Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Тажикстанда Башкы прокуратура кызматкери коррупция шеги менен камалды

Тажикстандын укук коргоо органдары Башкы прокуратуранын  жогорку даражадагы кызматкери Хуршед Жабборзоданы кармады. Маалыматтарга караганда, ал эки апта мурун Улуттук коопсуздук комитети менен коррупцияга каршы мекемеси тарабынан камалган.

Хуршед Жабборзода Башкы прокуратурада жарандык, экономикалык, үй-бүлөлүк жана административдик сот актыларынын мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүү башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон.

“Азаттыктын” тажик кызматы кабарлагандай, Жабборзода эки жыл мурун Башкы прокуратурага Мамлекеттик каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинен келген. Ал антикоррупциялык мекеменин буга чейин камалган кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен кармалган. Хуршед Жабборзода документтерди жасалмалоого айыпталууда.

Учурда Мамлекеттик каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин мурдагы жана азыркы жети кызматкери камакта. Алардын иши менен атайын түзүлгөн иликтөө тобу алектенүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан президенти дин ишмерлерин ооз ачарга чакырды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 15-июнда съезддге чогулган өлкөнүн дин ишмерлери менен жолугуп, Рамазан айынын урматына аларга ооз ачуу уюштурат.

Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгы билдиргендей, съездге 1200дөн ашык имам, диний уюмдардын кызматкерлери жана мугалимдер катышат. Съезддин делегаттары өлкөдөгү диний билим берүүнү жакшыртуу маселелерин талкуулашат.

Мирзиёевдин катышуусундагы ооз ачуу кечеси 15-июнда Ташкенттеги “Навруз” ресторанында болот. Мурдагы жылдары өлкөдө коомдук жайларда ифтар өткөрүүгө тыюу салынып келген. Быйыл бул чектөө алынып салынганы менен Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгы жамааттык ифтарларга каршы чыгып, мусулмандарды үйдө ооз ачууга чакырып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Рахмондун улуу кызына юстиция кеңешчиси чини ыйгарылды

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон президенттик аппараттын аткаруу бөлүмүн жетектеген улуу кызы Озода Рахмонго юстициянын мамлекеттик кеңешчиси чинин ыйгарды.

Бул даражасынын улуулугу жагынан прокуратура жана юстиция органдарындагы эң жогорку чин болуп эсептелет. Өлкө президентинин администрациясынын сайтында бул тууралуу эч кандай маалымат жок. «Азаттыктын» тажик кызматынын өз булактары кабарлашкандай, мамлекет башчы тиешелүү жарлыкка 25-майда кол койгон.

38 жаштагы юридика илимдеринин кандидаты Озода Рахмон өткөн жылы Тажикстандын президенттик аппаратынын аткаруу бөлүмүнүн жетекчиси кызматына дайындалган.

Толук ыйгарым укуктуу элчи дипломатиялык даражасына ээ Озода ага чейин Тажикстандын АКШдагы элчилигинде иштеген, 2009-жылы өлкөнүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматына дайындалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда «сексуалдык ыдык көргөн» аял 7 миллион теңге талап кылууда

Казакстандын Костанай облусунун жашоочусу Анна Белоусова жумушунда «сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылгандыгы үчүн» компенсация катары өлкөнүн Каржы министрлигинен жети миллион теңге (22 миң доллардан ашык) талап кылып Астананын райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу Адам укуктары боюнча бюронун Костанайдагы өкүлчүлүгүнүн юристи жана жетекчиси Анастасия Миллер билдирди.

Эки жыл мурда БУУнун аялдарды басмырлоо көрүнүштөрүн жоюу комитети Казакстан 34 жаштагы Анна Белоусованын укуктарын бузган деген чечим чыгарып, мамлекетти анын укуктарын калыбына келтирүү үчүн тиешелүү иштерди аткарууга чакырган. Укук коргоочулар билдиришкендей, бирок бийлик тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Буга чейин Анна Белоусованын 1999-жылдан бери айылдык мектепте гардеробчу болуп иштеп, жыл сайын келишими узартылып келгендиги кабарланган. Бирок 2010-жылы мектепке жаңы директордун келиши менен абал өзгөрүп, кийин Белоусова аны сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптап чыккан. Айтымында, жаңы жетекчи андан интимдик мамилелерди талап кылган.

Директордун өзү Белоусованын ыдык көрсөтүү жана акча талап кылуу боюнча айыптоолорун четке каккан. 2011-жылы ал соттон утуп чыгып, Анна Белоусова эл алдында директордон кечирим суроого жана сот чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан: Мугалимдер студенттин өлүмүнөн улам кысымдар болуп жатканына даттанышууда

3-майда курдаштары тарабынан сабалып, 1-июнда каза болгон Ташкенттеги медициналык колледждин 18 жаштагы студенти Жасур Ибрагимовдун мугалимдери жетекчилик тарабынан кысым көрсөтүүлөр болуп жатканына даттанышты. Айтымдарында, алар дем алышсыз жана эмгек өргүүсүз иштөөгө мажбурланып жатышат.

Мугалимдердин атынан «Азаттыктын» өзбек кызматынын редакциясына жөнөтүлгөн катта айтылгандай, 11-июнда дем алыш күн экенине карабастан Ташкент медициналык колледжинин кызматкерлерин жумушка чыгууга мажбурлашып, аларга мындан ары эс алуусуз жана эмгек өргүүсүз иштей тургандыктарын билдиришкен.

– Мурдагы директор иштен алынды, жаңысы дайындала элек. Колледжде дагы деле текшерүү иштери жүрүп атат. Чогулуштарда Жасурдун өлүмүнө дайыма бизди, мугалимдерди күнөөлөп, анын каза болушуна биздин көңүл коштугубуз себеп болгонун айтып келатышат. Текшерүүлөрдөн чыдамыбыз түгөнүп баратат, – деп жазылган катта.

Анткен менен окуу жайдын жетекчилиги мугалимдерге сөзсүз эс алуу күндөрү жана эмгек өргүүсү бериле турганын билдирүүдө. “Анан да аларды эч ким айыптап, басым жасаган жок. Прокуратура бардыгын текшерип жатат, күнөөлүүлөрдү сот аныктайт, – деп билдиришти окуу жайдын жетекчилигинен.

Буга чейин бул иш боюнча бир нече киши кармалган. 4-июнда Ташкенттин жүздөгөн тургуну бийликтен күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылып көчөгө чыгышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Орусиянын МТС компаниясы Түркмөнстан базарынан кетиши мүмкүн

Орусиянын МТС уюлдук байланыш операторунун Түркмөнстан аймагында кызмат көрсөтүү лицензиясынын мөөнөтү аяктоодо. Өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүү боюнча өкмөт менен компаниянын ортосундагы келишим 2012-жылы беш жылга түзүлгөн.

Жергиликтүү ММКлар лицензияны узартуу боюнча сүйлөшүүлөр майдын ортосунан бери уланып келатканын билдиришүүдө. Маалыматка караганда, 1-июлга чейин жаңы келишим түзүлбөсө, байланыш операторунун лицензиясы жараксыз болуп калат.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын өкмөттөгү өз булагы кабарлагандай, түркмөн тарап учурда МТС компаниясына карата кошумча киреше салыгын киргизүүнү көздөп, бул боюнча кызуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Орусиялык оператор буга чейин да Түркмөнстандын аймагында кызмат көрсөтүү келишиминин мөөнөтү аяктагандыгына байланышкан көйгөйлөргө кабылган. МТС 2011-жылы Түркмөнстандагы ишинин токтогондугунан улам келтирилген чыгымдарды 600 миллион АКШ долларына баалап, бул сумманы түркмөн өкмөтүнөн өндүрүп алуу талабы менен эл аралык сотторго кайрыла турганын билдирген. Бирок түркмөн бийлиги компенсация тууралуу талаптарды аткаруудан баш тарткан.

Орусиялык оператордун Түркмөнстандагы ишмердүүлүгү 2012-жылы октябрда калыбына келтирилген. Жаңы макулдашууларга ылайык, МТС «ТүркмөнТелекомго» ар айлык таза кирешесинин 30% төлөп туруу милдеттенмесин алып, ага чейинки дооматтарынан баш тарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШнын башкы прокурору: менде Орусия менен байланыштар тууралуу маалыматтар жок

АКШнын башкы прокурору Жефф Сешнс Сенаттын чалгындоо комитетинде көрсөтмө берип, Трамптын шайлоо алдындагы штабы менен орусиялык расмий кызмат адамдарынын ортосундагы байланыштар тууралуу эч нерсе билбей турганын билдирди.

Сешнс өзүнүн президент Дональд Трамп менен болгон сүйлөшүүлөрү тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. Бирок ал өлкө башчы менен ошол кездеги ФБРдин директору Жеймс Коминин позициясын талкуулаганын жана тергөө мекемесин жаңылоо зарыл деген жыйынтыкка келишкенин айтты.

Учурда АКШнын юстиция министрлигин жетектеп турган Сешнс — шайлоо өнөктүгү маалында Орусия менен болгон ыктымал байланыштары Сенаттагы атайын комиссия тарабынан тыкыр иликтенип жаткан жогорку кызматтагы аткаменирлерди бири.

Учурда америкалык чиновниктер менен Орусиянын расмий адамдарынын байланыштары боюнча ФБР дагы тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Өткөн аптада Сенаттын чалгындоо комитетинде ФБРдин мурдагы директору Жеймс Коми көрсөтмө берген. Анда ал Орусия бийлигинин АКШдагы шайлоо процессине кийлигишүү ниети болгонун жана аны ишке ашырууга аракет кылганын айткан. Анткен менен тергөө мекемесинин мурдагы башчысы бул боюнча эч кандай далилдерди келтирген эмес. Анын айтымында, жүздөгөн кибер чабуулдардын алгачкысы 2015-жылы күзүндө жасалган.

Андан тышкары Коми Трамп менен сүйлөшүүсү тууралуу айтып, анын жүрүшүндө президент коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы Майк Флинге карата башталган тергөө иштери токтотулат деген үмүтүн билдиргенин кошумчалаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Андрей Грозин, эксперт:

-Менин эски таанышым бир ирет минтип айтты: “Кыргызстан кандай карабагын демократиялык өлкө да, аны катардагы зоотехник да башкара алат”. Адистик көрөңгө балким маанилүү нерсе чыгаар, бирок ал анчалык деле керектүү сапат эмес. Мына караңыз, Баларусту колхоздун төрагасы башкарып келатат. Тажикстанда деле ошол көрүнүш. Мындан эч нерсе болуп кеткен жок. Андыктан, эмне үчүн зоотехник, мурунку орус тил мугалими өлкөнү башкара албасын? Себеби кеп анын көп жылдар мурун алган дипломунда эмес. Кеп – анын өлкө акыркы жылдары түздөн-түз түшүп бараткан чуңкурдан чыгарып алууга кудурети жетер-жетпесинде жатат. Мына ушул жагдайга келгенде менде күмөн саноолор пайда болууда. Албетте, Жээнбеков менен жеке тааныштыгым жок, анын жеке ишкерлик сапаттарын билбейм. Балким, Кыргызстанга кандайдыр бир коррупциялык иш-аракеттерге аралашпаган адам керектир? Сиздер билесиздер да, мен Атамбаевге өз ишинин адиси катары сын көз карашты карманган адаммын. Ар дайым президенттик кызмат Атамбаев үчүн чоңураактай сезилип келген. Мүмкүн, Жээнбеков деле Атамбаевдей эле варианттыр, бирок эмоциялуулук жагынан ага караандабайт.

(“Общественный рейтинг” гезитине берген маегинен”

Булак: “Майдан”

Дүйшөмбүдө аттракциондон 10 киши жабыркады

Мамлекеттик герб сейил багындагы аттракциондогу кырсык учурунда 10 киши жабыр тартып, ар кыл деңгээлдеги жаракат алды.

Колу-буту сынгандар ооруканага жеткирилди.

Шаардык прокуратуранын өкүлү Исмоили Сомони бул факт боюнча тергөө жүрүп жатканын, шалаакылыкка жол бергендер жазаланарын билдирди.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, “Лодка” аттракционуна нормадан көп — 24 адамды киргизишкен. Аттракциондун конструкциясы чоң салмакты көтөрө албай сынып кеткен. Жабыр таркандардын баары жаштар, алар Тажикстан-Филиппин футбол курамаларынын оюнунан кийин паркка барышкан.

Парктын кызматкерлери аттракцион Кытайдан алынып келингенин, 20 күн мурун эле орнотулганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Наманганда дарыгерлерди айыл чарба жумуштарына мажбурлашууда

Наманган облусунун Тураккурган районунда дарыгерлерди жана медайымдарды айыл чарба жана көрктөндүрүү жумуштарын аткарууга мажбурлашууда. Дарыгерлер медицина кызматкерлерин кошумча жумуштарга тартуу – Каримовдун тушуна караганда күчөгөнүн айтышууда.

Медиктердин маалыматы боюнча, алар бир ай бою пахтаны отоо, түптөө иштерине катышышкан. “Жекшембиде бизди көчөлөрдү тазалоого жөнөтүштү. Ал гана эмес түнкү нөөмөт учурунда дагы пахтаны отоо же көчөлөрдү тазалоо иштерине мажбурлашат. Биз талаада иштебей, элди дарылашыбыз керек!”,-деп айтылат медициналык кызматкерлердин жамааттык катында.

Медайымдардын бири башкы дарыгер айыл чарба же тазалоо иштерине катышуудан баш тарткан кызматкерлерди иштен алам деп коркутканын билдирди.

Тураккурган медициналык мекемесинин башкы дарыгери Икболжон Каримжонов дарыгерлер менен медайымдар пахта отоого чыгышарын тастыктады. Бирок талаа жумуштарына бир-эки сапар гана өз каалоолору менен барышканын айтты.

Өзбек бийлиги айдоо аянттарындагы отоо чөптөрдү тазалоого жана пахта терүүгө окуучуларды, дарыгерлерди, артисттерди мажбурлап чыгарат деп укук коргоочулардын сынына кабылып келет. Элеттиктерде кык чогулткан учурлар да болуп турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню