Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Казакстанда террорчулукка шектелген жети кишини эки айга камоо чечими чыкты

Актөбө шаарында сот “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун жактайт деген шек менен жети кишини камоого санкция берди. Казакстанда ИМ тобу террордук деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Терроризм чакырыгына шектелген жети кишини эки айга камоо санкциясы 22-апрелде чыккан. Маалыматка караганда, алар “Кастыкты козутуу” жана “Терроризмди пропагандалоо, террордук актыларды жасоого үндөө” беренелери боюнча айыпталышууда.

20-апрелде Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети терроризмди үгүттөө жана диний кастыкты козутуу шеги менен 11 жаранды кармаган. Мындан тышкары атайын кызмат радикалдуу төрт топту жок кылганын маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Москвада кыргызстандык мигранттардан акча талап кылган топ кармалды

Москвада мигранттардан опузалап, акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө алардын батиринен курал-жарактар дагы табылганы айтылат.

Москвада иштеген кыргызстандык Айбек уюшкан кылмыштуу топтордон жабыркагандардын бири. Бейтааныш балдар анын ишине келип, коркутуп, акча талап кылышкан:

– Бул жакта бир жылдан бери иштейм. Апрелдин башында бандит балдар келип, 80 миң рубль бересиң деп коркутуп кетишкен. Эмне кылаарымды билбей, дароо Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы​ өкүлчүлүгүнө кайрылдым. Үй-бүлөм үчүн корктум. Эми өз укугумду коргоп, иштин аягына чейин барам.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиевдин айтымында, жабырлануучунун арызы боюнча дароо ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн:​

– Арыздын негизинде опузалоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, 19-апрелде Москванын полиция кызматкерлери менен ыкчам иштер жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 1991-1994-жылдары туулган үч кыргызстандык жаран камакка алынган. Кармалгандардын батирин тинтүүдө 29 патрону менен “Калашников” автоматы жана октору менен тапанча чыкты. Ошондой эле бронежилет, бет чүмбөт жана башка буюмдар табылган. Биздеги маалыматтар боюнча кармалгандар уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү. Алар мекендештерин карактап, опузалап жүрүшкөн. Жабыр тарткандар болсо, бизге кайрылса болот.

Камакка алынгандарга карата Орусиянын Кылмыш кодексинин 163-беренеси (опузалоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иштери Москванын Ички иштер министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн. Кармалгандардын экөөнүн мурун соттолгондугу аныкталган.

Бул кылмыштуу топтон жабыркаган адамдын айтымында, алар өздөрүн Орусияда “Коля Киргиз” деген лакап ат менен белгилүү Камчы Көлбаевдин криминалдык тобунун мүчөлөрү экендигин айтышкан.

Орусияда расмий түрдө 600 миңге чукул кыргызстандык иштесе, алардын дээрлик жарымы Москва шаары менен Москва облусунда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Вашингтон Орусияны Донбасстагы АКШ жаранынын өлүмүн иликтөөгө чакырды

ЕККУ АКШ жаранынын өлүмүнө байланыштуу толук, ачык-айкын иликтөө жүргүзүүсү үчүн Кошмо Штаттар Орусияны жикчилдерге карата таасирин колдонууга чакырууда.

АКШ Мамлекеттик департаментинин атайын өкүлүнүн милдетин аткаруучу Марк Тонер Украинанын чыгышында өлгөн америкалык жарандын үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Маркум ЕККУнун Атайын мониторинг миссиясынын курамындагы медицина кызматкери болчу.

Тонердин айтымында, бул окуя Минск келишимин токтоосуз түрдө аткаруунун зарылдыгын көрсөттү.

23-апрелде ЕККУнун атайын мониторинг миссиясынын кайгуул унаасы Донбасста жолго коюлган минага жарылып, бир киши өлүп, экөө жаракат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Петербургдагы жардырууга катышы бар делген тажик жараны күнөөсүн четке кагууда

Санкт-Петербург метросундагы терактка байланышы бар деп Тажикстан жараны Содик Ортиков шектелүүдө. Сотто жактоочу Ортиковду тинтүү учурунда табылган курал  анын коңшусуна таандык экенин айтты.

Ортиков күнөөлүү эместигин, буга чейин ашпозчу болуп иштеп келгенин билдирүүдө.

Содик Ортиков 6-мартта Москвада кармалган. Тергөөчүлөр тинтүү учурунда анын батиринен пистолет, эки тротил шашкасы менен граната табылганын ырасташууда. Учурда Ортиков терроризм жана мыйзамсыз курал сактап жүрүүгө айыпталып камакта.

3-апрелде 14 кишинин өмүрүн алып, элүүдөн ашуун адамды жарадар кылган жардырууну теги кыргызстандык орус жараны Акбаржон Жалилов жасаганы расмий айтылган. Азырынча бул жардырууну эч бир топ мойнуна ала элек. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча теракттын уюштуруучусу – Аброр Азимов. Убактылуу тергөө жайында жаткан Азимов күнөөсүн мойнуна алган жок.

Петербургдагы теракт иши боюнча жалпысынан 10 киши кармалды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Пентагон: Кыязы, Орусия талиптерди курал менен камсыздоодо

Ооганстандагы америкалык аскерлердин кол башчысы Орусия талиптерди согуш куралдары менен камсыздарын кыйыр түрдө ырастады.

Дүйшөмбү күнү Кабулда өткөн маалымат жыйынында генерал Жон Николсон талиптер орустардан курал алып жатканы тууралуу билдирүүлөр түшүп жатканын айтты.

The Washington Post гезитинин жашыруун булактарынын билдиришинче, акыркы жарым жылда Москва ИМ террордук тобуна каршы колдонулат деген жүйө менен талиптерге курал-жарак, анын ичинде оор пулеметторду жеткирүүнү көбөйткөн. Иш жүзүндө аларды талиптер Гелманд жана Кандагар провинцияларында колдонууда. Бул ИМ тобунун бутага алган аймактары эмес.

АКШ коргоо министри Жим Мэттис чет мамлекеттер тарабынан Ооганстан өкмөттүк күчтөрүнөн башка топторго курал-жарак жеткирүү – эл аралык мыйзамдарды бузуу болуп саналарын баса белгиледи.

Жим Мэттис 140 жоокердин өмүрүн алган Мазари-Шарифтеги ооган армиясына жасалган чабуулдан эки күн өткөндөн кийин Ооганстанга барган. АКШ коргоо министри Трамптан бул өлкөдөгү америкалык аскерлердин санын көбөйтүүнү сурашы мүмкүн. Учурда Ооганстанда 8400 америкалык аскер бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан атайын кызматы Стокгольмдогу терактка шектүүнүн агасын кармады

Өзбекстандын атайын кызматы 23-апрелде Стокгольм борборундагы теракты жасоого шектелген Рахмат Акиловдун 44 жаштагы агасы Алим Акиловду кармады. Бул тууралуу Акиловдордун туугандары кабарлашууда.

Ушул эле күнү Швециянын полициясы менен атайын кызматтары Стокгольмдо бирдиктүү операция жүргүзүшүп, 7-апрелдеги терактка тиешеси бар деген шек менен дагы бир кишини кармады.

39 жаштагы өзбекстандык жаран башкарган жүк ташуучу автоунаа 7-апрелде Стокгольмдо элди тебелеп, соода борбордун имаратын сүзүп өрттөнүп кеткен. Окуядан төрт адамдын өмүрү кыйылып, он беши жараат алган. Курулушта иштеген Акилов качып кетип, ошол эле күнү кармалган жана күнөөсүн мойнуна алганы кабарланган.

23-апрелде Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Самаркандда терактка шектүүнүн 44 жаштагы агасы Алим Акиловду кармап кетишкен.

– Инисинин кылыктарына анын тиешеси бар болушу мүмкүн. Бир нече күн Алим азап тартып жүрдү. Ал Рахматтын сотуна катышуу үчүн Швецияга барууну пландап жаткан, – деди Акиловдордун тууганы.

Expressen басылмасы кабарлагандай​, сурак учурунда Рахмат Акилов Стокгольмдогу теракты жасоодо “Ислам мамлекети” террордук уюмунан буйрук алганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстан-Өзбекстан соода жүгүртүүнү 5 млрд долларга чейин көбөйтүү ниетинде

24-апрелде Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өзбекстандын расмий ММКлары билдиришти.

Мирзиёевдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сүйлөшүү маалында мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык, транспорттук-коммуникациялык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыктын жанданганын канааттануу менен белгилешти».

Gazeta.uz сайтынын дүйшөмбү кечинде жарыялаган билдирүүсүндө тараптар жакынкы бир нече жыл ичинде өз ара товар алмашуунун көлөмүн беш миллиард долларга чейин көбөйтүү ниеттерин ырасташканы жана аймактар аралык байланыштарды кеңейтүүнү колдогондуктары жазылган.

Эки өлкө президентинин ортосундагы бул телефондук сүйлөшүү алардын Астанадагы жолугушуусунан бир ай өткөндөн кийин болууда. Анда тараптар Стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары дагы тереңдетүү жана ынак коңшулук мамилелерди бекемдөө тууралуу биргелешкен декларацияга кол коюшкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

«Орусия бүгүн» Reuters менен кызматташуусун токтотту

Орусиянын «Орусия бүгүн» мамлекеттик медиагруппасы видеоматериалдарды сатып алуу боюнча британиялык Reuters агенттиги менен келишим түзбөйт. Буга агенттиктин Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкендиги тууралуу материал чыгаргандыгы себеп болду.

Reuters билдиргендей, видеоматериалдарды сатып алуу келишими буга чейин эле макулдашылган жана 1-майда күчүнө кириши керек болчу. Бирок эми келишимге кол коюлбай турган болду.

21-апрелде агенттик Орусиянын Стратегиялык иликтөөлөр институту АКШдагы шайлоого кийлигишүү планын иштеп чыкканын жарыялаган.

Reuters агенттигинин булактарынын маалыматына караганда, Орусия тараптан жалпысынан эки документ даярдалган. Бирөөсү Кремлге пайдалуу талапкердин жакшы образын калыптандыруу, экинчиси шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтарды таркатуу. Планга ылайык, керектүү талапкердин беделин көтөрүү боюнча «Орусия бүгүн» медигруппасына таандык болгон Russia Today телеканалы менен Sputnik агенттиги иштеши керек болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ЕККУ: Донбасста байкоочулар 200дөй жолу коркунучка кабылышты

ЕККУнун Донбасстагы атайын мониторинг миссиясы соңку эки жылда 200дөй жолу коркунучка кабылган. Бул тууралуу миссиянын башчысынын орун басары Александр Хуг билдирди.

Ал байкоочуларды көздөй ок атуулар, коркутуулар, техникалык жабдуударды, анын ичинде дрондорду, камераларды жана автоунааларды бузуу фактылары болгонун айтты. Хуг коркунуч Донбасста жаңжалдашкандардын кайсы тарабынан чыгып жатканын так айткан жок.

Күн мурун Луганск облусунда ЕККУнун унаасы минага жарылган. Окуя учурунда АКШ жараны, медициналык кызматкер көз жумган. Германия жана Чехия жарандары жарадар болушкан.

АКШ жана Евробиримдик окуяны тыкыр иликтөөгө чакырышкан. Украина Коопсуздук кызматы “теракт” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Өзүн Донецк элдик республикасы деп жарыялап алган аймактын жетекчилери ЕККУнун кызматкеринин өлүмүнө өкмөттүк аскерлер күнөөлүү экенин билдиришкен.

Байкоочулар эртең Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжал аймагында ишин акырындык менен улантууну пландап жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ Дүйшөмбүгө тажик-ооган чек арасын бекемдөөгө жардам берет

25-апрелде Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен АКШ армиясынын Борбордук командачылыгынын башчысы Жозеф Вотел Ооганстан менен болгон мамлекеттик чек арадагы тажик чек ара күчтөрүнүн потенциалын бекемдөө маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу тажик мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Дүйшөмбү менен Вашингтон эл аралык терроризм жана экстремизм коркунучтарынын өсүшү жана уюшкан кылмыштуу топтордун жанданышын эске алуу менен бул тармакта кызматташуунун натыйжалуу сунуштарын карап чыгышты.

Басма сөз кызматтын маалыматы боюнча тараптар ошондой эле аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууга багытталган аскердик жана аскердик-техникалык тармактагы кызматташтыктын абалы менен келечегин талкуулашты.

Тажикстан менен АКШнын аскерий түзүмдөрү «Эл аралык каржы колдоосу», «Глобалдык тынчтык демилгеси», «Аскердик окутуулар», «Эл аралык терроризмге жана мыйзамсыз маңзат ташууга каршы күрөшүү» программаларынын алкагында кызматташышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню