Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Түркмөнстанда чакан бизнес ишмердүүлүгүн токтотууга мажбур

Түркмөн бийлиги ишкерлердин чет элдик валюталарды алмаштыруусуна чектөө киргизгенден бери Ашхабад базарларында азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы кескин кымбаттады.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, Ашхабаддын “Гүлистан” негизги соода борборунда жашылчанын баасы кайрадан көтөрүлдү. Жергиликтүү тургундар Түркмөнстандын өзүндө бышкан мөмө-жемиштерди сатып алуу мүмкүн болбой жатканына нааразы.

Мамлекет белгилеген баага ылайык, эттин наркы 17,80 манттан (5 доллардын тегереги) ашпашы керек. Бирок базарларда ал 20 манаттан жогору сатылууда.

Соодагерлердин айтымында, баалардын жогорулашы жана маяналардын кечиктирилиши менен кардарлардын саны кескин азайды. “Биз түнү бою уктабай, дүң базарлардан аймактарда өсүтүрлгөн жашылча-жемиштерди сатып алабыз. Андан соң кечке Ашхабаддын базарларында отуруп, кайра сатабыз. Бирок кардарлардын азайышы менен товарлардын теңи бузулуп кетүүдө”,-деди ашхабаддык соодагерлердин бири.

Буга чейин Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов калкка дээрлик чейрек кылымдан бери берилип келген бекер газ, бекер электр сыяктуу жеңилдиктерди токтотууну чечкен. Адистер бул кабарды өлкөдөгү каатчылыктын жарчысы деп кабыл алышкан болчу.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Видео - Казакстанда ракета ташуучунун бөлүктөрү кулаган жерде бир киши каза болду

Казакстандын Караганда облусундагы Жезказган шаарынан 50 чакырым алыстыкка кезектеги жолу Орусиянын «Союз-2.1а» ракета ташуучусунун бөлүктөрү кулап түштү. Ал орбитага «Прогресс МС-06» деп аталган транспорттук кемени жеткирүү үчүн «Байкоңур» космодромунан учурулган.

Күбөлөр ракетанын бөлүктөрү кулаган аймакта абанын температурасы 34 градусту түзүп, ылдамдыгы секундасына 15 метрге жеткен катуу шамал болуп турганын кабарлашууда. Алар андагы кургак чөп өрттөнгөнүн жана ракета бөлүктөрүн жыйнап жүргөн аскердик-өндүрүш корпорациясынын 55 жаштагы айдоочусу каза болуп, дагы бир кишинин денеси күйүп ооруканага жаткырылганын айтышты.

Ошондой эле социалдык түйүндөрдө Жезказганга жакын жердеги Талап айылында реактивдүү гептил күйүүчү майынын куюлуу коркунучу бар экендиги тууралуу маалыматтар пайда болду. Аймактын жашоочуларына терезелерди жаап, балдарды көчөгө чыгарбоо кеңештери берилүүдө.

Бирок кийинчерээк өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери калкты тынчтандырууга шашылып, ракета бөлүгүндө зыяндуу заттардын жок экенин билдиришти.

Казак парламентинин депутаттары өлкө бийлиги ракета бөлүктөрүнүн кулашын иликтөөгө милдеттүү деп эсептешүүдө. “Бул трагедия. Биз жаңы ракеталарды өздөштүрүүгө канчалаган убакыт коротуп жатабыз, бирок баары бир кырсыкка жол берилүүдө. Бул уят”, – деп билдирди парламент депутаты Владислав Косарев.

https://www.youtube.com/watch?v=WCgUAFxor64&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Анжиянда айдоочулар милиционерлерди бекер ташууга мажбурланууда

Өзбекстандын Анжиян шаарында “Дамас” (Damas) автоунааларынын айдоочулары түнү бою жол коопсуздук кызматкерлерин көзөмөл постторго бекер ташууга мажбурланып жатышат.

Анжиян облусунун Жол коопсуздук кыймылы башкармалыгынын кызматкери «Азаттыктын» түркмөн кызматына курган маегинде шаарда жол коопсуздугуна арналган «Тынчтык патрулдары» аттуу иш-чаралар өтүп жатканын жана айдоочулар ошого байланыштуу жардамга чакырылган болушу мүмкүндүгүн билдирди.

Жергиликтүү айдоочулардын бири күндүз кесиптештери менен жүргүнчүлөрдү ташып, түнкүсүн болсо милиция кызматкерлерин бекер ташууга мажбурланып жаткандыктарын билдирди:

“Унаабызга төрт милиция кызматкери отурат да “Кеттик, айда” дешет. Ушинтип аларды таңкы саат бешке чейин ар кайсы постторго жеткирип жүрөбүз. Айрым айдоочулар унааларына милициялардыкындай сиреналарды орнотуп алышкан. Биз буга абдан нааразыбыз”, – деди айдоочу.

Анын айтымында, милиция кызматкерлеринин буйруктарын аткаруудан баш тарткан айдоочуларды айыппул төлөтө тургандыктарын же унаасы айып унаа токтотуу жайына жеткирилерин айтып коркутушууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда террордук чабуул ыктымалдыгынан улам коопсуздук чаралары күчөтүлгөн

Түркмөнстанда акыркы айлардагы коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү өлкө аймагында террордук чабуулдар болушу мүмкүн деген чалгындоо маалыматтарына байланыштуу. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына өлкөнүн күч түзүмдөрүндөгү өз булагы кабарлаган.

Анын билдиргенине караганда, Ашхабадга ыктымал чабуулдар тууралуу маалыматтарды майдын ортосунда Түркия өкмөтү жөнөткөн.

«Болжол менен 10 күн мурда Түркия Түркмөнстанга «Ислам мамлекетинин» төрт согушкерин өткөрүп берген. Андан бир канча күн өткөндөн кийин түркмөн бийлигине өлкө аймагында террордук чабуул болушу мүмкүндүгүн эскерткен», – деп билдирген ал 19-майда.

Түркмөн атайын кызматтары кырдаалды өтө олуттуу деп баалап, тиешелүү коопсуздук чараларын көрүшкөн.

«Мисалы, андан кийин жаштарга, өзгөчө Жакынкы Чыгыш аймактарына барууну пландап жүргөндөргө карата көзөмөлдү күчөтүү чечими кабыл алынган. Майдын аягынан тарта Стамбулга жана Дубайга барчу адамдарды өлкөдөн чыгарбай башташты. Андан тышкары жаштардын 4-5тен көп болуп топтолуусуна да көзөмөл күчөтүлгөн», – деген булак.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда бир адамга экиден көп сим-карта сатууга тыюу салынды

Тажикстанда мобилдик операторлордун бир адамга экиден көп сим-карта сатуусуна тыюу салынды. Мындай чечим өлкөнүн ИИМи, Улуттук коопсуздук комитети, байланыш кызматы жана мобилдик компаниялары тарабынан биргеликте кабыл алынды.

Тажикстан ИИМинин басма сөз катчысы Умаржон Эмомали террордук топтордун мүчөлөрү көбүнчө башка адамдарга катталган сим-карталарды пайдаланарын, өз кезегинде бул аларды издөөдө жана тергөө иштерин жүргүзүүдө кыйынчылыктарды жарата турганын билдирди.

30-апрелде аяктаган колдонуучулардын сим-карталарын кайрадан каттоодон өткөрүү иштери дагы терроризмге каршы күрөшүүгө байланыштуу болгон. Бирок мобилдик кызматтарды көрсөткөн компаниялар анын иштебеген сим-карталарды аныктоо үчүн жасалганын билдиришкен.

Учурда компаниялар ар бир иштебеген сим-карта үчүн ай сайын 80 дирамдан (9 центке жакын) төлөшү керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Путин президенттик шайлоого катышар-катышпасын так айткан жок

Орусиянын кийинки президентинин башкы милдети жакырчылыкка каршы күрөшүү жана калктын кирешесинин жогорулашын камсыздоо болот. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин калк менен болгон түз байланыш маалында билдирди.

Ошол эле маалда Путин келерки президенттик шайлоодо талапкерлигин коер-койбосу тууралуу суроого жооп берген жок. Мамлекет башчы жаңы президентти өлкөнүн жашоочулары тандай турганын гана айтты.

Орусиядагы нааразылык акциялары тууралуу берилген суроого жооп берип жатып Путин “айрым адамдар оор учурду өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жаткандыгын» айтты. Бирок кеп кимдер жөнүндө болуп жатканын так билдирген жок.

Путин буга чейин да шайлоого катыша тургандыгы жөнүндө узатылган суроолорго жооп берүүдөн качып келген. Кремлден президент бул тууралуу ойлонбогондугун жана эч кандай шайлоо алдындагы өнөктүк жүрбөгөнүн билдирип келишет.

Буга чейин келерки президенттик шайлоого катыша тургандыктарын Владимир Жириновский, Григорий Явлинский жана Алексей Навальный билдирген. Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылдын 18-мартына дайындалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Казакстанда ракета ташуучунун бөлүктөрү кулаган жерде бир киши каза болду

Казакстандын Караганда облусундагы Жезказган шаарынан 50 чакырым алыстыкка кезектеги жолу Орусиянын «Союз-2.1а» ракета ташуучусунун бөлүктөрү кулап түштү. Ал орбитага «Прогресс МС-06» деп аталган транспорттук кемени жеткирүү үчүн «Байкоңур» космодромунан учурулган.

Күбөлөр ракетанын бөлүктөрү кулаган аймакта абанын температурасы 34 градусту түзүп, ылдамдыгы секундасына 15 метрге жеткен катуу шамал болуп турганын кабарлашууда. Алар андагы кургак чөп өрттөнгөнүн жана ракета бөлүктөрүн жыйнап жүргөн аскердик-өндүрүш корпорациясынын 55 жаштагы айдоочусу каза болуп, дагы бир кишинин денеси күйүп ооруканага жаткырылганын айтышты.

Ошондой эле социалдык түйүндөрдө Жезказганга жакын жердеги Талап айылында реактивдүү гептил күйүүчү майынын куюлуу коркунучу бар экендиги тууралуу маалыматтар пайда болду. Аймактын жашоочуларына терезелерди жаап, балдарды көчөгө чыгарбоо кеңештери берилүүдө.

Бирок кийинчерээк өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери калкты тынчтандырууга шашылып, ракета бөлүгүндө зыяндуу заттардын жок экенин билдиришти.

Казак парламентинин депутаттары өлкө бийлиги ракета бөлүктөрүнүн кулашын иликтөөгө милдеттүү деп эсептешүүдө. “Бул трагедия. Биз жаңы ракеталарды өздөштүрүүгө канчалаган убакыт коротуп жатабыз, бирок баары бир кырсыкка жол берилүүдө. Бул уят”, – деп билдирди парламент депутаты Владислав Косарев.

https://www.youtube.com/watch?v=WCgUAFxor64&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Казакстанда ракета ташуучунун бөлүктөрү кулаган жерде бир киши каза болду

Казакстандын Караганда облусундагы Жезказган шаарынан 50 чакырым алыстыкка кезектеги жолу Орусиянын «Союз-2.1а» ракета ташуучусунун бөлүктөрү кулап түштү. Ал орбитага «Прогресс МС-06» деп аталган транспорттук кемени жеткирүү үчүн «Байкоңур» космодромунан учурулган.

Күбөлөр ракетанын бөлүктөрү кулаган аймакта абанын температурасы 34 градусту түзүп, ылдамдыгы секундасына 15 метрге жеткен катуу шамал болуп турганын кабарлашууда. Алар андагы кургак чөп өрттөнгөнүн жана ракета бөлүктөрүн жыйнап жүргөн аскердик-өндүрүш корпорациясынын 55 жаштагы айдоочусу каза болуп, дагы бир кишинин денеси күйүп ооруканага жаткырылганын айтышты.

Ошондой эле социалдык түйүндөрдө Жезказганга жакын жердеги Талап айылында реактивдүү гептил күйүүчү майынын куюлуу коркунучу бар экендиги тууралуу маалыматтар пайда болду. Аймактын жашоочуларына терезелерди жаап, балдарды көчөгө чыгарбоо кеңештери берилүүдө.

Бирок кийинчерээк өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери калкты тынчтандырууга шашылып, ракета бөлүгүндө зыяндуу заттардын жок экенин билдиришти.

Казак парламентинин депутаттары өлкө бийлиги ракета бөлүктөрүнүн кулашын иликтөөгө милдеттүү деп эсептешүүдө. “Бул трагедия. Биз жаңы ракеталарды өздөштүрүүгө канчалаган убакыт коротуп жатабыз, бирок баары бир кырсыкка жол берилүүдө. Бул уят”, – деп билдирди парламент депутаты Владислав Косарев.

https://www.youtube.com/watch?v=WCgUAFxor64&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мирзиёев студенттин өлүмүнөн кийин медициналык колледжди жабууну тапшырды

Ташкенттеги медициналык колледждин мугалимдери шашылыш жыйынга чакырылып, аларга окуу жай жабылып калышы мүмкүндүгү кабарланды. Колледждеги текшерүүлөр 18 жаштагы студент Жасур Ибрагимовдун өлүмүнөн кийин башталган. Андагы студенттердин башка окуу жайларга бөлүштүрүлө тургандыгы кабарланууда.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жакында болгон жыйындардын биринде президент Мирзиёев аталган окуу жайды жабууну тапшырган.

Ташкенттеги П.Ф. Боровский атындагы медициналык колледждин 18 жаштагы студенти Жасур Ибрагимов курдаштары тарабынан ушул жылдын 3-майында сабалган.

Окуядан кийин ага беш жолу операция жасалганы менен Жасур 1-июнда ооруканада каза болгон.

Ташкент шаардык ИИБси студенттин өлүмүнө күнөөлүү адамдарды табууну убадалап, тергөө иштерин баштаган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча бул иш боюнча бир нече киши кармалды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда кылмышкерлер тобу соттолду

Бобожонгафуров районунда талоончу топтун мүчөлөрү ар кыл мөөнөткө түрмөгө кесилишти. Беш кишиден турган топ чак түштө беткап кийип алып, жергиликтүү тургандарды карактап, май куйуучу станцияларга кол салып келишкен.

Райондук сот айыпталуучуларды 12 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратты.

Өкүм күчүнө кире электе соттолуучулар арызданууга укуктуу. Соттолуучу Фазлиддин Жумаевдин жактоочусу сөзсүз жогорку инстанцияга кайрыларын, себеби сот анын оңолушуна мүмкүнчүлүк бербегенин айтты. Ошол эле маалда адвокат талоончу топ өтө оор кылмыштарды жасаганын моюнга алды.

Маалыматтарга караганда, кылмышкерлер 20 жаштан 26 жашка чейинки жигиттер. Алардын экөө буга чейин уурулук үчүн соттолуп, мунапыс менен эркиндикке чыккан. Талоончу топтун мүчөлөрү эч жерде иштешкен эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню