Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Түркия жараны Түркмөнстандан компенсация талап кылууда

Түркиялык адис Эрол Эгрек аткарган иши үчүн түркмөн ишканаларынын компенсация төлөп берүүсүн талап кылууда.

Эрол Эгректин билдиришинче, ал үй-бүлөсү менен Түркмөнстанга иштөө үчүн 2004-жылы барган. 2009-жылдын июлуна чейин «Чалык Гроуп» компаниясынын түрдүү объектилеринде электроника боюнча адис болуп иштеген. Андан сырткары Эгрек «Балкан» текстил фабрикасында, Кахкинск жибек ийрүүчү фабрикада жана «Түркмөнбашы» деген жынсы фабрикасында эмгектенген.

Эгрек «Чалык Гроуп» компаниясы аны негизсиз иштен алып, эч кандай компенсация төлөп бербегенин билдирүүдө. Айтымында, ал өз кызыкчылыгын сотто коргоого аракет кылган, бирок компания буга эч кандай тиешеси жок экенин айтып, өлкөнүн Текстиль өнөр жайы министрлигине кайрылуусу керектигин билдирген.

Мындай жооптон кийин түрк жараны Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовго жана тармактык жетекчилерге кайрылып, 80 миң долларга баалаган коменсациясын алууга жардам берүүсүн өтүндү.

Бул иш боюнча «Чалык Гроуп» компаниясынан жана Текстиль өнөр жайы министрлигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кишиневдун мэри коррупцияга шектелип кармалды

Кишиневдун мэри Дорин Киртоакэ жемкорлукка шектелип бейшемби күнү кечинде кармалды. «Интерфакс» өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук борборунун басма сөз катчысы Анжела Старинскаяга шилтеме кылып билдиргендей, Киртоакэ кызмат абалын кыянат пайдаланган деп дагы айыпталууда.

Калаа башчысы кармалганга чейин анын иш бөлмөсүндө бир нече саат тинтүү жүргүзүлгөн. Мэрия имаратынын алдында Киртоакэнин тарапташтары менен каршылаштары митингге чыгышты. Алардын жарымы «Мэрге эркиндик!» деп кыйкырып жатышса, экинчи тобу «Камалыш керек!» деген ураандарды айтышууда. Киртоакэнин өзү болсо бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Мурдараак Кишиневдун эки вице-мэри, шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы жана транспорт министри камакка алынган. Алардын баары тең Киртоакэ төрага орун басары эсептелген европачыл Либералдык партиянын мүчөлөрү.

Дорин Киртоакэ Молдованын борбору Кишиневду 2007-жылдан бери башкарып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Султанзода мурдагы кызматкерлердин үйүнөн миллиондогон акча табылганын четке какты

Тажикстандын Каржы көзөмөлү жана жемкорлукка каршы күрөшүү агенттигинин башчысы Сулаймон Султанзода мекеменин мурдагы кызматкерлеринин үйлөрүндө миллиондогон акчалар жана алтын табылгандыгы тууралуу маалыматтарды четке какты.

Ал мурдагы кызматкерлердин тобу кармалганын ырастады, бирок кылмыш иши боюнча тергөө аяктай электигин жүйө келтирип, бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Учурда ишти атайын түзүлгөн тергөө тобу карап жатат.

Агенттик ошондой эле мекеме башчысынын мурдагы орун басарынын ата-энесинин үйүнөн 35 млн доллар, ал эми экс-тергөөчү Фируз Холмуродзоданын үйүнөн 1,3 млн доллар жана 6 килограмм алтын табылгандыгы тууралуу билдирүүлөрдү да четке какты.

Султанзоданын айтымында, мекеменин мурдагы тергөөчүсү Фирдавс Ниёзбадаловдун бункеринде капка салынган акча, алтын жана баалуу таштар табылгандыгы тууралуу маалыматтар да чындыкка дал келбейт.

Апрелдин аягынан бери Тажикстанда антикоррупциялык мекеменин мурдагы жана учурдагы аткаминерлери кармалууда. Булактардын маалыматына караганда, ушул күнгө чейин агенттиктин жети экс-кызматкери камалгандыгы ырасталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Манчестердеги терактка шектелген алтынчы киши кармалды

Британ полициясы 22 адамдын өмүрүн алган Манчестердеги терактты уюштурууга шектелген алтынчы киши кармалгандыгын билдирди. Шаардын түндүк бөлүгүндөгү Блэкли шаарчасында жүргүзүлгөн тинтүү маалында бир аял кармалды.

Полиция өкүлү кеп кылмыштуу топ жөнүндө болуп жатканын жана полиция бүткүл Манчестер боюнча күчөтүлгөн тартипте издөө иштерин алып барып жатканын билдирди.

Улуу Британиянын ички иштер министри Эмбер Радд Манчестердеги теракт “мурдагылардан кыйла курч мүнөзгө ээ болгонун жана анын аткаруучусу жалгыз иштебегендигин» билдирди.

Буга чейин полиция Манчестердин батышындагы Виган шаарчасында бешинчи шектүү кармалганын билдирген. Колго түшүрүү маалында анын колунда баштык болгон, учурда ичинде эмне болгондугу такталууда.

23-майга караган түнкү жардыруу үчүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алган. Кандуу окуя миңдеген адамдар чогулган концерттен кийин болгон. Теракттын уюштуруучусу теги Ливиялык, бирок Манчестерде туулган 22 жаштагы Салман Абеди экендиги аныкталган. Терактка шектелип Улуу Британияда кармалган беш адамдын арасында анын Исмаил аттуу бир тууганы да бар. Ал ортодо Ливиянын күч түзүмдөрү Триполиде Салман Абединин атасы жана дагы бир бир тууганы камакка алынганын маалымдашты.

Манчестердеги теракттан улам америкалык ырчы Ариана Гранде «Коркунучтуу аял» аттуу дүйнөлүк турнесин убактылуу токтотту. 22-майдагы жардыруу анын концертинен кийин уюштурулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Улуу Британия АКШны террорчу тууралуу маалыматты таратууга айыптоодо

Улуу Британия ММКлары АКШ администрациясынын өкүлдөрүн Манчестерде жардыруу уюштурган террорист жана ал колдонгон жардыруучу зат тууралуу маалыматты жайылтууга айыптоодо.

Маалыматтарга караганда, америкалык ММКлар алгач ыктымал жанкечтинин ысымын (Салман Абеди) Манчестер полициясынын каршы чыкканына карбай жарыялап, иликтөөгө тоскоол жараткан. Кийинчерээк New York Times гезити жардыруучу заттын сүрөтүн жарыялап, анын кантип жасалгандыгы тууралуу кабарды жарыялаган. Бул маалыматтарды АКШ бийлиги британ бийлигинен алган, Улуу Британиянын ички иштер министри Амбер Радд Акүйгө материалдарды жарыялоого болбой турганын айткан.

Telegraph билдиргендей, британ өкмөтү катуу ачууланууда. Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй маалыматтын чыгып кетүүсү жөнүндөгү маселени Брюсселдеги саммитте АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушууда талкуулай турганы күтүлүүдө.

Манчестердеги теракт 22-майда болгон. Жанкечти америкалык ырчы Ариана Гранденин концерти бүтөр замат бомба жардырган. Жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” тобу өз мойнуна алды. Кол салуучу Салман Абеди Ливияда туулган. Күн мурун Ливия бийлиги анын атасын жана агасын кармаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Прокурор Аблязовду 20 жылга соттоону сурады

Прокурор оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовдун мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратууну сурады. Ал БТА Банктан ири суммадагы акча уурдаган деген айып менен Алматыда сырттан соттолууда.

Бул иштин алкагында Мухтар Аблязовго кылмыштуу топ түзүү жана аны башкаруу, кызмат абалын кыянат пайдалануу, БТА Банктан акча уурдоо жана банктын каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу айыптары тагылган.

Чет өлкөдө жашап жүргөн Аблязов айыптарды четке кагып, кылмыш иши саясий негизде козголгонун билдирүүдө. Саясатчы Казакстан бийлигин андан ошол кезде активдери боюнча өлкөдөгү ири коммерциялык банк болуп турган БТА Банкты тартып алган деп айыптоодо.

Tengrinews сайтынын маалыматына караганда, прокурор соттон Аблязовго карата кошумча жаза катары банк ишмердүүлүгү менен алектенүүгө үч жылга тыюу салуу жана 300 бир айлык эсептик көрсөткүч (680 миң тенгенден ашык) өлчөмүндөгү айып төлөтүүсүн өтүндү.

Сот отурумунда БТА Банктын өкүлү Еркин Баймагамбетов прокурордун позициясын колдой турганын билдирди. Сот 15 саатка чейин тыныгуу жарыялады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Манчестердеги жардырууга ливиялык иммигранттын баласы шектелүүдө

Британ бийлиги Манчестердеги концерт көрүүчүлөрүнө кол салган шектүүнүн ысымын жарыялады. Ал 1994-жылы туулган Салман Абеди. Шектүүнүн ата-энеси 1990-жылдардын башында Муамара Каддафинин репрессиялык режиминен качып Ливиядан Британияга келишкен.

22-майда Британиянын Манчестер шаарындагы “Манчестер Арена” концерт залынын кире беришиндеги жардыруудан өлгөндөр саны 22ге жетти, алардын арасында сегиз жашар кыз бар. Жарадарлар 59 болсо, 12си балдар.

Шаар полициясы жанкечти өзү да өлгөнүн бышыктоодо.

Жардырууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу алып, чабуулду өз мүчөлөрүнүн бири ишке ашырганын маалымдоодо.

Шейшембиде британ полициясы Манчестердеги жардырууга байланыштуу 23 жаштагы жигитти кармагын жарыялаган.

Кандуу окуядан кийин британ саясий партиялары 8-июнда өтүүчү парламенттик шайлоого карата үгүт өнөктүктөрүн токтото турууну чечишти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бишкекте колго жасалган жардыргычтын муляжы жок кылынды

Бишкекте колго жасалган жардыргычтын муляжы жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов кабарлады.

Анын белгилешинче, “102” номуруна Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын жанында шектүү нерсе жатканы тууралуу телефондук билдирүү түшкөн. Милициянын жана атайын кызматтын өкүлдөрү окуя болгон жерди курчоого алган.

Ал жерде шектүү куту табылып, УКМКнын саперлору аны жок кылды:

– Кутунун ичинен колго жасалган жардыруучу заттын окшоштурулган көчүрмөсү, муляж табылып, ал жок кылынды, – деди Сулайманов.

Окуяны күч органдары териштире баштады.

Учурда бул окуя интернетте катуу талкууланып, айрымдар Улуттук филармониянын жанында жардыруу болду деген божомолун айтууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ферганада жөө адамдарды сүзүп кеткен РИИБ башчысынын иши иликтенүүдө

Ферганада эки жөө адамдын өлүмүнө шектелип жаткан Алтыарык РИИБ башчысы Расулжон Юлдашевдин иши боюнча тергөө башталды.

Булактардын маалыматына караганда, ал 9-май күнү кечинде мас абалында унаа айдап баратып Фергана шаарынын борборунан эки адамды сүзүп алган. Алардын бирөөсү ошол жерде, экинчиси ооруканада каза болгон.

Алтыарык РИИБсинин атын атагысы келбеген кызматкери Расулжон Юлдашевдин кызматтан алынгандыгын ырастады. Учурда анын иши тергөөдө.

Кылмыш ишин Фергана шаардык прокуратурасы тергеп жатат. Мекемеден Расулжон Юлдашевге карата кылмыш иши козголгонун четке кагышкан жок. «Мындан башка эч нерсе айта албайм. Кененирээк прокуратурага келсеңер айтып беребиз, телефон аркылуу маалымат берилбейт», – деди прокуратура өкүлү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ысык-Көл облусунда адам өлтүрүү кылмышынын бети ачылды

2017-жылдын 18-май күнү Каракол ШИИБнүн нөөмөт кызматына Каракол – Пристань шаарчасынын көчөлөрүнүн биринде белгисиз азия улутундагы, болжол менен 35-40 жаштагы адамдын өлүгү табылгандыгы жөнүндө кабар түшөт, деп маалымдайт Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы.

Окуя болгон жерге келишкен тергөө-ыкчам тобунун кызматкерлери сырткы кароо жүргүзгөндө өлгөн адамдын кекиртек тушунда учту нерсе менен кесилген жаракатты байкалат. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында өлгөн адамдын өздүгү аныкталат. Ал ушул эле шаарчасынын 38 жаштагы тургуну болуп чыгат.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адамды өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголот. Жакында Ысык-Көл ОИИБнын жана Каракол ШИИБнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Бандит» жана «Нелегал» операцияларынын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү адам кармалды. Ал Каракол шаарынын 58-жаштагы тургуну, мурда баңгизатын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн соттолгон И.Б. болуп чыккан. Кармалган адам күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кылмышка шектүү катары кармалган адам Каракол ШИИБнүн убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Меню