Menu

САЯСАТ

“КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болот

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитети “КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев демилгелеген жана 2017-жылдын 16-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынган “КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө”, “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга) мыйзам долбоорлорун кеңири талкуулоо максатында 2017-жылдын 10-мартынан 31-мартына дейре Кыргыз Республикасынын аймактарында парламенттик угууларды өткөрөрүн маалымдайт.

Мындан сырткары, жогорудагы парламенттик угууларды өткөрүүнүн алкагында “Мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамдын турмушка ашырылышына көзөмөл жүргүзүү боюнча маселе дагы каралат.

Ошол себептен, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн,  жарандарды жана алардын бирикмелерин, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүн аталган иш- чарага катышуу үчүн чакырабыз.

Парламенттик угууларды өткөрүү орду, күнү жана убактысы боюнча аталган комитеттин бөлүмү кошумча маалымат берет.

Уюштуруу жана парламенттик угууга катышуу маселелери боюнча (0 312) 63-92-57 телефону аркылуу же болбосо [email protected] электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыздар болот.

 

Равшан Жээнбеков, саясатчы: «Ушак, калп маалымат таратып атканы президенттин кадыр-баркына туура келбеген кадам»

 

Президент Алмазбек Атамбаев 15-март күнү Афганистан Ислам Республикасынын, Индиянын, Кот-д’Ивуар Республикасынын, Латвиянын, Эфиопиянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним баракчаларын кабыл алып жатып бир топ саясатчылардын дарегине сын айтып, чымчылап өттү. Равшан Жээнбековдун дарегине президент тараптан “Жаңыдан эгемендүү болуп, алсырап жаткан өлкөбүздү Акаич менен кошо тоногон Равшан Жээнбеков коргойт экен да кыргыздарды? Ушул сасык саясатчыларга кантип ишенесиңер, урматтуу журналисттер?”- деген сөз айтылды. Президент өзү “жалган-жалаа жапканды, ушак таратканды токтотуш керек” деп айтып жатпайбы. Биз дагы президенттин айтканы чындыкка дал келиши керек деп эсептеп, өзү сындаган Равшан Жээнбековдун дарегине айтылган сөздөрдү түз суроо кылып узаттык. Баары чындыкты билүүгө тийиш эмеспи.

— Равшан мырза, президент элчилерден ишеним баракчаларын кабыл алып жатып сиз тууралуу “Жаңыдан эгемендүү болуп, алсырап жаткан өлкөбүздү Акаич менен кошо тоногон Равшан Жээнбеков коргойт экен да кыргыздарды? Ушул сасык саясатчыларга кантип ишенесиңер, урматтуу журналисттер?” деп айтты. Президент айткандай Акаич менен кошо мамлекетти тоноп, канча байлыкка жеткенсиз? Так жооп берсеңиз.

— Президент Атамбаевдин өзү айткандай “сасыктыгына” эл дагы, оппозициялык саясатчылар дагы көнүп деле бүттүк да. КТР, ЭлТР жана 5-каналын пайдаланып ушак, калп, жалаа жана туура эмес маалымат таратып атканы президенттин кадыр-баркына, статусуна туура келбеген кадам. Ал киши минтип айтыптыр деп жооп кылыштын деле кереги жок.

— Кыргызды коргогонго сиздин укугуңуздан кимдир бирөө ажыратканбы?

— Ар бир кыргыз жараны сөз эркиндигин, журналисттердин укугун жана эгемендүү массалык маалымат каражаттарды колдоосу жана коргоосу зарыл. Анын ичинде мен дагы. Биз бул баалуулуктарды жыргаганыбыздан коргобойбуз. Бул баалуулуктар биздин күнүмдүк турмушубуздун, социалдык-экономикалык абалыбыздын жакшырышына, бийликтин эффективдүү иштешине түздөн-түз тиешеси бар.

— Саясатчылар сасык жана жыттуу болуп бөлүнөбү? Сасыгына ишенбей жыттуусуна ишениш керекпи?

— Элден алыстап калганда мурдагы президенттер дагы оппозициялык саясатчыларды жамандап, камап баштачу. Атамбаев дагы алардын кейпин кийди. Убакыт, тарых кимдин кандай экенин эртели-кеч көргөзөт.

Булак: “Жаңы ордо”

Өзбекстан: Чек ара боюнча Кыргызстандагы сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болду

Ошто мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун 10 күнгө созулган сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында Өзбекстандын Анжиян, Наманган жана Фергана облустары менен Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын чектешкен аймактарындагы талаш чек ара тилкелеринде биргелешкен иликтөө жана ченөө иштери жүргүзүлдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен тараптар тиешелүү протоколдорго кол коюшту.

Кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырымды түзсө, анын 320 чакырымы тактала элек. Андан улам чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын ортосунда түрдүү жаңжалдар чыгып келет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаты: «Жогорку Кеңеш бир адамдын кызыкылчыгы үчүн эмес, Конституциянын принциптерине дал келген мыйзамдарды кабыл алышы керек»

 

— Курманкул Токторалыевич, кечээ Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетте Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун талкулоодо Жогорку cоттун өкүлдөрү менен талашып кеттиңиздер, негизи сунушталып жаткан мыйзамдын эмнеси туура эмес?

— Өзүңөр күбө болдуңуздар, биздин комитетте кызматтык макулдашуу түшүнүгүндө жазык-процессуалдык кодекске жаңы бөлүм киргизип жатышат. Ал жерде кылмышка шектелүүчү тергөө менен кызматташканда анын жоопкерчилиги кандай болот? Муну демилгечилер кылмыштын бетин ачуу жеңилдейт, кылмышты тереңдеп изилдөөгө жана толук ачууга шарт түзөт деп айтып жатышат. Бул айтылышы түшүндүрмө боюнча негизи туура. Бирок бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан жазык-процесстик кодекстин көптөгөн нормаларына дал келбейт. Мисалы, демилгечилер “жалгыз шектелүүчү болсо бул мыйзам долбоору жайылтылбайт”- деп айтып жатышат. Эгерде кылмышкерлердин саны бир нече болсо, ошолордун ичинен бирөөсү кызматташам деп прокурорго арыз менен кайрылып, ал токтом чыгарып, сотко алып барып каратып, кылмыштын материалдарына кошуп, ошол кызматташууга барган соттолуучуга карата кылмыш ишти өзүнчө бөлүп алып барса, сот ошол токтомду өкүм менен бекитип коёт экен. Кызматташуу жөнүндө макулдашууда көрсөтүлгөн жагдайлар аткарылганда шектүүгө же айыпкерге карата сот тарабынан колдонулуучу жазанын түрү жана өлчөмү көрсөтүлөт экен. Бул негизинен адилеттүү сот принцибинен тайгандык болуп калат. Өзгөчө оор кылмыштарда соттук териштирүү өтпөй, тергөөдө иликтенген материалдарды далилдебей туруп кантип сот өкүм чыгарат? Соттук териштирүүдө кылмыш иштин ичиндеги материалдар менен салыштырып, соттук териштирүүдөгү изилденген фактылардын негизинде ички туюмуна таянып чечим чыгарат. Соттук териштирүү жүргүзбөй соттогу тең укуктуулук, ачык айкындуулук принциптерин бузуп өкүм чыгарып жатпайбы. Кылмыш жаза кодексинде жаза чектөөнүн жалпы негиздери деген принцип бар. Жазаны чектеп жатканда судья оордотуучу жана жеңилдетүүчү жагдайларын карайт. Оордотуучу жагдайларга анын мурда өнөкөт кылмыштарды жасагандыгын, эгер уюшкан кылмыштуу топтор менен кармалса, оор кесепеттерге алып келсе, анда жеңилдетүүчү жагдай колдонулбайт. Демек бир эле кодекстеги эки башка норманын кайсы бирин сот колдоно алат. Менин суроомо Жогорку Соттун төрайымынын орун басары “карама-каршылык болсо мурунку нормага караганда кийинки норма күчтүүлүк кылып, жаңы норма колдонулат”- деп жооп берди. Андай талаптар мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Бир эле мыйзамда эки башка норма болсо, бул мыйзамдын ичиндеги карама-каршылыктарды, коллизияны, башаламандыкты пайда кылат. Сот эки норма турса кайсынысын колдонот? Мен берген суроолорума туура, так, мыйзамга дал келген жооп ала албай койдум.

— Бүгүнкү күндө сотторго нааразычылык айтылып жатат. Өзүңүз деле сот тармагында көп жыл иштегенсиз. Азыр бир дагы адам сотторго ишенбейт. Соттор мынчалык төмөн даражага кандай негизде, кайсыл катасы үчүн түшүп калды деп ойлойсуз?

— Мен баардык убакта ак, караны туура айтууга аракет кылам. Соттордун деңгээли өтө эле төмөн түшүп кетти дегенге дагы кошулбаймын. Беш кол тең эмес. Жалпы сот системасынын азыркы учурда кадыр-баркы түшүп жатат. Аны түшүрүп жаткан да өзүбүз. Мисалы, райондун бир судьясы жылына 800дөн ашык иш карайт. Анын ичинен беш же он өкүм, токтомдор бузулуп калса эле сот жаман. Калган 750 иши мыйзамдуу болуп эсептелинет да. Сот реформасын жасайбыз деп алты жылдан бери аракет жасап келе жатабыз. Соттордун курамы толук алмаштырылды, жаңы мыйзамдар, кодекстер кабыл алынды, аракеттер болуп жатат. Бирок өз деңгээлинде жыйынтык чыкпай жатпайбы. Себеби биз аракеттерди туура жасабай жатабыз. Сотторду реформалайбыз деп айтканыбыз менен сотторду алмаштыруудан уттукпу? Биз алардын материалдык техникалык базасын түзүп, социалдык абалдарын кепилдикке алып, эмгек маяналарын көтөрүп, коопсуздугун сактап, мыйзамдарды кодификациялоо менен гана реформа болду деп айта алабыз жана жыйынтык чыгат десек болот. Эгерде бүгүнкү судьянын айлыгы үй-бүлөсүн багууга эмес өзүнө да жетпей жатса кантип ал мыйзамдуу, адилеттүү чечим чыгарат. Биз адамдык факторду унутпашыбыз керек. Ошондуктан азыркы учурда сот системасында көйгөйлөр толтура. Бирок баардык эле сот мыйзам бузуу менен иштеп жатат дегенге мен кошула албаймын.

— Бүгүнкү күндө сөз эркиндиги боюнча талаш-тартыштар көбөйүп жатат. Сөз эркиндигине келгенде депутаттар журналисттерди, журналисттер депутаттарды күнөөлөйт. Деги эле Кыргызстандагы сөз эркиндигине кандай баа бересиз?

— Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп эсептейм. Бирок ошол эркиндикти ким кандай колдонуп жатат кеп ошондо. Ошол сөз эркиндиги деп алып жөнөкөй жарандар, саясатчылар жана журналисттер да аша чаап кетип жатышат. Адамдын аброю жана анын ишмердиги жөнүндө сөз болот. Адамдын аброюна эч ким шек келтиргенге акысы жок. Ал эми адамдын ишмердиги боюнча журналист албетте өзүнүн пикирин жазганга укуктуу. Кайсы бир адамдын кебете-кешпирин, кылык-жоругун, баскан-турганын жазган бул адамдык абройго шек келтирүү болуп саналат. Журналисттерге карата мыйзам бар, ошол талаптарды так сактасаңыздар эле сиздерге чоң аброй болмок.

— Жогорку Кеңеш мыйзамдарды пачкалап чыгарып жатасыздар. Бирок аны көзөмөлдөгөн адам жок болуп жатпайбы? Бул маселе деле бүгүн актуалдуу болсо керек. Чыгарып койгон мыйзам иштебесе анын кимге кереги бар?

— Негизи мыйзам кабыл алууга бир-эки жылга мароторий киргизип, мамлекеттеги болгон мыйзамдардын үстүнөн өкмөт менен бирдикте ревизиялап, карама-каршылыктарды жоё турган убакыт келди. Мисалы, Айыл чарба багытын эле алганда үч жүзгө жакын мыйзам бар. Аны ким толук билет? Ошондуктан мыйзам кабыл алууну токтотуп мыйзамдарды ирээтке келтирмейинче башаламандык, укуктук колизиялар, карама-каршылыктар боло берет. Экинчиден мыйзамды депутат эмес, өкмөт жазышы зарыл. Жогорку Кеңеш келген мыйзамды окуп, аны изилдеп, мамлекетке пайдалуу, таасири тийе тургандай кылып кабыл алышы керек. Ошондо гана биздин кабыл алып жаткан мыйзамдар жеткиликтүү иштейт. Мыйзам окуганда кыска, түшүнүктүү, туура жана так жазылышы шарт.

— Учурда биздин кээ бир саясатчыларыбызга мурдагы өзү иштеп чыккан мыйзамдар каршы иштеп койгон учурлар абдан көп кездешип жатат. Байкап жаткан чыгаарсыз?

— Бир адамдын же партиянын кызыкчылыгы үчүн эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштей турган мыйзамдарды карашыбыз керек.

— Бирок ошол эле учурда кайсы бир адамдын же топтун кызыкчылыгы үчүн иштелип чыккан мыйзамдар жок деп айта албайсыз да?

— Жок, айта албайм. Жогорку Кеңеш бир адамдын, же партиянын кызыкчылыгы үчүн эмес, мамлекеттин кызыкылчыгы үчүн жана Конституциянын принциптерине дал келген мыйзамдарды кабыл алышы керек.

Булак: “Жаңы ордо”

Бишкектеги орус дипломатынын соту Орусияда болот

Орусиялык дипломаттын катышуусунда Бишкекте болгон жол кырсыгы боюнча сот Орусиянын аймагында өтөт. Мындай маалыматты 20-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги өзүнүн сайтына жарыялады.

Маалыматка караганда, Бишкекте 16-февралда орус дипломаты катышкан автокырсыктын себептерин иликтеп жатат. Анда ошондой эле кырсыктан каза тапкан кыргызстандык жарандын үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү маселеси да каралууда.

Элчилик тергөө иштери аяктагандан кийин “иш Орусиянын сотуна автокырсыктын экинчи катышуучусунун күнөөсүн аныктоо жана ага тиешелүү жаза аныктоо үчүн” өткөрүлүп берилет деп билдирди.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Дарья Пахомова соттук териштирүү качан башталарынан кабарсыз экенин маалымдады.

16-февраль күнү Бишкектеги Фучик жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде орус дипломаты Виктор Пухов башкарган “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү жолтандабас катуу ылдамдыкта кызылдан өтүп, “Мерседес-Спринтер” жүк ташуучу автоунаасын сүзгөн. Андан жүк ташуучу машиненин айдоочусу, 62 жаштагы кыргызстандык Евгений Лексин каза тапкан.

Элчилик алгач анын үй-бүлөсүнө жардам берилип жатат деген маалымат таратып, бирок жакынын жоготкондор муну четке кагып, милицияга арыз жазышкан. Ал арада айдоочу-дипломат ошол кезде мас болгонун Бишкектеги Медициналык-консультативдик жана спорттук медицина борборунун дарыгерлери айтып чыгышты. Көп өтпөй дипломат Пухов Кыргызстандан чыгып кеткен.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Пройдет форум «Ресоциализация осужденных как позитивный процесс реинтеграции в общество»

Орусиялык дипломаттын катышуусунда Бишкекте болгон жол кырсыгы боюнча сот Орусиянын аймагында өтөт. Мындай маалыматты 20-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги өзүнүн сайтына жарыялады.

Маалыматка караганда, Бишкекте 16-февралда орус дипломаты катышкан автокырсыктын себептерин иликтеп жатат. Анда ошондой эле кырсыктан каза тапкан кыргызстандык жарандын үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү маселеси да каралууда.

Элчилик тергөө иштери аяктагандан кийин “иш Орусиянын сотуна автокырсыктын экинчи катышуучусунун күнөөсүн аныктоо жана ага тиешелүү жаза аныктоо үчүн” өткөрүлүп берилет деп билдирди.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Дарья Пахомова соттук териштирүү качан башталарынан кабарсыз экенин маалымдады.

16-февраль күнү Бишкектеги Фучик жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде орус дипломаты Виктор Пухов башкарган “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү жолтандабас катуу ылдамдыкта кызылдан өтүп, “Мерседес-Спринтер” жүк ташуучу автоунаасын сүзгөн. Андан жүк ташуучу машиненин айдоочусу, 62 жаштагы кыргызстандык Евгений Лексин каза тапкан.

Элчилик алгач анын үй-бүлөсүнө жардам берилип жатат деген маалымат таратып, бирок жакынын жоготкондор муну четке кагып, милицияга арыз жазышкан. Ал арада айдоочу-дипломат ошол кезде мас болгонун Бишкектеги Медициналык-консультативдик жана спорттук медицина борборунун дарыгерлери айтып чыгышты. Көп өтпөй дипломат Пухов Кыргызстандан чыгып кеткен.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

АКШ учак бортуна ноутбуктарды алып кирүүгө чектөө коет

АКШ өкмөтү 25-марттан тарта айрым каттамдардын жүргүнчүлөрүнө учактын бортуна телефондон чоңураак электрондук жабдыктарды алып кирүүгө тыюу салына тургандыгын билдирди. Тиешелүү эскертүү каттары Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадан Кошмо Штаттарга түз каттамдарды аткарган тогуз авиакомпанияга жөнөтүлдү.

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги террорчул топтор жүргүнчү ташыган учактарда теракт уюштуруу үчүн башка ыкмаларды, анын ичинде жарылуучу заттарды техника катары алып күрүү жолдорун пайдалана баштагандыгын билдирди. Башка электрондук жабдыктар менен катар эле учакка ноутбуктар менен планшеттерди да алып кирүүгө чектөө коюлат. Аларды багажга өткөрүү керек болот.

Тыюу АКШга Катар, Иордания, Кувейт, Түркия, Египет, Сауд Арабиясы, Марокко жана Бириккен Араб эмираттарынан жасалчу каттамдарга киргизилет. Тиешелүү эскертүү каттары Кошмо Штаттардын аэропортторуна күнүнө 50 чакты каттам аткарган алдыңкы авиакомпанияларга жөнөтүлдү.

Буга чейин Трамптын администрациясы террорчулукка каршы күрөштү жүйө келтирип, Жакынкы Чыгыштагы жана Африкадагы алты өлкөнүн жарандарынын АКШ аймагына кирүүсүнө тыюу салган. Бирок кийнчерээк жарлык сот тарабынан токтотулган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Кенжебек Бокоев: "Айыл өкмөт башчылары каржы министрлигин айланчыктап жүрбөш керек"

Ушул 2017-жылдын 10-мартынан 31-мартына чейин өлкө аймактарында парламенттик угууларды өткөрүү планынын алкагында бүгүн, 22-мартта Ош областында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр боюнча иш чара өтүүдө. Жыйынга ЖК вице-спикери Данияр Төлөнов, мыйзам демилгечиси,  депутат  К.Бокоев баштаган эл өкүлдөрү К.Зулушев, Э.Токтошев, Б.Ибраимжанов катышууда. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

“Жергиликтүү кеңеш депутаттарынын статусу, жергиликтүү бюджеттин көлөмүн жогорулатуу иштери колго алына баштады. Алды 2-3 эсеге жогорулады. Таза суу, турак-жай маселелери айылдарда да иретке салыш керек. Айыл өкмөт башчылары каржы министрлигин айланчыктап жүрбөш керек. Бул үчүн каржылоо маселесин борбордон ажыратуу (децентрализациялоо) керек”,- дейт демилгечи депутат Кенжебек Бокоев Ошондой эле ал азыркы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан мыйзам долбоорунун чегинде 7 областты түрө кыдырып талкуу уюштурулуп жаткандыгын билдирди.

ЖӨАБнын өз алдынча экономикалык жана финансылык негиздери боюнча түшүнүгүн бириктирүү негизсиз. ЖӨАБнын экономикалык негизи кызмат көрсөтүү жана экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү бийликтердин базасын аныктайт. ЖӨАБнын финансылык негизи ЖӨАБны каржылоонун булактарын белгилейт. Ошондуктан мыйзам долбоорунда ЖӨАБнын экономикалык жана финансылык негиздери түшүнүгү өзүнчө ачыкталган.

Ошондой эле ЖӨАБ органдарынын экономикалык ишинин максаттарын эки жактуу чечмелөөнү четтетүү максатында 62-беренеге өзгөртүү киргизилет.

Экинчи жагынан, ЖӨАБнын муниципалдык менчигин жана акча каражаттарын аныктаган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормалары (17-18-беренелер) колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларда кайталагандыгынан улам олуттуу мааниге ээ эмес. Ошондуктан аны “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизүү сунуш кылынган жок.

Жаратылыш ресурстары жөнүндө норма жер казынасы, аба мейкиндиги, суу, токой Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп санала тургандыгын белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесине жана Кыргыз Республикасында бардык жер казынасынын фондусу болуп санала тургандыгын аныктаган “Жер казынасы жөнүндө” КР Мыйзамынын 10-беренесине ылайык келтирилген. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жерге гана ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугуна ээ. Башка жаратылыш ресурстары мыйзамдарга ылайык алардын карамагына өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Ошондуктан аталган берененин аталышын жана маңызын өзгөртүү сунуш кылынат.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл өкүлү К.Бокоев айыл өкмөт башчыларын түз шайлоонун артыкчылыктарын түшүндүрүп берди. Ошону менен катар жергиликтүү башкаруу органдарынын ишин ыгы жок текшерүүлөрдү жөнгө салуу боюнча бир катар укуктук-ченемдик актылар кабыл алынып, ишке аша баштагандыгын кошумчалады.

 

Акаевдин кыялы укмуш го: жаназасы Кыргызстанда окулушун каалайт!

Кыргызстандын биринчи качкын президенти Аскар Акаев Аксы кайгысынын 15 жылдыгын жана 24- марттагы жоогазын ынкылабын утурлай маек берип, өз Ата-Журтуна кайтып келүүнү кааларын, бирок буга бийлик жол бербей атканын кейип-кепчип айтып өтүптүр.

“Мен түбүмдөн жана канымдан кыргызмын. Менин ата-энем жана аталарым кыргыздын хандары болгон. Демек, менин өзүмдүн мекениме кайтып келүүгө акым жок бекен? Албетте, мен качандыр бир күндө кайтып барам. Азырынча революциялык бийлик мени киргизбей жатат. Бирок мен кайтып келип, түбөлүккө өз жеримде көмүлгөндү каалайм. Мен кыргызмын го”,- дептир ал. Акаевдин минтип кайгыга чөккөнү азыр бийликте олтурган адамдар үчүн да чоң сабак болушу керек. Өз элине ок атып, куугунтуктап, үй-бүлөсү менен эл ырыскысын жегендер үчүн журтуна батпай, карегинен көз жашы көлдөп олтурганы садагам кыргыз элинин чегерген эң эле женил жазасы. “Мени киргизбей жа­тат”.- деп ыйламсырабай эле койсун, ага эч ким жолтоо кылган жери жок, келе берсин. Болгону, Кыргызстанга келер замат камалып, мыйзам алдында жоопко тартыларын Акаев эң сонун билет! Ошон үчүн келе албай, сагынычка толгон маектерин берип турат.

Ошончо жыл четте жүрсө да Акаевге акыл кирбептир тобо. Азыр да маегинде, 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларга ал АКШны күнөөлөп жатат. Ал аз келгенсип, “үчүнчү төнкөрүштөн сак болгула, анда Украинанын кейпин кийесинер”- деп чыкты. Бийликтен кулатылганын Акаев АКШдан көрбөй эле койсо болот, анткени, анын чириген режимин кыргыз эли өзү кулаткан. 15 жылдык башкаруу тушунда кыргызды эзип, байлык-мүлкүн тоногону үчүн эл түп көтөрүлүп, кууп чыгууга аргасыз болгон. Андан көрө Акаев “мага эми жетти, көрсө мен акмак эле адам болуптурмун, мени кечирип койгула”,- десе, балким, эл өмүрүнүн акыркы жылдарын мекенинде өткөзүүгө жол ачмак.

Булак: “Майдан.kg

Адиль Турдукулов, активист: «Атамбаев азыр кыйынмын деген саясатчыларга караганда эң мыкты оппозиционер болчу»

 

— Адиль мырза, Өмүрбек Текебаев камалганда митингге чыккандардын эң эле активдүүсү болуп жүрдүңүз эле. Мөөнөтсүз деп жарыялап жаттыңыз эле дайыныңыз жок болуп кетти. Бир эле күндүк митинг беле?

— Деги эле шаарда митингдерди өткөрүү өтө кыйын. Борбордо жашагандар мындай процесстерге абдан кайдыгер мамиле кылышат. 2010-жылдан бери өткөрүлгөн митингдердин эң көп адам чогулганы ушул болду окшойт. Ал жерде жеке адамга байланыштуу митинг болгон жок. Ошол жерден митингди биз бир гана адамга эмес, кеңири сөз эркиндигине басым күчөп жатканын айтып жаттык. Биз ал жерге Текебаевди коргогон үчүн барган жокпуз, саясый куугунтук күчөп жатканын, президенттик шайлоо боло турган жылда эч кандай мыйзамга дал келбеген Орусиялык шылуундун көрсөтмөсү боюнча биздин көрүнүктүү саясатчыны камаганы туура эмес иш болгонун айттык. Анткени эмкиде башка жарандарды камабайт деп эч ким кепилдик бербейт.

— Ошол митинг учурунда Болот Шер кабинетинде силерди “Эмне митингде жүрөсүңөр, китеп окубайсыңарбы?”деп тилдегенин уктук. Ушул чынбы?

— Ал жерде бизди тилдеген эмес. Бирок, менимче “Ата-Мекен” партиясында бир эле лидер бар экени белгилүү болуп калды. Өмүрбек Текебаев жок партиянын координациялык жагы алсырап калганы түшүнүктүү болду окшойт. Ошондуктан биз нукура демократиялуу партия түзөлү десек анда бир лидерге байланбаш керек. Демократияны сыртка лозунг катары айтпай, ички түзүмдү дагы демократиялык принципте сакташым керек деген ойдомун.

— Сөз эркиндиги, демократия муунтулуп жатат деп Текебаев камалаары менен айтып чыктык. Кыргызстандагы сөз эркиндигин жалгыз Текебаевдин эркиндиги менен ченелбайт да туурабы?

— Туура, ченелбейт. Бул тема боюнча жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүп келдик. Андан тышкары саясый куугунтук болуп жатат. Бир жыл мурун 9 саясатчы камалган. Ошондуктан сөз эркиндиги комитети дагы алардын укугун коргоп келе жатабыз. Мунун айынан ар кандай митингдерди уюштуруп келе жатабыз. Бийликке таасир этүүгө бизде митингден башка таптакыр айла жок.

— Кыргызстандагы сөз эркиндиги менен демократияны басмырлап 1937-жылга кайтып бара жатабызбы деген сөздөр чыгууда. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

— 1937-жылы көптөгөн биздин кыйындарыбыз мыйзамсыз соттолуп өлтүрүлгөн болчу. Азыр өлтүрүүгө жеткен жок, бирок далилсиз соттолуп жатат. Соттолгондо да мойнуна өтө чоң күнөө коюп жатышат. Мисалы, азыр абакта жаткан саясатчыларды 20 жылга чейин кесүү аракеттери болуп жатат. Бул өлтүрүүгө барабар. Ал адамдарга азыр төңкөрүш жасаганга аракет кылды деп айыптап жатышат. Бул абдан оор күнөө. Анткени Талгарбеков, Кадыров, Асанов менен кызматташып жүргөнбүз. Алар чагымчыл радикалдуу нерсеге багыт албастан абдан курч пикирлерди айтып келишкен. Ошол курч пикирлерге Атамбаев кол алдындагы укук коргоо органдарынын колу менен аларды камап жатат, бул саясый куугунтук болуп эсептелинет.

— Азыр сиз атап өткөн саясатчылардын дарегине кечээ президент элчилердин алдында бир топ сындарды айтты. Сындарды кандай кабыл алдыңыздар?

— Кыргыз элинде илгертеден ажолор кечиримдүү, айкөл болуп келген. Майда нерсеге көңүл бурбай, стратегиялык багытка элди үндөп, тескерисинче духун көтөрүүгө аракет кылуусу зарыл. Бирок биздин президентибиз майда-чүйдө нерселерге аралашып, жалаа жапканы абдан туура эмес нерсе. Анткени баардык бийлик азыр президенттик институттун тегерегинде топтолгон. Анын айткан сөздөрүн түздөн-түз көрсөтмө катары бааласак болот. Укук коргоо органдары «хоп майли» деп кабыл алып куугунтуктоо жүргүзүшүнө өбөлгө түзөт деп ойлойбуз.

— Эгер ушул бийликти алмаштырып жиберсек эле сиз атап кеткен каталардын баары жоюлуп бейиште жашап калабызбы?

— Бейишти дароо кура албайбыз. Бир эле адамга баарын оодаруу дагы каталык болуп эсептелинет. Өзгөчө жаңы кабыл алынган баш мыйзам кийинки президент ким гана болбосун дал ушул система менен бараарын аныктап койду. Ошондуктан биз Конституциялык кеңешти түзгөнбүз. Ал жерде саясый система бир адамга багытталбай, элдин кызыкчылыгына иштей тургандай кылууга аракет кылып жатабыз. Биз чыныгы парламенттик мамлекет түзүүгө аракет жасайбыз. Анткени 2010-жылдан бери парламенттик өлкөдө жашайбыз дегенибиз менен эч качан андай эмес. Парламенттик мамлекетте эл эч качан президентти шайлабайт. Укук коргоо органдары бир адамга эмес, коомго жана парламентке баш ийет. Андай система бизде түзүлгөн жок. Ушундай система түзүүгө биз аракет жасашыбыз керек.

— Кийинки президент келсе деле өзүнө ыңгайлаштырып Конституцияны өзгөртүп алсачы?

— Буга атуулдук коом каршы турушу керек. Оппозиция алсыз болгондуктан ошондой жолду түзүп берип жатабыз. Өзүбүздүн потенциалыбызды түзгөнгө күчүбүздү топтошубуз зарыл. Ошондуктан өзүбүздүн амбициядан арылып, улуттук деңгээлде көтөрүлгөн маселе менен алектенсек болмок.

— Сиздин оюңузча азыркы оппозиция алсызбы?

— Алсыз десек деле болот. Экинчиден эл деле эки революция болду, эмне чыкты деп тажап калат экен. Анын үстүнө стабилдүүлүк керек дешет. Бирок азыркы учурда стабилдүүлүктөн өйдөрөөк улуттук кызыкчылык менен жашайбызбы, жокпу ушул суроону кабыргасынан коюш керек. Анткени тышкы саясатта болобу, ички саясатта болобу азыркы бийликтин бир дагы аброю калган жок. Россия менен биргелешкен ГЭСтер боюнча проектилердин бири дагы курулган жок. Мындан абдан чоң үмүт бар эле. Электр энергияны өзүбүздүн муктаждыкка эмес, экспортко дагы жумшайбыз деген максаттарыбыз бар болчу, анын бири аткарылбады. Мигранттардын саны азайган жок, көбөйүүдө. Бул жумушсуздуктун белгиси. Биздин Кыргызстандагы ЖОЖдорду бүткөн студенттердин 9%и гана өз кесиби менен жумуш таба алат экен. Бул билим сапатынын төмөндүгү. Тышкы мамлекеттердин бири менен дагы туруктуу мамилебиз жок. Азыркы жаңы Конституция боюнча баардык багыттарды президент аныктайт экен. Муну дагы катасы катары кабыл алсак болот. Уланта берсек көп эле.

— Сиз Алмазбек Атамбаев менен тыгыз иштешип калгансыз. Учурда президентибиз дайыма ачуулуу жүргөн адамдын элесин калтырып жатат. Сиз менен иштешип жүргөндө мүнөзү кандай эле?

— Азыр кээ бирөөлөр эмоцияга бат алдырат, президенттик тактыга туура эмес келип калды деп айтып калышат. Мен антип ойлобойм. Ал чыныгы оор күрөштүн натыйжасында, көчө оппозициясынын арасында жүрүп, тер төккөн. Ошондой сыноолордун баарын көтөрдү. Мен көрүп жүргөндөн биринчи күнү Текебаев менен чырылдашса, үчүнчү күнү Сариев менен ызылдашып эле жүрчү. Азыркы кыйынмын деген саясатчыларга караганда Атамбаев системалуу күрөш жүргүзүп келген эң мыкты оппозиционер болчу деген ойдомун. Эмнегедир ал президенттик такка келээри менен баардык күчүн оппозицияда жүргөн убагына таштап койгондой сезилет. Чыныгы реформа жасап, убадаларды аткара турган убакытка келгенде эмнегедир бирин да жасабай алсыз президент экенин көрсөтүп койду. Күчтүү оппозиционер болгон, бирок мыкты президент боло алган жок.

Булак: “Жаңы ордо”

Меню