Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Ооганстан өкмөттүк күчтөрү Зебак уездин талиптерден кайтарып алды

Ооганстандын өкмөттүк аскерлери өлкөнүн түндүк-чыгышындагы стратегиялык мааниге ээ Зебак уездин толугу менен өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Бадахшан провинциясынын администрациясынан билдиришти.

Бадахшандын жергиликтүү бийлиги өкмөттүк аскерлер 100дөн ашуун жоочуларды жок кылганын маалымдады. Уездди бошотуу операциясын генерал Жалал Яфтали жетектеди. Аны Бадахшан провинциясынын башчысы жана Ооганстандын коргоо министринин орун басары коштоп жүрдү.

Пакистан жана Тажикстанга жакын стартегиялык жактан маанилүү болгон Зебак уездин талиптер эки апта мурун, 28-апрелде басып алышкан. Жоочулар Ооганстандагы Ишкашим шаарын тартып алууга аракет жасашканы менен жыйынтык чыккан эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түрк прокуратурасы Машариповду 2397 жылга эркинен ажыратууну сурады

Стамбул прокуратурасы Жаңы жыл түнү Reina түнкү клубуна кол салган Абдулкадыр Машариповго 40 өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын жана 2397 жылдык абак мөөнөтүн сурады. Бул тууралуу Sabah түрк басылмасы билдирди. Буга чейин Машарипов соттон өлүм жазасына тартууну өтүнгөн болчу.

Ал «конституциялык түзүмдү кулатуу аракетин көргөн», террордук акты жасаган, көптөгөн адамдарды өлтүргөн жана мыйзамсыз курал сактаган деп айыпталууда.

Өз көрсөтмөсүндө Машарипов алгач Стамбулдун “Таксим” аянтында жардыруу уюштурууну мерчемдегенин, бирок ал жакта коопсуздук чаралары күчөтүлгөндүгүнө байланыштуу Reina клубуна кол салганын билдирген. Анда 40 киши өлүп, 70 адам жаракат алган.

Машарипов теракттан бир нече жума өткөндөн кийин кармалган. Колго түшүрүү маалында анын батиринен эки тапанча, 197 АКШ доллары, дрон жана SIM-карталар табылган. Түркиянын укук коргоо органдары ал акчалар Машариповго теракт жасагандыгы үчүн берилген болушу мүмкүндүгүн билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сириядагы Табка шаары ИМдин курчоосунан бошотулду

АКШ колдогон сириялык козголоңчулар 10-майда “Ислам мамлекети” экстермисттик тобунун курчоосундагы Табка шаарын кайтарып алды. Муну менен Ракка шаарына чабуул жасоого жол ачылды.

Табка “Ислам мамлекети” тобу борбор кылып алган Ракка шаарынын батышынан 40 чакырым аралыкта жайгашкан. Жоочулардын карамагында Раккадан башка ири калаалар жана калктуу конуштар калган жок.

Күрд жана араб аскерлеринен куралган Syrian Democratic Forces (SDF) альянсы Табка үчүн ИМ тобу менен бир нече жума катары менен согушту. Аз мурун альянс Кошмо Штаттардан курал-жарак алган. Аны менен бирге АКШ жетектеген эл аралык коалиция абадан чабуул жасоого дагы көмөк көрсөттү.

SDF альянсынын кеңешчиси Насер Хадж Мансур плотинага жакын жайгашкан шаар толугу менен бошотулганын билдирди. АКШ президентинин ИМ тобуна каршы күрөшүү боюнча атайын өкүлү Бретт Макгерк Твиттерде жоочулардын мизин кайтарууга мүмкүн болгонун жазды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кылмышкер бейкүнөө кызды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөнү үчүн өмүр бою эркиндигинен ажыратылып, үй мүлкү конфискацияланды

 Соттолуучу Э. уулу К. 1992-жылы туулган, билими орто мектептин 5 классын бүтүргөн, бойдок, убактылуу эч жерде иштебеген, иш боюнча баш коргоо чарасы 28.10.2016-ж. бери камакта, мурда сот жообуна тартылган. Бул туурасында Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз кызматы маалымдады.

Соттолуучу Э. уулу К. 2016-жылдын  27-октябрь күнү саат болжол менен 15:00 чамасында жабырлануучу А. кызы А.ны жол жактан күтүп алып, көл жээкке барууну талап кылып, Ысык-Көл районунун айылдарынын биринде бир үйдүн тушунан коркутуп, «Сен мага жагасың» деген сөзүнө жабырлануучу А. кызы А.: «Мага сен жакпайсың», – деп жооп кайтарган учурда Э. уулу К. эч себепсиз жолдун жээгинен колуна таш алып, кызга күч колдонуп, таш менен баш тарапка эки-үч ирет уруп жиберип, жабырлануучу эс учун жоготуп жерге жыгылганда, өзү менен кошо ала келген бычагын чөнтөгүнөн алып чыгып, кызды мыкаачылык менен дене бөлүктөрүнө сайгылап, окуя болгон жерден изин жашырып, качып кеткен. Натыйжада кыз денесинен алган жаракаттардан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Соттук-психиатриялык экспертизанын 08.11.2016-жылдагы №1299 корутундусунда Э. уулу К. психикалык оору менен жабыркабары жана өзүнүн кыймыл-аракеттерине отчет бере алары көрсөтүлгөн.

Ысык-Көл райондук сотунун 13.01.2017-ж. өкүмү менен Э. уулу К. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 97-бер. 2-бөл. 6-п. (Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркиндигинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Жазасын өзгөчө тартиптеги абакта өтөөсү белгиленген.

Бул өкүм менен макул болбой соттолуучу Э. уулу К. кассациялык даттануусу менен Ысык-Көл областтык сотуна кайрылган.

Ысык-Көл областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги  аныктамасы менен Ысык-Көл райондук сотунун 2017-жылдын13-январында чыгарылган  Э. уулу К. жөнүндөгү өкүмү өзгөртүүсүз, кассациялык даттануу канааттандыруусуз калтырылган.

Аныктама жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте нааразы тарап Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанууга укуктуу.

Видео - Түндүк-Казакстан облусунда 234 үйдү суу каптады

Түндүк-Казакстан облусундагы суу ташкындын кесепетинен 234 үй суу алдында калып, дагы тогузу жарактан чыкты. Жазгы суу ташкындары башталгандан бери жалпысынан аймактын 17 калктуу конушундагы 380 үйдү суу каптаган.

Облус акиминин орун басары Антон Федяевдин айтымында, дем алыш күндөрү суу Долматов айылына жетип, бир канча үйдү каптаган. Андан соң Прибережное, Тепличный, Соколовка жана Борневка айылдарындагы турак-жайларды зыянга учураткан.

Акимдин орун басары аймакта суунун кирүүсү азайганын, жаңы ташкындардын болуу ыктымалдыгы төмөн экенин айтты.

Учурда эки эвакуациялык пункка 40 киши жайгаштырылган. Бийлик азык-түлүк жана кийим-кечеден турган гуманитардык жардам селден жабыркаган 341 үйгө жеткирилгенин билдирүүдө. Аларды ыктыярчылар эвакуациялык пункттардагы адамдарга да тарткатып жатышат.

Жергиликтүүлөр суу ташкынынан улам жарыксыз жана байланышсыз күн кечиришүүдө. Видео (4-май, 2017-жыл):

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ашхабадда массалык мушташ болду

Өткөн аптанын соңунда Ашхабадда массалык мушташ болду. Мир кичи районундагы мушташты Хитровка деген аталыш менен белгилүү кичи райондон келген 100гө жакын киши баштаган. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

Мир кичи районунун тургундарынын бири кол салган адамдардын көбү 16-25 жаштагы адамдар болгонун билдирди. Айтымында, көбү мас же маңзат чегип алышкан.

Ал кичи райондун качып кетүүгө үлгүрбөй калган тургундары токмок жешкенин айтты. «Алар алдынан чыккандардын бардыгын сабап, жыгылып калгандарды тепкилешти. Андан тышкары короолордо турган автоунааларды да жөн коюшкан жок. Ондогон машиналарды талкалап кетишти», – деди ал.

Маалыматтарга караганда, мушташ жарым саатка созулган. Полиция менен тез жардам кызматы кол салган адамдар таркап кеткенден кийин келген. Азырынча жабыркаган адамдардын саны, окуянын келип чыгуу себептери белгисиз бойдон калууда.

Окуя боюнча укук коргоо органдары эч кандай комментарий бере элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда ИМ тобуна кошулуп кеткен экс-командирдин уулу кармалды

Тажикстанда 2015-жылы «Ислам мамлекети» тобунун катарына кошулуп кеткен ИИМдин атайын бөлүгүнүн мурдагы башчысы Гулмурод Халимовдун улуу баласы Бехруз Халимов кармалды.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, 18 жаштагы Бехруз апрелде Дүйшөмбүнүн аэропортунда кармалган. Ал Орусияга барып, андан ары Сирияга атасына кетүүгө ниеттенген. Учурда Бехруз тергөө абагында камакта.

Буга чейин туугандары анын кармалганын ырасташкан. Айылдаштары Бехруздун Сирияга барууга камынып жаткандыгы тууралуу маалыматты четке кагышууда. Айтымдарында, атасы качып кеткенден кийин үй-бүлөнү багуу улуу баласынын мойнуна жүктөлүп, ал Орусияга иштеп келүү үчүн кеткени жаткан.

40 жаштагы Халимов согушкерлердин катарына кошуулуу чечимин тажик ИИМиндеги тартиптерге, анын ичинде мусулман кийимдерин кийүүгө тыюу салынгандыгына нааразы болгондугу менен түшүндүргөн. Тажик чалгын кызматынын маалыматы боюнча ал тез эле ИМ тобунун лидерлеринин бирине айланып, анда аскердик министрдин милдеттерин аткарып жүргөн.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Гулмурод Халимовго каршы үч берене боюнча кылмыш ишин козгогон. АКШ анын кайсыл жерде жүргөндүгү тууралуу так маалымат бергендерге $3 млн сыйакы убадалаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда жол эрежесин бузган 300дөн ашуун студенттин ысымы жарыяланды

Тажикстан ИИМи жол кыймыл эрежелерин бузган 300дөн ашуун студенттин тизмесин жарыялады.

Мекеменин сайтына 313 студенттин фамилиясы жана окуу жайлардын ысымдары жарыяланган. ИИМ мындай тизме ээнбаш студенттер менен күрөшүүгө жардам берет деп эсептейт.

Тартип бузгандардын көбү – Тажик улуттук университетинин юридикалык факультетинде билим алышат. Студенттердин ырасташынча, адатта ал жакта колунда бар үй-бүлөлөрдүн жана мамлекеттик чиновниктердин балдары окушат.

Он күн мурун өлкө президенти Эмомали Рахмон өкмөт жыйынында аткаминерлер, өкмөт мүчөлөрү, парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттары жана алардын балдары менен туугандары ысырапкорлук менен той-топурларды өткөрүп, жол эрежелерин сактабай, окуу жайларга кымбат унаалар менен келип жатканын сындаган. Президент мындан ары тартип бузгандар мамлекеттик кызматтан кол жууй турганын жана балдары жогорку окуу жайлардан чыгарыларын эскерткен

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Өлгөн адамдын пенсиясын жеп жүрүшкөн

Токтогул райондук социалдык фондунун кызматкерлери үч жыл бою өлгөн пенсионерге пенсия чектешип, анны өздөрү алып жүрүшкөн. Бул туурасында Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Маалыматка таянсак.Токтогул райондук социалдык фонддун жооптуу кызматкерлери 2013-жылдын 1-июнунан 2016-жылдын 31-июлуна дейре өлгөн кемпирдин банктагы эсеп-кысабына анын пенсиясын которушуп, бирок, аны өздөрү алып, керегин сарптап жүрүшкөн.

Ушул тапта бул жорукка тиешеси барлар аныкталып, кылмыш ишин иликтөө улантылууда.

Булак: “Майдан.kg”

Видео - Караколдо зоопарктан чыгып кеткен бөлтүрүк атылды

Караколдо зоопарктан чыгып кеткен карышкырдын бир жашар бөлтүрүгү атылды, шаар тургундарына коркунуч жок.

Бул тууралуу бүгүн зоопарктын жетекчиси Салтанат Сеитова билдирди. Анын айтымында, окуя 9-майда болгон:

– Биз дароо “Тазалыктын” жумушчуларына сигнал бердик. Зоопарктын аймагынан чыгып кеткенден кийин мен маалымдоого милдеттүү болчумун. Биздин уруксат менен бир сааттын ичинде ликвидация болду. Азыр тынч. Эч кимге кол салган жок.

Сеитованын белгилешинче, карышкыр кармалчу торду белгисиз бирөөлөр кесип кеткен, бөлтүрүк ошол жерден чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню