Menu

САЯСАТ

Адиль Турдукулов, активист: «Атамбаев азыр кыйынмын деген саясатчыларга караганда эң мыкты оппозиционер болчу»

— Адиль мырза, Өмүрбек Текебаев камалганда митингге чыккандардын эң эле активдүүсү болуп жүрдүңүз эле. Мөөнөтсүз деп жарыялап жаттыңыз эле дайыныңыз жок болуп кетти. Бир эле күндүк митинг беле?

— Деги эле шаарда митингдерди өткөрүү өтө кыйын. Борбордо жашагандар мындай процесстерге абдан кайдыгер мамиле кылышат. 2010-жылдан бери өткөрүлгөн митингдердин эң көп адам чогулганы ушул болду окшойт. Ал жерде жеке адамга байланыштуу митинг болгон жок. Ошол жерден митингди биз бир гана адамга эмес, кеңири сөз эркиндигине басым күчөп жатканын айтып жаттык. Биз ал жерге Текебаевди коргогон үчүн барган жокпуз, саясый куугунтук күчөп жатканын, президенттик шайлоо боло турган жылда эч кандай мыйзамга дал келбеген Орусиялык шылуундун көрсөтмөсү боюнча биздин көрүнүктүү саясатчыны камаганы туура эмес иш болгонун айттык. Анткени эмкиде башка жарандарды камабайт деп эч ким кепилдик бербейт.

— Ошол митинг учурунда Болот Шер кабинетинде силерди “Эмне митингде жүрөсүңөр, китеп окубайсыңарбы?”деп тилдегенин уктук. Ушул чынбы?

— Ал жерде бизди тилдеген эмес. Бирок, менимче “Ата-Мекен” партиясында бир эле лидер бар экени белгилүү болуп калды. Өмүрбек Текебаев жок партиянын координациялык жагы алсырап калганы түшүнүктүү болду окшойт. Ошондуктан биз нукура демократиялуу партия түзөлү десек анда бир лидерге байланбаш керек. Демократияны сыртка лозунг катары айтпай, ички түзүмдү дагы демократиялык принципте сакташым керек деген ойдомун.

— Сөз эркиндиги, демократия муунтулуп жатат деп Текебаев камалаары менен айтып чыктык. Кыргызстандагы сөз эркиндигин жалгыз Текебаевдин эркиндиги менен ченелбайт да туурабы?

— Туура, ченелбейт. Бул тема боюнча жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүп келдик. Андан тышкары саясый куугунтук болуп жатат. Бир жыл мурун 9 саясатчы камалган. Ошондуктан сөз эркиндиги комитети дагы алардын укугун коргоп келе жатабыз. Мунун айынан ар кандай митингдерди уюштуруп келе жатабыз. Бийликке таасир этүүгө бизде митингден башка таптакыр айла жок.

— Кыргызстандагы сөз эркиндиги менен демократияны басмырлап 1937-жылга кайтып бара жатабызбы деген сөздөр чыгууда. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

— 1937-жылы көптөгөн биздин кыйындарыбыз мыйзамсыз соттолуп өлтүрүлгөн болчу. Азыр өлтүрүүгө жеткен жок, бирок далилсиз соттолуп жатат. Соттолгондо да мойнуна өтө чоң күнөө коюп жатышат. Мисалы, азыр абакта жаткан саясатчыларды 20 жылга чейин кесүү аракеттери болуп жатат. Бул өлтүрүүгө барабар. Ал адамдарга азыр төңкөрүш жасаганга аракет кылды деп айыптап жатышат. Бул абдан оор күнөө. Анткени Талгарбеков, Кадыров, Асанов менен кызматташып жүргөнбүз. Алар чагымчыл радикалдуу нерсеге багыт албастан абдан курч пикирлерди айтып келишкен. Ошол курч пикирлерге Атамбаев кол алдындагы укук коргоо органдарынын колу менен аларды камап жатат, бул саясый куугунтук болуп эсептелинет.

— Азыр сиз атап өткөн саясатчылардын дарегине кечээ президент элчилердин алдында бир топ сындарды айтты. Сындарды кандай кабыл алдыңыздар?

— Кыргыз элинде илгертеден ажолор кечиримдүү, айкөл болуп келген. Майда нерсеге көңүл бурбай, стратегиялык багытка элди үндөп, тескерисинче духун көтөрүүгө аракет кылуусу зарыл. Бирок биздин президентибиз майда-чүйдө нерселерге аралашып, жалаа жапканы абдан туура эмес нерсе. Анткени баардык бийлик азыр президенттик институттун тегерегинде топтолгон. Анын айткан сөздөрүн түздөн-түз көрсөтмө катары бааласак болот. Укук коргоо органдары «хоп майли» деп кабыл алып куугунтуктоо жүргүзүшүнө өбөлгө түзөт деп ойлойбуз.

— Эгер ушул бийликти алмаштырып жиберсек эле сиз атап кеткен каталардын баары жоюлуп бейиште жашап калабызбы?

— Бейишти дароо кура албайбыз. Бир эле адамга баарын оодаруу дагы каталык болуп эсептелинет. Өзгөчө жаңы кабыл алынган баш мыйзам кийинки президент ким гана болбосун дал ушул система менен бараарын аныктап койду. Ошондуктан биз Конституциялык кеңешти түзгөнбүз. Ал жерде саясый система бир адамга багытталбай, элдин кызыкчылыгына иштей тургандай кылууга аракет кылып жатабыз. Биз чыныгы парламенттик мамлекет түзүүгө аракет жасайбыз. Анткени 2010-жылдан бери парламенттик өлкөдө жашайбыз дегенибиз менен эч качан андай эмес. Парламенттик мамлекетте эл эч качан президентти шайлабайт. Укук коргоо органдары бир адамга эмес, коомго жана парламентке баш ийет. Андай система бизде түзүлгөн жок. Ушундай система түзүүгө биз аракет жасашыбыз керек.

— Кийинки президент келсе деле өзүнө ыңгайлаштырып Конституцияны өзгөртүп алсачы?

— Буга атуулдук коом каршы турушу керек. Оппозиция алсыз болгондуктан ошондой жолду түзүп берип жатабыз. Өзүбүздүн потенциалыбызды түзгөнгө күчүбүздү топтошубуз зарыл. Ошондуктан өзүбүздүн амбициядан арылып, улуттук деңгээлде көтөрүлгөн маселе менен алектенсек болмок.

— Сиздин оюңузча азыркы оппозиция алсызбы?

— Алсыз десек деле болот. Экинчиден эл деле эки революция болду, эмне чыкты деп тажап калат экен. Анын үстүнө стабилдүүлүк керек дешет. Бирок азыркы учурда стабилдүүлүктөн өйдөрөөк улуттук кызыкчылык менен жашайбызбы, жокпу ушул суроону кабыргасынан коюш керек. Анткени тышкы саясатта болобу, ички саясатта болобу азыркы бийликтин бир дагы аброю калган жок. Россия менен биргелешкен ГЭСтер боюнча проектилердин бири дагы курулган жок. Мындан абдан чоң үмүт бар эле. Электр энергияны өзүбүздүн муктаждыкка эмес, экспортко дагы жумшайбыз деген максаттарыбыз бар болчу, анын бири аткарылбады. Мигранттардын саны азайган жок, көбөйүүдө. Бул жумушсуздуктун белгиси. Биздин Кыргызстандагы ЖОЖдорду бүткөн студенттердин 9%и гана өз кесиби менен жумуш таба алат экен. Бул билим сапатынын төмөндүгү. Тышкы мамлекеттердин бири менен дагы туруктуу мамилебиз жок. Азыркы жаңы Конституция боюнча баардык багыттарды президент аныктайт экен. Муну дагы катасы катары кабыл алсак болот. Уланта берсек көп эле.

— Сиз Алмазбек Атамбаев менен тыгыз иштешип калгансыз. Учурда президентибиз дайыма ачуулуу жүргөн адамдын элесин калтырып жатат. Сиз менен иштешип жүргөндө мүнөзү кандай эле?

— Азыр кээ бирөөлөр эмоцияга бат алдырат, президенттик тактыга туура эмес келип калды деп айтып калышат. Мен антип ойлобойм. Ал чыныгы оор күрөштүн натыйжасында, көчө оппозициясынын арасында жүрүп, тер төккөн. Ошондой сыноолордун баарын көтөрдү. Мен көрүп жүргөндөн биринчи күнү Текебаев менен чырылдашса, үчүнчү күнү Сариев менен ызылдашып эле жүрчү. Азыркы кыйынмын деген саясатчыларга караганда Атамбаев системалуу күрөш жүргүзүп келген эң мыкты оппозиционер болчу деген ойдомун. Эмнегедир ал президенттик такка келээри менен баардык күчүн оппозицияда жүргөн убагына таштап койгондой сезилет. Чыныгы реформа жасап, убадаларды аткара турган убакытка келгенде эмнегедир бирин да жасабай алсыз президент экенин көрсөтүп койду. Күчтүү оппозиционер болгон, бирок мыкты президент боло алган жок.

Булак: “Жаңы ордо”

Садыр Жапаров, экс-депутат: «Мегакомдун» иши боюнча жыйырмага жакын чиновниктер камалыш керек»

Ырынан чыры көп болуп, саясий теманын негизин түзүп калган “Мегаком” тууралуу ар түрдүү сөздөр көп. Уюлдук компаниядан бир нерсе өнөп калсак деген адамдардын да уюгу ушул жерде экени барган сайын ачыкка чыгып жатат. Өкмөт “Мегакомду” ачык аукционго алып чыгып, сатып алчу кардар таппай убара. Багы ачылбаган “Мегаком” үчүнчү ирет сатыкка коюла турган болуп, баштапкы баасы 1 млрд сомго төмөндөдү. Азыр чет элде жүргөн Садыр Жапаров 2010-жылдан кийин депутат болуп турганда ушул уюлдук компаниянын тегерегинде иликтөө жүргүзүп, ошондо эле көп фактыларды айтып чыккан экен. Анда анын сөзүнө эч ким кулак салган эмес. Бүгүн анын айтканы чындыкка дал келип туру.

— Садыр мырза, сиз “Мегаком” боюнча кенен иликтөө жүргүздүңүз эле. Эл билбеген кандай махинацияларга күбө болгонсуз?

— Ооба, 2010-жылкы ыңкылаптан кийин убактылуу өкмөттөгүлөр “Мегакомду” экиге бөлүшүп, 49 пайызын дароо улутташтырышып, 51 пайызын чөнтөк кызыкчылыктары үчүн жең ичинен сатып жибергенге аракет башташкан. Алар үч топ болушкан. Биринчи топ ошол мезгилдеги президенттин тобу, экинчи топ премьер-министрдин тобу, үчүнчү топ парламенттин тобу. Үчөө үч башка тарапка сатабыз деп аракет кылышкан. Ар бир топтун сатып алуучу кардарлары ар башка тараптар эле. Бир күнү эле кандайдыр бир жолдор менен “Мегакомдун” бир топ кагаздары менин колума тийип калды. Терең изилдеп чыгып, сессияда көтөрүп, баардык кагаздарды 120га көбөйтүп, депутаттарга таратып салдым. Президентке да, премьер-министрге да, спикерге да “Мегакомду” толук мамлекетке алгыла, сатпагыла” деп айттым. Ошону менен бир топ убакытка чейин сатылбай токтоп турду. Кийин байкасам сот аркылуу сатканга аракет кылып башташыптыр. Дароо эле сотторду чакырып алып дагы айттым. Кимде ким “Мегакомдун” 51 пайызын башка бир мамлекеттин олигархына берилсин деген чечим чыгарып берген болсоңор, 20 жылдан кийин да жооп бересинер, өзүңөр камаласыңар деп аларга да бирден копия бердим. Ошону менен 2014-жылга чейин бир дагы сот карабай келди. 2014-жылы айлалары жок 51 пайызы дагы мамлекетке өтсүн деген чечим чыгарышты. Бүгүн “Мегаком” 100 пайыз мамлекеттики болуп турат.

— Эмил Каптагаев 100 пайыз улутташтырууга каршы болгон деген элеңиз. Ошол киши жалгыз эле ошондой чечимге келет беле?

— Жок. Ал киши жалгыз андай чечимге келе албайт эле. Ал киши президенттик топко көз каранды гана чиновник болгон.

— 15 млн доллар алып алышкан деп айткансыз. Кимдер кимден акча алышкан?

— Ар бир топ ар кандай суммада соодалашуу жүргүзүп жүрүшкөн. Бул сумма үчүнчү топтун кызыкчылыгы болчу. Калган эки топтун кызыкчылыгы канча сумма экенин айта албайм. Эгер комиссия түзүп, баарын иликтеп чыксам, анда эки топтун да канча суммада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билип коюш оңой эле болмок. Тилекке каршы комиссияга башка депутатты төрага кылып шайлап коюшкан.

— Орустардын кандай кызыкчылыгы болгон?

— Алардын кызыкчылыгы “Мегакомду” толук сатып алыш болгон. 51 пайызын мына ушундай жолдор менен алса, калган 49 пайызын биздин өкмөт жүз миллион долларга сатмак. Ортолорунда ушундай жашыруун келишим болгон.

— Бүгүн “Мегакомду” 13 млрд сомго баалап аукционго коюп жатат. Бул компания дагы сатылышы керекпи?

— «Мегакомду» сатуу бул чыккынчылык! Эл душманы гана сатат. “Мегаком” “Кумтөрдөн” кийинки эле салыкты ири суммада төгүп, өнүгүп жаткан мекеме. Жылдык салыгы 4,5 миллиард сомго чейин жеткен. Азыр эми аны атайылап банкрот кылып атышат. Аукционго койсок клиент чыкпай жатат деген шылтоо менен баасын дагы 1 миллиард сомго ылдыйлатышты. Кыскасы илгерки алып койгон акчаларын актап, карыздарынан кутулуш үчүн эптеп инвестор аттууга сатып жибериш болуп атат.

— Текебаев дагы ушул компаниянын тегерегиндеги чуудан кийин камакка алынды. Сиз иликтегенде ал кишинин орус ишкеринен акча алып, компанияны алып берүүгө жардам берери аныкталганбы?

— Мен толук иликтей алган эмесмин. Себеби, комиссиянын төрагасы башка болгон. Бирок Текебаев орус ишкери менен соодалашып акча алган дегенге ишенбейм. Текебаевди камаш үчүн эле тапкан шылтоосу ушул болду окшойт. Эгер чындап эле күнөөлүүлөрдү камай турган болсо анда баарын камаш керек. Бул иш боюнча жыйырмага жакын чиновниктер камалыш керек.

— «Ата-Мекендин” 3 депутатын “Southfild Management” компаниясына 51 пайызын алып берүүгө аракет кылган деп айыптап жатышат. Ошол компания тууралуу сизде толук маалымат барбы?

— Бул компания жанагы үч топтун бирөөсү менен соодалашып жүргөн компания болчу.

— Үч топтогу адамдардын аттарын так эле атап койбойсузбу?

— Ал үчүн комиссия түзүлүшү зарыл. Мен комиссиянын башчысы болуп барып, “Кумтөрдөй” кылып толук текшеришим, далилдерди жыйнашым керек. Андан кийин анан атасам туура болот. Азыр атап койсом четинен сотко берип жатып калышат да. Кана далилдериң дешип. Мен далилдерди жыйнаганча төөнүн куйругу жерге тийет. Себеби, мен азыр эч ким эмесмин. Мага эч ким өз убагында жооп берип, кагаздарды беришпейт.

Булак: “Жаңы ордо”

Парламент таркап, Сооронбай Жээнбеков отставкага кетеби?

Учурда бийлик лөктөрү айрым оппозициялык саясатчылар менен тымызын сүйлөшүүгө барып, “Атамбаевди отставкага” деген ураандардын ордуна “Парламент таркасын! Өкмөт кетсин!”- деген маселени көтөрүп чыгышса, диалогго барууга даярдыгын билдирүүдө.
Ошондуктан, жакын арада парламентти таркатуу багытында масштабтуу митингдер орун алышы мүмкүн. Оппозицияны бал тилге салуу менен бул план ишке аша турган болсо Ак үй үч чоң утушка ээ болот: биринчиси, парламентти таркатып, кайра шайлоо аркылуу мындан да тил алчаак депутаттарды алып келүүгө жол ачылат, экинчиси, “шефке” баарынан жакын турган С.Исаковдун тобу мураскерлик үчүн күрөштө прямой конкурент болгон Жээнбековдорду чаап, айтканынан чыга албаган адамды премьерликке коюп алышат, үчүнчүсү, нааразы болгон элдин да шаабайын суутуп коюшат. Ошентип, азыртан президент болууну кыялданган талапкерлердин тилегине балта чабылат. Керек болсо аларда даярдыкка убакыт болбошу үчүн президенттик шайлоону парламент таркаса аны кошуп, жайында эле өткөзүп салуу планы бар экени каңкууланууда.

Булак: “Майдан.kg”

Бийлик качаар алдында дайыма журналисттерди куугунтуктай баштачу эле...

Быйыл Кыргызстанга бир айга жакын күттүрүп, кечигип келген жаз ар кандай саясый акциялар, пикет, митинг, жүрүштөр менен коштолууда. Бир чети эл менен коомчулуктун 2005-жана 2010-жылдардын жазындагыдай бийликтегилерге каршылыгы жашоо-турмуштун оорлоп, коррупция, трайбализм, жумушсуздук, жердешчилик, кландык сыяктуу былыктар менен чылыктарга белчесинен баткандыгы себеп болууда. Экинчиден. Ө.Текебаев баш болгон Эгемендүү Кыргызстандын легендарлуу саясатчыларын кайсы бир далили жок чет элдик шылуундун көрсөтмөсүнө таянып камап жатышы. Бирок элдин да, бийликтин да активдешүүсүнүн түпкү себеби – 19-ноябрда боло турган президенттик шайлоо экендиги белгилүү. Ошондуктан бийлик “ээн ооз” ММКларды, анын Н.Айып, Б.Наргозуев сыяктуу алдынкы журналисттерин сотко берип, үй-мүлкүнө камак салууда. Мындай өкүмзордукка чыдабаган журналисттер жамааты 18-мартта сөз эркиндигин коргоо боюнча жүрүш жасашты. Бирок Бишкектин түштүк магистралы тараптан керней-сурнай тартылып, барабан кагылып, майрамдык шаң башталган марш көздөгөн жери – У.Салиеванын эстелигинин алдына жеткенче 5 катышуучусу (Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза, Расул Умбеталиев, Азамат Аттокуров жана Мухит аттуу жаран) “уурдалып”, беш күнгө камакка алынды. Алардын өтө начар шартта Бишкек ИИБсинин “приемнигинде” жатканы кабарланды. Бирок ар дайым бийлик качаар алдында журналисттерди куугунтуктай баштачу эле…

Булак: “Майдан.kg”

Президенттик шайлоого чейин парламент сөзсүз тарайт, же...

Өткөн жумада “Төө теппей, жылан чакпай” Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү А.Акибаев өз арызы менен отставкага кеткен болчу. Анын ордуна КСДПнын депутаты У. Жылкыбаев деген дайындалган. Aл эми бошогон депутаттык орунга тизме боюнча И. Илмиянов, андан кийин жакында эле парламенттин иш башкармалыгынан ыктыярдуу түрдө (бул да) кеткен А.Кутушев келиши керек экен. Бирок бул экөөсү тең депутат болуудан баш тартышыптыр. Бирок коомчулук алардын эмнеге депутат болуудан баш тарткандыгына түшүнбөй турушат. Болду, болбоду бул табышмактуу жагдайдын эки гана себеби болушу мүмкүн. Биринчиси, президеттик шайлоого чейин парламент сөзсүз тарайт. Экинчиси, бийлик партиясынын ишенген мүчөлөрү чөгүп бараткан кемеден качкан келемиштердей, “тойдум байдын кызына” деп, мандатынан да, майлуу кызматынан да баш тартышууда. Демек, белгилүү журналист К.Карабеков жазгандай, “КСДПнын ичи кыйсыпыр”. Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, азыр бийлик партиясы ич ара үч-төрткө бөлүнүп, “мураскер” болуу үчүн шефке бири-бирин жамандашууда. Бирок бүтүндөй мамлекет эмес, бир партиянын кадыр-барктуу лидерине айлана албагандарды шайлоодо жалпы эл колдооого алаар бекен?

Булак: “Майдан.kg”

“Демократ” партиясынын сөз эркиндиги жана саясый укуктар үчүн жүрүшү боюнча ачык билдирүүсү

“Демократ” партиясы сөз эркиндиги Кыргыз коомунун жаңы эгемендик доорундагы эң чоң жетишкендиктеринин бири деп тааныйт. Ошондуктан акыркы күндөрү журналисттерге каршы сот иштери ачылып жаткандыгын кабатырлануу менен кабыл алат.

2017-жылдын 18 мартында, өзүбүздүн атуулдук позициябызды билдирүү максатында, биз дагы Бишкек шаарында болуп өткөн сөз эркиндиги жана саясый укуктарды коргоо үчүн жүрүшүнө катыштык. Жүрүш учурунда анын бир нече катышуучусу кармалды. Алардын арасында “Демократ” партиясынын тарапкери Азамат Аттокуров дагы бар. Кармалгандарга сот үч берене боюнча чечим чыгарып, 5 суткага камалышты. Бул чечимди чыгарган сот отурумунун жабык өтүшү мыйзамга каршы келет. Сотко байкоочуларды жана тарапкерлерди гана эмес, алардын адвокаттарын дагы катыштырбаганы – негизги адам укуктарынын жана атуулдук укуктардын одоно бузулушуна жатат. Дагы бир мыйзам бузуу – кармалгандарга соттун чечими угузулган жок жана таанышууга мүмкүнчүлүк берилбегендиги. Кийинчерээк адвокаттар аппеляция берүүгө аракет кылышканда, Свердлов райондук сотунда бир дагы судья жок болуп чыкты. Бул дагы мыйзам бузуу болуп эсептелет.

“Демократ” партиясы жүрүш учурунда кармалган бардык атуулдардын укуктары корголушун, аларга адвокаттар берилишин, сот жүрүшү ачык болушун талап кылат. Биз сот органдарын саясый куралга айланбастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана элине кызмат кылууга чакырабыз.

“Демократ” партиясы

Аида Салянова, Жогорку Кеңештин депутаты: “Татаал жолдо тапкан кадырыма кол салып, атымды булгоого жол бербейм!”

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты, мурунку башкы прокурор  Аида Салянова менен акыркы мезгилдеги саясый кырдаалдар тууралуу баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

Аида Женишбековна, Текебаев камакка алынгандан кийин “Ата Мекен” партиясындагы кылмыш иши козголгон депутаттарды да Текебаевдин тагдыры күтүшү мүмкүн деген божомолдор айтылып жатат…

-Толук мүмкүн. Анткени, бүгүнкү бийлик күчүн, убактысын каралаганга, жалаа жаап камаганга короткондон көрө өлкөдөгү чечилбей жаткан социалдык, экономикалык көйгөйлөргө коротсо болмок. Ага кудурети жетпейт. Ошон үчүн козголгон кылмыш иштер бул элди алаксытуу бир жагынан, экинчи жагынан саясий атаандаштыкты жок кылуу, аны менен бирге мыйзамсыз иш аракеттер үчүн жоопкерчиликтен качуу.

Текебаевге тагылган алдамчылык, коррупционер деген айыптоолору бүгүнкү элдин ага болгон ишеничин солгундата алабы? Эмне бийликте Текебаевге андан башка каршы коё турган аргументтери жок беле?

-Мыйзамдуу жол менен Өмүрбек Текебаевге эч бир айып угуза алышмак эмес. Анткени, ал киши мыйзамды туу туткан киши. Ошол себептен кылмыш ишин жалаң фальсифика­ция менен негиздешти. Биринчиден, 1 миллион доллар доо боюнча, Россиялык бизнесмен кантип мүлк маселелерине тиешеси жок адамга ушунча акчаны берип койсун? Экинчиден, 2010-жылдын 12-июлунан баштап Өмүрбек Текебаев Убактылуу Өкмөттөн чыгып жумушсуз кал­ган экен. Тергөөчү кантип айыпты кызматтык абалы менен колдонгон деп угузду? Кайсы мыйзамдын негизинде? Анан эң негизгиси Маевский “июлдун башында Текебаев Москвага келип менден акча сураган” дейт. Текебаев болсо июлда Москвага барган эмес экен. Июлдан мурунку дагы, кийинки дагы (июнь, август) айларында барбаптыр. Мына ушундай кылмыштуу жол менен бийлик Өмүрбек Текебаевди күнөөлөөдө.

Бүгүн сиз парламентке “Ата Мекен” партиясы аркылуу келгениңизге өкүнбөйсүзбү, балким башка партия менен келсеңиз буга окшогон жагдайга кептелмек эместирсиз…

-“Ата-Мекен” партиясы аркылуу келгениме өкүнбөйм. Партиянын мага пайдасынан башка эч бир зыяны тийген жок. Тескерисинче, “Ата Мекен” партиясы менен сыймыктанам. Анын үстүнө жеке Атамбаев менен менин мамилем “Ата Мекен” менен шайлоого барганга чейин эле бузулган. Бул мамиле жакындарынын ага жеткизип жаткан маалыматын талдай албаганынын, жеке ичи таардык, көралбастык жана көз карандысыз прокурордун кереги жок болгондун айынан болгон.

-“Мага козголгон кылмыш ишинен коркпойм, өзүмдү өзүм мыйзам чегинде коргой алам”- деген позицияңыздан тая элексизби?

-Туура. Дагы деле ушул позицияны карманам. Кенедейимен бир Кудайга таянып келгем. Туугандарымдын, тааныштарымдын арасында бийлиги же байлыгы бар адам болгон эмес. Жалан ак эмгегимдин артынан оозго алынып, мээнетим бааланып, чоң кызматтарга жеттим. Татаал жолдо тапкан кадырыма кол салып, атымды булгайбыз десе жаңылышат. Эртеби -кечби мен актыгымды далилдейм. Анткени чындык бирөө эле болот.

Башкы прокурор болуп турганда да мыйзам бузууга жол бербегенге аракет кылчумун. Мисалы, ошол кездеги мэр Кулматовдун митингдерди өткөрүүгө каршы бир токтомун жокко чыгаргам.

Сөз эркиндиги үчүн болгон жөө жүрүштөн жаш активисттерди кармап кетүүгө эмне себеп болду деп ойлойсуз?

-Жөө жүрүштүн катышуучулары тараптан мыйзам бузуу болгон эмес. Бул да жарандык коомго, сөз эркиндигине болгон бийлик тарабынан кысым, коркутуу. Бирок алар мындай провакация менен абалды эле курчутуп атат. Уюштуруучулар та­рабынан мэрия, милиция менен жөө жүрүш макулдашылган экен. Бирок, ага карабастан бийлик тосколдуктарды жаратты. Ошондой болсо дагы жөө жүрүш максатына жетти деп эсептейм.

Президент өзүнүн дарегине айтылган сынга теригип оор айыптарды салууда, ошол эле учурда “Ата Мекен” партиясын “сасык” деп атады, бул үчүн мыйзам алдында жооп береби?

-Мыйзам боюнча жооп бериши керек. Бирок, бүгүн мыйзамдар иштеп жатабы? Албетте, жок. Кылмыш иштери бир далили жок козголуп жатса, тынч жөө жүрүш аркылуу оюбузду билдиребиз деген жарандар камалып жатышса, соттун чечими жок саясый оппоненттерди мародер, коррупционер, алдамчы деп өлкө башчыбыз өзү атап атса, кантип мыйзам иштейт деп айтабыз?!

Булак: “Майдан.kg

Замира Сыдыкова, журналист: “Атамбаев, биздин эл - кадырман, кечиримдүү, өкүнүп, мойнуна алсаң эл сени кечирет...”

“Менин сөзүмдү эч ким бөлбөйт, токтото алышпайт”- деген жаман үмүттө байлык менен бийлигине ишенип алган наадан Атамбаевди качанкыга чейин баш көтөрбөй ооз ачып угуп отура беребиз?! “Убагында ойноп алсын деп ага көп маани бербей, көңүл бурбай жүргөнмүн. Мен Акаевтин тушунда абакта да отурдум, жарым миллион айып пулун да төлөп бергенмин. Азыркы жаш журналисттер от менен ойношсо да мынчалык деңгээлге жетет деп ойлошпосо керек. 2 миллион, 5 миллион, эми болсо 10 миллион. Кеп акчада деле эмес. Темирлан Ормуковду “Фейсбук” баракчасындагы жазган посту үчүн суракка чакырышканда көпчүлүк сестенип калды.

Акыбал чатак. Президент эми эле оозун ачканда “балп” эттире ак ит кирип кайра кара ит чыгып жатат. Баарына тегиз оройлонуп, арызданып, жемелеп, жамандап бүтпөй койду. Тилинин заары акылынан адашып, айнып кал­ган адамдай. Эгерде мурда анын атынан Башкы Прокуратура журналисттерди жазган макалалары үчүн сотко берсе, эми болсо эки тарап акыйнек айтышмайга өтүп алышты. Булардын акыйнеги жаш бөбөктөрдүн “сен жинди” десе “өзүң жинди” сыяктуу оюнуна айланды.

Мен “Ата-Мекен” партиясын мактайын деген жокмун. Бирок, ал партияны “сасык”- деп айтуу бул президенттин аша чапкандыгы. Алмаз Шаршенович, сиз катуу кетип жатасыз!

Айтайын дегеним, Алмаз Шар­шенович, жалган айтканды жана оройлукту качан токтотосуз? Эл алдында сиз үчүн уялып бүттүк. Кебетеңиз оорулуудай жаман.

Владимир Владимировичке баары бир да, ошон үчүн шылдындап жатат. Ага жыргал. Сиз канчалык шылдыңда калып, маскарапоз болбоңуз, кыргыз эли ошончолук ага үмүтүн артып атат. Анан кимден үмүт этели? Текебаевкеби? Анын бир кварталдык бюджеттин дефицитин жапканга да акчасы жок.

2010-жылы тизе бүгүп калган мамлекетти көтөрөм деп сөз бергенсиз. Кошуна мамлекеттердин президенттерине ызырынып, алардын жардамысыз оокат кылабыз дегенсиз. Эми эмне болду? Путинге өзүнүз тизе бүгүп жыгылгансыз. Эмгек мигранттарын Россиядан кууп чыкпаш үчүн кыргыз журтчулугун Кудайга жалынгандай Путинге жалындыргансыз. Биздин өндүрүшчүлөрүбүздүн товарларын чек арадан өткөрбөй жатат деп Назарбаевке доо кылып жатасыз. Бизге жардам бербей жатат, Казакстандык министрлер укпай жатат деп Назарбаевке догурунганыңыз догурунган. А эмне, бизге кошуналар карызбы? Сизди Отунбаева эмес Путин менен Назарбаев Кыргызстанды башкар деп жалдырап көндүрүшкөн окшойт?

Сиз үчүн уялып жатабыз, тагырагы, эл алдында кыргыз журтчулугу, өзүбүз уят болдук. Биздин падыша жомокто айтылгандай жыланач гана эмес, билип туруп жыланачтыгын мактанып шылдынга калды. Атасы уялбаган, кызы уялмак беле.

Соцтармакта жана ашканаларда отургандар Атамбаевтин айтканынан терең ойду, иш- аракеттеринен саясий оюндарды издебей эле койгула. Ал биздин үстүбүздөн күлгөнү күлгөн. Бир нерсени айтып алып “саясат таануучулар менен жалган-эксперттер мындан эмнени табышаар экен?” – деп мылжыңдап өзүнчө бизди шылдындап күлүп отурат. А биз болсо терең ойлонуп, маани-манызын изилдеп киребиз. “Парламентти таратыш керек”-десе мунун артында кандай ойлор турат, тараса качан тарайт, “саясатта калам” десе башыбызды тырмап “демек, КСДПдан премьер-министр болот окшойт”- деп мээ чиритебиз. Кечээги үзөңгүлөшү болгон президент­тин пландарын бүгүн чечмелей албай Текебаев да байкабай мунун “мышык-чычкан” оюнуна кокус кошулуп алды, эми болсо отурат түрмөдөн каттарды жазып коюп.

Өмүрбек Чиркешевичке боор ооруйт. Түрмөдө отуруу – бул курортто эс алуу эмес. Эгерде ушундай абал улана берсе анда “мээ ордунда болбой калат”, же аныкы же биздики. Айткылачы, Жогорку Кеңештеги кесиптештерине эмнеге ыраазычылык билдирет? Түрмөдө отурганда келгени үчүнбү? Э, алар Текебаев-Атамбаев кармашын кол чаап колдоп-коштоп турушкан го. СИЗОго мүмкүн “Текебаев чын эле отурабы”-деп текшерип барышкандыр же болбосо “бул жака непадам келип калсак” – деген коркунуч менен жашоо-шартты көргөнү баргандыр.

2.

Чынын айтсам, өлкөдө мындай кырдаал болот деп күткөн эмесмин. 2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдер жеңилгенде башкаларга салыштырмалуу мен “калпакты асманга ыргытып сүйүнбөдүм”. Ал күндөрдү эстегиле. Ал кандуу революцияны кантип кылганын Атам­баев өзү айтып берген.

“Эки революциянын тең лидери Атамбаев болгон. Эсиңерде болсо керек, 2005-жылы “Ак үйдү” алган колонна да, 2010-жылы нааразы болгон жарандар да кайда чогулушту эле? “Форум” имаратынын алдында”- деп өзү айткан.

Атамбаев өзү айткандай, андан ары миллиондорду бөлүшмөй, банк ячейкаларын тоноо жана кадрдык башаламандыктар болгон. Теке­баев берген бир интервьюсунда ушунун баарын жамааттын жоопкерчиликсиздиги деп мүнөздөгөн. Кийин түштүктөгү улуттар аралык уруш чыккан. Атамбаев негедир бул боюнча унчукпайт. Мүмкүн, өлкөнүн түштүгүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча комис­сия түзүү боюнча Отунбаеванын 2010-жылдын 23-апрелиндеги №170-токтому бар үчүн унчукпай жаткандыр? Ал токтом боюнча Атамбаевке ишти координациялоо вазийпасы жүктөлгөн болчу. Кантсе да улуттар аралык уруш чыкты. Кандуу уруш болду. Ошол кандуу окуялардагы Убактылуу Өкмөттүн ар бир мүчөсүнүн жоопкерчилигин жазган үчүн менин жаш кесиптешим Дайырбек Орунбековту Баш­кы прокуратура эки жылдан бери соттон сотко сүйрөп жүрөт. Кийин алар түштүктү калыбына келтирүү “аракеттерин” көрүштү эле, ал аракеттер “катуу” болгон экен, жыйынтыгында азыркы убакка чейин акча каражаты каякка канча кеткенин санай албай, гумжардам кимдин короосуна кирип кеткенин таппай жүрүшөт.

Улуттар аралык уруш түштүктө басыла электе “өлгөндүн үстүнө көмгөн” кылып Конститутцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүп, өткөөл мезгилдин жалган президентин шайлашты. Бул боюн­ча Атамбаев былтыр 31-августта жарыялады.

3.

Ким кимди алдап жатат? Менимче, акыркы бир жыл ичинде бир эле нерсени кайра-кайра кайталай берип Атамбаев» өзүн өзү алдап жаткандай. “Өлкө үчүн бир нерселерди жасадым, иштешиме мени көрө албагандар жолтоо болуп жатат”- деп өзүн өзү соороткондой түр көрсөтөт.

Анын бир нече долбоорлору бар эле. Бул – өз партиясын бекемдөө, коррупция менен күрөшүү жана ЕАЭСке кирүү.

КСДП партиясы өткөн шайлоолордо араң гана 27,4 % добуш алган. Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордо аларды та­кыр эле эл шайлабай койду. Ошол жергиликтүү шайлоолорду жана андан кийинки окуяларды монито­ринг жүргүзгөн Рита Карасартова февраль айында өз оюн “24.kg” сайтына билдирген. Анда, жергиликтүү кеңештердин депутаттары КСДП партиясынан шаарлардын мэрлигине аттанган талапкерлерге добуш берүүдөн баш тартканы жөнүндө айтылган. Партия лидери Атам­баев менен макулдашуу үчүн бир аз убакытка созулган ойлонуудан кийин “жалган айтты” деген шылтоо менен Рита Карасартованы со­тко беришти.

Аймактардагы тирешүүнүн күч алышы бул бийликтеги партиянын ичинде араздашуулар пайда болгондугунун бир мисалы. Жо­горку Кеңешти таратуу боюнча Атамбаев бекеринен сөз баштаган жок. Парламенттеги азыркы абал Атамбаевтин бийлиги бекем эмес экенинен жана президенттик тактан түшкөндөн кийин алар ажого бел-арка боло албай турганынын белгиси.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Баки­ев учурунда “ак-жолчулардын” алдыңкысы болгонун эске салалы. Иса Өмүркуловко болсо кылмыш иши ачылган, ошондуктан ал мэрликтен кетүүгө мажбур болгон. Төрөбай Зулпукаров дегени да кылмышы үчүн темир тордун артында отуруп келген. КСДПчы Музаффар Исаковко болсо жер сатуу боюнча кылмыш иши ачылды. Дастан Бекешов менен Ирина Карамушкина апендилигинен журналисттер ме­нен соцтармак колдонуучуларын өздөрүнө душман кылып алышты.

Парламенттеги башка партияларды болсо “таратам” – деп коркута албайсың. Алардын ар биринин президент болчу талапкери бар. Алар өз келечеги Атамбаевтен эмес шайлоодогу жеңиштен көз каранды экенин жакшы тушүнүшөт.

Жогорку Кенешти таратуу бир гана Атамбаевке керек. Анткени ал саясаттан кетпешин билдирбедиби. Биздин өлкөдө саясаттан же түрмөгө же “көчүккө жеп өлкөдөн качуу” керектигин унутуп калган окшойт.

4.

Коррупция менен күрөш тандалма жүргүзүлгөн. Башынан эле “кыйынсынган” Нариман Түлеевди элге жар салып түрмөгө отургузду. Ал киши президенттик шайлоого талапкерлигин койгон. Эл арасында абдан таанымал инсан. Эми болсо кезек Текебаевте. Баардыгы саясий мазмундагы мүнөздө болуп жатат. Бүгүнкү күнү коррупционерлерге караганда саясий куугунтуктун айынан абакта отургандар көп.

Бул багытта сот системасында реформа жүргүзүү негизги болуш керек эле. Бул тууралу китептерде да жазылган. Коррупция менен күрөш эмнеден башталаарын жада калса юрфактын студенти да жак­шы билет.

Атамбаевтин колунан да эч нерсе келбеди. Президенттин бүгүнкү күндөгү эң жакын адамы Бишкек мэри Албек Ибраимов да гектарлаган жерди сатып алып кийинчерээк аны Атамбаевке саткан аялынын колундагы миллиондордун кайдан келгенин далилдей албады.

Алмаз Шаршеновичке менин мындай суроом бар: бала-бакчадан баштап мамлекеттик кызматтарга чейин дагы деле чоң көлөмдөгү көмүскө акча чогултмайлар бар экенин билесизби? Көчөдөгү МАИ кызматкерлерине көбүрөөк акча карматсацң ашкан тыйынды кайтарып бергенин уктунуз беле?

Камаш керек, бирок бул системаны өзгөртпөйт. Өз жумушун жоготуп алуудан корккон чиновник батыраак жана көбүрөөк “жеп калайын” деп шашат.

5.

Мен Атамбаевтин кеңешчиси Фарид Ниязовдун жазгандарын көңүл коюп окудум. Байкашымча ал өзүн масс-медиа тармагында чыныгы адис катары ойлойт экен. Мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүндө малыматтын ордун жана аткарган ролун терең чечмелегенге аракет кылыптыр. Өзүнүн “шефинин” каршылаштарын айтып жатып “өзүң жинди” дегенден алыстай албаптыр.

Мен башында айткандай эле, Акаевти “жамандаганым” жана “капа кылганым” үчүн компенса­ция да төлөдүм, түрмөсүндө да от­урдум. А сиз, Фарид Аблезимович, иштеп жатып менин гезитимди окуп, арасынан ошондогу шефиңиз Аскар Акаевич мени сотко бере турган сөздөрдү издегенсиз.

“Садыркуловту өлтүргөндө, Сыргак Абдылдаевти бычактаганда, Павлюкту алдап алып барып өлтүргөндө” биз унчукпасак сиз дагы мен түрмөдө отурганда тамак ташыган эмессиз. Ошол кездеги оп­позиция партиясынын лидери, мени жакшы тааныган Алмаз Шаршенович дагы “акаевтик режим сөз эркиндигин басынтып жатат” деп бир да сөз айткан эмес.

ММКларды сотко берген шефин чаң жугузбай актап жаткан Фарид Ниязов журналисттердин жоопкерчиликтүү болушун айтыптыр. Автор жазгандай: “Эми, маалыматтын өнүгүшүнүн жаңы этабында тиги же бул маалымат фейк экендигин ар бир саясатчы жана мамлекеттик кызматкер сотто далилдеши маанилүү, ошондо коом бул нерсе чындыкка дал келбегенин биле жүрөт”.

Көз карандысыз соттук система болгондо гана бул нерсенин баары жарашмак. А бизде президенттин администрациясынан телефон чалгандан кийин соттор чечим кабыл алып жатышпайбы. Ал эми чындыкты эл өзү журналисттин жардымысыз эле көрүп билип турат.

“Эл тарабынан шайланган” деп миң жолу айтылса да падышанын жылаңач экенин эл өз көзү менен көрүп турат. Аны 2011-жылы эл президент кылып шайлаган. Ал эми 6 жыл ичинде элдин ишеничин актай албаса мында ММКлардын кыпындай да күнөөсү жок. “Өзү билип, өзү кетээр”-деген тилекте эл унчукпай жатат.

Эл аралык коомчулуктун алдында Атамбаевтин айласын кетирип жатышат дегенге биз жолукан Европарламенттин депутаты “биз кем акыл эмеспиз”- деп жооп берди.

Кем акылдар жок арабызда. Атамбаевтин кетээр алдында кылган кылыктары – бул ал ишенген адамдардын кемчиликтери, аппаратынын катачылыгы. Кайсы кемчонтой ага бүт дүйнө жүзү менен урушсун деп акыл үйрөтүп жатат?

Эгерде эшикти катуу жаап, баркталбай таарынып өлкөдөн кетсе бир жөн эле. Канткен күндө да туура жолду тандап, өз өлкөсүндө кала турган болсо анда өкүнүп, күнөөсүн мойнуна алган жакшы. Буга жакшы мисал:Россия Федерациясынын президенти Борис Николаевич Ель­цин. Биздин “эл тарабынан шайлангандар” кетээр алдында каталарын өз мойнуна алганды үйрөнүшпөсө өсүш эч качан болбойт.

Биздин эл – кадырман, кечиримдүү. Өкүнүп, мойнуңа алсаң, эл сени кечирет. Өкүнүп элге таазим кылгыла деп мен Акаевке да, Бакиевке да кеңеш берет элем. Отунбаевага да.

Замира СЫДЫКОВА “Республика” сайтынан кыргызчаланды

Булак:”Майдан.кg”

Меню