосуна анча-мынча болсо да ээ болуп, добуш алыш­са ии дейт элек, анте алышпаса дагы азыркы ички саясат, тышкы саясат, идеология, экономика боюнча альтернативалык ойлорун сунуштаса бир жөн. Анте алышпагандан кийин эмнеси көмүскө өкмөт?

-Президент Атамбаев бийликке жаштар келиши керектигин, саясий элитаны жаңылоо керектигин көп айтчу болду, буга кандай ойдосуз?

-Президент Атамбаев 2011-жылы бийликке “жаны муун” келет, бийлик толугу менен жаныланат деп айткан. Азыр биз жаш жетекчилерди карап көрсөк, алардын бардыгы президенттик аппаратта, Башкы прокуратурада, КТРКда, Улуттук банк, Энергохолдинг ж.б. кызматтарда жүрүшөт. Алар­дын баары 2010-жылы 7-апрелде Ак үйдө отурушкан, көбүнчөсү Максим Бакиевди коштоп, жандап жүрүшкөн. Ошон үчүн бийликке таза, жаңы жаштар келип жатат деп бир беткей айтышка болбойт.

-Президент кийинки пре­зиденттикке өзү таптаган бирөөнү калтырышы мүмкүнбү?

-Президент мураскер катары калтырчу кишиси болсо, анысын эчак эле КСДПнын тизмесинде биринчи номурда кылып, элге тааныштырып, анан алып келип премьер кылып эки жыл иштетип, чет өлкөлөрдү кыдыртса, ага бүгүнкү күнү эл көнүп калмакпыз. Аны Атамбаевден кийинки прези­дент катары таанып калмакпыз. Атамбаев анткен жок. “Мураскер калтырбайм” – деп бир эмес, бир канча жолу айтты. Айтканындай эле болду. Убакыт өтүп кетти, аны жогоруда айткандай мурунтан эле таптап, дайындаш керек эле. Азыр андайга мүмкүнчүлүк жок. Ачык шайлоо болот!

Булак: “Фабула”

Келдибек Ниязовдон саясий-күлкү кеп

Чолпон Султанбековага

Депутат Кубанычбек Жумалиев Өкмөттүн социалдык тармагын тейлеген Чолпон Султанбековага Ак үйдөн жолугуп калып:

– Чолпон айланайын, бая күнү туура эмес иш кылыптырсың, атактуу Сагымбай Орозбаковду кайра-кайра Орозбеков деп.

– Кубанычбек аке, андан эмне болуп кетиптир же согуш чыгып кетиптирби, эми айта элек сиз калдыңызбы? Сиздин эсиңизден чыгып кеткен го, сиз деле премьер-министр болуп турганда Москвага барып, Россиянын премьер-министри Примаков Евгений Максимовичти куттуктап, кайра-кайра Евгений Михаилович дегениңизди ошол кездеги жардамчыңыз Равшан Жээнбеков айтып, элди күлдүрүп жүрбөдү беле? Сиз деле эч нерсе болбой эле депутат болуп жүрбөйсүзбү? – деп мурчуңдап кетип калса, Кубаныч мырза эстен танып, дал болуп туруп калган экен…

Абдыманап Кутушевге

Феликс Кулов Абдыманап Кутушевден:

– Абдыманап, эми ушул туалет, унитаз үчүн эле арызыңды жаза саласыңбы?

– Эй, Феликс аке, театр кийим илгичтен башталат дегендей, Жогорку Кеңешке келген коноктор сөзсүз туалетке кирип чыгышат. Анан мен дагы жаман оюмда биздин туалет дагы орустардын думасыныкындай болсун, биздин депутаттар дагы алар отурган унитазга отурушсун деген тилегим болгон. Дат баскан унитазга отуруп жүрө беришсин, иштери да ошондой болуп жүрө берсин, – деп колун шилтеп басып кетиптир.

Камчыбек Жолдошбаевге:

Акылбек Жапаров Камчыбек Жолдошбаев байкесине эркелеп:

– Камчыбек байке, сизден үлгү алса болчудай, туруп-туруп эле 120 депутаттын мээлерине келбеген нерселерди айтып таштайсыз. Мисалы өгүнү айткан сөзүңүздүн мааниси тереңде жатат. Камчыбек Жолдошбаев:

– Кайсынысын айтып жатасың? Ушул жердеги бай депутаттардын байлыгын чогултса дагы миллиардга жетпейт дегениңиз.

– Ой, ал эчтеке эмес, жакында дагы айтам.

– Эмне деп?

– Бул чакырылыштын депутаттарынын 97 пайызы кедейлердин, итке минген томаяктардын тукумдарынан куралган. Буларыңдын бизнеси тургай, денелеринде биттери жок деп. А.Жапаров:

– Оо, Камчыбек байке, сизди колдойм, сөзсүз айтыңыз-деп чебелектеп, кудуңдап чуркап кеткен экен.

Жыпар Жекшеевге

Равшан Жээнбеков Жыпар Жекшеевдин жанына келе калса Жыпар:

– Равшан, бу саясат дегениң төрткө бөлүнөт, сен кайсынысына киресиң десе,

– Анчага бөлүнөөрүн билбейт экенмин, айтып бериңиз – деп Жыпарга жабышып калат. Жыпар:

– Билбесең угуп тур, сасык саясатка, бок саясатка, көң саясатка, анан кө… болуп. Мен көң саясатка кирем…

– Жыпар ава, кандайча? – деп Равшан сураса,

– Ал көң деген жакшы, биринчиден отун, экинчиден жыты жакшы, айыл жыттанып турат – деген экен.

Булак: “Фабула”

КТРКнын жаӊы Байкоочу кеӊешинин мүчөлөрү тандалат

27-мартта боло турган Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу Кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү маселе каралары күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Эске салсак, КТРКнын учурдагы Байкоочу кеӊешинин курамы КР Жогорку Кеӊешинин 2012-жылдын 18-апрелиндеги №1850-V токтому менен бекитилген. Ал эми “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү” мыйзамдын 13-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Байкоочу кеӊештин жаӊы курамына талапкерлерди көрсөтүү, мурдагы Байкоочу кеӊештин ыйгарым укуктары бүтөрүнө үч ай калганда Жогорку Кеӊеш тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

Кошумчалай кетсек, КТРКнын Байкоочу кеӊеши 15 мүчөдөн туруп, 5 жылга шайланат. Алгач КР Президенти, Жогорку Кеӊеш жана жарандык коом тарабынан сунушталган талапкерлер комитетте каралып, кийин жалпы депутаттардын кароосуна чыгарылат.

 

Видео - Эркиндик форуму күч стуруктураларын десаясатташтыруу жана люстрациялоо маселесин талкуулады

Кечээ, 24-мартта Бишкекте Сөз эркиндигин коргоо комитети менен Конституциялык кеңешме кыймылы уюштурган Эркиндик форуму болуп өттү. Форумга журналисттер, жарандык активисттер жана саясатчылар катышышып, Кыргызстанда кысымга дуушар болгон сөз эркиндиги жана саясый укуктар тууралу талкуулашты. Күч структуралары жана сот органдары сөз эркиндигин кысымга алууда бийликтин куралына айланып калгандыктан канткенде аларды саясаттан ажыратууга (десаясатташтыруу) жана сөз эркиндигин кысымга алуууга катышып жаткан мамлекеттик кызматкерлерди люстрациялоого болот деген суроо жыйындын негизги өзөгүн түздү.

Видео: “Азаттык”

Президенттик күрөөгө коюулуучу каражатты, Садыр Жапаров үчүн мигранттар чыгармай болушту

 

Мультимиллионер саясатчылардын саясий аренадагы ордуларына акыры чекит коюлмай болду. Тагырагы, депутат же президент болуш учун алгач “күрөө” деген балээң болушу керек змес беле. Ии ошол системаны, алгачкы жолу чет жерлерде жан багып жургөн мигранттарыбыз буза турган болушту.

Анткени “күрөө” деген саясаттын артында, колунда жок, бирок мекенчил намысы бар, иштей тургандардын түшүнө кирбегендей суммалар жашырылган. Жашырганда эмне, бул дүйнөнү башкарган Еврейлердин, “башы иштебесе дагы байдын уулу бай болушу керек” деген бузуку саясаты. Албетте, андай аңкоолор өлкө башкаруу системасына келишсе, еврейлерге пайдалуу да. Мага ишенбесеңер азыркы Жогорку Кеңештен сурап көргүлө. Мына парламентке жалаң көпөстөр толуп алып, өздөрүнө ыңгайлуу мыйзамдарды кабыл алып жатканына нааразы болуп жатпадык беле. Эми жакында президенттик жарыш башталат. Канча талапкер болсо ошончолук бюджетке кө-өп акча түшөт деңизчи. Бирок, таңгөрүнүкү ал каражаттар пайдалуу иштерге, дареги менен тыйыны коробой коротулгандыгы тууралу ачык маалымат жеткиришпейт. Ошондуктан көпчүлүктүн ал каражат менен иши деле жок. Болгону ошол жарыштарда акчасын чачып жеңишке жеткен көпөстөр, Эл жер үчүн ак иштеп, берилген ишенимди актоого аракет кылбай калышат тура. Көрсө алар бирге экини кошкон бизнесмендер да, эми саясатты бизнес аренасына айлантышып, короткондорунан 2-3 эсе ашык табуу үчүн бийликке келишерин баарыбыз жакшы эле түшүнүп калдык. Мындан улам Садыр Жапаровду колдогон, чет өлкөлөрдөгү ар бир мигрант кыргыз жарандары 20 доллардан чогултуп беришмей болуптур. Мунун себеби, Садыке президенттик жарышка ат салышуу үчүн дал ушул “күрөөдө” маселе жаралган экен. Эми ага эле жан тарткыдай мигранттарга анчалык эмне кылып коюптур дээр чыгарсыңар. Анда түшүнүктүү болушу үчүн айта кетели. Кече жакында Садыр Жапа­ров, “Кумтөр” кенин иштеткен Канадалык “Центтера Голд” ишканасы өлкөгө экологиялык зыян алып келип жаткан учурун тастыктап, эл аралык сотко бергенин жакшы эле билесиңер да. Учурда аны жүзөгө ашыруу үчүн Кыргызстандын жарандарынан кол (петица) топтолуп жатат. Анткен менен бул ишти кыргыз бийлигинде тургандар аткарса таасири күчтүү болмок. Бирок, андай кайдан болсун.

Канадалык шылуундар ким бийликке келсе жашылбайлар менен азгырып, өз алтыныбыздан түшкөн пайда менен өз адамыбыздын көзүн тумандатып азгырып жатышса. Анан аткаруу, башкаруу бийликтери биригип алышып, мекен деген бирөөнү каралоого өтүштү. Тузак уюштуруп коюшкандыгы тууралу имиштерди чыгарып, Кыргызстанга 25-мартта келем деген Садыр мырзаны коркутуп ,келтирбөө аракетинде. Мындан улам түтөгөн кыргызым акыры чыдабады көрүнөт. Ошол Центераны сотко берүү боюнча, КМШ өлкөлөрүндө эмгектенип жатышкан Кыргызстандын жарандары менен жолугушуп жүргөн Са­дыр Жапаровду мигранттар минтип ажолукка түртмөлөй башташты. Эми “көп түкүрсө көл болот” дегендей, балким Садыр аванын президент болуу бактысы деле келип калгандыр. Андай болсо, анын буга чейинки президенттердей эсирип, эки сүйлөй албасы тур­ган иш. Антүүгө чама-чаркы дагы чектелет. Демек, мындан соң Жапаровдо намыс, ар болсо эл үчүн башы менен жер казып кул болуп бериши керек. Ант­кени башкалар өз акчаларын чачып, анысын элден сыгып алышат. Ал эми Садыр Жапаровдуку мында тескерисинче болушу керек. Элдин акчасын чачып бийликке келсе, кайра анысын элге бир нече эсселеп өз мээнети менен кайтарып бериши керек!

Булак: “Ачык саясат”

Меню