Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Өзбек укук коргоочулары диний себептер менен соттолгондордун абалына тынчсызданууда

Өзбекстанда диний себептер менен соттолгон адамдардын абактагы абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу 12-майда өлкөнүн көз карандысыз укук коргоочуларынын демилгелүү тобунун төрагасы Сурат Икрамов билдирди.

Анын маалыматына караганда, абактагы үч бир тууган Мирзаевдер кыйноого алынып, аларга карата Жазаларды аткаруу мекемесинин жетекчисинин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө беренеси боюнча негизсиз айыптар тагылган.

Алардын бири Абдукарим Мирзаев 2009-жылы февралда 8 жылга соттолгон. Ал диний экстремисттик жана сепаратисттик уюмду түзүү менен конституциялык түзүлүшкө кол салууга айыпталган. 2017-жылдын январында, камактагы мөөнөтүнүн аяктарына бир ай калганда Абдукаримге карата чачын туура эмес алдыргандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, үч жылга эркинен ажыратылган.

Анын бир тууганы Ахмадилло Мирзаев болсо 2006-жылдын майында 5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок камактагы мөөнөтүнүн бүтөрүнө 4 ай калганда ага карата дагы бир кылмыш иши козголуп, 6 жылга соттолгон. 2017-жылдын январында экинчи мөөнөтү аяктап калганда Мирзаевге үчүнчү кылмыш иши козголгон. Бул жолкусунда ага төшөнчүсүн жыйнаган эмес деген айып тагылып, 4 жыл 7 айга кесилген.

Бир туугандардын үчүнчүсү Абдувохид Мирзаев 2006-жылы экинчи жолу 11 жылга эркинен ажыратылган. 2017-жылдын апрелинде камактагы мөөнөтү аяктаган, бирок туугандары учурда анын каякта экендигин билишпейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Евровидениеде сахнага чуркап чыккан адам 5 жылга камалышы мүмкүн

Түз эфирде Евровидение сынагынын финалдык бөлүгү көрсөтүлүп жаткан маалда көчүгүн жылаңачтап сахнага чуркап чыккан адам беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков билдирди.

«Ал бейбаштыкка айыпталып, 72 саатка камалды. Баш коргоо чарасы 15-майда каралат. Эгер бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса, анда ал айып төлөп же беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн», – деп жазды Аваков «Фейсбуктагы» баракчасына.

Австралиянын желегин жамынып сахнага чуркап чыккан адамдын украиналык пранкер Виталий Седюк экендиги аныкталды. Ал бул аракетин «бейрасмий түрдө чагымчыл журналист болуп иштей тургандыгы» менен түшүндүрдү.

14-майга оогон түнү Киевде Евровидение музыкалык сынагынын финалы болуп, анда португалиялык ырчы Сальвадор Собрал жеңишке жеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Баңгизатын сатуу максатында айдоо аянтына мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды

2017-жылдын 11-майында Лейлек РИИБнин БЗМЖККТнун кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Баткен облусунун Лейлек районунун Кайрагач айылынын тургуну, 46 жаштагы Х.Х. өзүнүн айылындагы эгин талаасында, жулуп таштап койгон эски чөбүнүн астында, салмагы 515гр гашиш баңгизатын сатуу максатында бекитип, сактап турган жеринен аныкталып калыстардын катышуусунда далил катары алынган. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Азыркы убакта бул кылмышка катыштыгы барларды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

Орто-Сай базарындагы кафеге кирген ууру изделүүдө

Ири суммадагы акчасын уурдаткан жаран видеобайкоого тартылып калган шектүүнү табууга жардам сурайт. Анын айтымында, окуя 2017-жылдын 24-апрелине караган түнү саат 02:15 чамасында Бишкектин «Орто-Сай» базарындагы кафелердин биринде болгон. Видеодо байкалгандай, белгисиз бала кирип келип, бөлмөнү тинткени, столдун тартмаларын колундагы чоң бычак менен талкалап ачканы көрүнүп турат. Колуна бир тутам акчаны алып чөнтөгүнө салып чыгууга шашканы жана аягында видеобайкоо камерасын көрүп калып, аны бузууга аракеттерди жасаганы даана көрүнгөн. Мындан тышкары ошол райондо бир жигит дагы бир кафеге кирүүгө аракет кылганы видеокөзөмөлгө түшкөн. Учурда эки жерде тең ушул жаран экендиги иликтенүүдө.

Булак: “Де-Факто”

Жол кырсыгынан дагы бир өспүрүм каза тапты

Бишкекте катталган жол кырсыгынан 15 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн башчысы Ажыбек Майназаров билдирди. Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 10-майда болжол менен саат 22:00дөр чамасында Патриса Лумумба көчөсү жакта «Кудайберген» базарынын тушунда катталган. Алган жаракатынан улам бала ооруканада каза болгон. «Айдоочу ак түстөгү Mercedes Benz машинасын айдап бараткан. Бишкекте «Перехват» планы киргизилди», — деди Майназаров.

Кайгуул милициясы жол кырсыгына күбө болгондорду 0772-188-821 номери аркылуу же 102 нөөмөт бөлүмүнө чалып кабарлап коюуга чакырат.

Булак: “Де-Факто”

Бычак жеген казак журналисти жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулат

Кечээ поездеги кол салууда жаракат алган жарандык активист жана журналист Рамазан Есергепов жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулат.

Жамбыл облусунун саламаттыкты сактоо департаменти Есергеповдун абалы туруктуу экенин жана ал эсине келгенин билдирди. Активисттин жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага бүгүн кечке чейин которулары күтүлүүдө.

ИИМ Есергеповго кол салуу боюнча иштин тергелиши боюнча комментарий берген жок.

«Оор абалдагы журналисттер» фондунун төрагасы Рамазан Есергепов 14-майда, поезд менен Алматыдан Астанага бараткан маалда бычак жеп, Жамбылдагы ооруканага жеткирилген. Анын кесиптештеринин айтымында, активист Астанага февралда камалган оппозициялык журналист Жанболат Мамайдын жана өзүнүн мурдагы иши боюнча Евробиримдик өлкөлөрүнүн элчилери, ошондой эле эл аралык эксперттер менен жолугушуу үчүн бараткан.

2009-жылы августта жергиликтүү сот Есергеповго карата айыптоо өкүмүн чыгарган. Бирок ал БУУнун адам укуктары боюнча комитетине даттанып, уюм өкүмдү мыйзамсыз деп тапкан. Ал кезде журналист көз карандысыз «Алма-Ата Инфо» гезитинин башкы редактору болуп иштеп келген. Бул талаштуу айыптоо боюнча ал үч жыл абакта отуруп чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мурда уурулук кылып сот жообуна тартылган адам, киши өлтүрүүгө шектүү катары кармалды

12-май күнү Каракол ШИИБнүн Кашка-Суу шаардык милиция бөлүмчөсүнүн башчысына 2016-жылдын ноябрь айында В. аттуу адам тааныштарынын үйүнөн белгисиз адамды өлтүрүп, ошол эле үйдүн огородунда көмүп салганы туралуу ыкчам маалымат түшкөн. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган ыкчам маалымат боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ысык-Көл ОИИБнын жана Каракол ШИИБнүн тергөө-ыкчам тобунун кызматкерлери тарабынан болжолу кылмыш болгон Жантөшев көчөсүндө жайгашкан үйдү аныкташат. Калыс адамдардын катышуусунда кароо жүргүзүү мезгилинде, аныкталган үйдүн огородунун түндүк-чыгыш тарабынан жерге көмүлгөн европа улутундагы белгисиз адамдын жансыз денеси табылып алынат. Белгисиз адамдын эмне себептен каза болгондугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалат.

Белгисиз адамдын өлүгү табылган жердеги үйдүн ээси, 40 жаштагы К.Натальянын көрсөтмөсү боюнча, өткөн жылдын ноябрь айында анын күйөөсү, таанышы Вася жана белгисиз адам болушуп, үйүндө спирт ичимдиктерин ичип жатышкан. Бардыгы белгисиз адамга Вертолет деп кайрылышып жатышкан. Спирт ичимдиктерин ичип жатышканда Вася менен белгисиз адамдын ортосунда уламдан-улам чыр-чатак чыгып жаткандыгын айтып, андан кийин кызып калгандыктан үйдүн ээси өз бөлмөсүнө уктаганы кетип калгандыгын, ойгонгондо үйдүн ичинде таанышы Вася жана күйөөсү гана бар экендигин, ал эми Вертолет аттуу белгисиз адам кетип калгандыгын билдирген. Ошондой эле, үйдүн ээси күйөөсү ушул жылдын январь айында каза болгондугун дагы кошумчалаган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ысык-Көл ОИИБнын жана Каракол ШИИБнүн кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Вася аттуу адамдын өздүгү аныкталып, ал мурда уурулук үчүн соттолгон 46 жаштагы Б. Василий болуп чыкты. Сурака алынган учурда ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, 6 ай мурун тааныштарынын үйүнөн Вертолет аттуу адамды сабап өлтүрүп, андан кийин жерге көмүп салгандыгын жактоочунун катышуусунда айтып берди.

Аталган факты боюнча Каракол ШИИБнүн тергөө бөлүмчөсү тарабынан КР КЖКнын 97-беренеси (Адам өлтүрүү) беренеси менен кылмыш иш козголуп, кылмыштын жагдайларын жана өлгөн белгисиз адамдын өздүгүн аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүү катары кармалган Б. Василий шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жер титирөөдөн кийин тажикстандык кыргыздар жер которду

Лахш (Жерге-Тал) районунда эки аптадан бери жер титирөө уланып жатат. Буга байланыштуу Алга жамаатында жашаган үч үй-бүлө Кыргызстанга көчүп келишти.

Көчүп келгендердин Тажикстандагы үйлөрү жараксыз абалга келген. Лахштын жашоочулары акыркы күндөрү көчөдө түнөп жатканын айтышууда. 3-4-майда болгон катуу жер титирөөдөн Алга жана Лахш жамаатына караштуу беш кыштакта үйлөр талкаланган.

Алга жамаатынын төрагасы Давлат Маннонов Кыргызстанга көчкөндөр үйлөрүн корккондугу үчүн таштап кеткенин ырастады.

– Азыркы тапта ал жакка үч үй-бүлө жер которду. Паспорттук каттоодон расмий чыга элек. Артка кайтуу же калуу чечимин кабыл алыша элек, – деди Маннонов.

Лахштагы кыйраган үйлөрдүн так саны белгисиз. Бирок жашоочулардын айтымында алар онго жакын.

Лахш районундагы Алга жамаатынын көпчүлүк жашоочусун этникалык кыргыздар түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Каримовдун кайнисин "Киев рублевкасынан" абакка которушту

Киевдин апелляциялык соту прокуратуранын суроосу менен Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кайнисин убактылуу абакка которуу чечимин чыгарды.

Маалыматтарга караганда, сот Акбарали Абдуллаевди камоого жетиштүү негиз бар экенин моюнга алды. Буга чейин соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылган. Абдуллаев Форт Росс же “Киев рублевкасы” деп аталып жүргөн Козин айлына жайгаштырылмак.

33төгү Абдуллаев маркум өзбек президенти Ислам Каримовдун жесиринин жээни. Ал 2014-жылы Өзбекстанда каржылык алдамчылыкка жана акча уурдоого айыпталып, издөөгө алынган.

Быйыл январда Киевдин “Жуляны” аэропортунда кармалган. Өзбек бийлиги аны экстрадициялоону талап кылууда. Абдуллаев мекенине кайра барса камаларын, өмүрүнө коркунуч тууларын айтып келет.

Адвокаттары болсо Абдуллаев 2013-жылы ушул эле айыптар менен абакта 2,5 жыл отуруп, мунапыс менен эркиндикке чыкканын белгилешкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Петербург терактына шектелген 6 кишиге айыбы угузулду

Орусия Тергөө комитети 11-майда Петербург метросундагы теракт боюнча алты кишиге айып такты жана алгач ирет алардын ысымдарын атады.

Тергөө комитети тараткан маалыматка ылайык, Бахрам Эргашев, Ибрагимжон Эрматов жана Махамадюсуф Мирзаалимов террордук акт уюштуруу, жардыруучу затты мыйзамсыз алуу, сатуу жана сактоого айыпталышууда.

Кийинчерээк ушундай эле беренелер менен Сейфулла Хакимов, Аъзамжон Махмудов жана Дилмурод Муидиновго дагы күнөө тагылды.

Маалыматка караганда, теракт иши боюнча жалпысынан 10 фигурант бар, калгандарына дагы айыптары угузулары күтүлүүдө. Бул арада Орусия Федералдык коопсуздук кызматы 11-майда Москвада Эрматов аттуу дагы бир шектүү кишинин кармалганын билдирди.

3-апрелдеги жардыруудан мерт болгондор жанкечтини кошкондо 16 кишиге жетти. Ага шектелгендердин көбү борборазиялыктар экени кабарланган. Ал эми жанкечтинин өзү Кыргызстанда туулган Орусия жараны деп маалымдалган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Аль-Каида” менен байланышы бар, “Имам Шамилдин батальону” тобу өзүнө алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню