Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго кылмыш иши козголду

Башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясынын депутаттары Акылбек Жапаровго жана Игорь Чудинов баштаган бир канча адамга кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кылмыш иши Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин материалдарынын негизинде, Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү, коррупцияга байланыштуу козголду.

Алар 2009-2015-жылдар аралыгында “Машина сыноочу станция” ишканасына 200 миллион сом мыйзамсыз ссуда бөлүп, акча максатсыз пайдаланылганы айтылууда. Иш УКМКга өткөрүлдү.

Игорь Чудинов 2007-жылдын декабрынан 2009-жылдын октябрына чейин өкмөт башчы, Акылбек Жапаров 2009-2010-жылдары вице-премьер-министр болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Селден улам Кыргызстан менен Тажикстанды бириктирген жол жабылды

Тажикстандын Ляшх районундагы (мурдагы Жергетал району) селден улам Кыргызстан менен Тажикстанды бириктирген жолдун бир бөлүгү суу алдында калды.

Табият кырсыгы 28-май эртең менен Сугат айылында болгон. Жергиликтүү тургундардын бири билдиргендей, жекшембиде Тажикстан менен Кыргызстанды бириктирген эл аралык жолдун жарым чакырымга жакын бөлүгүн суу каптап, транспорт кыймылы токтотулган.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинен Ляхш районунун Сугат айылында сел жүргөнүн ырасташты. Мекеменин маалыматына караганда, жолдун болгону 10-15 метри гана зыянга учураган. «Табият кырсыгынын кесепеттерин жоюу иштери уланып, келтирилген чыгымдын көлөмү такталууда. Жеринде куткаруучулар иш алып барууда, олуттуу тынчсызданууга негиз жок», – деп билдирди комитет кызматкери.

Айдын башында Ляхш районунун Алга айылындагы үч үй-бүлө жер силкинүүлөрдөн кийин Кыргызстан тарапка өтүп, анда калып калуу ниеттерин билдиришкен. Алардын турак-жайлары жер титирөөдөн жабыркап, жашоого мүмкүн эмес абалга жеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Манчестердеги терактты уюштурууга шектелип 14чү шектүү кармалды

Британ полициясы жекшембиде 22 адамдын өмүрүн алган Манчестердин концерттик залындагы терактка байланыштуу тинтүү иштерин жүргүзгөнүн жана жардырууну уюштурууга шектүү катары 25 жаштагы адам кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, полиция тарабынан шаардын чыгыш бөлүгүндө кармалган шектүү терроризмге айыпталууда. Муну менен бул иш боюнча кармалгандардын жалпы саны 14 адамге жетти.

Полиция жардыруу боюнча тергөө иштерин улантууда жана анын алкагында терактты аткарган жанкечти Салман Абедиге байланышы бар бардык адамдарды колго түшүрүү аракетин көрүүдө.

22-майда Манчестер шаарынын стадионунда эл концерттен тарап жатканда жанкечти өзүн жардырып, 22 киши каза таап, 60тан ашуун адам жарадар болгон. Алардын 23үнүн абалы оор бойдон ооруканада жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Египеттеги зыяратчыларга кол салуу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды

Египеттеги христиан-зыяратчыларга кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу өзүнө алды. Экстремисттер 32 адам өлтүрүлгөнүн билдиришүүдө.

Египет бийлигинин маалыматында окуядан 29 адам каза таап, 13ү жаракат алганы жана алар ооруканада экени айтылат.

25-майда куралчан топ өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Минья провинциясындагы монастырга бараткан зыяратчылардын автобусуна кол салган.

Окуядан кийин Египет президенти Абдел Фаттах ас-Сиси “Ислам мамлекети” террордук тобунун Ливиядагы машыгуучу базаларына абадан сокку урулганын жарыялады. Ишембиде аскерлер зыяратчыларга кол салууга катышкан согушкерлер даярдалган бир нече база жок кылынганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн Чүй облусундагы жайыттан кармашты

Кылмыштык топ уюштуруп, опузалап жана адам уурдагандыгы үчүн уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү  катары ИИМдин оперативдүү катоосунда турган жана бир канча жолу соттолгон, 1981-жылы туулган Ш. А. аттуу жаран (каймана аты “Протез”) Чүйдүн жайыттарынын биринен кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Жогорку соттун 2014-жылкы чечиминин негизинде, кармалган жаран Мамлекеттик ЖААКтын 8-абагына мурда жасаган кылмышы үчүн толук өтөй элек жазасын өтөө үчүн жайгаштырылган.

Ага 2011-жылы сот  14-жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган деген маалымат такталууда. Азыркы учурда Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы кармалган жарандын дагы башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендигин тактап жатат.

Кыргыз бийлиги Максим Бакиевге соттон утулуп калган карызын төлөп берүүгө чамасы жетпейт

Кыргызстан Максим Бакиевге соттон утулуп калган карызын төлөп берүүгө чамасы жетпейт. Бул туурасында анын кызыкчылыгын жактаган адвокаттар 24.kg  маалымат агенттигине билдирген.

Эске салсак, Англиянын Жогорку соту кыргыз бийлигин 2010-жылы бийликтен түшкөн президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевди “26 милион доллар уурдады” деп так эмес айыптоо такканы үчүн соттоп, Максим Бакиевдин зыянын төлөп берүүгө милдеттендирген чечим кабыл алган.

Бирок Кыргызстандын Өкмөтү мындай акчаны төлөп берүүдөн баш тартууда. Ал эми Максим Бакиевдин юристтери ал сумманы сот аркылуу өндүрүп алуу үчүн келерки доону даярдашууда.

Эскерте кетсек, сентябрда “Хикман энд Роуз” юридикалык компаниясына шилтеме жасалып, ММКда Кыргызстан Максим Бакиевге 20 млн фунт стерлигге доо койду деген маалымат таркаган. Компаниянын түшүндүрмөсүндө Бакиевдин баласына алдамчылык боюнча жарандык доо коюлган, ал эки мамлекеттик фонддун акчасын уурдады делип айыпталган.

КР Өкмөтү мамлекеттик органдардын Максим Бакиевге карата кылган доону бул сот иштеринде анын жеңиши кылып  көрсөткөн кандайдыр бир жыйынтыктар чындыкка дал келбейт деп түшүндүрмө берди.

Булак: “24.kg

Видео - Депутат Аида Саляновага каршы сот иши башталды

Бүгүн, 29-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда экс-генпрокурор,  азыркы “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Саляновага каршы биринчи соттук тескөө башталды.

Ал Жазык кодексинин “кызматын кыянатчылык менен пайдалануу” беренеси менен айыпталууда. Анын ишин төрагалык кылуучу сот Мирлан Термечиков карайт.

Эске салсак, 2016-жылдын 26-декабрында Аида Саляновага карата кылмыш иши козголгон. Баш прокуратура жана УКМК Салянова Юстиция министри болуп туруп, 2010-жылы апрель окуясынан бери изделүүдө жүргөн Алексей Елисеевге адвокттык лицензияны мыйзамсыз узартып берген деп айыптоодо.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео: Жакшылык Бердибек уулу

Республика боюнча бир жума ичинде 2000 ашуун кылмыш иши катталды

Ички иштер органдары тарабынан кылмыштар тууралуу келип түшкөн бардык билдирүүлөргө ыкчам түрдө жооп берилип жатат. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

22-28-майга чейинки аралыкта ИИМдин ыкчам чара көрүү борборуна Республика боюнча 2237 кылмыш иши катталып алардын 1835 нин өздүгү такталган. Кылмыш иликтөөгө тиешелүү 586 факты катталып, анын 339 кылмыштын бети ачылса, 81 кылмыш изи сууй электе ачылган. Мурда болгон 252 кылмыштын бети ачылган.

Адам өлтүрүү боюнча 6 кылмыш ишинин бети ачылса, 5 тоноочулук, 4 каракчылык, 4 денеге залал келтирүү, 14 зордуктоо, 232 алдамчылык, 72 уурулук, 1 мал уурулук, 1 унаа урдоо фактысынын бети ачылган. 5 кг. 985 грамм мыйзамсыз баңгизаты алынган. Анын ичинде 1 кг 300 гр героин болгон.

Учурда өзүн сүттөй таза көрсөткүсү келип аткан Роза Отунбаева апчебиз "Мегакомдон" 2 млн доллар чыгарып кеткенин тийиштүү органдар иликтебейби?

Оппозиционер Камчыбек Ташиевге тиешелүү «Саясат. kg» интернет сайты «Отунбаева Абековду неге канатына калкалачу эле же Роза апчебиз 2 млн. долларды «ап» этти беле?» деген темада коомчулуктун бүйүрүн кызыткан маалыматты жазып чыкты.

Анда Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы Баш прокуратура, УКМК менен биргеликте «Альфа Телеком» ЖАКсынын офшорго чыгарылып кеткен финансылык активдерин кайтарып алуунун жыйынтыктоочу этабын жүргүзүп атканын жана Финансылык чалгындоо кызматы Лихтенштейн княздыгынын финансы­лык чалгындоо бөлүмү менен биргеликте Кыргызстандан чыгарылып кеткен активдерди таап, аны тоңдуруп койгону тууралуу жазат.

Анан дагы ошол тоңдурулган миллиондордун 2 миллиону өткөөл мезгилдин президенти болуп турган Роза Отунбаеванын убагында чыгарып кеткен каражаты экендигин социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары талкуулап атканын да билдирген. «Чындыгында эле убагын­да «Мегакомдун» жетекчилеринин бири болгон А. Абековду Р. Отунбаева ка­натына калкалап жүргөнүн жакшы билебиз. Көрсө, кептин баары 2 млн долларда жаткан турбайбы. Эми буга тийиштүү органдар көңүл буруп, мыйзам чегинде чара колдоноор бекен?», – деген суроону коёт аталган сайт.

Өтө орчундуу суроо. Учурда өзүн сүттөй таза көрсөткүсү келип аткан Роза апчебиз эми бул маалыматка эмне деп жооп берер экен? Анан дагы бул маалыматты тийиштүү органдар иликтеп, чын-бышыгына жетеби? Эгер Отунбаеванын күнөөсү далилденсе кандай чара көрүлөөр экен, ыя?

Булак: “Ачык саясат”

Бакиевдерге тиешелүү, бирок азыркы бийлик тарабынан жашырылган 15 объект ачыкка чыкты

Кыргызстанда Бакиевдерге тиешеси бар, бирок мамлекетке өтпөй калган деген дагы 15 объ­ект тууралуу маалымат чыгууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш жыйынында Бакиевдердин айрым мүлкү боюнча парламентте түзүлгөн комиссиянын жетекчиси, де­путат Канатбек Исаев билдирди. Комиссия Скрябин көчөсү 45 жа­на 45Адан башка объекттер боюн­ча деп аталат. 15тей дагы объект чыгып жатат. Тергөө, сот, проку­ратура тараптан каталардын негизинде эмне себептен булар улутташтырылбай калган деп эки чоң папка даярдалды. Кээ бир органдардан жооптор келе элек. Башкы прокуратура Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин. Скрябин көчөсүндөгү жери мыйзамсыз сатылып кетиши боюн­ча кылмыш ишин 10-февралда козгогон. Бул жер Мамлекеттик мүлк фондуна сактоого өткөрүлүп берилген.

Бишкектин Скрябин көчөсүндө жайгашкан Бакиевге тиешелүү 1,28 гектар жалпы аянттагы жер участогун жана ошондой эле Бакиевдин айланасындагыларга тиешелүү болгон башка объекттерди сатуу фактыларына тийиштүү маселелерди иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия быйыл январь айында түзүлгөн. Комиссиянын жетекчиси Канат­бек Исаев жаңы объекттер чыгып жатканына байланыштуу анын ишин 30-июнга чейин узартууну өтүндү.

Булак: “Фабула”

Меню