Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Видео - Ооган айдоочулары Тажикстанга барчу жолду жабышарын эскертишти

Ооган айдоочулары Кундуз шаарындагы маанилүү транзиттик жолду бөгөшөрүн айтып, опузалашууда. Бул трасса аркылуу Тажикстанга Пакистандан жүк ташышат. Тажик бийлиги жол ачык экенин, бардык жеңил жана жүк ташуучу унаалар чек арадан тоскоолдуксуз өтүп жатканын ырастоодо.

Күн мурун ооган айдоочулары ооган-тажик чек арасындагы Шерхонбандар портуна чогулуп, Кундуз шаарында тажик визасын ала албай жатышканына нааразычылык билдиришкен. Айтымдарында, алардын унаалары жүктөрү менен бирге Борбор Азиядагы айрым өлкөлөрдө буйдалып калууда. Эгер бул маселе чечилбесе, айдоочулар Кундуздагы транзиттик жолду жабышарын эскертишкен. Бул жол аркылуу Пакистан менен Ирандан Тажикстанга курулуш материалдары, картошка, шекер жана тропикалык жемиштер ташылат.

http://www.centralasian.org/a/28442703.html

Маалыматка караганда, Тажикстандын Кундуздагы элчилиги жабылып калгандан бери тажик визасын алуу оорлошту. Буга байланыштуу айдоочулардын көбү Тажикстандын Кабулдагы элчилигине барышууда.

Бул арада Тажикстандын Ооганстандагы элчилиги ооган айдоочуларынын нааразычылыктары тууралуу кабардар эместигин маалымдап, маселе караларын билдирди.

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Петербургдагы теракты уюштурууга жардам берди делген Азимов камакка алынды

Москванын Басман райондук соту Санкт-Петербургда теракт уюштурууга жардам берген деп шектелген Акрам Азимовду 3-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Сот залында Азимов өз күнөөсүн мойнуна алган жок. Анын айтымында, ал белгисиз адамдан буйрук алган жана теракт уюштурууга катышып жатканын билген эмес.

Акрам Азимовду Федералдык коопсуздук кызматы Москвада 19-апрелде кармаган. Анын жанынан жардыруучу зат табылган. Ага “теракт уюштурган жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактап, алып жүргөн” деген айып менен кылмыш иши козголду. Шектүүнүн апасы баласын кармоо атайын уюштурулган деп билдирди. Акрам Азимовдун бир тууганы Аброр 17-апрелде кармалган болчу. Сот аны 3-июнга чейин камоо чечимин чыгарган.

Учурда террорчулукка шектелип кармалган он борборазиялык мигранттын Питердеги жардырууга тиешеси бар же жогу расмий органдар тарабынан маалымдала элек.

3-апрелде Санкт-Петербургдун метросундагы жардыруудан 14 адам өлүп, элүүдөн ашууну жарадар болушкан. Жардырууну Акбаржон Жалилов аттуу Орусия жараны жасаганын тергөө органдары маалымдашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ташкент сойкуканалардан «тазаланууда»

11-апрелдеги селектордук жыйында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкенттин Чиланзар районунда сойкуканалардын көп экенин айтып, РИИБ башчысын, прокурорду жана район акимин жемелеген. Ал окуядан кийин райондогу бир катар кафе, түнкү клуб жана сойкуканаларда рейддер өткөрүлдү.

РИИБ кызматкеринин айтымында, акыркы үч күндүн ичинде түнкү клуб, кафе, сауна жана жеке турак үйлөр өңдүү 58 объектиде текшерүүлөр болуп, сутенерлукка, сойкулук менен алектенүүгө жана сойкукана уюштурууга шектелип 38 киши кармалды.

– Кармалгандарга айып салып, тери-венерологиялык диспансерге жөнөтүштү. Төрт адам ресторандар менен эс алуу жайларында сойкукана уюштурган деген шек менен кармалды. Айрым түнкү клуб ээлери ал жакка сойкуларды киргизгендиги үчүн административдик жоопко тартылышты, – деди ал.

Ташкенттин аталган районунда жашаган журналист Бобомурод Абдулла мындай рейддерди кубаттайт. Бирок милициянын бул өңдүү чаралары көп учурларда натыйжасыз болот деп эсептейт:

– Райондо сойкуларга каршы рейддерди өткөргөндүктөрү абдан жакшы болду. Акыркы кездери бул жер Ташкенттин чоң сойкуканасына айланып калган. Бир аз бассаң эле көчө бойлоп тургандарын көрөсүңөр. Мындан улам күндүз балдар менен сейилдей албай калганбыз. Бирок кийин кармалган сойкулар менен эмне болот? Мен укук коргоо органдарынын кызматкерлери аларды сабап, зордукташат деп уккам. Менимче, бул көрүнүшкө каршы системалык реформа жасоо жолу менен гана күрөшүүгө болот. Мындай күч колдонгон рейддер жардам бербейт, – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда энергетика тармагында баалуу кагаздар чыгарылат

Тажикстан өлкөнүн энергетикалык тармагын өнүктүрүүгө кошумча каражат тартуу үчүн мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарат. Өкмөттүн тиешелүү токтомуна кол коюлду.

Документке ылайык, Каржы министрлиги баасы 530 млн сомониге жеткен (59 миллион долларга жакын) баалуу кагаз чыгаруу милдеттенмесин алат. Мекемеден өкмөттүн токтому парламентте бекитилери менен баалуу кагаздарды чыгарууга кирише тургандыктарын билдиришти. Алардын жылына 2% менен 5 жыл пайдаланыла тургандыгы кабарланууда.

Өкмөттүн бул токтомун аткаруу үчүн жоопкерчилик өлкөнүн Энергетика жана суу ресурстары министрлиги, Улуттук Банк жана Каржы министрлигине жүктөлдү.

Рогун ГЭСин куруп бүткөрүү үчүн чет өлкөлүк инвестор табуу боюнча бийликтин бир канча жолку ийгиликсиз аракетинен кийин өкмөт 2009-жылы станциянын келечектеги акцияларын сатуу өнөктүгүн баштаган. Анда 900 млн сомони (ошол кездеги курс боюнча 186 миллион доллар) чогултууга мүмкүн болгон, бирок 2012-жылы акцияларды сатуу токтотулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бабановго батпагандар Сариевге сагалай башташтыбы?

Буга чейин ажо Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековду чакырганы, бизге жеткен маалымат боюнча, «Соке, сен ордуңда иштей бересиң, президенттик шайлоого Сапарды чыгаралы» дегени ыраспы? Албетте, резиденциянын ички-тышкы турмушундагы жаңылыктар буйруктуу адамдарга угулуп калышы ажеп эмес.

Эмне сыры бар экенин ким билсин? Эгер Сапар Исаков мураскер боло турган болсо, саясатта такымын жешкен Темир Сариев менен Өмүрбек Бабановго майдай жата турганы каңкууланды. Баса, соңку убакта Темикеге «Үчилтик» сыңарындагы Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров,
Камчыбек Ташиев өндүу саясатчылар баш байлоо менен бийликке жетүү жагын пландашканы тар чөйрөгө тарады. Эгерде «Үчилтик» соодалашып, «Акшумкар» партиясы менен тил табышып, биригүүгө келсе, анда түндүк катмардагы Сариевдин электораты Бабановго бурулуп кетүү жагы болжонуп атыптыр. Албетте, саясый технологияны ким мыкты өздөштүрсө, ошол жагына бакыт кушу ыроолойт эмеспи. Дал ушул жагынан Темике кыраакы саясатчы катары эки жагына туура саресеп салып, жаңылбай тургандай жолго түшүүсү абзел. Себеби, Ахмат, Адахан, Камчыны көргөн элибиз баягы Бакиевдин жаш кезин элестетет, а чынды-гында, дал ушундай жүрүштөн элибиз жыргап кет-мек беле? Биз эски «тырмоокту» кайра бассак, эл
кечирбейт да! А баса, дагы бир чылгый бакиевчи Бакыт Төрөбаев учурда элдин көзүн жайгарып, МТС ачымыш этил, ал дагы чоң саясый чөйрөдө соодалашууга батынганы байкалууда. Эл колдобой, тизеге чабылып калса не?..

Жыйынтыгында, «Үчилтиктин» келечек таг-дыры боюнча Бабанов менен алма жеп отуруп сурадым эле: «Булар сизге келсе кошосузбу?» деп. Тилекке каршы, Өмүке сабырдуулук маанайында жылмайып, баш чайкаганы эсимде. Бул жолугушуу марттын башында болгон эле. Кыскасы, бүгүн саясатта карайлагандар Темикеге, Өмүкеге жана Атамбаевге жабышьш, эптеп «бортко» жармашууну көздөшсө керек…

Астанада Бердымухамедовдун китебинин бет ачары болду

19-апрелде Астанадагы Улуттук музейде Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун казак тилине которулган китептеринин бет ачары болду.

Иш-чарага Астанага эки күндүк мамлекеттик сапар менен барган Бердымухамедовдун өзү катышты.

Ахалтекин асыл тукум жылкылары тууралуу казак тилине которулган үч китептин ар бири миң даанадан чыгарылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ФСБ: Петербургдагы терактты уюштурууга шектелген жарандын бир тууганы кармалды

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Москвада Санкт-Петербург метросундагы терактты уюштурууга шектелип жаткан Аброр Азимовдун бир тууганы Акрам Азимов кармалганын билдирди.

3-апрелде Петербург метросундагы теракттан 14 киши өлүп, элүүдөн ашууну жарадар болгон. Тергөө жардырууну Акбаржон Жалилов аттуу Орусиянын 22 жаштагы жараны жасаган деп эсептөөдө.

Орусиянын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча терактты күн мурун камакка алынган Аброр Азимов уюштурган. Бирок ал күнөөсүн мойнуна алган жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эл аралык сот Орусиядан крымдык татарлардын укугун сактоону талап кылды

БУУнун Гаагадагы эл аралык соту Украинанын доо арызын карап, Орусиядан крымдык татарлардын укуктарын сактоону жана крым-татар элинин Межлисинин ишмердүүлүгүнө киргизилген чектөөлөрдү алууну талап кылды. Межлис Орусияда экстремисттик деп табылып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Андан сырткары сот аннексияланган Крымдын жашоочуларына украин тилинде билим алуу мүмкүндүгүн камсыздоону талап кылды.

Ошол эле маалда Кремлдин Донбасстагы жикчилдерди колдоп жаткандыгына байланыштуу Орусияга карата чараларды көрүү тууралуу Украинанын талаптары канааттандырылган жок. БУУнун эл аралык соту Киев тарабынан берилген далилдер мындай чараларды көрүү үчүн жетишсиз деген чечимге келди.

Украина Орусияга каршы доо арыз менен Эл аралык сотко 2017-жылдын январында кайрылган. Киев Москваны Террорчулукту каржылоого каршы аракет жана расалык басмырлоонун бардык түрүн жоюу тууралуу БУУнун конвенциясын бузууга айыптоодо. Доо арыз Кремлдин Донбасстагы куралдуу жаңжалдардагы ролуна жана Орусия бийлигинин аннексияланган Крымдагы аракеттерине байланыштуу. Москва айыптоолордун бардыгын четке кагып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстан темир жол аркылуу кыргыз товарларын алып өтүүгө тыюу салбайт

Казакстан өз аймагы аркылуу темир жол менен кыргыз товарларынын өтүүсүнө жолтоо болбойт. Тоскоолдуктар жаралса, тезинен жоюуга милдеттенме алды. Тараптар бул боюнча ЕАЭБдин ички базарындагы товарлардын транзитин талкуулаган видеоконференция маалында макулдашышты.

Кыргызстандын Экономика министрлиги билдиргендей, жыйында тараптар Орусиядагы санкцияларга байланыштуу үчүнчү өлкөлөрдөн Беларус аркылуу Казакстан жана Кыргызстанга келчү айрым товарларга салынган тыюуларды талкуулашты. Мындан тышкары Орусия чек арасындагы ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык көзөмөл жана Казакстан темир жолу аркылуу товарларды алып өтүүдөгү көйгөйлөр жөнүндө сөз болду.

Казак тарап транзитке тоскоол болбой турганын убада кылып, маселе жаралган учурда дароо билдирүү зарылдыгын белгилешти. Буга байланыштуу бул тоскоолдуктар тизмесинен алынып ташталды.

Жыл башында Казакстан ветеринардык көзөмөлдөн өтчү товарларды бир гана темир жол менен ташуу керектигин эскерткен.

Кийинчерээк кыргыз өкмөтү жүктөрдү Казакстан аркылуу транспорттун бардык түрлөрү менен алып өтөрүн кабарлаган. Бирок Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кыргыз товарларынын экспортуна чектөө коюп жаткан казак тарапка тиешелүү жооп кайтаруу зарылдыгын билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Учак жүргүнчүнүн толгоосуна байланыштуу шашылыш Самарага конду

Москвадан Ферганага багыт алган учак 19-апрель, саат 8:30да жүргүнчү аялдын толгоосу башталгандыктан шашылыш түрдө Самара аэропортуна конгон. Бул тууралуу «Ъ-Волга» агенттигине Куйбышевдеги транспорт прокурорунун жардамчысы Максим Ворошилов билдирди.

Анын айтымында, Москвадан Ферганага сапар алган «ВИМ-Авиа» компаниясынын Airbus A319 учагы шашылыш түрдө Самара аэропортуна конгон. 37 жаштагы өзбекстандык айымдын абалы начарлап, толгоосу башталгандыктан ушундай кадамга барууга туура келген.

Учак конору менен “тез жардам” унаасы келген. Дарыгерлер ага биринчи жардам көрсөтүп, андан соң ал Середавина атындагы ооруканаданын төрөт бөлүмүнө жеткирилген. Учак болсо өз жолун улаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню