Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Түркмөнстанда банкоматтардан акча алуу көйгөй жаратууда

Түркмөнстандын Балкан облусунда жерди ижарага алып иштеткендер банк карталарынан акчаларын ала албай кыйынчылыктарга туш болушууда.

Ондой дыйкан “Азаттыктын” түркмөн кызматына кайрылып, бир күндө 300 манаттан көп акча ала албай жатканын билдиришти.

“4 гектар жердин түшүмү 3000 миң манат кирешени түзөт, бир аптадан бери банкоматтарга барып, акча ала албай келебиз. Бүгүн банкоматта акча болсо, эртең болбой дагы калышы мүмкүн”,-деди Сердар районунун жашоочусу Аман.

Анын айтымында, бир жылдык пайданы накталай акчага алмаштыруу үчүн 10 күн банкоматтар менен алпурушуу керек.

“Дайхан Банкынын” филиалы банкта накталай акчанын тартыштыгынан улам, банкоматтардан акча алуу оор болуп жатканын түшүндүрдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Путин: Кыргызстан бюджетине Орусия жыл сайын 30 миллион доллар бөлүп келет

Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин 20-июнда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуудан кийин өткөн маалымат жыйында билдирди. Ал Орусиянын Кыргызстанга каржылык колдоосу дээрлик кайтарымсыз негизде көрсөтүлүп келе жатканын эске салды:

– Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ийгиликтүү иштеп жатат. Анын уставдык капиталына Орусия 500 миллион доллар салган. Мындан тышкары Кыргызстандын бюджетин колдоо максатында орус тарап жыл сайын 30 миллион доллар бөлүп келет. 2012-жылдан тарта мындай жардамдын суммасы 255 миллион долларды түздү. Кыргыз экономикасынын өнүгүшүнө маанилүү салым катары мигранттардын которгон акчасын айтсак болот. Былтыр мындай которуулардын көлөмү 20 пайызга өсүп, 2 миллиард долларга жакындаган. Ал эми быйылкы жылдын биринчи кварталында которуулар дагы 60 пайызга жогорулады. Бизде кыргыз жарандарына жумушка орношууга, медициналык жана социалдык жардам алууга жеңилдик берген шарттар каралган, – деди Путин.

Эки өлкө лидерлеринин жолугушуусунда Орусия Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын толук кечкени тууралуу протоколго кол коюлду. Алмазбек Атамбаев муну Орусия тараптан абдан чоң реалдуу каржылык жардам катары баалады. “Кыргызстандын келечегин Орусиясыз элестете албай” турганын белгиледи.

Кремлдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин эки тараптуу бир нече документке, анын ичинде союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясына, аскерий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү келишимине кол коюлду. Атамбаевдин Орусияга беш күндүк мамлекеттик сапары 19-июнда башталган. Ал Москвадан кийин Татарстан менен Башкортостанга да барат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Тажик жана өзбек ишкерлери виза режиминин жоюлушун каалашат

Акыркы жылы Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуу 5,7 эсеге өсүп, 69,2 млн. долларды түздү. Бул тууралуу 20-июнда Дүйшөмбүдө өткөн эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрү жана ишкерлери катышкан биргелешкен жыйында айтылды.

Тажикстан өкмөтүнүн вице-премьери Давлатали Саид товар алмашуу көрсөткүчүнүн жогорулашына жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр, эки өлкөнүн ишкерлеринин бизнес-форумун жана көргөзмөлөрдү уюштуруу себеп болгонун билдирди. Өз кезегинде Өзбекстандын вице-премьери Улугбек Розикулов тажик кесиптешинин айткандарын ырастап, өзбек ишканаларынын коңшу өлкөдөгү акыркы жыйырма беш жыл ичиндеги эң ири көргөзмө-жарманкесинде 50 миллион доллардан ашык суммадагы келишимдерге кол коюлганын айтты.

Сентябрда болсо Ташкентте Тажикстандын маданият күндөрүн жана тажик товарларынын көргөзмө-жарманкесин өткөрүү пландалууда.

Анткен менен жыйынга катышкан ишкерлердин көбү эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү эң чоң тоскоолдук катары визалык режимди эсептешет.

Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү менен алектенген компанияга ээлик кылган өзбек ишкери Хуршед Лутфуллоев Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы виза режимин жоюу же жөнөкөйлөтүү боюнча өкмөткө өз сунуштарын жөнөткөнүн билдирди.

Тажикстандагы «Аваз Инженеринг» компаниясынын башкы директору Азим Хакимов дагы өлкөлөр ортосундагы виза режиминин жоюлушун колдойт. Айтымында, алгач ишкерлердин аэропорттордо жана чек ара бекеттеринде виза алуусунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дүйнөлүк банк: Тажикстанда калктын 13% өтө жакыр жашайт

Тажикстанда  2003-жылдан 2015-жылга чейин жакырчылыктын деңгээли 73% дан 31% чейин кыскарган. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча буга карабай, жакырчылыктын деңгээли жогору бойдон калууда.

Дүйнөлүк банк жакырчылыктын чегин бир кишиге 3 доллар 10 цент деп аныктаган. Чыгашалары бул суммадан аз болгондор жакыр, 1 доллар 10 цент жумшагандар өтө жакыр деп эсептелет.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча Тажикстан калкынын 13% өтө жакыр жашайт, 2009-жылдан бери бул көрсөткүч дээрлик өзгөргөн эмес. Ошол эле маалда жакыр калктын 81% айыл жеринде жашайт.

Тажикстандын Статистика комитети жакырлардын саны жыл сайын 1% азайып баратканын, азыр 31,3% түзгөнүн билдирди.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча 2014-жылдан бери көп тажик бүлөлөрүнүн киреше булагын негизинен эмгек мигранттар жөнөткөн акчалар түзгөн. Бирок Орусия экономикасын каатчылык басып, көптөгөн тажик жарандары мекенине кайтып келгенден кийин көп үй-бүлөлөрдүн кирешеси кыскарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын кечти

Тиешелүү протоколго Москвада Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусунда кол коюлду. Маалыматка караганда, муну менен өлкөнүн Орусияга тышкы карызы жоюлат.

Жолугушууда Атамбаев жылуу жана меймандос кабыл алгандыгы үчүн орус тарапка ыраазычылык билдирип, бир нече айдан кийин Кыргызстандын жаңы президентин шайлоо өтөөрүн эске салды.

– Өз ишимдин алдын ала жыйынтыктарын чыгарып келип, эң башкы жетишкендигибиздин бири – Орусия менен мамилени туура нукта жүргүзгөнүбүз деп эсептейм. Стратегиялык мамилелердин, достуктун жана боордоштуктун нугунда.

Өз кезегинде Владимир Путин эки өлкөнүн кызматташуусу мындан ары да күчөйт деген ишенимин билдирип, Кыргызстанда туруксуздук мезгили артта калганын белгиледи.

Атамбаев жетектеген кыргызстандык делегация беш күндүк мамлекеттик сапар менен Орусияга 19-июнда барган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөн президенти абактагы миңден ашык кишиге ырайым кылды

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов абактагы миңден ашык адамга ырайым кылды. Расмий маалыматтар боюнча, мындай мунапыс Рамазан айындагы Кадыр түнгө карата берилди.

Мамлекет башчы 16-июнда кол койгон жарлык менен бирге укук коргоо органдарынын жетекчилерине ырайым кылынган адамдарды тез арада үйлөрүнө жеткирүүнү тапшырды.

«Президент ошондой эле үйүнө кайткан адамдар ак эмгеги менен күнөөлөрүн жууп, өлкөнүн өнүгүшүнө активдүү катышуусу үчүн облус жана шаар башчыларына аларды жумушка орноштуруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасын берди», – деп айтылат расмий билдирүүдө.

Байкоочулардын айтымдарында, абактан чыккан адамдар жумушка орношууда чоң кыйынчылыктарга дуушар болушуп, полиция жана жергиликтүү бийлик тарабынан кысымдарга кабылышат.

«Prison policy initiative» уюмунун отчетуна ылайык, киши башына карата абактагылардын саны боюнча Түркмөнстан дүйнөнүн 170 өлкөсүнүн ичинен АКШдан кийинки экинчи орунда турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мирзиёев Өзбекстанда жылкы өстүрүү тармагын өнүктүрүү ниетинде

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдө жылкы өстүрүү жана ат спортунун түрлөрүн өнүктүрүү тууралуу токтомго кол койду.

Документке ылайык, жыл соңуна чейин улуттук «Өзбекмунайгаз» компаниясынын колдоосу менен Кашкадарья облусунда Карабаир тукумундагы жылкыларды өстүрүү жана көбөйтүү боюнча комплекс курулат. Ташкент облусунда болсо асыл тукум жылкыларды өстүрүү боюнча эки жылкы заводу ачылат. Андан тышкары өлкөдө ат спорту боюнча машыктыруучулардын, калыстардын жана ветеринарлардын республикалык мектебин түзүү пландалууда.

Президенттин токтомунда өлкөдө Ахалтеке жана Карабаир жылкы тукумдарын өстүрүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын изилдөө менен асыл тукум, спорттук жана кызматтык жылкыларды өстүрүүгө, ат спортунун калктын кеңири катмарындагы, өзгөчө жаштар арасындагы популярдуулугун арттырууга жооп бере турган бирдиктүү түзүм түзүү тууралуу айтылат.

Өкмөт эки айдын ичинде өлкөдө жылкы өстүрүү тармагын жана ат спортун түрлөрүн комплекстүү түрдө өнүктүрүү боюнча 2021-жылга чейинки чаралардын долбоорун иштеп чыгышы керек.

Мартта Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапары менен алгачкы жолу Түркмөнстанга барып келген. Анда түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Мирзиёевге Ахалтек асыл тукум жылкысын белек кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда антикоррупциялык мекеменин мурдагы аткаминери камалды

Тажикстанда ири коррупциялык кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Каржы көзөмөлү жана жемкорлукка каршы күрөшүү агенттигинин дагы бир мурдагы кызматкери кармалды.

Маалыматка караганда, агенттиктин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын мурдагы башчысы Косим Саидзода бир жума мурда камакка алынган. Ал ири көлөмдө пара алган деп айыпталууда. Эгер күнөөсү аныкталса экс-чиновник 12 775тен 21 900гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул төлөп, же жети жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Косим Саидзоданын антикоррупциялык мекеменин камакка алынган мурдагы кызматкеринин көрсөтмөсү боюнча камалганы кабарланууда.

Апрелдин аягынан бери Тажикстанда Каржы көзөмөлү жана жемкорлукка каршы күрөшүү агенттигинин бир канча кызматкери камалды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда «аткезчи» мамлекетке 170 миллион теңге зыян келтирген

23-июнда Казакстандын Уральск шаардык сотунда жейрен мүйүздөрүн сатууга айыпталып жаткан Нургали Байкатовдун иши боюнча сот отуруму башталат.

50 жаштагы Байкатов өткөн жылы апрелде Уральсктын темир жол бекетинде кармалган. Батыш Казакстан облусунун Ички иштер департаментинен билдиришкендей, мекеме кызматкерлери анын унаасынан 402 даана жейрен мүйүзүн табышкан.

Батыш Казакстан облусунун Токой чарбасы жана жаныбарлар дүйнөсү инспекциясынын башчысы Серик Маженовдун билдиришинче, бул облус тарыхындагы жейрен мүйүздөрүнүн аткезчилик менен кармалган эң ири партиясы. Анын баамында, 402 даана мүйүз үчүн 200дөн ашык жейренди атуу керек болот.

Маженов айыпталуучу бул аракети менен мамлекетке 170 миллион теңге (90 миң доллар) зыян келтиргенин билдирүүдө. Учурда жейрендин бир мүйүзү 453 миң теңгеге бааланууда.

Расмий маалыматтар боюнча, облуста жыл башынан бери жейрен мүйүздөрүнө байланышкан 16 аткезчилик фактысы аныкталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ананьеводогу жарылуудан эки адам мерт болду

Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында газ сатуучу жайда газ баллондор жарылып, андан эки адам мерт болду.

Саламаттыкты сактоо министрлиги алардын бири өспүрүм экенин, Ананьевонун ооруканасына жеткирилген сегиз адамдын абалы оор экенин билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 19-июнда май куюучу станциянын жанында газ баллон жарылуусунан бир канча газ ташуучу унаа жана 500 газ баллону күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылып, окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жөнөп кетишти.

Учурда жарылуунун себептери такталууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню