Menu

САЯСАТ

Жанар Акаевди мандатынан ажырата алышпайт

Кечээ, 22-мартта, КСДП партиясынын саясий кеңеш мүчөлөрүнүн жыйыны өтмөк. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди мандатынан ажыратуу маселеси каралары айтылып жаткан. Бирок жыйын кворум жоктугунан улам болбой калды.
Төрөбай ЗУЛПУКАРОВ,ЖК депутаты: «Күн тартибинде андай маселе жок»

Саясий кеңештин жыйынына келген депутатгардын бири, КСДП партиясынын мүчөсү Төрөбай Зулпукаровго «Жанар Акаевдин маселеси эмнеге каралбай калды?» деген суроо менен кайрылганыбызда, ал мындай маселе күн тартибине коюлбаганын билдирди. «Күн тартибинде андай маселе жок. Мандатты кайсы учурда аларын тастыктаган мыйзам бар. Мындай маселени сизден биринчи жолу угуп жатам» деди. «Анда бул жыйынга башка кайсы маселе караганы келдиңиз?» деген сурообузду жоопсуз калтырды.

Жанар АКАЕВ, ЖК депутаты: «Менин эч кандай маалыматым жок»

Ал эми жыйынга шашылып келген депутат Жанар Акаев журналисттерге: «Мен эч нерсе билбейм, маалыматым жок. Чакырышты эле, азыр келдим. Мандатты мен чечпейм, шайлоочулар чечет» деп жыйынга кирип кетти. Андан кийин чыгып «Башка күнгө жылдырышты» деп билдирди. Журналисттердин «Мандатыңызды тапшырасызбы?» деген суроосуна, «Албетге, жок» деп жооп берди.

Атыр АБДРАХМАТОВА, БШК мүчөсү: «Мыйзам боюнча депутаттын мандатын партия ала албайт»

Мыйзам боюнча депутатгы мандатынан партия мүчөлөрү ажырата албай тургандыгьш БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова белгиледи. «Конституциянын 73-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты императивдүү мандатка ээ. Бул Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын кайрадан чакыртып алуу каралбайт дегендик. Андай жобо жок. Бул беренеге ылайык:

• Жогорку Кеңештин депутаты өз арызы менен депутаттыктан баш тартса болот;

• Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, башка мамлекеттин жарандыгын алса;

• Жогорку Кеңештин депутаты менен шайкеш келбеген жумушка кетсе, мисалы, аким болуп кетсе;

• Шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылса;

• Депутат башка мамлекетке туруктуу жашоого чыгып кетсе;

• Соттун чечиминин негизинде кайсы бир кылмыш иши боюнча жоопкерчиликке тартылса;

• Дүйнөдөн өтүп кетсе;

• ЖК бир сессия маалында 30 жумуш күнү жок болсо;

Ушул пункттардын негизинде гана депутаттык мандатынан ажыратылат. Башка эч кандай негиз жок. Жогорку Кеңештин депутатынын макамына ылайык, мыйзам боюнча фракциядан чыгарып салуу боюнча процедура көрсөтүлгөн эмес. Эгерде фракциядан чыгарып салган күндө да, ал өзүнүн фракциядан чыккандыгы туурасында арызын жазбаса, фракциядан чыгара албайт. Бирок бул саясий чечим болуп калышы мүмкүн. Мунун аркасынан эч кандай юридикалык иш-аракеттер болбойт – дейт Атыр Абдрахматова.

Булак: “ПолитКлиника”

Эл дүрбөсө кошо дүрбөгөндөр, же президенттикке түбөлүк талапкерлер

Кыргызстанда гана ар убак ушундай. Президенттик шайлоого старт берилгени желпинген жел ооз талапкерлердин бүтүндөй «армиясы» аламанды көздөй аттап-чаттап жөнөшөт. Бу жаатта жаныбыздагы коңшуларды мындай кой, океандын ары жагындагы өнүккөн өлкөлөрдү чаңыбызда калтырып келген жайыбызды кайда жашырабыз? Бир эсе мындай катмарсыз жашоонун өзү кызыксыз болуп калмакпы? Албетте, ар кимдин ажолук амбициясын, конституциялык укугун эч ким чектей албайт деңизчи.

А бирок, деңгээл, дарамет, каражат, а эң башкысы, өзүнө карата элдин ишеними бар-жогун элебестен, ээлигип алган «түбөлүк талапкерлер» бизде гана бар экендигинен улам бул сапар алардын чоо-жайын алдыңарга жайып бергенге бел байладык. Анан калса президенттик шайлоо Кыргызстанда канча «шизик» бар экенин аныктаган өнөктүк болуп калгандыгы жалганбы? Мындай шартта жыдыганын сезбеген, ажолук амбициясы ашынган «түбөлүк талапкерлерди» сыдыргыдан өткөрүүгө аракет кылдык.

Аты-жөнүн негизги ураан туткан Акбаралы Айтикеев

2005-жылдагы президенттик жарышта андагы негизги фаво­рит Курманбек Бакиевди өзүнө башкы атаандаш катары санап, убактылуу өлкө башчысынын милдетин аткаруучу КурСалиевичке «мырза Бакиев, аламан жарышка «Акбаралы, Айттике» деген ураанды бетке кармап чыккан ошондогу ажолукка талапкер Акбаралы Айтикеевди эстедиңерби? Өзүн өнөр жайчылар жана айыл чарба кызматкерлеринин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыгын коргоо аттуу аты улук, супарасы курук партиянын башчысы катары тааныштырган Айти­кеев андагы шайлоодо эл тарабынан ырыстуу деле добуш алып жыргаткан эмес. Москвадан келип, кооз сөздөрдү сүйлөсөм эле элдин назары бурулат дегенби, 2009-жылдагы прези­денттик жарышта да ат салыша коюп, марага жетпей калган. Акыл-эстүү жаран эки ирет жарышта тең элдин колдоосун албаган соң үчүнчүсүндө ойлонот да, туурабы? А бу пендеде андай түшүнүк жокпу, айтор, 2011-жылы болгон президенттик шайлоого адатынча өзүн-өзү көргөзүп, алабарманданып чыкты эле, Боршайком анын кол топтоодогу баракчасы эрежеге ылайык толтурулбагандыгы үчүн жарыштан четтеткен. Ал эми алдыдагы жарыш боюнча түшүнөн аян ала элекпи, азырынча ооз ача элек.

«Доктор Апас гана Кыргызстанды кыйынчылыктан куткарып чыгат»

Кыргызстанда президенттик шайлоо белгиленген жылдары Москвада жаткан кыргыз саясатчыларынын да «чымындары ойгоно» баштайт. Алыстан үн катып, өздөрүн гана Кыргызстандын жалгыз көзгө басар, кризистен чыгарчу менеджери катары сыпатташа, «алтын шилекейлерин» чачыратышса, бир эсе жанына киши чыдап тура албай кетет го, ов! Мындай катмардын «төрүн» айтылуу Кубанычбек Апас ээлейт. Өзүн түбөлүк президенттикке талапкер катары санаган Кубанычбек мырза «доктор Апас гана Кыргы­зстанды кыйынчылыктан чыгара алат» деген «башкы платформасын» миң айткандан да тажабайт. Шайлоо белгиленген убакта Кыргызстанга бат-бат каттап, журналисттер журтчулугуна «эрмек» болуп кетет. Бир курдай өлкөбүзгө келип, белдүү маалымат агенттиктеринен адатынча журналисттер үчүн маалымат жыйынын куруп, коомчулукка адат болуп калган кептеринен кайрылуу жасайт. Жасаганы курусун, соңунда маалымат агенттигине курган жыйыны үчүн кызмат акысын төлөбөй, артын карабай баса бергенин билесиңерби? Ушундай жоругу турса да көшөрүп, өзүн түбөлүк президент сезип, кризис менед­жер катары сыпаттаса, айла жок күлөсүң да. Бир эсе ушундай инсандардын бар экени менен бу жалган дүйнөнүн өзү кызыктуу болот окшобойбу?

Мотуевден кагуу жесе да төртүнчү ирет талапкерлигин коюуну ойлонуп жаткан Токтайым Үмөталиева

Алдыдагы аламан жарышка аттанар-аттанбасы тууралуу каарманыбыз жакында «… бул жолу койсом, төртүнчү жолу койгон болом. Эки жолу катышып, Бакиев менен жарышып дегендей… Үчүнчү жо­лу мыйзам бузуу болуп, тизмеге кошулбаган талапкер болдум» деген пикирин мезгилдүү басма сөзгө берген интервьюсу аркылуу билдирди. 2009-жылдагы президенттик жарышта теледебатка чыккан Токтайым айымды атаандашы Нурлан Мотуев «үйүңдө бала-бакыраңды карап, оокатыңды кылбайсыңбы? Президенттик шайлоону не кыласың?» таризинде «хох­ма жүрүшү» менен жемелеп алганы бар. Анча-мынчаны көңүлгө алып, эрөөн-терөөн ал­баган Токтайым айымды бул сапар деле эч ким токтото алчудай эмес. Же президенттик жарышка катар-катары менен чыккандан эргүү алабы? Аныгында аламанда апчебиздин колунан жарытылуу добуш алуу келбесе да, көшөргөн тейде ач айкырык, куу сүрөөн менен калайманды салуу келет. Мындай шартта түбөлүк оппоненти Өмүрбек Текебаев экөө майданга чогуу аттана турган болсо, анда Өмүкени бийлик эмес, теледебат ар­кылуу дал ушул апчебиз терисин тескери сыйрышы турган иш.

Президенттик үчүн буту күйгөн тоокчо чуркаган Турсунбек Акун

2000-жылдагы президенттик жарыштан соң жеңишке жеткен Аскар Акаев мамлекеттик резиденцияга журналисттерди, бейөкмөт уюм өкүлдөрүн баш, укук коргоочуларды төш кыла чогултуп, жыйын курат. Жыйын соңунда укук коргоочу, президенттикке талапкерлигин коюп утулуп калган Турсунбек Акун сөз алып «Аскар Акаевич, биз де­ле ажо жарыш убагында бутубуз күйгөн тоокчо чуркадык, эми ушинтип эле кала беребизби?» деп каңырык түтөтөт. Жыйын катышуучулары кыраан-каткы түшүп, президент Акаев өзү баш боло сүлкүлдөп күлүшөт. Арадан 17 жыл өткөн соң Тукебиздин президент болуу ышкысы кайрадан ойгонуп, жыл жаңырары менен ажолук амбициясы бар экендигин, аламанга ат коёрун алгачкылардан жар салып чыкты. Каражат жагынан камтама болбосун, эң башкысы, аткошчуларсыз карапайым жүрүш менен үгүт жүргүзүп, Кыргызстанды түгөл кыдырып чыгарын «балп» эттирди. Албетте, Тукебиз жеңишке жетпесин өзү де­ле сонун билет. Болгону «хохма жүрүшү» аркылуу коомчулуктун назарында болууну самап жатса керек.

Жыгылса да күрөшкө тойбогон Турсунбай Бакир уулу

Парламенттин үч чакырылышына депутат болгон Тур­сунбай мырзада президенттик деңгээлге жетчү тажрыйба бар экенин адилеттүүлүк үчүн белгилеп коюу керек. Кыргызстандын тунгуч Акыйкатчысы ка­тары да оозго алынып, кийин Малайзияга элчи болгон жайы бар. 2000-2005-жылдагы «чоң казатка» катары менен эки ирет катышса да Жараткан бу инсанга ооматты ыраа көргөн эмес. Учурда айыл-шаарларда, дегеле өлкө аймагы боюнча динге сүңгүп, намаз окуган сакалчандардын катары күн сайын калыңдап бара жаткан шартта келечекте алар шайлоодо өз арасынан чыккан «өздүк талапкерин» сүрөөнгө алса бу жагынан Турсунбай Бакир уулунун ысымы баштагыдай бап келбеси, анын баштапкы ордун учурда Абдышүкүр Нарматов, Чубак ажы Жалиловдор ээлеп алганын эч ким жокко чыгара албаса керек. Андыктан, Турсунбай мырза алдындагы аламанга кайрадан аттанган күндө деле мусулмандардын баштагыдай «духовный лидери» боло албай, «чоң казатта» мүдүрүлүп, ташыркап калары турган иш. Кезегинде исламчыларды турукгуу түрдө колдобосо, 2005-жылдын 24-мартында Куловго «ойт берип» кетсе анан кайдан мусулмандардан өзүнө карата колдоо болсун? Курган киши келечекте исламдашуу күч аларын, саясатчылардын доору бат эле бүтүп каларын убагында эске алган жок. Буга дейре ажолукка чыгып, эксперимент катары бактысын сынап көнүп деле калбадыбы, бул сапар да коюп көрсө, адаттагыдай эргүү алып, эс алып калаттыр.

Президенпик жарыштан жыдып, ызасы менен Туйгунаалы Абдраимовдон муш жеген Жеңишбек Назаралиев

Эки ирет президенттик жа­рышка чыгып, ийгилик бактысынан куру калган Жецишбек Назаралиев боюнча күнү бүгүнгө дейре кызыктуу кеп эл ичинде айтылып жүрөт. 2005-жылы ажолук жарыштан жыдып кал­ган Жеңишбек Назаралиев ан­дагы Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовго ызасы менен бир тийет. Болгондо да күрөөгө коюлган акчасын «кайрып бер» таризинде бурк этип… Кыраакы БШК башчысы Туй байке Назаралиевдин жеңилүү ызасын туура түшүнүп, күрөөгө коюлган талапкерлердин акчасы кайра артка кайтарылбастыгын, буга мыйзам да жол бербестигин айтып, сыпайы түшүндүрөт. Болбой эле моюн толгогон Назаралиев акыры ызасына чыдабай Туйгун мырзага «мен спортсмен, болгондо да «черный поясмын» деп чала-була муштуму менен жазгап жиберсе, анысы да жаза кетип, тийбей калат. Ачуусу чукул Туйгун байкебиз мындайда жөн турмакпы, маңдайында Назаралиевге «сен «черный пояс» болсоң, мен «колхоз поясмын» деп катылып, көтөрүп уруп, басып жыгылган тейде моокуму канганча төпөштөп, акыры Жекебизди келген жолуна салып коёт. Күрөөгө коюлган акчасына кейиген Назаралиев муну ме­нен токтоп калбай, 2009-жылы да КурСалиевич менен кайрадан кармашып, талапкерлигин шайлоо бүткүчө азыркы пре­зидент Атамбаев менен кошо алып салган. Алдыдагы аламан жарышты утурлай ышкысы дагты ойгонгонбу, талапкерлер боюнча жакында интернетте социалдык сурамжылоо жүргүзүп, жыйынтыгында өзүн негизги фаворит Өмүрбек Бабановдон кийинки орунда экенин шардана кылууда. Өзү социолог болбогон соң, бу эргул социоло­гиялык иликтөөлөрдү кандайча жүргүзөт? Кол алдындагы «кардарларынан» сурамжылоо аркылуу гана Бабановдон кийин­ки орунга чыкпаса, карапайым элден экинчи орунга чыгышына ким ишенет? Андан көрө баңгизатгардан жабыркагандарды дарылап, көнгөн ишин жөнжай кыла бербейби? Буга дейре эки ирет тең жакшы эле жыдыды го?

Булак: “Азия ньюс”

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнчө институт катары каралганы маанилүү

Бүгүн, 23-мартта вице-спикер Данияр Төлөнов менен депутат Кенжебек Бокоев Баткен областынын тургундары менен жолугушууда. Элет тургундарынын орчундуу суроолору менен таанышып, аларга жооп берген парламентарийлер айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо багытында даярдалып жаткан мыйзам долбоорунун маанисин түшүндүрүшүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйынды Баткен областынын жетекчиси Абиш Халмурзаев ачып, областта 755 депутат шайлангандыгын айтып, 1 шаар жана 24 айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өткөндүгүн билдирди.

Төрага орун басары Д.Төлөнов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  ишин текшерүүнүн тартибин иретке салуу боюнча мыйзамга 2016-жылдын 31-мартында Президент тарабынан кол коюлуп, азыр иштеп жатканын билдирди. Ал мыйзамды иштеп чыгууда депутаттар тобу натыйжалуу иш алып  баргандыгын кошумчалады.

Депутат К.Бокоев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Башмыйзамда өзүнчө институт катары каралгандыгына токтолду. “Өлкөдө республиканын өкмөтү менен айыл өкмөттөрү бар. Алардын башкы милдети – элге жакшы шарт түзүп берүү. Жергиликтүү бюджет да жогорулап жатат. Анткени, салыктын айрым түрлөрү жергиликтүү бюджетте калууда. Буга киреше салыгын айтсак болот”, – дейт ал.

Мыйзам демилгечиси жергиликтүү кеңештерди 4 жылга эмес, 5 жылга шайлоо сунушу көтөрүлүп жатканын да билдирди.

 

Сапар Исаковдун бейнесине сүртүмдөр

“Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковду президенттикке мураскер кылышат экен” деген маалыматтар коомчулукта айтылып атат. Акыркы учурларда чоң иш-чараларда Алмазбек Атамбаев эмес, Сапар Исаков катышып, Президенттин атынан сөз сүйлөп жатканы мындай талкууларга жем таштады.

Биз Сапар Исаков тууралуу пикирлерди угуп көрдүк.

Улугбек ОРМОНОВ, ЖК депутаты: «Бул жигит саясатка аралашып, иштеген эмес»

-Исаков жөнүндө көп нерсе айта албайм. Бирок президенттин аппаратындагы эл аралык байланыштар бөлүмүндө ийгиликтүү иштегенине күбө болдук. Негизи өсүп келе жаткан жаштардан. Өзүнүн жумушун мыкты билген, келбетинен кичипейил жигиттерден экендиги көрүнүп турат. Бул жигит сая­сатка аралашып, Кыргызстандын ичинде иштеген эмес. Саясаттагы орду эми президенттик аппаратты башкарганда билинет. Ооба, учурда мураскер бо­лот деген кептер айтылып атат, бирок ачык президенттикке талапкер болмоюнча мураскер деп айтыш кыйын.

Эркингүл ИМАНКОЖОЕВА, экс-депутат: «Исаковдун президент болушуна али эрте»

– Сапар Исаковду мен жаман адам деп айта албайм. Ал өсүп келе жаткан жаштардан, жасай турган иштери али алдыда. Эл үчүн кызмат кылам десе, мүмкүнчүлүгү бар. Ал инсан буга чейин Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө кандай салым кошту, кандай иштерди жасаганы, бул башка кеп. Менин жеке пикиримде, Сапар Исаковдун президент болуусуна али эрте. Кыргызстан азыркыдай экономикалык тартыштыкта, саясий курч кырдаалда турганда ал адамдын мамлекетибизди мындай кырдаалдан чыгарып кетерине көзүм жетпей турат. Али такшала элек. Ал эми гана саясатта көрүнө баштады, би­рок так орду көрүнө элек. Алдыда боло турган президенттик шайлоодо өзүн сынап көрсө болот.

Кожобек РЫСПАЕВ, ЖК депутаты: «Неге болбосун, иштеп кете алат»

– Менимче, «Исаков мурас­кер болот» деген жөн гана ушак кептер. Ал өзү мыкты жигит. Президент боло алабы, боло албайбы, бул бир гана Кудайдын колунда. Исаков тышкы иштер боюнча көп жыл эмгектенди. Бул жигитте тажрыйба бар, пре­зидент болсо эмнеге болбосун, иштеп кете алат. Бирок бардык иштерде тажрыйбалуу деп айта албайм. Дегеле андай универ­сал кишини кайдан тапмак элек. Акыл-эси, ички дүйнөсү таза, кыргыз элине кызмат кы­лам деген адам.

Бүбайша АРСТАНБЕКОВА, коомдук ишмер: «Исаков жаш болсо да элге төбөсү көрүнгөн мырзалардын бири»

– Сапар Исаков жаш болсо да элге төбөсү көрүнгөн жигиттердин бири. Дипломат катары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратында бөлүм башчы жана президенттин ап­паратында бөлүм башчы болуп иштеп, тажрыйба топтоп, анан КР президентинин админист­рация башчылыгына чейин жеткенинин өзү көптөгөн тоскоолдуктардан өтүп, бышып жетилди дегенди билдирет. Менин оюмча, саясий аренада татыктуу жаштардын пайда болушу жакшы жөрөлгө. Сапардай жаш кадрлар өсө берсин. Мураскер болот деген кептерге президент эле жооп бербесе, алдын-ала айтыш кыйын.

Эдил БАЙСАЛОВ, саясий активист: «Исаков мурда Максим Бакиевдин этегин кармап жүрчү»

-Мен кыргыздын бир да жигити жөнүндө жаман деп айта албайм. Сапар да бирөөнүн чырактай баласы. Бирок 2017- жылы боло турган президенттик шайлоого катышууга али жаш, чийки кадр. Бул жигит дагы талбай эмгектенип, коомчулукка таанылышы керек. Өзүнүн кадыр-баркы болушу керек. Исаков мурда Максим Бакиев­дин этегин кармап жүрчү. Эми Атамбаевге кызмат кылып атат. Биздин жаштар 7-апрелде кандуу режимге каршы чыкканда бул киши Максим Бакиев менен чогуу жүргөн. Бакиевдерди Америкага алып барып жүргөн кишини Атамбаев мураскер кылам десе, анда билбейм. Мен Сапар Исаковду мураскер ката­ры эсептебейм. Мураскер болчу киши 17-мартта Аксыга өзү эле жалгыз бармак. Исаков Аксыга жалгыз бара албай Сооронбай Жээнбековду жанына ээрчитип алды. Ал эми учурдагы тышкы саясатыбызды өзүңөр эле баалап алгыла.

Турсунбек АКУН, экс-акыйкатчы: «Чоң саясатта орду бар деп айтуудан алысмын»

-Сапар Исаков тышкы иштер боюнча бышып келе жаткан жигиттердин бири. Кыргызстандын эл аралык саясатын аныктап, президенттин иш сапарларын даярдап жүргөн жигит. Бирок чоң саясатта кандайдыр бир деңгээлде орду бар деп айтуудан алысмын. Анткени ал жаңы талпынып келе жаткан жигит. Өзүнүн электораты, партиясы жок. Өзүнүн жердештери дуулдап колдоп чыгат деп айтуудан алысмын. Башкача айтканда саясаттан орун ала элек. Балким, келечекте аракет кылса, ордун таап калышы мүмкүн. Ал эми адамдык сапатына токтоло тур­ган болсок, Сапар кичипейил, акылдуу жигит. Эгерде өзүнүн кемчилигин сезип калса, кечирим сурай билет. Кадр маселеси боюнча да жакшы жактары бар. Мисалы, тышкы иштер маселесине байланыштуу кадрларды кызматка алып, аларды өзү тарбиялап өстүрүп келе жатат. Бирок жалгыз эле Сапар Иса­ков мураскер болот деп айтууга болбойт. Анткени президенттик шайлоого чейин дагы көп убакыт бар.

Темирбек АСАНБЕКОВ, «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери:

«Анчалык мүмкүнчүлүк азырынча түптөлө элегии Исаков жакшы билет»

-Бирөөгө сын тагып, баа берүү кыйын. Анткени ал адамдын кандай себептерге байланыштуу коомдо пикир топтолгону тууралуу өзүнөн башка адам билбейт. Эл башчысы наамына татыктуу болуу өтө маанилүү, жоопкерчиликтүү, сый-урматтын чегиндеги саясий салмакты талап кылат. Болбосо, шайлоо амалдары менен бийлик башына келген күндө да, жалпы коом арасында саясий салмак, кадыр-барк жетиштүү болбосо, мамлекетте өтө оор саясий кырдаал түптөлөт. Сапар Исаков жогорку саясат иштерине аралашып жүрүп, муну өзү деле терең түшүнөөрү белгилүү. Ошондуктан азыркы оор саясий-экономикалык кырдаалда көпчүлүк социалдык катмар кабыл ала турган саясий салмагы жетиштүү гана адам бийликтин ишин алып кетиши мүмкүн. Анчалык мүмкүнчүлүк азырынча түптөлө элегин, бул оор маселе экенин Сапар Исаков өзү деле жакшы түшүнөт.

Булак: “ПолитКлиника”

Казакстанда орусиялык журналист Соловьевдун келишине каршы болушууда

Социалдык түйүндөрдө белгилүү орусиялык тележурналист Владимир Соловьевдун Казакстанда өтө турган мастер-класстары жарнамаланууда. Анын сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча тренингдери менен Алматыга апрелдин башында келери күтүлүүдө. Бирок айрым интернет колдонуучулар Соловьевдун «кремлчил пропагандалык билдирүүлөрүнөн» кооптонушуп, анын өлкөгө келишине каршылыгын билдирип жатышат.

Казакстандык журналист жана укук коргоочу Сергей Дуванов «өлкөгө Кремлдин алдыңкы пропагандачысынын келишине жана анын эл алдында сүйлөөсүнө мүмкүндүк түзүп берүү — бул казакстандыктардын «жикчилдик» маанайдагы бөлүгүн колдоого багытталган олуттуу пропагандалык акция деп эсептейт.

Саясат таануучу Расул Жумалы Владимир Соловьев «орус дүйнөсүнүн» жактоочусу, зомбулук көрсөткөн советтик жетекчилерди жана Орусиянын Украинага чабуул коюусун актоо маселелерин көтөрүп келген активист журналист катары белгилүү экенин белгиледи. «Менимче, анын «мастер-класстары» – бул жөн гана шылтоо. Кандай болгон күндө да ал Орусиянын империялык саясаты тууралуу маселени козгоп өтөт. Көптөгөн өлкөлөрдө бул сыяктуу адамдарды нон-грата персонасы деп жарыялап, өлкөгө кирүүсүнө тыюу салышат. Анын Алматы менен Астананын мыкты дарсканаларында сүйлөөсүнө мүмкүндүк түзүп берип жаткандардын кандай максаттарды көздөгөнү түшүнүксүз», – деди ал.

Владимир Соловьев айрым казакстандыктар анын өлкөгө келүүсүнө каршылык билдирип жаткандыктарын билет. Орусиялык журналист informburo.kz сайтына курган маегинде Казакстанга болчу сапарын токтотуу тууралуу ойлобогонун билдирди.Ал ага каршы болуп жаткан адамдарды «психикалык жактан оорулуу» деп сыпаттап, «социалдык түйүндөрдө жазып жаткан жүздөгөн колдонуучулар түрдүү аккаунттар менен кирип жаткан 10 гана адам» деген божомолун айтты.

«Менде өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү оюм жок. Мени кантип сүйлөшүүлөрдү өткөрүү керектиги жана оратордук чеберчилик боюнча сабак өтүп бер деп чакырышты. Ошондуктан эгер кимдир бирөө бул сапарымды саясатташтырууга аракет кылып жаткан болсо, анда алардын артында бир аз акча турат, кимдир бирөөаларды түртмөлөп жатат, алардын артында бейөкмөт уюмдарга тиешеси бар адамдар турушат», – деди Владимир Соловьев.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Шавкат Мирзиёев Астанада бак отургузду

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 23-мартта Астана шаарындагы «Ата Мекенди коргоочулардын» монументине гүл койду. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.

Өзбекстан мамлекет башчысы өз өлкөсүнүн тынчтыгы жана эркиндиги үчүн жанын берген патриотторго урмат көрсөттү.

Андан сырткары Шавкат Мирзиёев Казакстан борборундагы Мамлекет башчыларынын аллеясына бак отургузду. Анда Өзбекстандын макум президенти Ислам Каримов тарабынан отургузулган бак дагы бар.

Өзбекстан президенти Казакстанга мамлекеттик сапары менен 22-мартта барган.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

«Азаттык» радиосунун Бишкектеги жетекчиси Султан Каназаров кызматынан убактылуу четтетилди

“Азаттык” радиосунун Бишкектеги бөлүмүнүн жетекчиси Султан Каназаров кызматынан убактылуу чететилди. Бул тууралу бизге ишенимдүү булактар кабарлады.

Дүйнөлүк стандарттарга жараша кайсы бир жетекчинин ишине доомат артылса ал жетекчи ал дооматтар иликтенип бүтмөйүнчө убактылуу кызматынан четтетилип турат.

Белгилүү болгондой, КР Генералдык прокуратурасы  6-мартта  “Азаттык” радиосу  Президент Алмаз Атамбаевдин кадыр-баркына доо келтирди деп 10 миллион сомго доо артып, сотко берген. Ал эми Атамбаев өзү 15-мартта чет элдик элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алуу учурунда “Азаттык” радиосун сынга алып, анын ишине доомат арткан.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча азыр “Азаттыктын” Бишкектеги бөлүмүн жетектөө милдети убактылуу Бүбүкан Досалиевага жүктөлгөн.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Дүйшөмбүдө тажик-америка аскердик машыгуулары өтөт

АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилигинин маалыматы боюнча, машыгуулар эки өлкө өкмөттөрүнүн көрсөтмөсү менен Кошмо Штаттардын Борбордук командачылыгы тарабынан уюштурулууда.

Элчиликтин билдирүүсүндө «машыгуулар эл аралык терроризм көрүнүштөрүнө каршы биргеликте аракет көрүү максатында» өткөрүлүп жатканы белгиленген. Машыгуулардын негизги бөлүгү Тажикстандын аймагында өтөт.

Тажикстандын Коргоо министрлигинен билдиришкендей, учурда тараптар машыгууларды өткөрүүнүн техникалык жактарын талкуулоого киришти. Тажик эксперттери биргелешкен машыгууларды өткөрүү АКШнын Борбор Азия аймагындагы коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоо боюнча аракеттерине байланыштуу деп эсептешүүдө.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Садыр Жапаров келсе кырдаал курчуйбу?

25-мартта Садыр Жапаровдун келе турганы күтүлүүдө. Бул боюнча өзү дагы интернет булактардан билдирди. Ал эми күч органдары Садырды чек арадан эле камакка алуу планын түзүшкөнү, ырайымсыз сокку жасоо боюнча батынышканыш кантебиз? Эң башкысы, Саруу окуясы боюнча тополоңдон сурак башталмакчы экен. Бу жагын каарманыбыз жакшы билет. Сыягы, Жапаров кайра айнып кетпесе эле, жаңы баштала турган иштери боюнча сурак бериши каңкууланууда. «Жаңы иштери» бар экени айтылууда. Келбей койбойбу? Бирок, коркпой келсе чоң күч жаратып, кырдаалды курчутуп ийбейби?..

Булак: “Азия ньюс”

"Элдик парламенттин" соту кайрадан белгисиз мөөнөткө калтырылды

«Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деген айып менен кармалган оппозициячылардын соту белгисиз мөөнөткө калтырылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Саясий туткундарды коргоо комитети” уюмунун өкүлү Зулфия Марат билдирди. Анын белгилешинче, судья ооруп калганын айткан жардамчы сот отуруму кийинкиге калганын билдирген. Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Элдик парламент” уюмунун төрт мүчөсү Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов жана Эрнест Карыбековдун соту болмок. Алар бийликти күч мен басып алууга аракет жасаган деген шек менен 2016-жылы УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийин Сарыгуловдун баш коргоо чарасы ден соолугуна байланыштуу өзгөртүлүп, ал үй камагына чыгарылган. Адвокаттар камактагы саясатчыларды бошотууну, ал эми айыптоочу тарап аларды 12-22 жылга эркинен ажыратууну соттон суранууда. “Азаттык” Биринчи Май райондук соту менен байланышканда, соттук процесс жабык өтүп жаткандыктан эч кандай маалымат берилбесин айтышты. Буга чейин тараптарга жарыш жана акыркы сөз берилип бүткөнүн адвокаттар айткан.

Булак: “ПолитКлиника”

Меню