Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Москвада 22 жаштагы кыргызстандык подъездден жылаңач кишини сабап, анын жылаңач курбусун зордуктап салган

Москванын түндүк-чыгыш жагында жайгашкан үйлөрдүн биринин подъездинде аялды зордуктап салды делген шектүү кармалды. Бул туурасында “Москва” шаардык жаңылыктар агенттиги билдирет.

Полицияга 45 жаштагы Нижегородск облусунун тургуну кайрылган. Ал аял 22-июлда өзүнүн 24 жаштагы бирге жашаган досу экөө Алтуфьевск шоссесинин 92-үйүндө турган таанышына келгендигин айткан. Бирок ал таанышы кеч болуп кетти деп эшигин ачпай койгон. Анда ал жаран өзүнүн сүйүктүүсү менен чечинишип, подъездге жатып алышкан.

“Бир аз убакыттан кийин аларга азият түспөлүндөгү жаш бала келип подъездден кетүүсүн өтүнгөн. Жылаңач эркек болсо курбусун чүпүрөк менен кийинип алсын деп жаап турган. Ошол учурда бейтааныш жигит эркегин сабап баштаган. Андан соң кылмышкер аялды сүйрөп үстүңкү этажга чыгарып, оозун жаап зордуктап салган”, – деп айтылат билдирүүдө.

Издөө учурунда ыкчам топ 22 жаштагы кыргызстандык жаранды кармашкан. Ага карата зордуктоо боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иши жүргүзүлүдө.

Теракт дүйнөнү убайымга салууда...

2017-жылдагы ири теракттар

Теракт, согуш жана кол салуу жөнүндө сөз болгондо, биринчи Сирия мамлекети көз алдыга элестейт. Бекеринен Сирия жаңжалы Экинчи дүйнөлүк согуштан берки адамзат башынан өткөргөн эң чоң алаамат деп айтылып жаткан жери жок. Мындай билдирүүнү Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Зейд Раад ал-Хусейн 14-мартта жасаган баяндамасында айткан. Сириядагы жарандык согушка быйыл туура алты жыл толду. 2011-жылдын март айында “Араб жазынын” шарданы менен башталган бийликке каршы акциялар ири жаңжалга айланып, жарандык согуштун тутанышына түрткү болду. 14-мартта жасаган билдирүүсүндө Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Зейд Раад ал-Хусейн Сириядагы согушту Экинчи дүйнөлүк согуштан берки адамзат башына түшкөн эң чоң алаамат деп айтты. Сансыз адамдар себепсиз кармалып, кыйноолорго дуушар болушканын, айрымдары уурдалган бойдон дайынсыз жоголушканын кошумчалады. Улуттар уюму шейшембиде Сириядагы согуштун алты жылдыгына карата атайын комиссиянын иликтөөсүн жарыялады. Баяндамада өткөн жылдын соңунда Сирияда бир нече аскерий кылмышка барабар чабуулдар катталганы жазылган. Анда 2016-жылдын декабрь айында Сириянын өкмөттүк авиациясы баш калаа Дамасктын суу менен камсыздоочу жайларын бомбалап, беш жарым миллиондой адамды суусуз калтырганы белгиленген.

Теракт дүйнөнү убайымга салууда

• 21-январда Пакистандын Ооганстан менен чегине жакын жайгашкан Парачинарды негизинен шииттер байырлайт. Мындан мурда 21-январдагы жардыруудан 21 киши өлүп, ондогону жарадар болушкан. Анда буга жоопкерчиликти бир топ суннит жоочулары алышкан. Парачинар шаарында 31-мартта дагы жардыруу болуп, мерт кеткендер 22ге жеткен. Ондогон адамдар жаракат алышкан. Өкмөттүн өкүлү Захид Хуссейндин айтышынча, бомба 31-мартта базардагы шииттердин мечитинин жанында жарылган.

• Сомалинин байыркы шаары Могадишодогу мейманканага жасалган бомба чабуулунан 30дан ашуун киши курман болду. Өлгөндөрдүн ичинде Сомали парламентинин алты депутаты да бар. Исламчыл “Ас-Сабааб” экстремисттик тобу жардыруу жоопкерчилигин өзүнө алды. Расмий маалыматка караганда, жанкечти Сомали армиясынын формасын кийип алган экен. Ас-Шабааб” өткөн айда Уганданын борбору Кампалада эки бомба жардырып, 70тен ашуун адамдын каны төгүлгөн. Радикалчыл уюмдун маалымдашынча, бомба чабуулу Уганданын өз территориясына Африка союзунун күчтөрүн жайгаштыруусуна жооп иретте уюштурулган. А даватчыларга каршы согушта Сомалинин батышчьш өкмөтүнө Африка союзунун 6 миң аскери көмөктөшүүдө. “Ас-Шабааб” радикалдык тобунун “Аль-Каида” менен байланышы бар экени айтылып келет. Бул теракттын кесепети 39 адамдын өмүрүн алып, 50дөйүн жабыр тарттырган.
• 22-мартта Лондондун борборундагы Вестминстер көпүрөсүндө жөө бараткан кишилерди машинасы менен сүзүп, кийин нөөмөттө турган полициячыны бычактаган шектүү адамдын колунан жарадар болгондордун саны 40тан ашып, беш адам каза болгон. 22-майда болсо Манчестер шаарынын стадионунда эл концерттен тарап жатканда жанкечти өзүн жардырып, 22 киши каза таап, 60тан ашуун адам жаракат алган.

• 9-апрелде Египеттин Танда жана Александрия шаарларындагы эки чиркөөдө жардыруу болду. Биринчиси Танда шаарында болуп, чиркөөнүн ичине кирген жанкечти- террорист өзүн жардырган. Анын кесепетинен 25тен ашык адам каза болуп, 50дөн ашык адам жабыркаган. Ал эми Александрия шаарындагы чиркөөдө да ушундай эле окуя катталып, жардыруу 11 адамдын өмүрүн алган. Эки чиркөөгө болгон кол салууну “Ислам мамлекети” террордук тобу кылганын жарыялаган.

• 15-апрелдеСириянын Алеппо шаарында Фуа жана Кефрая райондорунан эвакуацияланган адамдарды ташып бараткан автобус жардырылганын өлкөнүн мамлекеттик ЖМКларына таянуу менен жазып чыкты. Маалыматка ылайык, жардыруудан кеминде 70 киши каза болуп, 130дан ашуун адам жаракат алган. Аны автобустагы жан кечтинин ишке ашырганы белгилүү болду. Буга чейин Сирия өкмөтү согушкерлер менен аталган эки райондун жашоочуларын аймактан чыгарып кетүү боюнча макулдашкан. Жардырууга чейин беш миңге чукул адам эвакуацияланган болчу.

• 31-майдаАфганистанда президенттик имараттан жана элчиликтин имаратынан анча алыс эмес жерден жардыруу жасалган. Бул жардыруудан 90 адам каза таап, 380 адам жараат алган.

• Үстүбүздөгү июль айында, тагыраагы 24-июлда жанкечти өзүн Афганистандын экинчи вице-премьеринин үйүнүн жанында жардырып жиберген. Полициянын маалыматына караганда, бул жардыруудан жабыркагандар болушу мүмкүн дешүүдө. Ал эми “Tolo News” телеканалынын маалыматына караганда, жардыруу таңда Кабулдун алтынчы полициялык районунда жаңырган,Окуя болгон аймакта Афганистандын аткаруу бийлигинин жетекчисинин экинчи орун басары Мохаммад Мохакик жашаган.

Булак: “Фабула”

Пакистандагы теракттан кеминде 25 киши мерт болду

Пакистандын Пендаб провинциясындагы Лахор шаарында жардыруу болду. Алдын ала маалыматтар боюнча кеминде 25 киши каза болуп, 50дөн ашык адам жаракат алды. Мерт болгондордун 10у полициячы экени кабарланууда.

Өлкө ИИМинен жаракат алгандардын көбүнүн абалы оор болгондуктан, каза болгондордун саны өсүшү мүмкүндүгүн билдирүүдө.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө «Талибан» кыймылынын Пакистандагы өкүлдөрү алышты.

Жардырууну женкечти террорист жасаган. Ал мотоцикл менен базардын кире беришине келип өзүн жардырган. ИИМдин маалыматына караганда, анын максаты көбүрөөк полициячыны өлтүрүү болгон.

Кечээ Кабулда жанкечти террорчулар бараткан унаа жарылып, 40ка жакын жай тургун каза болгон. Ал теракт үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылынын экстремисттери алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Данияда Стамбулдун Reina түнкү клубундагы терактка шектүү Өзбекстандын жараны кармалды

Даниянын Вайле шаардык соту Стамбулдун Reina түнкү клубундагы терактка шектүү катары кармалган Өзбекстандын 42 жаштагы жаранын төрт жумага камакка алуу чечимин чыгарды. Быйыл 1-январга караган түнкү кол салуудан 39 адам каза болуп, ондогон киши жаракат алган.

Даниянын The Vejle Amts Folkeblad гезитинин кабарчысы Андерс Кристенсендин билдиришинче, сот 42 жаштагы өзбекстандыкты камакка алуу чечимин түрк полициясы тарабынан берилген материалдардын негизинде кабыл алды.

Ал Дания бийлиги өзбекстандыкка карата эч кандай айып такпаганын билдирди. Айтымында, өзбек жаранын Түркияга өткөрүп берүү боюнча акыркы чечимди Даниянын башкы прокурору кабыл алат.

The Vejle Amts Folkeblad басылмасынын маалыматына караганда, полиция Войле шаарында жашаган Өзбекстан жаранына таандык бир нече компьютерди жана жабдууларды конфискациялады. «Экстрадициялоо боюнча Түркиянын катында 2008-жылы Данияда качкын макамын алган Өзбекстан жараны Reina түнкү клубуна кол салууну уюштурган Абдулкадыр Машариповду курал менен камсыздагандыгы жазылган, деп айтылат гезиттин билдирүүсүндө.

Клубга кол салуу үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алган. Кол салууну аткарган теги өзбекстандык 34 жаштагы Абдулкадыр Машарипов теракттан 16 күн өткөндөн кийин Стамбулда кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Казакстанда ала качуу боюнча эки киши соттолду

Казакстандын Актөбө шаарында ала качууга катышты деген айып менен эки жергиликтүү тургун түрмөгө кесилди.

21 жаштагы Санат Умирзак адам урдоо беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 4,5 жылга эркинен ажыратылды. Ага жардам берди деп айыпталган Алдаберген Жумажанов 5 жыл абак жазасын алды. Жумажанов буга чейин башка иш боюнча соттолгон болчу.

Окуя 14-июнда шаардык базарда болгон. Жабырлануучу кыз базардын коопсуздук кызматкерлеринин жардамы менен кутулуп кеткен. Соттун материалдарына ылайык, Умирзак менен Жумажанов кызды Хромтау шаарына алып кетишмек.

Сот өкүмүнө ылайык, соттолуучулар өз жазаларын жалпы тартиптеги абакта өтөшөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Видео - Бишкек-Ош жолундагы автокырсык 8 адамдын өмүрүн алды

20-июль күнү таңкы саат 06:30да Бишкек-Ош жолунун 468-чакырымында, Таш-Көмүр шаарына жакын жерде 3 автоунаа катышкан оор автокырсык болуп өткөн.  Анын натыйжасында 8 адам каза болуп, 4 адам жаракат алган.

Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча сол рулдуу “Хонда Стэпвагон» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номери 06КG 359 AAI) автоунаа 9 адам менен Бишкек шаарынан Ош шаарын көздөй бараткан. Жолдун 468-чакырымында айдоочу, 1991-жылы туулган Өзгөң районунун тургуну Д. Санжарбек өз жолунан чыгып, каршы келаткан оор жүк ташуучу MAN үлгүсүндөгү машина менен кагышып оонап кеткен да «Хонду Одиссей» жеңил автоунаасына урунган. Натыйжада  8 адам каза болуп, 4 адам жаракат алышкан. Айдоочу тирүү калган.

https://www.youtube.com/watch?v=2M-ahF0gxqQ

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео Тrassa Taxi 

Казакстанда кепилдик компаниянын мурдагы жетекчилери соттолду

Алматыда Amanat Insurance кепилдик компаниясындагы алдамчылык боюнча сот өкүмү чыкты. Компаниянын төрагасы Зауре Сеитова жана мурдагы эки директор “документ жасалмалоо” жана “алдамчылык” боюнча күнөөлүү деп табылып, эки жарым жылдан эркинен ажыратылышты.

Зауре Сеитова, Светлана Писарева жана Гүлжан Жаутикова эмгек келишимин бузууда компенсация төлөнүшү керек деп шылтоолоп, жалган документтердин аркасы менен кепилдик компаниянын акчаларын өөнөшкөн.

Сот алардын мүлкүн мамлекеттин карамагына алуу менен беш жылдан эркине ажыратты. Бирок мунапыс мыйзамы колдонулуп, жаза мөөнөттөрүнүн тең жарымы кыскартылды.

Өкүм али күчүнө кире элек, ага нааразы тараптар 15 күн аралыгында жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыла алышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кабулдагы жардыруудан өлгөндөрдүн саны 35 кишиге жетти

Кабулда жанкечтинин мамлекеттик кызматкерлер бара жаткан автобуска жасаган чабуулунан 35 киши өлдү. Бул тууралуу Reuters агенттиги ооган өкмөтүндөгү булактарына таянуу менен билдирди.

Буга чейин Ооганстан ИИМинин басма сөз катчысы Наджиб Даниш 24 киши курман болгонун 40тан ашууну жаракат алганын маалымдаган.

Жардыруу бүгүн эртең менен Кабулдун батыш бөлүгүндө орун алган. Жанкечти жардыруучу зат орнотулган автоунаасы менен автобусту барып сүзгөнү айтылууда. Жардыруунун кесепетинен автобус күйүп кеткен.

Автобуста Тоо-кен өндүрүү министрлигинин кызматкерлери бараткан.

ТАСС агенттиги теракт үчүн жоопкерчиликти “Талибан” экстремисттик кыймылы өз мойнуна алганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Патрулдук милиция кызматкерлери изи сууй электе жөө жүргүнчүнү сүзүп качкан айдоочуну кармады

2017-жылдын 22-июль күнү болжол менен саат 22:00 чамасында Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында белгисиз айдоочу автоунаасы менен жаранды сүзүп кеткен. Бул туурасында Чүй ОИИББнын ПМБнын Басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу алган жаракатынан мерт кеткен жана автоунаа ээси окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесине (жол кыймылынын эрежесин бузуу жана транспорттук каражатын эксплуатациялоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Чүй облусунун ИИББдин ПМБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө “Honda Streem” автоунаасынын ээси 30 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, автоунаасы айып пул төлөөчү жайга жеткирилген. Азыркы учурда экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Республика аймагында жүрүп жаткан рейддердин алкагында баңгизатын мыйзамсыз сактаган жарандар кармалды

Республика аймагында жүрүп жаткан рейддердин алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2017-жылдын 23-июлунда Балыкчы шаарындагы Манас кѳчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн жанынан, мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси менен соттолгон Нарын шаарынын тургуну 44 жаштагы К.Т. кармалып, жанынан 840 гр. марихуана алынган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Ошондой эле Түп райондук милициясы тарабынан 21-июлда Кудургу айылындагы дүкөндөрдүн жанынан Каракол-Бишкек каттамындагы “Мерседес-Спринтер” автоунаасында жүргүнчү болуп бара жаткан Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 21 жаштагы Б.Н. аттуу тургуну кармалып, кароо учурунда, рюкзагынан 200 гр. кара-куурай табылган. Жалпысынан 1 кг. 40 гр. салмактагы баңгизаты алынган.

Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 246-беренесинин (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде кылмыш иштери козголуп, азыркы убакта бул кылмыштарга тиешеси болгон башка кишилерди аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

Меню