Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Статистика: казакстандыктар тамак-ашка көп каражат жумшай башташты

Казакстанда байлар менен кедейлердин ортосундагы азык-түлүк колдонуу боюнча айрымачылык баалар жогорулап жаткан учурга туш келүүдө. Ranking.kz. сайтында жарыяланган иликтөөгө караганда, өлкөдө баалардын жогорулашы, реалдуу кирешелердин төмөндөшү менен жакырчылыкта жашаган үй-бүлөлөр аз тамактанууга мажбур болушууда.

2017-жылдын биринчи чейрегинде казакстандык үй-бүлөлөр жалпы керектелүүчү чыгымдардын 45,9 пайызын азык-түлүк сатып алууга жумшашкан. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айында 44,4 пайыз болгон. Талдоочулардын баамында, бул акыркы беш жылдагы эң жогорку көрсөткүч.

Иликтөөнүн авторлору 2015-жылдан бери азык-түлүк чыгымдары өсүп жатканын баса белгилешүүдө.

2016-жылдын биринчи чейрегинде колунда бар калктын 10 пайызы аз камсыз казакстандыктардын 10 пайызына караганда эки жарым эсеге көбүрөөк азык-түлүк колдонушкан. Иликтөөгө ылайык, бул ажырым быйыл (январдан мартка чейин) 8 пайызга жогорулаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен бейформал жолугушуу өткөрдү

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен бейформал жолугушуу өткөрдү.

Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле алдыдагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби талкууланды.

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн Москвада Кыргызстандын Орусиядагы Маданият күндөрүнүн ачылышына катышат. Эртең Алтай цивилизациясын иликтөө менен алектенген тарыхчылар жана эксперттерден турган Орусиянын илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушат. Андан сырткары Кыргызстан президентинин Орусияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугуп, Москва шаарындагы мечитке баруусу пландалган.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен да жолуга тургандыгы кабарланган.

Президенттин мамлекеттик сапары Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда эки күндүк сүйлөшүүлөр башталды

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, Дүйшөмбүгө өзбек өкмөтүнүн делегациясын премьер-министр Улугбек Розикулов жетектеп барды.

Маалыматка караганда, 2 күндүн ичинде тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактар боюнча практикалык кызматташтыкты талкуулашат.

Расмий билдирүүлөрдө белгиленгендей, тараптар ошондой эле алдыдагы өзбек-тажик бизнес форумунун жыйынтыгы боюнча жетишиле турган конкреттүү макулдашууларга кол коюу маселелерин талкуулашат.

Буга чейин июндун аягында Өзбекстан ТИМ башчысы Абдусалом Азизовдун 20 жылдан бери алгачкы жолу Тажикстанга барары кабарланган. Ал 27-29-июнь күндөрү Дүйшөмбүдө өтө турган КМШга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат. Андан сырткары ал Тажикстан ИИМ башчысы жана башка күч түзүм тармагындагы жогорку кызматтагы адамдар менен жолугушат.

Жергиликтүү ММКлар эки өлкөнүн күч түзүмдөрү дээрлик 20 жылдан бери улуттар аралык байланыштарга ээ кылмыштуу топторду жоюу боюнча бир дагы биргелешкен операция өткөрүшпөгөнүн белгилешүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда EXPO-2017 көргөзмөсүнө жасалма билеттердин сатылышы иликтенүүдө

Астанада EXPO-2017 эл аралык көргөзмөсүнө жасалма билеттер сатылган деген маалыматты иликтөө иштери башталды. Улуттук почта операторунун басма сөз катчысы Сауле Мукашева күмөндүү билеттер Шымкент шаарында табылганын билдирди.

— Бул чыныгы билеттер эмес, алардын көчүрмөсү. Алар Шымкент шаарында гана табылган,-деди ал.

«Астана ЭКСПО» компаниясы менен Астананын ички иштер департаменти териштирүү иштерин баштады. Жасалма билеттердин сатылышы боюнча алгачкы маалымат бир нече күн мурун чыккан. Мукашеванын айтымында, мындай билеттерге “Казпочтанын” штемпели басылган. Почта операторунун маалыматы боюнча, Шымкент акимчилиги жана шаардык билим берүү башкармалыгы сатып алган билеттердин арасында жасалмалары бар экени аныкталган.

«Казпочтанын» эсеби боюнча байланыш бөлүмдөрү аркылуу Түштүк-Казакстан облусуна 8 800 билет сатылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда "кара тизмеге" илинген мусулмандардын иши кайра каралат

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев диний ишмерлердин катышуусунда видеоселектордук жыйын өткөрүп, “кара тизмеге” илинген мусулмандардын ишин кайрадан иликтеп чыгуу зарылдыгын айтты. Чогулушка 10 миңден ашуун киши катышты.

– “Кайсы бир мусулман жакшы, таза болсо дагы, кимдир бирөөгө телефон аркылуу билдирүү жөнөткөндүгү үчүн деле аны тыюу салынган агымдардын мүчөсү катары эсептешип, “кара тизмеге” киргизишүүдө. Силер кайрадан алардын ар бири менен сүйлөшүп, иштерин карап, күнөөсү жокторду акташыңар керек. Жыл соңунда мага отчет бересиңер деди”,-деди Мирзиёев.

Мындан тышкары президент республиканын ар бир районунда атайын кызмат тарабынан “кара тизмеге” киргизилген мусулмандарын иши менен алектенчү он кишиден турган топ түзүүнү тапшырды.

Ага ИИМ, УКК, Башкы прокуратура, акимчилик, маале жана мечиттин өкүлдөрү кирет. Алар “кара тизмеге” киргизилгендер менен маектешип, үгүт-пропаганда иштерин жүргүзүшөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан трактор чыгарууну токтотту

“ТожИрон” тажик-иран биргелешкен ишканасы трактор чыгарууну токтотту. Бул маалыматты өлкөнүн Өндүрүш жана технологиялар министрлиги тастыктады.

Тажик-иран биргелешкен ишканасы 2006-жылы Дүйшөмбүдөгү “Хумо” жана Тебриздеги трактор заводдорунун базасында ачылган. Макулдашууга ылайык, акциялардын 51% иран тарапка таандык болгон. “Тожирон” жылына 2 миң трактор чогултуп турган.

Маалыматка караганда, иран тарап бир жылдан бери ишкананы тетик менен камсыздабай калган. “Биз базардагы күчтүү атаандаштыкка байланыштуу трактор чыгарууну токтоттук. Тажикстанга Минсктен баасы 8 миң долларлык “Беларус” таркторлору келет. Биз болсо бир тракторду чогултуу үчүн эле 10 миң доллар жумшайбыз”,-деди “Тожирондун” башкы директору Самад Дагипур.

Тажикстанга жыл сайын “Беларус” маркасындагы 250дөй трактор келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Астанага Дүйшөмбүдөн алгачкы жүргүнчү поезди келди

19-июнга караган түнү Дүйшөмбүдөн Астанага алгачкы жүргүнчү поезди келди. “Жүргүнчүлөрдү ташуу” компаниясынын маалыматы боюнча буга чейин эки шаардын ортосунда темир жол каттамы болгон эмес.

Дүйшөмбү-Астана багыты боюнча каттам ачуу Казакстан менен Тажикстандын темир жол операторлорунун ортосундагы макулдашууга ылайык ишке ашууда.

Казак операторунун билдирүүсүндө бул каттам EXPO-2017 эл аралык көргөзмөсүнүн жүрүшүндө туризмдин өнүгүшүн камсыздай турганы айтылат.

Эл аралык поезддин каттамы Каракалпакстан аркылуу Бейнеу-Жезказган темир жол линиясы менен өтөт. Тогуз вагондон турган поезд Дүйшөмбүдөн бейшемби күндөрү, Астанадан дүйшөмбү күндөрү жолго чыгат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мирзиёев эки аял алууга каршы чыкты

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 15-июнда өлкөнүн бардык аймактарынан келген имамдар жана диний ишмерлердин катышуусунда видеоселектордук жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкө башчысы көп аял алуу боюнча пикирин билдирип, экинчи аялдар үчүн нике кыйган имамдар мыйзам алдында жооп бере тургандыктарын белгиледи. Анын бул сөздөрү жазылган тасма YouTube сервисинде кызуу талкууларды жаратты. Андан сырткары видео BBCнин өзбек кызматынын сайтында да популярдуу болууда.

“Акыркы кездери шарият мыйзамдары менен никеге туруп, экинчи аял алган учурлар өтө көп катталууда. Расмий түрдө катталбастан никеге тургандар баарынан да Ташкентте көп. Экинчи аялдардан мыйзамсыз төрөлгөн балдардын келечеги кандай болот? Урматтуу имамдар, андай балдардын көйгөйлөрүнө силер айыптуу болосуңар”, – деп билдирди Мирзиёев.

Ошондой эле өзбек президенти никенин расмий катталгандыгы тууралуу күбөлүксүз нике кыйган имамдарга карата атайын жаза каралган мыйзам долбоору иштелип чыга турганын белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргызстандын президентинин Орусияга мамлекеттик сапары башталат

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Орусияга беш күндүк мамлекеттик сапар менен барат. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, Атамбаев жетектеген делегация Москвага бүгүн түштөн кийин учуп кетет.

24-июнга чейин созулуучу мамлекеттик сапар кыргыз-орус дипломатиялык мамилесинин 25 жылдыгына арналган. Бул расмий сапар Орусия президенти Владимир Путиндин чакыруусуна ылайык жүзөгө ашырылууда. Анын жүрүшүндө Алмазбек Атамбаевдин Орусиянын президенти Владимир Путин жана өлкө өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушуусу белгиленген.

Мындан тышкары Кыргызстандын президенти Орусиянын илимий коомчулугунун өкүлдөрү жана бул өлкөдөгү кыргызстандыктар менен да кезигет. А.Атамбаев Орусиядагы Кыргызстандын маданият күндөрүнүн ачылышына катышып, 20-июнда Кремлдин чоң залында Кыргызстандын таланттарынын концертин көрөт. Сапардын жүрүшүндө миграция, саламаттыкты сактоо, каржы жана статистика тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыкка таандык бир катар документтерге кол коюлат. Кабыл алына турган документтердин арасында Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы биримдик жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясы бар.

Пост-советтик өнөктөштөр болгон Кыргызстан менен​ Орусиянын дипломатиялык алакасына быйыл 20-мартта 25 жыл толду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда ири жол кырсыгынан жети киши мерт болду

18-июнь күнү кечинде Дүйшөмбү-Куляб унаа жолундагы кырсыктан жети киши каза болду. Маалыматка караганда, болжол менен эки унаа бетме-бет кагылышып, андагы адамдарды бирөөсү дагы аман калган эмес.

Восе райондук ооруканасынын дарыгери аларга каза болгон алты адамдын сөөгү жана катуу жараат алган дагы бир адам жеткирилгенин, бирок 15 мүнөттөн кийин ал дагы каза болуп калганын айтты.

«Анын сөөктөрүнүн көбү сынып, ички органдарынын көбү жабыркаган. Биз болгон аракетибизди көрдүк, бирок тилекке каршы аны сактап кала алган жокпуз», – деди ал.

Каза болгондордун бардыгы тең 20-24 жаштагы жигиттер. Алардын сөөктөрү туугандарына өткөрүлүп берилди.

Кырсыктан каза болгондордун биринин тууганы алардын экөө Рамазан айы аяктагандан кийин үйлөнүүнү пландап жүрүшкөнүн айтты. Учурда окуя болгон жерде укук коргоо органдары иш алып барып жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню