Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Алмаз Атамбаев: "2010-жылы Азимбек Бекназаров менен Роза Отунбаева эмнеге "Мегакомдун" 51%ын улутташтырбай коюшканын мен эң сонун билем"

“2010-жылы 7-апрелден кийин Азимбек Бекназаров менен Роза Отунбаева даярдаган Бакиевдин мүлктөрүн улутташтыруу боюнча декретке эмне үчүн “Мегакомдун” 51%ы кирбей калганын мен эң сонун билем”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик N 2-резиденцияда журналисттерге берген акыркы жайкы маалымат жыйынында.

“Ошондуктан бир гана Текебаев эмес, Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү да өз былыктарына жооп бериши керек”, – деди Атамбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Тажикстанда кырсыктарды сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салуу сунушталды

Тажикстан ИИМ башчысы Рамазон Рахимзода өрт, авария сыяктуу кырсыктарды тасмага тарткандарды жазалоону сунуштады. Ал жакында эле Дүйшөмбүдөгү «Корвон» базарындагы ири өрт маалында көптөгөн адамдар окуяны видеого тартып, өрт өчүрүүчүлөргө тоскоолдук кылып жүрүшкөнүн айтты.

Рахимзода окуяларды сүрөткө жана тасмага тартуу менен табият кырсыктары жана чукул кырдаалдарды жоюу иштерине тоскоолдук жараткан адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынганын кошумчалады.

Министрдин айтымында, өрттөн улам базардагы 160 соода жайы күлгө айланган. Кырсыктан кийин райондун, Куляб жана Хатлон облустарынын өрткө каршы кызматтарынын башчылары жумуштан алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Видео - Чуулганду чыр: Кыргыз бийлиги жана Liglass Traidiing

Нарын ГЭСтер каскадын жана чакан ГЭСтерди кура турган чех компаниясы тууралуу, Чехиянын өзүндө чуулгандуу маалыматтар чыккан. Aktualne.cz маалымат сайты ал компания энергетика жаатында иштеген эмес деп жазат. Ошол себептен “NEXT TV” “Liglass Trading” компаниясынын чуулганду чыры боюнча атайын чыгарылыш даярдаган.
ГЭС куруу үчүн миллиондогон каражаты жок деген маалымат сүрөттөрү менен элге тарайт. Aktualne.czден кенен маалымат алуу үчүн “NEXT TV” каналы, сайттын экономика боюнча журналисти Ондржей Соукупту кепке тартты.

Булак: “NEXT TV” 

Республика аймагында жүрүп жаткан рейддердин жүрүшүндө баңгизатын мыйзамсыз сактаган жарандар кармалды

Республика аймагында жүрүп жаткан рейддердин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Чүй жана Ысык-Көл облустары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2017-жылдын 19-июлунда Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Суу айылынын 25 жаштагы О. Т. аттуу тургуну 1 кг. 100 гр. кара куурай менен кармалган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылында жайгашкан “Фонтан” эс алуу жайынын түндүк жагынан, Каракол шаарынын 29 жаштагы Б.А. аттуу жашоочусунан 423 гр. марихуана табылган. Жогорудагы фактылар боюнча  Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 246-беренесинин (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде кылмыш иштери козголгон.

Азыркы убакта бул кылмыштарга тиешеси болгон башка кишилерди аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

Белорусияда эки "кара риелторлорго" сот атуу өкүмүн чыгарды

Белорусиянын Могилев облустук соту Игорь Гершанков жана Семен Бережныйды өлүм жазасына туртуу өкүмүн чыгарды. Сот экөөнү алты кишинин өлүмүнө күнөөлүү деп таап, атууга жиберди.
Алар жасаган кылмыштар 2009-2015-жылдардын ичинде болгон. Эки жыл мурун ошол кылмыштарга шектүү катары укук коргоо органдары кылмыштуу топту кармашкан.
Экөөнөн сырткары банданын дагы башка эки мүчөсү соттолду. Алардын бири 24 жыл эркинен ажыратылса, бири 22 жылга кесилди.
Эске салсак, бул Белорусиядагы экинчи жолку өлүм жазасына тартуу өкүмү.
 “life.ru” сайтынан кыргызчаланды

Liglass Trading компаниясынын Чехиядагы UniCredit Bank Czech банкында миллиондогон акчасы жок

КР Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктар мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев 18-июль күнү журналисттерге Кыргызстанда Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын 2 ГЭСин жана 10 чакан ГЭСтерди куруу боюнча 500 миллиондон 1 миллиард долларга чейин инвестиция алып келебиз деп тендерди жеңип алган «Liglass Trading компаниясынын Чехиядагы «Юникредит» банкындагы эсебинде 383 миллион евросу бар» деп жарыялаган. Көрсө ал тууралу маалыматты кагаз жүзүндө Liglass Trading компаниясы кыргыздардын тендердик комиссиясына тапшырган экен.

Бул маалымат ММКларга жарыялангандан кийин чехиялык журналисттер мунун канчалык чындыгы бар экенин иликтеп, Чехиядагы «Юникредит» банкка кайрылышкан. UniCredit Bank Czech банкынын өкүлү Петр Плосек Liglass Trading компаниясынын банкта эсеби бар экенин бирок ал эсепте андай акча жок экенин, мындай чоң суммадагы операциялар банктын бир да филиалынан өтпөгөнүн билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек, 30-июнь күнү кыргыз бийлиги «Сандык-1», «Сандык-2», «Сандык-3», «Чон Ак-Суу», «Папан», «Кара-Суу сол тарап 1»,  «Кара-Суу сол тарап 2», «Орто-Токой 1»,  «Орто-Токой 2» жана «Киров» чакан ГЭСтерин куруу боюнча тендерди Чехиянын «Liglass Trading компаниясы утту деп жарыялаган.

10-июль күнү Алмаз Атамбаевдин катышуусунда КР Өкмөтү менен Чехиянын «Liglass Trading компаниясынын отосунда Жогорку Нарын ГЭС каскадынын Акбулуң ГЭСи жана Нарын ГЭС-1, ошондой эле «Сандык-1», «Сандык-2», «Сандык-3», «Чон Ак-Суу», «Папан», «Кара-Суу сол тарап 1»,  «Кара-Суу сол тарап 2», «Орто-Токой 1»,  «Орто-Токой 2» жана «Киров» чакан ГЭСтерин куруу жана эксплуатацияга киргизүү боюнча келишимдерге кол коюлуп, бул ГЭСтердин жарымы 2019-жылы, калган жарымы 2020-жылы бүткөрүлүп ишке киргизилери убада кылынган. 2012-жылы да Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын Россиянын “Русгидро” компаниясына беришип, ал ГЭСтер 2016-жылы бүтүп ишке киргизилет деп жарыялашкан. Бирок ал сөз бойдон эле аткарылбай калган.

15-июлдан тартып чех журналисттери «Кайсы бир мошенниктер Кыргызстанда Чехиянын атына жамынып, 1 миллиард доллардык ГЭСтерди куруу боюнча тендерди утуп алыптыр» ;  “Чехияда банкрот болгон «Liglass Trading компаниясы Кыргызстанда ГЭСтерди курат экен”, “Чехияда белгисиз болгон «Liglass Trading компаниясы кантип чоң тендерди утуп алды?” сыяктуу чуулгандуу макалаларды жарыялай баштады.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Депутат Канатбек Исаевдин кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна өткөрүлдү

КР УКМК депутат Канат Исаевдин үстүнөн ачылган коррупция боюнча кылмыш ишти тергеп бүтүп, КР Генпрокуратурасы бекиткенден кийин Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берди. Жакынкы күндөрдө соттук отурумдардын күнү белгиленет да соттук процесстер башталат.

Эсиңиздерге сала кетсек, “Кыргызстан” фракциясынын мурдагы лидери Канат Исаев бийлик менен биригип, 2016-жылы премьер-министр Темир Сариевди коррупция менен айыптап, кызматтан чаап түшкөндөн кийин бийлик айрым бир убадаларын аткарбагандыктан өз ара таарынышып кетишкен. Андан кийин Исаев бийликке оппозицияга өтө баштаганда “Канат Исаев 2008-жылы Токмок шаарынын мэри болуп туруп, шаардык депутаттарга басым жасоо менен шаардын жерин жеке менчикке мыйзамсыз берип жиберген” деген айып тагып, коррупция беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев президенттикке талапкер катары катталуу үчүн БШКга документтерин тапшырышты

Бүгүн, 22-июлда “Ата-Журт” партиясынан билдиришкендей партиянын теңтөрагалары Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевдин документтери президенттикке талапкер катары катталуу үчүн КР БШКга тапшырылды.

Эсиңиздерге сала кетсек, 18-июлда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн “Ата-Журт” саясый партиясынын XI съезди 15-октябрда өтчү президенттик шайлоого партиянын атынан эки талапкерди – Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевди көрсөтүү чечимин кабыл алган.

Бүгүнкү күнгө чейин президент болууну каалап, БШКга арыз жазгандардын саны 36га жетти. Алардын ичинен 6 талапкер партиялар тарыбынан сунушталса калган 30 талапкер жеке өз демилгелери менен президенттик жарышка аттанууда.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Казакстанда айыпталуучу прокурор менен полициячыга ок чыгарып, өзү атынып өлдү

Казакстандын Акмоло облусунда 61 жаштагы киши прокурор менен полиция кызматкерин жаракат кылып, андан соң өзү атынып өлгөн. Облустук ички иштер департаменти кабарлагандай, 20-июлда ал Целиноград районунун прокуратурасынын имаратында прокурорго жана РИИБ кызматкерине ок чыгарып, андан соң автоунаа менен качып кеткен.

Окуядан он мүнөт өткөн соң, шектүүнүн сөөгү унаанын жанынан табылган. Полициянын билдирүүсүндө ал жүрөк тушка атынып өлгөн.

Маалыматтарга караганда, аникоррупциялык мекеме шектүүнү акча уурдоого айыптап, суракка алып жаткан.

Курал экспертизага жөнөтүлдү, иликтөө иштери башталды. Жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлдү, алардын абалы туруктуу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан: Сириядагы экс-полковниктин туугандары качууну бир нече ай мурун пландашкан

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин атайын күчтөрүнүн мурунку колбашчысы, Сириядагы жоочуларга кошулуп кеткен Гулмурод Халимовдун туугандары Ооганстанга барып, ИМ тобуна кирүүгө ниеттенишкен. Бул тууралуу 20-июлдагы маалымат жыйынында Хатлон облустук ИИБ башчысы Искандар Солехзода билдирди.

Гулмурод Халимовдун туугандарын кармоо боюнча операция Тажикстандын Ооганстан менен чектеш Восе районунда 4-июлдун кечинде болгон. Алар каршылык көрсөтүп, атышууда Гулмурод Халимовдун эки бир тууганы жана эки жээни мерт болгон, үчөө кармалган.

“Алар эмнени көздөшкөнү, баарына белгилүү деп ойлойм. Паянждын аркы жээгине өтүп, ИМ тобуна кошулгулары келген. Алардын баары Халимовдун туугандары жана тарапташтары болгон. Планды бир нече ай алдыга түзүшкөн”,- деди Искандар Солехзода

Бул арада тажик бийлиги Халимовдун туугандары кандай курал менен каршылык көррсөтүшкөнүн ачыктаган жок. Солехзоданын айтымында, Башкы прокуратура бул фактыны иликтөөнү улантууда. Тергөөгө жолтоо болбоо үчүн айрым маалыматтар ачыкка чыгарылган жок.

Операция учурунда жаракат алган ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчи орун басары Анвар Хусейновдун абалы туруктуу, жетекчилик тарабынан сыйланганды.

42 жаштагы полковник Гүлмурод Халимов Тажикстан ОМОНнун командири кезинде, 2015-жылдын апрелинде жоголуп кеткен. Кийин Сирияда жүргөнүн билдирген. Тажикстан Халимовго эл аралык издөө жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню