Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Инфляциянын деңгээли боюнча ЕАЭБде Казакстан алдыда

Казакстанда инфляциянын темпи жайлай баштаганы менен Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагында эң жогорку бойдон калууда. Бул тууралуу Finprom сайты кабарлады. Ушул жылдын апрелиндеги жыйынтык боюнча Казакстанда жылдык инфляциянын көлөмү 7,5 пайызды түзгөн.

Сайттын иликтөөсү Улуттук экономика министрлигинин статистикасына таянат. Ага ылайык, 2015-жылдын октябрына чейин Казакстандагы инфляциянын жылдык деңгээли 4,4 пайызды түзүп, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөн болуп турган. Бирок 2015-жылдын августундагы девальвациядан кийин инфляция көрсөткүчү 9,4 пайызга чейин жогорулаган.

Finprom.kz сайтынын маалыматына караганда, Казакстан былтыркы инфляциянын деңгээли боюнча Беларустан (6,3 пайыз) дагы ашкан. Ал өлкө 2016-жылы кайрадан улуттук валютаны деноминация кылган.

Иликтөөдө ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен инфляциянын эң төмөнкү көрсөткүчү Кыргызстан (3,8 пайыз) менен Арменияда (1,2 пайыз) экендиги айтылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусияда авариядан өлгөн 6 жаштагы баланын мас экени аныкталган

Тергөө комитетинин Москва облустук башкармалыгы Железнодорожный шаарындагы 6 жаштагы баланын өмүрүн алган жол кырсыгын иликтөөдө. Экспертиза унаа коюп кеткен бала абдан мас болгонун аныктаган.

Маалыматка караганда, алты жаштагы баланын канынан 2,7 промилле алкоголь табылган. Наристенин үй-бүлөсү кайрадан экспертиза жүргүзүүнү талап кылууда.

Башкармалыктын билдирүүсүндө, иликтөө учурунда тергөөчүлөргө кысым болгону, бир айга чейин кылмыш иши козголбогону, далилдердин бир бөлүгү жок кылынганы айтылат.

Железнодорожный шаарындагы авария 23-апрелде болуп, бирок 15-июнда гана ачыкка чыккан. Мобилдүү байланыш салонунун сатуучусу, 31 жаштагы Ольга Алисова алты жаштагы баланы сүзүп кеткен.

Айыпталуучунун жактоочусунун билдиришинче, бала үйдөн көчөгө чыга калып отуруп калган, буга байланыштуу айдоочу аны көргөн эмес. 12-июнда каза болгон наристенин атасына соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарын тапшырышты. Анда баланын канында 2,7 промилле алкоголь бар экени, ал абдан мас болгону жазылган.

“Мындай кагаз ортого чыкканына эмес, тергөөчү уялбай анын мага карматканы үчүн дендароо болуп калдым. Мындан ары эмне күтсөм болот? Мени ата-энелик укуктан ажыратып, ал гана эмес кечирим суроого мажбурлашабы?”,– деди баланын атасы Роман Шимко.

Тергөө комитети окуянын чоо-жайын тыкыр иликтөө үчүн кайрадан экпертиза дайындайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда темир жол акысы жогорулагандан бери жүргүнчүлөрдүн көйгөйү көбөйдү

Ашхабад-Серхетабад багыты боюнча каттаган поезддердин жүргүнчүлөрү жол кире жогорулаганы менен кызмат көрсөтүү жакшырбаганын, тескерисинче кошумча кыйынчылыктар пайда болгонун билдиришүүдө.

Темир жол билеттеринин баасы 1-июндан тарта 100%, авиабилеттер 20% жогорулаган. Серхатабад шаарынын жашоочусу, 60 жаштагы пенсионер Айгүлдүн айтымында, жол кирелердин жогорулашы менен кызмат көрсөтүү жакшырбаганын билдирди.

“Баякыдай эле кир матрастар, суу менен чайы жок баягы эле вагондор. Анда түнөгөндөн кийин кир шейшептерди чогултууга туура келет, анан чаңдан дем алуу мүмкүн болбой калат. Айрым вагондордун ажатканаларында крандар иштебейт, эшиктер жакшы жабылбайт жердеги килемдердин өңүн көрүү мүмкүн эмес”,-деди Айгүл.

Айгүлдүн айтымында, 7-июнда Серхетабад-Ашхабад багыты боюнча каттаган поезддердин жадыбалын алдын ала маалымдабай өзгөртүп салышкан.

“Жүргүнчүлөр өзгөрүүлөр тууралуу поездге отуруу алдында гана билишти. Саат 14.00дөгү поездге отуруучулар аны 16.00гө чейин күтүштү”,-деп кошумчалады ал. Бул болсо жүргүнчүлөргө кошумча ыңгайсыздыктарды жараткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстандыктар Собчак менен Навальныйдын мазактоосуна жооп беришти

Ксения Собчак менен Алексей Навальный «Дождь» телеканалынын эфиринде Өзбекстандын жашоочулары Пушкиндин ким экенин билбейт деп аларды мазакташкан. Sputnik Өзбекстан агенттиги билдиргендей, өзбек жарандары жооп катары социалдык түйүндөрдө флешмоб өткөрүштү.

Алар акындын ырларын жатка айтып, видеолорун социалдык түйүндөргө жайгаштырышты. Андан тышкары Өзбекстанда Пушкин атындагы көчө, аянт жана метро станциясы бар экенин билдиришти. Колдонуучулардын бири Өзбекстандагы адамдардын жашоосу менен тааныштыруу үчүн Ксения Собчак менен Алексей Навальныйды өз мекенине чакырды.

«Пушкинди эч ким билбейт деп өзүнөрдү адепсиз көрсөтпөгүлө. Биз Пушкинди да, Блокту да, Есенинди да, Маяковскийди да, Лермонтовду да, Грибоедовду да, Гоголду да билебиз. Аларды бала кезимен бери билем, бардыгын санап бере алам. Силер болсо биз жөнүндө эч нерсе билбейт экенсиңер», – деди колдонуучулардын бири видеокайрылуусунда.

https://youtu.be/G2DrCcYkdbM

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстан парламенти Кыргызстанга 100 млн доллар бөлүү токтомун жактырды

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы Кыргызстандын ЕАЭБге интеграцияланышына жардам берүү үчүн өлкөгө каражат бөлүү тууралуу токтомдорду жактырды. Ага ылайык, Казакстан Бишкекке 100 млн долларлык жардам берет.

Маалыматка караганда, жардам кызмат, жабдуу, товар, окутуулар жана каражат түрүндө берилиши мүмкүн. Анын максаттуу пайдаланылышына жана көзөмөлдөнүшүнө кыргыз тарап жооптуу болот.

Алгачкы транш менен 41 миллион доллар бөлүнөт. Ал бажы, транспорттук инфраструктура, маалыматтык кызматташуу, өрт коопсуздугу, саламаттыкты сактоо, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл тармактарына, ошондой эле фитосанитардык жана ветеринардык чараларга багытталат.

Казакстандын Кыргызстанга 100 миллион доллар өлчөмүндөгү жардам бере тургандыгы жөнүндөгү макулдашууга өткөн жылдын аягында Санкт-Петербургда өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында кол коюлган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Камактагы казак журналисттин туулган күнүн белгилешүүдө

Арам акчаларды адалдоо айыбы менен камакта жаткан казакстандык журналист Жанболот Мамайдын тарапташтары анын туулган күнүнө карата бүгүн Алматыдагы тергөө абагынын жанына чогулушту.

Абактын дарбазасынын алдында Мамайды туулган күнү менен куттуктап, белек берүүгө ниеттенген анын ата-энеси, жубайы, ошондой эле укук коргоочулар менен активисттерден куралган ондогон адам турат. Алар «Жанболотко, боштондук!» деп кыйкырып жатышат. Активисттер камактагы журналистти куттуктоо акциясын социалдык түйүндөрдө MAMAYparty деп аташты.

Оппозициялык «Трибуна» гезитинин 28 жаштагы башкы редактору Жанболот Мамай 10-февралдан бери Алматы шаарындагы тергөө абагында камакта жатат. Ал гезиттин редакциясы аркылуу мурдагы банкир Мухтар Аблязов тарабынан уурдалган делген БТА банктагы акчаларды адалдаштырууга айыпталууда. Бирок Мамай бул айыптарды четке кагып, кылмыш иши саясий негизде козголгонун айтып келет. Өткөн айдын соңунда Алматы соту анын камактагы мөөнөтүн 10-июлга чейин узарткан.

Апрелде Мамайдын тарапташтары аны бошотуу талабы менен социалдык түйүндөрдө #MamayFest хэштеги менен акция өткөрүшкөн. Ага укук коргоочулар, активисттер, журналисттер жана катардагы жарандар катышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Путин: Орусия жакынкы үч жылда коргонуу чыгымдарын азайтат

Владимир Путин жакынкы үч жыл аралыгында Орусия коргонуу чыгымдарын 2,8 % кыскартууну пландап жатканын билдирди. РИА Новости кабарлагандай, кинорежиссер Оливер Стоунга берген маегинде Путин армия чыгымдары ички дүң өнүмдүн үч пайыздан ашыгын түзгөнүн билдирген. “Бул ансыз да көп” деген Путин.

Дүйнөдөгү тынчтыкты иликтөө боюнча Стокгольм институтунун (SIPRI) эсеби боюнча 2016-жылы Орусиянын аскердик чыгымдары 7,7 % – 66 миллиард долларга чейин көбөйгөн.

Бул өлкөнүн Сириядагы аскердик кампаниясы жана Европа чек арасындагы аскер күчтөрүн кеңейтүүсүнө байланыштуу. Муну менен Орусия аскер чыгымдары боюнча Сауд Арабиясынан озуп, дүйнөдө үчүнчү орунга чыкты. Биринчи жана экинчи сапты АКШ менен Кытай ээлейт. РБКнын маалыматы боюнча, 2015-жылдын 30-сентябрынан 2016-жылдын 30-сентябрына чейин Сириядагы аскердик аракеттери үчүн Орусия 58 миллиард рубль короткон.

Оливер Стоундун “Путин менен маек” аттуу даректүү берүүсү америкалык Showtime кабелдик каналынан чыгат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстандыктар 10 жылда той-аштардан 18 млрд сомони үмөмдөшкөн (видео)

Тажикстан бийлиги өлкөдө той-аштардагы ашыкча чыгымдарды чектөө тууралуу мыйзам кабыл алынган он жыл ичинде жарандар 18 млрд сомониден (2 млрд доллардан ашык) ашык каражат үмөмдөгөнүн билдирди.

14-июнда мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 10 жылдыгына карата Дүйшөмбүдө атайын жыйын өтүп, анда өлкөнүн Конституциялык сотунун төрагасы Махкам Махмудзода 2007-жылы Тажикстанда жакырчылыктын деңгээли 70% түзгөнүн айтты. “Бул мыйзамдын аркасы менен он жылдын ичинде Тажикстандагы жакырчылыктын деңгээли 30 пайызга төмөндөдү”, – деди ал.

Махкам Махмудзоданын айтымында, бул мыйзам дүйнөдөгү уникалдуу жүз мыйзамдын катарына кирген. Конституциялык соттун башчысы Тажикстандын бул тажрыйбасын коңшу өлкөлөр — Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан колдонууга ниеттенип жатышканын белгиледи. Айтымында, учурда буга окшогон мыйзам Ооганстандын бийлиги тарабынан да даярдалууда.

Документ той-аштардагы коноктордун, тамактардын санын жана иш-чаранын узактыгын көзөмөлдөйт. Алсак, үйлөнүү тоюна чакырылган меймандардын саны 150 кишиден ашпашы керек, ал эми салтанаттын өзү 3 сааттан узак болбошу шарт. Туулган күн жана мааракелер болсо үй-бүлө ичинде өткөрүлүүгө тийиш.

Анткен менен мыйзамдын каршылаштары ал аткаминерлер менен байлар үчүн иштебейт деген пикирде. Алар тажик ишкерлеринин бири Хужанд-Канибадам унаа жолунун Кыргызстандагы бөлүгүнө тойкана ачканын жана анда миңдеген меймандардын келип-кетип жатканын көрүүгө болорун билдиришти. Ал Кыргызстандын аймагында жайгашкандыктан той ээлерине эч кандай айыппул салынбайт. Айтымдарында, Тажикстандын кыйла бай адамдары болсо балдарынын үйлөнүү тойлорун Түркия менен Бириккен Араб Эмираттарында өткөрүүнү жактырышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда газ, суу электр кубаты үчүн эсептегичтерди орнотуу талап кылынууда

Түркмөнстан президенти социалдык жеңилдиктерди жойгондон кийин өлкөнүн булуң-бурчунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жашоочуларды үймө-үй кыдырып, өткөн жылга газ, суу, электр кубаты үчүн төлөмдөрдү талап кыла баштады. Мындан тышкары атайын эсептегичтерди орнотуу көрсөтмөсү берилүүдө.

Жергиликтүү медиа кабарлагандай, көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришине “урматтуу президенттин жарлыгын аткарып, газ, электр кубаты жана суу үчүн эсептегичтерди орноткула” деген билдирүүлөрдү чаптап кетишүүдө.

Буга чейин “Азаттыктын” түркмөн кызматы облустарда бир нече айдан бери мажбурлап эсептегичтерди орнотуу өнөктүгү жүрүп жатканын билдирген. Маселен, Балканабат шаарында бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринен үйлөрүнө суу үчүн эсептегичтерди орноткондугун тастыктаган маалымкат талап кылышууда.

Социалдык жеңилдиктерди жоюу боюнча президент Гурбангулы Бердымухамедовдун билдирүүсүнөн кийин өткөн аптадан тарта үстүбүздөгү жарым жыл үчүн коммуналдык төлөмдөрдү талап кылышууда.

1993-жылдан бери ар бир түркмөн жараны күнүнө 35 киловатт/саат электр энергияны, 50 метр куб көгүлтүр отту жана 250 литр сууну акысыз алып келген. Маркум президент Сапармурад Ниязовдун буйругунда мындай жеңилдиктер 2030-жылга чейин уланат деп белгиленген эле.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда диний кастыкты козутууга айыпталган аял беш жылга соттолду

Алматыда сот Капшагай шаарынын тургуну, 34 жаштагы Жанна Умированы диний кастыкты козутуу жана терроризмди пропагандалоого айыптап беш жылга эркинен ажыратты.

Өкүмдү угузууга айыпталуучуну жактаган мамлекеттик адвокат катышкан жок. Жанна Умирова соттун чечимине макул эместигин, жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын билдирди.

Жанна Умирова соттон кичинекей эки баланы тарбиялап жатканын, жесир энеси оорукчан экенин эске алып, абакка кеспөөнү сурады. Ал диний кастыкты козутуу менен алектенбегенин жана терроризмди үгүттөбөгөнүн билдирип, бул иш атайын кызмат тарабынан ойлонуп табылганын айтты.

Жанна Умирова быйыл январда кармалган.

Анын жашы жете эле эки уулу учурда 65 жаштагы апасынын колунда тарбияланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню