Menu

САЯСАТ

Сапар Аргымбаев, Саясий туткундарды коргоо Комитетинин төрагасы: “Саясий репрессияны бийлик бир жыл мурун, 2016-жылдын март айында эле баштаган”

 Кадырлуу Калк,

Урматтуу мекендештер!

I.

  • Аксы окуясынын негизги каарманы – Аксы эли, 2002 жылы бийликке мас болуп, байлыгына чиренип, көзүн май басып. эл менен эсептешпей, элди теңине албай калган президентти эсине келтирип, асмандан жерге түшүрүп, жалпы кыргыз элине эркиндиктин, азаттыктын, мекенчилдиктин, намыскөйлүктүн, эрдиктин үлгүсүн көрсөткөнү үчүн кыргыз тарыхында өчпөс барак болуп кала берет!
  • Бирок, бул окуядан бийлик дагы, саясатчылар дагы жана жалпы коом дагы сабак албаганын, тыянак чыгарбаганын өлкөдө бүгүн түзүлгөн саясий абал көрсөтүп турат.
  • Текебаев менен Чотонов камакка алынганда гана саясатчылар “бийлик репрессияга өттү” деген билдирүү менен чыгышты. Бирок чындыгында, саясий репрессияны бийлик бир жыл мурун, 2016-жылдын март айында баштаган эле.
  • Үн жазуулардан, видеолордон үзүндүлөрдү алып, чындыкка окшоштуруп чаптап, жасалма, жалган болсо да, тынбай КТРК аркылуу көрсөтүп, элди ишендирип, күнөөсү жок төрт адамды 2016-ж. март айында камашты.

Тергөө иштеринде мыйзам бузуулар көп болгон үчүн, сот бул ишти жабык эшик артында карап жагат.

Акча, курал, план, жана башка түз далилдер болчу бир дагы буюм табылбаса, Асанов, Кадыровдон башка бир дагы адам айыпталбаса, бул ишке катышпаса, Сарыгулов менен акыркы жолу Кадыров, Асанов 2013-ж. жолукканы тергөөдө да, сотто да далилденсе, анан кантип эки адам бийликти басып алмак эле?!

Бир дагы акылы coo адам мындай жомокко ишенбегени менен, тергөөчүлөр, прокурорлор, соттор ишенип жатышпайбы!!! Илгери эле бабаларыбыз “Токмок күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет” – деп айткандай болуп жатат! Соттук эксперттер эмес, катардагы кызматчылардан жаздырып алган пикирлер, буга мыйзам тыйуу салса да, Карыбековко койгон айыптын далили болуп, аны 22 жыл эркинен ажыратууну прокурор талап кылбадыбы.

  • “Кумтөрдөгү” коррупцияга аралашкан мамлекетке чыккынчылык кылган деп, үйүн 10 саат тинтип, 165 күн абакта негизсиз жана мыйзамсыз камалган Сарыгулов карыя Атамбаевдин түз буйругу менен: “Жазуучуларга берилген 50 млн.рублди Атамбаев жеп койгон”-деген Акаевдин билдирүүсүнө жооп берүү үчүн камалды. Сарыгуловду камап, “Акаев Кумтөрдөн баланча миллион доллар пара алды деген көрсөтмө жазыдырып алгыла” деген тапшырмасын негизинде камалганы бүгүн белгилүү жана ачык болду.
  • Дал ушундай мыйзам бузуулар, жа­салма үн жазуулардын негизинде Калматов, Талгарбеков, Гусев, Султанов, Колубаев камакка алынган. Демек, бийликке жакпай калган саясатчыларды жок кылуу максатында соттордон, прокурорлордон атайын чакан топ түзүлүп, башына УКМКнын төрагасын коюп, репрессияларды ишке ашырып, аягы өзүн актаган жасалма, жалаа ыкма менен Салянова, Шыкмататовко кылмыш иштери ачылып, Текебаев, Чотонов камакка алынып, бүгүн өлкөдө абал курчуп, Аксы окуясы кайталануу коркунучуна Кыргызстан учурап турат.

II.

  • Аксы окуясынан жана бүгүнкү саясий репрессиялардан кыргыз эли кандай сабак алышы керек?

Биринчи. 25 жыл ичинде бир дагы пре­зидент, бир дагы депутат, бир дагы министр эгерим, эч качан, эч ким, элге да жооп бербегени Конституция менен бекитилген. “Кыр­гыз мамлекети кыйрасын, эли тентип, жок болсун”- деген максат менен бул кыянаттыкты чет өлкөдөгү либерал-демократтардын кеңешчилери жасашкан. Муну тез арада жоюп, бийлик элге, Элдик Курлтайга жылына бир жолу отчет берип, өз ишине баа алуусун Баш мыйзам менен бекитүү зарыл.

Экинчи. Президент жеке өзү гана күч органдардын жетекчилерин дайындаганын жокко чыгарып, аларды элдик Курултайдын макулдуугу менен дайындап, макулдугу ме­нен иштен алууну Баш мыйзам менен бекитиш керек.

Үчүнчү. УКМК саясий репрессияларды 100 жыл бою жүргүзүп, бүгүн алтын, бангизат, адам сатуу менен алектентени үчүн толук жоюлуп, анын ордуна чакан гана чалгындоо кызматын түзүү керек.

Төртүнчү. Сотторду эл гана шайлап, кыл­мыш кодексин толук кайра карап чыгуу за­рыл.

Сөзүмдүн аягында. Аксы окуясы кайталанбасын десек, өлкөдө тынчтык, биримдик, ынтымак, саясий туруктуулук болсун десек, анда баарыбыз биригип, президентке кайрылалык:

  • Саясий репрессияларды токтотсун.
  • Аларды ишке ашырып келаткан Баш-прокурор Жолдубаева И., УКМК төрагасы Сегизбаев А. кызматтарынан алынып, жоопко тартылсын.

–              11 саясий туткундар абактан бошотулуп, тергөө жана сот иштери ачык жүргүзүлсүн.

  • Саясий туткундарга козголгон кылмыш иштеринин укук негиздерин иликтеп, баа берүү үчүң калыс топ түзүлсүн, мыйзам бузууларга барган тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор мыйзам негизинде жоопко тар­тылсын.

17-март 2017-ж. Кербен айылы

Булак: “Майдан.kg

Эмне себептен Икрамжан Илмиянов депутаттыктан баш тартты?

Бийлик партиясы – КСДПнын ичинде ынтымак кеткени буга чейин эле белгилүү болгон. Азыр анын кейпи чөгүп бараткан кемеге окшош. Ошондуктан да андан “келемиштер” качып түшө баштады. Бул да КСДПда масштабтуу тазалоо башталганынан кабар берип турат.

Өткөн жумада КСДП фракциясынын депутаты Узарбек Жылкыбаев КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалган. Анын кетиши менен бошогон депутаттык орун тизме боюнча кезекте турган Икрамжан Илмияновго тийиши керек эле.

И.Илмиянов Лейлектин кулуну. Атамбаев Бакиев бийлигине оппозицияда жүргөн кезинде жакын санаалаштары бүт сатып кетсе да бул жигит жардамчысы жана шоопуру болуп, аягына дейре коддогон. А.Атамбаев бийликке келген соң анын президенттик аппаратын тейлеген. Ошондон улам, “Кыргызстандагы бардык кадр маселесин Атамбаевдин шоопуру чечип жатат”,- деген күмөн саноолор жаралган. Анткен менен Икрамжандын билими жогорку экенин эске салып коёлу.

Коомчулукта И.Илмияновду экс-канзаада Максим Бакиев менен салыштыргандар да бар. Бирок азырынча ал сөз бойдон гана калууда жана аны тастыктаган фактылар, далилдер коомчулукка сунушталган жок. Мурунку шоопурдун таасири көбүртүлүп жатабы, айтор, айрым булактар И.Илмиянов ЖКга барары менен КСДП фракция башчысы болуп шайланып, Иса Өмүркулов өз ишин мыктылап алып бара албаган Ч.Турсунбековдун ордуна спикер болорун божомолдоп ийген болчу. Бирок, көп өтпөй Икрамжан өз ыктыяры менен депутаттык мандаттан баш тартканы кабарланды. Бул өз кезегинде “Икрамжан Атамбаевдин ишениминен чыгып калыптыр”, “Илмиянов бийликтин кулап баратканын илгертпей сезип, өзүн ала качты”- сыяктуу имиштердин чыгышына себеп болду. Чындап караган­да, буга чейин да Атамбаевдин тегерегинде үч топтун: Жээнбековдор, Исаков-Ниязов-Сегизбаев жана Икрам Илмияновдун өз ара таасир талашып жатканы тууралуу маалыматтар чыккан. Бул жагынан алып караганда Сапар Исаковдун тобу күчтүүлүк кылып жаткандай, анткени ал жакында президенттик аппа­рат жетекчиси болуп дайындалып, “мураскерликке” чоң кадам таштады. Балким, ушу кадамы Икрамдын жан дүйнөсүн эзгендир. Кантсе да канча кыйынчылыкта чогуу бол­гон Лейлектин балбанф президенттен мындай кадамды күтпөсө керек.

Икрамжандан кийин КСДП тизмесинде турган Абдыманап Кутушевди да жолотушкан жок. Жакында эле өз партиялаш депутаттары тарабынан “ичип жеп алды”- деген кине коюлуп, парламенттин Иш башкармалыгынан кетирилген Кутушев “өз бала” статусунан ажырап тыныптыр. Ал да өз каалоосу менен БШКга тизмеден чыгуу арызын тапшырыптыр.

Ошентип, депутат болуу бактысы акыркы кезде президент Атам­баевдин сын бутасына айланган “Азаттык” радиосунун журналисти Аида Касымалиевага буйруганы калды окшойт. Ал тизмеден чыкпай тургандыгын жар салды. Аны “чык” деп айтууга деле ооздору барбастыр, анткени “Азаттыктын” журналистине минтишсе, ал дароо саясатка айланып. КСДПга дагы минус болот.

Булак: “Майдан.kg

Бабанов депутат-кесиптештерин ордуна койду

Өткөн жумада парламентте президент А.Атамбаевдин чет өлкөлүк элчилер менен жолугушуусунда журналисттерди катуу сынга алып чыкканына байланыштуу катуу талаш орун алды. Ак үйдүн кареги менен тең айланган күнкарама айрым депутаттар кечээ журналисттердин колдоосу менен шайланып келгенин унутушуп, ММК өкүлдөрүнө карата катуу чараларды көрүү керектигин айтып чыгышты.

Эркин басма сөз өкүлдөрүн улам бири чыга калып “баса калып” жамандап жатышканына “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун ичи чыкпай, “биз азыр сөз эркиндиги жөнүндө сөз кылып жатабыз. Депутат болгондон кийин, бийик трибунадан чыгып сүйлөп жаткан соң, жоопкерчиликти да сезишибиз керек. Депутаттар өздөрүнүн сөзүнө жооп бергенди билиши зарыл. Эгерде биз үлгү көрсөтүп, фактылар менен сүйлөй албасак, бизден ким үлгү алат?”- деди.

Башкача айтканда, Бабанов депутаттар деле апапак периште эмес экенин, алардын арасында көчө деңгээлиндеги ушакты айырмалай албагандар бар экенин айткансыды. Албетте, Өмүкенин бул кеби кссиптеш-депутаттарга жаккан жок. Бирок, кээде алар да кемчилигин моюнга ала жүрсө келечекке жаман болбойт эле.

 

Булак: “Майдан.kg”

Аида Салянова, Жогорку Кеңештин депутаты: “Татаал жолдо тапкан кадырыма кол салып, атымды булгоого жол бербейм!”

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты, мурунку башкы прокурор  Аида Салянова менен акыркы мезгилдеги саясый кырдаалдар тууралуу баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

Аида Женишбековна, Текебаев камакка алынгандан кийин “Ата Мекен” партиясындагы кылмыш иши козголгон депутаттарды да Текебаевдин тагдыры күтүшү мүмкүн деген божомолдор айтылып жатат…

-Толук мүмкүн. Анткени, бүгүнкү бийлик күчүн, убактысын каралаганга, жалаа жаап камаганга короткондон көрө өлкөдөгү чечилбей жаткан социалдык, экономикалык көйгөйлөргө коротсо болмок. Ага кудурети жетпейт. Ошон үчүн козголгон кылмыш иштер бул элди алаксытуу бир жагынан, экинчи жагынан саясий атаандаштыкты жок кылуу, аны менен бирге мыйзамсыз иш аракеттер үчүн жоопкерчиликтен качуу.

Текебаевге тагылган алдамчылык, коррупционер деген айыптоолору бүгүнкү элдин ага болгон ишеничин солгундата алабы? Эмне бийликте Текебаевге андан башка каршы коё турган аргументтери жок беле?

-Мыйзамдуу жол менен Өмүрбек Текебаевге эч бир айып угуза алышмак эмес. Анткени, ал киши мыйзамды туу туткан киши. Ошол себептен кылмыш ишин жалаң фальсифика­ция менен негиздешти. Биринчиден, 1 миллион доллар доо боюнча, Россиялык бизнесмен кантип мүлк маселелерине тиешеси жок адамга ушунча акчаны берип койсун? Экинчиден, 2010-жылдын 12-июлунан баштап Өмүрбек Текебаев Убактылуу Өкмөттөн чыгып жумушсуз кал­ган экен. Тергөөчү кантип айыпты кызматтык абалы менен колдонгон деп угузду? Кайсы мыйзамдын негизинде? Анан эң негизгиси Маевский “июлдун башында Текебаев Москвага келип менден акча сураган” дейт. Текебаев болсо июлда Москвага барган эмес экен. Июлдан мурунку дагы, кийинки дагы (июнь, август) айларында барбаптыр. Мына ушундай кылмыштуу жол менен бийлик Өмүрбек Текебаевди күнөөлөөдө.

Бүгүн сиз парламентке “Ата Мекен” партиясы аркылуу келгениңизге өкүнбөйсүзбү, балким башка партия менен келсеңиз буга окшогон жагдайга кептелмек эместирсиз…

-“Ата-Мекен” партиясы аркылуу келгениме өкүнбөйм. Партиянын мага пайдасынан башка эч бир зыяны тийген жок. Тескерисинче, “Ата Мекен” партиясы менен сыймыктанам. Анын үстүнө жеке Атамбаев менен менин мамилем “Ата Мекен” менен шайлоого барганга чейин эле бузулган. Бул мамиле жакындарынын ага жеткизип жаткан маалыматын талдай албаганынын, жеке ичи таардык, көралбастык жана көз карандысыз прокурордун кереги жок болгондун айынан болгон.

-“Мага козголгон кылмыш ишинен коркпойм, өзүмдү өзүм мыйзам чегинде коргой алам”- деген позицияңыздан тая элексизби?

-Туура. Дагы деле ушул позицияны карманам. Кенедейимен бир Кудайга таянып келгем. Туугандарымдын, тааныштарымдын арасында бийлиги же байлыгы бар адам болгон эмес. Жалан ак эмгегимдин артынан оозго алынып, мээнетим бааланып, чоң кызматтарга жеттим. Татаал жолдо тапкан кадырыма кол салып, атымды булгайбыз десе жаңылышат. Эртеби -кечби мен актыгымды далилдейм. Анткени чындык бирөө эле болот.

Башкы прокурор болуп турганда да мыйзам бузууга жол бербегенге аракет кылчумун. Мисалы, ошол кездеги мэр Кулматовдун митингдерди өткөрүүгө каршы бир токтомун жокко чыгаргам.

Сөз эркиндиги үчүн болгон жөө жүрүштөн жаш активисттерди кармап кетүүгө эмне себеп болду деп ойлойсуз?

-Жөө жүрүштүн катышуучулары тараптан мыйзам бузуу болгон эмес. Бул да жарандык коомго, сөз эркиндигине болгон бийлик тарабынан кысым, коркутуу. Бирок алар мындай провакация менен абалды эле курчутуп атат. Уюштуруучулар та­рабынан мэрия, милиция менен жөө жүрүш макулдашылган экен. Бирок, ага карабастан бийлик тосколдуктарды жаратты. Ошондой болсо дагы жөө жүрүш максатына жетти деп эсептейм.

Президент өзүнүн дарегине айтылган сынга теригип оор айыптарды салууда, ошол эле учурда “Ата Мекен” партиясын “сасык” деп атады, бул үчүн мыйзам алдында жооп береби?

-Мыйзам боюнча жооп бериши керек. Бирок, бүгүн мыйзамдар иштеп жатабы? Албетте, жок. Кылмыш иштери бир далили жок козголуп жатса, тынч жөө жүрүш аркылуу оюбузду билдиребиз деген жарандар камалып жатышса, соттун чечими жок саясый оппоненттерди мародер, коррупционер, алдамчы деп өлкө башчыбыз өзү атап атса, кантип мыйзам иштейт деп айтабыз?!

Булак: “Майдан.kg

 

Замира Сыдыкова, журналист: “Атамбаев, биздин эл - кадырман, кечиримдүү, өкүнүп, мойнуна алсаң эл сени кечирет...”

“Менин сөзүмдү эч ким бөлбөйт, токтото алышпайт”- деген жаман үмүттө байлык менен бийлигине ишенип алган наадан Атамбаевди качанкыга чейин баш көтөрбөй ооз ачып угуп отура беребиз?! “Убагында ойноп алсын деп ага көп маани бербей, көңүл бурбай жүргөнмүн. Мен Акаевтин тушунда абакта да отурдум, жарым миллион айып пулун да төлөп бергенмин. Азыркы жаш журналисттер от менен ойношсо да мынчалык деңгээлге жетет деп ойлошпосо керек. 2 миллион, 5 миллион, эми болсо 10 миллион. Кеп акчада деле эмес. Темирлан Ормуковду “Фейсбук” баракчасындагы жазган посту үчүн суракка чакырышканда көпчүлүк сестенип калды.

Акыбал чатак. Президент эми эле оозун ачканда “балп” эттире ак ит кирип кайра кара ит чыгып жатат. Баарына тегиз оройлонуп, арызданып, жемелеп, жамандап бүтпөй койду. Тилинин заары акылынан адашып, айнып кал­ган адамдай. Эгерде мурда анын атынан Башкы Прокуратура журналисттерди жазган макалалары үчүн сотко берсе, эми болсо эки тарап акыйнек айтышмайга өтүп алышты. Булардын акыйнеги жаш бөбөктөрдүн “сен жинди” десе “өзүң жинди” сыяктуу оюнуна айланды.

Мен “Ата-Мекен” партиясын мактайын деген жокмун. Бирок, ал партияны “сасык”- деп айтуу бул президенттин аша чапкандыгы. Алмаз Шаршенович, сиз катуу кетип жатасыз!

Айтайын дегеним, Алмаз Шар­шенович, жалган айтканды жана оройлукту качан токтотосуз? Эл алдында сиз үчүн уялып бүттүк. Кебетеңиз оорулуудай жаман.

Владимир Владимировичке баары бир да, ошон үчүн шылдындап жатат. Ага жыргал. Сиз канчалык шылдыңда калып, маскарапоз болбоңуз, кыргыз эли ошончолук ага үмүтүн артып атат. Анан кимден үмүт этели? Текебаевкеби? Анын бир кварталдык бюджеттин дефицитин жапканга да акчасы жок.

2010-жылы тизе бүгүп калган мамлекетти көтөрөм деп сөз бергенсиз. Кошуна мамлекеттердин президенттерине ызырынып, алардын жардамысыз оокат кылабыз дегенсиз. Эми эмне болду? Путинге өзүнүз тизе бүгүп жыгылгансыз. Эмгек мигранттарын Россиядан кууп чыкпаш үчүн кыргыз журтчулугун Кудайга жалынгандай Путинге жалындыргансыз. Биздин өндүрүшчүлөрүбүздүн товарларын чек арадан өткөрбөй жатат деп Назарбаевке доо кылып жатасыз. Бизге жардам бербей жатат, Казакстандык министрлер укпай жатат деп Назарбаевке догурунганыңыз догурунган. А эмне, бизге кошуналар карызбы? Сизди Отунбаева эмес Путин менен Назарбаев Кыргызстанды башкар деп жалдырап көндүрүшкөн окшойт?

Сиз үчүн уялып жатабыз, тагырагы, эл алдында кыргыз журтчулугу, өзүбүз уят болдук. Биздин падыша жомокто айтылгандай жыланач гана эмес, билип туруп жыланачтыгын мактанып шылдынга калды. Атасы уялбаган, кызы уялмак беле.

Соцтармакта жана ашканаларда отургандар Атамбаевтин айтканынан терең ойду, иш- аракеттеринен саясий оюндарды издебей эле койгула. Ал биздин үстүбүздөн күлгөнү күлгөн. Бир нерсени айтып алып “саясат таануучулар менен жалган-эксперттер мындан эмнени табышаар экен?” – деп мылжыңдап өзүнчө бизди шылдындап күлүп отурат. А биз болсо терең ойлонуп, маани-манызын изилдеп киребиз. “Парламентти таратыш керек”-десе мунун артында кандай ойлор турат, тараса качан тарайт, “саясатта калам” десе башыбызды тырмап “демек, КСДПдан премьер-министр болот окшойт”- деп мээ чиритебиз. Кечээги үзөңгүлөшү болгон президент­тин пландарын бүгүн чечмелей албай Текебаев да байкабай мунун “мышык-чычкан” оюнуна кокус кошулуп алды, эми болсо отурат түрмөдөн каттарды жазып коюп.

Өмүрбек Чиркешевичке боор ооруйт. Түрмөдө отуруу – бул курортто эс алуу эмес. Эгерде ушундай абал улана берсе анда “мээ ордунда болбой калат”, же аныкы же биздики. Айткылачы, Жогорку Кеңештеги кесиптештерине эмнеге ыраазычылык билдирет? Түрмөдө отурганда келгени үчүнбү? Э, алар Текебаев-Атамбаев кармашын кол чаап колдоп-коштоп турушкан го. СИЗОго мүмкүн “Текебаев чын эле отурабы”-деп текшерип барышкандыр же болбосо “бул жака непадам келип калсак” – деген коркунуч менен жашоо-шартты көргөнү баргандыр.

2.

Чынын айтсам, өлкөдө мындай кырдаал болот деп күткөн эмесмин. 2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдер жеңилгенде башкаларга салыштырмалуу мен “калпакты асманга ыргытып сүйүнбөдүм”. Ал күндөрдү эстегиле. Ал кандуу революцияны кантип кылганын Атам­баев өзү айтып берген.

“Эки революциянын тең лидери Атамбаев болгон. Эсиңерде болсо керек, 2005-жылы “Ак үйдү” алган колонна да, 2010-жылы нааразы болгон жарандар да кайда чогулушту эле? “Форум” имаратынын алдында”- деп өзү айткан.

Атамбаев өзү айткандай, андан ары миллиондорду бөлүшмөй, банк ячейкаларын тоноо жана кадрдык башаламандыктар болгон. Теке­баев берген бир интервьюсунда ушунун баарын жамааттын жоопкерчиликсиздиги деп мүнөздөгөн. Кийин түштүктөгү улуттар аралык уруш чыккан. Атамбаев негедир бул боюнча унчукпайт. Мүмкүн, өлкөнүн түштүгүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча комис­сия түзүү боюнча Отунбаеванын 2010-жылдын 23-апрелиндеги №170-токтому бар үчүн унчукпай жаткандыр? Ал токтом боюнча Атамбаевке ишти координациялоо вазийпасы жүктөлгөн болчу. Кантсе да улуттар аралык уруш чыкты. Кандуу уруш болду. Ошол кандуу окуялардагы Убактылуу Өкмөттүн ар бир мүчөсүнүн жоопкерчилигин жазган үчүн менин жаш кесиптешим Дайырбек Орунбековту Баш­кы прокуратура эки жылдан бери соттон сотко сүйрөп жүрөт. Кийин алар түштүктү калыбына келтирүү “аракеттерин” көрүштү эле, ал аракеттер “катуу” болгон экен, жыйынтыгында азыркы убакка чейин акча каражаты каякка канча кеткенин санай албай, гумжардам кимдин короосуна кирип кеткенин таппай жүрүшөт.

Улуттар аралык уруш түштүктө басыла электе “өлгөндүн үстүнө көмгөн” кылып Конститутцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүп, өткөөл мезгилдин жалган президентин шайлашты. Бул боюн­ча Атамбаев былтыр 31-августта жарыялады.

3.

Ким кимди алдап жатат? Менимче, акыркы бир жыл ичинде бир эле нерсени кайра-кайра кайталай берип Атамбаев» өзүн өзү алдап жаткандай. “Өлкө үчүн бир нерселерди жасадым, иштешиме мени көрө албагандар жолтоо болуп жатат”- деп өзүн өзү соороткондой түр көрсөтөт.

Анын бир нече долбоорлору бар эле. Бул – өз партиясын бекемдөө, коррупция менен күрөшүү жана ЕАЭСке кирүү.

КСДП партиясы өткөн шайлоолордо араң гана 27,4 % добуш алган. Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордо аларды та­кыр эле эл шайлабай койду. Ошол жергиликтүү шайлоолорду жана андан кийинки окуяларды монито­ринг жүргүзгөн Рита Карасартова февраль айында өз оюн “24.kg” сайтына билдирген. Анда, жергиликтүү кеңештердин депутаттары КСДП партиясынан шаарлардын мэрлигине аттанган талапкерлерге добуш берүүдөн баш тартканы жөнүндө айтылган. Партия лидери Атам­баев менен макулдашуу үчүн бир аз убакытка созулган ойлонуудан кийин “жалган айтты” деген шылтоо менен Рита Карасартованы со­тко беришти.

Аймактардагы тирешүүнүн күч алышы бул бийликтеги партиянын ичинде араздашуулар пайда болгондугунун бир мисалы. Жо­горку Кеңешти таратуу боюнча Атамбаев бекеринен сөз баштаган жок. Парламенттеги азыркы абал Атамбаевтин бийлиги бекем эмес экенинен жана президенттик тактан түшкөндөн кийин алар ажого бел-арка боло албай турганынын белгиси.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Баки­ев учурунда “ак-жолчулардын” алдыңкысы болгонун эске салалы. Иса Өмүркуловко болсо кылмыш иши ачылган, ошондуктан ал мэрликтен кетүүгө мажбур болгон. Төрөбай Зулпукаров дегени да кылмышы үчүн темир тордун артында отуруп келген. КСДПчы Музаффар Исаковко болсо жер сатуу боюнча кылмыш иши ачылды. Дастан Бекешов менен Ирина Карамушкина апендилигинен журналисттер ме­нен соцтармак колдонуучуларын өздөрүнө душман кылып алышты.

Парламенттеги башка партияларды болсо “таратам” – деп коркута албайсың. Алардын ар биринин президент болчу талапкери бар. Алар өз келечеги Атамбаевтен эмес шайлоодогу жеңиштен көз каранды экенин жакшы тушүнүшөт.

Жогорку Кенешти таратуу бир гана Атамбаевке керек. Анткени ал саясаттан кетпешин билдирбедиби. Биздин өлкөдө саясаттан же түрмөгө же “көчүккө жеп өлкөдөн качуу” керектигин унутуп калган окшойт.

4.

Коррупция менен күрөш тандалма жүргүзүлгөн. Башынан эле “кыйынсынган” Нариман Түлеевди элге жар салып түрмөгө отургузду. Ал киши президенттик шайлоого талапкерлигин койгон. Эл арасында абдан таанымал инсан. Эми болсо кезек Текебаевте. Баардыгы саясий мазмундагы мүнөздө болуп жатат. Бүгүнкү күнү коррупционерлерге караганда саясий куугунтуктун айынан абакта отургандар көп.

Бул багытта сот системасында реформа жүргүзүү негизги болуш керек эле. Бул тууралу китептерде да жазылган. Коррупция менен күрөш эмнеден башталаарын жада калса юрфактын студенти да жак­шы билет.

Атамбаевтин колунан да эч нерсе келбеди. Президенттин бүгүнкү күндөгү эң жакын адамы Бишкек мэри Албек Ибраимов да гектарлаган жерди сатып алып кийинчерээк аны Атамбаевке саткан аялынын колундагы миллиондордун кайдан келгенин далилдей албады.

Алмаз Шаршеновичке менин мындай суроом бар: бала-бакчадан баштап мамлекеттик кызматтарга чейин дагы деле чоң көлөмдөгү көмүскө акча чогултмайлар бар экенин билесизби? Көчөдөгү МАИ кызматкерлерине көбүрөөк акча карматсацң ашкан тыйынды кайтарып бергенин уктунуз беле?

Камаш керек, бирок бул системаны өзгөртпөйт. Өз жумушун жоготуп алуудан корккон чиновник батыраак жана көбүрөөк “жеп калайын” деп шашат.

5.

Мен Атамбаевтин кеңешчиси Фарид Ниязовдун жазгандарын көңүл коюп окудум. Байкашымча ал өзүн масс-медиа тармагында чыныгы адис катары ойлойт экен. Мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүндө малыматтын ордун жана аткарган ролун терең чечмелегенге аракет кылыптыр. Өзүнүн “шефинин” каршылаштарын айтып жатып “өзүң жинди” дегенден алыстай албаптыр.

Мен башында айткандай эле, Акаевти “жамандаганым” жана “капа кылганым” үчүн компенса­ция да төлөдүм, түрмөсүндө да от­урдум. А сиз, Фарид Аблезимович, иштеп жатып менин гезитимди окуп, арасынан ошондогу шефиңиз Аскар Акаевич мени сотко бере турган сөздөрдү издегенсиз.

“Садыркуловту өлтүргөндө, Сыргак Абдылдаевти бычактаганда, Павлюкту алдап алып барып өлтүргөндө” биз унчукпасак сиз дагы мен түрмөдө отурганда тамак ташыган эмессиз. Ошол кездеги оп­позиция партиясынын лидери, мени жакшы тааныган Алмаз Шаршенович дагы “акаевтик режим сөз эркиндигин басынтып жатат” деп бир да сөз айткан эмес.

ММКларды сотко берген шефин чаң жугузбай актап жаткан Фарид Ниязов журналисттердин жоопкерчиликтүү болушун айтыптыр. Автор жазгандай: “Эми, маалыматтын өнүгүшүнүн жаңы этабында тиги же бул маалымат фейк экендигин ар бир саясатчы жана мамлекеттик кызматкер сотто далилдеши маанилүү, ошондо коом бул нерсе чындыкка дал келбегенин биле жүрөт”.

Көз карандысыз соттук система болгондо гана бул нерсенин баары жарашмак. А бизде президенттин администрациясынан телефон чалгандан кийин соттор чечим кабыл алып жатышпайбы. Ал эми чындыкты эл өзү журналисттин жардымысыз эле көрүп билип турат.

“Эл тарабынан шайланган” деп миң жолу айтылса да падышанын жылаңач экенин эл өз көзү менен көрүп турат. Аны 2011-жылы эл президент кылып шайлаган. Ал эми 6 жыл ичинде элдин ишеничин актай албаса мында ММКлардын кыпындай да күнөөсү жок. “Өзү билип, өзү кетээр”-деген тилекте эл унчукпай жатат.

Эл аралык коомчулуктун алдында Атамбаевтин айласын кетирип жатышат дегенге биз жолукан Европарламенттин депутаты “биз кем акыл эмеспиз”- деп жооп берди.

Кем акылдар жок арабызда. Атамбаевтин кетээр алдында кылган кылыктары – бул ал ишенген адамдардын кемчиликтери, аппаратынын катачылыгы. Кайсы кемчонтой ага бүт дүйнө жүзү менен урушсун деп акыл үйрөтүп жатат?

Эгерде эшикти катуу жаап, баркталбай таарынып өлкөдөн кетсе бир жөн эле. Канткен күндө да туура жолду тандап, өз өлкөсүндө кала турган болсо анда өкүнүп, күнөөсүн мойнуна алган жакшы. Буга жакшы мисал:Россия Федерациясынын президенти Борис Николаевич Ель­цин. Биздин “эл тарабынан шайлангандар” кетээр алдында каталарын өз мойнуна алганды үйрөнүшпөсө өсүш эч качан болбойт.

Биздин эл – кадырман, кечиримдүү. Өкүнүп, мойнуңа алсаң, эл сени кечирет. Өкүнүп элге таазим кылгыла деп мен Акаевке да, Бакиевке да кеңеш берет элем. Отунбаевага да.

Замира СЫДЫКОВА “Республика” сайтынан кыргызчаланды

Булак:”Майдан.кg”

Фабула пресс: “Саясий күлкү”

Журналист вице-премьер Жеңиш Разаковдон сурап калат:

-Жениш агай, сиз «таз тарангыча той таркайт» деген макалга кандай карайсыз?

-Ой, бул деген бир көк мээнин чыгарган макалы. Акаев баргыча кайсы той тарап кетчү эле? Элдин баары баштабай күтүп олтурчу эмес беле же Горбачевду элестетсеңер? Болбогон макал да. Мына азыр дагы тойго барам, баары менсиз баштабай күтүп олтурушат.Так что, сен дагы бул макалга ишенбей жүр – деп жөнөп кетиптир.

* * *

-Журналист Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго кайрылат:

-Жолдош Албек мырза, сиз шаардагы гезит саткан базар менен күркөлөрдү шаар четине чыгарыш керек деген ойду баштап жатыптырсыз, буга кандай түшүнсөк болот?

|- Буга мындай түшүнгүлө, гезит деген кагаз, ага тамеки түшүп калса эмне болот? Өрт чыгат. Өрт чыкса  шаар ичинде 20-30дай АЗС бар, алар от алат. Алар от алса шаар эмне болот? Бирдемени айтаардан мурун ушуну ойлонсоңор боло. Мен деген шаардыктардын аман-эсендигин тилеп ушундай кадамга барып жатам – деп жообун бүтүрүптүр.

* * *

Кубанычбек Жумалиев Камчыбек Жолдошбаевге кайрылып калат:

-Камчыке, кийинки күндөрдө аябай көңүлдүү болуп калдыңыз? Секретин бизге деле айтсаңыз?

-Кубанычбек, өткөндө билесиңби баарыңардын алдыңарда айтпадым беле, ушул жерде отурган депутаттардын акчасынын баарын чогултсак да миллиардга жетпейт деп.    |

-Ооба, ооба. Ошондон кийин бул жердеги байлар кезекке турушуп,күндө бирөө сыйлап жатпайбы. Ой-тоону сүйлөбөй кезекке жазыл – дептир Камчыкең.

* * *

Турсунбек Акун өткөн 5-чакырылыштын депутаты Болот Шерден сурап калат:

-Ой, Боке, Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турганда «ок жибергениңди» билчү элем, ошонуңдун аягы эмне менен бүттү эле?

-Бабановго жиберген ок да өзүмдө калган. Ок да жок, бирөө уурдап кеткен окшойт… Аны эмне кыласың, өзүңдүн бомбаларың эмне болду эле?

-Ой, менин бомбаларым кытайдыкы окшойт, жардыргыча дат басып, чирип кетпедиби – деп санын чаап каткырган экен кайран Турсунбек.

* * *

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Жогорку Кеңеште:

-Дары-дармек тармагыбыз 20 жыл ичинде жеке менчикке өтүп кеткен, эч кимге баш ийишпейт, баш ийдиргенге закон жок – деп депутат Осмонбек Артыкбаевди караса, Осмонбек шашып кетип:

-“Неман”, “неман”, ой кечиресиздер, неге мени карадыңыз? – деп мурчуңдаптыр.

Булак: “Фабула”

Шаршембиев “аквариумдан” качан чыгат?

Дегеле чоңдорубуз, анан да тиешеси бар-жогуна карабаган кызматтарыбыз арбын. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети деген бир мекемебиз бар. Аты эле бир тайлык дегендей. Бул мекеменин эмне иш кылып жатканын эмес, ушундай мекеме бар экендигин билгендер өтө эле аз. Жетекчиси Бакыт Шаршембиев деген неме экен. Маалыматтык технологиялар күн санап өсүп жаткан заманда биздеги тиешелүү тармак коомчулукка аталган багыттагы артыкчылыктар, ачылыштар, аларды колдонуудагы мүмкүнчүлүктөр жана анын коомдогу орду тууралуу айтып, түшүндүрүп турушу керек го. Бирок аквариумдагы жылтылдаган «алтын балыктын» образында олтурган Бакыт Нуржановичтин лам деп ооз ачпаганы таң калыштуу. Баягы, үндөбөгөн үйдөй балээден кутулат кейпин кийип алганбы?

Булак: “Де-факто”

КСДП казак президентинин айтканына жооп берди

“Бизди бир тууган элбиз деп атап, эгерде керек болсо кийин да чек араны тосуп коёрун убада кылган Казакстандын президентинин сөздөрү терең иренжитти” деп жазылат КСДП фракциясынын билдирүүсүндө.

Фракция депутаты Рыскелди Момбеков эки өлкөнүн кылымдар бою калыптанган достугун эч ким буза албасын айтып, 7-апрелде Бакиевдин режими мыйзамсыз камаган оппозиция лидерлери гана абактан бошотулганын кошумчалады.

“Бир дагы кылмышкер түрмөдөн чыккан эмес, демек, бул суу кечпеген калп сөз чек аранын буулуп калышын актай албайт”, – деп белгилейт депутат.

КСДП депутаттарынын билдирүүсүндө Казакстан лидеринин кыргыз-казак инвестициялык фондусунун алкагында бериле турчу 100 млн доллар жардамдын алигиче келе электиги жазылды.

17-мартта казак президенти Нурсултан Назарбаев казак медиасынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, 2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда бийлик алмашуу болгондо түрмөдөн да кишилер бошоп кеткенин айтып, анын негизинде чек ара жабылганын билдирген.

Андан мурдараак президент Алмазбек Атамбаев «Евроньюс» телеканалына берген маеги учурунда, 2010-жылы апрель ыңкылабынан соң, Казакстан бир жарым ай Кыргызстанга блокада кылып, окуядан адам курмандыктары да болгонун билдирген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Байболов кайрадан “башын” чыгарып...

Саясат күч ала баштаганы зэски чиновниктер менен карт бөрү саясатчылардын да санаасы бузулгандай. Улам бири ар кайсы саясий күчтүн артынан караанын калдайтып көрүнтүүдө. Кубатбек Байболов деген аксакал саясатчы эбак «критке» кетпеди беле. Бир учурда Өмүрбек Текебаев менен бир командада эле. Кийин негедир ал тараптан да оолактап кеткен. Бирок акыркы кезде массалык маалымат каражаттарына маек берип чыгып калып атат. Балким кайрадан саясатка аралашуу оюнда барбы деп калдык… Арийне саясаттын сазы деген кыйын экен го, качан болсун сормосуна тартып туруп алат тура. Эски досу Текебаевчесинен ал да «Мегаком» чуусу менен саясаттан четтеген. Эми болсо «менде Мегакомдун бир топ фактылары бар» деп божураптыр. Ар кайсынын башын бир чалып, саясий соодага айлантпай эле айтчусун айтып албайбы? Кызык, саясаттан бир кеткендер ошону менен тынч жүрүшсө ээ. Ушулар мамлекет тагдырын калчап олтурганда эле эл жыргап кетти беле?

Булак: “Де-факто”

Медведев тууралуу иликтөө YouTube каналында 10 миллион көрүүчү топтоду

Оппозиционер Алексей Навальныйдын Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев тууралуу тарткан иликтөөсү YouTube каналында он миллиондон ашуун жолу көрүүлдү. Бул федералдык телеканалдардагы айрым программалардын орточо аудиториясынан көп дегенди билдирет.

Навальный жетектеген Коррупцияга каршы күрөшүү фонду тасманы 2-мартта жарыялаган. Иликтөөдө Медведев Орусиядагы элиталык кыймылсыз мүлктөргө мыйзамсыз түрдө ээлик кылганы баяндалган.

Навальный премьер-министрди кайрымдуулук фонддоруна негизделген жана ишенимдүү адамдары тарабынан башкарылган “көп баскычтуу коррупциялык схеманы” түзүүгө айыптаган. Орус өкмөтү бул маалыматка комментарий берүүдөн баш тартты.

Иликтөө жарыялангандан кийин Орусиянын ондогон шаарынын активисттери каршылык акцияларын өткөрүү үчүн маалымкат беришти. Москва мэриясы жүрүш боюнча макулдашуудан баш тартты. Төмөнкү Новгороддун администрациясы алгач коррупцияга каршы митингди өткөрүүгө уруксат берип, бирок кайра бул оюнан кайтты. Екатеринбургдун жергиликтүү бийлиги Медведевге каршы митинг “Орусия Конституциясына каршы” келерин билдирди.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню