Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Бозгундагы тажик полковниги Мосулда өлгөнү кабарланууда

Тажикстан ИИМинин атайын бөлүгүнүн (ОМОН) мурдагы башчысы Гүлмурод Халимов Ирактын Мосул шаарында өлтүрүлдү. Бул тууралуу “Таймс” журналы билдирди. Маалыматка караганда, Халимов “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун аскер министринин милдетин аткарып жүргөн. Ал өткөн аптада Мосулдун батышындагы авиасоккудан улам тындым болду.

Басылма Халимов акыркы бир нече айда үч жолу аба соккусуна кабылганын жазды. Ал Мосулда жихадчыларды калкалап, эл аралык коалициянын автоунааларын жардыруу менен алектенип келген.

Тажик бийлиги мурдагы полковниктин өлгөнү боюнча маалымат берген жок.

Буга чейин айрым ММКлар Гүлмурод Халимовдун өлгөнүн жазышкан. Бирок анын сүрөттөрү жана видеолору тарапташтары тарабынан интернетке жарыяланып, маалымат четке кагылган. “Таймс” Халимовдун өлүмү – террордук топтор үчүн оорду толгус жоготуу экенин баса белгиледи.

Полковник Гүлмурод Халимов 2015-жылы из жашырып, кийинчерээк Сирияда жүргөнү кабарланган. Ал интернетке жайгаштырылган видео кайрылуусунда “Ислам мамлекети” тобуна кошулганын, ИИМ диний эркиндигин чектеп, намаз окууга тыюу салгандыктан ушундай кадамга барганын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Бухарада журналист базарды сүрөткө тартканы үчүн кармалды

Бухара милициясы 14-апрелде ташкенттик көз карандысыз журналист Алексей Волосевичти Газли шаарында жергиликтүү базарды сүрөткө тартып жүргөндө кармап кеткен.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери журналисттин эки флешкасын алып койгон. Алексей Волосевич “базарды уруксатсыз сүрөткө түшүргөн” деген жүйө менен кармалган. Милиция бөлүмүндө анын манжаларынын издерин алып, сурак жүргүзүп анан коё беришкен.

Милиция кызматкерлери фотоаппаратты сүрөттөрдүн баарын өчүрүп туруп беришкен. Эки флешкасын алып коюшкан.

Өзбекстанда көчөдө сүрөткө тартууга тыюу салынбайт. Мындан улам Газлиде журналистти эмне себептен кармашканы белгисиз. Волосевич райондук милиция бөлүмүндө кечке чейин болгон. Ал 15-апрелде гана Бухарадан чыгып, Ташкентке кетүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Көз карандысыз журналист Алексей Волосевич – Анжиян окуяларынын күбөсү. Ал кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир нече жолу кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда маркум козголоңчу генералдын акыркы мүлкү конфискацияланууда

Тажикстанда бийлик 2015-жылдагы куралдуу козголоң учурунда жок кылынган Абдухалим Назарзоданын Дүйшөмбүдөгү үйүн бошотууну талап кылууда. Маркумдун кызы Файзигүл Назарованын билдиришинче, өткөн аптада укук коргоо органдары мал-мүлктү конфискациялоо боюнча ордер менен келишкен.

Анын билдиришинче, бийлик үйдү тез арада бошотууну талап кылып, соттун чечимин аткаруу үчүн керек болсо аларды күч менен көчүрүшөрүн айтышкан. Үйдө 13 киши жашайт. Алардын арасында Абдухалим Назарзоданын аялы жана неберелери бар. Назарзоданын 28 жаштагы уулу Бахтиёр Назаров болсо конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө жана жапырт башаламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 22 жылга эркинен ажыратылган.

Ходжа Халим ысымы менен белгилүү Абдухалим Назарзода жарандык согуш учурунда мурдагы оппозициянын башчыларынын бири болгон. Ал уруш аяктагандан кийин өкмөт менен элдешип, коргоо министринин орун басары болуп дайындалган. 2015-жылы 4-сентябрда ал куралдуу козголоң баштап, бир нече күндөн кийин Ромит капчыгайында атайын операциянын жүрүшүндө жок кылынган.

Тажикстан бийлиги мамлекетке мурдагы генералдын мал-мүлктөрү, анын ичинде тоок фабрика, нан завод жана бир нече турак-жайы өтөрүн кабарлаган. Буга чейин Абдухалим Назарзодага тиешелүү 9 ишкана, 9 турак-жай, 56 автоунаа жана үч эс алуу жайы менен фермалардын бар экени маалымдалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда «экстремисттик билдирүүлөрү үчүн» бир жаран кармалды

Павлодар шаарынын полициясы социалдык түйүндөргө экстремисттик билдирүүлөрдү жайгаштырган деген шек менен жергиликтүү тургунду кармады.

Полициядан билдиришкендей, 21 жаштагы жаран 10-апрелдеги рейд маалында кармалган. Ал социалдык түйүндөр жана мессенджерлер аркылуу терроризм менен диний экстремизмди жайылткан деп шектелүүдө.

Соттун чечими менен шектүү эки айга камакка алынды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Азимбек Бекназаров: "2010-жылы апрелде мен 3 миңдей банк ячейкаларынын 20сын гана ачканга катышкам, калганы эмне болгонун билбейм"

2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн куралдуу төңкөрүштүн катышуучусу, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров маалымат жыйынын өткөрүп, акыркы убакта анын дарегине карата мамлекеттик бийлик тарабынан жасалып жаткан “кара пиарларга” каяша айтты.

https://www.youtube.com/watch?v=SKVYyYuj5VA

Булак: TV.KG

Видео - Атамекенчи Аида Салянова менен СДПКчы Анвар Артыковдун кайым айтышы

Кечээ, 13-апрелде КР Жогорку Кеңешинин кезектеги жыйынында 2010-жылдын 7-апрелиндеги революционерлердин мародерлугу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, СДПКчы Анвар Артыков отчет берип, аны талкуулоо учурунда атамекенчи депутат Аида Салянова экөөсү кайым айтыша кетишти.

https://www.youtube.com/watch?v=dFoYdu8L3fE&feature=push-u&attr_tag=4aatBuvGOBB_4Fx1-6

Видео: Зарылбек Шермаматов

Казакстанда үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн камоо мөөнөтүн көбөйтүү сунушталууда

Казакстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук үчүн административдик камоолорду үч сааттан бир суткага чейин узартуу сунушталууда. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурору Жакип Асанов билдирди.

Көзөмөл орган маалымдагандай, 2016-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан 36 аял жана бир бала көз жумган. Дагы 2500дөй аял жана 851 бала сексуалдык ыдык көргөн.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын коргоого багытталган нике менен үй-бүлө, административдик жана жаза кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизип, парламенттин кароосуна жөнөттү. Мындан тышкары окуу программасына тарбия жана социализация боюнча атайын курстарды киргизүү сунушталууда.

Казакстандын ИИМ министри Калмуханбет Касымов үй-бүлөлүк “чоң муштумдарды” жазалоону камсыздоо үчүн эки суткага чейин камоону демилгеледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан Орусияга терроризмге шектелгендердин тизмесин берди

Тажикстан бийлиги соңку жарым жылда террордук топторду жактоого шектелген 100дөй шектүү кишинин тизмесин Орусияга берди.

Тажикстандын укук коргоо органдарындагы булак билдиргендей, бул жарандар Орусияда жашашат жана “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна жан тартуучулар болуп эсептелет. “Террорчуларга ыктаган шектүүлөрдүн көбүнүн жашаган жерлери белгилүү, айрымдары тууралуу азырынча маалымат жок – алар Орусияда, бирок кайсы аймагында жашашары белгисиз”, -деди өз булак.

Тажик бийлиги Орусиядан тизмеге кирген жарандарды көзөмөлдөөнү күчөтүүнү суроодо.

ФСБ башчысы Александр Бортников 10-апрелде Орусиядагы террордук топтордун негизин КМШ өлкөлөрүнөн –Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана башка мамлекеттерден келген эмгек мигранттары түзөрүн билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШнын бомбалоосунан ИМдин 36 жоочусу жок кылынды

Ооганстандын Нангархан провинциясына АКШ тарабынан ташталган эң чоң өзөктүк эмес бомбанын натыйжасында “Ислам мамлекети” тобунун кеминде эле 36 жоочусу жок кылынды. Бул тууралуу Ооганстандын Коргоо министрлиги билдирди.

Мындан тышкары жер астындагы үч өтмөктү, курал-жарак, ок-дарыларды жок кылууга мүмкүн болду. Аскерлердин маалыматына караганда, чабуулда жай тургандар жабыр тарткан жок.

Нангархар провинциясынын губернатору Гулаб Мангаль кабарлагандай, жоочулар бомбаланган өтмөктөрдүн комплексин аскердик түрмө катары колдонушкан жана маанилүү жыйындарды өткөрүп турушкан.

АКШ “бардык бомбалардын энеси” аталган GBU-43B бомбасын бейшемби күнү кечинде таштаган. Биринчи жолу ал 2003-жылы сыноодон өткөн, ошондон бери колдонула элек болчу. Бомбанын жарылуу күчү 11 тонна тротилди, кыйратуу радиусу – 140 метрди түзөт.

Ооганстан президентинин администрациясы операция буга чейин өлкө бийлиги менен макулдашылганын маалымдады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда адвокат Ёров жаңы кылмыш иши боюнча жактоочуга муктаж болууда

Тажикстандын Башкы прокуратурасы соттолгон адвокат Бузургмехр Ёровдун жубайы Заррина Набиеваны маектешүүгө чакырды. Анда Ёровду жаңы кылмыш иши боюнча жактоого алуу маселеси талкууланды.

Заррина Набиева азырынча бул иш боюнча сотто күйөөсүн ким коргой турганы белгисиз экенин билдирди. «Биз бардыгына, анын ичинде тууган адвокаттарга да кайрылып көрдүк. Бирок бул ишке аралашууну эч ким каалаган жок, анткени баары тең өз өмүрлөрү үчүн кооптонуп жатышат. Эми аны мамлекет тарабынан дайындалчу адвокат жактоого алат окшойт», – деди ал.

13-апрелде Башкы прокуратура Бузургмехр Ёровго каршы «ММКларды же интернетти пайдалануу менен Улут көсөмүн кемсинтүү» беренеси боюнча дагы бир кылмыш иши козголгонун расмий билдирди.

Заррина Набиева жаңы кылмыш ишинин козголушуна Бузургмехр Ёровдун сот отурумунда айткан сөздөрү себеп болгонун билдирди. Айтымында, анда күйөөсү адвокат кезинде жана ИИМде тергөөчү болуп иштеп жүргөндө дайыма өлкө президенти тарабынан кол коюлган мыйзамдын чегинде иштеп келгендигин айткан. «Эгер мени алдамчылыкка айыптап жатышса, демек бардыгы тең алдамчы», – деп билдирген анда Бузургмехр Ёров.

Адвокаттын бул билдирүүсүн «Паём.нет» сайты басып чыккан. Анын негизинде өлкөнүн Башкы прокуратурасы 25 жылга соттолгон адковатка каршы жаңы кылмыш ишин козгогон.

Дүйшөмбү соту өткөн жылдын 6-октябрында Бузургмехр Ёровду алдамчылыкка жана документтерди жасалмалоого күнөөлүү деп таап, 23 жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк «сотту сыйлабоо» жана «бийлик өкүлүн кемсинтүү» айыптары менен адвокатка дагы бир кылмыш иши козголгон. Өткөн айда Ёровго карата кошумча дагы 2 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылып, камактагы жалпы мөөнөтү 25 жылды түзүп калган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню