Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Видео - Лондон полициясы: шаршембидеги кол салуу ислам терроризмине байланыштуу

Лондон полициясы британ парламентинин жанындагы кол салууну ислам терроризмине байланыштырды. Бул тууралуу «Скотланд-Ярддын» контртеррористтик бөлүмүнүн башчысы Марк Роули билдирди. Шаршембиде парламент имаратынын жанындагы кол салуудан 4 киши мерт кетип, 40тан ашыгы жаракат алган.

«Скотланд-Ярд» өкүлүнүн айтымында, полиция кол салган адамдын тек жайын аныктады, бирок азырынча анын аты-жөнү айтылган жок.

Шаршембиден бейшембиге караган түнү британ полициясы Бирмингемдеги батирлердин биринде рейд өткөрдү. Операция бир канча саатка созулуп, шектүү адамдар кармалды. Алгач укук коргоо органдары тинтүү иштеринин Лондондогу кол салууга байланышы бар экенин айтышкан эмес, бирок ага чейин ММКлар белгисиз адам көчөдөгү адамдарды сүзгөн автоунаа Бирмингемде ижарага алынганын кабарлашкан.

22-мартта Улуу Британия парламенинин жаныдагы Вестиминстер көпүрөсүндө автоунаа жөө жүргөн адамдарды сүзгөн. Андан соң анын айдоочусу бычак менен парламенттин алдында нөөмөттө турган полициячыга кол салган. Полициянын маалыматы боюнча, бул чабуулдарды бир эле киши жасап, жыйынтыгында 4 киши мерт кетип, 40ка жакыны жаракат алды.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

AI тынчтык жүрүшүнүн катышуучуларын тез арада бошотууга чакырды

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму 18-мартта Бишкекте өткөн тынч жүрүштүн катышуучуларын тез арада бошотууга чакырды. Мындай билдирүү уюмдун сайтына 21-мартта жарыяланды.

Анда Кыргызстандын бийлиги жүрүштүн беш катышуучусун кармап, беш суткага камакка алуу менен алардын тынч чогулуштарды өткөрүү укугун бузганы айтылган.

“Тынч акциянын катышуучуларынын кармалышын, адилетсиз сотту жана алардын бир нече күнгө камакка алынышын жүрүшкө атайылап тоскоолдук кылууга жана көз карандысыз ММКлардын басымына каршылык көрсөтүүгө багытталган деп гана баалоого болот”, – деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Бишкектин Свердловск райондук соту Мавлян Аскарбековду, Айбек Мырзаны, Азамат Аттокуровду, Расул Умбеталиевди жана Мухит атту жаранды беш суткага камакка алган.

Буга чейин ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов алар тартип бузууга жана жол тосууга айыпталып кармалганын билдирген. Анын айтымында, активисттер милиция кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы жана жол тосуу аракети үчүн бейбаштыкка айыпталып, беш суткага камалышкан.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Тажикстанда адвокат Ёровдун ишин караган тергөөчү мунапыс менен бошотулду

Дүйшөмбү соту шаардык ички иштер башкармалыгынын мурдагы тергөөчүсү, подполковник Музаффар Хакимовду бошотуу чечимин кабыл алды. Камактагы адвокат Бузургмехр Ёровдун ишин караган тергөөчү ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп айыпталып жаткан.

Музаффар Хакимов айыпталган берене Мунапыс тууралуу мыйзамдын негизинде жазадан бошотуу мүмкүндүгү каралган беренелердин тизмесинде болгон. Дүйшөмбү шаардык сотунун катчылыгынан тергөөчү мунапыс менен сот залынан бошотулганын ырасташты. Мамлекеттик айыптоочулар аны үч жылга эркинен ажыратуу жазасын суранышкан болчу.

Музаффар Хакимовдун ишин тергөө менен өлкөнүн Башкы прокуратурасы алектенген. Башкы көзөмөл орган алгач тергөөчү ыйгарым укуктарынан аша чабуудан сырткары пара алууга да айыпталып жатканын, бирок дилилдердин жоктугуна байланыштуу экинчи айыптоо алынганын билдирген.

Тергөөчү Бузургмехр Ёровдун адвокатынын даттануусунан кийин 12-декабрда кармалган. Ал Хакимовду кардарларынан акча алып, бирок алардын укуктарын коргоодон баш тарткан деп айыптаган.

Ёровдун туугандарынын ырасташынча, алар тергөөчү менен келишим түзүп, 25 миң доллар чогулутуп беришкен. Музаффар Хакимов ал каражатты “алданган” кардарларга кайтарып бермек.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Анжиянда ислам окуу жайларында окугандардын ноутбуктары текшерилүүдө

Анжиян шаарындагы атайын ислам орто окуу жайынын жетекчилиги жогорку курстун студенттеринин эки ай мурда алынган ноутбуктарын кайтарып бере элек. Студенттерге алар текшерилип, 3-4 күндөн кийин кайра берилери айтылган.

Бирок алар андан бери ноутбуктарды берүү өтүнүчү менен окуу жайдын директоруна бир канча жолу кайрылышкан. Бирок ар дайым компьютерлер ИИМдин эксперттери тарабынан текшерилип жатышкандыгы тууралуу жооп алып келишет.

Өкмөттүн алдындагы Дин иштери боюнча комитеттен аларга бул боюнча даттануу болбогонун билдирди. Өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгынын төрага орун басары Абдулазиз Мансур бул суроого абал менен кеңири таанышкандан кийин жооп берүүнү убадалады.

Өзбекстан өкмөтү жаштар интернеттен экстремисттик адабияттарды окуп, өлкөдө тыюу салынган диний агымдардын катарына кошулуп кетиши мүмкүн деп кооптонууда.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Twitter жарым жылда «терроризмди пропагандалаган» жүз миңдеген аккаунтту жапты

Twitter социалдык түйүнү өткөн жылдын экинчи жарымында «терроризмди пропагандалаган» 378 890 аккаунт жабылганын билдирди – бул 2016-жылдын алгачкы алты айына салыштырганда 60 пайызга көп.

Twitter «экстремизмге каршы күрөшүү ниетин билдирген 2015-жылдын августунан бери жалпысынан 636 248 аккаунт жабылган. Twitter, Facebook өңдүү социалдык түйүндөр дүйнөдөгү түрдүү өлкөлөрдүн күчтүү басымында болуп келишет. Алар кол салууларды уюштуруу жана өз катарына адамдарды тартуу үчүн социалдык желелерди пайдаланган экстремисттер үчүн сайтка кирүү мүмкүндүгүн жабууну талап кылышат.

Маалыматтар боюнча, 2016-жылдын экинчи жарымында өлкө бийликтери колдонуучулар тууралуу маалыматтарды берүү өтүнүчү менен кайрылган учурлар жети пайызга, контентти жабуу талаптарынын саны 13 пайызга өскөн.

Социалдык түйүн алгачкы жолу журналисттердин жана жаңылыктар менен алектенген уюмдардин билдирүүлөрүн өчүрүү талаптарын алып жатканын билдирди. Маалыматка караганда, ММКлардын билдирүүлөрүнө бөгөт коюу аракеттери баарынан да Түркия өкмөтү тарабынан көп көрүлгөн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Фотобаян - Бишкекте нооруз майрамы белгиленди

Twitter социалдык түйүнү өткөн жылдын экинчи жарымында «терроризмди пропагандалаган» 378 890 аккаунт жабылганын билдирди – бул 2016-жылдын алгачкы алты айына салыштырганда 60 пайызга көп.

Twitter «экстремизмге каршы күрөшүү ниетин билдирген 2015-жылдын августунан бери жалпысынан 636 248 аккаунт жабылган. Twitter, Facebook өңдүү социалдык түйүндөр дүйнөдөгү түрдүү өлкөлөрдүн күчтүү басымында болуп келишет. Алар кол салууларды уюштуруу жана өз катарына адамдарды тартуу үчүн социалдык желелерди пайдаланган экстремисттер үчүн сайтка кирүү мүмкүндүгүн жабууну талап кылышат.

Маалыматтар боюнча, 2016-жылдын экинчи жарымында өлкө бийликтери колдонуучулар тууралуу маалыматтарды берүү өтүнүчү менен кайрылган учурлар жети пайызга, контентти жабуу талаптарынын саны 13 пайызга өскөн.

Социалдык түйүн алгачкы жолу журналисттердин жана жаңылыктар менен алектенген уюмдардин билдирүүлөрүн өчүрүү талаптарын алып жатканын билдирди. Маалыматка караганда, ММКлардын билдирүүлөрүнө бөгөт коюу аракеттери баарынан да Түркия өкмөтү тарабынан көп көрүлгөн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Казакстанда блогер Жанара Ахмет Украинага качып кетти

Алматыда жашаган жана пробациялык көзөмөлдө жүргөн блогер Жанара Ахмет Казакстандан Украинага качып кеткендиги тууралуу маалыматтарды ырастап, учурда Киевде экенин билдирди.

Украина борборуна ал 9 жаштагы уулу менен бирге 17-мартта барган. Аэропорттон аны Киевде бозгунда жүргөн казакстандык жарандык активист Ермек Нарымбаев тосуп алган.

Жанара Ахметтин айтымында, Казакстандан чыгып кетишине анын акыркы бир нече айдын ичинде бир канча жолу административдик жоопкерчиликке тартылгандыгы себеп болду. Мекенинде ал өзүнө өрт коюуга даярдык көрүү тууралуу видео тасмаларды таркатууга айыпталып, «мыйзамсыз уюм түзүү боюнча» кылмыш ишинин фигуранты болгон.

Мурдараак Жанара Ахмет кылмыш иши боюнча камакка алынган. Кийин шарттуу түрдө бошотулуп, пробациялык көзөмөлдө жүргөн. Блогер социалдык түйүндөргө казак бийлигин сындаган пикирлерин жазып, аларды жайылтып келгендиги менен белгилүү.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

"Чек арасыз кабарчылар" өзбек журналистинин депортациясына кабатыр

“Чек арасыз кабарчылар” уюму “Новая газета” басылмасынын журналисти Худойберди Нурматовдун Орусиядан Өзбекстанга депортация болоруна кабатыр. Али Феруз ысымы менен иштеген кабарчы Москвада 16-мартта кармалган. Уюм өзбек журналисти мекенине барса, кыйноолорго кабыларын билдирип, Орусия бийлигинен аны Москвада калтырууну суроодо.

“Али Ферузду Өзбекстанга жөнөтүү мыйзамсыз болот жана анын өмүрүнө олуттуу коркунуч жаралат”,-деп билдирди уюмдун өкүлү Йоханн Бир. Анын айтмында, журналисттин ишмердүүлүгү кыйноолор ырааттуу түрдө колдонулган өлкөдө коркунучтуу кесепеттерге алып келиши ыктымал. Мындан улам уюм орус бийлигин журналистти мекенине кайтарбоого жана тез арада баш паанек берүү маселесин кароого чакырды.

Нурматов 16-мартта кармалган. “Новая газета” басылмасы журналист көптөн бери Орусияда качкын макамын ала албай жүргөнүн билдирген.

Орусияда билим алган Али Феруз Өзбекстанда жарандык активдүүлүгүн көрсөтүп жүргөн маалда бийликтин кысымына кабылып, мекенинен чыгып кетүүгө аргасыз болгону айтылууда.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ооган жоокери НАТО базасында америкалык аскерлерге ок чыгарды

Ооганстандагы чет өлкөлүк коалиция Гильменд провинциясындагы базада жасалган чабуулда үч америкалык жоокердин жаракат алганын билдирди.

Быйыл мындай окуя биринчи жолу катталды. Бирге кызмат өтөгөндөргө каршы ок чыгарган ооган жоокери өлтүрүлдү. НАТО миссиясынын өкүлү Twitter’де жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Учурда Ооганстанда 8 миңден ашуун америкалык аскер кызматкери бар. Алар ооган армиясын жана полиция күчтөрүн окутуп, “Талибан” кыймылына жана башка топторго каршы операцияларды өткөрүүгө көмөктөшүүдө. Былтыр октябрдан бери Ооганстанда ондон ашуун америкалык аскер курман болду, дагы бешөө туткунда.

Ооганстанда 1994-жылы “Талибан” ислам кыймылы пайда болгон. 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы теракттан кийин НАТОнун командасы алдында эл аралык куралдуу күчтөрдүн коалициясы Ооганстанда аскердик операция баштап, топтун мизин кайтарган. 2014-жылы Американын Куралдуу күчтөрү аскер миссиясын жыйынтыктап, бирок өлкөдө бир нече миң кызматкерин калтырган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Крымда журналист Николай Семенанын соту башталды

Бүгүн Орусия тараптан аннексияланган Крымдын Симферополь шаарында «Азаттык радиосунун» «Крым.Реалии» долбоорунун авторлорунун бири, журналист Николай Семенанын соттук иши каралып баштайт. Ал макалаларында «Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузуу чакырыктарын жасаган» деп айыпталууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча Николай Семена украин тараптын Крымды блокадага алгандыгы тууралуу макаласында Орусиянын мыйзамдарын сактаган эмес. Тергөөчүлөр Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузуу чакырыктарынын артында Крымды Украинага кайтарып берүү тууралуу сөздөр турушу мүмкүн деп эсептешүүдө.

ФСБдагы суракта Николай Семена материалдарында «өз пикирин эркин айтуу» укугун пайдаланганын билдирген.

Семенага каршы кылмыш иши өткөн жылдын жазында козголуп, анын жарым аралдан чыгуусуна тыюу салынган. Февралда өткөн алдын ала отурумда журналисттин жактоочудары лингвистикалык экспертиза туура эмес жүргүзүлгөнүн билдиришкен.

Кошмо Штаттар, Европа биримдиги, эл аралык укук коргоо жана журналисттик уюмдар Орусияны Семенага карата кылмыш ишин токтотуп, Крымдагы бардык саясий туткундарды бошотууга чакырууда.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню