Menu

САЯСАТ

Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Маевскийдин калпын чыгарды

Интернет булактарындагы ачык маалыматтарга таянуу менен биз – Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары депутат Өмүрбек Чиркешовичтин кармалышынын мыйзамсыз экендигин тастыктап турган айрым фактыларга коомчулуктун көңүл буруусун өтүнөт элек.

Баарыңыздарга белгилүү болгондой, Маевский аттуу Россиянын жараны өз видео интервьюсунда «2010-жылы июль айынын башында Өмүрбек Текебаев менен жолуктум» деп билдирген. Анын айтымында, ошол учурда Текебаев ага телефон чалып, Москвага барарын жана авиарейстин номерин, учуу убактысын айткан. Маевский Москвага учуп барган Өмүрбек Текебаевди тосуп алып, эски аянтка жеткирип койгонун, эртеси Текебаев менен офисинде жолукканын жана ошол жолугушууда Текебаев андан 1 млн. доллар талап кылганын эч далили жок оозеки түрдө айтып берген. Маевскийде ал акчаны Текебаев сурагандыгы же алгандыгы тууралуу бир дагы далилдөөчү кагаз же сүрөт да жок.

Маевскийдин «оппозиция лидери Өмүрбек Текебаев 2010-жылы июль айынын башында Москвада эки күн болгон» деген билдирүүсүнөн соң, мунун чын-төгүнүн аныктоо максатында биз – Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары «Шереметьево» аэропортунан Текебаев паспорт текшерүү пунктунан качан өткөндүгүн текшердик. Өмүрбек Текебаевдин паспортунда коюлган белгилерге караганда, ал текшерүү пункттарынан 2010-жылы 5-июлда «Манас» аэропортунан Осло шаарына (Норвегия) ПАСЕ конференциясына катышуу үчүн учуп кеткендиги аныкталды. Бул маалыматка кошумча тастыктоо катары «Азаттык» сайтындагы 2010-жылы 7-июлда чыккан макаланы окусаңыз болот. Ал макалада Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев «Манас» аэропортунан Осло шаарына учуп барып, ПАСЕнин конференциясына катышканын жана ПАСЕнин Норвегиядагы жетекчилиги менен жолугушканы кабарланган.

Кайрадан эле Өмүрбек Текебаевдин текшерүү пункттарынан өтүү учурунда паспортуна коюлган мөөрлөрдү текшергенде, ал Норвегиядан 2010-жылдын 11-июлунда чыгып, 12-июль күнү «Манас» аэропортуна келип конгон. Андан кийин 2010-жылдын 1-сентябрында Москва шаарына болгон иш сапарына чейин эч жакка учуп барган эмес.

– 2010-жылдын 3-июль күнү Өмүрбек Текебаев өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын ант берүү аземине катышкан, атургай азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин жанында отурган;

– 2010-жылдын 5-июль күнү атайын делегация менен «Манас» аэропортунан Бишкек-Ташкент-Рига-Осло рейси менен Осло шаарына учуп кеткен;

– 2010-жылдын 11-июлуна чейин Норвегия мамлекетинин аймагында болгон. Ал мамлекетте ПАСЕнин жыйынында чыгып сүйлөгөн. Бул тууралуу 7-июль күнү «Азаттык» сайты дагы жазып чыккан;

– 2010-жылы 11-июлда Норвегиянын аэропортунан учуп чыгып, 12-июль күнү «Манас» аэропортуна келип конгон;

– 2010-жылдын 12-июль күнү Өмүрбек Текебаев Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары кызматынан кетүү боюнча арызын жазган. Бул тууралуу чет өлкөлүк көп маалымат агенттиктери жазып чыккан:

– 2010-жылдын 14-июлунда Техникалык өкмөт түзүлүп, анын курамына Өмүрбек Текебаев кирген эмес.

Натыйжада, 2010-жылдын июль айынын башында Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары кызматында иштеген Өмүрбек Текебаев менен жолуккандыгы тууралуу билдирген орус жараны Маевскийдин билдирүүлөрү жалган болуп чыкты.

«Ата Мекен» партиясынын басма сөз кызматы

Булак: “Азия ньюс”

Мандат кезеги Аида Касымалиевага келди

Социал-демократтар партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси боюнча кезек белгилүү журналист Аида Касымалиевага келди. Бирок азырынча Борбордук шайлоо комиссиясынан да, партиянын штабынан дагы ага эч ким байланыша элек. Аида Касымалиева өзү дагы кезек келгенин айтат. Өткөн жумада КСДПнын тизмедеги талапкерлери Икрам Илмиянов менен Абдыманап Кутушев экөө тең парламент депутаттыгынан баш тартып, Боршайкомго арыз жазышкан. БШК алар арыз бергени тууралуу маалыматты ырастап, арыз Нооруздан кийин караларын билдирген болчу.

Булак: “ПолитКлиника”

Узарбек Жылкыбаев, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: "Көлдөгү криминалдар менен укук коргоо органдары күрөшөт»

Бул чиновник менен кызматка жаңы киришкен убакта баарлаштык. Кандай иштеп, эл жүгүн кандай деңгээлде аткарып кетерин мезгил сыноосу аныктаар. Биз азырынча «Ысык-Көл» деген кемени башкараар алдындагы максаттары тууралуу азыноолак сурап, күрөө тамырын тартып турган кербезибиз.
– Узарбек мырза, жаңыдан киришкен ишиңизди эмнеден баштоону пландап жатасыз? Ысык-Көл облусу, айрыкча Балыкчы шаарынын тургундары «мен-мен» деп төш каккан жетекчилерди арыз жазып, бат эле айдап жолго саларынан кабардарсыз да. Мындай шартта эл менен тил табышып, иштешип кете алаар бекенсиз?

– Албетте, алдыбызда бир топ жоопкерчиликтүү милдеттер турат. Аларды чечүү үчүн бел чечпей иштөө керек. Ишимди алгач Каракол шаарындагы жол көйгөйүн чечүүгө аракет кылуудан, ошондой эле облусубузда реконструкция болуп жаткан жолдордун курулушун аягына чыгарууну башкы максат кылып турам. Босогодо жай мезгили келе жатат. Мындай шартта жайкы туристтик сезонго зор даярдыктарды көрүү керек. А эң башкысы мен жазгы талаа иштери жүз берерде облус башына келдим да. Андыктан, жазгы талаа иштерин уюшкандыкта өткөрүүнү демилгелеп жатам. Мындан тышкары облусубуздун аймагында негизги багыт катары жаңы жумуш орундарын түзүү, ишкерлерге шарт түзүү өңдүү милдеттер турат. Булардан башка да жакшы максаттарыбыз бар. Буюрса, алардын баардыгын аракетибизге жараша ишке ашырабыз деп ойлойм.

– Ысык-Көл облусунда аянты 6 гектарды түзгөн токой аянты акчасы көп шылуундардын пансионат салуу үчүн ниети бузук аракетинен өрттөлгөндүгү интернетте талкуу болууда. Бул инггердин чоо-жайынан кабардар болдуңузбу?

– Албетте, алты гектар чычырканактын өрттөнүп кетиши боюнча маалымат бар. Ал жерде
пансионат курганга башкы план жол бербейт. Ал эми өрттүн себептерин аныктоого укук коргоо органдары атайын иликтөө жүргүзүп жатышат. Кээде жайлоодогу малчыларыбыз арчаны өрттөп жиберишет, жайыт маселесин чечиш үчүн.

-Ысык-Көлдөгү көпөстөрдүн катар-катар салынган пансионаттары электр энергиясына болгон төлөмдөрдү төлөшпөгөнү, ага удаа коммуналдык кызматтар үчүн да карыздары бар экени айтылып жүрөт. Чиновниктерге таандык пансионаттардын карыздарын облус жетекчиси катары желкеден сүйрөп келип төлөткөнгө күчүңүз жетеби?

– Эми кимде-кимдин пансионаты болсо дагы карызын желкелеткенге жеткирбей төлөшү зарыл. Бирок, мындай иштерди атайын энергокомпания мыйзам чегинде чечип алышы керек. Мейли ал чиновник болсун, ишкер болсун, баарынын мыйзам алдында укугу бирдей. Мыйзам бузса сөзсүз жаза алышы керек.

– Көлдөгү криминалдык абалды айтпасак да түшүнүктүү да. Башкы «криматалык» Камчы Көлбаев менен мамилеңиздин жакшы экенинен кабардар элем, облустун кожоюну катары алар менен иштешүү сизге жеңил эле болсо керек ээ?

– Эми мамлекеттик органдар криминалдык элементтер менен эч кандай иш кылбайт да. Кылмыштуулук менен күрөштү укук коргоо органдары тынымсыз жүргүзүп жатышат.

Булак: “Азия ньюс”

Айыл өкмөт башчылыгына талапкерлиги коюлуп жаткан жарандар мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү

“Өткөн шайлоодо өлкөдөгү 41 айылда айыл өкмөттөрү шайланбай калды. Буга жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлана электиги себеп. Демек, алардын жергиликтүү бюджети да кыйын кырдаалга кептелип турат. Шайлоонун болбой калышына уюшкан кылмыштуу топтун терс таасири тийип жаткандыгы да жашыруун эмес. Бул боюнча бизге түшкөн маалыматтар бар”,- дейт депутат К.Бокоев бүгүн, 23-марттагы Баткен облусунда өтүп жаткан парламенттик угууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Эл тарабынан шайланган айыл өкмөтүнүн статусу да жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлаганга караганда бир топ жогору болот. Мындай пикирлерин ортого салган депутат К.Бокоев: “Айыл өкмөт башчылыгына талапкерлер саясый партиялар тарабынан көрсөтүлсө да болот. Өзүн-өзү да сунуштай алат. Талапкерлиги коюлуп жаткан жарандар мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү”,- дейт.

 

«Кооптуу өлкөлөргө» барып келген түркмөнстандыктар суракка алынууда

Түркмөнстан бийлиги Түркия менен Украинага барып келген жарандарын суракка алып, аларды «кооптуу өлкөлөргө» барбоого аракет кыла тургандыктары жөнүндөгү тил кат жазып берүүгө мажбурлап жатат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирүүдө.

Басылманын маалыматына караганда, Улуттук коопсуздук министрлигине жакында эле Түркия менен Украинага барып келген жарандар «аңгемелешүүгө» чакырылып, аталган өлкөлөргө кандай максаттар менен баргандыктары тууралуу маалыматтар талап кылынууда.

Андай «аңгемелешүүгө» барып келген жергиликтүү тургундардын биринин айтымында, жарандарга Сирия, Ооганстан, Ирак, Египет, Украина жана Түркия «кооптуу өлкөлөр» экенин айтышып, алардан аталган өлкөлөргө барбоого аракет кыла тургандыктары жөнүндө тил кат талап кылып жатышат.

Андан сырткары акыркы кездери чет өлкөлөрдө окуп жүргөн студенттердин ата-энелери, ошондой эле өлкө сыртында иштеген жарандардын туугандары коопсуздук кызматтарына чакырылып, жакындары тууралуу маалыматтарды жана документтерин берүү талаптары коюлуп жатканы кабарланууда.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Астанада Казакстан менен Өзбекстан ортосунда бир катар макулдашууларга кол коюлду

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен бүгүн Астанада бир катар документтерге кол коюлду.

«Казинформ» агенттигинин маалыматы боюнча, эки өлкөнүн мамлекет башчылары Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана ынак коңшулукту бекемдөө тууралуу биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын деңгээлинде Аймактар ортосундагы кызматташтык тууралуу келишимге, 2017-2019-жылдарга карата экономикалык кызматташтык стратегиясына, Кош салык салууну жоюу тууралуу макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго жана өлкөлөр ортосундагы аскердик кызматташтык сыяктуу бир канча документтерге кол коюлду.

«Өзбекстан – биздин стратегиялык өнөктөшүбүз, коңшубуз, бир тууган өлкө. Биздин эл гүлдөп өнүгүүнү, бейпилдикти каалайт», – деди Назарбаев.

Өзбекстан президенти Мирзиёев Астанага болгон сапарын жана андагы сүйлөшүүлөрдү «тарыхый» деп сыпаттады.

Бул Шавкат Мирзиёевдин мамлекет башчысы катары Казакстанга жасаган алгачкы сапары.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапары менен Казакстанга барды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен 22-мартта мамлекеттик сапары менен Астанага барды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришти.

Сапардын алкагындагы негизги иш-чаралар 23-мартка белгиленген. Эки өлкө лидеринин жолугушуусу маалында жана жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык жана башка тармактар боюнча өз ара мамилелердин абалы менен өнүгүү келечеги, ошондой эле аймактык жана эл аралык саясаттын актуалдуу маселелери талкууланат.

Шавкат Мирзиёевдин Астанага болгон сапарынын алкагында Өзбекстандын Улуттук өнөр жай көргөзмөсү жана эки өлкөнүн ишкерлери катышкан бизнес-форум өтөт.

Сапардын жыйынтыгында мамлекеттер, өкмөттөр жана мекемелер аралык документтер топтомуна, ошондой эле ири коммерциялык келишимдерге кол коюлат деп күтүлүүдө.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

«Азаттык» радиосу менен Zanoza сайтынын банктык эсептери камакка алынды

Бишкектин Ленин райондук соту «Азаттык Медиа» («Азаттык» радиосу) менен «ПроМедиа» (Zanoza сайты) коомдук фондунун банк эсептерин камакка алды. Судья Жылдыз Жумабаеванын мындай аныктамасы 14-мартта кабыл алынганы 22-мартта белгилүү болду.

Анда Кыргызстандын Башкы прокуратура өкүлү президенттин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо тууралуу сотко кайрылып, «Азаттык Медиа» менен «ПроМедианын» болгон мүлкүн жана акча каражатын камакка алууну өтүнгөнү айтылат.

Сот Кыргызстан банктарынан ал ишканалардын банктык эсептери тууралуу маалыматтарды талап кылуу жана «Азаттык Медианын» 10 миллион, «ПроМедианын»3 миллион сомдун чегиндеги каражатын камакка алуу тууралуу аныктама кабыл алды.

Мурдараак Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркын коргоо тууралуу «Азаттык» радиосу менен Zanoza интернет-басылмасына каршы доо арыз берген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Садыр Жапаров, экс-депутат: «Мегакомдун» иши боюнча жыйырмага жакын чиновниктер камалыш керек»

 

Ырынан чыры көп болуп, саясий теманын негизин түзүп калган “Мегаком” тууралуу ар түрдүү сөздөр көп. Уюлдук компаниядан бир нерсе өнөп калсак деген адамдардын да уюгу ушул жерде экени барган сайын ачыкка чыгып жатат. Өкмөт “Мегакомду” ачык аукционго алып чыгып, сатып алчу кардар таппай убара. Багы ачылбаган “Мегаком” үчүнчү ирет сатыкка коюла турган болуп, баштапкы баасы 1 млрд сомго төмөндөдү. Азыр чет элде жүргөн Садыр Жапаров 2010-жылдан кийин депутат болуп турганда ушул уюлдук компаниянын тегерегинде иликтөө жүргүзүп, ошондо эле көп фактыларды айтып чыккан экен. Анда анын сөзүнө эч ким кулак салган эмес. Бүгүн анын айтканы чындыкка дал келип туру.

— Садыр мырза, сиз “Мегаком” боюнча кенен иликтөө жүргүздүңүз эле. Эл билбеген кандай махинацияларга күбө болгонсуз?

— Ооба, 2010-жылкы ыңкылаптан кийин убактылуу өкмөттөгүлөр “Мегакомду” экиге бөлүшүп, 49 пайызын дароо улутташтырышып, 51 пайызын чөнтөк кызыкчылыктары үчүн жең ичинен сатып жибергенге аракет башташкан. Алар үч топ болушкан. Биринчи топ ошол мезгилдеги президенттин тобу, экинчи топ премьер-министрдин тобу, үчүнчү топ парламенттин тобу. Үчөө үч башка тарапка сатабыз деп аракет кылышкан. Ар бир топтун сатып алуучу кардарлары ар башка тараптар эле. Бир күнү эле кандайдыр бир жолдор менен “Мегакомдун” бир топ кагаздары менин колума тийип калды. Терең изилдеп чыгып, сессияда көтөрүп, баардык кагаздарды 120га көбөйтүп, депутаттарга таратып салдым. Президентке да, премьер-министрге да, спикерге да “Мегакомду” толук мамлекетке алгыла, сатпагыла” деп айттым. Ошону менен бир топ убакытка чейин сатылбай токтоп турду. Кийин байкасам сот аркылуу сатканга аракет кылып башташыптыр. Дароо эле сотторду чакырып алып дагы айттым. Кимде ким “Мегакомдун” 51 пайызын башка бир мамлекеттин олигархына берилсин деген чечим чыгарып берген болсоңор, 20 жылдан кийин да жооп бересинер, өзүңөр камаласыңар деп аларга да бирден копия бердим. Ошону менен 2014-жылга чейин бир дагы сот карабай келди. 2014-жылы айлалары жок 51 пайызы дагы мамлекетке өтсүн деген чечим чыгарышты. Бүгүн “Мегаком” 100 пайыз мамлекеттики болуп турат.

— Эмил Каптагаев 100 пайыз улутташтырууга каршы болгон деген элеңиз. Ошол киши жалгыз эле ошондой чечимге келет беле?

— Жок. Ал киши жалгыз андай чечимге келе албайт эле. Ал киши президенттик топко көз каранды гана чиновник болгон.

— 15 млн доллар алып алышкан деп айткансыз. Кимдер кимден акча алышкан?

— Ар бир топ ар кандай суммада соодалашуу жүргүзүп жүрүшкөн. Бул сумма үчүнчү топтун кызыкчылыгы болчу. Калган эки топтун кызыкчылыгы канча сумма экенин айта албайм. Эгер комиссия түзүп, баарын иликтеп чыксам, анда эки топтун да канча суммада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билип коюш оңой эле болмок. Тилекке каршы комиссияга башка депутатты төрага кылып шайлап коюшкан.

— Орустардын кандай кызыкчылыгы болгон?

— Алардын кызыкчылыгы “Мегакомду” толук сатып алыш болгон. 51 пайызын мына ушундай жолдор менен алса, калган 49 пайызын биздин өкмөт жүз миллион долларга сатмак. Ортолорунда ушундай жашыруун келишим болгон.

— Бүгүн “Мегакомду” 13 млрд сомго баалап аукционго коюп жатат. Бул компания дагы сатылышы керекпи?

— «Мегакомду» сатуу бул чыккынчылык! Эл душманы гана сатат. “Мегаком” “Кумтөрдөн” кийинки эле салыкты ири суммада төгүп, өнүгүп жаткан мекеме. Жылдык салыгы 4,5 миллиард сомго чейин жеткен. Азыр эми аны атайылап банкрот кылып атышат. Аукционго койсок клиент чыкпай жатат деген шылтоо менен баасын дагы 1 миллиард сомго ылдыйлатышты. Кыскасы илгерки алып койгон акчаларын актап, карыздарынан кутулуш үчүн эптеп инвестор аттууга сатып жибериш болуп атат.

— Текебаев дагы ушул компаниянын тегерегиндеги чуудан кийин камакка алынды. Сиз иликтегенде ал кишинин орус ишкеринен акча алып, компанияны алып берүүгө жардам берери аныкталганбы?

— Мен толук иликтей алган эмесмин. Себеби, комиссиянын төрагасы башка болгон. Бирок Текебаев орус ишкери менен соодалашып акча алган дегенге ишенбейм. Текебаевди камаш үчүн эле тапкан шылтоосу ушул болду окшойт. Эгер чындап эле күнөөлүүлөрдү камай турган болсо анда баарын камаш керек. Бул иш боюнча жыйырмага жакын чиновниктер камалыш керек.

— «Ата-Мекендин” 3 депутатын “Southfild Management” компаниясына 51 пайызын алып берүүгө аракет кылган деп айыптап жатышат. Ошол компания тууралуу сизде толук маалымат барбы?

— Бул компания жанагы үч топтун бирөөсү менен соодалашып жүргөн компания болчу.

— Үч топтогу адамдардын аттарын так эле атап койбойсузбу?

— Ал үчүн комиссия түзүлүшү зарыл. Мен комиссиянын башчысы болуп барып, “Кумтөрдөй” кылып толук текшеришим, далилдерди жыйнашым керек. Андан кийин анан атасам туура болот. Азыр атап койсом четинен сотко берип жатып калышат да. Кана далилдериң дешип. Мен далилдерди жыйнаганча төөнүн куйругу жерге тийет. Себеби, мен азыр эч ким эмесмин. Мага эч ким өз убагында жооп берип, кагаздарды беришпейт.

Булак: “Жаңы ордо”

 

Равшан Жээнбеков, саясатчы: «Ушак, калп маалымат таратып атканы президенттин кадыр-баркына туура келбеген кадам»

 

Президент Алмазбек Атамбаев 15-март күнү Афганистан Ислам Республикасынын, Индиянын, Кот-д’Ивуар Республикасынын, Латвиянын, Эфиопиянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним баракчаларын кабыл алып жатып бир топ саясатчылардын дарегине сын айтып, чымчылап өттү. Равшан Жээнбековдун дарегине президент тараптан “Жаңыдан эгемендүү болуп, алсырап жаткан өлкөбүздү Акаич менен кошо тоногон Равшан Жээнбеков коргойт экен да кыргыздарды? Ушул сасык саясатчыларга кантип ишенесиңер, урматтуу журналисттер?”- деген сөз айтылды. Президент өзү “жалган-жалаа жапканды, ушак таратканды токтотуш керек” деп айтып жатпайбы. Биз дагы президенттин айтканы чындыкка дал келиши керек деп эсептеп, өзү сындаган Равшан Жээнбековдун дарегине айтылган сөздөрдү түз суроо кылып узаттык. Баары чындыкты билүүгө тийиш эмеспи.

— Равшан мырза, президент элчилерден ишеним баракчаларын кабыл алып жатып сиз тууралуу “Жаңыдан эгемендүү болуп, алсырап жаткан өлкөбүздү Акаич менен кошо тоногон Равшан Жээнбеков коргойт экен да кыргыздарды? Ушул сасык саясатчыларга кантип ишенесиңер, урматтуу журналисттер?” деп айтты. Президент айткандай Акаич менен кошо мамлекетти тоноп, канча байлыкка жеткенсиз? Так жооп берсеңиз.

— Президент Атамбаевдин өзү айткандай “сасыктыгына” эл дагы, оппозициялык саясатчылар дагы көнүп деле бүттүк да. КТР, ЭлТР жана 5-каналын пайдаланып ушак, калп, жалаа жана туура эмес маалымат таратып атканы президенттин кадыр-баркына, статусуна туура келбеген кадам. Ал киши минтип айтыптыр деп жооп кылыштын деле кереги жок.

— Кыргызды коргогонго сиздин укугуңуздан кимдир бирөө ажыратканбы?

— Ар бир кыргыз жараны сөз эркиндигин, журналисттердин укугун жана эгемендүү массалык маалымат каражаттарды колдоосу жана коргоосу зарыл. Анын ичинде мен дагы. Биз бул баалуулуктарды жыргаганыбыздан коргобойбуз. Бул баалуулуктар биздин күнүмдүк турмушубуздун, социалдык-экономикалык абалыбыздын жакшырышына, бийликтин эффективдүү иштешине түздөн-түз тиешеси бар.

— Саясатчылар сасык жана жыттуу болуп бөлүнөбү? Сасыгына ишенбей жыттуусуна ишениш керекпи?

— Элден алыстап калганда мурдагы президенттер дагы оппозициялык саясатчыларды жамандап, камап баштачу. Атамбаев дагы алардын кейпин кийди. Убакыт, тарых кимдин кандай экенин эртели-кеч көргөзөт.

Булак: “Жаңы ордо”

Меню