Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Ооганстандагы түркмөндөр «Талибан» менен ИМ тобуна каршы биригүүдө

Ооганстандын түндүгүндө жашаган этникалык түркмөндөр «Талибан» кыймылы менен «Ислам мамлекети» тобунун кол салуусунан коргонуу үчүн элдик кошуундарга биригүүдө.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына караганда, акыркы кездери этникалык топтордон турган коргонуу кошуундарынын жана аларга кошулган жергиликтүү тургундардын саны кыйла көбөйдү. Бул аймактагы коопсуздуктун начарлашына байланыштуу.

«Акыркы айларда коопсуздуктун абалы кескин начарлап кетти. Буга байланыштуу жергиликтүү калк колго курал алып, кошуундарга биригүүгө аргасыз болушууда. Азыр Шордепе районунда эле 10дон кем эмес топ бар», – деп жазды басылма.

Куралдуу топтордун биринин командири Абдул Менан алардын катарында эле 27 эркек жана 2 аял өлгөнүн айтты:

– Бизде мүлктөрдү, уйларды сатып, анын акчасына курал-жарак алып «Талибанга» жана «Ислам мамлекетине» каршы чыгуудан башка аргабыз калган жок. Биз аларды күч менен кууп чыгабыз.

Түрдүү маалыматтар боюнча Ооганстанда 1 миллионго жакын этникалык түркмөн жашайт. Алар өлкөнүн жалпы калкынын 2-3% түзүшөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ "Ислам мамлекети" тобунун Ооганстандагы лидеринин өлтүрүлгөнүн тастыктады

Нангархар провинциясында  ооган жана америкалык аскерлердин операциясы учурунда “Ислам мамлекети” террордук тобунун жергиликтүү уюгунун лидери Абдул Хасиб өлтүрүлдү. Бул тууралуу Reuters кабарлады.

Операция 27-апрелде жүргүзүлгөн. Бирок Хасибдин өлгөнүн Пентагон расмий түрдө 7-майда тастыктады.

АКШ аскерлеринин маалыматы боюнча Хасиб жоочулардын көптөнгөн кол салууларын уюштурган, алардын арасында марттын башында ооган куралдуу күчтөрүнүн госпиталына жасалган чабуул дагы бар.

Апрелдин ортосунда АКШ алгач ирет Ооганстанга өтө кубаттуу өзөктүк эмес авиациялык бомбасын таштаган. Жыйынтыгында “Ислам мамлекети” тобунун 36 согушкери жок кылынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыздарды "отургузган" дарыгер соттолот

АКШнын Детройт шаарындагы ооруканалардын биринде дарыгер болуп иштеген Джумана Нагарвалага кыздарды сүннөткө олтургузуп жүргөн деген айып тагылды. Прокуратуранын маалыматы боюнча, дарыгер 6-12 жаш аралыгындагы кыздардын жыныс мүчөсүнө атайын операция жасап келген. Эгер Наваргаланын бул аракети далилденсе, анда ал өмүр бою эркинен ажыралатылат. АКШ кыздарды сүннөткө олтургузууга 1996-жылы мыйзамдуу түрдө тыюу салган. Мындай окуя биринчи жолу 2006-жылы катталган. Эфиопиядан келген иммигрант өзүнүн эки жаштагы кызын сүннөткө отургузганы үчүн 10 жылга соттолгон. 2012-жылы АКШнын бийлиги өлкөдө жалпы саны 500 миңге чукул аялдар менен кыздар ушундай жагдайга туш болгондугу тууралуу статистиканы жарыялаган. БУУнун маалыматына караганда, мындай көрүнүштөр Египет, Эфиопия, Индонезияда кеңири тараган.

Булак: “Де-Факто”

Тажикстанда ИМдин мурдагы согушкери террорчулукка каршы түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө

«Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун мурдагы согушкери Парвиз Косимов Тажикстандын аймактарына барып, жаштардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жолугушууларда ал Сириядагы үрөй учурган көрүнүштөр, ошондой эле согушка алданып барып, кийин өкүнүп калган Тажикстандын жана башка өлкөлөрдүн жарандары тууралуу айтып берүүдө.

Парвиз Косимов Бохтар районунун эли менен болгон жолугушуусунда кантип «Ислам мамлекетинин» катарына кошулганы жөнүндө айтып берди:

— 2014-жылы сентябрда «Одноклассники» социалдык түйүнү аркылуу азгырылып, «Ислам мамлекети» тобунун катарына кошулуу үчүн Сирияга баргам. Анда өтө ырайымсыз жана катаал көрүнүштөргө күбө болуп, эмне болсо да мекениме кайтам деп чечкем.

Бохтар районунун жашоочусу Парвиз Косимов Сирияда 9 ай жүргөндөн кийин качып кеткен. 2015-жылы Тажикстанга кайтып келип, өз каалоосу менен бийликтин колуна түшүп берген. Анын Тажик улуттук университетиндеги окуусун улантуу өтүнүчү канааттандырылган эмес, учурда ал укук коргоо органдарынын тыкыр көзөмөлүндө.

Расмий маалыматтар боюнча учурда Тажикстандын 1100гө жакын жараны Сирия менен Ирактагы согуштарга катышууда. Бийлик 2016-жылы экстремисттик жана террористтик топтордун катарына кошулган тажик жарандарынын саны азайганын белгилөөдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

«Москвада кыргызстандыктын сөөгү таштандыдан табылды» деген маалымат иликтенүүдө

Москва полициясы Кыргызстандын жаранынын дене бөлүктөрү таштандыга ыргытылган деген маалыматты иликтей баштаганын маалымдады. Андан бир нече саат мурда, 2-майда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги окуя боюнча кенен маалымат сурап, полициянын Москва шаардык башкармалыгы менен Тергөө комитетине кайрылганын билдирген. Полиция адамдын дене бөлүктөрү 24-апрелде Москвадагы үйлөрдүн биринин жанындагы таштанды чакасынан табылган, алар соттук-медициналык экспертизадан соң ыргытылышы мүмкүн деп жатат. Эгер андай болгону аныкталса тиешелүү кызматкерлер дисциплинардык жоопко тартыларын борбордук полициянын басма сөз кызматкери билдирген. 1-майда орусиялык маалымат каражаттары табылган бир нече сөөктөр, теринин, чачтын калдыктары январдагы автокырсыкта өлгөн кыргызстандык төрт кишиге таандык болушу ыктымалдыгын жазышкан.

Булак: “ПолитКлиника”

Видео - Кабулдагы жардыруудан 8 киши мерт кетти

Кабулдун борборундагы жардыруудан 8 киши мерт кетти, 25и жаракат алды.

«Toyota Corolla» маркасындагы автоунааны башкарган жанкечти НАТОнун Ооганстандагы бронетранспортер кербенин сүзгөн.

Ооганстан ИИМинин басма сөз катчысы Наджиб Доништин билдиришинче, терактан 8 киши өлдү, 25и жаракат алды.

Бул кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкер экенин өзүнүн медиа канаты аркылуу тараткан билдирүүдө жарыялады.

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз катчысы, капитан Билл Салвин чабуул учурунда үч америкалык аскер жаракат алганын айтты. Ал минага каршы брондолгон унаалардын тышы гана бираз жабыркаганын кошумчалады.

Жардыруу АКШ элчилиги, Жогорку Сот жана Ооганстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жайгашкан жерде болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кытай элчилигиндеги жардыруу боюнча сот бүгүн өтөт

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кытайдын Кыргызстандагы элчилигиндеги жардыруу боюнча иш күбөлөрдүн бири гана келип, башкалары келбей калганына байланыштуу 4-майга жылган. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти. Маалыматка караганда, сотто күбөлөр көрсөтмө берип жатышат. Буга чейинки териштирүүлөрдө 20га чукул күбө суралды. Өткөн жылы 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти жардыруу жасап, өзү набыт болгон, элчиликтин үч кызматкери жараат алган. Окуя боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кылмыш ишин козгогон. Жардырууга буйрутма бергендер Сирияда экстремисттик аракеттерди ишке ашырып жүргөн «Жабхад-ул-Нусра» жана «Жамаат Таухид ва жихад» тобунун мүчөлөрү экенин, шектүү беш киши кармалып, төрт адамга издөө жарыяланганын билдирген. Алардын баары Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундары экени айтылган.

Булак: “ПолитКлиника”

Тажик бийлиги Худжант абагынан кылмышкерлер качпаганын билдирүүдө

Тажикстан бийлиги Худжант шаарындагы абактан камактагылар качып кеткендиги тууралуу калк арасында айтылып жаткан маалыматтарды четке какты.

Өлкөнүн Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкармалыгынын башчысы Изатулло Шариповдун билдиришинче, 3-май күнү эртең менен Согдиде айгай салынып, пландалган машыгуунун алкагында башкармалыктын кызматкерлери шашылыш чогултулган. Айтымында, жергиликтүү тургундар муну камактагылардын качып кетишине байланыштуу деп ойлошкон.

Маалыматка караганда, машыгуулардын алкагында абактан качкан кылмышкерлерди кармоо боюнча «Колго түшүрүү» операциясы өткөрүлгөн. Ага укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана аскер кызматын өтөп жаткан жоокерлер катышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сирия оппозициясы Астанадагы сүйлөшүүлөргө катышуусун токтотту

Сирия оппозициясынын өкүлдөрү бомбалоолор уланып жаткандыгына нааразылыгын билдирип, Астанадагы кезектеги сүйлөшүүлөргө катышуусун убактылуу токтотту. Бул тууралуу France-Presse агенттиги өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

«Жайкын тургундарга карата урулуп жаткан аба соккуларынан улам көтөрүлүшчүлөрдүн делегациясы жолугушууларды токтотот. Ал ок атуулар Сириянын бардык аймагында токтогонго чейин уланат», — деп билдирген агенттиктин булагы.

Казакстан ТИМинен Сирия оппозициясы Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнүнө катыша тургандыгын билдиришти.

Маалыматка караганда, оппозиция өкүлдөрү БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистура жана АКШ делегациясынын мүчөлөрү менен жолуккандан кийин жыйындар залынан чыгып кетишкен. Жалпысынан сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Астанага 19 кишиден турган ондон ашык оппозициялык топтун өкүлдөрү келишкен.

3-майда Астанадагы жолугушуулар жабык форматта өттү. 4-майда пленардык жыйын жана жыйынтыктоочу маалымат жыйыны өтөт деп күтүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Путин менен Эрдоган Сирия маселесин талкуулады

Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркия мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган Сирияда тынчтыкка жетишүүнүн жолдорун талкуулашты. Эки лидер тең ок атууну токтотууга жана дипломатиялык аракеттер менен жаңжалды жөнгө салууга умтула тургандыктарын билдиришти.

Путин Сирияда жарандык адамдар үчүн коопсуз аймактарды түзүү идеясы кошумча иликтөөлөрдү талап кыла турганын белгиледи.

Өз кезегинде Эрдоган Түркия менен Орусия биргелешкен аракеттери менен Жакынкы Чыгыштагы абалга олуттуу таасир эте ала тургандыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода мамилелерин жөнгө салуу тууралуу дагы сөз болду. Түркия Орусияны айыл-чарба азыктарына киргизилген чектөөлөрдү жоюуга чакырды. Бирок Путин «объектидүү себептерге» байланыштуу айрым чектөөлөр калтырыла турганын айтты. Жооп катары Анкара Орусияны Түркияга буудай, жүгөрү жана өсүмдүк майын бажы төлөмүсүз алып кире ала турган өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарды.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Путин чектөөлөр биротоло калбай турганын айтса, Эрдоган алар тезирээк алынат деген үмүтүн билдирди.

Орусиянын вице-премьери Аркадий Дворкович жакынкы убактарда азык-түлүк жеткирүүгө киргизилген чектөөлөрдүн көбү алынарын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню