Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Ош шаарынын милиция кызматкерлери тарабынан экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген жаран кармалды

Ош ШИИББдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө Сирия-ирактык аймакта согуштук чыр-чатакка катышып келген жарандын өздүгүн такташты.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча 1995-жылы туулган Ош шаарынын М.А. аттуу тургуну Сирия аймагында Ислам мамлекети аталышындагы легеринде согуштук ыкмаларга үйрөнүп, эл аралык террористтик уюмдун мүчөсүнө ыктыярдуу түрдө кирген. Бул туурасында ИИМдин Басма Сөз кызматы билдирет.

Шектүүнүн жашаган жерин текшерүү маалында көп сандаган мыйзамсыз сакталган экстремисттик мүнөздөгү материалдар табылды. Экстремисттик топтор менен байланышы бардыгына жана террористтик ишмердүүлүк менен алектенгени боюнча террористтердин шектүү менен сүйлөшүү учурундагы аудиокөчүрмөлөр жана бир канча документтер менен кошо далил катарында сүрөттөр, аудиокөчүрмөлөр, видеокөчүрмөлөр, дикстер, китептер, өзбек, араб тилдериндеги баракчалар табылды. Андан сырткары, кармалган адамдын үйүнөн мыйзамсыз сакталган РГД-5 үлгүсүндөгү жарылуучу заттан 2 бирдик табылып алынды.

Ош ШИИББдин маалыматында, кармалган жаран Сирия-ирактын аймакта согуштук чыр-чатакка катышып, экстремисттик материалдарды таратып, террористтик мүнөздөгү идеялогияны жайылтуу менен алектенген. Кыргыз Республикасынын түштүк аймагында жардырууну пландап жүргөн.

Жогорудагы кылмыш ишине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-берененин 2-бөлүмүнө (Сатып алуу, сактоо, таркатуу же болбосо аларды даярдоо жана жайылтуу максатында экстремисттик материалдарды ошондой эле белгилерин жана экстремисттик уюмдардын атрибуттарын атайын колдонуу) ылайык милици кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чарасы жүргүзүлдү.

Кармалган адам Ош шаарынын ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин 10-башкы башкармалыгы экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү ишмердүүлүгүн ачыктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чарасын улантууда.

«Йакын инкар» диний агымы экстремисттик деп табылды

«Йакын инкар» диний агымы экстремисттик деп табылды. Бул тууралуу Жогорку сот кабарлайт. Октябрь райондук соту 15-июнда Башкы прокуратуранын кайрылуусу менен бул агымдын ишмердигин карап чыгып, аларга тыюу салуу чечимин чыгарган. Буга чейин муфтият дагы инкарчыларга калк арасында үгүттөө жүргүзүүгө тыюу салган. Жогорку соттун маалыматында, «Иакын инкар» — «Таблиг Жамаат» уюмунан бөлүнүп чыккан агым экендиги айтылат. Жергиликтүү басылмалар Ысык-Көл жана Нарында узун сакал өстүрүп, пакистандык эркектердин кийимин кийип, заманбап жашоону четке кагып, иштебей, Мухаммед пайгамбардын кезиндегидей жашоого үгүттөгөн топ пайда болгонун жазып чыгышкан. Айрым пикирлерге караганда, алар уюлдук телефон, телевизор колдонушпайт жана мамлекеттик органдарды таанышпайт.

Булак: “Фабула”

ИИМ: Сирия-Иракта машыгып келген жаран кармалды

Ошто Сирия-Ирак аймагындагы куралдуу жаңжалдарга катышып келген жаран кармалды.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кармалган М.А. аттуу жаран 22 жашта экенин жана ал эл аралык террористтик уюмунун мүчөсү болгонун кабарлады. Анын Сирияда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун лагеринде машыгып келгени айтылат. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда көп сандаган экстремисттик мазмундагы аудио, видео материалдар, китеп, диск, өзбек жана араб тилдериндеги баракчалар жана анын террористтик топторго катышы барын ырастаган диалогдор табылган. Мындан сырткары милиция кызматкерлери анын үйүнөн эки РГД-5 гранатасын тапкан.

Ош милициясынын маалыматында кармалган жаран Кыргызстандын аймагында тыюу салынган уюмдун идеяларын жайылтып, үгүттөп жүргөн. Өлкө түштүгүндө теракт уюштурууну пландаган. Шектүү жаран убактылуу кармоо жайына камалды. Тергөө амалдары жүрүүдө.

19-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ош облусунун Кара-Суу районунан 37 жаштагы теракт уюштурууга даярданып жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалганын кабарлаган болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан армияга барбаган 100дөй качкынды издөөдө

Тажикстан бийлиги армиядан качан жүздөй жаранды издөөдө. Талдоочулар жоокерлерге орой мамиле жасоо, кемсинтүү мекенге кызмат өтөөдөн баш тартууга себеп болууда.

Сонку жылдары бир нече жоокер армияда катуу сабалып, кылмыш иштери козголгон.

Он күн мурун Орусия аскерден качкандыгы үчүн мекенинде издөөдө жүргөн тажикстандык жигитти экстрадициялады. 26 жаштагы Фарход Назаров Хатлон облусунун аскер прокуратурасынын убактылуу абагына камалды.

Тергөө материалдары боюнча Фарход Назаров Рудакидеги аскер комиссариатынан медициналык кароодон өткөндөн кийин качып кеткен. Мыйзам боюнча медициналык комиссиядан өткөндөндөр жоокер болуп эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Венесуэладагы демонстрацияда 2 киши өлдү

Бейшембиде Венесуэлада өкмөттүн саясатына каршы акциялар өттү. Көтөрүлүшчүлөр полиция менен кагылышып, эки киши мерт кетти.

Өлкөнүн көптөгөн шаарларында соода түйүндөрү жана транспорт кыймылы токтоду. Көчөлөргө тосмолор орнотулду. Каракас шаарынын оппозициянын тиреги болгон аймактарында жашоо дээрик токтоп калды. Полиция өкмөттүк телеканалдын имаратына чогулган демонстранттарга көздөн жаш агызуучу газ колдонушту.

Демонстрациялар мартта башталган. Оппозиция өкүлдөрү маркум Уго Чавестин ордун баскан президент Николас Мадуронун өкмөтүнөн, Конституцияны өзгөртпөөнү, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү, камактагы активисттерди бошотууну, оппозицияга эркиндик берүүнү талап кылышууда.

Оппозиция өкүлдөрү өлкөдөгү жумушчулардын 85% иш таштоого катышканын билдирсе, Николас Мадуро жүздөгөн ишканалар 100% иштөөсүн улантып жатканын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Москвада Россиядан, Өзбекстандан жана Кыргызстандан келген кыздар сойкулук менен иштеген көмүскө жайды табышты

Москвада ыкчам жүргүзгөн иш-чаралардын натыйжасында полиция кызматкерлери Текстильщиктердин 1-көчөсүндө жайгашкан сойкулук ишин алып барган көмүскө жайды табышты жана жок кылышты. Бул туурасында Россиянын ИИМинен билдиришти.

Массаж салонунун имаратынан РФтин ар кайсы шаарларынан, Өзбекстан жана Кыргызстандан келген кыздар акчага сексуалдык кызмат көрсөтүштү деген шек менен кармалган. Алардын ичинен алтооно сойкулук кылуу беренеси менен административдик протокол түзүлдү.

Алар менен бирге мыйзамсыз ишти башкарган 51 жаштагы Москва шаарынын жашоочусу дагы кармалган. Ал администратордун кызматын аткарган.

19 жаштагы бала Ысык-Көлгө 14 жаштагы жашы жетелек кызды ээрчитип кеткендиги үчүн кылмыш иши козголду

Бишкектин тургуну, 19 жаштагы балага Ысык-Көлгө 14 жаштагы жашы жете элек кызды ата-энесинен уруксаатсыз ээрчитип алып кеткени үчүн кылмыш иши козголду. Бул туурасында Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирет.

“Ата-энеси кызды издешип, милицияга кайрылышкан. Качан кыз менен жигит Ысык-Көлдөн Бишкекке кайтып келишкенде, бала кызды милиция аркылуу издеп жатышканын билип, ЦУМдун жанына таштап коюп кетип калган. Андан соң кыз апасына чалып, үйүнө алып келишкен” – деп маалымдады ИИББнан.

Учурда эркек баланын аты-жөнү такталып, изделүүдө. Ага КРнын Кылмыш кодексинин 132-беренеси менен (16 жашка чыга элек бала менен жыныстык катнашка баруу жана башка сексуалдык мамиледе болуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Тажикстанда коррупция менен күрөшкөн мурдагы чиновниктер жабык эшик артында соттолушууда

Тажикстандын Жогорку Сотунда коррупция менен күрөшү агенттигинин мурдагы он кызматкеринин иши каралууда. Соттолуучулардын катарында бул мекемеде мурун иштеп кеткен башкы прокуратуранын жана бажы кызматынын үч өкүлү дагы бар.

Сот отурумуна жактоочулар гана киргизилди. Айыпталуучулардын туугандары жана ММК өкүлдөрү жараянга киргизилген жок.

Соттолуучулардын арасында Мамлекеттик каржы көзөмөлү жана коррупция менен күрөшүү агенттигинин директорунун мурдагы орун басары Давлатбек Хайрзода менен тергөө комитетинин башчысы Фируз Холмуродзода бар. Аталган чиновниктер алдамчылыкка, пара алууга жана башка кылмыштарга айыпталышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Москвада белгисиз кишилер журналист Юлия Латынинанын үйүнө газ чачып кетишти

Өткөн түнү Москвада белгисиз кишилер журналист Юлия Латынина жашаган үйгө кол салышкан.  “Эхо Москвы” билдиргендей, кылмышкерлер имаратка курамы белгисиз газ чачышкан.

Кол салууда Латынинадан тышкары дагы жети киши жабыркады, алардын ичинен төртөө кары адам, экөө жаш бала. Журналист полицияга кайрылууга ниеттенген жок. “Мен бул комедияга катышпайм”,– деди Латынина.

Былтыр августта белгисиз кишилер Юлия Латынинага заң чачып кетишкен. Полиция журналистке кол салуу анын кесиптик ишине байланыштуу эместигин бышыктаган. Бирок иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу башка маалыматтар жок.

Юлия Латынина саясий жана экономикалык иликтөөчү катары белгилүү. Саясий фантастика жана саясий-экономикалык детективдердин автору. Филология илимдеринин кандидаты.

«Эхо Москвы», «Коммерсантъ» жана «Ежедневный журнал» менен кызматташып, орус бийлигин кескин сындап келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жайыл райондук милициясы тарабынан автоунааны уурдаган жаран кармалды

Ушул жылдын апрель айында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө 27-жаштагы Кара-Балта шаарынын жашоочусу Б.Ж. аттуу кайрылып, арызында үйүнүн жанына «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп койгон жеринен белгисиз жаран айдап качканын билдирген. Бул туурасында Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесине ( автоунаага же автотранспорт каражаттарына мыйзамсыз ээ болуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чарасынын негизинде кылмышка шектүү жарандын өздүгү такталып, 39 жаштагы С.Р. аттуу жергиликтүү тургун болуп чыккан. Уурдалган автоунааны бөлүктөргө бөлүп, сатып жиберген. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Меню