Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Казакстанда террорчулукка шектелген жети кишини эки айга камоо чечими чыкты

Актөбө шаарында сот “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун жактайт деген шек менен жети кишини камоого санкция берди. Казакстанда ИМ тобу террордук деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Терроризм чакырыгына шектелген жети кишини эки айга камоо санкциясы 22-апрелде чыккан. Маалыматка караганда, алар “Кастыкты козутуу” жана “Терроризмди пропагандалоо, террордук актыларды жасоого үндөө” беренелери боюнча айыпталышууда.

20-апрелде Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети терроризмди үгүттөө жана диний кастыкты козутуу шеги менен 11 жаранды кармаган. Мындан тышкары атайын кызмат радикалдуу төрт топту жок кылганын маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Москвада кыргызстандык мигранттардан акча талап кылган топ кармалды

Москвада мигранттардан опузалап, акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө алардын батиринен курал-жарактар дагы табылганы айтылат.

Москвада иштеген кыргызстандык Айбек уюшкан кылмыштуу топтордон жабыркагандардын бири. Бейтааныш балдар анын ишине келип, коркутуп, акча талап кылышкан:

– Бул жакта бир жылдан бери иштейм. Апрелдин башында бандит балдар келип, 80 миң рубль бересиң деп коркутуп кетишкен. Эмне кылаарымды билбей, дароо Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы​ өкүлчүлүгүнө кайрылдым. Үй-бүлөм үчүн корктум. Эми өз укугумду коргоп, иштин аягына чейин барам.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиевдин айтымында, жабырлануучунун арызы боюнча дароо ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн:​

– Арыздын негизинде опузалоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, 19-апрелде Москванын полиция кызматкерлери менен ыкчам иштер жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 1991-1994-жылдары туулган үч кыргызстандык жаран камакка алынган. Кармалгандардын батирин тинтүүдө 29 патрону менен “Калашников” автоматы жана октору менен тапанча чыкты. Ошондой эле бронежилет, бет чүмбөт жана башка буюмдар табылган. Биздеги маалыматтар боюнча кармалгандар уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү. Алар мекендештерин карактап, опузалап жүрүшкөн. Жабыр тарткандар болсо, бизге кайрылса болот.

Камакка алынгандарга карата Орусиянын Кылмыш кодексинин 163-беренеси (опузалоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иштери Москванын Ички иштер министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн. Кармалгандардын экөөнүн мурун соттолгондугу аныкталган.

Бул кылмыштуу топтон жабыркаган адамдын айтымында, алар өздөрүн Орусияда “Коля Киргиз” деген лакап ат менен белгилүү Камчы Көлбаевдин криминалдык тобунун мүчөлөрү экендигин айтышкан.

Орусияда расмий түрдө 600 миңге чукул кыргызстандык иштесе, алардын дээрлик жарымы Москва шаары менен Москва облусунда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Петербургдагы жардырууга катышы бар делген тажик жараны күнөөсүн четке кагууда

Санкт-Петербург метросундагы терактка байланышы бар деп Тажикстан жараны Содик Ортиков шектелүүдө. Сотто жактоочу Ортиковду тинтүү учурунда табылган курал  анын коңшусуна таандык экенин айтты.

Ортиков күнөөлүү эместигин, буга чейин ашпозчу болуп иштеп келгенин билдирүүдө.

Содик Ортиков 6-мартта Москвада кармалган. Тергөөчүлөр тинтүү учурунда анын батиринен пистолет, эки тротил шашкасы менен граната табылганын ырасташууда. Учурда Ортиков терроризм жана мыйзамсыз курал сактап жүрүүгө айыпталып камакта.

3-апрелде 14 кишинин өмүрүн алып, элүүдөн ашуун адамды жарадар кылган жардырууну теги кыргызстандык орус жараны Акбаржон Жалилов жасаганы расмий айтылган. Азырынча бул жардырууну эч бир топ мойнуна ала элек. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча теракттын уюштуруучусу – Аброр Азимов. Убактылуу тергөө жайында жаткан Азимов күнөөсүн мойнуна алган жок.

Петербургдагы теракт иши боюнча жалпысынан 10 киши кармалды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Казакстандын жети облусун суу каптап, алты киши өлдү

Кардын эриши жана дарыялардагы суунун деңгээлинин жогорулашынан улам Казакстандын Актөбө, Караганда, Павлодар, Түндүк-Казакстан, Чыгыш-Казакстан, Костанай жана Акмоло облустарында жалпысынан 52 айылды суу каптады. Суу борборго жакындап, Астана суу сактагычындагы суунун деңгээли азайтылып жатат.

Маалыматтарга караганда, суу республикалык жана жергиликтүү маанидеги 120 унаа жолду жууп кетти. Бүгүнкү күнгө карата андагы багыттардын жарымын гана калыбына келтирүүгө мүмкүн болду.

Баарынан да Акмоло облусундагы Атбасар шаарында абал оор экени кабарланууда. Анда өткөн жылы курулган дамба бузулуп, 269 үйдү жана жакында эле оңдоодон өткөн мектепти суу каптаган. Дагы 130 үйгө суу келүү коркунучу бар. Буга байланыштуу шаардан 1300 киши эвакуацияланды.

Ташкын суу Астананын чек жактарына да жакын келгени айтылууда. Борборду суудан сактоо үчүн Астана суу сактагычындагы суу агызылып, ал шаардын тегерегиндеги айылдарга каптап жатат. Андан сырткары сел суунун деңгээлин теңдеп, агымдарын бөлүштүрүп турган борбордук контррегулятордун ишине да коркунуч жаратууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жыргалаң көмүр кениндеги шахтерлорду издөө иши уланууда

Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң көмүр кенинде шахтерлорду издөө иштери уланууда. 22-апрелде шахта көчүп, ал жерде иштеп жаткан Кайрат Нурбеков менен Азамат Тойматовду басып калган.

Расмий маалыматтар боюнча, куткаруу операциясына жергиликтүү тургундар, ошондой эле облустун тиешелүү түзүмдөрүнүн өкүлдөрү тартылды. Учурда көмүр кениндеги сууну сордуруп алуу иштери жүрүүдө.

Кырсыкка техникалык коопсуздук талаптары сакталбагандыгы себеп болушу ыктымалдыгы кабарланууда. Кенде көмүр казуу иштерин “Жыргалаң-Дорго көмүр” компаниясы аткарып жаткан.

Бул жыл башынан бери өлкө шахталарында болгон алгачкы ири кырсык. Өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында Жалал-Абад жана Баткен облусундагы кароосуз калган шахталарда үч кырсык болуп, жалпысынан беш киши каза болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Казакстандын жети облусун суу каптап, алты киши өлдү

Кардын эриши жана дарыялардагы суунун деңгээлинин жогорулашынан улам Казакстандын Актөбө, Караганда, Павлодар, Түндүк-Казакстан, Чыгыш-Казакстан, Костанай жана Акмоло облустарында жалпысынан 52 айылды суу каптады. Суу борборго жакындап, Астана суу сактагычындагы суунун деңгээли азайтылып жатат.

Маалыматтарга караганда, суу республикалык жана жергиликтүү маанидеги 120 унаа жолду жууп кетти. Бүгүнкү күнгө карата андагы багыттардын жарымын гана калыбына келтирүүгө мүмкүн болду.

Баарынан да Акмоло облусундагы Атбасар шаарында абал оор экени кабарланууда. Анда өткөн жылы курулган дамба бузулуп, 269 үйдү жана жакында эле оңдоодон өткөн мектепти суу каптаган. Дагы 130 үйгө суу келүү коркунучу бар. Буга байланыштуу шаардан 1300 киши эвакуацияланды.

Ташкын суу Астананын чек жактарына да жакын келгени айтылууда. Борборду суудан сактоо үчүн Астана суу сактагычындагы суу агызылып, ал шаардын тегерегиндеги айылдарга каптап жатат. Андан сырткары сел суунун деңгээлин теңдеп, агымдарын бөлүштүрүп турган борбордук контррегулятордун ишине да коркунуч жаратууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сирияда ИМ тобунун лидеринин жакын санаалашы өлтүрүлдү

Сирияда «Ислам мамлекети» террордук тобунун лидери Абу Бакр аль-Багдадинин жакын санаалашы Абдурахман Узбеки өлтүрүлдү. Америкалык аскерлердин маалыматына караганда, ал Майадин шаарында 6-апрелде жасалган атайын жашыруун операция маалында жок кылынган.

«Ал жердеги операция болгон. Азырынча ушуну гана айта алабыз», – деди АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын полковниги Жон Томас. Ал Узбеки аба соккусу маалында каза болбогондугун белгиледи.

АКШ тарап Абдурахман Узбекинин 1-январда Стамбулда болгон Reina түнкү клубундагы терактка тиешеси бар деген маалыматтарга ээ. 39 киши мерт болуп, 69у жаракат алган ал кол салуу үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алган.

Терактты 34 жаштагы өзбек тектүү Абдулкадыр Машарипов жасаган. Ал кол салуудан 16 күн өткөндөн кийин Стамбулда кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда пенсионер газга болгон карызын сурап келген кызматкерлерге ок чыгарды

13-апрелде Самарканд шаарынын 62 жаштагы тургуну көгүлтүр отунга болгон карызын төлөөнү талап кылып келген газ ишканасынын кызматкерлерине аңчылык мылтыктан ок чыгарды.

Шаардык прокуратуранын маалыматы боюнча ок «Самарканд-газ» ишканасынын кызматкеринин көйнөгүн тешип, өзүнө зыян келтирген эмес.

Окуя кызматтык милдеттерин аткарып жаткан жумушчуну атайылап өлтүрүү аракети катары каралууда. Шектүүгө каршы кылмыш иши козголуп, сот башталганга чейин ал камакка алынды.

Самарканд облустук милиция бөлүмүнөн аңчылык мылтыгы каттоодон өтпөгөнүн билдиришти.

Коңшуларынын айтымында, 62 жаштагы пенсионер тандыр нан жабуу менен алектенчү жана газ ишканасынын кызматкерлерине карата ачуусу менен ок чыгарган:

– 13-апрелде анын үйүнө газ ишканасынын кызматкерлери келип, карызы 15 миллион сумга (2 миң АКШ долларына жакын) жеткенин айтышты. Өткөн айда карызына байланыштуу анын наабайканасындагы газды өчүрүп кетишкен. Ал бир ай ичинде бир топ чыгашага учураганы менен карызынын 4,5 миллион сумун төлөп, калганы үчүн убакыт берүүнү өтүнгөн. Бирок газчылар аны кемсинтишти. Ызааланган пенсионер үйүнөн аңчылык мылтыгын алып чыгып, беркилерди көздөй багыттады. Бирок газ ишканасынын жумушчулары аны кемсинтүүсүн улантып, ок чыгарууга мажбурлашты. Бактыга жараша эч ким жаракат алган жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Донбасста ЕККУнун байкоочусу каза болду

Жекшемби эртең менен Украинанын Луганск облусунун Киевдин көзөмөлүндө болбогон аймагында ЕККУнун атайын мониторинг миссиясынын кызматкери каза болуп, дагы бирөөсү жаракат алды. Бул тууралуу 23-апрелде ЕККУнун атайын мониторинг миссиясынын Украинадагы өкүлү «Фейсбукка» жазды.

ЕККУ Пришиб калктуу конушуна жакын жерде алты кишиден турган кызматкери кол салууга дуушар болгонун ырастады. Миссиянын кызматкерлеринин бирөөсү каза болуп, экөөсү ооруканага жеткирилди.

Бир катар маалымат агенттиктери таанылбаган республиканын өкүлдөрүнө шилтеме кылып билдиргендей, каза болгон адам АКШнын жараны. Бирок азырынча бул маалыматты расмий түрдө эч ким ырастай элек.

Окуя болгон Пришиб айылы оккупацияланган аймактар менен чектешкен зонада орун алып, Сокольник, Славяносербск (оккупацияланган Луганск облусунун аймагында) жана Трёхизбенк (өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндө) айылдарынын ортосунда жайгашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ЕБ ЕККУ байкоочусунун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоого чакырууда

Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча төрагасы Федерика Могерини Украинанын Луганск облусундагы ЕККУнун байкоочусунун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды.

Могерини билдирүүсүндө Украинанын Чыгышындагы жаңжалды тынч жол менен чечүү зарылдыгын билдирди. Ал маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, окуядан жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Жекшемби күнү таңга маал Киевге баш ийбеген Пришиб айлында ЕККУнун атайын мониторинг миссиясынын кызматкери набыт кеткен, экөө жаракат алган. Маалыматтарга караганда, байкоочулардын унаасы жолго коюлган минага кабылган.

ЕККУ маркум АКШ жараны экенин маалымдады.

Украин өкмөтү жана жикчилдердин ортосунда 2014-жылдын жазында тутанган кармаштан баш-аягы оң миңдей адам мерт болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню