Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Ысык-Ата районунун аймагынан эки жаш бала баңгизаты менен кармалышты

15-майда ИИМнин БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында Чүй облусунун Ысык-Ата районун Новопокровка айылында жайгашкан КРнын өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын №3 мекемесинин жанында Ош облусунун тургуну, 17 жаштагы Н.Б. жана Ысык-Көл облусунун тургуну, 18 жаштагы У.К. кармалган. Бул туурасында КР ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Текшерүү учурунда У.К.нын сол колунан скотч менен оролгон гашиш баңгизаты табылып алынган, бангизатынын салмагы 446 гр түзгөн.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Азыркы убакта кылмышка катыштыгы барларды иликтөө иштери жүрүүдө.

Дүйшөмбү Кабул түрмөсүндө жаткан үч тажик аялды экстрадициялоо ниетинде

Тажикстан Ооганстандан түрмөдө жаткан үч аялды – жоочулардын жесирлерин жана эки баланы экстрадициялоо ниетинде. Алар 2016-жылы күйөөлөрү өлтүрүлгөндөн кийин камалышкан.

Маалыматтарга караганда, абактагы аялдардын туугандары Ооганстандын Дүйшөмбүдөгү элчилигине кайрылып, экстрадициялоону өтүнүшкөн.

Ооган тарап кабарлагандай, камактагы аялдар Талибан жана “Ислам мамлекети” тобуна мүчө болгондуктары үчүн күнөөлүү деп табылышкан.

Дүйшөмбү камактагы жарандарын кайтаруу боюнча Кабулга кат жөнөттү.

Тажикстан менен Ооганстан 2010-жылы камактагыларды алмашуу боюнча келишимге кол коюшкан.

Ооган бийлиги маселе каралып жатканын, бирок аялдарды алардын макулдугу менен гана экстрадициялоо мүмкүн экенин баса белгилөөдө. Ооган ТИМиндеги өз булактын кабарлашынча, Кабулдагы түрмөдө жаш балдары менен 7 тажикстандык аял отурат. Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрү камактагылар менен сүйлөшүп чыгышкан, бирок алар экстрадициялоого азырынча макулдуктарын берише элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ооганстан: Жалалабад шаарында атышуу уланууда

Ооганстандын чыгышындагы Жалалабад шаарында куралчан адамдар мамлекеттик телеканалдын имаратына кирип барышкан соң атышуулар уланып жатат.

17-майда Ооганстандын РТА каналынын имаратына бир нече адам чабуул койгон.

Жабырлануучулар жок. Нангархан провинциясынын борборундагы кол салуунун артында кайсы уюм турары белгисиз.

Жалалабад шаарына кол салуу – талиптер бүтүндөй Ооганстан боюнча жазгы чабуулдарын жандандырган маалга туш келди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кылмыш иликтөө кызматкерлери 20 жаштагы баланы уурулукка шектүү катары кармашты

Ленин РИИБине борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. 14-майда саат 16:30дар чамасында Ош базарында жайгашкан соода борборунан белгисиз адам арыздануучунун капчыгын уурдап кеткен. Капчыктын ичинде 12300 сом, айдоочулук күбөлүк, банк карточкасы болгон.
Ленин РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлеринин ыкчам аракетинин натыйжасында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы А.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Ал фактынын негизинде 164-берене менен (Уурулук) кылмыш иши козголгон.
Кармалган адам Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Казакстанда бычак жеген журналисттин окуясы боюнча тергөө башталды

Казакстан Ички иштер министрлиги “Журналисттер коркунучта” фондусунун жетекчиси Рамазан Есергеповго каршы кол салуу фактысы боюнча сотко чейинки тергөө башталганын кабарлады.

ИИМ маалыматы боюнча Есергепов бычак жегенин 14-май күнү таңкы саат төрттө айткан. Поезд коштоочусу Шу станциясындагы медициналык бөлүмгө жана полицияга кабарлаган. Журналистке үч жолу бычак урулган. Учурда анын өмүрү коркунучта эмес.

Шудагы ооруканада жаткан 61 жаштагы Есергепов кол салууну кесиптик ишмердүүлүгүнө жана жарандык жигердүүлүгүнө байланыштырууда. Ага операция жасалды. Журналисттин кесиптештери аны Алматыга которуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырышууда.

“Журналисттер коркунучта” фондунун төрагасы Рамазан Есергепов 14-майда, поезд менен Алматыдан Астанага бараткан маалда бычак жеген. Активист Астанага Евробиримдик өлкөлөрүнүн элчилери, ошондой эле эл аралык эксперттер менен Казакстандагы сөз эркиндигин талкуулоо үчүн бараткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мечиттеги ур-токмок боюнча ИИМ чара көрөт

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы мечиттердин бириндеги ур-токмок тартылган деген видеотасма боюнча териштирүү баштады. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы бул окуяны арты жарашуу менен аяктаган эки адамдын гана өз ара пикир келишпестиги катары сыпаттап жатат. Дем алыш күндөрү интернетке чыккан бул видеотасма айрыкча социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты жана анда дааватчылар ортосунда териштирүү – тиреш болгон деген өңдүү жоромолдор айтылды.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы бул окуяны арты жарашуу менен аяктаган эки адамдын гана өз ара пикир келишпестиги катары сыпаттап жатат.

Дем алыш күндөрү интернетке чыккан бул видеотасма айрыкча социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты жана анда дааватчылар ортосунда териштирүү – тиреш болгон деген өңдүү жоромолдор айтылды.

Бир мүнөткө жетпеген видеодон мечиттин короосунда сүннөт кийимчен 20 чакты адам жүргөнүн, алардын ичинен олбурлуу, орто жаштагы бир адам жанындагылар токтотконуна карабай, башка бир адамды урганы, андан кийин экинчи адамга да кол көтөргөнүн көрүүгө болот. Видеодо кол көтөргөн адамга жанындагылар “Баатыр” деп кайрылып жатышканы да угулат.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз өкүлү Максат Атабаевдин билдиришинче, бул окуя мындан бир ай мурун Чүйдөгү мечиттердин биринде болгон. Ал дааватчылар ортосундагы тиреш болгон деген өңдүү сөздөрдү жокко чыгарды. Мечитке келген жарандардын өз ара турмуштук пикир келишпестиктен чыккан чыр деп атады:

– Эки бир тууган уруша кетип, ачууга алдырып коюшкан экен. Ошол жерде турган башка бир туугандар, жергиликтүү эл аларды кайра жараштырып коюшкан.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов ур-токмок фактысын Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмү териштирип жатканын айтты. Ал териштирүү иштерине кийин чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 2700 мечит бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Унаа уурдоого шектүү катары бишкек шаарынын тургуну кармалды

Свердлов РИИБине арыз менен Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Себеби, 14-майда арыздануучунун гаражына кирип «Тойота-Ист» үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткен. Бул туурасында Бишкек ШИИББнын Басма сөз кызматы билдирди.

Бул фактынын негизинде КРнын КЖКнын 172-беренеси менен (укука жат түрдө унаа каражатын тартып алуу) кылмыш иши козголгон. Свердлов РИИБнын кылмыш иликтөө кызматкерлери 26 жаштагы Г.И. аттуу Бишкек шаарынын тургунун кармашкан. Унаа ээсине кайтарылып берилген. Кармалган адам Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Видео - Казакстанда ачкачылык кармаган мунайчы эки жылга соттолду

Казакстандын Мангистоо облусундагы Oil Construction Company (OCC) мунай компаниясынын кесиптик кошуун төрагасы Амин Елеусинов эки жылга соттолду. Мүлкү мамлекеттин карамагына өтүп, профсоюздук ишмердүүлүк менен алектенүүгө беш жылга тыюу салынды.

Елеусиновго компаниядан уурдалган делинген 8 миллион тенгени төлөтүү милдеттендирилди.

Өкүм бүгүн Астананын Алматы райондук сотунда окулду. Сот Елеусиновдун буга чейин соттолбогону, жасаган ишине өкүнгөнү, жана күнөөсүн мойнуна алганы өкүмдү жумшартууга негиз болгонун билдирди.

Прокуратура менен айыпталуучунун ортосундагы макулдашууга ылайык, Амин Елеусинов профсоюз акчасын уурдоо жана полицияны мазактоо, ага баш ийбөө жана зомбулук көрсөтүү беренелери боюнча күнөөлөрүн моюнуна алган.

Елеусинов быйыл январда Мангистоо облусундагы мунай компаниясынын жумушчулары менен бирге Көз карандысыз кесиптик кошуун конфедерациясынын жоюлушуна каршы чыгып, ачкачылык акциясына катышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда айрым аткаминерлер ысырапкорчулук үчүн иштен алынды

Тажикстанда балдарынын билимине жана тарбиясына жакшы көңүл бөлбөгөндүгү үчүн ата-энелер жоопкерчиликке тартылды. Ошондой эле салтанаттарды өткөрүүнү көзөмөлдөөчү мыйзамдарды аткарбагандыгы үчүн бир нече аткаминер иштен алынды.

Бул тууралуу өлкө президенти Эмомали Рахмон 13-майда Хатлон облусунун активдери менен болгон жолугушуусу маалында билдирди. Бирок мамлекет башчы конкреттүү адамдардын аттарын атаган жок. «Бир нече адам иштен алынды. Эми мындай иштер дагы да катаал жүргүзүлөт», – деди Рахмон.

Ал мыйзамдар элдин кызыкчылыгы үчүн жана коомдогу туруктуулукту камсыздоо максатында кабыл алынганын, бирок айрым аткаминерлер менен ишкерлер ысырапкорчулукка барышып, туугандары коомдук тартипти бузуп жаткандыгын билдирди.

Эмомали Рахмон өкмөттүн 27-апрелдеги жыйынында мамлекеттик кызматкерлер, өкмөттүн жана парламенттин мүчөлөрү шаан-шөкөттүү салтанаттарды уюштурарын айтып, алардын балдары жол эрежелерин бузуп, окуу жайга автоунаалар менен барып жатканын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Microsoft WannaCrypt вирусу үчүн NSA жооптуу экенин билдирди

WannaCrypt вирусунда пайдаланылган программалык коддун фрагменттери Улуттук коопсуздук агенттигинин (NSA) компьютердик программаларынан алынган. Бул тууралуу Microsoft компаниясынын директору Брэд Смиттин билдирүүсүндө айтылат.

Өткөн жума күнү дүйнөнүн 150 өлкөсүндө WannaCrypt деп аталган вирус тараган. Ал компьютердеги файлдардын баарын жашырып, аларды калыбына келтирүү үчүн компьютер ээсинен акча талап кылган. Жалпысынан вирустук чабуулга 200 миңге чукул киши кабылган.

Орусияда вирус Ички иштер министрлигинин, Тергөө комитетинин, мобилдик операторлордун жана «Орусия темир жолдору» ишканасынын компьютердик системаларына кирген. Улуу Британияда вирустан мамлекеттик ооруканалар жана башка медициналык жайлар зыян тарткан. Казакстанда болсо Каспий жээгиндеги Кашаган мунай кенинин операторунун серверлерине чабуул жасалган.

Вирустук кол салуудан кийин Улуу Британия бийлиги киберкоопсуздук үчүн кошумча 64 миллион доллар бөлүү чечимин кабыл алды. Ак үйдө бул көйгөйдү эки жолу талкуулоого жетишишти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню