Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Талиптер Ооганстандын үчүнчү районун ээлеп алышты

Талиптер Ооганстандын түштүк-чыгышындагы үчүнчү районго көзөмөлүн орнотушту. Алар Пакистан менен чек арага жакын жайгашкан Пактиа провинциясындагы Яни Хел районун катуу кармаштардан кийин өз карамагына өткөрүшкөн.

Аймактык кеңештин башчысы район 25-июль эртең мененки атышуулардан кийин талиптердин колуна өткөнүн билдирди.

Жергиликтүү полициянын өкүлдөрү аталган районду коопсуздук күчтөрү дале көзөмөлдөп турганын, бирок алар тынымсыз чабуулга кабылып жатканын айтышты.

Талиптер тарабынан губернатордун кеңсеси, полициянын штабы жана бейтапкана өрттөлгөнү, ошондой эле кагылышуулардан эки тарапта тең чоң жоготуулар болгону кабарланууда.

Талиптер районду толугу менен өз карамагына алганын билдирип жатышат. Алар 23-июлда өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Тайвара районун, түндүктөгү Кохистан аймагын ээлеп алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Уюмдардын жана мекемелердин мүлкүн уурдоо, тоноо, курал-жарактарды уурдоо менен алектенген эл аралык издөөдө жүргөн кылмыштуу топтун уюштуруучусу кармалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин буйругу менен эл аралык издөөдө жүргөн шектүүнү кармоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чарасы жүргүзүлүп, Россия Федерациясынын Москва шаары менен Казакстан Республикасынын Костанай шаарына Кыргыз Республикасынын ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен Бишкек ШИИББдин ыкчам-иликтөө тобу жөнөтүлгөн. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Костанай областынын Ички иштер департаментинин ыкчам аракеттенүүчү отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен ыкчам-иликтөө иш-чарасынын негизинде Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында кылган кылмыш иштери боюнча издөөдө жүргөн 1986-жылы туулган Талас облусунун жашоочусу Бекмурзаев Жылдызбек түнкү саат 01:30 чамасында кармалган. Учурда кармалган жаран Костанай облусунун ички иштер департаментинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, мекенине кайтаруу боюнча суроолор чечилүүдө. Алынган маалымат боюнча шектүү Бекмурзаев Жылдызбек Казакстан Республикасынын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Алматы, Костанай, Тараз шаарларында батирди бир күнгө ижарага алуу менен изин жашырып качып жүргөн.

Ушул жылдын 6-июлунда Россия Федерациясынын ИИМдин кылмыш-иликтөө башкы башкармалыгынын Москва шаары боюнча кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168- беренесинин 2-бөлүмү (тоноочулук) боюнча издөөдө жүргөн 1984-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран кармалганын белгилеп кетүү керек. Азыркы убакта кармалган жаран Москва шаарынын убактылуу кармоочу жайына кармалган. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын аймагында кылган кылмыш иштерине байланыштуу эл аралык издөөдө жүргөн 7 жаран Россия Федерациясынан кармалган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы  менен Бишкек ШИИББдин ыкчам-иликтөө кызматкерлеринин иликтөө ишинин натыйжасында Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары кармалды:

1) 1991-жылы 4-августа туулган Нарын облусунун Миң-Куш айылынын жашоочусу Э.У.,
2) 1989-жылы 5-июлда туулган Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочусу М.Э.,
3) 1989-жылы 16-июлда туулган Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочусу С.Б..
Кармалган жарандар башканын мүлкүн уурдоо боюнча-5, 1-тоноочулук кылмыш ишине байланышы бардыгы такталды. Учурда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилип жатат. Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы тергөө амалдарын баштады.
Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында тоноочулук, уюмдардын жана мекемелердин мүлкүн уурдоо, курал-жарарктарды уурдоо менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн ачыктоо Кыргыз Республикасынын ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы менен Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ишке ашканын эскертип кетүү керек. Бул кылмыштуу топтун коом тарабынан кызуу талкууга алынган бир нече кылмыш иштерин кездештирүүгө болот. Ушул жылдын 6-февралында Бишкек шаарынын Ж. Абдырахманов көчөсүндө жайгашкан “Цзи Сянь” кытай ресторанында болжол менен саат 21:55 чамасында кассадан 100 миң сом акчасын коркутуу менен тоноп кетишкен.

2017-жылдын 27-апрелинде түнкү саат 03:00 чамасында “Альфа-Секьюрити” ОсООнун мекемесинин кирүүчү эшигин талкалап киришип, “Сайга-410” маркасындагы автоматынан -9 бирдик, “МР-471” үлгүсүндөгү тапанчадан-10 бирдик, “ИЖ-71” үлгүсүндөгү тапанчадан-3 бирдик ок атуучу куралдарды уурдашкан. Ошондой эле 5-майда таңкы саат 04:00 чамасында Бишкек шаарынын Л. Толстой көчөсүндө жайгашкан ливт оңдоочу ишкананын мекемесинен 285 миң сом акча каражатын уурдап кетишкен. 2017-жылдын 30-майында кылмыштуу топ Бишкек шаарынын К. Карасаев көчөсүндө жайгашкан өндүрүштүн ар багытында инжинердик-техникалык иштерди жасаган фирманын мекемесинен 396 миң суммасындагы акчасын уурдашкан. Иликтөөнүн натыйжасында коом тарабынан кызуу талкууга алынган жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар делип шектелгендердин бири мурда соттолгон 1991-жылы туулган Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы конушунда убактылуу жашап жүргөн У.Энин үйүн текшерүү маалында жаракаттандыруучу жана газ тапанчалары менен 97 000 миң сом акча каражаты табылды. Кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (ок атуучу куралдарды сактоо) менен 245-берененин (ок атуучу курал-жарактарды уурдоо) негизинде соттолгон Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынын жашоочусу 1989-жылкы М.Э. аттуу жарандын үйүн текшерүү малында ок атуучу курал табылып алынды. 2017-жылдын июль айынын башында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгынын тергөөчүлөрү тарабынан мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүмүнүн (адам өлтүрүү) негизинде соттолгон шектелүүчүлөрдүн бири Бишкек шаарынын жашоочусу 1989-жылы туулган С.Б. аттуу жарандын үйүн текшерүү учурунда “ТТ” үлгүсүндөгү тапанча менен 7, 62 мм калибрдүү 40 ок табылган. 15-июнь күнү кылмыштын активдүү катышуучусу Чүй областынын Аламүдүн районунун жашоочусу 1984-жылы туулган А. Ж. аттуу жаранга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-берененин 3-бөлүмүнө (тоноочулук) ылайык сыртынан күнөө тагылган. Эл аралык издөөдө жүргөн А.Дж. аттуу жаран Россия Федерациясынын Москва шаарынын аймагынан кармалган.

Ыкчам-иликтөө ишинин натыйжасында 2017-жылдын 19-майында “Альфа Секьюрити” ЖЧКдан уурдалган курал-жарактар Чүй областынын Аламүдүн районуна караштуу “Бектоо” жайкы эс алуу аймагында табылды. Ыкчам-иликтөө тобу тарабынан “Сайга 410” үлгүсүндөгү автоматынан 9 бирдик, “МР-471” үлгүсүндөгү жаракаттандыруучу тапанчадан 8 бирдик алынды.
Учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бишкек шаарынын жашоочусу 6 кг. баңгизаты менен кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 24-июлунда Свердлов РИИБдин кызматкерлеринин иликтөө ишинин натыйжасы менен борбор шаарыбыздын 36 жаштагы И.Э. аттуу жашоочусунан Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен өзгөчө жыты бар жашыл-күрөң түстөгү зат салынган мүшөк табылган. Бул туурасында Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, экспертизанын жыйынтыгы менен жалпы салмагы 6 кг түзгөн кара куурай экени аныкталган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесине ( Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) ылайык кылмыш иши козголду. Кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Индияда зордуктоолорго каршы полициянын атайын аялдар отряды түзүлдү

Индияда сексуалдык кол салууга, зордуктоолорго жана ага байланышкан кылмыштарга каршы полициянын атайын аялдар тобу пайда болду.

Статистикага ылайык, Индияда жыл сайын 40 миңге жакын аял зордуктоого дуушар болот. Бул үрөй учурган сандар мындан да көп болушу мүмкүн, себеби, зордукталган аялдардын баары эле полицияга кайрыла беришпейт.

Индиянын Джапур шаарында эми аял полицейскийлер эң көп кол салуулар болгон автобус аялдамаларын, колледждерди жана парктарды кайтарышат.

Алар бул нерсе менен эле токтоп калган жок. “Азыр бизге телефон чалып же WhatsApp аркылуу билдирүү жөнөтүшсө, биз дароо жетип келебиз”, – дейт полицейский айым Сарой Чодхуари.

Бардык айымдар жакшы даярдыкта: алардын скутерлери, таяктары жана видеокамералары бар. Жана ошондой эле алар карате менен өзүн-өзү коргоо боюнча курстардан өтүшкөн.

Бүгүнкү күндө улуттук полициянын 7% гана аялдар түзөт, калганы эркектер. Бийлик болсо азыр бул маселени чечүү аракетин көрүүдө. Жана алар жабыркагандар эркек кишиге кайрылгандан көрө аял кишиге оңой кайрыла алышат деп ишенишүүдө.

Степное айылында атышуу болуп беш адам жабыркады

24-июлда Жайыл районунун Степное айылында эки жаш баланын ортосунда ок атышуу болуп, октун майда бөлүктөрү беш адамга тийип, алар жаракат алышкан. Бул туурасында Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирет.

Ага ылайык, 22-июлда Степное айылында эки жаштын үлпөт тою болмок. “Келинди алып кетип жатышканда, жергиликтүү тургундардын тобу келип конокторду “жүктөгүсү” келген. Бирок жаш балдар каршы экенин билдиришип, алардын ортосунда чыр пайда болгон. Кийинки күнү Степное жана Алексеевка айылынын тургундарынын ортосунда жолугушуу уюштурулмак да ал жакка Кара-Балтанын тургундары да аралашып кетишкен”, – деп билдиришти милициядан.

24-июль күнү түндө Жайыл районунун кезмет кызматына Степное айылында курал колдонулган чыр чыкканы, ок атуу угулганын айтып кайрылышкан.

Ыкчам-иликтөө тобу окуя болгон жерге аттанып чыгышканда, алардын алдынан катуу ылдамдыкта 3 автомашина чыккан. Аларды токтотушканда ичинде 28 жаш балдар болгон. Алардын бардыгы РИИБге жеткирилген.

Аларды кароо учурунда мерген куралы табылып алынган. Факт боюнча эки шектүү бала кармалып, аларга каршы кылмыш иши козголгон.

Чырдан улам денелерине октун майда бөлүктөрү тийген адамдардын өздүгү такталды. Алар: 1977-жылы туулган М.К., жана 1990-жылы туулган С.С., Б.М., Т.Б. жана Б.Н.

Унаа оңдоочу жайда иштеген жумушчу ал жактагы авоунааны айдап качып кеткен

Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылган. Себеби, 20-июль күнү шаардын унаа оңдоочу жайларынын биринен станция жумушчусу “Фольсфаген Поло” үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качып кеткендигин маалымдаган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирди.

Токмок шаарына бара жатканда автоунаа бузулуп калып, Чүй облусунун аймагына таштап из жашырып кеткен. Жогорудагы факты боюнча Свердлов ИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесине (автоунаа же автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чарасынын натыйжасында кылмышка шектүү катары И.Н. аттуу 22 жаштагы жергиликтүү тургун кармалып, Бишкек шаарындагы тергөө абагына камалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Тажикстанда жердешин атып таштаган киши кармалды

Тажикстандын укук коргоо органдары 27 жаштагы жердешин өлтүрүүгө шектелген Хорогдун тургуну Косим Абдурасуловду кармашты. Ага карата “киши өлтүрүү” жана “мыйзамсыз курал сактоо” беренелери менен кылмыш иши козголду.

Шектүү 16-июлда Жогорку Хорог маалесинде Алиназар Камбаров менен чыралаш кетип, аны пистолет менен атып таштаган. Ал ошол жерде жан берген, кылмышкер качып кетип, издөөгө алынган.

Маалыматтарга караганда, кармоо учурунда шектүү каршылык көрсөткөн эмес.

Жергиликтүү тургундардын ырасташынча, окуя ханзаада Ага-Хандын 60 жылдыгына арналган салтанатты түз эфирде көрсөтүү маалда болгон. Маркум өз каалоосу менен иш-чарага кол кабыш кылып, келген меймандарды жайгаштыруу менен алектенген.

Алиназар Косимден башка орунга отурууну сураган. Бирок ал баш тартып, экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Косим Абдурасулов ызаланып, кечинде пистолетин алып келип Алиназардын үйүндө ага ок чыгарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия аскерлери Сириянын деэскалация аймактарында ишке киришти

Орусиянын аскер полициясы Дамаск провинциясынын Чыгыш Гута райондорунда ишке киришти. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирүүдө.

Орус аскерлери аймакка эки көзөмөл-өткөрмө бекети менен төрт байкоо постун орнотту. Коргоо министрлиги бул чаралар элдешүү режимин колдоого, гуманитардык жардам жеткирүүгө жана качкындардын үйлөрүнө кайтуусуна жардам берет деп эсептейт.

9-июлда Сириянын түштүк-батышындагы Дераа, Эль-Кунейтра жана Сувейда шаарларында элдешүү жараяны күчүнө кирген. Бул боюнча Орусия, АКШ жана Иордания макулдашкан. 22-июлда орус аскерлери менен сирия оппозициясынын өкүлдөрү “Чыгыш Гутадагы” деэскалация зоналарында иштөө тартиби тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Сирияда төрт деэскалация зонасын түзүү боюнча келишим май айында Астанадагы сүйлөшүүлөр учурунда кабыл алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Россияда 18 жаштагы кыргыз бала бычакталды

Россиянын Владивосток шаарындагы “Престиж” деген дүкөндө кароолчу болуп иштеген 18 жаштагы баланы 50 жаштагы орус жараны бычак менен сайып салган. Бала оор жараат алып, ооруканага жаткырылган. Маалым болгондой, кардар дүкөнгө суу алганы кирип, кассадагы акчаны уурдоого аракет жасаган. Аны көргөн кыргыз бала акчаны алдырбоого аракет жасап, экөө кармаша кетишкен.

Булак: “Фабула”

Москвада 19 жаштагы кыргызстандыкты сабады деп шектелген 6 адам кармалды

Москвада 19 жаштагы кыргызстандыкты сабады деп шектелген 6 адам кармалды.

Орус ММКларынын өз булактарына шилтеме берип билдиришине караганда, шектүүлөрдү алар кыргыз баланын сабагандан кийин кармашкан. Сабоо учурунда кыргыз баланын баш сөөгү сынган.

Окуя жекшемби, 23-июль күнү 01:00 чамаларында «Авиамоторная» метро станциясынын өтмөгүндө болгон. Окуяны териштирүү үчүн 6 жаш бала кармалып, полицияга жеткирилген.

“Негизинен алар 18-20 жаштын тегерегиндеги колледж, университеттерде окуган балдар, бирок бирөө 18ге чыга элек” – деп айтылат билдирүүдө.

 

Меню