Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Дача СУда жабыркагандарга 100 млн сомдон ашык каражат которулду

Дача СУ айылындагы авиакырсыктан жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына деп элден чогулган акча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебинен алардын жеке банк эсептерине которулду. Бул тууралуу бүгүн өкмөттөн кабарлашты. Чогулган акчанын жалпы суммасы 100 миллион 499 миң 300 сом.

Өкмөттүн маалымат кызматы белгилегендей, каражат ар бир жеке эсепке жабыркагандардын өздөрүнүн өтүнүчү боюнча которулду. Ошондой эле алардын өтүнүчү боюнча түрдүү механизмдерге жол бербөө үчүн үй сатып алууга бөлүнгөн каражатты башкаруу мамлекеттик комиссиянын көзөмөлүндө калтырылды.

Мындан тышкары «ACT Airlines» түрк авиакомпаниясынан акчалай компенсация күтүлүүдө.

Быйыл 16-январда Бишкектин “Манас” аэропортунун жанындагы Дача СУ айылына учак кулап, 39 өмүр кыйылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда антикоррупциялык мекеменин мурдагы кызматкерлери кармалууда

Тажикстанда акыркы күндөрү ондон кем эмес тергөөчү, Каржы көзөмөлү жана коррупция менен күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жооптуу кызматкерлери камакка алынды. Бул тууралуу Укук коргоо органдарындагы өз булактар кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, алар коррупция жана алдамчылыкка айыпталышууда. 26-апрелде парламенттин төмөнкү палатасынын төрагасы Шукуржон Зухуров коррупция менен күрөшүүсү керек болгон аткаминерлер өздөрү жемкорлукка малынганын, аларды жоопко тартуу керектигин билдирген.

Жергиликтүү басылмалардын кабарлашынча, уюштуруучу-инспектордук башкармалыктын жетекчиси Жамолиддин Мухаммадзода жана мурдагы тергөөчү Фирдавс Ниёзбадалов кармалган. Мекеменин дагы кызматкери Умед Камоловго издөө жарыяланды.

Күн мурун Каржы көзөмөлү жана коррупция менен күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттик мекеменин мурдагы тергөөчүсү Фируз Холмуродзода алдамчылыкка жана кызмат абалынан аша чабууга шектелип кармалганын кабарлаган.

Буга чейин коррупцияга каршы күрөшүү мекемесинин башчысынын мурдагы орун басары Давлатбек Хайрзода Орусияга учардын алдында Худжанттагы аэропортто кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркияда «Гүленге байланышы бар» миңден ашык киши кармалды

26-апрелде Түркияда диний ишмер Фетхуллах Гүленге байланышы бар деген шек менен миңден ашык киши кармалып, тогуз миңге жакын полициячы жумуштан алынды.

Мамлекеттик Anadolu агенттигинин билдиришинче, шаршембиде түрк полициясы өлкөнүн бардык аймактарында рейддерди өткөрүп, жыйынтыгында 1120дан ашык киши кармалды. Бул бийликтин былтыр жайындагы ишке ашпай калган аскерий төңкөрүш аракетин уюштурууга айыпталып жаткан кыймылга каршы өткөргөн акыркы айлардагы эң ири операциясы болуп калды.

Агенттиктин маалыматы боюнча операцияга сегиз жарым миңден ашык полиция кызматкери катышты. Рейдден соң 9103 полициячы убактылуу жумуштан алынды. Бийлик алардын Гүлендин кыймылына байланышы бар-жогун териштирет.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу бул рейддерди – Гүлен кыймылын «кулатуу» боюнча максаттарга жетишүүдөгү маанилүү кадам деп атады. Кармалган шектүүлөр өз жактоочуларынын полицияга жумушка киришине жардам берип келген «жашыруун имамдар» болушкан деп болжолдонууда.

Сойлунун айтымында, «полицияга кирген» адамдар «альтернативдүү түзүм түзүү» аркылуу аны ичинен башкарууга аракет кылышкан. Гүлен Түркиядагы аскерлердин катышуусундагы төңкөрүш аракетине эч кандай тиешеси жок экенин билдирип келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дамаскта ири жардыруу болуп, өрт чыкты

Дамаскта каттуу жардыруу болуп, анын жыйынтыгында аэропорттун аймагында өрт чыкты. Жардыруунун үнү шаардын бардык бөлүгүндө угулганын Сириядагы адам укуктарын коргогон миссиянын өкүлү Рами Абдуррахман билдирди.

Сирия өкмөтүнүн өнөктөшү деп айтылып келген Хезболла кыймылына байланышы бар Ливан телеканалы кабарлагандай, жардыруу Израилдин аба соккусунун жыйынтыгы болушу мүмкүн. Израилдин куралдуу күчтөрүнүн басма сөз катчысы бул билдирүүлөр боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Алгачкы маалыматтар боюнча жарылуудан жабыркагандар жок.

Көтөрүлүшчүлөр тобу аэропорт жайгашкан чыгыш Дамасктагы байкоочуларына шилтеме кылып билдиришкендей, Иран колдоп жаткан көтөрүлүшчүлөрдүн пайдалануусундагы курал-жарак сакталган кампага беш сокку урулган.

Сирияда президент Башар Асаддын жана анын союздаштарынын күчтөрү менен оппозициялык күчтөрдүн ортосунда алты жылдан бери уланып келаткан жарандык согушта жалпысынан 400 миңден ашык киши өлдү. Асадды Орусия, Иран жана шийиттердин аймактык күчтөрү, анын ичинде Тегерандын жакын союздашы жана Израилдин душманы эсептелген Хезболла кыймылы да бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Киевде Каримовдун кайниси үй камагына чыгарылды

Украинада абакта жаткан өзбекстандык Акбарали Абдуллаев 21-апрелде үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Киев прокуратурасы билдирүүдө.

33 жаштагы Абдуллаев маркум өзбек президенти Ислам Каримовдун жесиринин жээни. Ал 2014-жылы Өзбекстанда каржылык алдамчылыкка жана акча уурдоого айыпталып, издөөгө алынган.

Быйыл январда Киевдин эл аралык аэропортунда кармалган. Өзбек бийлиги аны экстрадициялоону талап кылууда. Абдуллаев мекенине кайра барса камаларын, өмүрүнө коркунуч тууларын айтып келет.

Абдуллаев 2013-жылы оор экономикалык кылмыштарды жасоого айыпталып, Ислам Каримовдун буйругу менен камалган. Ал абакта 2,5 жыл отуруп, мунапыс менен шарттуу түрдө эркиндикке чыккан. Бирок Каримов өлгөндөн кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Абдуллаевдин адвокаттары ал Украинага мыйзамдуу жол менен келгенин, жанында паспорту жана визасы болгонун ырасташууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ташкындан улам Казакстандын айрым аймактарына өзгөчө кырдаал киргизилди

Түндүк-Казакстан облусунун Кызыл-Жар районун суу каптап, өзгөчө кырдаал жарыяланды. Күн мурун Ишим дарыясы нугунан чыгып, Петропавл шаарына дагы чукул кырдаал киргизилген.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашкандай, өткөн суткада дарыядагы суунун деңгээли 30 сантиметрге көтөрүлдү, айрым жерлерде суу ташкыны он чакырымга чейин жетти.

Жалпы облус боюнча 171 үйдү суу каптады. Каза болгондор жок.

Жергиликтүү ММКлар селдин кесепетинен 700дөн ашуун киши үйүн таштап кетүүгө мажбур болгонун жазууда. Суу аймактагы эң ири суу сактагычтын полотинасынын кырынан эки метрге ашык көтөрүлдү. Ишим дарыясынын боюнда жайгашкан Сергеев суу сактагычында бир миллиард куб метр суу бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусияда терроризмге шектелип 12 борборазиялык жаран кармалды

Калининград шаарында экстремисттик уюмдарга катышы бар деген шек менен 12 борборазиялык жаран кармалды. Бул тууралуу 26-апрелде Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы билдирди.

Ушул эле күнү “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жактоочусу делген эки кишинин кармалганын кабарлаган. ФСБнын ырасташынча, алар Ыраакы Чыгышта ири кол салуу уюштурууну пландап жатышкан.

Маалыматтарга караганда, кармалган 12 шектүү жаран “Ислам жихады – жамаат муджахидин” тобу менен байланышта болгон жана жоочуларды азгырууга тиешелери бар. ФСБнин билдирүүсүндө бул топтун лидери экстремизмге шектелип, өзбек бийлиги тарабынан издөөгө алынган. Кармалгандарды терроризм айыбы боюнча жоопкерчиликке тартуу үчүн депортациялоо пландалууда.

Орусия ушуну менен үчүнчү жолу Борбор Азиядан чыккан жарандарды террордук ишмердүүлүккө айыптоодо. 3-апрелде Санкт-Петербургдун метросундагы жардыруудан 15 адам өлүп, элүүдөн ашууну жарадар болушкан. Жардырууну Кыргызстандан барган Акбаржон Жалилов аттуу Орусия жараны жасаганын тергөө органдары маалымдашкан. Бул окуядан кийин жардырууга тиешеси бар деген шек менен борборазиялык ондой киши кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда валюта кылмышы үчүн камалган банкир сот залынан бошотулду

Ташкентте шаардык соттун 20-апрелдеги чечими менен «Асака» коммерциялык банкынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы Кахрамон Арипов бошотулду. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматынын Борбордук банктагы өз булагы билдирди.

Булактын маалыматына караганда, Кахрамон Арипов менен бирге ошол эле иш боюнча айыпталуучу катары өтүп жаткан дагы үч киши мунапыска илинип, сот залынан бошотулган.

«Асака» банкынын 49 жаштагы мурдагы башчысы абакта дээрлик бир жыл отурду. Анын эркиндикке чыгышына өткөн жылы өлкө жетекчилигинин алмашканы дагы таасирин тийгизди.

Ташкент шаардык сотунун нөөмөттөгү кызматкери банк жумушчуларынын эркиндикке чыгарылганын ырастап, бирок кененирээк маалымат берүүдөн баш тартты.

Кахрамон Арипов өлкөнүн Башкы прокуратурасы тарабынан 2016-жылы 2-февралда кармалган. Ага карата уурдалган акчаны адалдоо, кылмыштуу топ түзүү жана кызматтык кылмыш жасоо айыптары тагылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда антикоррупциялык мекеменин мурдагы төрага орун басары кармалды

Тажикстандын мамлекеттик каржы көзөмөлү жана жемкорлукка каршы күрөшүү агенттигинин төрагасынын мурдагы орун басары Давлатбек Хайрзода Орусияга учардын алдында Худжант аэропортунда кармалды.

Ал өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан 21-апрелде кармалган, бирок бул тууралуу төрт күн өткөндөн кийин белгилүү болду. Тажикстандын Башкы прокуратурасы Давлатбек Хайрзодага жана анын эки шеригине карата «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Хайрзода ээлеген кызматынан ушул жылдын 23-январында, пенсияга чыккандыгына байланыштуу бошотулган.

Ал Мамлекеттик каржы көзөмөлү жана жемкорлукка каршы күрөшүү агенттигинин директорунун орун басары болуп 2015-жылдын 6-мартында дайындалган. Андан бир нече күн өткөндөн кийин мекеме жетекчилигине президент Эмомали Рахмондун улуу баласы Рустами Эмомали келген. Ага чейин Давлатбек Хайрзода Дүйшөмбү шаарындагы антикоррупциялык мекемени башкарган.

Жергиликтүү ММКлар учурда антикоррупциялык мекеменин 10дон ашык мурдагы кызматкеринин иши тергөөдө экенин билдиришүүдө. Алардын арасында мекеменин мурдагы ага тергөөчүсү Фируз Холмуродзода бар. Ал алдамчылыкка жана кызмат абалын кыянат пайдаланууга айыпталып кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Петербургдагы терактты «Аль-Каидага» байланышы бар экстремисттер жасаган

Петербург метросундагы теракт үчүн жоопкерчиликти “Аль-Каидага” байланышы бар «Имам Шамилдин батальону» деп аталган экстремисттик топ өзүнө алды. Бул тууралуу кеңсеси АКШнын Мэриленд штатында жайгашкан террордук ишмердүүлүктөрдү иликтөө менен алектенген SITE Intelligence Group тобу билдирди.

Экстремисттик топ жаңы теракттарды жасай тургандыгын айтып опузалаганы дагы кабарланууда.

Петербург метросундагы теракт 3-апрелде болгон. Анда 16 киши, анын ичинде терактты аткарган делген Акборжан Жалилов дагы мерт кеткен. Жарылуу метронун «Сенная площадь» жана «Технологиялык институт» станцияларынын ортосунда болгон.

17-апрелде ФСБ терактты уюштурду деген шек менен Аброр Азимов аттуу адамдын кармалганын билдирген. Андан бир канча күн өткөндөн кийин теракт иши боюнча анын бир тууганы Акрам Азимов дагы кармалган. ФСБнын директору Александр Бортников терактты уюштурууга буйрук берген адам аныкталганын билдирип, ал тууралуу «кошумча маалыматтар» берилерин айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню