Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

ЕБ ЕККУ байкоочусунун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоого чакырууда

Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча төрагасы Федерика Могерини Украинанын Луганск облусундагы ЕККУнун байкоочусунун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды.

Могерини билдирүүсүндө Украинанын Чыгышындагы жаңжалды тынч жол менен чечүү зарылдыгын билдирди. Ал маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, окуядан жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Жекшемби күнү таңга маал Киевге баш ийбеген Пришиб айлында ЕККУнун атайын мониторинг миссиясынын кызматкери набыт кеткен, экөө жаракат алган. Маалыматтарга караганда, байкоочулардын унаасы жолго коюлган минага кабылган.

ЕККУ маркум АКШ жараны экенин маалымдады.

Украин өкмөтү жана жикчилдердин ортосунда 2014-жылдын жазында тутанган кармаштан баш-аягы оң миңдей адам мерт болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда микрокредиттик уюмдун кызматкери 115 миң доллар кымырып алган

Тажикстанда «кардарлардын аманатка сактаган 115 миң доллар акчасына ээлик кылып алган микродепозиттик «Имон Интернешнл» уюмунун кызматкери кармалды. Согди облусунун ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, Хамроз Ёкубов кардарлардын акчаларын баланска киргизбей, өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып келген.

Каттоого алынбаган кардарлар аманат акчаларын ала албай коргоо органдарына кайрылган. Деваштич районунун жашоочусу Саидкул Муртазоев Орусиядан иштеп таап келген 450 миң рубль өлчөмүндөгү акчасын Ёкубовго берген. Бирок каражатын кайтарып алган эмес.

Райондун башка бир жашоочусу Иди Сабуров Ёкубовго аманат иретинде 600 миң рубль бергенин ырастоодо. Бирок баласын үйлөнтүү үчүн акчасын алууга келип, алданып калганын билген.

Айыпталуучу сурак учурунда Хамроз Ёкубов жасалма келишимдерди түзүп, аманатчыларга ири үстөк пайыздарды убада кылганын айткан.

«Имон Интернешнл» уюму мындан ары ачык-айкын иш алып барууну убадалоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркия ТИМ башчысы Өзбекстанга келет

25-апрелде Өзбекстанга расмий сапар менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу келет.

Өзбекстан ТИМинин басма сөз катчысы билдиргендей, Мавлүт Чавушоглунун президент Шавкат Мирзиёев менен жолугушары күтүлүүдө.

Мындан тышкары түрк делегациясы Олий Мажлис Сенатында (Улуттук Парламент) болуп, тышкы соода алакаларды жандандыруу маселелери талкууланат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ашхабаддын коммуналдык кызматтары «жалган жумушчулардан» тазаланууда

Түркмөнстан борборунда көчөлөрдү көрктөндүрүү чараларын күчөтүү менен катар мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде коммуналдык кызматтардын штаттары текшерилүүдө. Бул тууралуу көз карандысыз маалымат булактары билдиришүүдө.

«Эми көчө шыпырган жумушчулар мурдагыдай таңкы саат алтыда эмес, үчтө же төрттө жумушка чыгып жатышат. Ошентип, негизинен аялдардан турган жумушчулардын иш күнү узарып, нормадан ашык иштөөгө мажбур болушууда», — деп билдирди «Азаттыктын» түркмөн кызматынын маектеши.

Маалыматка караганда, Ашхабаддагы коммуналдык кызматтардын жумушчуларынын 60-70% аялдар түзөт. Алардын көбү жумушка тааныштары аркылуу же акча берип орношуп, ишканага расмий каттоодон өткөн бир канча кишинин ордуна иштешет.

«Түркмөнстан хроникасы» басылмасы билдиргендей, апрелден тарта Ашхабадда мекемелер аралык комиссиялар өлкөнүн бюджеттик уюмдарынын кызматкери катары катталган адамдарды текшерип башташты.

«Комиссия өкүлдөрү жумушчулардын кадрлар бөлүмүндөгү документтерин гана текшербестен, алардын өзүлөрүн да чакырып жатышат. Жумушчулар паспортун алып келип, борбордо катталганын ырасташы керек. Текшерүүлөрдүн максаты — штатта көрсөтүлүп, акча которулуп жаткан, бирок чынында уюмда иштебеген «жалган жумушчуларды» аныктоо», деп жазды басылма.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан Казакстандын айыл чарба азыктары үчүн акциз салыктарын төмөндөттү

Өзбекстан 1-апрелден тарта Казакстандан алынып келинген айыл чарба азыктары үчүн алынчу акциз салыктарын төмөндөттү. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Тараптар мындай чечимге Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин ушул жылдын мартындагы Казакстанга болгон расмий сапары маалында жетишкен.

«Өзбекстанга жеткирилчү төмөнкү айыл чарба азыктары үчүн акциздик салыктар төмөндөтүлдү: буудай унуна 55%, (11ден 5% чейин); күн карама жана өсүмдүк майына 2 эсеге, (20дан 10% чейин); уксус кошулбаган консерваланган жашылчаларга 5 эсе (50дөн 10% чейин); мөмө-жемиш ширелерине 2,3 эсе (70тен 30% чейин); соустарды даярдоо үчүн керек болгон азыктар менен даяр соустардын өзүнө 2,8 эсе (70тен 25% чейин)», – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Андан тышкары Казакстандан Өзбекстанга алынып келинген макарон азыктары үчүн акциздик салыктар жоюлду (буга чейин 30 жана 50% түзгөн).

Министрликтин маалыматына караганда, 2016-жылы казак айыл чарба азыктарынын Өзбекстанга экспорту $426,9 млн. түзгөн. Өткөн жылы Казакстан Өзбекстанга 1725,2 миң тонна буудай, 4,7 млн. тонна ун, 96 миң тонна күн карама уругун, 10,2 миң тонна өсүмдүк майын жана 51 миң тонна картошка экспорттогон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда валютаны негизсиз колдонгон аткаминерлер иштен алынат

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев импорттук товарларды негизсиз чыгымдаган бир катар мекеме-ишканалардын жетекчилерин сынга алды. Бул тууралуу Regnum кабарлоодо.

Өзбекстанда жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү максатында соңку беш жылда 3000ге чукул долбоор ишке ашкан. Анын натыйжасында 5000дин тегерегинде түрдүү продукциялар чыгарылган. Бул товарлар мурун чет өлкөлөрдөн алынып келинчү.

Өзбекстанда акыркы беш жылда импорттун көлөмү 752 миллион долларга, анын ичинде 2016-жылы 286 миллион долларга кыскарган.

Бирок президент импортту алмаштыруучу программанын жыйынтыгына канааттанган жок. Анын пикиринде, айрым мамлекеттик жана чарба бирикмелери импорттун көлөмүнүн негизсиз көбөйүшүнө жол берген. Бул валютанын ыксыз колдонулушуна алып келет. Президент Өзбекстандан чыккан продукция, сырье жана материалдарды чет өлкөдөн алып келген компания жетекчилерин иштен аларын эскертти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алматыда жумуш жарманкелери эми мечиттердин алдында өтөт

Алматынын борбордук мечитинде бош жумуш орундарынын жарманкеси өтүүдө. Бийлик өкүлдөрүнүн кабарлашынча, жума намазга эл көп чогулгандыгына байланыштуу иш-чара ушул жерде уюштурулган.

Жарманкеде жеке уюмдар жүздөгөн бош орундарды сунуштоодо. Расмий маалыматтар боюнча шаарда 48 миң киши расмий түрдө жумушсуз катары каттоодон өткөн.

Жарманкеде негизинен тазалык кызматкерлери, күзөтчүлөр талап кылынууда. Арасында программист, экономист, бухгалтердик эсеп билимин талап кылган жумуштар дагы бар. Иш-чараны “Нур Отан” партиясынын жергиликтүү филиалы жана Казакстан Мусулмандар дин башкармалыгы уюштурууда.

Маалыматтарга караганда, буга чейинки жарманкелерде 260 киши иш менен камсыздалган. Жумуш жарманкелерин мындан ары ар жума күндөрү ири мечиттердин алдында өткөрү пландалууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дүйшөмбү мэриясынын паракорлукка айыпталган аткаминерлери 18 жылга соттолду

Дүйшөмбү соту мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Саидшариф Анваровду 18 жылга эркинен ажыратуу жана мамлекетке 9 млн. сомони ($1,1 млн.) төлөтүү өкүмүн чыгарды. Ал Дүйшөмбүдө «Истиклол» медициналык борборун курууда бюджеттик каражатты кымырып алган жана кызмат адамына пара берген деп айыпталууда.

Маалыматка караганда, Анваров медициналык борбордун курулушун текшерип, каржылык мыйзам бузууларды аныктаган антикоррупциялык мекеменин кызматкерине пара бергендиги үчүн эки жыл мурда кармалган.

65 жаштагы экс-аткаминер менен бирге «Точикколхозсохтмон» компаниясынын жетекчиси Фазлиддин Махмудов жана жемкорлукка каршы күрөшүү мекемесинин өкүлүнө $448 пара берүү аракетин көргөн анын орун басары Фируз Рахмонов дагы кармалган.

Дүйшөмбү сотунан кабарлашкандай, Фазлиддин Махмудовго карата да 18 жылга эркинен ажыратуу жана мамлекетке 9 млн. сомони төлөтүү өкүмү чыгарылды. Анын орун басары Фируз Рахмонов 5 жылга соттолду.

Өлкөдөгү эң ири медициналык борбордун курулушуна Дүйшөмбү бюджетинен 500 млн. сомони бөлүнгөн. 15-февралда президент Эмомали Рахмон шаар активдери менен болгон жолугушуусунда «Дүйшөмбү-Плаза» комплекси менен «Истиклол» медициналык борборун курууда бюджетке 100 млн. сомони өлчөмүндөгү материалдык зыян келтирилгенин айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда террорчулук шеги менен 11 жаран кармалды

Казакстан Улуттук коопсуздук комитети ички иштер органдары менен бирге Актөбө жана Түштүк-Казакстан облустарында атайын операцияларды өткөрүп, диний кастыкты козутууга, терроризмди үгүттөөгө шектелген 11 жаранды кармаганын жарыялады.

Атайын кызматтын билдирүүсүндө эл аралык “Ислам мамлекети” террордук уюмун колдоп, диний материалдарды жайылткан төрт радикалдуу топтун ишмердүүлүгү токтотулганы кабарланат.

Буга чейин Сирияда ИМ тобунун катарында Казакстандын жүздөгөн жараны согушуп жүргөнү маалымдалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Дүйшөмбүдө тажик-өзбек бизнес форуму өттү

Дүйшөмбүдө тажик-өзбек бизнес форуму өтүп, кызматташуу боюнча 10 документке кол коюлду. Алардын басымдуу бөлүгү өзбек автомобиль өндүрүшүнө тиешелүү.

Форумга эки өлкөдөн 500гө чукул ишкер катышты. Иш-чаранын алкагында өзбек өндүрүшүнөн чыккан товарлардын көргөзмөсү өтүп, 1500дөн ашуун аталыштагы продукциялар коюлду.

Форумдун максаты – соода алакаларын жакшыртуу, машина куруу, энергетика, тоо-кен өндүрүшү, курулуш, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана туризм тармагында биргелешкен ишканаларды түзүү болуп саналат. 2016-жылы Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү алты эсеге көбөйүп, 70 миллион долларды түзгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню