Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Коррупция тамыр жайган СИЗО - 1

Коррупция, жакырчылык, жумушсуздук жана башка тескери көрсөткүчтөр боюнча дүйнөдө алдынкы орундарды ээлеген өлкөбүздүн узун-туурасынан арам акчага малынган мамлекеттик мекемелеринин катарында абак жайлар да бар экендиги жашыруун эмес болчу. Бирок мындай шек саноо имиш түрүндө гана айтылып, колунан кармап алган далилдер жок болчу. Ким билет, бийлик чындап эле коррупцияга каршы күрөшүүнү колго алдыбы же саясый оппоненттерди камап бүтүп, кезек башкаларга да келдиби, айтор, 29-мартта УКМК кызматкерлери тарабынан Бишкектеги СИЗО-1 мекемесинин начальнигинин орун басары, ички иштер кызматынын подполковниги Э. Ш. пара алып жаткан учурда кармалды. Бул чиновник СИЗО-1 ди азык-түлүк менен  камсыз кылуу үчүн тендерге катышуучудан “сыйлык” катары 87 миң сом талап кылгандыгы аныкталды. Ошол замат абак жайдын ачендиги УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды. Эми бул өлкөбүздүн башкы тергөө абагындагы тамыры терең жайылган пара менен коррупциянын бир чети эле болсо керек. Анткени ар бир тергөөдөгү адамга азык-түлүк же башка муктаждыктарды киргизуу үчүн сөзсүз ал мекеменин жөнөкөй кызматкеринен тартып, начальнигине чейин “кол акысын” беришет эмеспи. Андыктан УКМК ушул жагын да эске алса жакшы болмок.

Булак: “Майданkg”

Видео - Алманбет Шыкмаматов: "Депутат Канат Исаев Максим Бакиевдин жери боюнча чындыкты айтып койгону үчүн гана ага кылмыш иши кайра козголду"

Кечээ, 4-апрелде КР Жогорку Кеңешинин Конституциялык түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин жыйынында КР Генпрокурору Индира Жолдубаева 2016-жыл үчүн отчет берди. Жолдубаеванын айтуусунда кылмыш иштери азайып, анын бетин ачуу көбөйүп кетиптир.

“Ооз ачып эле койгон саясатчыларга кылмыш ишин козгой берүү туурабы? Депутат Канат Исаев Максим Бакиевдин жеринин менчиктелип кетишинин мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссияны жетектеп, чындыкты айтып койгону үчүн эле жабылган кылмыш ишин кайра козгодуңар. Ушуну токтотпойсуңарбы?”, – деп кайрылды ЖКнын депутаты Алманбет Шыкмаматов генпрокурор Индира Жолдубаевага.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео: “Сентябрь”

Өзбекстанда мектепте мугалимди күйөөсү бычактап таштады

4-апрелде Өзбекстандын Карши шаарындагы мектептердин биринде күйөөсү аялын бычактап өлтүргөн окуя катталды. Күбөлөрдүн айтымында, 29 жаштагы биология мугалими Мухаббат Кучимова класста отурганда жолдошу кирип келип  бир нече жолу бычак урган.

Мухаббат Кучимова алган жаракатынан улам дароо көз жумган. “Мухабат нөөмөттө болчу. Ал класста жалгыз отурганда күйөөсү атырылып кирип келип бир нече жолу бычак сайган. Учурда мектептегилердин баары дендароо болуп турат”,–деди маркум мугалимдин кесиптештеринин бири.

Биология мугалимине жолдошу эмне себептен кол салган азырынча белгисиз.

Карши шаарынын милициясы кылмышкер окуя болгон жерден качып кеткенин, учурда аны издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда сот имаратынын жанындагы жардырууга шектүүлөр кармалды

Тажикстанда бир кишинин өмүрүн алган аскердик соттун имаратынын алдындагы жардырууга шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Мекеме тергөө уланып жатканын жүйө келтирип, шектүүлөрдүн аты-жөнүн жана окуянын чоо-жайын билдирүүдөн баш тартты. Жардырууну ИИМ террордук акт катары кароодо.

Тажикстан милициясы 12-март күнү кечинде Курган-Төбө шаарындагы облустук сот имаратынын алдындагы жардыруудан каза болгон адамдын тек-жайы аныкталганын билдирген. Ал 67 жаштагы Хасанбой Рахмонов аттуу этникалык өзбек болгон. Анда ММКлар жардырууну жергиликтүү мектептердин биринде кароолчу болуп иштеген адам жасаган болушу мүмкүн экендигин кабарлашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

БУУ: Сирия менен Иракты минадан арылтууга ондогон жылдар керек

БУУнун экспертинин пикиринде, Сирия менен Ирактагы миналарды, колго жасалган жардыруучу заттарды жана жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу үчүн 40-50 жыл керектелет. Бул тууралуу БУУнун миналарды зыянсыздандыруу боюнча кызматынын башчысы Агнес Маркайю билдирди.

Маркайюнун билдирүүсү Идлибде 58 кишинин өмүрүн алган ыктымалдуу химиялык чабуул тууралуу маалымат чыккан учурга туш келди.

Маркайюнун айтымында, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жоочуларынан бошотулган Ирактын райондорун миналардан, жардыруучу заттардан арылтуу үчүн жылына 180 миллион доллар керектелет. Алардын ичинен 50 миллиону эле Мосулду зыянсыздандырууга жумшалат.

Эксперттин пикиринде, Ирактагы иштердин аткарылышын көзөмөлдөөнү соңунда бул өлкөнүн өкмөтүнө берүү керек. Ал Сириядагы коопсуздукту камсыздоо үчүн болуп көрбөгөндөй аракет жана ири каражат зарыл экенин кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кечээ түндө журналист Эрнис Кыязовго белгисиз адамдар кол салган

Кечээ, 4-апрелдин түнүндө белгилүү журналист Эрнис Кыязовго белгисиз адамдар тарабынан кол салуу болгон. Бул тууралу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан билдирди.

“Кечээ түнү мага келген “досторго” жалынуу эмес, кайрылуу!

Кечээ 22.15 тер менен 22.30 дар аралыгында үйдө олтургам. Балдарым уктаганы уктап, уктабаганы ойноп. Келинчегим телевизор тиктеп. Короонун дарбазасы такылдады (конгуроо деле бар болчу, бирок ал кээде иштеп, кээде иштебей калмайы бар). Үйдүн тышкы эшигин ачып” “Ким?!” десем, “..мен эле кошунаң, чыксаң” деди ар жактан эркектин үнү. Бейкапар дарбаза эшигин ачып “салам алекум..” дегенди айтып үлгүрө электе жакадан жулкуп, колдон капшыра кармап эки-үч киши орусча-кыргызча аралаштыра сөгүнүп айтчусун айтып дешти. Теңинен көбү эле сөгүнгөн-үркүткөн, а түгүл мен кайсы жердин абасынан дем алып жатканым туурасындагы трайбалисттик маанайдагы, көчө денгээлиндеги богооз диалогду бул жерде тизмектетүүнүн зарылчылыгы жок, ток этер мааниси – интернеттен Садыр Жапаров менен болгон маектерим, ажого сын айткан “Багыт”, “Сөз ирмем” деген көрсөтүүлөрдү жарыялоону, фейсбукка ой пикир жазууну токтотушум керек экен. Алты-жети мүнөткө жетпеген убакыт ичинде “коноктор” келген максатын түшүндүрүп бүткөн соң , көкүрөктөн ары бир силкип, тээ өйдө жакта токтоп турган “седан” машинеге карай басышканын караңгыда чала көрүп, зуулдап кеткен унаанын үнүн короого киргенде уктум. Жаңы конушубуз тээ шаар четинде, көчөлөрүндө жарык жок, тээ мандай жактагы эле кошунам болбосо, жан-жакамда фундаменти куюлган, жарымына чейин тургузулуп, курулуп бүтө элек үйлөр. Сабаса сабап, бычактаса бычактап, өлтүрсө өлтүрүп кетсе деле боло турган шарттан жаңы эле аман калганыма сүйүнүп, бирок мүмкүн болушунча өзүмү токтоо кармап, бозала болуп үйгө кирдим. Келинчегиме сыр бербей, жакшы эле айтпайын деп, бирок андан башка кеңешчү кишим жок экенин түшүнүп, бир топтон кийин сырттагы болгон окуяны айтып, анан акылдашып ишенимдүү деген укук коргоочу, саясий ишмер, бирин-экин тааныштарга жазчуну жазып кабардар кылып, бүгүн да өзүбүз туура деп эсептеген кадамдарды жасадык.

Кечээ түнү үйүмө келген “коноктор”, силердин ким экениңерди, жүзүңөр кандай экенин көрбөсөм да, ушул жазгандарымды баары бир окуй турганыңарды билип жазып жатам. Анткени ютубдагы, фейсбуктагы, интернеттеги менин чыгармачылыгымы билгениңер анча-мынча интернет караган “интеллигенттүү коркуткучтар” экениңерден кабар берет, а балким ким билет, силер тек гана бир “чап” десе чаап келчү, “коркут” десе коркутуп келчү аткаруучулар чыгаарсыңар… Мен силерди күнөөлөбөйм достор, бирок кечээги силерге берген убадаларымды толук аткара албасымды ачык айтып коеюн деп турам: анткени мен өзүмдүн ютуб каналымдагы көрсөтүүлөрдү толук өчүргөн күндө да, фейбсуктагы макалаларымды өчүргөн чакта да, ал көрсөтүүлөр, мен жазган макалалар, берген маектер башка сайттарда, ютубдагы башка каналдарда сакталуу тура берет да? Аларды кантип мен өчүртмөк элем? Ошондуктан силер “өчүрүп кой” деген нерселердин баары мен өчүргөн менен , баары бир интернетте калкып тура берээрин туура эле түшүнөсүңөр деп ойлойм. Мени моюндан булккан баатыр, менден кичүүсүңбү-чоңсуңбу билбейм, бирок мен сага эркекче сөз бердим эле, кайра сага ушунтип баарын түшүндүрүп, “бүт баары толук өчүрүүгө мүмкүн эместигин” эркекче айтууга туура келүүдө, муну өзүң да түшүнүп, сени жөнөткөн тараптарга да туура түшүндүрүп коесуң деп ниеттенем. Бул жазгандарымды окуп калсаңар, балким түпкү маанисин түшүнөөр деп, силерди “..бирөөнүн эмес, өзүнүн акыл эси менен ойлонуп анализ жасай алган кишилер болуш керек..” деп чамалап, атайы силерге карата жооп жазып жатам.

Бул кайрылуу коркуп кеткендеги “өлтүрдү, сойду!! жардамга!!” деп жар салган кайрылуу эмес же эч кимден коркпогон “баатырдык, эр жүрөктүүлүк” деле эмес. Бул менин интернеттеги айткан , жазган көз караштарыма макул болбогон тараптын өзүнө жөн гана адамча, журналистче, жаранча түшүндүрүү. Менин сындарымдын артында Атамбаевдин жана анын чөйрөсүнүн өлүшүн, атылышын, жоголушун каалаган мандем жок, сын мамлекеттик система оңолсун, системадагы кишилер оңолсун (мейли ал Атамбаев, Текебаев, Жапаров болобу) , өлкөбүз оңолсун деген максатта айтылып келе жатат. Коркутуу болору менен “..муну Атамбаев эле кылды” деп айкырып чыккандай болбоюн, бирок не бар, не жок, үй бүлөмүн, өзүмдүн коопсуздугумдун алдын алып айтып коерум: күн өткөн сайын агы-көгү, “кызылы”, “карасы” аралашкан, ИИМге, Прокуратурага, Сотко, УКМКга ишенбеген, биротоло мамлекеттик эмес же бандиттик эмес система орноп баратканын мамлекет башчыбызга кулак кагыш кылып айтып койгум келет. Мен Ош ТВда иштеп жатканда “айттырбай эле өзү билип” билип сот аркылуу телеканалды тартып алып коюшкан сыяктуу, мен НТС телеканалында иштеп жатып президентке фейсбук аркылуу он суроо узата койгонумда “айттырбай эле өзү билип” мени жумуштан айдашкан сыяктуу, “айттырбай эле өздөрү билип” түнү үйүмө келип коркутуп коюну каалагандардын планынан президенттин кабары такыр жок экенине мен толук ишенем. Бул тек гана, президентке акаарат айткандарды тыюу жолу менен “президентке жардам берип жатабыз” деп жаткан берки жактагы чон муштум жасоолдордун майда иши деп шектенип турам. А болбосо, мен жазган макалаларда, көрсөтүүлөрдө айтылган тигил же бул фамилиялардын эч кимисине жан тартайын же жапыра чабайын деген оюм жок. Анткени алардын күнөлүү же күнөлүү эмес экенин билгидей мен сот эмесмин. Жапаров-Текебаев маселесине байлап менден шек санап жатышкан болсо, журналист деген орток кесип, мага койсо жолун таап Батукаевден да, а түгүл баары коркуп жаткан “Ислам мамлекети” кыймылынын башчысынан ар тараптуу суроолорду берип эксклюзив-маек алсам деген журналисттик кыялдарым бар экенин жашырбайм. Бул жеке менин гана эмес, журналистика чөйрөсүндөгү бардык өз кесибине чындап берилген ар бир журналисттин нормалдуу, чыгармачылык амбициясы.

Фейсбукка жарыялаган көз караштарыман, көрсөтүүлөрүмөн улам “коркпойт, жалтанбайт, жүрөктүү..” деген сыяктуу алкаган-мактаган комментарийлерди окуп калам. Чынын айтайын, тирүү адамдагы бардык сезимдер менде да бар, корккондо корком, жүрөк кооптонот, акыл-эсиң менен ар кыл нерселерди ойлонуп, өзүң үчүн, үй бүлөң үчүн, ата энең үчүн санаага батасың. Шанаңдап “эл мени баатыр деп атат” деп , ойлонбой-этпей автоматтык түрдө тарсылдай берчү сезимсиз робот эмесмин, пенделик акыл-эсим баары жайында. Ар бир тамганы, сөздү, сүйлөмдү жазып атканда ойлонуп-толгонуп, сөзүмдүн, тилимдин жоопкерчилиги бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да өзүмдө экенин, мен жазганды канчалаган адамдар окуп демек алардын оң же терс жакка бурулуусуна да менин тиешем бар экенин сезип жазам. Жазган көз караштарымда “өлкөм бүлүнсүн, өнүкпөсүн, талкалансын” деген кара ниет жок. Анан калса, президент Бакиев кезиндеги өкмөт башчысы Алмаз Шаршенович белекке берген камчы менде алигиче сакталуу, ал камчыны Атамбев мага эмне деп бергени да эсимде: “..сындап тур, камчылап тур, ушинткениң өкмөткө, бийликке чоң жардам болот” деген ал. Кайыш өрүмү бар, кыргыз оймосу түшүрүлгөн кымбат булгаарыга оролуп, текенин туягынан жасалган камчыны маал маалы менен колго кармап, чаңдарын сүртүп коем.

Соңунда, үйүмө келген кечээги “меймандарга” ачык айтаарым, женил эмес салмактуу, тайыз эмес терен критикалоону уланта берем досторум, анткени бул Атамбаевдин мага берген аманаты. “Коркутуп коюу” идеясын силерге ким айтса да, ошол тарапка: “Кыязов дегениңиз төрт-бешөө келип коркуткудай чоң дөө эмес эле арыкчырай бир журналист экен, бир бирибиздин үйүбүзгө түнкүсүн келип коркутпаган, жадырап-жайнап мейман болуп кетчү, көчөлөрү жарык, жолдору ылай эмес асфальтталган жаны конуштары бар системанын келиши үчүн сын макаларды жазып жатам деп айтты”- деп, төбөлдөрүңөргө ысык салам айтып койгула баатырлар!…

Силердин өзүңөргө, үй бүлөңөргө тынчылык, амандык каалап, урматым менен,

Эрнис Кыязов.”

Адил Турдукулов : "Эрнис Кыязовго кол салуу боюнча кылмыш ишти президент Атамбаев өзү жана Жогорку Кеңеш көзөмөлгө алыш керек"

“Кечээ, 4-апрелдин түнүндө журналист Эрнис Кыязовдун үйүнүн алдынан ага белгисиз адамдар кол салып, бийликти сындаганын токтотууну, мурда жазган макалаларын, постторун сайттардан өчүрүүнү талап кылышкан. Кыязовго кол салгандар “Түштүктөн келдиң, бир жериңди кысып жүр!” дешиптир акмактар”, – деп билдирди Сөз эркиндигин коргоо комитетинин директору Адил Турдукулов.

“Биз Сөз эркиндигин коргоо комитетинин атынан бул кылмышты иликтөөнү президент Атамбаев өзү көзөмөлгө алуусун талап кылдык. Ал эми Жогорку Кеңеш бул иш боюнча Генпрокуратураны, УКМКны жана Ички иштер министрлигин парламентке чакырып, маалыматын угуп, көзөмөлгө алып, чечим кабыл алыш керек”, – деди Адил Турдукулов.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Тынчтык Шайназаров, ЖК депутаты: “Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткон сот кызматынан көтөрүлүп иштеп жүрөт”

“Криминалдык авторитет Азиз Батукаевди эркиндикке мыйзамсыз чыгарып жиберген сот дагы деле сот болуп иштеп жатат. Менин маалыматым боюнча ал сот кызматынан көтөрүлүп кетиптир”, – деп билдирди кечээ, 4-апрелде КР ЖКнын Конституциялык түзүлүш жана мыйзамдуулук комитетинин жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров.

“Азиз Батукаевдин ишин караган сот Нарын райондор аралык сотко судья болуп мыйзам боюнча атайын тандоодон өткөндөн кийин президент тарабынан бекитилди”, – деп жооп берди жыйынга катышып олтурган КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева.

Эсиңиздерге сала кетсек, Кыргызстандык кримтөбөл Азиз Батукаевди 2013-жылы бийлик мыйзамсыз абактан бошотуп жиберип, ызы-чуу чыккан.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Алматы метрополитенинде коопуздук чаралары күчөтүлдү

Петербург метрополитениндеги жардыруудан кийин Алматы метролорунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Жергиликтүү ММКлар кабарлагандай, Алматы метросунун кире беришинде жүргүнчүлөр тыкыр текшерүүгө алынып, аскердик авариялык куткаруучу кызматтар кыраакылыгын күчөттү.

Метронун транспорттук коопсуздук кызматы ички иштер башкармалыгы менен бирге коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүдө.

Алматы метрополитени 2011-жылы пайдаланууга берилген. Учурда анда тогуз станция бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда 8-класстагы боюнда бар кыз жанын кыюуга аракет жасады

Өткөн аптанын соңунда Хорезм облусунда 15 жаштагы окуучусунун боюнда бар экенин жашырууга аракет кылган мектеп жетекчилиги жана дарыгерлер жумуштан алынды. Кыздын өзүнүн айтымында, аны коңшусу зордуктаган. Учурда кыз психологдордун көзөмөлүндө. Окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Хорезм облусунун Элдик билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, мектеп жетекчилиги окуучусунун мындай абалын жашырып жүргөн. Окуя дарыгерлер кыздын алты айлык боюнда бар экенин аныкташкандан кийин гана белгилүү болгон. Бул аралыкта кыз бир канча жолу өз жанын кыюуга аракет кылган.

Мекеменин маалыматына караганда, бул окуядан кийин мектеп директорунун эки орун басары, кыздын класс жетекчиси жана мектептин психологу жумуштан алынды. Учурда мектептин директорун да кызматтан алуу сунушталууда.

Мугалимдер мектептин беделине зыян келтирбеш үчүн окуяны жашырып койгондугу айтылууда.

Өткөн жылы Хорезмдин Шават районунда окуучу кыз бир тууган агасынан боюнда болуп калгандан кийин өлкөдөгү мектеп директорлору арасында түшүндүү иштери жүргүзүлгөн.

Зордукталган мектеп окуучусу кийинки аптада көз жарышы керек. Анын ата-энесине карата кандай жаза көрүлгөнү маалымдала элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню