Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Жамал Сейдакматова: “Ыйманды пропагандалабай туруп, маданиятка жетише албайбыз”

Казакстанда  “Казахмыс” корпорациясынын кызматкери соттун чечимине макул эместигин билдирип, өзүнө бычак менен кол салды. Ал мыйзамсыз иштен алынганын билдирүүдө.

Окуя 17-майда болгон. “Казахмыс” корпорациясынын мурдагы кызматкери Жанболат Оспанов Жезказган шаардык сотунун жетекчиси менен көзмө-көз жолугушууну талап кылып, полициянын көзүнчө сот залында курсагына бычак урган.

Ага операция жасалды, учурда абалы канааттандыраарлык.

28 жаштагы Оспанов телефондо мындай кадамга соттун адилетсиз токтомуна каршы барганын билдирди. Анын айтымында, буга чейин Жезказган шаардык соту аны ишке кайра алуу тууралуу чечим чыгарган. Бирок апелляциялык сот бул бүтүмдү жокко чыгарып, иш берүүчүнүн арызын канааттандырган.

«Казахмыс» корпорациясы Жанболат Оспанов үч жыл мурун ишке орношконун, бирок тартип бузуп, жумушка келбей койгондугу үчүн 2016-жылы иштен алынганын белгилөөдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Түрк президентинин жан сакчылары АКШда демонстранттар менен мушташты

Вашингтондогу Түркия элчилигинин алдында болгон кагылышта эки киши кармалып, тогузу жараат алды. Элчиликтин алдына миттингге чыккан күрт жана армян демонстранттары аларга 16-майда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын тарапташтары жана өлкө башчысынын жеке жансакчылары кол салганын айтышууда.

Костюмчан бир нече киши демонстранттарды ур-тепкиге алышкан. Түркия делегациясы алар акцияга чыккандардын чагымчыл аракеттерине каршы жооп кайтарганын билдирди.

Кагылышууга тартип сакчылары кийлигишүүгө аргасыз болду. Вашингтон полициясынын маалымат катчысы Дастин Штернбек мушташкандардын бирине полицияга кол салуу боюнча айып тагылганын маалымдады.

Окуя Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Ак үйдө АКШнын лидери Дональд Трамп менен жолугуп, Сириядагы күрт козголоңчуларын куралдандыруу боюнча Вашингтондун чечимин сынга алгандан кийин болду.

Эрдоган Жакынкы Чыгышта “террордук уюмдарга орун жок” деп кошумчалады. Бир апта мурда Кошмо Штаттар Сириядагы күрттөрдөн куралган Элдик коргонуу кошуундарын курал менен камсыздай турганын билдирген. Анкара бул уюмду Түркияда тыюу салынган Күрт жумушчу партиясы менен байланышы бар террордук топ деп эсептейт.

https://www.youtube.com/watch?v=0jh4pzxKZFY&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстан абагында «экстремизмге» айыпталган адам жоголду

Учурда Түркмөнстандын абактарында 150-200дөн кем эмес адам кармалууда. Алардын айрымдары 15 жылдан бери камакта жатышса, ондогон киши түрмөдө каза болушкан. Бул тууралуу «Мемориал» укук коргоо уюмунан билдиришти.

Уюмдун 16-майда жарыяланган иликтөөсүндө Түркмөнстандын 1986-жылы туулган жараны Аннамурад Атдаевдин тагдыры тууралуу айтылат. Каирде окуп жүрүп мекенине кайткан Атдаев өткөн жылы «ислам экстремизми» айыбы менен соттолуп, ушул жылдын январында абакта жоголуп кеткен. Орусия жарандыгына ээ анын жубайы Дарья Атдаева түркмөн бийлиги күйөөсүнүн каякта экендиги тууралуу маалыматтарды жашырып жаткандыгын, ал жакындары менен жолугушуу жана кат алышуу укугунан ажыратылганын билдирди.

2008-жылдан бери чет өлкөдө жүргөн Атдаев 2016-жылдын мартында паспортун алмаштыруу үчүн мекенине барган. Дарья Атдаеванын айтымында, ал түркмөн жергесине сакалчан барып, бул өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн көңүлүн бурган.

Укук коргоо уюму билдиргендей, өткөн жылдын 27-сентябрында ал кезектеги «маектешүүгө» чакырылып, ошол бойдон камакка алынган. 13-декабрда Ашхабад соту Атдаевди күрөөлүү деп таап, катаал режимдеги абакка 15 жылга эркинен ажыраткан. Ал айыптоолорду мойнуна алган эмес.

Ырасталбаган маалыматтарга караганда, Атдаев Ашхабаддын четиндеги жашыруун Овадан-депе абагында кармалууда. «Мемориалдын» маалыматы боюнча апрелдин соңунда анын ишине байланыштуу кайрылуу БУУнун зомбулуктар боюнча жумушчу тобуна жолдонгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда медициналык билими жок табыптарга кескин чаралар көрүлүүдө

Өзбекстанда медициналык билими жок жана атайын уруксатсыз адамдарды дарылоо менен алектенип жаткандарга карата кескин чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Мекеме кызматкерлеринин биринин айтымында, өлкөдө адам өмүрүнө коркунуч жараткан элдик дарыгер аталган табыптардын ишмердүүлүгү тыкыр көзөмөлдө.

Жакында эле Фергана облусунун Маргилан шаарында бир жигит адамдарды мыйзамсыз дарылоо менен алектенген табып Эрали Шералиевдин дарылануу курсунан өткөн. «Ҳуқуқ» («Укук») гезитинин маалыматына караганда, табып тери оорусуна даттанып кайрылган ал жаранга туура эмес диагноз коюп, денесине чочконун майы жана мумия аралашкан май сүйкөп, сыртынан целлофан менен ороп дарылаган.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, дарылоонун бул ыкмасы бейтаптын нерв жана кан айлануу системаларын бузуп, дем алуу жолдорун зыянга учураткан. Андан сырткары зат алмашууну бузуп, мээсинин шишип кетишине шарт түзгөн. Бул иш боюнча жалган дарыгер кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Медициналык билими жок «дарыгерлер» өздөрүн интернетте жигердүү жарнамалашат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Депутат Канат Исаевге каршы козголгон кылмыш иши боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Бүгүн, 18-майда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков фракциянын мурунку лидери, депутат Канат Исаевге карата ачылган кылмыш иши боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Добушка коюлган сунушту жыйында каттоодон өткөн 110 депутаттан 80 депутат колдоп, “макул” деп добуш беришкен. Натыйжада парламенттеги 6 фракциянын 12 депутатынан турган комиссия түзүлдү.

Эсиңиздерге сала кетсек, УКМК былтыр депутат Канат Исаев президент Алмаз Атамбаевге таарынып, анын көзөмөлүнөн чыгып кеткенден кийин ага каршы КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-коррупция беренеси менен кылмыш ишин козгогон. УКМК Канат Исаев Токмок шаарында мэр болуп турганда шаардын жерин жеке менчик соода борборун курууга мыйзамсыз уруксат берген деп күнөөлөп, 11-май күнү айыбын угузган.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

«Казахмыстын» мурдагы кызматкери сот залында өзүнө бычак урду

Казакстанда  “Казахмыс” корпорациясынын кызматкери соттун чечимине макул эместигин билдирип, өзүнө бычак менен кол салды. Ал мыйзамсыз иштен алынганын билдирүүдө.

Окуя 17-майда болгон. “Казахмыс” корпорациясынын мурдагы кызматкери Жанболат Оспанов Жезказган шаардык сотунун жетекчиси менен көзмө-көз жолугушууну талап кылып, полициянын көзүнчө сот залында курсагына бычак урган.

Ага операция жасалды, учурда абалы канааттандыраарлык.

28 жаштагы Оспанов телефондо мындай кадамга соттун адилетсиз токтомуна каршы барганын билдирди. Анын айтымында, буга чейин Жезказган шаардык соту аны ишке кайра алуу тууралуу чечим чыгарган. Бирок апелляциялык сот бул бүтүмдү жокко чыгарып, иш берүүчүнүн арызын канааттандырган.

«Казахмыс» корпорациясы Жанболат Оспанов үч жыл мурун ишке орношконун, бирок тартип бузуп, жумушка келбей койгондугу үчүн 2016-жылы иштен алынганын белгилөөдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Этникалык түркмөндөр Ооганстан уездин «Талибандан» бошотууга катышты

Ооганстандын түндүгүндөгү этникалык түркмөндөр жергиликтүү куралдуу топтор жана өкмөттүк күчтөрдүн курамында Кала-и-Зал районун «Талибан» кыймылынын жоочуларынан бошотууга катышты.

Кундуз провинциясында жайгашкан районду талиптер он күн мурда басып алышкан. «Арбаки» деп аталган жергиликтүү топтун командири Мухаммет Небинин билдиришинче, өкмөттүк күчтөрдүн уездге чабуулу 16-майда башталган.

«Кала-и-Залда талиптер көптөгөн бейкүнөө адамдарды өлтүрүштү. Адамдар кырылууда. Жаштар алардын курмандыгы болуп жатышат. Курал алып жүргөндөрдү кармап алышса, алардын бутун, тилин кесип, кыйнап өлтүрүшүүдө. Үйлөрдү тоноп, көпүрөлөрдү, мектептерди кыйратып жатышат», – деди Мухаммет Неби.

Ал ооган армиясына каршы күрөш жүргүзүп жаткан топтордун курамында чет өлкөлүк жарандардын да бар экенин билдирди. Айтымында, алардын арасында өзбекстандыктар, тажикстандыктар, чечендер жана казактар бар.

Жергиликтүү полиция башкармалыгынын маалыматына караганда, Тажикстан чек арасына жакын жайгашкан Кундуз провинциясындагы Кала-и-Зал уезди согушкерлерден үч сааттык кагылышуулардан кийин бошотулуп, Кабулдун көзөмөлүнө өттү. Уездди талиптер 6-майда тартып алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түндүк-Казакстан облусу: Ишим дарыясындагы суунун деңгээли төмөндөөдө

Түндүк-Казакстан облусунун бийлиги 16-майда Ишим дарыясындагы Сергеев суу сактагычында суунун деңгээли алты сантиметрге төмөндөгөнүн билдирди. Анткен менен облуста 44 үй дале суу алдында калууда.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча аймактык департаменттин маалыматына караганда, суу ташкындары башталгандан бери Тепличное, Прибрежное жана Заречное айыл аймактарында 29 200 куб метр, Ойкала жана Кожевенный завод кичи райондорунда 39 миң куб метрден ашык суу сордурулган.

Расмий маалыматка ылайык, 11-майга карата облуста суу алдында калган үйлөрдүн саны 234ни түзгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

УКМК Текебаевдин ишин Башкы прокуратурага жөнөттү

УКМК парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин ишин Башкы прокуратурага жиберди. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, эми Башкы прокуратура ишти карап, анан сотко өткөрүшү керек. Адвокат Чынара Жакыпбекова Өмүрбек Текебаев тергөө материалдарынын эки тому менен гана таанышууга жетишкенин, жалпысынан ал жети томдон турарын билдирди:

– Биз толук таанышканга үлгүргөн жокпуз. Өмүрбек Чиркешович “тааныштым” деп кол койгон жок. Жети томдун экөө менен гана тааныштык. Мыйзам боюнча баары менен таанышып чыгышыбыз керек эле.

Башкы прокуратура Текебаев ишин кайсы сотко, качан өткөрөрү, сот отурумдарынын ачык же жабык өтөрү белгисиз. 12-майда “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов териштирүү жабык өтөт деп билдирген.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Мегаком” компаниясына байланыштуу жемкорлукка шектелип, быйыл 26-февралда кармалган жана УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камалган. 21-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын абактагы мөөнөтүн дагы бир айга узарткан.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү бул ишти саясий негиз катары баалап, саясатчыларды камактан бошотууну талап кылып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - ЛГБТ-активисттер Кадыровго каршы Эл аралык сотко даттанышты

Франциялык ЛГБТ-активисттер Гаагадагы Эл аралык сотко кайрылып, Чеченстанда кумсалардын куугунтукталышын иликтөөгө чакырышты. Үч ЛГБТ-кыймылдын атынан жолдонгон арыз республика башчысы Рамзан Кадыровго каршы жазылган.

Арыздын текстинде Кадыров «геноциддин логисти» деп аталган. Активисттер кумсалардын жашыруун түрмөлөрүн уюштурууга Чеченстан башчысынын тиешеси бар деп эсептешүүдө.

Чеченстанда кумсалардын массалык түрдө кармалып жана кыйноого алынып жаткандыгы, арасында өлүп калгандары да бар экендиги тууралуу “Новая газета” жазган. Республика бийлиги журналисттерди жалган жалаага айыптап, редакциянын дарегине коркутуп-үркүтүүлөр айтылган.

16-майда Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова куугунтуктоолорго кабылып жаткан адамдар тууралуу «Новая газетанын» маалыматтары Тергөө комитетине берилгенин билдирди. Буга чейин журналисттер тергөөчүлөр эч кандай аракет көрбөй жаткандыгын айтып даттанышкан.

Чеченстандын укук коргоо органдары текшерүү гезитке жарыяланган фактыларды аныктабаганын билдиришүүдө. Укук коргоочулар менен бир катар батыш өлкөлөрү Орусия бийлигинен бул иштин тыкыр иликтенишин талап кылышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню