Menu

САЯСАТ

Бир жыл эмес, жүз жылдык келечекти болжогон лидер

Өмүрбек Бабанов коомчулуктун дал бутасында турган ар тараптуу инсан.  Ал кыргыздын саясый олимпине чагылгандай тездик менен чыга келди. Аны оболу бизнесмен катары таанып-билсек, кийин мамлекеттик кызматкер болсо, бүгүнкү  күндө Жогорку Кеңештин депутаты. Мындай парасаттуу, андан калса бай адам жөнүндө айтылган ушак-айың,  канда “ойноп” келген көрө албастык  болуп келген, боло бермекчи. Канткен менен  Өмүрбек Токтогулович  турмуштун  “тайгак кечүү, тар жолун” басып өтүп, учурда саясый айдыңдын аба ырайын аныктап койчу деңгээлдеги жигери кайнаган жигиттик куракта турат.

Кыргызстанда Президенттик шайлоо жакындап келе жатканына байланыштуу Өмүрбек Бабановду журт башчысы катары көргүсү келгендер жок эмес. Эгерде Өмүрбек мырзанын өмүр сапарына сарасеп сала турган болсок,  анын Президент болууга бышып-жетилип турганы калетсиз. Анткени, ал бүгүнкү күндүн күрөө-тамырын кармай билген кылдат саясатчы, тепкен жерден тыйын чачыраган бизнесмен, калкка кам көрө билген меценат, эң башкысы билимге карк заманбап адис-жетекчи. Мына ушул өзгөчө сапаттарды  мамлекеттик башкарууда элдин кызыкчылыгы үчүн пайдаланууну жолго сала алса,  Кыргызстандын тез арада   өнүгүшүнө өбөлгө түзө алары талашсыз.

Анда эмесе жогоруда белгилеген төрт сапатты чечмелөөгө аракет кылалы. Чынында эле Өмүрбек Токтогулович акыркы жылдарда кылдат саясатчыга айланды. Жогорку Кеңеште дагы орундуу маселелерди көтөрүп, партиялык принциптин бекемдигин сактоого, парламентте прогрессивдүү көз карашты калыптандырууга салымын кошуп жатат. Анан дагы ал Жогорку Кеңешке талапкерлерди шайлоо учурунда өзүнүн уюштуруучу-менеджерлик жөнөмдүүлүгү өзгөчө экендигин көрсөтө алды. Дагы бир артыкчылыгы – жоопкерчиликти моюнга ала билгендиги. Демек, анын кунарсыз куру сөздүн кулу эмес,  сөзүнө иши төп келген практик – саясый ишмер экенин айгинелейт.  Мындай сапат өлкө башчысы болууда маанилүү.

Экинчиси, Бабановду бизнесмен катары ар кандай сыпаттагандар бар. Деги эле бизнесмен тууралуу жылуу сөз айтуу кайсыл гана калк болбосун алардын менталитетине  жат көрүнүш экенин далилдөөнүн зарылчылыгы жок. Өмүрбек Токтогуловичтин “кызылын көрсө” жулуп алууга шай   коррупциялык башкаруу системанын башында турган Акаев, Бакиевдин учурунда өзүнүн бизнес империясын сактап, өнүктүрүүгө жетишкендигинин өзү чоң эрдик. Бизнесмен ошол үчүн бизнесмен. Анын бизнести колго алуудагы жөндөмүн ушундан билиңиз, кайсыл бир жылдары Кыргызстанда өндүрүлгөн пахтанын наркы төмөн түшүп кетип, парламенттин депутаттары катуу талкуулаганы эсимде. Кай бирлери Лондон биржасындагы наркка жараша  сатып алынып жатканын  далил келтирип жатышты. Чынында эле Кыргызстанда өндүрүлгөн пахтанын көлөмү  дүйнөлүк рынокто эч нерсеге арзыбай турганын эч ким билгиси келген эмес. Бирок, ошол учурдагы жаш ишкер Бабанов кыргыз пахтасын Өзбекстандын өндүргөн пахта продукциясы аркылуу дүйнөлүк рынокко алып чыгып жатканына ыраазы болуш керек эле. Бул чынында анын ишкер катары табышкерлиги десек жаңылышпайбыз. Же болбосо, Россиянын Пенза облусуна курган ири цемент заводу тууралуу дагы кайчы пикирлер айтылып келди. Эмне үчүн биздин ишкерлер чет өлкөгө инвестиция салбашы керек? Ансыз деле Бабановдун бизнес империясы бүгүнкү күндө өлкөдө жүздөгөн адамдарды жумуш орундары менен камсыз кылып, миллиондогон сом салык төлөп жатпайбы. Эгерде Өмүрбек Токтогуловичтин бийлик сересине келишине шарт түзүлсө, анда ишкер чөйрө муну туура эле кабыл алышы абзел. Анткени, азыр дүйнөдө Трамп  өңдүү ири байлар мамлекетти башкарууга ишеним алышып, өз өлкөсүнүн бардар жашоосуна  өзгөчө көңүл бура баштагынын мезгил ырастап жатат.

Үчүнчүдөн, Бабановдун ак жүрөк-меценаттыгынын бир мисалы катары  Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы өзгөчө зээндүү балдар үчүн ачылган Токтогул Бабанов атындагы лицейди алалы. Өмүрбек мырзанын түздөн-түз колдоосу менен ишмердүүлүк жүргүзгөн лицейде 150 бала бекер окуйт экен. Окуучуларга эки маал тамак берилсе, жатаканада жашагандарга күнүгө беш маал тамак берилет. Мугалимдердин айылыгы башка мектептеге салыштырмалуу 15 пайызга көп дешет. Анда окуган окуучулар республикалык олимпиадаларда алдыңкы орундарды алышып, мыкты окугандар Кытай, Германия, АКШда билимин улантып жатыптыр. Өлкөнүн аймагында балдарга билим берүүнүн деңгээлин өнүктүрүүгө жана көтөрүүгө кошкон салымы үчүн Өмүрбек Бабанов меценат катары атайын медаль менен сыйланыптыр. Аталган фонддун мүчөсү болбогон адам  The Rotary Foundation of Rotary International  эл аралык уюмунун алышы тарыхта биринчи жолу болуп атыптыр. Чынында мына ушундай жасап жаткан иштери тууралуу Бабановдун жар салып айтканын деле уккан эмеспиз. Бирок, ишкер катары билимге инвестиция салып жатканы бир жыл эмес, жүз жылдык келечекти болжогон көрөсөндүгүнүн бир белгиси десек болот.

Төртүнчүдөн, иш билги жетекчилиги. Мында эң оболу анын кишичилигин байкоого болот. Себеби, Өмүрбек мырза жетекчи болобу, депутаттык кызматты аркалайбы, сындын чордонунда жүрөт. Ошондо дагы токтоо, кызуу кандуулукка алдырбайт. 2007-жылы казак жараны деген шылтоо менен борбордук шайлоо комиссиясы депутаттыкка талапкерлигин алып салганда, ал өзүнүн чындыгын далилдеп туруп, парламенттеги өзү бара турган депутаттык  орунун Роза Отунбаевга өткөрүп берип кеткен мырзачылыгы  көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Ал өлкөнүн Премьер-министри болуп турганда жакшы демилгени шыр колго алып, бир топ реформаларды баштаган болчу. 2010-жылдан берки Өкмөт башчылыгына келген Премьер-министрлердин ичинен Өмүрбек Токтогуловичтин учурунда гана экономикалык өсүшкө негиз түзүлгөнүн азыркылар моюнга алышы абзел.

Өмүрбек Бабанов башкаруу системасында жат адам эмес. Анын канында бар десек жаңылышпайбыз. “Аккан арыктан суу агат” деп кыргыздар бекеринен айткан эмес. Ошол учурдагы Киров районундагы “Россия” колхозун миллионер чарбага айландырган,  Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин бир нече жолку депутаты, легендарлуу Токтогул Бабановдун уулу болуп туруп, өз элинин кызыкчылыгы үчүн иштебей коюу мүмкүн эмес. Ал алгач ирет талапкерлигин койгондо, шайлоочулары: “Өмүрбек биз сени анча тааныбайбыз,  али жашсың, бир биз сенин атаңды жакшы тааныйбыз” дешип ишеним артканы бекеринен эмес да.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанда Коституциялык өзгөрүүлөр, башкаруу системасы, экономикалык реформалар, мыйзам чыгаруу тажрыйбасына түздүн-түз катышып, кээ бир учурларда жетекчиликти аркалап келди. Ал сынга кабылды, сынган жок. “Таш менен урганды, аш менен уруп” дипломатиялык калыс пикирди карманат. Улууну урматтай  билет. Жакшы демилгенин жардамчысы, таянычы. Ал ар дайым алдыга умтулуу менен мезгилден артта калбай келет. Бабановдун феномени мына ушунда жатат.

Наралы Асанбаев, журналист

Булак: “Жаңы ордо”

"Көчүгүн көтөрбөгөн" Сарыбашевди көргөндөр барбы?

Кызматка жеткенче оозун толтура убада берип, бирок иш жүзүндө колунан кокон тыйын келбеген жетекчилер биздин гана өлкөдөн пачкелеп чыгарылат. Алардын бири Ош областынын губернатору Таалайбек Сарыбашев. Бул мырза өз моюнундагы жоопкерчиликти түк сезбей келет. Бакандай бир областты жетектеп олтурса дагы аны эч ким тааныбайт. Ош шаарынын өзунөн эле көчө аралап жергиликтүү элге: «Учурда Ош областында губернатор ким?» деген суроону берсеңиз, токтоосуз «Айтмамат Кадырбаев»,- деп жооп беришет. Анткени Сарыбашев Ош облусун бир гана Ош шаары менен чектеп алганы анык. Аймактарды, райондорду жеринде кыдырып, эл менен баарлашуу түк оюна келбейт. Өйдө турса эле креслосун ким бирөө ээлеп кетчүдөй болуп кабинетинен чыкпайт. Ага караганда мэр Айтмамат Кадырбаев өз милдетин аткаруу аракетинде. Сарыбашев болсо жергиликтүү элдин көйгөйүн чечүүнүн ордуна кантип дагы кызматтан жогорулаш керектиги менен баш оорутуп аткандай.

Булак: “Де-факто”

"Эгемен" элиргенде

Айрым кесиптештер бар. Көрөйүн десең көчүгү кууш экени сезилет, бирок көздөн далдоо жүрүшөт. Ар кайсы “ыпыр-сыпыр аталыштар” менен коомду сасыткылары келишкеничи? Мындайлардын өмүрү кыска, жүзү жок. “Мен бармын, жокмун” деген эски кинодогу куник Тулаттай эле бактысыздар… Көрсө, былгытмалар күндү карай алышпайт тура…
“Жаман иттин аты Бөрүбасар” дегендей, “Эгемен” деген неме ырылдап эле ыгы келсе да, келбесе да кайдагы бир көрпенделик кызыкчылыктар менен баткак чачыратуу жагынан кынык алыптыр. Бу сайттын жетекчилиги ким экени “белгисиз”. Чагымчылык чыккан жерде гана кожоюндугун же авторлугун көрсөтө албасы айкын далил. Караңгы жерде отургандай эле жамынып, чүмкөнүп алып жазат. Аныгында бийликтин оппоненттерин поктосо, эми ал жагына моокуму канбай калып, жакында башкы редакторубуз, “Азия Ньюстун” негиздөөчүсү Асланбек Сартбаевге суу кечпеген сөздөр менен ыксыз эле тийишип, далбас уруптур. Биздин гезитти коомчулук жакшы билет, ар тараптуу маалыматтарды калыстык маанайында чагылдырууга басым жасайбыз. Мындайча айтканда, бийлик-оппозициянын тирешине адилеттүү баа берип, кара кылды как жаруу баарынын эле колунан келе бербесе керек. Демократиянын кичинекей болсо да учкунун чачыратууга багыт алганыбыз анык да. Ал эми “кырчаңгы эшектей” “Эгемен” биздин бутубузга чырмооктой оролууга ашыкканы итиркейди гана келтирет. Бу сайт бийликтеги бир инсандын атына көлөкө түшүрө баштады, бизде жетиштүү маалыматтар бар… Кыскасы, көөдөнү сокур, “белгисиз” жазмакер эдиреңдей берсе, эртеңки күнү кантет? Бу дүйнөнүкү тиги дүйнөгө кетпейт эй… Тек гана эскертүү бердик!
Булак: “Азия Ньюс”

Түркмөнстанда намаз окуган мамлекеттик кызматкерлер иштен бошотулууда

Түркмөнстанда аскер түзүмдөрүндө жана мамлекеттик мекемелерде намазга жыгылган кызматкерлерди жумуштан кетирүү көбөйүүдө.

Өзүнүн атын атагысы келбеген мурдагы аскер кызматкери “Азаттыктын” түркмөн кызматына намаз окугандыгы үчүн иштен кеткенин билдирди. Анын айтымында, жумуш учурунда намаз окубоону талап кылып, андан соң үйүндө тинтүү жүргүзүшүп, Куран китебин алып кетишкен.

Ал буга карабай намаз окууну уланта берген соң, Коргоо министрлигине чакыртылган. Ал жерде арыз жазууга мажбурлап, иштен кетиришкен. Мындан тышкары кызматтык батирди бошотууну дагы талап кылышкан.

Учурда Түркияда иштеген түркмөнстандык жаран дагы намаз үчүн мамлекеттик жумуштан бошотулганын айтып берди. Түркмөнстанда мечитке барып, намаз окуп, сакал койгондорду көзөлдөө күчөдү.

Эл аралык уюмдардын, анын ичинде АКШнын Мамлекеттик департаментинин Дин эркиндиги боюнча баяндамасында Түркмөнстан дин мамлекеттин катуу көзөмөлүндөгү өлкө катары сыпатталган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Мирзиёев апрелде Москвага расмий сапар менен барат

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Орусия ТИМинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүү 18-мартта, өзбек тараптын демилгеси менен ишке ашкан.

Тараптар Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Орусияга болчу мамлекеттик сапарына карата көрүлүп жаткан даярдыктарды талкуулаганы кабарланууда. Андан сырткары эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери жана сырткы саясат боюнча өз ара кызматташуунун абалы менен келечеги тууралуу сөз болду.

Ушул жылдын апрелинде Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Орусияга барат. Анын жүрүшүндө кол коюу сунушталган документтердин топтому даярдалган. Өзбек тарап алардын ичинен эмгек миграциясы, саламаттыкты сактоо, өлкөлөрдүн аймактарынын ортосундагы кызматташтык, туризм жана башка багыттар боюнча өкмөттөр аралык макулдашууларды баса белгилөөдө.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Орусияда «ДНР» жана «ЛНР» паспорттору украиналык документтерге теңелди

Орусия өздөрүн «элдик республика» деп атап алган Донецк жана Луганск облустарынын айрым  райондорунун жарандарына Орусияга кирүүдөгү жеңилдетилген тартиптерди берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Мамлекеттик Думадагы жана Орусиянын Ички иштер министрлигиндеги булактарына шилтеме кылып РБК билдирди.

«ДНР» жана «ЛНР» аймактарынын паспортторуна ээ адамдар Украинанын жарандары үчүн каралган миграциялык эрежелерге баш ийет. Алар Орусия аймагында жашоого уруксат алышпаса, өлкө аймагында болгону 90 күнгө чейин жүрө алышат.

18-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары» деп атап алган аймактардын документтерин тааный тургандыгы жөнүндөгү жарлыкка кол койгон. Украина Орусия бийлигинин бул аракети Минск келишимдерин бузарын айтып, аны жокко чыгарууну талап кылган. Кремль Орусия тараптан «ДНР» менен «ЛНРдин» паспортторунун таанылышы эл аралык укуктарды бузбай турганын билдирүүдө.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Крымда журналист Николай Семенанын соту башталды

Бүгүн Орусия тараптан аннексияланган Крымдын Симферополь шаарында «Азаттык радиосунун» «Крым.Реалии» долбоорунун авторлорунун бири, журналист Николай Семенанын соттук иши каралып баштайт. Ал макалаларында «Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузуу чакырыктарын жасаган» деп айыпталууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча Николай Семена украин тараптын Крымды блокадага алгандыгы тууралуу макаласында Орусиянын мыйзамдарын сактаган эмес. Тергөөчүлөр Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузуу чакырыктарынын артында Крымды Украинага кайтарып берүү тууралуу сөздөр турушу мүмкүн деп эсептешүүдө.

ФСБдагы суракта Николай Семена материалдарында «өз пикирин эркин айтуу» укугун пайдаланганын билдирген.

Семенага каршы кылмыш иши өткөн жылдын жазында козголуп, анын жарым аралдан чыгуусуна тыюу салынган. Февралда өткөн алдын ала отурумда журналисттин жактоочудары лингвистикалык экспертиза туура эмес жүргүзүлгөнүн билдиришкен.

Кошмо Штаттар, Европа биримдиги, эл аралык укук коргоо жана журналисттик уюмдар Орусияны Семенага карата кылмыш ишин токтотуп, Крымдагы бардык саясий туткундарды бошотууга чакырууда.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Алмазбек Эргешов эриккенинен эле эл алдына чыгып...

Депутат десе эле бардык маселеге баш тыга берүүнүн өзү туура эмес да. Депутат деген элге керектүү мыйзамдарды токуп, анын иштешин көзөмөлдөөчү орган. Бизде таптакыр башкача. Маселен, 14-март күнү Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов учак кырсыгынан жабыркаган Дача СУ айылынын тургундары менен жолугушту. Эмнеге аталган жолугушууга барганын деле өзү жакшы түшүнбөсө керек. Маанилүү деле сөз айтып элди ишендире алган жок. Жакшы көрүнүп барып коёюн десе керек. Биз билгенден Алмазбек Эргешов бизнестен депутаттыкка келген. Бизнесин Казакстанда жасап, ошол жактын экономикасын көтөргөнгө эбегейсиз салым кошуп келет. Ангус деген тонналык букаларды багып, эт экспорттоп, айтор капчыгын кампайтууну гана көздөгөндөрдүн бири. Кыргызстан үчүн, кыргыз эли үчүн ийненин көзүндөй ийгилик жасаганын азырынча көрө элекпиз. Казак баурлардын казанына аш салып жүргөн эме шап эле Кыргызстана келе кала депутат болуп атат, айкөл эл экенбиз да…

Булак: “Де-факто”

Казаков ишеничти актайбы?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору болуп иштеп келген Бөкөнбай Казаков Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары болуп дайындалган эле. Дал ушул Казаков Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына барганы мекеменин иши солгундап, коррупциялык күрөшкө карата элдин ишеними төмөндөй түшкөн. Эми бул жигит жаңы кызматта эл үмүтүн актай алат болду бекен? Же көнгөн адаты менен илең-салаң жүрүшүн уланта береби?

Булак: “Фабула”

 

Аида Салянованын күйөөсүнүн коррупционер экени чынбы?

Кыргызстанда “коррупция менен курөшүү” деген бир жакшы саамалыктын башталганына көп болуп калды, бирок ал өнөктүктүн айтылган багытта эмес, саясый куугунтуктоо жолуна түшкөндүгү жалпы элге жашыруун деле эмес.

Мындай курмандыктардын бири катары коррупцияга шектелип, кылмыш иши козголуп, бир эмес эки жолу соттук инстанцияда иши каралган Бакыт Абдыкапаровду айтсак болот. Ага карата козголгон кылмыш ишинин маңызы көлөкөдө калып, Аида Салянованын күйөөсү экендигине өзгөчө басым жасалган. Ал тургай козголгон кылмыш ишинде ылайыгы келсе да, келбесе да, экс-башпрокурордун атын атап келишкен. Жалпыга маалым болгондой, Биринчи май райондук соту Бакыт Абдыкапаровду 166-берененин бир нече бөлүмдөрү жана 190-берененин l-бөлүмдөрү менен айыптаган, тактап айтканда “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине коюлган айыпты кыскартуу үчүн 50 миң доллар алгандардын катарында Бакыт Абдыкапаровдун бар экендиги айтылган. Кийинчерээк ага ТЭЦке көмүр ташуучуларга жана айрым тартип сакчыларына кара­та козголгон кылмыш иши боюнча айып тагылган. Бул айыптардын негизинде Биринчи май райондук сотунун чечими менен 7 жылга соттолгон. “Мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, “көз боёмочулук кылган” деген айыптар тагылган.

Бул жерде айыптоо аракети формалдуу логиканын чегинен да чыгып кеткен. Кылмыш аракети башка адамдарга тиешелүү болсо да эмнегедир басым Бакыт Абдыкапаровго жасалып жатат. Укук коргоо органдары аны кызматтык кылмышка күнөөлөп жатышкандары таң калыштуу, мамлекеттик кызматта иштебеген адамды кантип кызматтык кылмыш үчүн күнөөлөшөт? Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесине ылайык кылмышкер деп качан соттун чечими чыккандан кийин гана атоого болот, бирок бул берене одоно бузулуп жатат.

Адегенде Бакыт Абдыкапаровго каршы көрсөтмө бергендер тууралуу кеп кылсак:

-Т.Байхамбаев “Жез казган энергосбыттын” өкүлү. Белорусь республикасынан кармалып, Бакыт Абдыкапаровго каршы көрсөтмө берүү аркылуу негизги кылмышкерликтен күбөгө өткөн.

-Н.Жетибаев Кыргыз Республи­касынын Башкы прокуратурасынын иш башкармалыгынын начальниги, 8 ай камакта жатып Б. Абдыкапаровго каршы көрсөтмө бергенден кийин баш коргоо чарасы өзгөрүп, үй камагына чыккан.

-О.Турусбеков Б.Абдыкапаровдун    бизнестик өнөктөшү, бул адам Абдыкапаровго каршы көрсөтмө берүү менен өзүнүн жана башка кылмыш иши боюнча суралган агасынын эркиндигин алган.

Эми болсо, Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго Сокулуктун тургуну Нурлан Абыкулов аттуу жаран арыз бергени жатканы тууралуу маалыматты айрым сайттар жазып чыгышты. Анын сөзү бо­юнча Ново-Павлокадагы анын 60 га жерине А.Салянованын күйөөсүнүн 20 тууганы келип отуруп алган имиш. Көп жылдан бери аларды чыгара албай жүрсө, Сокулук райондук прокуратурасынын мурунку кызматкери Нурлан Сулайманов келип бул ишти бүтүрөм дептир, бир гек­тар жерин алып кетип калган имиш. Баса, ал да Бакыт Абдыкапаровдун группалашы, сүйлөшүүлөр жүргөндөн кийин 1 гектар жерди алып, эми телефонуна жооп бербей жаткан имиш.

Бул жерде эмне деген логикага жатпаган сөздөр аитылып, акыл эси соо адам дароо эле окуя чындыкка дал келбесин түшүнөт.

Булак: “Майдан.kg

Меню