Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Бүгүн Нариман Түлеевдин "Сапат Центр" бизнес-борборун бийлик конфискациялап жатат

Бүгүн, 21-апрелде таң атпай саат 05:00дө сот аткаруучулары 200дөн ашуун милиция кызматкерлери менен келип, Нариман Түлеевге таандык “Сапат Центр” имаратын курчап алып, конфискациялоо процедурасын жүргүзүп жатат. Милиция кызматкерлери имараттын ээси Нариман Түлеевди жана бизнес-борбордун арендаторлорун дагы имараттын ичине киргизбей жатышат.

ИИМдин билдирүүсү боюнча соттун чечимине байланыштуу “Сапат Центр” эми  улутташтырылып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өтөт.

https://www.facebook.com/100002165195814/videos/1373891522693008/

https://www.facebook.com/100002165195814/videos/1373925072689653/

Булак: Kyrgyztoday.kg 

Ташкент сойкуканалардан «тазаланууда»

11-апрелдеги селектордук жыйында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкенттин Чиланзар районунда сойкуканалардын көп экенин айтып, РИИБ башчысын, прокурорду жана район акимин жемелеген. Ал окуядан кийин райондогу бир катар кафе, түнкү клуб жана сойкуканаларда рейддер өткөрүлдү.

РИИБ кызматкеринин айтымында, акыркы үч күндүн ичинде түнкү клуб, кафе, сауна жана жеке турак үйлөр өңдүү 58 объектиде текшерүүлөр болуп, сутенерлукка, сойкулук менен алектенүүгө жана сойкукана уюштурууга шектелип 38 киши кармалды.

– Кармалгандарга айып салып, тери-венерологиялык диспансерге жөнөтүштү. Төрт адам ресторандар менен эс алуу жайларында сойкукана уюштурган деген шек менен кармалды. Айрым түнкү клуб ээлери ал жакка сойкуларды киргизгендиги үчүн административдик жоопко тартылышты, – деди ал.

Ташкенттин аталган районунда жашаган журналист Бобомурод Абдулла мындай рейддерди кубаттайт. Бирок милициянын бул өңдүү чаралары көп учурларда натыйжасыз болот деп эсептейт:

– Райондо сойкуларга каршы рейддерди өткөргөндүктөрү абдан жакшы болду. Акыркы кездери бул жер Ташкенттин чоң сойкуканасына айланып калган. Бир аз бассаң эле көчө бойлоп тургандарын көрөсүңөр. Мындан улам күндүз балдар менен сейилдей албай калганбыз. Бирок кийин кармалган сойкулар менен эмне болот? Мен укук коргоо органдарынын кызматкерлери аларды сабап, зордукташат деп уккам. Менимче, бул көрүнүшкө каршы системалык реформа жасоо жолу менен гана күрөшүүгө болот. Мындай күч колдонгон рейддер жардам бербейт, – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ФСБ: Петербургдагы терактты уюштурууга шектелген жарандын бир тууганы кармалды

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Москвада Санкт-Петербург метросундагы терактты уюштурууга шектелип жаткан Аброр Азимовдун бир тууганы Акрам Азимов кармалганын билдирди.

3-апрелде Петербург метросундагы теракттан 14 киши өлүп, элүүдөн ашууну жарадар болгон. Тергөө жардырууну Акбаржон Жалилов аттуу Орусиянын 22 жаштагы жараны жасаган деп эсептөөдө.

Орусиянын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча терактты күн мурун камакка алынган Аброр Азимов уюштурган. Бирок ал күнөөсүн мойнуна алган жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Видео - Орусияда террорчулукка шектелген эки борборазиялык жаран өлтүрүлдү

Орусиянын Коопсуздук кызматы билдиргендей, Москванын түштүгүндөгү Владимир облусундагы атышууда террорчулукка шектелген борбор азиялык эки согушкер жок кылынды.

Орусиянын маалымат каражаттары жазышкандай, 26 жана 30 жаштагы эки адам колго түшүп берүүгө көнбөй, Коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнө каршы ок чыгарганда өлтүрүлгөн.

Орусиялык ММКлар өлтүрүлгөндөрдү “теракт уюштуруучулар” деп атап жибергенге үлгүрүштү.

ФСБ кабарлагандай, шектүүлөр “эл аралык террордук топтор менен байланышта болушкан жана Орусиянын аймагында террордук кол салууларды уюштурууга даярданып жатышкан”.

ФСБнын маалыматы боюнча коопсуздук кызматкерлеринин арасында жабыр таркандар жок. Ыкчам-иликтөө иштери жүргөн жерде жардыруучу зат даярдоочу компоненттер, АК-74 автоматы, Макаров пистолети жана ок-дарылар табылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШда белгилүү теле алып баруучу сексуалдык ыдык үчүн жумуштан алынды

Америкалык Fox News телеканалы кабелдик каналдар арасында эң популярдуу саясий шоу эсептелген «Фактор О’Райли» берүүсүнүн алып баруучусу Билл О’Райлини жумуштан алды.

Тараптардын ортосундагы макулдашууга ылайык, О’Райлинин телеканалдан кетишинин так себептери айтылган жок. Бирок жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришкендей, алып баруучу Fox News телеканалындагы кызматкерлерге карата сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыпталып иштен кеткен. Бул окуядан кийин каналга жарнама берген компаниялар кескин кыскарган.

«Мен негизсиз жалаа жабуулардан улам кетүүгө аргасыз болуп жатканыма капамын. Бүгүнкү күндө көптөгөн таанымал адамдар кабылып жаткан реалдуулук мына ушундай. Fox News телеканалында өткөргөн жылдарымды жана андагы укмуштуудай ийгиликтерибизди дайыма сыймыктануу менен эстеп жүрөм. Ошондой эле туруктуу көрүүчүлөрүмө болгон ыраазычылыгымды өмүр бою сактайм. Fox News телеканалына болсо жалаң жакшы нерселерди гана каалайм» – деп билдирди О’Райли.

New York Times гезитинин билдиришинче, О’Райли кызматкерлерге карата 15 жылдан бери сексуалдык ыдык көрсөтүп келген. Жетекчилик менен бирге ал дооматтарды тышка чыгарбай, жабырлануучулардын “оозун” басуу үчүн 15 миллион доллар коротушкан. Алып баруучунун жооругун асылууга кабылган аялдардын бири айтып чыккан.

Билл O’Райли АКШ президенттеринен, анын ичинде Барак Обама менен Дональд Трамптан бир канча жолу маек алган. Февралда анын Владимир Путинди «адам өлтүргүч» деп атоосу коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жараткан. Кремль телеканалдын кечирим суроону талап кылган. Жооп катары О’Райли алты жылдын кийин кечирим сурашы мүмкүн экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда майыптарды алдап жүргөн топтун иши сотко өттү

Тажикстанда кайрымдуулук уюмунун кызматкерлерибиз деп майыптардын ишенимине кирип, алардын акчаларын алып кеткен төрт адамга карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу өлкөнүн ИИМинен билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүүлөр ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып жатышат. Алар кайрымдуулук уюмунда иштей тургандыктарын айтышып, жардам катары Дүйшөмбүдөгү майыптарга 3 литрден өсүмдүк майын жана 50 сомониден акча берип ишенимине кирген. Андан соң арзандатылган баада батир, унаа жана санаторийлерге жолдомо бере тургандыктарын айтып, майыптардан 200 миң сомониден ашык акча алышкан. Жалпысынан аларга 35 киши алданган.

ИИМдин басма сөз кызматынан төрт адам тең алдамчылык фактысы боюнча үч ай мурда кармалганын билдиришти. Бирок тергөө иштеринин жүрүшүндө бул сыяктуу ондогон фактылар белгилүү болгон. ИИМдин маалыматы боюнча, алар өздөрүн «Майыптарга жардам» аттуу кайрымдуулук уюмунун кызматкерлерибиз деп тааныштырып, жасалма мөөр колдонуп жүрүшкөн.

Иш боюнча материалдар сотко 19-апрелде өткөрүлдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Самаркандда милиция кызматкери автоматтан ок чыгарды

Самаркандда Ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматынын 24 жаштагы катардагы күзөтчүсү чебердебей, жумуш маалында автоматтан ок чыгарды.

Облустук прокуратура бул окуя боюнча кызматтык териштирүү баштады.

Прокуратурадагы өз булак кабарлагандай, иликтөө “байкабастыктан ок чыгаруу” катары каралууда. Катардагы күзөтчү Жахангир Мусахановду жумуштан кетиришкен жок, эскертүү беришти. Окуя маалында эч ким жабыркаган эмес.

Бул арада Самарканддагы күбөлөр тартип сакчысы суицид жасоого аракет кылганын билдиришүүдө. “Милиционер өз жанын кыюуга аракет жасаган. Ал автоматты төшүнө такап, машаны басарда шериги сактап калган. Автоматтын огу милиция автобусуна тийген”, – деди күбө.

Бирок Самарканд шаарынын администрациясы бул маалыматты четке кагып, окуя байкабастыктан орун алганын билдирүүдө.

–Мусаханов өз жанын кыйгысы келген эмес. 1-апрелде ал ИИБ имаратын кайтаруу үчүн посту өткөрүп алган. Андан соң автобустар турган бастырмага барып, автобустардын биринин ичине кирген. Ал салондо автоматты кармалап атып, кокустан машаны басып алган. Автоматтын үнүн угуп, шериги жүгүрүп келип, куралды алууга аракет жасап жатып ал дагы машаны басып алган. Окуя болгон жерге жетекчилер келгенде Мусаханов нес болуп калган. Ал машаны кокустан басып алганын айткан, – деп түшүндүрүштү Самарканд администрациясынан.

Өзбекстанда буга чейин 29 жаштагы капитан табелдик курал менен өзүн атып өлтүргөн. Ага чейин милициянын дагы бир полковниги бир туугандарына ок чыгаргандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Петербургдагы терактты уюштурууга шектелген жаран күнөөсүн мойнуна алган жок

Санкт-Петербургда теракт уюштурду деп шектелген Аброр Азимов өз күнөөсүн мойнуна алган жок. Бул тууралуу ал 18-апрелде Москванын Басман райондук сотунда билдирди.

Сотто ал белгисиз адамдан буйрук алганын жана теракт уюштурууга катышып жатканын билбегенин айтты. Ал эми тергөөчү менен Азимовдун адвокаты мурдараак ал күнөөнү мойнуна алганын билдиришкен.

Аброр Азимов 17-апрелде Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан Москва облусунун Одинцов районунда кармалган. Анын жанынан Макаров үлгүсүндөгү тапанча табылган. Тергөөнүн алдын-ала божомолу боюнча Азимов терактты ишке ашырган жанкечти Акбаржон Жалиловду даярдоого катышкан. Маалымат каражаттары жазышкандай, Жалилов теракт алдында Азимов менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Азимов 2013-жылы Орусиянын жарандыгын алган.

Учурда террорчулукка шектелип кармалган он борбор азиялык мигранттын Питердеги жардырууга тиешеси бар же жогу расмий органдар тарабынан маалымдала элек.

3-апрелде Санкт-Петербургдун метросундагы жардыруудан 14 адам өлүп, элүүдөн ашууну жарадар болушкан. Жардырууну Акбаржон Жалилов аттуу Орусия жараны жасаганын тергөө органдары маалымдашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажик аманатчылары микрокредиттик уюмдан 1,5 млн долларды кайтарып берүүнү талап кылышууда

Худжандда банкрот деп табылган “Хамдаси” микрокредиттик уюмунун кардарлары акчаларын кайтарып алуу үчүн коррупцияга каршы мекемеден жардам сурашууда. Алардын айтымында, микрокредиттик уюмдун башчысы төлөмдөрдү кайтарып берген эмес. Аманатчылар уюмдун жооптуу кызматкерлерин жазага тартууну талап кылышууда.

Жамааттык арызга 30 аманатчы кол койду. Анда кардарлардын бир миллиондой долларына ээлик кылып алганы үчүн 18 жылга соттолгон микроаманат уюмунун башчысы гана эмес, насыя бөлүмүнүн жетекчиси, башкы эсепчи сыяктуу жооптуу адамдар дагы күнөөлүү экени жазылган.

Аманатчылардын билдиришинче, бул адамдар микрокредиттик уюмдун аркасына жашынып алып, каржы пирамидасын түзүшкөн. Алар насыя беришип, бирок кардардардын күрөөгө койгон мүлктөрүн өздөрүнө каттатып, депозиттерди алып турушкан. Уюмдун жооптуу кызматкерлеринин баары бири-бири менен тууган экени жана мурда иштелип чыккан схема менен иштешкени айтылууда.

Худжанддагы «Хамдасти» микрокредиттик уюму 2009-жылы түзүлгөн, бирок 2015-жылы экономикалык каатчылыкты жүйө кармап жабылып калган. Тажикстандын улуттук банкы былтыр «Хамдастинин» лицензиясын жокко чыгарып, сот уюмду банкрот деп тапкан.

Учурда банктын 80дей кардары 13 миллион сомони (1,5 миллион АКШ доллары) өлчөмүндөгү сактык акчаларын ала албай келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда уруксатсыз диний үгүт жүргүзгөн имам айып пул төлөйт

Өзбекстандын Наманган облусунун Чодак айылындагы мечиттин имамы Ахмаджон Эшматов уруксатсыз диний үгүт жүргүзгөндүгү үчүн административдик жоопко тартылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришти.

Маалыматка караганда, 44 жаштагы имам санаторийде эс алып жаткан адамдардын арасында шарияттын мыйзамдары тууралуу уруксатсыз үгүт иштерин жүргүзгөн. Ага карата административдик укук бузуу тууралуу кодекстин «Дин эрежелерин үйрөтүү тартиптерин бузуу» беренесинин негизинде күнөө коюлуп, сот тарабынан минималдуу 10 маяна өлчөмүндөгү айып төлөөгө милдеттендирилди.

Жергиликтүү ММКлардын маалыматы боюнча өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы имамга мындай аракеттерди уланта турган болсо кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертти.

Өзбекстанда атайын диний билими жана өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгынын уруксаты жок диний үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню