Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган бизнесмен Олег Подобедов кармалды

Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу топторунун иш-аракеттерине каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаранын алкагында, 1969-жылы туулган П.О.В. аттуу жаран кармалды.

  Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө П.О.В. аттуу жарандын үйүндө жана иш бөлмөсүндө, ок атуучу куралдардын гильзалары, бычактар жана мамлекеттик маанидеги көп сандагы документтер (паспорт, диплом ж.б.) табылып алынган. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен П.О.В. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан тышкары, П.О.В. фирмаларынын каржылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө буйрук берилди.

  Учурда уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, "Казбек чёрный" каймана аты бар Казбек Билалов кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында КР УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, “Казбек кара” деген ат менен белгилүү Билалов К.С. Бишкек шаарынын аймагынан кармалды.  Кармоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлдү. 

Маалым болгондой, Билалов К.С. буга чейин бир нече жолу сот жообуна тартылган. Кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана издөө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн зыянсыздандыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

УКМК: Бизнесмен жана грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Аброр Иминов уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылаганы үчүн КР грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти “И.А.Х.” кармалды. 

“И.А.Х.”. жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердүүлүгүнө катышып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жалпы кассасына алардын ишмердүүлүгүнөн “салык” (“дань” деп аталган нерсени) чогултууга катышканы (жалпы пайданын болжол менен 30%ы) аныкталды.

Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кримтөбөлдүктөн баш тарткан "Женгонун" (Кадыр Досонов) "боевиктери" кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, ушул жылдын 8-октябрында “Женго” каймана аты менен белгилүү болгон К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү, 1995-ж.т. М.у.Х., 1993-ж.т.  Ю.У., 1978-ж.т. А.Ы.Б. 1993-ж.т. Р.А.С., 1986-ж.т. Ош облусунун Өзгөн районунун “кароочусу” болгон Т.И.М., 2000-жылы туулган “топтун” мүчөсү А.у.Б. жана 1997-жылы туулган “топтун” дагы бир мүчөсү,  ошондой эле “Казак” деген каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү дагы болуп саналган Ж.Д. кармалды.  

Атайын кызматтар уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттерин улантууда.

КСДПчы экс-депутат Турсунтай Салимов Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобун, түрмөдөгү кылмышкерлерди каржылап, өз кезегинде аларды пайдаланып, атаандаштарын кысымга алып жүргөн

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгүндө, 267-беренесинин 2-бөлүмүндө жана 37-беренесинин – 122- беренесинин 2-бөлүгүнүн 4 жана 18-пункттарында каралган кылмыштардын негизинде кылмыш иши козголгон. 

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө К.Асанбек жана анын жан-жөкөрлөрү тарабынан опузалап жана рейдерлик жолу менен басып алуусунун натыйжасында алынган мүлктөрдү жана активдерди мыйзамдаштырууга катышкан жана башка оор, өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар бул кылмыштуу топтун 20дан ашык активдүү мүчөлөрү жана лидерлери кармалган. 

Жогорудагы адамдардын арасында жаран Т.Салимов дагы бар, ал мурдагы жана азыркы криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен узак убакыт бою тыгыз байланышта болуп, алардын мыйзамсыз каржылык байлыктарын тынымсыз көбөйтүп, алардын топторунун жашоо шартына колдоо көрсөтүп келген. 

 Ал эми К.Асанбектин кылмыштуу тобуна карата болсо, Т.Салимов анын кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүнө дайыма демөөрчүлүк кылгандыгы, тактап айтканда, ал “топту” (общак) каржылап, укук коргоо органдарынын, сот системасынын жана башка мамлекеттик кызматтардын коррупционерлерине пара берүү жолу менен жашоо-тиричилигин жана кылмыштуу жазадан кутулуу аракетин көрүп келгени аныкталды.

Мындан тышкары, Т.Салимов КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелериндеги уюшкан топтун мүчөлөрүнүн материалдык абалын чыңдоо жана аларды кармоо шарттарын жакшыртуу максатында “ар кандай нерселерди” (грев)  берип  келгени аныкталды.

Алынган маалыматтарга ылайык, Т.Салимов мыйзамдагы ууру К.Асанбек жана анын кылмыштуу байланыштарын мезгил-мезгили менен өз керегине жана жеке кызыкчылыгына, атаандаштарын жана башка адамдарды коркутуп-үркүтүү, кысымга алуу жана кысым көрсөтүү максатында пайдаланып, алардын активдерин жана бизнес долбоорлорун куугунтуктоого жана өзүнө ыйгарып алган фактылар аныкталды. 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 9-октябрында Т.Салимовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмышты жасаган деген айып тагылып, ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май соту тарабынан 2023-жылдын 4-декабрына чейинки мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

УКМК өлкөдө уюшкан кылмыштуулукка жана анын көрүнүштөрүнө каршы элдешкис күрөш уланып, анын жыйынтыгы коомчулукка үзгүлтүксүз жеткириле турганын белгилейт.

УКМК: Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдыбар" бажы бекетинен өткөн ар бир машинадан "салык" алып турушкан уюшкан кылмыштуу топ кармалды

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Казакстан менен Кыргызстан Республикасынын чек арасынын ортосундагы өткөрүү пунктунда мыйзамсыз баюу максатында, Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган жеке ишкерлерден акча талап кылуу жана өндүрүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурушкан трансулуттук кылмыштуу топ аныкталды. 

Натыйжада үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандары М.О.Р. жана С.У.Т. (Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жакын туугандары) кармалды.

Учурда бул кылмыштуу схемага тиешеси бар айрым жогорку кызматтагы адамдарды жана аткаминерлерди аныктоо боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Камчыбек Ташиев: Мындан ары крим чөйрөсүнө акча бергендерди да жазалайбыз, Кыргызстанда крим чөйрөсү, крим кассасы деген болбойт

УКМКнын төрагасы, генерал Камчыбек Ташиев facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылды:
Урматтуу кыргызстандыктар!
Бизнесмендер, чет өлкөлүк инвесторлор, ресторандардын, базарлардын ээлери, базарларда олтурган жарандар, баарыңарга кайрылабыз.
Кимде ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар.
Криминалдар буга чейин көптөгөн бизнестерден, бизнесмендерден, керек болсо инвесторлордон акча алып жүргөндөрү, бирөөлөрдүн мүлктөрүн тартып алгандары аныкталып жатат.
Кимде ким буга чейин жабыркаган болсоңор УКМКга кайрылгыла.
Эми баарыңарга эскертебиз: мындан ары крим чөйрөсүнө бергендерди да, крим чөйрөсүмүн деп барып кимдир бирөөлөрдү коркутуп акча алгандарды да жазалайбыз.
Мындан ары Кыргызстанда крим чөйрөсү, крим кассасы деген болбойт.

УКМК: Кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаев) баасы 1 млрд АКШ долларын түзгөн мүлкү камакка алынды

Буга чейин маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында куралдуу каршылык көрсөтүү учурунда уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, мыйзамдагы ууру аталган Камчы Асанбек жок кылынган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө К.Асанбек жана анын жан-жөкөрлөрү тарабынан опузалап жана рейдерлик жолу менен басып алуусунун натыйжасында алынган мүлктөрдү жана активдерди мыйзамдаштырууга катышкан жана башка оор, өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар бул кылмыштуу топтун 40дан ашык активдүү мүчөлөрү жана лидерлери кармалды. 

К.Асанбек жетектеген уюшкан кылмыштуу топтун 2008-жылдан баштаган ишин талдоо көрсөткөндөй, ал системалуу түрдө жана максаттуу түрдө “кылмыштуу империяны” түзуп, негизги максаты өзүнүн жана анын жакындарынын мыйзамсыз түрдө баюусу болгон.

К.Асанбектин криминалдык чөйрөдөгү позициясы күчөгөн сайын анын мыйзамсыз каржылык активдери да пропорционалдуу түрдө көбөйгөн, анын ичинде Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү таза иштеген ишкерлердин, орто жана ири бизнестин өкүлдөрүнүн эсебинен көбөйгөн.

Айрыкча К.Асанбектин криминалдык ишмердүүлүктөгү финансылык кызыкчылыктары көңүл бурууга арзыйт, анткени кылмыштуу уюмда так иерархияны орнотуудан тышкары, ошол эле учурда ага мыйзамдуу бизнестин аркасына жашынып, өзүнө караштуу көптөгөн ийгиликтүү бизнес структураларды түзүүгө мүмкүндүк берген.

К.Асанбектин криминалдык абалы жана чексиз каржылык ресурстары, ошондой эле жазасыз калуусу акыркы жылдарда, заманбап укуктук мамлекетте жол берилгис, өлкөдөгү саясий процесстерге таасир этүүгө мүмкүндүк берип, улуттук коопсуздукка олуттуу коркунучтарды жараткан.

К.Асанбектин тобунун криминалдык мүмкүнчүлүктөрүнөн чочулап, айрым адамдар, анын ичинде чоң кызматтагылар, саясатчылар анын таасир астында калып, кээ бирлер өздөрү криминалдык авторитеттин “достугуна жана колдоосуна” умтулушкан.

К.Асанбектин криминалдык абалы жана анын кылмыштуу иш-аракеттери анын мыйзамсыз түрдө байып кетишине жана долларлык миллионер болууга, ал эми жакындарына жана жан-жөкөрлөрүнө мыйзамдуу түрдө ээ болушу үчүн реалдуу каржылык мүмкүнчүлүгү жок болгон кымбат баалуу мүлктөргө, анын ичинде чет өлкөдө да ээлик кылууга мүмкүндүк берген.

К.Асанбек жана анын жан-жөкөрлөрү өздөрүнүн кылмыштуу мүлкүн коргоо үчүн коопсуздук агенттиктер деп ачып, заманбап ок атуучу куралдар жана техникалар менен жабдылган куралдуу топторду түзүшкөн, жүргүзүлүп жаткан иликтөө иштеринин алкагында алар толугу менен алынды.

Кылмыштуу топтун башчысы К.Асанбектин, анын жакындарынын жана жан-жөкөрлөрүнүн мыйзамсыз мүлктөрүнө 850дөн ашык кыймылсыз мүлктөр, атап айтканда, кымбат өзгөчөлөнгөн үйлөр (особняк), коттедждер, элиталык клуб үйлөрү, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык кымбат баалуу люкс үлгүсүндөгү унаалар, анын ичинде брондолгондор, зер буюмдар жана башка мүлктөр бар.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, К.Асанбектин мүлкүнүн бир бөлүгү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган жана таза иштеген ишкерлерден тартып алынган. Аларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жабыркаган адамдарга кайтаруу иштери жүргүзүлөт.

УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү мамлекеттик кирешеге айлантуу иши башталды. Курулуп жаткан эки гана имаратта К.Асанбек 700дөн ашык батирге ээ болгон, алар мамлекетке өткөрүлөт.

К.Асанбектин тобунун мыйзамсыз баюусунун дагы бир булагы болуп, жаза аткаруу системасынын мекемелеринде отурган адамдардан, алардын жакындарынан жана карапайым ишкерлерден “уурулардын казынасын” толтуруу шылтоосу менен системалуу түрдө акча талап кылуу болгон.

Мындан ары УКМК мындай кылмыштуу көрүнүштөрдү жок кылып, бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, ар бир ушундай фактынын артынан улуттук коопсуздук органдары тарабынан катуу чаралар каралат.

К.Асанбектин мыйзамсыз жол менен алынган бардык мүлкүнүн алдын ала жалпы баасы 1 млрд АКШ долларын түзөт, алар камакка алынды.

Бул К.Асанбектин жана анын айланасындагылардын мыйзамсыз мүлктөрүн издөө иштеринин алгачкы жыйынтыктары гана, издөө иштери ал өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да, тактап айтканда, анын бизнес кызыкчылыктары болгон Россияда, Казакстанда, Грузияда, Түркияда, БАЭде (Дубай) жана Японияда да улантылат. 

УКМК өлкөдө уюшкан кылмыштуулукка жана анын көрүнүштөрүнө каршы элдешкис күрөш ал толугу менен жок кылынмайынча улантылып, анын жыйынтыгы коомчулукка үзгүлтүксүз жеткирилип турарын белгилейт.

Жаңы кылмыштуу топтор пайда боло турган болсо улуттук коопсуздук органдары аракеттеги мыйзамдардын чегинде алардын жетекчилерин жок кылууга чейинки катаал чараларды көрөт. 

Буга байланыштуу УКМК уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин жана активдүү мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен бардык жарандарды жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн дагы бир жолу, тийиштүү чараларды көрүү үчүн, адилеттүүлүктү калыбына келтирүү жана жабырлануучуларга келтирилген зыянды кайтаруу үчүн УКМКга кайрылууга чакырат.

Байланыш телефон номерлери: 66-04-75, 62-65-04, 0702-68-28-68.

“Мадина” базарынын ээси, КСДПчы экс-депутат Турсунтай Салимов уюшкан кылмыштуу топту түзүүгө же ага катышууга шектелип кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы КСДПчы депутаты, Бишкектеги “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов кармалды.

Ишкерди 7-октябрда кечинде кармап кетишкенин журналисттерге анын өкүлү Нурлан Ибраимов билдирди, бөгөт чарасы сотто качан каралары тууралуу азырынча маалымат жок экенин айтты.

Айрым маалымат каражаттары күч органдарындагы булактарына таянып Салимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин, ал Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси “Уюшкан кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу” деген беренеси боюнча шектелип жатканын жазышты.

Ибраимов тагылып жаткан айып боюнча бул маалыматты азырынча тастыктай албай турганын билдирди.

Күч органдары да расмий маалымат берише элек.

67 жаштагы Салимов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын (2010-2015-жж.) КСДП фракциясынын депутаты, Бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү болгон.

“Мадина” базарын ал 1990-жылдардын башында түптөгөн.

УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери жана мүчөлөрү тарабынан опузалап акча талап кылуу, рейдерлик басып алуу жана башка оор кылмыштар тууралуу билдирүүгө чакырат

Буга чейин маалымдалгандай, учурда улуттук коопсуздук органдары уюшкан кылмыштуулукка каршы активдүү иш алып барууда.

Акыркы окуяларды эске алуу менен жана УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрүнө жана алардын жетекчилерине карата опузалап акча талап кылуу, рейдерлик жол менен басып алуу жана башка оор кылмыштардын фактылары боюнча, анын ичинде ишкерлерге карата жасалган кылмыштар боюнча бир катар кылмыш иштеринин тергөөсүн эске алуу менен, улуттук коопсуздук органдары төмөнкүлөрдү билдирүүнү зарыл деп эсептейт.

Коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, жарандардын, инвесторлордун жана бүтүндөй бизнес-коомчулуктун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, инвестициялык климатты чыңдоо максатында УКМК тарабынан туруктуу негизде өлкөнүн турмушунун ар кандай чөйрөлөрүндө кылмыштуулук факторунун таасирин жоюуга өзгөчө көңүл бурулат.

Буга байланыштуу УКМК уюшкан кылмыштуу топтун жетекчилеринин жана активдүү мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен бардык жарандарды жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн мындай фактылар боюнча, республиканын аракеттеги мыйзамдарынын чегинде катуу жана компромиссиз чараларды көрүү үчүн УКМКга билдирүүгө чакырат.

Муну менен бирге УКМК жарандардын жана ишкерлердин ар бир кайрылуусу боюнча тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлө тургандыгына көңүл бурат.

Байланыш телефондору: 66-04-75, 62-65-04, 0702-68-28-68

Меню