Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Издөөдөгү 66 жаран террорист деп жарыяланды

Каржылык чалгын кызматы издөөдөгү 66 кыргызстандыкты террорчулардын тизмесине киргизгендигин маалымдады. Кыргызстандын Каржылык чалгын кызматы издөөдө жүргөн 66 кыргызстандыкты террористтик, экстремисттик уюмдарга жана массалык кыргын куралын жайылтууга катыштыгы бар адамдардын катарына кошту.

Мындай маалымат аталган кызматтын сайтына жарыяланды. Минтип эсктремизмдин тузагына чалынгандар рухий боштуктан чыгып жатканын саясий аналитиктер белгилешүүдө. Ошондуктан диний экстремизм менен күрөшүү милициянын милдети, тартип сакчылары катуурак иштесе эле баары жайында болот деп жооткотуу жарабайт.

Булак: “Фабула”

Камактагы ирактыктар боюнча сот өкүмү жокко чыкты

Жогорку Сот Кыргызстанда камакта жаткан ирактык төрт жарандын ишин карап, Ош облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарды. Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди. Анын айтымында, Жогорку Сот ишти кайра кароого Ош облустук сотуна жиберди. Аны башка соттук коллегия карай турган болду.

Ирактын төрт жараны “жасалма паспорт менен мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн” деген айып менен Кыргызстанда камакта жатат, бири 76 жаштагы аял.

Алар былтыр октябрда Ош аэропортунан жасалма паспорт менен кармалган. УКМК “жасалма документ менен мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” деген негизде кылмыш ишин козгоп, алгач Ош шаардык соту чет элдиктерге 10 миң сомдон айыппул салып бошотуу өкүмүн чыгарган. Бирок мамлекеттик айыптоочулар арызданып, натыйжада облустук сот аларды абакка кескен. Ирактыктар буга макул болбой Жогорку Сотко апелляциялык арыз жазган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

В Бишкеке подведены итоги первенства Бишкека по шахматам

29 апреля в спортивном зале физкультурно-оздоровительного комплекса жилого массива “Арча-Бешик” были подведены итоги первенства города Бишкек по шахматам среди детей с ограниченными возможностями здоровья. Об этом сообщила пресс-служба

Первенство по шахматам проводилось среди детей с ограниченными возможностями здоровья в двух категориях:

– категория «А» (дети с ограниченными возможностями здоровья, с полным или с ослабленным зрением, юридически считающиеся слепыми), в группах до 8,10,12,14 лет.

– категория «В» (дети с ограниченными возможностями здоровья с полной или ослабленной потерей слуха, юридически считающиеся слепыми), в группах до 8,10,12,14 лет.

Соревнование прошло в целях пропаганды здорового образа жизни, полезного досуга и развития шахматного спорта, популяризации шахмат, как средства физической и моральной реабилитации среди лиц с ограниченными возможностями здоровья, выявления кандидатов в сборную города Бишкек по шахматам для участия в республиканских и международных соревнованиях.

Общее руководство организацией чемпионата столицы по шахматам осуществлялось Управлением физической культуры и спорта мэрии города Бишкек.

Напомним, что соревнования проводились с 26 по 29 апреля.

Победителями и призерами первенства стали:

Категория «А»

Мальчики

1 место –  Курманбай у Замир

2 место –  Бакдөөлөт Турарбеков

3 место –  Нурбек у Бакберген

Девочки

1 место –  Кенжебек к Айжан

2 место –  Болотбек к Мадина

3 место –  Айгерим Казакбаева

Категория «Б»

Мальчики

1 место –  Мамажусупов Нуртилек

2 место –  Камчыбек Макенов

3 место –  Талантбек у Бектур

Девочки

1 место –  Сабина Карыбекова

2 место –  Муратбек к Бактыгул

3 место –  Урматай Батыркулова

Победители и призеры были награждены медалями и дипломами Управления физической культуры и спорта столичного муниципалитета.

Сирияда өзбек жоочуларынын башчысы Шейх Салахуддин өлтүрүлдү

Сирияда имам «Аль-Бухари» атындагы өзбек жоочуларынын отряд башчысы Шейх Салахуддин өз кишилери тарабынан өлтүрүлдү. Анын ордун Абу Юсуф деген ысым менен белгилүү тажик улутундагы адам ээледи. Бул тууралуу Сириядагы согуштук топтордун өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, 43 жаштагы Шейх Салахуддинди өзү башкарган отряддын мүчөлөрүнүн бири Идлиб шаарындагы мечитте 27-апрелде атып өлтүргөн. Андан сырткары дагы үч согушкер каза болуп, экөөсү жаракат алган.

Ошол эле күнү шектүүгө издөө жарыяланып, анын кайсыл жерде экени тууралуу маалымат бергендерге 1 миллион сирия фунту (4700 АКШ долларынын тегереги) өлчөмүндөгү сыйакы убадаланган. Эртеси Шейх Салахуддинди өлтүргөн адамдын кармалганы кабарланган.

Дүйнөнүн бир канча өлкөсүндө тыюу салынган «Ислам мамлекети» террористтик тобу Шейх Салахуддиндин өлүмү пландалганын жана ал ИМдин бир бөлүгү эсептелген «Хурасан» тобунун жоочулары тарабынан ишке ашырылганын билдирди. Бул топтун курамын негизинен Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган согушкерлер түзөт.

Өлтүрүлгөн Шейх Салахуддиндин чыныгы ысымы — Акмаль Журабаев. Ал Өзбекстандын Фергана өрөөнүндөгү Наманган шаарында туулуп өскөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бөтөлкөлөш коңшусун өлтүрдү

26-апрель күнү Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Алексеевка айылында бөтөлкөлөш кошунасын өлтүрүүгө шектүү 1969-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Окуя 25-апрель күнү болгон. Маалым болгондой, 1960-жылы туулган жаран менен 1969-жылы туулган кошуна жарандар арак ичип отурушуп уруша кетишет. Жашыраагы улуусун бөтөлкө менен башка чаап өлтүрүп алат да, өлүктү кантип жашыраар айласын таппай, каза болгон кишинин үйүнө ширеңке чагып өрттөп жиберет. Өзү короонун артындагы эшик менен жашыруун эшикке чыгып өрт өчүрүү кызматына чалып, үйдүн өрттөнүп жатканын кабарлайт. Өрт өчүрүүчүлөр келип өрттү өчүрүп, милициялар каза болгон жарандын өздүгүн тактап, анын киши колдуу болуп көз жумганын байкашат. Дароо өрт өчүрүү кызматын чакырып, кылмыштан кутулуунун жолун издеген коңшусун камакка алып суракка алышканда, ал окуяны болгонун болгондой төкпөй-чачпай милицияларга баяндап бериптир. Азыр эми кылган күнөөсүн мойну менен тартып, темир тор артына киргизилди.

Булак: “Фабула”

Зебакта жарадар болгон ооган полициячылары Тажикстандын ооруканасына жаткырылды

Зебак уездиндеги талиптер менен болгон кагылышуулар маалында жарадар болгон жети ооган полициячысы Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономдук облусунун Ишкашим райондук ооруканасына жеткирилди.

Учурда өткөн жума күнү жоочулар басып алган Ооганстандын Зебак уезди үчүн күрөш уланууда. Стратегиялык жактан маанилүү эсептелген калктуу конуш Ооганстандын Тажикстандын Бадахшан провинциясы менен чектешкен түндүк-чыгыш аймагында жайгашкан.

Ишкашим райондук ооруканасынан кабарлашкандай, жарадар болгон ооган полициячыларын аларга өткөн жума соңунда алып келишкен. Алардын бири 29-апрелде ооруканадан чыгып, Ооганстанга жөнөтүлгөн.

Жарадар полициячылардын бири уезд аларда ок-дарынын жок калганынан улам талиптердин колуна өткөнүн айтты. «Айыгышкан күрөш төрт саатка созулду. Бизде ок-дары жок калып, жардам өз убагында келбегендиктен улам уездди алдырып жибердик», – деди ал.

Талиптер Зебак уездин 28-апрелде басып алышкан. «Талибан» өкүлдөрү кагылышуу маалында 20дан ашык полициячы мерт болгонун жарыялашты. Ооганстан ИИМинен уезддин көзөмөлдөн чыгышы убактылуу көрүнүш экенин билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

БУУ: Иракта кулчулукка кабылган 36 езид кыз-келин куткарылды

Иракта үч жыл “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун “кулчулугунда” болгон 36 езид кыз-келин куткарылды.

БУУнун Ирактагы гуманитардык маселелер боюнча координатору Лиза Гранденин билдиришинче, азаттык алган аялдар жана кыздарга баш калкалоочу жай, кийим-кече, медициналык жана психологиялык жардам берилди. Учурда алар Мосулдун түндүк тарабында жайгашкан күрддөр басымдуулук кылган Дахук шаарында.

“Ислам мамлекети” радикал тобунун жоочулары 2014-жылы Ирактын түндүк-батышындагы Синжар шаарын курчап, миңдеген кыз-келиндерди туткунга алып, сексуалдык зордук-зомбулуктарды көрсөтүшкөн.

Алардын арасынан айрымдары качып кетишкен, бирок 3500дөй киши али туткунда. Езиддердин ишенимин христиан, зороастризм жана ислам элементтери түзөт. “Ислам мамлекети” тобу аларды “азезилдин жактоочулары” деп эсептейт.

Учурда жарым миллионго чукул езиддер Ирактын түндүгүндөгү Күрдистан автономдуу районундагы лагерде баш калкалашууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда паспорт режимин бузгандар үчүн жаза жеңилдетилүүдө

Өзбек парламентинин төмөнкү палатасы паспорт режимин бузгандарга карата административдик жазаны жумшартуу долбоорун иштеп чыгууда.

Депутаттар айыппулдун көлөмүн азайтуу жана анын төмөнкү чегин тактоо максатында мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатышат.

Эл өкүлдөрүнүн айтымдарында, 450 миң сумдук (расмий курс боюнча 100 доллардан ашык, базар курсу боюнча 60-65 доллар) айыппул жогору болуп эсептелет. Айрым жарандар, өзгөчө жакыр үй-бүлө өкүлдөрү паспорт алышкан эмес же мөөнөтү өткөндөн кийин аларды алмаштыра албай калышкан.

Өзбекстанда биометрикалык паспортторду берүү өнөктүгү 2011-жылы ноябрда башталган. Эски үлгүдөгү паспорттордун мөөнөтү 2015-жылдын 31-декабрында аякаган. Бирок айрым маалыматтар боюнча өлкөнүн айрым облустарында бери дегенде эле жарандардын 40% паспортторун алмаштырышкан эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Коалициянын аба соккусунан Сирия менен Иракта жүз миңдеген жаран курман болду

2014-жылдан бери Сирия жана Иракта “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшкөн эл аралык коалициянын соккусунан 352ден кем эмес жай тургун мерт кетти. Бул маалыматтарды 3-апрелде АКШнын аскер мекемеси жарыялады.

Бирок батыш агенттиктери бул көз карандысыз топтор чогулткан статистикадан алда канча аз экенин белгилешүүдө. Маселен, Airwars байкоочу тобу 3 миңден ашуун жай тургун коалициянын авиасоккуларынан көз жумганын кабарлоодо.

Пентагон бул атайын жасалбаганын билдирип, жакындарын жоготкондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты. АКШнын аскер мекемесинин билдирүүсүндө авиарейддер алдында алдын ала сактык чаралары көрүлгөнү, ага карабай соккулар курмандыктарга алып келгени айтылат.

АКШ жихадчыларга карата аскердик операциясын 2014-жылы августта баштаган. Бул учурда куралдуу экстремисттер Ирактагы кеңири аймактарды, анын ичинде чоңдугу боюнча экинчи орунда турган Мосул шаарын басып алышкан болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Бакыт Төрөбаев: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыкты алдын албай, натыйжалары менен күрөшүп жаткандыгынын кесепети - Өзгөн районунда болгон трагедия

Эске салып кетсек, 29-апрелде эртең менен Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Аюу айылында жер көчкү жүргөндүгү катталды. Ал жер көчкү 24 адамды басып калгандыгын ӨКМ маалымдаган эле. Көлөмү 1 миллион кубометрди түзгөн  жер көчкү 7 турак-жайды басып калган. Азыркы учурда аларды алып чыгуу үчүн 100 куткаруучу ишке тартылганы маалымдалууда. Учурда издөө иштери дагы эле жүрүп жатат.

Бул болгон каргашалуу окуя боюнча “Өнүгүү-Прогресс” саясий фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев оюн билдирди.

«Урматтуу мекендештерим, кайгылуу окуя болуп кетти. Кыргыз эли орду толгус оор жоготууга учурады. Кырсыкты алдын алалбадык» – деп баштады сөзүн Төрөбаев.

Белгилеп кетсек, бул окуяга чейин эле парламенттин отурумдарынын биринде Бакыт Төрөбаев, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыкты алдын албай, кесепети менен күрөшүп жатасыңар деп сынга алган.

«Ошондо эле коңгуроо кагып,эскертип айтканбыз. Эгер Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күчкө салып,элди башка жайга көчүрсө, мындай өксүктө калбайт элек. Азыр дагы көптөгөн айыл аймактарыбызыда, ушундай кооптуу жайлар бар. Аларды дагы өкмөт өтө ыкчамдык менен алдын алуусу керек деп эсептейм. «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы өкмөттөн оперативдүү чечим жана ыкчамдыкты талап кылабыз» – деди ал.

https://www.youtube.com/watch?v=xUODJeFAqdI

Булак: Kyrgyztoday.kg 

Меню