Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Петербургда балдар үйүндөгү сексуалдык зомбулук иши боюнча беш киши кармалды

Санкт-Петербургда Тергөө комитети балдар үйүнүн бириндеги сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук боюнча сегиз кылмыш ишин козгоду.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2005-жылдан 2010-жылга чейин Киров районунда топ киши ырааттуу түрдө балдар үйүнүн 1991-95-жылдары туулган төрт тарбиялануучусуна карата сексуалдык ыдык көрсөтүп келген.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча беш шектүү – директордун орун басары, эки бүтүрүүчү, балдар үйүнүн кызматкерлеринин биринин тууганы, балдар үйүнүн алдындагы мектептин директору кармалды.

Маалыматтарга караганда, жетим балдар тарбияланган балдар үйүнүн кеминде эле мурдагы алты тарбиялануучусу жабыр тарткан.

Текшерүү – Петербургдун 26 жаштагы Яков аттуу жашоочусу балдар үйүндөгү зордук-зомбулук жөнүндө айтып бергенден кийин башталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

CPJ: журналисттерди өлтүрүү жана камоо көбөйүүдө

Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) 25-апрелдеги баяндамасына караганда, былтыр дүйнөдө 259 журналист камалган, бул уюм байкоо жүргүзө баштаган 1990-жылдан берки эң чоң көрсөткүч дегенди билдирет.

Ошондой эле акыркы беш жылда 332 журналист өлтүрүлгөнү, ал да буга чейинки эң чоң статистика экени белгиленет. “Негизи бул журналисттер үчүн эң коркунучтуу жана кандуу учур”,- дейт комитеттин аткаруучу директору Жоэл Саймон.

Жоэл Саймон социалдык түйүндөрдөгү түрдүү сайттар ачылып жатканына, смартфондор кеңири колдонулганына карабай, репрессивдүү өкмөттөр медиа жана журналисттер менен күрөшүн күчөткөнүн баса белгилеген.

Баяндамада Саймон репрессиялык өкмөттөр медиаларды моюн сундурууга жана аларды демин басууга көп убакыт жана күч коротуп жатканын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Казакстанда адамдарды кулчулукта кармоого шектелген жаран кармалды

Шейшембиде Актөбө облусунун полициясы эки кишини кулчулукта кармап жүргөн деген шек менен жергиликтүү тургундун кармалганын билдирди.

Облустук ички иштер департаментинин маалыматына караганда, 14-апрелде шектүү катары 31 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Болжол менен ал «салттуу эмес диний агымдын» өкүлү болуп эсептелет. Азырынча шектүүнүн аты-жөнү айтылган жок. Кармоо маалында анын унаасынан «аңчылык куралдар» табылганы кабарланууда.

Полиция шектүү буга чейин дагы кылмыш жоопкечилигине тартылганын билдирүүдө. Ал өзбекстандык жана актөбөлүк эки кишини карактоого, жана кулчулукта кармоого айыпталууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Жанкечтинин огунан мекендешибиз оор жаракат алды

Орусиядагы жанкечтинин огунан мекендешибиз Талант Жумаев оор жаракат алды. Жумаев Иркутскиде мигранттарга юридикалык жардам берип иштеп жүргөн. Мындан тышкары, соттук процесстерде котормочу катары кызмат кылат. Ал кечээ Хабаровскийдеги ФСБга котормочу катары чакырылган. Жумабаев кирип бараткан маалда, улутчул (орус улутунда 18 жашта) жан-кечти имаратка кирип келип, орус улутундагы ФСБ кызматкерин, тажик жаранын жана Талант Жумаевди көздөй аткылаган. Натыйжада берки экөө ошол эле жерде жан берип, Жумабаевге карата жыйынтыктоочу ок чыгараарда ФСБнын кызматкерлери жанкечтини атып жок кылышкан. Учурда ал ооруканада дарыланууда, абалы туруктуу.

Булак: “Фабула”

Видео - Эдил Байсалов: "Атамбаевдин айткандары дагы калп чыкты, ал 2003-жылы январда 35 миллионго саттым деген ишкана 2003-жылы февраль айында гана ачылган экен"

“Алмаз Атамбаевдин быйыл, 12-апрелде жарыя кылган: “Түркиянын Измир шаарындагы “ELEKTROMED ELEKTRONİK SANAYİ VE SAĞLIK HİZMETLERİ A.Ş” ишканасына мен алгачкы капитал катары 45 млрд түрк лирасын салгам, ал ишкананын 90%ы мага таандык болучу,  ал ишканамдагы акциямды 2003-жылдын 31-январында 35 млн долларга саткам деген маалыматы толук жалган экендиги аныкталды”, – деп билдирди бүгүн, 25-апрелде коомдук ишмер Эдил Байсалов Түркияга болгон сапары боюнча маалымат жыйынын өткөрүп.

“Түркияда билим алып жүргөн бир канча студент менен биригип, Измирдеги (филиал) ELEKTROMED ишканасынын тарыхын архивдик материалдардан изилдеп көрдүк. Түркияда фирмалардагы жаңы дайындоо, акциялардын сатылышы, башкаруу курамынын өзгөрүшү жана башка бизнес маалыматтар атайын бир мамлекеттик гезитке жарыяланып турат. Ал гезит “TÜRKİYE TİCARET SİCİLİ GAZETESİ” (Маалыматтык бюллетень) деп аталат. Азыркы кезде ал гезиттин электрондук варианты дагы бар, каалаган адам катталып, ал жердеги каалаган фирма тууралуу баардык маалыматтарды ачык ала алат. Бирок гезиттин PDF үлгүсүндөгү версиясы 2004-жылдан тарта чыккан гезиттердики гана бар. Ошондуктан Атамбаев айтып жаткан Измирдеги ELEKTROMED ишканасы тууралуу маалымат 2003-жылдын 12-февралда жарыяланган экен. Ал материалды биздин кыргыз студент Измирдеги мамлекеттик мекеменин архивинен барып алып чыкты”, – деди Байсалов.

“Ал документте Анкара шаарында 103972 номурлуу ишкананын (ELEKTROMED ELEKTRONİK SANAYİ VE SAĞLIK HİZMETLERİ A.Ş) ээлери Измир шаарына дагы ишкананын филиалын ачуу боюнча чечим кабыл алышкан. Жыйынга Ахмет Кая, Али Фатих Шахин жана Мехмет Шахин болуп ишкер шериктештер катышышкан. Жыйындын жүрүшүндө үч чечим кабыл алынган:  Биринч, Измир шаарында “ELEKTROMED ELEKTRONİK SANAYİ VE SAĞLIK HİZMETLERİ A.Ş – Измир филиалын” ачуу.  Экинчи, Измирдеги ELEKTROMED ишканасынын филиалынын директору кылып 1 жылдык мөөнөткө Хусейин Ташан деген адамды дайындоо. Үчүнчү, Измирдеги ELEKTROMED ишканасынын филиалынын капиталын 1.000.000.000 (1 миллиард лир) кылып бекитүү. Биз бул документтен көрсөк болот ELEKTROMED ELEKTRONİK SANAYİ VE SAĞLIK HİZMETLERİ A.Ş ишканасынын Измирдеги филиалы 2003-жылдын 2-февралында гана Каялар жана Шахиндердин үй-бүлөсү тарабынан ачылгандыгын. Эгерде ишкана (филиал) 2003-жылдын февраль айында ачылып жатса, Атамбаев ал ишкананы ачыла элегинде – январь айында сатып жибериши таптакыр мүмкүн эмес!”, – деди Эдил Байсалов.

Видео: Клооп.kg

Россияда сөөк көтөргөн кыргыз кызы кармалды

22-апрель күнү Россиянын Санкт-Петербург шаарында метро станцияларынын биринен коробкага кишинин сөөгүн бекемдеп салып алып жүргөн 23 жаштагы Кыргызстандык жаран тартип сакчыларынын кылтагына илингенин Москвалык басылмалар жазып чыгышты. Маалым болгондой, кармалган жаран Кыргызстанда туулган. Аны суракка алган учурда ал Москвадагы медициналык окуу жайда окуй тургандыгын, сөөк биологиялык материал үчүн колдонула турчу сөөк экенин, аны ооруканада иштеген дарыгер “лабораториялык клиникага жеткирип бер” дегени үчүн алып баратканын айткан. Бирок сөөктүн материал экенин аныктоочу эч кандай документи болгон эмес. Азыркы тапта кармалган кыз суракка алынып жатканы маалымдалган.

Булак: “Фабула”

Өзбекстан атайын кызматы Стокгольмдогу терактка шектүүнүн агасын кармады

Өзбекстандын атайын кызматы 23-апрелде Стокгольм борборундагы теракты жасоого шектелген Рахмат Акиловдун 44 жаштагы агасы Алим Акиловду кармады. Бул тууралуу Акиловдордун туугандары кабарлашууда.

Ушул эле күнү Швециянын полициясы менен атайын кызматтары Стокгольмдо бирдиктүү операция жүргүзүшүп, 7-апрелдеги терактка тиешеси бар деген шек менен дагы бир кишини кармады.

39 жаштагы өзбекстандык жаран башкарган жүк ташуучу автоунаа 7-апрелде Стокгольмдо элди тебелеп, соода борбордун имаратын сүзүп өрттөнүп кеткен. Окуядан төрт адамдын өмүрү кыйылып, он беши жараат алган. Курулушта иштеген Акилов качып кетип, ошол эле күнү кармалган жана күнөөсүн мойнуна алганы кабарланган.

23-апрелде Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Самаркандда терактка шектүүнүн 44 жаштагы агасы Алим Акиловду кармап кетишкен.

– Инисинин кылыктарына анын тиешеси бар болушу мүмкүн. Бир нече күн Алим азап тартып жүрдү. Ал Рахматтын сотуна катышуу үчүн Швецияга барууну пландап жаткан, – деди Акиловдордун тууганы.

Expressen басылмасы кабарлагандай​, сурак учурунда Рахмат Акилов Стокгольмдогу теракты жасоодо “Ислам мамлекети” террордук уюмунан буйрук алганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Небереси чоң апасын бычактады

Бишкектин 12-кичи районундагы 1938-жылы туулган 78 жаштагы чоң энесин өлтүргөн небереси жана анын досу кармалды. Окуя 22-апрель күнү түн ичинде саат ондон кийин болгон. Бул тууралуу баланын апасы милицияга билдирген. Окуя болгон жерге жетип барган милициялар бир нече жолу денесине бычак сайылып канга боёлгон апанын сөөгүнө күбө болушкан. Маалым болгондой, ал күнү 2000-жылы туулган 17 жаштагы небереси, 1999-жылы туулган 18 жаштагы досу экөө аракка тоюп, мас абалында үйгө келишкен. Үйдө чоң энеси жалгыз болгондуктан андан акча сураган. Чоң апасынын катып жүргөн 6 миң сом акчасы болгон. Бирок чоң апасы акчаны берүүдөн баш тарткан. Көзүнө эч нерсе көрүнбөй, аракка тоюп турган бала сөрөй, чоң апасын бычак менен көкүрөк тушка сайып жиберген. Аны менен эле токтобой бир эмес, бир нече жолу сайган. Апа ошол жерден көз жумган. Учурда ээнбаш балдар кармалып, камакка алынган жана күнөөлөрүн толук моюндарына алышкан.

Булак: “Фабула”

ЕККУ: Донбасста байкоочулар 200дөй жолу коркунучка кабылышты

ЕККУнун Донбасстагы атайын мониторинг миссиясы соңку эки жылда 200дөй жолу коркунучка кабылган. Бул тууралуу миссиянын башчысынын орун басары Александр Хуг билдирди.

Ал байкоочуларды көздөй ок атуулар, коркутуулар, техникалык жабдуударды, анын ичинде дрондорду, камераларды жана автоунааларды бузуу фактылары болгонун айтты. Хуг коркунуч Донбасста жаңжалдашкандардын кайсы тарабынан чыгып жатканын так айткан жок.

Күн мурун Луганск облусунда ЕККУнун унаасы минага жарылган. Окуя учурунда АКШ жараны, медициналык кызматкер көз жумган. Германия жана Чехия жарандары жарадар болушкан.

АКШ жана Евробиримдик окуяны тыкыр иликтөөгө чакырышкан. Украина Коопсуздук кызматы “теракт” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Өзүн Донецк элдик республикасы деп жарыялап алган аймактын жетекчилери ЕККУнун кызматкеринин өлүмүнө өкмөттүк аскерлер күнөөлүү экенин билдиришкен.

Байкоочулар эртең Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжал аймагында ишин акырындык менен улантууну пландап жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

"Ялла" тобунун мурдагы солисткасы каза болду

24-апрелде легендарлуу “Ялла” тобунун солисткасы Наргиз Байханованын сөөгү жерге берилди. Ал жекшембиде узакка созулган оорудан кийин 68 жашында каза тапты. Наргиз Байханова 1974-жылдан тарта 1983-жылга чейин “Ялла” тобунда иштеген.

Наргиз Байханова 23-февралда Ташкентте көз жумду. Былтыр ырчы Германиядагы ооруканалардын биринде операция болгон.

Маркумду жерге берүү зыйнатына Өзбекстандагы жүздөгөн өнөр адамдары келишти.

Наргиз Байханова белгилүү “Ялла” тобунун солисти Фаррух Закировдун биринчи жубайы болгон.

Ал вокалдык-инструменталдык ансамблдин мурдагы эки солисткасынын бири эле. Ырчы акыркы жолу 1978-жылы режиссер Эдуард Хачатуров тарткан “Сага шаар белек кылам” тасмасында роль жараткан.

https://youtu.be/5bwYAdqyK4s

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню