Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Каракол: мектепке бомба коюлганы маалымдалды

Бомба коюлганы айтылган Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясын милиция курчоого алды. Бул тууралуу «Азаттыктын» аймактык кабарчысы билдирди.

Жеринде Улуттук коопсуздук комитетинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жана милиция кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүп, жарылуучу затты изилдөөгө киришти.

Болжолдуу маалыматтарда жарылуучу затты пол жууган аял таап, мугалимге берген жана күч органдары дароо чакырылган.

Жагдайга байланыштуу мектептеги сабактар токтотулуп, окуучулар үйлөрүнө тарашты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Подмосковьеде вандалдар мусулман борборун булгап кетишти

Вандалдар Подмосковьенин Электрогорск шаарындагы мусулман маданий борборунун дубалдарын булгап жазып кетишти. Бул тууралуу РИА Новостиге ислам коомунун жетекчиси Дамир Булатов кабарлады.

Анын айтымында, окуя бүгүн таңга маал болгон. “Эртең менен саат беште борбордун кароолчусу чалып, бул боюнча кабар берди. Имараттын дубалдарын жана фасадын белгисиз кишилер көк боёк менен чийгилеп кетишкен. Ниети бузуктар абдан шашышкан сыяктуу – алар ибилистин белгилерине окшош нерселерди гана тартууга үлгүрүшкөн”, -деди Булатов.

Анын айтымында, мусулман борборуна видео көзөмөл орнотулган эмес. Бул окуядан кийин ал жерди тиешелүү техникалык жабуулар менен камсыздоо пландалууда.

Мындан тышкары Булатов бүгүн прокуратурага арыз менен кайрыларын кошумалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда пенсия алуу үчүн кезекте турган 72 жаштагы аял каза болду

Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы Гулистан шаарынын 72 жаштагы тургуну Мария Худойкулова пенсия алууга келген маалда каза болду. Күбөлөрдүн айтымдарында, ал бир нече сааттан бери кезекте турган.

Окуянын күбөлөрү 6-апрелде пенсия алуу үчүн топтолгон адамдардын көптүгүнөн улам Мария Худойкулова маале имаратына эртең менен эле барганын айтышты.

– Бир эле маалда 150гө жакын адам акча берилип жаткан имаратка кирүүгө аракет кылышты. Пенсионер тепселендиде калып, жүрөгү кармады. Бирок ага кезекте тургандардын эч кимиси көңүл бурган жок. 2-3 аял аны четке алып чыгып, суу берүүгө аракет кылышканда имаратта суу жок экенин айтышты. Бир бала дүкөнгө барып суу алып келгенче тиги каза болуп калды. Тез жардам кызматы да жетишпей калды, – деди окуянын күбөлөрүнүн бири.

Күбөлөрдүн айтымдарында, пенсионердин өлүмүнөн кийин окуяны каттоо үчүн маалеге милиция жана прокуратура кызматкерлери барышкан.

– Буга чейин апам пенсиясын почтадан алчу, бирок анда деле кезек күткөндөр көп болчу. Ушул айдан баштап банк акчаны маалеге алып келери кабарланган. Мен окуя пенсия берүүнүн жакшы уюштурулбагандыгынан улам болду деп эсептейм. Эртең менен апам пенсия алууга жакшы эле кеткен, түштөн кийин анын сөөгүн беришүүдө, – деди пенсионердин уулу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сагинбаева садага чабылабы?

Буга чейин белгилүү болгондой, бир катар жогорку эшелондогу чиновниктерге иш козголгону эсибизде. Башкы прокуратура 5-апрелде борборубуздун ортосунда жайгашкан Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын жетекчилигине, кылмыш кодексинин 171-берене (берилген мүлктү өзүм билемдик менен коротуу), 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 166-берене (алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Башкы прокуратуранын берген маалыматына таянсак, Башкы көзөмөлдөөчү орган УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын госпиталдагы коррупция боюнча берген материалдарын текшерип көрүшкөн. Текшерүүдө, аталган оорукананын жетекчилиги буга чейин госпиталда эч иштебеген жана жумуштан бошотулган кызматкерлердин банктык эсептерине айлык-маяна катары акча которуу жолу менен акча жеп келишкендиги далилденген. Болжол менен кымырылган акча 883 миң, 746 сомду түзгөн. Эске сала кетсек, бул мекемени 2014-жылдын ноябрь айынан бери мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева жетектеп келет.

Булак: “Фабула”

Тажикстанда ИМ тобунун үгүттөөчүсү 9 жылга соттолду

Тажикстанда сот Орусияда экстремисттик топ түзүүгө жана адамдарды Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттерге азгырып жөнөтүүгө айыпталган 24 жаштагы жергиликтүү тургунду тогуз жылга соттоду.

Маалыматка караганда, Батиёр Солиев Орусияда 2,5 жыл иштеп, ушул жылдын 15-январында Исфарага кайтып келгенде кармалган. Ал Орусияда жаштарды Сирияга жана Иракка азгыруу менен алектенген кылмыштуу топ түзгөн.

Бул берене боюнча күнөөлүүгө 8 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган, бирок сот айыпталуучунун күнөөсүн өзү моюнуна алып, тергөө менен кызматташууга макул болгондугун эске алып ушундай чечим чыгарды.

Ал 2016-жылдын аягында жубайы жана кичинекей эки баласы менен Сирияга бараткан жолдо кармалып, Тажикстанга өткөрүлүп берилген классташы Нусратулло Кодировдун көрсөтмөсүнүн негизинде кармалган. Ушул жылдын февралында Исфара шаардык соту «Ислам мамлекетинин» катарына кошулуу аракети үчүн Кодиров 14 жылга эркинен ажыраткан. Ал аны Сирияга барууга Бахтиёр азгырып, жолго кетчү чыгымдарды төлөп бергенин айткан.

Бахтиёр Солиевдин туугандары анын Орусияда эмне менен алектенип жүргөнүн билишкен эмес. Анын эжеси соттун чечимине эч кандай дооматы жок экенин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Yahoo иши боюнча айыпталган казакстандык аны бошотууну өтүндү

Yahoo компаниясынын түйүндөрүнө ири киберчабуул жасаган деп айыпталган казакстандык Карим Баратов аны бошотуу өтүнүчү менен Канада сотуна кайрылды.

Прокуратура орусиялык тыңчылар менен байланышта болгондугу айтылып жаткан Карим Баратов эркиндикке чыккандан кийин из жашырышы мүмкүн деген жүйө менен өтүнүчүнө каршылыгын билдирди. Айыпталуучунун адвокаты эгер сот Баратовду бошотуу өтүнүчүн канааттандырса, анын ата-энеси кепилдик берүүгө даяр экенин айтты. Атасы Ахмет Токбергенов эгер талап кылынса үйдөгү интернетти да өчүрүүгө макул болорун билдирди.

22 жаштагы Баратов 2014-жылы веб-сайттарды, веб-хостингдерди каттоо менен алектенгенин жана серверлерди хакердик чабуулдардан коргоодон түшкөн кирешеси 81 миң долларды түзгөнүн билдирген.

Прокуратуранын маалыматы боюнча Баратовду Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) эки тыңчысы хакер катары жалдашкан. ФСБнын ал эки кызматкерине карата да бул иш боюнча айып тагылган.

Түпкү теги казакстандык болгон Баратов Канадага 2007-жылы кетип, 2011-жылы ал өлкөнүн жарандыгын алган. Шектүү өткөн айда кармалган, ал Кошмо Штаттарга өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дүйшөмбүдө ондогон көңүл ачуучу жайлар жабылды

Дүйшөмбү шаарында рейд учурунда 72 оюн-зоок борбору жабылды. Тажикстан ИИМи билдиргендей, бул жайларда өтө көп сандагы жашы жете элек балдардын убакыт өткөрөрү аныкталган.

Көнүл ачуучу борборлордун жана букмекердик кеңселердин ээлери өспүрүмдөрдү киргизбөө тууралуу көрсөтмөнү аткарышкан эмес. Буга чейин ИИМ кечкисин оюн-зоок борборлоруна жашы жете элек балдардын кирүүсүнө тыюу салган чечим чыгарган.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, акыркы үч айда көңүл ачуу жайлары менен букмекердик кеңселерден 3,5 миң өсүпүрүм кармалган. Алардын ата-энелерине айып пул салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Чуусу бүтпөгөн “мародерлук”

Кез-кези менен чыгып туруучу “мародерлук” темасы кайра талкууга түштү. Бул иш боюнча ЖКнын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөнов камакка алынды. Буга чейин мародерлук боюнча Өмүрбек Текебаев баштаган “Ата Мекенчилерди” айыптап келген Абдулла Юсуповдун айткандары калп экенин мен далилдеп берем деп Нургазы Бакаев аттуу жаран маалымат жыйын өткөрдү.

2012-жылы мародерлук темасы коомчулукта катуу талкууга айланды. Бул тема “Ата Мекен” партиясына жана жеке Өмүрбек Текебаевдин беделине оңбогондой чоң сокку урду. Бирок жалган жалаа кандай болгон күнү дагы акыры чыгат экен. Мародерчулук чуусуна Өмүрбек Текебаев жана “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн тиешеси бар же жок экенин 2012-жылы коомдук талкууга чыккандан тартып ИИМ, УКМК баш болгон күч органдары толугу менен иликтөөгө алышты. Бирок бул иш боюнча далилдүү фактылар жок болгонунан уламбы, кайра токтоп калчу. Ошол эле иштер эми кайра козголуп отурган чагы.

Бул иш боюнча коомчулукка жаңылык боло турган эч кандай далилдер азырынча айтыла элек. Болгону соттолуп кеткен Абдулла Юсупов сыяктуу адамдардын көрсөтмөлөрү бар.

Жакында эле Нургазы Бакаев аттуу жаран журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, Юсуповдун сөздөрү калп экенин далилдеп берем деп билдирди.

-Мен 2011-жылы №1 СИЗОго барып Абдулла Юсупов менен бир камерада 6 ай отуруп калдым. Ал башында ГУБПдин балдары барганда Зарылбек Рысалиев  2010-жылы 7-апрелде мародерлук ишке барган деп арыз жазып берген. Бирок ал арыз аягына чейин териштирилбей кала берди. 2012-жылы Абдулла Юсупов  Райкан Төлөгөнов мародерчулук ишке аралашкан деп арыз жазып берди. Бир аздан кийин бул ишке Туратбек Мадылбековду кошту. Себеби, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын ошол кезде Шейшенбек Байзаков жетектеп турган. Туратбек Мадылбеков ошол Байзаков менен тирешип турган кези экен. Абдулла Юсупов бул учурдан пайдаланып, Байзаков аркылуу эркиндикке чыгып кетүүнүн аракетин көрсө керек. Дагы бир аздан соң “буларга буйрук берген” деген асмандан алынган логикалары менен Өмүрбек Текебаевди жана Болот Шерди кошушту. Бул эки үлкөн саясатчы жөн жерден кошулган жок. Бул чоң саясий буйрутма болду. Абдулла Юсупов аябай ишенимдүү кишилер менен сүйлөшүп жатканын айтып, алардын шарттарын аткарсак эркиндикке чыгарып жиберет деп пландап жүрдү. Бирок оор кылмышы менен Абдулла Юсупов сот аркылуу гана куткарыла турганын билген жок. Ал бир эле телефон чалуу менен куткарып чыгышат деп ойлогон. Абакта Абдулла Юсупов өзүнүн калпычылыгы менен белгилүү. Ал НТС каналына 2012-жылы чыгып алып “мени 60 миң доллар тап деп коркутуп жатышат, менин өмүрүм коркунучта” деп жанын жеди. Мен бир камерада отурган адам катары аны эч ким кыйнабаганын, ага эч ким акча тап деп коркутпаганын билчүмүн. Бул иштин баарын Абдували Акжолов деген подполковниктин көрсөтмөсү менен жасачу. Акжолов сырттан  Абдулла Юсуповго көп жолу телефон чалчу.  Себеби, Юсупов кат жазганды дагы билбейт, НТСтен какшап айтып жаткан Максимдин офисинен уурдалган алтындын номерлерин билчү эмес. Мунун баарын Акжолов үйрөткөн.  Абдулла Юсуповду ГСНдин жетектеп турган Зарылбек Рысалиев СИЗОдогулардын жонуна мингизип салган, ал абакта каалаганын кылчу. Бул тууралуу СИЗОдо иштегендердин баарынан сурап чыксаңыз айтып беришет.

Абдулла Юсупов ким?

Абдулла Юсупов киши өлтүрүү, талап-тоноо, алдамчылык ж.б. беренелер менен күнөөлүү деп табылган. Ал мурунку муфтий Муратаалы Жуманов ажыны өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган. Бул ишке мурун Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын башчысы Акжолов Абдували аттуу подполковникдагы аралашкандыгы белгилүү болгон. Муратаалы ажы Жумановду уурдап барып, 1 миллион доллар талап кылышкан. Натыйжада ошол уурдап барып ур-токмоко алынгандан кийин Муратаалы ажы Жуманов 2 айга жетпей каза болду. Ушул подполковник Акжоловдун мындан башка дагы көп талап-тоноочулук иштерге аралашкандыгы белгилүү болгон.

Булак: “ПолитКлиника”

Бишкек шаардык соту "Азаттык" боюнча судьянын аныктамасын күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту “Азаттык медиа” мекемесине (“Азаттык” радиосу) коюлган 10 миллион сом жана “ПроМедиа” коомдук фондуна тагылган (Zanoza.kg сайты) үч миллион сом доо арыз боюнча райондук соттун аныктамасын күчүндө калтырды. Аныктамага ылайык, эки басылманын банктагы доогер талап кылган каражаты камакка алынышы керек.

Ишти 6-апрелде шаардык соттун судьялары Эрмек Бейсекеев, Ирина Скрипкина жана Аида Манжиева карады. Ленин райондук сотунун судьясы Жылдыз Жумабаева мындай аныктаманы 14-мартта чыгарган.

Кыргызстандын баш прокурору И.Жолдубаева президенттин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо тууралуу арыз менен кайрылып, “Азаттык медиа” мекемесине 10 миллион сом жана “ПроМедиа” коомдук фондуна үч миллион сом доо койгон. Доо арызда мамлекет башчынын кадыр-баркына шек келтирген такталбаган маалымат жарыяланганы негиз катары алынган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун вице-президенти жана башкы редактору Ненад Пейдж “биз коомдук жыйындарда жасалган айыптоо фактыларын кабарлаганбыз. Дароо ал фактылар боюнча кыргыз президентинин администрациясына кайрылып, алар комментарий берээр замат жарыялап турдук. Өз атыбыздан эч кимди айыптаган жокпуз”, – деп белгилеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда эки вице-премьер жумуштан бошотулду

Түркмөнстандын президенти жана өкмөт башчысы Гурбангулы Бердымухамедов эки вице-премьерин жумуштан бошотту. Өкмөттүн жыйынында мунай-газ секторун жана айыл чарбасын караган аткаминерлер иштен айрылышты.

Президент бул чечимин чиновниктердин улуттук экономиканын комплекстүү өнүгүшү боюнча баяндамасын уккандан кийин жарыялады. Отчетко караганда, мунай жана газ конденсатын өндүрүү 109%, мунайды кайра иштетүү 105% аткарылган.

Расмий маалыматтарга ылайык, президент Бердымухамедов бул жогорку көрсөткүчтөр боюнча эч нерсе деп айткан эмес. Тескерисинче, айрым тармактардагы абалга канааттанбай турганын билдирген. Түркмөн башы Түркмөнстандын 2030-жылга чейинки мунай-газ өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча программанын аткарылышын көзөмөлдөө начар жүрүп жатканын айтып, вице-премьер Ягшигелди Какаевди жумуштан алган. Ага “Галкыныш” кениндеги газ куурун долбоорлоо иши жүктөлгөн.

Бул арада айыл-чарба тармагын караган вице-премьер Режеп Базаров, акимдер жана агроөндүрүш комплексинин жетекчилери да иштен кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню